Салам!мен бугун больницага барсам,климакс болоюн деп калыпсын дейт,24 жаштамын,ушул жаштада климакс болобу?
Климакс деген эмне ? Климакс деген эмне?
#22 01 Июль 2014 - 11:00
#23 01 Июль 2014 - 11:51
Kuba_aselya (30 Июнь 2014 - 09:03) жазган:
Салам!мен бугун больницага барсам,климакс болоюн деп калыпсын дейт,24 жаштамын,ушул жаштада климакс болобу?
16-45 жаш аралыгында айымлардын айызы 6 айдан ашык убакытка келбей калса, демек бул оору- "Аменорея" . Аменорея тукумсуздука алып келет. Бул оору эки турго болунот физиологиялык и потологиялык.
Ошондой чын аменорея и жалган аменорея болуп болунот. Жалганында баары убагында келип турат, бирок матканын шейкасындагы кандайдыр бир себептер менен айыз сыртка чыкпай калат. Чын аменореяда болсо яичник жумуртка безинин иштоо функциясынын таптакыр бузулушу. Демек менустрация жок болсо, жумурка жок болсо; бул деген тукумсуздук.
Бул нерсеге олуттуу кароо керек. 1- стадиясында дарыланып калыпка келсе болот экинчисинде умут кылуу кыйын. Демек дарыланууга шашылуу керек .....
#24 10 Декабрь 2014 - 02:59
Климакс - оору эмес, жашоонун жаңы этабы:
Климакс - 40-50 жаш курагында ар бир аялда кездешүүчү табигый процесс. Климакс учурунда организмде өзгөрүүлөр болот: Жыныс бездеринин кызматы басаңдап, аял бала төрөөгө жөндөмсүз болуп калат. Бул процессти көпчүлүк аялдар картаюунун белгиси катары кабыл алышып, аябай оор көтөрүшөт, депрессия болгонго чейин барышат.
Климакс жаш куракка карабайт. Климакстын башталышынын орточо жаш курагы - 51 жаш. Бирок анын так көрсөткүчү жок. Көпчүлүк аялдар бул этапка 45-55 жаштарда туш болушса, айрымдары 30-40 жашта, кээ бирлери тап-такыр эле 60 жашта туш келиши мүмкүн. Эрежеге ылайык, ал аялдын апасы канча жашында климакс болсо, өзү да ошол жашында учурайт.
Климакс 3 тепкичтен турат.
1. Пременопауза. Бул тепкич 3 жылдан 7 жылга чейин созулат. Бул убакыт аралыгында айыз циклинин өзгөрүүсү орун алат - айыз айлампасы узарат, айыз каны азаят, жумурткалардын гормоналдык кызматы төмөндөйт.
2. Менопауза. Бул тепкич акыркы айыз канынан кийин башталат. Менопауза 12 айга созулат. Жаш курагы болжол менен 49-51 жаш.
3. Постменопауза. Менопаузадан баштап жумурткалардын кызматынын толук бүтүшүнө чейинки аралык, башкача айтканда, аялдын жашоосунун акырына чейинки мезгил.
Климаксты жеңилдетүүчү элдик каражаттар:
Лимон менен жумуртканын кабыгы: 10 даана лимонду туурап, кабыгы менен кошо эт майдалагычтан өткөрөсүз. Аны 5 жумуртканын майдаланган кабыгына аралаштырып 10 күн коюп коёсуз. Бул убакыт аралыгында жумуртканын кабыгы эрип кетүүгө тийиш. Ушундан кийин бул аралашманы бир күндө 3 маал 2 чоң кашыктан кабыл аласыз. Климакс учурундагы абалыңызды жеңилдетүүчү бул аралашманы 1 ай бою жешиңиз керек.
Бүлдүркөн: Бүлдүркөндүн мөмөсү же ал кошулган чай климакс учурундагы кыжырданууну, тынчсызданууну басат.
Кызылчанын ширеси: Мындай абалды жөнгө салууда кызылчанын ширеси да мыкты каражат. Бирок дароо эле анын өзүн ичүү сунуш кылынбайт. Алгач теңме-тең кылып суу же сабиздин ширесин кошуп ичүү туура. Анан аз-аздан азайтып отуруп таза кызылча ширесине өтүү талапка ылайык.
Кайыңдын жалбырагы менен сөйкөсү: Натыйжалуулугу үчүн кайыңдын жалбырагы менен сөйкөсүн апрель айында жыйнап коюу керек. Болжол менен 30 даана жалбырактын үстүнө 200 грамм кайнак суу куюп, үстүн жаап алты саат тыныктырып коюу керек. Пайда болгон маңызды тең үч бөлүккө бөлүп алуу керек да, биринчи бөлүктү эртең менен, экинчисин түштө, үчүнчү бөлүгүн кечинде аз-аздан ууртап ичүү керек. 14 күн тынымсыз ичкенде натыйжасы байкала баштайт. А сөйкөсүн болсо жарым литр аракка 30 күн чылоо зарыл. Андан кийин эртең менен, түштө, кечинде тамактанаарга жарым саат калганда бир ууртамдан ичүү керек.

Билдирүүнү түзөткөн: MACKA: 10 Декабрь 2014 - 03:04
#25 10 Декабрь 2014 - 03:13
Климакстын белгилери:
Айыз айлампасынын бузулушу: Климакстын негизги белгилеринин бири - айыз айлампасынын бузулушу. Ортодогу аралык 21 күндөн аз же 35 күндөн көп боло башташы климакстан кабар берет. Ошентсе да мындай шартта доктурга көрүнүп, бул өзгөрүү климакстан уламбы, же башка гинекологиялык оорудан уламбы, тактап коюу ашыктык кылбайт.
Кан толкуну: Күтүлбөгөн жерден дененин үстүңкү бөлүгү катуу ысып, кандын тээп кетиши да климакстын белгиси болуп эсептелинет. Бул сезим кээде көкүрөк тушунун, беттин, моюндун кызарып чыгышы менен коштолот. Мындан тышкары куп-кургак болуп турган тери бир мүнөттүн ичинде суу болуп кетиши мүмкүн. Кан толкуну 30 секундадан 1 мүнөткө чейин созулат. Ал эми кайталануу аралыгы ар кимде ар кандай: Айрым аялдарда кээде эле кайталанса, башкаларында бир күндө 50-60 жолу кайталанышы мүмкүн. Арык аялдарга караганда толуктар мындай сезимден көп жабыркашат.
Тердөө: Кан толкуну болгон учурда тердөө да болот. Бул көрүнүш күчтүү болгон учурда бешенеден аккан тер беттен куюлуп, кийим сыгып алма суу болуп кетет. Түн ичинде болсо кийимди улам алмаштырып, жаздыкты ары-бери оодарганга туура келет. Климакс учурундагы тердөө организмдин кадимки калыбындагы эле ролду аткарат, тактап айтканда, токсиндерди бөлүп чыгарат.
Уйкусуздук: Уйкусуздукту да кан толкуну чакырат. Ал болоорго бир нече секунд калганда адам ойгонот да, жагымсыз сезимди башынан өткөрөт. Анан кайра уктай албай кыйналат.
Баш оору: Өзүн бош сезе албагандык, терс эмоция зыңылдаган баш ооруну чакырат. Мындай оору моюндун, ийиндин булчуңдарынын чыңалуусунан улам келип чыгат.
Баш айлануу: Кээде күтүлбөгөн жерден баш айланып, басып баратканда тең салмактуулук жоголот. Бул көрүнүш кулактын чуулдашы, көңүл айнуу, атүгүл кусуу менен коштолот.
Жүрөктүн тез-тез согушу, жүрөк тушунун оорушу: Климакс учурунда жүрөк кычкылтектин жетишсиздигинен жапа чегип, бул жүрөк тушундагы катуу ооруну чакырат. Бул ар кандай жүрөк ооруларынан жапа чеккен аялдарга таандык көрүнүш.
Кан басымынын кескин жогорулашы: Кан басымынын жогорулашынын биринчи белгилери - баш оору, көңүл айлануу, баш айлануу. Бул климакс учурундагы эң көп кездешчү көрүнүш.
Манжалардын катып калышы: Бир же эки колдун тең сөөмөй, аты жок жана ортон манжалары кокусунан эле уюп, катып калат. Бул көбүнчө түндө, уктап жатканда болот. Эртең менен манжаларды ачып-жумууда колдун сөөктөрү катуу ооруйт.
Дененин чымырашы: Териде кумурска жөрмөлөп кетип бараткандай сезим калтырган чымыроо бир колдо, бутта же дененин тең жарымында болот.
Депрессия: Адатта депрессиянын себептери: Үй-бүлөлүк чыр-чатак, жумуштагы жагымсыздык, жакын адамынын оорушу жана башкалар болот. Бирок климакс учурунда адам эч себепсиз эле депрессияга кабылышы мүмкүн.
Жыныс кынынын кургоосу, кычышуусу: Климакска туш болгон же анын башталышынын алдында турган аялдын организми жыныс гормондорун аз бөлүп чыгара баштайт. Мунун натыйжасында жыныс кыны кургак болуп калат. Бул болсо анын кычышуусу менен коштолот.
Заараны кармай албоо: Гормондордун жетишсиздигинен улам бул курактагы көпчүлүк аялдар заара кылууда жагымсыз сезимдерге туш болушат же заарасын кармай албай, жөтөлгөндө, чүчкүргөндө анын чыгып кетишине кабылышат.

- Маанайдын кескин өзгөрүшү;
- Кыжырдануу, чарчоо, тынчсыздануу;

Билдирүүнү түзөткөн: MACKA: 10 Декабрь 2014 - 03:17
#26 09 Июнь 2015 - 23:20
Климакс жеңил өтсүн десеңиз, анда....Спирт ичимдиктеринен,
чылымдан, кофениден биротоло баш тартыңыз. Спорттун кайсы бир түрүн тандап алып, ошону менен алектениңиз.
Анткени сергек жашоо образыналып жүрүү абдан маанилүү. Климакстын белгилери байкалганда дароо дарыгерге барыңыз, себеби аны убагында дарылабаса,
гипертония,
инсульт, инфаркт сыяктуу өнөкөт ооруларды козгойт.
Жизнь прекрасна и удивительна.
..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#27 21 Июнь 2015 - 16:13
Kuba_aselya (30 Июнь 2014 - 12:03) жазган:
Салам!мен бугун больницага барсам,климакс болоюн деп калыпсын дейт,24 жаштамын,ушул жаштада климакс болобу?
Ооба 24 жашта болобу же 18 жашта деле климакска чалдыккандар болот. Аялдардын 100% 13 % жаш кезинен климакска кабылат экен. Ушундай кыйын кырдаалга кабылгандар жада калса ЭКО кылганда озорунун яйцеклеткалары жарабай донорский яйцаклеткалар менен гана боюна болтура алат . Эрте климакска кабылган бул-мед тилинди СИЯ - деп коет экен .Истощение яичников. Айыз эрте токтоп,фолликула, жок ,овуляция болбой калган учурду айтышат экен. Гормональный дарыны жазып беришет эгер диагноз туура коюлса 45 жашка чейин дайым гормональный дары менен гана журуш керек болуп калат. Бул жонундо интернетте кенен жазылган.
Билдирүүнү түзөткөн: Саби: 21 Июнь 2015 - 16:14
Бул кун сенин эн бактылуу кундорундун бири
#28 19 Август 2015 - 02:51
Климакс менин жашоомо да келе баштады окшойт 2 жылдан бери этек кирде озгоруу бар кеч келет кээде эрте келет.Сиздердин жазганыныздарды окуп чочуладым.Кантип откорор экенмин деп ансыз деле нервим жука эле.Дары ичсе болобу.