Жашоонун айынан балдарын таштаган ата-энелер.
#61 05 Декабрь 2016 - 08:56
Айла жок мен да бир жарым жаш баламды атасына таштап кетип атам среда куну .жашоо шарт жакшы болсо балдарындын пешенесинде отургангаа не жетсин айла жок таштаганга мажбурмун
#62 05 Декабрь 2016 - 09:53
janna9286 (05 Декабрь 2016 - 08:56) жазган:
Айла жок мен да бир жарым жаш баламды атасына таштап кетип атам среда куну .жашоо шарт жакшы болсо балдарындын пешенесинде отургангаа не жетсин айла жок таштаганга мажбурмун
#63 05 Декабрь 2016 - 10:48
Атабыз черныйга кирип калган , бул жакта стройка да иштечу суукда иши токтоду башка жумуш карайын десе айлык акы жарытылуу емес бул жагы айта берсен арман коп дегендей еле
#64 05 Декабрь 2016 - 12:33
Ушул чёрный списогу тойгозду канчалаган адамдар нанын таап жейт эле макул ишинизге ийгилик бирок эне катары ачып атам бал ширин болгон баланы кантип таштайт деп
#65 05 Декабрь 2016 - 16:11
#66 06 Декабрь 2016 - 18:53
Менин эки чонум да Ар кимдин колунда чоноюшту.
Азыр кичинекейим 2 жаштан отту, баарын озум карап отурам уйдо. Канча иштесен да жетпейт экен, бирок тирилик ото берет экен.
Ушунусуна шугур , эми атабыз да эртерээк келип калса экен деп отурабыз
Азыр кичинекейим 2 жаштан отту, баарын озум карап отурам уйдо. Канча иштесен да жетпейт экен, бирок тирилик ото берет экен.
Ушунусуна шугур , эми атабыз да эртерээк келип калса экен деп отурабыз
#67 07 Декабрь 2016 - 00:36
Мен да балама 1 жаш 5 ай болгондо кеткем.Канча ыйладым квартирадагыларга коргозбой шолоктоп журогум эзилип.Бирок бир жакшы жери балам кичинекейинен апам экообуз менен журуп апама да конуп калганы учун куса деле болбоптур,ыйлабаптыр ошонусуна суйундум.2 жаш 1 ай болгондо келдим.Келип эле курткамы чечип уйдон баламды издедим го.Мемиреп уктап аткан экен танкы саат алтыда ооп атып ойготуп алдым.Козум тойбой кылыктарын карагым келет эки жакка чуркап бир нерселерди эле мага айтып атты озунун тилинде мен болсо ыйлап алгам.Эми кайра февралда кетем Кудай буюрса эстесем журогум эзилет.
#68 08 Декабрь 2016 - 20:06
Мен да 2уулуму атасына таштап келдим. Озумдо эки кызым. Аябай сагындым байкуш балдарымды.
Куда кааласа жазда корушобуз
#69 24 Март 2017 - 08:21
Биздин да карыздар кобойуп кетип,атабыз балдарды таштап иштейли деди эле конбой койдум.Тиргилик отуп эле атат,бирок атабыз мага капа болуп журот.Кайненем аябай жакшы карайт,бирок биринчимди 40кын чыгарып эле таштаганга журогум безилдеп калыптыр.Анын устуно ошол балам кенен эркелей албайт бизге,чон ата-чон энесин укмуш сагынып турат.
#70 07 Май 2017 - 22:42
Ушул болумго кирсем журогум эзилет... Мен да балапанымды сагындым...
![Сүрөт](https://www.super.kg/superstan/public/style_emoticons/default/106.gif)
#71 08 Май 2017 - 00:48
Тырмактан этти ажыратыш кандай жаман, эне мн баланы убактылуу болсо да ажыратуу андан да оор.
Эххх турмуш ...
Эххх турмуш ...
لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
#72 13 Май 2017 - 10:09
Биз да КРга кеттабыз Эми баламды таштап келем,ойлонсом эле журогум ооруйт эмитен эле. Бизди унутуп койсочу,тааныбай калсачы эле дей берем атасына ал да болсо чычалатып не журо берет сени жене деп койот. Антсе биир жолу эзилип таштагым келбейт. Эхх жашооо
![:капамын:](https://www.super.kg/superstan/public/style_emoticons/default/106.gif)
![:капамын:](https://www.super.kg/superstan/public/style_emoticons/default/106.gif)
#73 13 Май 2017 - 21:51
Эхх турмуш... Биздин да апабыз мени 6жашымда, укамды 3-жашында таянеме таштап кетен. Быйыл мен 18ге чыгам, укам 16га кадамдайт. Апам дагы деле РФда жылына келип турат. Бирок алыс болсон мээрим деле алыстайт экен. Апаман караганда таянеме жакынмын. Апама ачыла бербейм, ортобузда кандайдыр алыстык бардай, эркелей албайм таккыр...
Жашоо кыйын. Бирок, мен да оңой эмесмин....
#74 19 Май 2017 - 07:04
Ии мен да баламды 1жаш 7айында таштап келдим,кундо эзилип ыйлап кыйналдым го сагынып.Кылыктарын эстегенде жаман болом,айла жок азыр 2.5 жашар болду.Эне-баланы алыстатпаса экен кудайым.
#75 20 Май 2017 - 09:52
Баласын таштап кеткендер молодец экенсинер. Мен баламды эч таштай албай койдум, жада калса садикке биринчи жолу таштаганда да кызыктай болгонмун биротоло таштап кетип жаткансып. 4 мин айлыкка да кайыл болуп иштеп жатам, баламдын жанында болойун деп. Балам мага ото жакын, таене, таятасын болоксунтуп койот.
#77 29 Май 2017 - 16:05
Кызымды ушунчалык сагындым. Ыйлап эле жатам кунуго. 1жаш 8айында таенесине таштап келдим мен дагы россияга (((:
Видеовызов мн чалсам таарынып суйлошпой телефонду ыргытып жатат... 1ай 11күн болуптур келгениме...
Видеовызов мн чалсам таарынып суйлошпой телефонду ыргытып жатат... 1ай 11күн болуптур келгениме...
#78 29 Май 2017 - 16:15
Сабырдуулук тилейм,таенесинде экен эркелеп эле журот деп элестетин.Бизден да эне,таенелери коп эркелетишетко.
#79 29 Май 2017 - 16:21
Алтыным, шириним, менин бактым, жашоомдун жарыгы кызым, ыймандуу кыз болуп чонойсон экен, бактылуу болсон экен. Аруузатым сен күчтүүсүң, жана апаңа күч тартуулайсың,
бардык аракетим өзүң үчүн гана. Жан дүйнөмдөгү толгон-токой сагыныч, кусалык сезимдерин Аллахымдын жардамы менен, сабырдуулук,
токтоолук менен женгенге үйрөнүшүм керек. Анткени Аллахым берген таттуу кызым мени чыдамсыздык мн күтүп жатат... Оорубай-сыркабай,
таене-таятаңды кыйнабай, тентек кылбай, ыйлабай, жакшы кыз болуп тур.!!!
Апакең аман-эсен жаныңа барат иншаАллах...
.!!!!
#80 20 Июнь 2017 - 10:49
dirol (06 Январь 2016 - 07:48) жазган:
Жарыгым, нурун чачкан күнүм менин.
Жалындап жанып турган сүйүүм менин.
Жүрөктүн тең жарымын алып жүргөн,
Жан балам урматым да, сыйым менин.
Көздөрү жымшык менин көзүмө окшоп.
Мурдусу бучук менин өзүмө окшоп.
Шоктугу, ыйлактыгы, эркелиги,
Дал өзү, менин бала кезиме окшоп.
Убакыт учкан куштай кетип жатат.
Уулум билинбестен өсүп жатат.
Өзүңдү түштөрүмдөн издеп жүрүп,
Сагынчым алыс жакта өтүп жатат.
Бал ширин кезиңди мен көралбадым.
Бал таттуу жытың жыттап өбалбадым.
"Төрөгөн эне" атым болбосо эле,
Энелик мээримимди төгалбадым.
Турмуштун ар шартына пенде калыс.
Түртүндү жерде дагы өмүр жарыш.
Көр турмуш арабасын сүйрөп алып,
Апакең жүрөт бүгүн сенден алыс.
Оорудуң, жол алыс деп келалбадым.
Ар таңда барамын деп неге алдадым..
Кечиргин, уулум кечир айыбым бар,
Мен жакшы эне болуп бералбадым
Жалындап жанып турган сүйүүм менин.
Жүрөктүн тең жарымын алып жүргөн,
Жан балам урматым да, сыйым менин.
Көздөрү жымшык менин көзүмө окшоп.
Мурдусу бучук менин өзүмө окшоп.
Шоктугу, ыйлактыгы, эркелиги,
Дал өзү, менин бала кезиме окшоп.
Убакыт учкан куштай кетип жатат.
Уулум билинбестен өсүп жатат.
Өзүңдү түштөрүмдөн издеп жүрүп,
Сагынчым алыс жакта өтүп жатат.
Бал ширин кезиңди мен көралбадым.
Бал таттуу жытың жыттап өбалбадым.
"Төрөгөн эне" атым болбосо эле,
Энелик мээримимди төгалбадым.
Турмуштун ар шартына пенде калыс.
Түртүндү жерде дагы өмүр жарыш.
Көр турмуш арабасын сүйрөп алып,
Апакең жүрөт бүгүн сенден алыс.
Оорудуң, жол алыс деп келалбадым.
Ар таңда барамын деп неге алдадым..
Кечиргин, уулум кечир айыбым бар,
Мен жакшы эне болуп бералбадым
Мин кыял