Жалгыздык
Баракча 1 - 1
Жалгыздык
#2 05 Февраль 2021 - 22:53
Убакыт жок, жумуш көп дей берип Кудай бизге "мэ убакыт" деди окшойт. 2 айдан (Карантин убагы) бери уйдө жатып учу кыйыры жок ойлорумдумдун туңгуюгуна түшүп кеткендеймин.
Эмнеден баштаарды деле билбейм.
Акыркы күндөрү Өзүмдү Чөлдө багыты жок учуп жургөн куурайдай эле сезе берчү болдум, эч кимге кереги жок, шамал кайда айдаса ошол жака учкан...
Бүгүн да тунжураган ойлордун арасында тээ 10 жыл мурунку балким окуя балким жон гана корүнүш эсиме түштү.
Жаз. Окуудан шаша чыгып аялдамада маршрутка күтүп көпкө туруп калдым. Ээрикенден эки жакты карап атсам шашпай, башы салынкы келе жаткан кызга көзүм түштү. Азыр да көз алдыма тартылат сүрөтчү кооздоп тарткандай аябай сулуу экен, кийингени да өзүнө жарашат, тим эле чачтары жазгы шамалга артка карай учкан, келбети да кийингени да куурчактай.
Балким озум да кыз болгон үчүн баарын сынап карадым. Жакындай түшкөндө жүзү даана көрүндү, көздөрү толо кайдыгерлик, ушундан ары барып эле өз жанына кас кылчудай жэ бирөө жарым эмне болду деп сураса эле жер чапчып ыйлачудай түрү бар. Бир колунда сумкасы экинчисинде кооз гүлдөрдөн чон букет. Букети көтөрбөй эле сүйрөп алгандай, ушунчалык жашоодон тажап баарына көңүл кош. Демек бул кайдыгерликтин себеби эркек Жана Сүйүү деген ой келди мага. Аялдамада турган эркектер эмес аялдар да жапырт моюнубуз талгыча бурулуп карадык, ал сулуу бийкеч бизге көңүл бөлмөк тургай маани да берген жок, бүт ааламда жалгыз өзү калгандай калгый басып баратты. Кызык , өзү сулуу экен кийгени кымбат баалуу кийим, тагынгандары да арзан көрүнбөйт эмне мынча кайсы көйгөюнө көңүлү чөгүнкү, сүйүүгө да ушунча азап чегеби баары жетиштүү, акча болсо башка нерсеге да көңүл оорумак беле, андай кийинип өзүмдү карасам тим эле каткырып жашоодон ырахат алып жүрмөкмүн деген ойлор келди. өзүмдүн кебетемди карадым. Жупуну кийимим, күндө окуу жайга келгениме суйунөм... Уй бүлөөдөн атам эле иштечү, апам ооруйт ага дарылануусуна, байкем студент анын контрагы дегендей толтура чыгаша.
Азыр арты карасам ал күндөр тээ алыста калды, ойлогонумдай окуу жайды бүтүм, улантып чет өлкөгө да барып келдим. Борборубуздагы мамлекеттик жумуштардын биринде иштейм, жумушум өзүмө аябай жагат, көптөгөн жаңы нерселерди үйрөнөсүң, жаңы идея, долбоорлор. .. Баары мен кичекейимдегы кыялдарымдагыдай. .. Эххх 10 жыл ичинде эмнелер гана өзгөргөн жок.
Бирок негедир бактысызмын. .. Уясын кура албаган чымчыктай чебелектеп ары урунуп бери урунуп... Билбейм. Жашын өткөн сайын сени жакшы көргөн, сен да жакшы көрүп, күйгөн инсан жанында болуусун кам көрүүсүн эңсейт экенсин. Менчи?! Жүрөгүмдү ачып бирөөсүнөн башканы сүйө албай койдум. Бактысызмын, дал ошондо мен таң калган сүйүүдөн... Мен азыр дал ошол тээ көп жылдар мурун көргөн бийкечтин ордундамын...

#3 06 Февраль 2021 - 13:10
Жалгыздык кээде сонун пайда алып келет,эч эле жалгыз калтырбай жататго кээде момент менен кайфовать охота.
Баары жакшы болот!
Баракча 1 - 1