Бул окуя 2 жыл мурун болуп отсо да эмнегедир эстей берем. Куз болчу. Жумушта отурсам телефонума чалуу келип калды. Жакын санаалаштарымдын бири экен. Коп убакыттан бери жолугуша элек болчубуз. Жолугалы деп калды. Унунон негедир маанайы суз экенин байкадым. Жолугушуу сааты келип чакан чай устундо маектешип отурдук. Озу жашоого тын адам болгону менен мамлекеттик жумуш менен гана алектенчу. Дегеним чектелуу айлык акы.
Чай устундо карындашынын ооруп жатканын жана жакын арада оор операция жазатбаса начарлап жатканын айтып отурду. Карындашынын операциясы учун ата энеси болгон мал- мулкун сатса да жетпей жатканын айтты. Оюмда аз болсо да чонтогумдогу акчаны кошумча кылып берип коеюн деп ойлонуп отурдум. Бирок созун жыйынтыктап жатып мага мындай деп калды. "Доске карындашымдын операциясына кайрымдуулук концерт уюштуруп жаттык эле, билет сатышып койчу" деди. Адамдын жанагынча кебин угуп отуруп кантип баш тартмаксын,
анын устуно 8жылдык таанышым. Дароо эле макул болуп, берген билеттерин алып уйго жонодум. Бирок андай концертке копчулук бара бербейт экен. Берген билетинин 6 сын аран саттым. Эртен концерт деген куну калган билеттерди тууган- таанышка бекер тараттым. Себеби кайтарып бере албадым, озу да кыйналып турса жардам болсун кайда калбаган акча деп.
Концерт куну да келди. Кожомкул сарайы толук толбосо да 80% эл бар экен. Кызыгы концерттин билетинде жазылган аттуу ырчылардан Аваз Акимовдон башкасыны коро албадым. Концерт бутойун деп калганда 10-15 бала атайын даярдалган кутуларды которуп элди аралап сунуп жатышты. Бири сооп катары салса, экинчилери уялганынан салып жатышты. Карыган апалар да: "Айылдан бери келдик, кызын айыгып кетсин бир айлык пенсиямды кошумча кылайын"-
деп баары колундагысын сунуп жатышты. Кыргыздын пейилиндей пейил жок деп толкунданып турдум.
Балээ болуп ошол айлык бир жумага кармалып калды. Анын эмгегин жеп алгандай туну уйку качып кадимкидей жаман болдум. Акыры карыздап акча таап, жеткирип бердим.
Кызыктын баары бир айдан кийин башталды. Эркек башы менен ыйлактап образ менен айтса аябай ишенген элем. Ар кун ватсап аркылуу эмне болду карындашын операция болдубу деп сурай берчу болдум. Ар кандай шылтоолорду айтып койчу. Доомат кылып эмес. Кырчындай кыз айыгып кетсе деп. Кийин унутуп калыпмын.
Жаз айы келип калды. Эстеп кетип чалып калдым. Ал акыбалды сурашып жатсак эле СУЙУНЧУ деп калды. Оюмда карындашы айыгып келгенго дедим. Досум борбордон жер алдым, там салып жатам дебеспи. Ии болсун а карындашынчы деп жибердим. Жакында кетет операцияга.
Ошого карап там салып жатам. Операциядан келсе жашай турган жер жок деп калды. Неси болсо да жакшы болуптур деп кала бердим. Бирок андан бери 2 жыл отту. Ал санаалашым уй салды, унаа алды, жеке бизнесин туптоду. Бирок карындашы операция болгон жок!( Карындашын сурай берсем тажадыбы же уялдыбы байланышты узду) Ушул окуядан кийин кайрымдуулук концерттерине коз карашым озгорду.
ОШОНДОН УЛАМ ОЙ КЕТЕТ ДА КАЙРЫМДУУЛУКБУ ЖЕ КОММЕРЦИЯБЫ деген. ?!
Баракча 1 - 1
Кайрымдуулукпу же коммерциябы?
#2 18 Июнь 2017 - 17:42
Беш кол тен эмес
а Жараткандан коркпогон инсан пендесинен эчкачан коркпойт. Кайрымдуулук концертин откорор алдын патентин текшериш керекле же налогвый аны колдоп уруксат бердиби.
а Жараткандан коркпогон инсан пендесинен эчкачан коркпойт. Кайрымдуулук концертин откорор алдын патентин текшериш керекле же налогвый аны колдоп уруксат бердиби.
#3 04 Ноябрь 2017 - 19:17
Уят эле ошентип акча таап жер алып уй салганы.
" Мен дуйнону апам менен тааныгам
"
Баракча 1 - 1