Топтун жардамы
- (4 бет)
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »
Аңгеме-азил мыскылдар
#2 17 Апрель 2013 - 23:29
Бу жалганда деле кереги тийбей койгон нерсе болбойт тура. Буга мисал десеңер мен топту келтире алам,
жолдоштор. Ооба, топ. Кадимки эле балдар ойноочу топ. Көк, жашыл, кызыл... топтун да түрү бар эмеспи. Менин Спутник деген абам бар. Бул ага элдин койгон аты, өзүнүн ысымы Өмүрбек, 1966-жылы алдыңкы сугатчы болуп сыйлыкка алган мотоцикли бар, деле үстүнөн түшпөй, кошунасынынкына барса да минип барат, тим эле эки бутундай көрөт. Анысы да бышык немеби, бузулганын көрө элекмин. Мен бала кезден эле минип келатат. Өзүм эле ушул тапта жыйырма бирдемин. Бир карасаң Нарында, бир карасаң Кочкордо, же болбосо айылда жүрүп калчу экен бир эле күндө, ошондуктан Спутник
аталып кетиптир. Азыр деле ошондой, жаны тынбайт. Кээ учурда эки кишинин мелдешип жатканын кездештиресиң: "Ой, өз көзүм менен көрдүм. Спутник Учкунда жүрөт", -деп бирөө айтса: "Кел мелдеш, эми эле Достукта жүргөн", - дейт экинчиси. Аз өткөн соң: "Спутникти үйүндө чай ичип олтурат" деп угасың. Үйлөнмөк болуп калдым. "Эми, балам, келин келгенче Спутник менен барып Нарындан жакшыраак кампүт-сампүт, май-чай болсо алып келе койгула", - деп энем баштык-уштугун акчасы менен берип, бизди жөнөтүп ийди. Түш ооганча келебиз деп, заңылдаган бойдон абам экөөбүз Нарынды көздөй учтук. Заңылдаганыбыз курусун, азык-үлүктү
толугу менен алып, люлькасына батыра
салып, айылга кайтып бара жатканда кызыктын баары башталбадыбы! Боюм узун жанмын...

#3 17 Апрель 2013 - 23:37
Спутник абамдын чымын-чиркей жылгаяк тээп ойноочудай болгон кашка башы күнгө чагылып, көзүм уялганынан бекем жумуп, абамды белинен кучактап алганмын. Толкунданып,
ичимден ырдап, кечти тилеп: "Эх, кандай кыз түшөөр экен колума, эмнеси болсо да бели ушул Спутник абамдыкындай болсо, менин колум чак келет экен", - деп ойлонуп келе жаткам. Бир маалда эле биздин аргымагымагыбыз "чайк" этип барып токтоду. Чочуп кетип көзүмдү ачсам, Ак-Кыянын чыга беришине аз калыптырбыз.
Пост ГАИ бар эмеспи, ал жерде тургандар токтотуптур.
"Милициянын ага сержанты, инспектор Бөжөкбай Алтыбаев"
, -деп келип эле менден беш-бетер укуруктай узун жигит абамдын документин сурады. "Аты Бөжөк болгону менен бөйтөйбөй эле турнадай болуп калыптыр, - деп ойлондум, - атын Турна койсо болмок экен, кыскаарак болмок". "Манастан Чубак кем бекен" дедиби: "Алдыңкы сугатчы Спутник",
- деп үнүн чайылдата чыгарып, инспектордун сураганын сунду. Кагаз-пагазын барактаганы менен, Бөжөкбайдын көзү бизде болду. - Мен силерди өткөрбөйм, - деди инспектор аздан соң, -каскаңар жок. - Каска? Ий, иттики таза унуткан турбайбызбы,
- деди Спутник абам башын сылап, - Эмне эле шамал уруп жатат десе. Кап. Эми айланайын, өткөрүп кой. Мынабу ырайы суук жаман иним үйлөнөт эле. Кечке чейин айылга жетиш керек. Эл күтүп жатат? Көк неме көрүнөт, тиги да көшөрүп туруп алды: -Жок, өткөргөнгө болбойт, эртең алса деле кыз эч жакка качпайт. - Мендей атаң бардыр, иничек, эми... - деп келе жатканда Бөжөкбай
кагып койду: -Түшүнөсүңөрбү! Аксакал, бол-бойт!
Өткөрбөсүнө көзү жеткен соң, абам шаарды көздөй бет алды, мотоцикл түз эле оюнчук дүкөндүн жанына барып токтоду. Кирип бир кызыл, бир жашыл топ алып чыкты Спутник байкем. - Аба, небереден сизде үчөө да,- дедим. - Булар небереге эмес, сен экөөбүзгө, жетмек турсун ашат, талашпайбыз, - деди. Мен түшүнсөм кудай урсун, дагы эле башым чоң болгон менен мээме жеткен жок. Адамдан амал качып кутулбайт тура. Чөнтөгүнөн макисин алып чыгып, жашыл топту тең экиге бөлүп туруп мага кийгизди.
- Абаке, абаке, кулагымды кысып оорутуп жатат,- десем:
- Чыдай тур, ГАИден
өтөлү, - деп койду.
Кызылын болсо өзү кийди. Абамдын амалына бир эсе таң калсам, бир эсе күлкүм келип, боорум эзилди. "Бөжөкбайдын өткөрбөгөнүн көрөйүн", -деп Спутник абам аргымагын адатынча учуруп кое берди. Эми болсо башына топ кийгендиктен, көзүм уялбай, эки жакты карап, кругозор кеңейтип, өзүмдү бактылуу сезип, оозумду кулагыма жеткирип күлүп келе жаттым. Посттон дагы токтотту. Тааныган жок өңдөнөт, Бөжөкбай басып келип өзүн тааныштырып документ сурады. Спутник абам сураганын берди эле, ал бир документти карап, бир бизди карап туруп, эми байкады окшойт, башыбызды карап ха-ха-халап, болгон үнү менен каткырып, ичин басып отуруп калды. Биз кошо күлдүк. Бөжөкбай документти сунуп, сүйлөгөнгө алы келбей, "мага көрүнбөгүлө" дегендей кылып колун жаңсады. Ошентип биз топтун жардамы менен ГАИден өтүп кеттик.

#5 17 Апрель 2013 - 23:46
Күлүмкан чоң апанын токсон жашка толгон кези. Келиндин колунан ысык чай ичип, эртеден кечке чейин төрдөгү диванда тыпыйып олтура берет. Кыңылдап ырдап, өткөн-еткенди эстейт, кээде неберелерине команда берип баш-көз болот, кээде
телевизордун "кыргызын" көрөт. Айтор, өзү менен өзү алек, кишиге деле зыяны жок. Күндөрдүн биринде мындай окуя болду. Чоң энеде кайдагы уйку, таң азардан турат да, үрүл-бүрүлдө диванда радио тыңшап, балдар турганча олтурмай. Адатынча кийинди. Таягын кармап эшикке чыгайын десе эле, бутунда бир маасысы жок. Төшөктүн аягын түрүп карайт, көрүнбөйт. Дивандын астына түшүп кеттиби - жок.
Журкандын арасынан дагы таппады, жана эле тургансыды эле, жоксон алгыр! Же кечинде Бурмакан кошуна ачыткы сурап кирди эле, каапыр, көтөрө кеттиби? Жалгыз маасыны эмне кылсын? Небересине радатке кылып кесип салдыбы? Ошого кантип барсын. Балким, түндө Түмөндүн баласы телевизор көргөнү келди эле, анысы кымтып кеттиби? Жалгыз маасыны эмне кылат? Чоң энеси Сурмакандын эски маасысын тамандап бергени уурдагандыр? Ай, ошентти го! "Ай, балдар, ай тургула! Түшкө чейин уктайсыңарбы? Сасыбай төшөнчүңөрдү жыйгыла!" -Сапараалынын үйүндө таңкы саат алтыда "подъем" болду. - Маасы жоголуптур! Болгондо да ичи түктүү жап-жаңы эки жүз сомдук модный маасы. Андайды бул айылдын кемпирлери кийип көрө элек. Жетиш кайда-а?!"

#6 17 Апрель 2013 - 23:50
Полициянын наркоман иттериндей жулунуп-жулкунуп көздү болушунча ачып, Сапараалынын алты баласы, төрт келини, үч кызы, аялы болуп маасыны издешти. Табылбады. Эртең мененки чайды ондо ичишти. Издөө улантылды. Болгон кийиз, шырдак, дорожкалар эшикке чыкты. Гардероб чачылды. Жок. Түш болду. Чоң эненин версиясы боюнча шектүү деп табылган Түмөндүкү менен Бурмакан кемпирдикине жип сурамыш болуп эки чалгынчы жөнөтүлдү. Жигин билгизбей жоготушкан экен. Кайын энесинин маңдайына олтуруп алып Сапараалынын аялы тилинен келишинче ууруну каргап да берди. Катуу капалангандыктанбы,
Күлүмкан апа ордунан жылган жок. Жалгыз маасы менен жылып кайда бармак! Түш оогон кезде чоң апа үйдөгүлөрдү чакырды: "Балдар ай, келгилечи бери! Оң бутум чымырап чыкты, ушалачы!"
Күлүмкан кемпир келинине бутун сунду.
#7 17 Апрель 2013 - 23:53
Келинин кайын энесинин маасысын чече албай тырмышты. Кемпирдин буту тултуйуп чыгыптыр. Жардамга небереси келди. "Кокуй бутумду үзөсүң, акырын тарт!" -маасы чечилбей жатты. Акыры маасы да чечилди. Кемпирдин байпагы маасы менен кошо кетип, аппак болуп чүрүшкөн буту көрүндү. Маасы тарткан неберенин каткырыгы үйдү жаңыртты. "Ха-ха-ха!
Маасы!"
Башка сөз айта албай күлөт. Көрсө кемпир оң бутуна эки маасыны каттап кийип алган тура.
#9 17 Апрель 2013 - 23:59
Азыркы учурда арабыздагы айрым адамдарыбыз эптеп эле ыгын таап ичсем-жесем,
бирок бербесем деп эле жутунуп, пейили бузулуп калган тура!
Үйдө олтурсам кошунам Баатырдын аялы буту- бутуна тийбей чуркап келип: "Чыдабай атат, жөнөнгүн! " - деп буюрду. Кырсык каш-кабактын ортосунда эмеспи, дагы бир нерсе болуп, кудай төбөгө уруп, тигил кошунам аркы дүйнөгө билет алып жаткан экен деп мен аттап-буттап
үйүнө жетип бардым. Көзүнөн жашын салаалатып, кургак жерде чабалактаган балыктай болуп жаагын таянып өңгүрөп, Баатырым төрдүн тиги башынан бул башына чейин ооналактап жатыптыр. Аны көрүп жүрөгүм ордуна келе түштү:
- Ой, эмне болду? Деги тынччылыкпы?
- Тынччылык.
- Аялыңдын акыл-эси ордундабы? Өлгөнү жатат деп барды го?

#10 18 Апрель 2013 - 00:05
- Чын эле өлгөнү жатам, тишим чыдатпай жатат.
- Ой, Баатыр, сен баатыр болбой эле чычкан болуп калгансың го. Доктурдун кошунасынын тиши ооруса уят. Азырынча муздак суудан оозуңа токтото тур, басылып калат. Батыкем муздак сууну оозуна толтуруп алып бир аз олтурган соң, жаны тынч алып өңгүрөбөй калды. "Катуудан тиш оору жаман" - дейт, башымдан өткөргөн жаным тиш оорунун
кандай экенин эстеп
кошо кейидим да,
кошунамдын жалакайлыгына күлдүм.
- Мен үйгө кетейин, эртең мага барчы, жаныңды кыйнабай көз ачып-жумганча тишиңди жулуп салайын, - дедим ордумдан туруп жатып.
- Талаада жаткан тиш бар бекен. Сууругучун көр мунун, суурутпайм, -деп кошунам жооп бергенде оозум араандай ачылып, уккан кулагыма ишенбедим.
- Ой, Баатыр, сага мен жакшылык каалап жатам. Башың баш багалчагың кара таш, менин тишим ооруп жатты беле! - деп ачуум келип эшикти ачып жатсам, үй ээси чуркап келди.
- Тамаша, тамаша. Бир ачууңузду мага бериңиз, аксакал. Укчу, мен сагa бир сыр айтам. Экөөбүз диванга олтурдук. Баатыр эшикти илип койду. Кейпи, аялынан да жашырса керек бул сырын.
- Кулак сенде, Баатыр.
- Бала болуп башыма жүн чыкканы менин бир
жакшы оюм бар. Бирок ошол оюм түк ишке ашпай келе жатат. Андан-мындан терип- тепчиген бир аз тыйын-тыпыр бар эле. Ошого элдикиндей "аргымак" алайын дегем. Эки тоголок жетпей жатат.

#11 18 Апрель 2013 - 00:13
- Ии, анан?
Оюмда карызга акча
сурайт го дедим эле
андай деген жок.
- Бул тишти сууртуп
кереги жок, дос. Коңшу айылдагы тегирменчинин баласынын окуясын уктуң беле?
- Уккам.
- Мен да ушул тишимдин пайдасын көрсөмбү деп турам.
Кошунамдын сөзүн угуп мен ха-халап күлкүдөн жарылып кетчүдөй болуп үйүнөн атып чыктым. Баатыр жер караган бойдон өңү бозоруп олтуруп калды. Сыягы, мага таарынып калды окшойт.
- Шумдугуң кур!
Өткөн жылы күздө коңшу айылдагы тегирменчинин үй-бүлөсү менен мектептин завучунун
ортосунда чоң чатак
болгон. Мугалим жасаган эки-үч жолку эскертүүгө кулак какпай, каяша айтып, тентектик кылган тегирменчинин баласын завуч жаакка чаап койгон экен, окуучунун оозундагы, "Чыга турган көз эле, чыгып кетти өзү эле" дегендей, курт жеп араң турган тиши ыргып кетиптир. Шылтоого шыноо таппай турган тегирменчинин аялы, ажаан неме, мугалимди сотко бериптир. "Уялбагандан өзүң уял" болуп, аке-жакелеп бир жылкы жетелеп, эки миң сом берип бечара завуч алардын алдына түшүптүр. Кудайдан болуп тегирменчиники "кыргызчылык" кылышып, айылдашынын кетирген чоң катасын kечиришкен экен.
Анан бул менин кошунам да, чиркин, байлыктын айынан айрым ач көздөр эмнеге барышпайт, курт жеп кеткен тишинин "убайын" көргөнү жаткан тура. Эми мени менен ким жакалашат деп күтүп жүрө берет турбайбы. Кайсы шордуу кабылат болду экен деп кошунамдын жоругуна мыйыгымдан күлүп жүргөндө мындай бир иш болбодубу, түгөнгүрдүкү! "Күлгөнгө күлө жетем", -деген чын тура. Уулумдун туулган күнү экенин билип калып, алкы бузук кошунам: "Белгиле" , - деп тооруп туруп алды. Уят да чакырбасаң. Чакырдым. Анан эртеси эмне болду дебейсиңерби?
Балдардын апасынын анча-мынча ажаандык таланты бар. Мени эртең менен эрте тургузду да, кулак-мээмди өчү бардай
жеди:
- Арак ичпей аңтарылып кетсеңчи, өлүгүңдү көрөйүн! Баатыр сени сотко бергени кетти, бар эми, түрмөгө олтур. Мен сага кайсы акчамды
берем?.. Аялым айткандай, арак ичпей аңтарылып калсамчы! .. Мына сага сюрприз! Күч дегенден деле жок менде, жарыктык тиш, ыргып кеткен экен. Өзүм жайлап салган турбаймынбы! Эми эмне кылам, эл-журт? Силер да "кыргызчылык" кылып мага эптеп акча чогултуп бергиле, "көп түкүрсө көл болот" дейт, же өз колум менен Баатырдын оозуна бакыйта алтын азуу салып берсемби? Эмне болсо да колум менен жасаганды мойнум менен тартам да, андан көрө силерге айтаарым:
- Кырсыкты кайдан деп болот, кокустан бирөө менен урушуп, мушташып калсаңар эч качан жаакка чаппагыла, ал жаакта курт жеген мына эми түшкөнү турган тиш
болушу мүмкүн!

#13 18 Апрель 2013 - 21:30
Спутник байке боорду эзди чиркин, топтон каска жасап. Куло берип жыгылдым.
#14 19 Апрель 2013 - 00:19
Океандын ары жагына амандык кат! Саламатсызбы,
Бакыт байке! Жакшы жүрөсүзбү, ден соолугуңуз жакшыбы? Иштериңиз ийгиликтүү болуп жатабы? Эми биз жакшы жатабыз. Бизде жаз келип калды. Эл айдоого чыгып жатышат. Кымбатчылык болуп кетип, көбү буудай айдабай калышты, себеби солярканын баасы он сом, буудайдын килогрммы жети сомдон. Чоң апам деги бышыкчылык болсо экен, кудайым деп олтурат. "Баламды сагынам",
- дейт. Байке, сиз кеткенден кийин Алмадай чоң апам өлдү. Төрт жылкы сойдук. Апамдар: "Кошокту жакшы айта албайбыз"
, -деп, аркы айылдан кошокчу кемпирдин
кошогун магнитофонго жаздырып келип, үч күнү тынбай дарылдатып коюп коюшту, айылды жаңыртып, "Малдыбайдын энесине эки жүз көйнөк илген, биз үч жүз көйнөк, үч жүзжоолук илебиз", - деди апам. "Жүзгө чыккан апаңардыкы той, бул качанкы Алмадай, жер каймактаганда эле бар болучу", - деп келин-кесектерге шакек, сөйкө таратышып, анан атама көрсөтпөй арак ичип жатышты. Сөөктү коердо Токой акем мас болуп, ашканага шилекейин агызып жатып калыптыр, Аны Ашырбай акемдер табыттын артынан сундуйтуп көтөрүп барышты. "Энесине топурак салбаса уят болот", - дешти. Мүрзөдөн келатканда дагы Токобай акемди көтөрүп келишти, ал: "Апам, жаныңа жатам", - деп өлө ыйлады. Сөөк коюлгандан кийин: "Алмадай апабыздын жашына жетели", - деп өлө чардашып, бири-бирине көңүл айтышты.

#15 19 Апрель 2013 - 00:21
Ии, баса, мындан беш күндөн мурда Сапардын баласы Макар аял алып келди: "Үйүңөргө сразу эки баш келди, - дешти кемпирлер. - Атаганат, бизге деле ушундай бүлө туш болсочу".
Келини эки баштуу го деп ойлодук. Барсак, келини кадимкидей эле супсулуу кыз. Көрсө... көрсө көтөрүп келген алдейи бар экен. Быйтыйган, "Макардын эле баласы", - дешти көргөндөр. Биздин огороддун аягында Сарыбай менен Карабай кошуналар жер талашып уруша кетишти. Сарыбайды Карабай күрөк менен башка
чапты. Карабайды Сарыбай кетмен менен ичке чапты. Кызыл чеке болуп мушташышты. Аялдары бири-бирин каргашты. Эртеси экөө тең: "Сени сотко берем", - деп ооруканага кетишкен. Экөөнү бир палатага жаткырышыптыр. Бири-бирин көргөндө: "Ушу сенден кудай кутказбады го", - дешет экен

#16 19 Апрель 2013 - 00:22
Байке, сүйүнчү! Биздин мектепке чоңдор беш компьютер алып келишти. Келгенден бери алты ай болду, бирок өмүрүмдө колумду компьютерге тийгизип көрө элекмин. Байке, акчаңыз болсо мага деле компьютер сатып алып бериңизчи...
Байке, ушуну менен катымды аяктаймын, жакшы туруңуз. Сизди аябай сагындым. Качан келесиз? Бетиңизден өөп, 6-класста окуган иниңиз Аман.
#18 19 Апрель 2013 - 00:26
Башка айылдарда
кандай болду экен?
Биздин айылдын
жашоочулары эки топко бөлүнөт: сатуучулар жана сатып алуучулар. Бөлөк кесипти билбейбиз, сооданы жакшы түшүнөбүз. Мурдагы өткөн заманда айылыбыз кайсыл бир көсөмдүн атын ардактап алып жүрүүчү. Эми эки күнгө созулган жыйналышта кеңешип-талашып
олтуруп ысмын өзгөртүп да алдык. "Менин атам он беш жылы сугат сугарган, ошонун атын коебуз", -деп Келгенбай чыкты. "Жок, менин энем сегиз жылы иштеп, алдыңкы саанчы болгон, эмгеги колхозго сиңген", - деп Барганбай бакылдады. Экөө талашып, кызыл чеке болушту. Ортодо Кыялбек: "Таякем Таранчы жыйырма жылы жылкы баккан", - деп кыпчыла калды.
Тургандарды Тууганбай: "Тукубай жездем жети жылы чот кагып, жети жылы жетекчи болгон, атын коюуга ал деле арзыйт", - деп жөөлөдү. "Карысы бардын ырысы бар", - деген чын экен, урушту акырында Акыл аксакал басты. Акыл калчап, калыс кебин айтты: "Арабызда таарыныч болбосун,
айылбыздын атын "Сатынды" деп өзгөртөлү, себеби, заман нугу бурулганы баарыңар эле сатынганды жакшы көрүп, базарда күнү-түнү жүрөсүңөр. Жада калса, таалада өскөн чөп, асманда учкан сагызганды, тоок тууса жумурткасын сатасыңар. Сатып олтуруп айылда кой, уйдан эч нерсе калган жок. Эшектен
башка сатпаган эмнеңер калды? Жанагы "репрессияңардын" маалында күчүк-мышыкты балдарыңар коңшу айылга шоклад-сагызга алмашышты.

#19 19 Апрель 2013 - 00:29
Кемпирлер бөкчөңдөп кийизиңерден бери саттыңар. Э, калайык кандай дейсиңер? "Туура, аксакал, туура айтат", - деп көпчүлүк чурулдап калды. Ошентип айылыбыз "Сатынды"
айылы деп аталды. Чоң шаарга, базарга барып убара да болбойсуң, баардыгы айыл ичинен табылат. Кино-жаңылыкты
телевизордон деле көрүп аласың. Ар бирибизде машина - болгон малыбызды сатып, Бишкекке барып сатып ийип, төрт дөңгөлөктүү аргымакты минип
алганбыз. Көчөнү аралап бассаң, жарыялар бажырайт. Жашыл дарабазада: "Полет, пикник, дрож сатылат", көгүндө: "Кемал, шакалат, атыр алгыла", күрөңүндө: "Туз, калгетки, ширеңке бар". Кыскасы, ар биринде дүкөнчүлөрү да бар, чалчаңдап сагыз чайнап, "наличкага" гана беришет. Көп нерселерди унутуп да койдук. Мисалы,
"Саламатсызбы? " деген сөздү. Капыстан бирөөнүкүнө баш багып калсаң "төргө өт" дегендин ордуна "эмне аласың?" деп колуңду карашат. Заман талабына ылайык, жаңы төрөлгөн ымыркайлардын аттары дагы башкача: Сатылган, Сатти, Сатыпалды, Сатынды,Алысатар, Алмаш, Сатар, Бартер, Залокбай, Ынтымак, Өзгөрүш.
Алтын күздө айылыбыз шаңга бөлөнөт. Эгин, түшүм жыйналып, күндө майрам, "сатам, алам" деген эле кишилер. Сабиз, алма, помидор, жашылчасы үйүлөт.
Туугандар, "Сатынды" айылына келгиле, себеби бизде баары бар, баары сатылат!