Билдирүүнү түзөткөн: mama.i.synochka: 26 Январь 2015 - 14:56
Баракча 1 - 1
Балама кантип пособие алса болот? .
#1 26 Январь 2015 - 14:54
Саламатсыздарбы менин жолдошум гражданин РФ балам да РФ мен Кыргызстан гражданымын.
Балама кантип пособия алсак болот жолдошум азыркы учурда офисялный иштебейт алгандар болсо жооп жазып койгулачы
#2 08 Сентябрь 2015 - 23:00
Мен 2014 - жылдын апрель айында Москва шаарынан келип кайра кете албай жатам погран службадан кара тизмеге тушуп калыпмын жолдошумун жарандыгы РФ кантип кетсем болот эки балам менен кыргызстандамын жардам беришиниздерди суранам
#3 08 Сентябрь 2015 - 23:03
Биздин уйлонгонузго беш жыл болду жолдошумун жарандыгы РФ биз кантип Закс алсак болот
#4 08 Сентябрь 2015 - 23:07
Ош обл дагы миграция службасына 2014- жылдын сентябрь айында кара тизме боюнча арыз жазып таштаганмын бир жылдан бери эч кандай кабар жок
#5 08 Сентябрь 2015 - 23:08
Баланыз канча жашта
Душмандын биринчи кадамы - жылмайып айткан саламы.
#6 10 Сентябрь 2015 - 15:18
Alibei24 (08 Сентябрь 2015 - 23:07) жазган:
Ош обл дагы миграция службасына 2014- жылдын сентябрь айында кара тизме боюнча арыз жазып таштаганмын бир жылдан бери эч кандай кабар жок
Саламатсызбы! Ушул сыяктуу суроого Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинен төмөнкүдөй жооп келген.
Жооп: "Кара тизме" Орусиянын 11 министрлиги жана ведомстволору тарабынан түзүлөт жана жалпы Орусия Федерациясынын менчиги болуп, жабык маалымат катары эсептелет. Министрликтин Орусия тарап менен жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрүнө ылайык, бүгүнкү күндө "кара тизмеден" чыгаруу үчүн төмөнкү категориядагы жарандардын кайрылууларын приоритеттүү түрдө карап жатат (Орусияда билим алган студенттер, күйөөсү же аялы Орусиянын жараны болсо жана жогорку квалификациялары бар жарандар).
Мындан сырткары үстүбүздөгү жылдын 19-июнунда Санкт-Петербург шаарында болуп өткөн Эл аралык экономикалык форумдун алкагында Орусия тараптын кыргыз мигранттарына байланыштуу болгон чечими белгилүү болду. Тактап айтканда, Орусияга кирүүгө үч жылга чейин тыюу салынып, анын бир жарым жылын кыргыз жеринде өткөргөн жарандар үчүн кайрадан Орусияга кирүүгө уруксат берилди. Эгерде "кара тизмеге" киргизилген кыргыз жараны жогоруда аталган категорияларга туура келе турган болсо, анда бул маселелер боюнча жумуш алып барууга укуктуу болгон орган КРнын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигине кайрылууга мүмкүнчүлүгү бар.
Берилген суроо боюнча баса белгилеп кетүүчү нерсе, жолдошу экөөнүн ортосунда нике каттоодон өткөрүлбөгөндүгүнө байланыштуу окурмандын жолдошун "кара тизмеден" приоритеттүү түрдө чыгарууга мүмкүн эмес.
Маалымат үчүн: Эгерде "кара тизмеге" киргизилген Кыргыз Республикасынын жараны Орусиянын органдарынын чечимдери менен макул болбосо, анда тийиштүү түрдө жеке өзү же адвокат аркылуу Орусия Федерациясынын көзөмөлдөөчү же сот органдарына кайрылууга укуктуу.
Буга чейин дал ушундай маселелер боюнча өкмөттүн тиешелүү мекемелерине кайрылганбыз. Сиздин жолдошуңуз Орусиянын Федералдык Миграциялык кызматына (ФМС) арыз жазышы керек. Эгер үч жылга "кара тизмеге" киргизилген болсоңуз, андан бери бир жарым жыл өтсө сиздин "кара тизмеден" чыгышыңыз толук мүмкүн.
#7 14 Сентябрь 2015 - 11:02
Мен кара тизмеге тушум калганмын жолдошум РФ гражданини нике заксты кыргызстандан алганбыз
#8 24 Сентябрь 2015 - 12:24
Саламатсызбы
Суроомо качан жооп алсам болот же жазылган бойдон кала береби????????
Суроомо качан жооп алсам болот же жазылган бойдон кала береби????????
Баракча 1 - 1