Анчы менен Айлетт Ангеме
#1 15 Июль 2010 - 02:20
(Азырынча аты жок китептен узунду)
- Алло, саламатсызбы … Жылдыз бар бекен?
- Саламатчылык…кечиресиз ким сурап жатат Жылдызды?
Айкага суйлоп жаткан ун абдан тааныш учурады, оюнда Болот эмеспи деп ойлоп…кайрадан ага макул болбой, ал бул жакта кайдан журсун, деп башын чайкап алды…
- Алло, аллооооу…чон кыз, …угуп жатасызбы, Болот деп айтсаныз, мен коллегасы болом.
Жалабаддан жаны эле келдим. Келээри менен мага чалып кой деп Жылдыз ушул номерди берди эле, деп такылдап суйлоп жатты тиги жигит.
Айка, бираз озунун уккан кулагына ишенбей турду…ун чыгаралбай жатты…
-Азыр, азыр Болот…Жылдыз жок эле, жумуштап Кара-Колго кетти, эртен кечке келип калат. Бирок мага дайындап кеткен, тосуп алып уйго жайгаштырып койчу деди эле.
- Рахмат...убара болбой эле коюнуз, мен такси менен эле барып каламын адресинизди айтсаныз…
- Убара болбойм, мен учун бул убара эмес, азыр бат эле барып каламын…айта бер кай жердесин..
-Макул, ырахмат ...мен аэропорттомун.
Болот…Болот… 3 жылдан бери унун эч озгорбоптур, озун деле баягыдай эле тартынчаак, сылык жигит… Болоттун бул жакта уйу барго, же Жылдыз билбейби аны…экоонун бири-бирине кандай тиешеси бар, кайдан тааныйт бири-бирин, кандайча коллега болушат экен, тан калыштуу. Жылдыз колледжде сабак берет, ал эми Болот… неге Болотко бул жактан орун ырастатып, сеникинде туруп турсунчу..ошентиш керек деп суранды. Кызык…жалан суроо-жооп жок.
-Аллоооу…алоо…угуп жатасызбы? -Болот тиги тараптан ун чыкпаганына тынчсыздана кетти.
- Ооба, кечиресиз, мен 20 мунотто барып калам, - Айка шарт трубканы кое салды.
Болот тан калгансып… кызык, коп суйлобогон неме экен, балким уктап жаткан жеринен ойготуп койдум окшойт…билбейм. Жылдыз, бугун келээримди билди элего, неге шашылыш кетип калды, мага ынгайсыз болотко. Жылдыздын бугун кетип калаарын билгенде уйго эле барбайт белем. Макул эми болоор иш болду, коро жатаарбыз, деп терен ушкуруп алды. Тамекисин алып тартып жатып журогу уйгу-туйгу боло берди, тынчсызданып жатты негедир… Аааа…Жылдыз неге созсуз жолугуш керек бугун деди… ушу аялдарды кээде тушунбойм, озумдун жумушумду жакшы билгеним менен аялдарга келгенде чаташам… дайыма алардын оюна жетем деп, артта калам.
-Болот, шашылыш жумуш, бул жакка келишин керек, менин курбумдун уйундо турасын…калганын жолукканда айтамын,- деп Жылдыз тан атпай телефон чалды.
-Жылдыз, мынча шашылышбы, бул жактагы жумушумду бироого табыштап коеюн, эки кундон кийин барып калам, макулбу?
-Жок, бугун акыркы рейс менен келип кал, билетти офиске алып барып беришет. Бироо сураса Жалабаттан келдим деп айтасын. Озун келбе уйго, мен сага телефон берем, келээрин менен ошол телефонго чал, сени барып аэропорттон алып келишет, суйлоштукбу?
-ммм…Макул … хоп маааайли…суйлоштук…- деп Болот тамашалап жооп берди.
Ошол барабар экоо суйлошподу…алардын жумушунда ашыкча суроо эч качан берилбейт, баарын жолукканда кана суйлошушот. Ойлонуп отуруп, жанына машина келип токтогонун да байкабай калды…
Машинанын айдоочусу копко Болотту тиктеп отурду…озгорбоптур…хи…ошол эле боюнча, баягы эле жароокер Болот, жаным менин деп ичинен бираз Айка эзилип алды.Машинанын эшигин ачып, Болоттун жанына басып барып:
-Саламатсынбы, чон жигит…мени кутуп жаткан жок белен?
-Салааа-мат…Айка…Айка? Сен…сен…кайдан? - Болот суйлой албай дудук болуп калды.
Экоо бирине-бири тартылып барып токтоп, коргон козуно ишенбегендей болуп, копко тиктешип турушту.
Бираздан сон Айка кетиш керек экенин айтты. Машинада кетип бара жатып ун чыгарышпады, экоо оздорунчо ойлонуп бара жатышты. Уйго бат эле жетишти, Болотко даярдаган болмосун корсотуп, оз уйундогудой коргун, анын устундо сага менин уйумдун ар бир бурчу тааныш, баары даяр, баары сен учун ушул уйдо, деп Айка жылмайып чыгып кетти.
Болот жолдон чарчап келип, жуунучу болмого кирип жуунуп чыкты. Болмону карап отуруп, бут баары баягыдай эле экенин корду…ушул болмодо экообуз ээн-эркин калып, журок сырларыбызды тогуп, сырдашып махабаттын кучагында балкыган учурларды башыбыздан откордук. Ал убакта сен экообуздон башка бактылуу адамдар жок эле, эч кимге алмашкыс бийик суйуубуз, омур бою бирге болобуз деген чон ишеничибиз бар эле…бирок…жумуш…жумушка байланыштуу шаардан кетишке туура келди. Айкага бул жонундо кантип айтаарын билбей журду…
Экоонун акыркы суйлошкон куну Болоттун бугункудой коз алдында…
-Жаным, негедир сен акыркы кундору озгоруп кеттин…мен тынчсызданып жатам сен учун, жумушунда баары жакшы элеби, деп Айка Болотко бекемирээк имерилди…
-Кийинсен, экообуз суйлошолучу…мен коп убакытка кетишим керек болуп жатат, качан келээрим белгисиз. Самолет бугун кечки саат 18.00 учат, ага чейин коп жумуш аткарышым керек, деп Болот козун ала кача ордунан туруп кетти.
Айка унчукпастан ордунан турду да, жуунучу болмого кирип кетти. Копко чыкпады. Болот тынчсызданып бир нече жолу басып барды. Озун катуу кармаш керек эле, суйгонунон жооп кутуп жатты. Айкасынын жанынан бир да секунд чыкпайт эле, эгер… ага дайындалган жумуш болбосо. Болот ойлонуп отуруп макулдугун берген, баштаган жумушун аягына чыгарыш керек болчу, ал жонундо эч ким билбеш керек эле…
Айка жуунучу болмодон наздана кулумсуроп чыкты, ичиндеги мунайым турганын байкаткысы келбеди, Болоттун жанына басып келип, анын тизесине отуруп мындай деди:
- Билем, жаным…жумуш, ушундай чечим кабыл алганына караганда, бул ото чон иш болсо керек. Мен баарын тушуном, мен сени ушунчалык катуу суйом…баарын тушунгонго аракет кылам…сурабаймын дагы, качан келээринди, эмне жумуш, же башка суйгонун барбы,- Айка тамашаламыш этти,- туура корсон баарын убагы келгенде озун айтаарсын. Кел эми тамактаналы дагы, анан сени даярдайын, убактыбыз аз калды…экообуз тушко чейин эзилип жата берипбиз, эртерээк айтпайт белен, - деп жылмайып, Болотту ооп алып анан тамактануучу болмого чыгып кетти.
Болот не дээрин билбей…копко отуруп калды, ушундай реакцияны куткон эмес эле Айкадан. Аялдардын баары эле чыр болушат, эркектерди эч качан тушунушпойт деп ойлочу дайыма. Эми ого бетер кыйналып жатты, Айкасы чыр-чатак салганда женилирээк болмок кетишке…эми…журогу эзилип, эмне кылаарын билбей, тагдырына нааразы болуп отурду. Кантсе да, Айкасы сабырдуу акылдын, сезимтал журоктун ээси экенин эми сезип отурат.
- Ау, жигит…не болду сага, тур батыраак, аэропортко жетишпей каласын. Тамак даяр, чогуу тамактаналы, ким билет ушул боюнча канчадан кийин корушобуз,- деп колунан тартып болмодон чыгышты. Болот Айканы кучагына тартып, бекем кысып кой бербей копко турду…жытын искеп тойбой, кайрадан ушул болмого которуп келгени эстен чыкпайт…Ошол болмо ошол боюнча…эч нерсени озгортпоптур…мени кутуп жаткансыгандай…
- Болот, аууу-уу…журу тамактаналы. Мен сени уктап калдыго десем, сен суу боюнча отурасынго…жур тиги болмого, - деп Айка басып келди.
Болот, унчукпастан Айканы озуно тартты, жузунон суйуп баштаганда, ал токтотуп,- тамак ичели,- деп болмодон чыгып кетти. Айка озун абдан кызыктай абалда сезип жатты. Бул жолугушууга даяр эмес болчу. Ал бугун Болотту кором деп ойлогон да эмес. Уч уктаса да тушуно кирбес эле мындай жолугушуу. Жок, мен аны кутпой калгам, суйбой калгам, унутканмын эчак эле…анда неге бугун баары тескери болуп жатат деген суроолор туулуп жатты. Мен аны уч жыл бою кутупмун, дагы эле суйот экенмин, анын ар бир кыймылы, ар бир созу эсимде экен..Жок…жок…жок. .балким Болот бош эместир...уч жыл...коп убакыт. Уч жылдын ичинде кандай кана озгоруу болбойт, анын устундо бир да жолу телефон чалбаган, мени эч кимден сурабаган, дайынсыз жок болуп кетти эле…
Тамактанып бутуп, Айка курбусунукуна барып жатаарын айтты, эртен менен кайра келем, деп эшик тарапка басып баратканда, Болот колунан кармап калды.
- Айка, менин жанымда калчы, мен сени эч жакка жибербейм, сен менин бактымсын, менин омурумсун, менин жанымсын…мен сени абдан сагындым, эч кимге бербейм…мен сени озум менен алып кетем, кайда барсам ала барам, кыйналдым мен сен жок...уч жыл бою менин оюмда болдун, деп Болот Айканы озуно тартты.
-Сен чалбадын…сурабадын мени, издебедин, -деп жооп берди Айка.
-Билем аны…жумушум…жумуш…мен сен жонундо эч кимден сурап биле албай койдум, жумушуна чалсам, сени кетип калган деп жооп беришти.
- Туура, мен сен жонундо кабардар болуп журдум…бирок экообуздун жолугаарыбыз кумон болчу. Сени менден жакшы катышты…бирок алар ойлогондой болбоду,- Айка ордунда жон туралбастан нары бери баса баштады,- силердин болумунор башынан сен экообуздун мамилебизге каршы болчу, сен аны туйбадын.Башка тапшырма менен мен да шаардан кетишке туура келди.
- Тушунбодум. .жаным…сенин ал жакка кандай тиешен бар…ооба… алар каршы болушту…бирок сен деп айтышпады, алар ким менен жашап жургонумду билишчу эмес. Биздин жумушта, уй-було тоскоол болот деп, анын устундо биздин жумуш да опурталдуу…
- Билем мен баарын, алар да баарын билишет…менин ким экенимди да билишет, сен кана билбедин Болот.
-Токтой турчу, -Болот кыйкырып жиберди,-тушунугу жок адамга тушундуруп берчи, башым ман болуп жатат.
- Мен сени оной эле таап алганмын,- Айка бир ордунда туруп калды,- кайсыл жерде жашадын, эмне жумуш аткардын, баарын билем. Сага залалы тийбесин дедим, башка олкодо журдум. Уйго келгениме 1 айдын жузу болду.
-Деги сен кайсы жумушту тыштадын, кайсы тапшырманы аткарып журдун? – Болот Айканын козуно тигиле карап,- ачык айтчы, мага баары тушунуксуз болуп жатат…
Айка Болоттон козун ала качып, терезе жакка бет алды. Тан атайын деп калган эле, Болотту карабастан:
- Жетинчи болумду билесинда…
- Ооба, -Болот жанына басып барды, -анан?
- Айлетти уктун беле?
-Айлетт? Кайсыл Айлетт? - Болот терезенин жанындагы орундукка отура кетти, башын кармап…жетинчи болумдо Мадам Айлетт деген жашыруун агент бар экенин эми эстеди, аны эч качан корбогон, бирок угуп журчу, - копко суйлобой отурду. Айка дагы ун чыгарган жок, терезени тиктеген боюнча тура берди.
- Тушундум эми, баарын тушундум,- Болот ордунан туруп, - сен мага неге айтпадын? Экообуз коп жыл бирге жашадык.
- 1 жыл, 3 ай, - деп Айка Болотко жооп берди.
-Ооба, мен сага озум жонундо баарын айтчы эмес белем Айка. Мен сени журналист деп эле ойлоп журчум, уйдо коп болбогонунду да жумушуна байланыштуу дечи элем. Неге сен билген нерсени мен билбей калдым, эмнеге айтпадын? - деп акырындан суйлоп жатты. Анан Айканын жанына келип, копко карап турду…колунан жетелеп, орундукка отургузуп, тизелеп туруп кечирим сурады. Айка анын созун уккан жок, канча жылдан бери чыкпаган жашы козунон чууруп агылып, озун эми эркин сезип, Болотун кучактап алып ыйлап жатты.
Тан атып, шаар жандана баштады. Кочодо жумушка шашылган адамдар, мектепке жоногон окуучулар…
Жылдыз экоонун бактысына кубо болуп, экоонун ачык суйлошуп чечишип алганына ыраазы болуп, видео наблюдениеден козун алып, аркы жакка кайрылды:
- Болду…эми токтоткула, камераны очургуло…мындан кийин Айлетт менен Анчынын окуясы бутту. Андай агенттер бар экенин унуткула, эч качан алар болгон эмес…Эртен квартираны тазалап чыккыла…
Бул Жылдыздын эки досу учун жазаган биринчи жана акыркы жакшылыгы эле… Уч жыл мурда экоону ажыратканга абдан аракет жасады эле, эми кайра бириктирууго аргасыз болду, анткени…жаны боло турган тапшырмага экоо тен керек эле, бир айдан сон башка ат менен башка жакка сапар тартышат, ал жонундо азырынча алар билишпейт ... бирок, ал эми, башка окуя…
#2 14 Август 2010 - 19:14
#3 20 Август 2010 - 22:10
#4 17 Апрель 2011 - 13:40
#6 17 Апрель 2011 - 21:05
Бир келип кетчи мен жакка.
#7 18 Апрель 2011 - 17:08
#8 18 Апрель 2011 - 19:27
Айрис филимине окшош экен,жумушу абдан жоопкерчиликтуу, суйуусу кучтуу тем более аген экен ошонусу менен окшоштурдум.
Анара эже уландысы болобу? 2-сериясын жаратып ийинизчи мага абдан жакты.
кто лучше нас, им просто не до нас.
#9 19 Апрель 2011 - 01:18
#10 21 Апрель 2011 - 13:51
Журогум сагынып,зарыгып куса...
#11 21 Апрель 2011 - 15:51
Билдирүүнү түзөткөн: Барс: 21 Апрель 2011 - 15:54
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#12 23 Апрель 2011 - 13:39
temu (18 Апрель 2011 - 17:08) жазган:
temu-тушунуш учун дагы бир жолу окуш керек,анан.. .тушунбосон мага чал,мен тушундуруп берем
#13 23 Апрель 2011 - 13:40
Барс (21 Апрель 2011 - 15:51) жазган:
Рахмат Барс аке, сизге чыгарманын биразда болсо жакканы мени кубандырып турган убагы.
#14 23 Апрель 2011 - 16:16
Турмуш экен алыстаймын барынан.
Сагынычта өтөт дагы күндөрүм.
Кетип калсам ата-энемдин алдынан.
#15 23 Апрель 2011 - 16:37
+5деген баа берем!!!
#16 20 Август 2011 - 01:56
#17 21 Август 2011 - 13:27
#18 22 Август 2011 - 00:22
temu (18 Апрель 2011 - 17:08) жазган:
Муногуну оку!
AeCHka (21 Август 2011 - 13:27) жазган:
#19 22 Август 2011 - 14:00
#20 13 Июнь 2012 - 16:14