Antiradikal10 Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Кыймылы жок
- Билдирүүлөр:
- 23 (0,02 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Саясат жана коом (18 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 15 Октябрь 21
- Кароолор:
- 12 623
- Соңку аракети
- 28 Фев 2022 17:35
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Момун
- Жашы:
- 29 жашта
- Туулган күнү:
- Май 26, 1994
- Жынысы:
- Белгисиз
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- Жашыруун
Менин билдирүүлөрүм
-
Темасы: Украинадагы кырдаал Кыргызстанга да жетеби?
Жазылган күн: 26 Фев 2022
Оруссия Украинага согуш ачып, аскерлеринин алды Киевге чейин жеткени менен, ЛНР жана ДНР аймагы боюнча алгылыктуу ийгиликке жете алган жок. 2 суткадан ашуун убакытта болгону 10-20км гана илгерилей алышты. Бул темп менен кетсе бир жумада да Донецк жана Луганск областтарынын арткы чек арасына жете алышпайт Россиянын аскерлери...
Баса, Россия согуштагы жоготууларын жаап жашырып жатканы да кызык. Анткени Путин Оруссиянын элинин копчулугу Путиндин бул согушуна каршы экенин тушунуп турат...
Оруссияда согушка каршы чыккандарды дароо кармап алып кетип жатканы да ошондон. Учкундан жалын тутанып кетпесин дегени... -
Темасы: Украинадагы кырдаал Кыргызстанга да жетеби?
Жазылган күн: 26 Фев 2022
Согуштун келип чыгуусуна АКШ менен Россия бирдей куноолуу...
Украина ортодо калган байкуш. Украина ЕСке кирейин десе Оруссия тоскоол болуп Крымды тартып алып, Донбасста согуш баштады 2014-чу жылы. Ошондон бери согуш уланып келет. Ошол согуштун чыгуусуна жана улануусуна Россия куноолуу. Донбасс аркылуу Кремль Украинаны ооздуктап келди. Донбасс Украинага басым жасоочу талуу жерине айланды.
АКШ да ар качан ар кимге кандай жашоону уйротуп, кырын салган олкого санкциялар киргизип опузалап коркутуп, батышчыл ляппайбек олколордун башынан сылап двойной стандарт менен мамиле кылат. Белоруссия, Россия ж.б. коп олкого негизсиз эле санкциялар салып келет. Мурдун тыгып. Украинаны согуштук плацдармга айлантып, согуштук техника менен жабдып, Уураинаны НАТОго мучо кылып, НАТОнун чек арасын Оруссияга чейин кенейтууну ниет кылган да АКШ. Украина Батышты угуп, Батыш колдойт деп журуп алданып калды...
АКШ Украинаны шылтоолоп Оруссияга согуш ачуу ниети да бар болчу. АКШнын тизгинин тарткан Кытай болду. АКШ шыкактап отуруп Оруссия Украинага согуш ачса, НАТО Оруссияга согуш ачмак. Бирок Кытай Оруссия менен жашыруун жен ичинен келишим тузгонун коруп АКШ согуш ачууга батына албады. Оруссияга согуш ачса, артынан Кытай АКШны бомбалап салуу ыктымалы бар болчу. Ошого Украина садага чабылып отурат. Батыш башында Украинаны жалгыз калтырбайбыз, Оруссияга озуно жараша жооп беребиз деп оолугуп суйлоп жатып, эми санкциядан башка колунан эч нерсе келбей жатканы да ошондон. Анкени АКШ Оруссияга согуш ачпаса, Европа олколору АКШсыз Оруссия менен согушуудан коркушту ачыгы.
Оруссия да тынчылары аркылуу АКШ Оруссияга согуш ачуу ниетинен кайтканын биле туруп, Украинага бастырып кирип отурат. Ага чейин выжиданиеде отурду, дипломатиясын ишке салып. Качан гана Кытайдан жардам убадасын алган сон, АКШнын ачык согушуу ниетинен кайтканын билген сон, Украинага согуш ачып отурат.
Бирок кандай болгон кундо да, керек болсо Оруссия Украинаны толук багынтып, Украинанын башына Кремлдин козун караган марионеткасын отургузган кундо да, бир тууган эки славян элинин ортосуна жик салды, тарыхта кара тамга менен жазылчу маскарачылык болду. -
Темасы: Украинадагы кырдаал Кыргызстанга да жетеби?
Жазылган күн: 25 Фев 2022
Талибдер Украинадагы жаңжалды тынчтык жолу менен чечүүгө чакырышууда.
________________________________
Кыргызстандын бийлиги талибдерче да боло албаганын коруп же кулоорунду же ыйлаарынды бийбейсин... Орустарга 5 бугулуп кошомат кылган арсыз-намыссыз пахтакор бийлик, биздин бийлик...... -
Темасы: Шылдың тактасы
Жазылган күн: 25 Фев 2022
"Орусия менен Кыргызстан үчүн бул өзгөчө жыл. Мартта биз дипломатиялык алака-катышыбыздын 30 жылдыгын белгилейбиз. Орусия Кыргызстан менен көп кылымдык досутукка негизделген стратегиялык өнөктөштүгүн аздектейт" , -деди Мишустин.
Акылбек Жапаров өз кезегинде Нур-Султан сапарынын алдында президент Садыр Жапаров менен жолукканын, анда Кыргызстан Орусия менен 200 жыл чогуу болгонун, дагы 300 жыл да чогуу болууга даяр деп айткандарын билдирди.
_________________________________________
Орустар курал менен кан тогуп кыргыз элин (туштугун) басып алып, 100-150 жыл колония кылып отурганын айта албай жатабы Акылбек Жапаров деген чимкирик?! Же Уркундо кыргыздын жарымы кырылып калганын айта албай жатабы? Ошондогу орустар кыргызга кызыл кыргын салганын унуттубу? Же акыркы 30 жылдан бери да Кремлге тизе бугуп ляппай деп келгенинерди элге шардана кыла албай жатасынарбы?
200 жыл орустардын козун карап колония болуп келгенбиз, дагы 300 жыл колония болуп беребиз дегениби бул Жапаровдун? ! Пахта койгон акмак! -
Темасы: Украинадагы кырдаал Кыргызстанга да жетеби?
Жазылган күн: 25 Фев 2022
Путин ЛНР менен ДНРге жардам беремин деп дуйнону алдап, Киевге чабуул коюп жатат, ачык эле. Бул жолу Украинаны басып алса, эртен Орто Азия олколоруно корсотчусун корсотот.
Казахстан элин террористке чыгарып, Токаевдин бийлигин сактап калды. Кыргызстанда 2 кыргыз жараны уруша кетсе Россия мурдун тыгып жазалап жатат, Кыргызстандын чимкирик бийлиги оозуна суу толтуруп отурат.
Илгери Кремль Мургаб менен Жергеталды Тажикстанга берип койгон сыяктуу, эртен Баткендин бир болунун Тажикстанга алып берсе же Тажикстан кайра бастырып келсе, Оруссия адатынча жен ичинен Тажикистанга курал берип жардам берсе, ошондо да биздин акмак бийлик Путиндин бутун ооп жургон болот..........
Комментарийлер
Antiradikal10 ге комментарий жазыла элек. "Кандайсың" деп жазып койбойлубу?