Aydashka (24 Июнь 2011 - 04:57) жазган:
ЖАРМА
Керектелүүчү азыктар: Суу – 4-5 литр, Талкан – 200-300 грамм, Суу май – 1 аш кашык, Ун – 1 аш кашык
Туз татымына жараша
Жарма – талкандан жасалган суусундук. Талкан – арпа, буудай же жүгөрүдөн куурулуп, жаргылчакка же тегирменге кесек тарттырылган акшак. Кылкан, улпагынан арылтуу үчүн талкан эленип алынат.
Жасалуу жолу:
1 аш кашык унду майга кууруп, суу куясыз. Кайнаарга жакын бөлтөк кылбай талкан салып, бир аз коюу болгончо бир калыпта жагылган отто кайнатып бышырып аласыз. Бышкан жармага ак ( айран, сүзмө, сүт) катыктап, суусундук катары иче берсеңиз болот.

Менин уйумдогулор ачыган жарманы жакшы корушот. Мен ачыткыга кадимки эле шородон алып келип кошом. Калганы жогорудагыдай эле рецепт бирок мен унду суу майга эмес тон майга кууруп алам. Биринчиси жакшы эле ачыйт. Экинчиси эч окшошпойт да анткени озум жасаган жармадан кошуп коем ачыткы кылым. Эмнеге мындай болуп калат эч тушунбойм. Секреттери бар болсо жакшылап тушундуруп иле кетесиздерби? )))