Азыркы келиндер менен мурдагы келиндердин айырмасы тема
#42 18 Январь 2017 - 16:49
#44 18 Январь 2017 - 19:43
Мен кош бойлуу кезимде кан басым көтөрүлүп больницага жаткам ошондо чоң энем урушуп атбайбы мени биз давления эмне экенин билбей көз жарганбыз деп тамекинин арасында жүрүп эле таксикозду да толгоону да баштан өткөрдүк деп.Эртеден кечке холкоздун ишин кылып кеч тамеки тизип түнү балдарыбыздын кирин жууп кийимдерди жамап тигип арасында кайненелерден жеме угуп жашаганбыз дейт.Азыр биз андай эмесбиз да чынында ден соолук таза эмес илгеркилерге караганда,нервдер жукарган көтөрө албайбыз личный сөздөрдү жогоруда жазылган комментарийлерге окшоп улууларды сыйлабайбыз айтышабыз кайненелер менен,напсибизге баш ийебиз кийгенди кийем ичкенди ичем дейбиз а илгеркилер шүгүр эле кылышкан бир загра нанга деле айтоор жер менен асмандай айырма бар
#45 18 Январь 2017 - 21:58
Aygul777 (14 Январь 2017 - 21:20) жазган:
Аял кылган ишти эркектер кылышпайт, а бирок азыр келиндер сен иштешин керек, бизди багышын керек дебей эле бирдей иштеп жатпайбы, анан дагы аял жалкоо дейсмнер да. Куйоосу ичип иштебегендердин аялдарын айтпай эле койойун. Беш кол тен эмес жалкоолор да бар, алар мурун деле болгон.
туптуура
#46 19 Январь 2017 - 10:24
Илгеркилердин баары эмгекчил эмес, азыркылардын баары жалкоо эмес. Ар бир доордо бар да эмгекчили, жалкоосу.
Азыркы келиндер да жаны тынбай иш кылышат. Менин жеңелерим тыпылдайт. Баарына жетишет,колунда бир эмес 2-3жаш баласы бар. Кабак-кашым дебей иш кылышат. Жеңемдер төрөгөндө чоң энем алардын кийимдерин да жууп берчү, "келиндерим кыйналат" деп, аяп турчу.
Багбан кандай болсо, гүл ошондой болот.
Так чтооо форумдагы "эркектер" өзгөрүүнү өзүңүздөр баштаңыздар. ..

#47 20 Январь 2017 - 17:58
#48 20 Январь 2017 - 21:00
Илгерки заманга, анын туйшугуно салвштыра келгенде азыркы келиндер жалкоо, алсыз оорукчан деп айтууга болот.
#50 07 Февраль 2017 - 17:55
#51 07 Февраль 2017 - 18:26
#52 08 Февраль 2017 - 10:36
Илгерки келиндер бул согуш маалы тууралуу уканым.
Илгери согуш болуп,эр жигитер жалпы ата мекенге кызмат кылганы мекенин коргогону кетиптир.Байкуш келиндер эшике чыгып эркектин,уго кирип аялдын ишин кылып тыным албай иштешкен экен.Жейин десе тамак жок,кийейин десе кийим жок ал учурда бардыгы фронтко кетчуу экен.Айыл бойунча бир жибек койнок болсо ошону ким коноко барса кийип барчуу экен.Устубуздо бирден койнок,бирден дамбал болот эле дейт.Туну жууп,ичике оронуп жатат элек,эртеси кийип чыгат элек дешер эле.Бир койнок кийсе жыртылат да келиндер жыртык кийип,жамаса деле кайра жыртылып кыйналдык дейт.Ошондо кызылчачы ( ЭЛГЕ ТАМАК ЖАСАГАН АЯЛ) эже болгон экен аты Кадыйча дешер эле.Ал эже келиндердин азганын тозгонун коруп.Бир куну башкарма келе атканда ун элеп отура калыптыр.Торго откоруп жармасын куйуп берип,кайра ун элеп калган го.
Башкарма чочуп кетип.Чамасы тентуш женеси го
-Ой,Аш жебесем,таш жейин,этегинди жапчы Кадыйча дептир.
Анда Кадыйча.Э алып берер эрлерибиз жок,жыланач жыртык калган бизде не айып кайним деген экен.
Тамак ичпестен туруп кетип эки бээ сатырып ар бир келиндерге экиден койнок,экиден дамбал тиктирип берген экен.Кийин деле кыш айында,отуруп алып урук тазалайбыз, фронтко байпак,кол кап токуйбуз дейт,озубузго алып калыш каякта дейт.Дагы эле кийимден,курсактан кыйналабыз дейт.Андыганыбыз эле орустардын тору дейт,балыктарын чыгарып алып,курсагын тойгузабыз. Ошонтип урулука да барганбыз дешет.Бир куну кенешип торун уурдап алдык дейт,торду жандырып ага жун кошуп,кийим кылып токуп кийгенбиз деп эскерип калышаар эле.Бешиктеги балдарыбызды жонубузга танып алып буудай оргон,арпа оргон,чоп чапкан кундорубуз болгон дешер эле.Корсо бешик илгеркилердин памперси болгон тура.Ал учурда бешик талдан ийилип,ичке жасалган.Ал бешик которуго ынгайлуу,женил жана тербеткенге кулук болор эле.Ошонтип байкуш келиндер согушту женип алышкан да.Бактысы ачылып куйолору аман келгени аз болгон.!8 жашында бир бала менен калган энебиз бар эле...
22 жашка чыгып,алганы жангыз болуп,кайын ата менен кайын энесин кыйя албай,кара кагазын кучактап ,омур бойуу жангыз калган энебиз бар эле...
Куйосу менен жангыз баласы кетип,келбей калган,жол кутуп омуру откон дагы бир энебиз бар эле...
Мына ушул энелерибиз омурун жок адамга арнап,жаштыгын суйгонуно арнап бул дуйнодон туякыз,турмушу уланбай кутуу менен откон энелерибизди эрдик десек жарашат.Мына биздин энелерибиз ушундай....
Буларда бироонун жаш келиндери болгон...
Убактым болгондо согутан кийинкисин жазармын...

Билдирүүнү түзөткөн: raia: 08 Февраль 2017 - 10:38
#53 09 Февраль 2017 - 00:03
Илгеркилер кыйын болгон азыркылардын оносу илгеркилердин бир осуна да тең боло албайт.
#54 12 Февраль 2017 - 16:36
Илгерки келиндерге кыйын эле болгон. Шугур кылам азыркы заманга.
#55 12 Февраль 2017 - 23:38
Jawoobuz jenildegen sayun,shugurchuluguz azayup baratkandai...
#56 13 Февраль 2017 - 00:01
#57 16 Февраль 2017 - 09:15
Ээ бул жердеда эркектер баардык жерделе эркектер айтышканы айтышкан айтаарым мурунку эркектер олуттуу болгон сурдуу болгон аялына сырын билгизген эме,аа силерчи карагыла аялдар менен кайым айтышып отурасынар,
уялсанар боло эркектер,силерден кандай ээр чыгат билалбадым,
эми теемага келсем,мурда келиндердин ден-соолугу чын болуп баарын оз колунда жасап жешкен,аа азыркыларчы бут химикат кошулганды жейбиз жана не жегин келсе бут баары кытай басып кеткен,ошол себептен алсыз азыркы келиндер,бул нерсени моюнга алуубуз керек.
#58 16 Февраль 2017 - 09:21
мурунку аялдар куйосунун алигисин эч жерде айтып мактанышкан эмес, азыркылар болсо ар кайс жерде айтып журушот менин куйомдуку мынча см деп
#59 16 Февраль 2017 - 10:43
#60 16 Февраль 2017 - 16:09
KgEka (16 Февраль 2017 - 09:21) жазган:
мурунку аялдар куйосунун алигисин эч жерде айтып мактанышкан эмес, азыркылар болсо ар кайс жерде айтып журушот менин куйомдуку мынча см деп
Сен кайсы жерде болсода мурдунду тыга кетет экенсинда,эркексинби эркектин жолу менен кет,лична бул создорун мага тиешелууда ээ?кайсы жерге кирем сенин ишин болбосун?коп мага сайыла бербе оз жолуна салып коём,эркексинби доканца эркек бол аялдар менен кайым айтышбай,илгерки эркектер аялдар менен кайым айтышкан эмес.