SaliXaдан түркүн даамдар.
#22 21 Январь 2014 - 01:58
elif (20 Январь 2014 - 16:00) жазган:
Колдонуп жургон создордун орусчасын жазган эле он го дейм, дегеним фарштын- туурамжы болуп которуларын билбейт экем, туурамжы деп жазса тушунбой калмакмын, башкалар деле тушунбой калса керек.
#23 21 Январь 2014 - 02:40
SaliXa (20 Январь 2014 - 18:29) жазган:
Сыр-быштaк,творог- чөкелек,чөкелектин бир бaшкaчa түрү дa бaр эжигей деген
#24 21 Январь 2014 - 02:46
Ханбийке (21 Январь 2014 - 01:58) жазган:
Рим бир күндө курулгaн эмес,ошонтип aстa секин үйрөнөсүңөр эне тилибизди,зыйaны жок го дейм,түшүнбөсөңөр сурaгылa дa...
#25 21 Январь 2014 - 12:30
elif (21 Январь 2014 - 02:46) жазган:
Кошулам,кээбир создор жергиликтуу диалекти мененда жазылып калыптыр "охло"деп, мага окшогондор анысы неси деп дарооле кылдан кыйкым чыгарып жиберишет
Автор жазгандарыныз албетте айымдар учун пайдалуу, эринбестен жаза бериниз.
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#26 21 Январь 2014 - 12:45
Керектелуучу азыктар:
Уйдун тили – 150 грамм Суюк сыр (ордуна сыр кошулганмайонез колдонууга болот) – 150 грамм
Сарымсак – 2 тишче Туздалган бадыраң – 1 даана Ашкөк – 2-3 тал
Даярдалышы:
1. Алдын ала сууга бышкан тилди узунунан жука тилкелерге тилипалабыз.
2. Ага суюк сыр менен майдаланган сарымсактын аралашмасын салуу керек.
3. Андан соң ичке тууралган бадыраң жана ашкөк салынат.
4. Этият ороп, таякча менен бекитип, тарелкага тизип коюңуз.
Билдирүүнү түзөткөн: SaliXa: 21 Январь 2014 - 12:47
#27 21 Январь 2014 - 12:49
#28 21 Январь 2014 - 13:05
SaliXa (19 Январь 2014 - 16:58) жазган:
Керектелуучу азыктар:
карта - 30-40 см
ич май - 200 г
сулп эт - 200 г
пияз - 50-100 г
сарымсак, туз,калемпир татымына жараша.
Даярдалышы: Таза жуулган картаны туздап, клемпир, мурч сээп, дымдап турат да, андан кийин тууралган эт, ич май,пияз, сарымсак кошуп картанын ичине салынат. Анан эки башын бек бууп, бышканча кайнатат.
#29 21 Январь 2014 - 18:46
#30 21 Январь 2014 - 19:02
Рахмат Salixa.Йогурт учун чон рахмат.Ким жасап корду?Кандай болду?Болушо кетсениздер.
[/quйогурттун жазалышы айрандыкындай эле экен го, демек бул айран эле окшойт
#31 21 Январь 2014 - 21:00
#32 21 Январь 2014 - 21:25
Курамы:
коютулган сут ( сгущенное молоко) - 1 банка
маргарин ( маргариндерден "шедрое лето"ну колдонгонунар жакшы) - 200 г
ак вафли - 500 г
жер жангак - 400 г
кокос стружкасы - керектелишинче ( 50-100 г)
Даярдалышы: маргарин менен коютулган сутту миксер менен аралаштырабыз, устуно кыргычтан откорулгон вафлини, майдаланган жангакты салып дагы миксер менен аралаштырып алабыз. Даяр болгон массадан тоголок жангак формасын жасап, коютулган сутко малып, кокос стружкасына булап, муздаткычка (морозильник) 30-40 минут салып коебуз.
#33 21 Январь 2014 - 21:58
#34 22 Январь 2014 - 02:00
SaliXa (21 Январь 2014 - 21:00) жазган:
Толук версиясы дегенди босып акырына тушсонуз соктоонун алдында кененирек жазуу бар ошо жерлерде образ болсо керек.йогурт учун йахмат
Билдирүүнү түзөткөн: fanatkakg: 22 Январь 2014 - 02:07
#35 22 Январь 2014 - 02:02
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#36 22 Январь 2014 - 07:17
#37 23 Январь 2014 - 12:32
Керектелүүчүазыктар:
Уйдун сулп эти – 400 грамм
Камыр – 1 жайым
Сабиз – 1 даана
Пияз – 2 даана
Сарымсак – 2 тишче
Суу май – 100 грамм
Туз, кара мурч – татымына жараша
Жасоо жолу:
1. Этти жалпагынан алакандай эки бөлүккө бөлүп, туздап жана жанчыпалуу керек.
2. Сарымсак менен сабиз майда тууралып, өзүнчө идишке салынат.
3. Кызытылган майга эттин эки жагы кызарта куурулат.
4. Ошол эле майга пияз да куурулат.
5. Эми камырды 1 сантиметр калыңдыкта жайып, алдын ала майланган көмөч казангасалуу керек.
6. Камырдын бетине куурулган пияз, андан кийин эттин бир кесими салынат.
7. Эттин үстүнө мурч жана сабиз себеленет.
8. Анын үстүнө эттин экинчи кесимин коюп, андан соң сабиз, сарымсак себебиз.
9. Кабатталган этти камыр менен ороңуз.