aziret-92 Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Кыймылы жок
- Билдирүүлөр:
- 1 336 (0,31 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Спорт (356 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 13 Февраль 13
- Кароолор:
- 70 611
- Соңку аракети
- 28 Ноя 2021 10:05
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Активист
- Жашы:
- 30 жашта
- Туулган күнү:
- Сентябрь 6, 1994
- Жынысы:
- Эркек
- Калаасы:
- Барбаганский
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- E-mail дарегине кат жазуу
Мага баш баккандар
Мен ачкан темалар
-
Мени депкир менен сабап олтургон апама кат!
Жазылган күн: 14 Фев 2018
Апа!.. Апам менин…
Шымыма сийип алганым үчүн сенден кечирим сурайын деп жетишпей калдым. Кечирип койчу мени! Экинчи антпейм.
Эмнегедир буга чейин эч нерсе айта алчу эмес элем. Кантип сүйлөө керектигин билбей кыйнала берчүмүн. Оңой эле экенин азыр сезип жатам. Кызык… Эмнегедир ушу тапта кызык нерселерге көп тушугуп жаткандаймын. Ал жөнүндө анан айтып берейинчи.
Апа, сен күлгөндөчү… күлгөндөчү ээ… ушундай сулуу болчусуң. Мен сени аябай жакшы көрөм, сени кучактап, өөп, жытыңды искегим келет. Бирок сени таппай, каякта экенимди түшүнө албай жатам. Чакырсам эмнеге келбей жатасың?
Сенин кайгыга чөккөнүңдү көрүп жүрөгүм ооруп кетчү. Ыйласаң, кыйналып жатканыңды сезчүмүн. Баары жакшы болорун, мен дайыма сенин жаныңда болорумду айткым келчү, бирок эмнегедир анте алчу эмесмин. Анын ордуна көзүмө жаш айланып, сүйлөйүн десем ыйга айланып кетет… кетчү…
Сенин жаныңда болгон үч жыл ичинде мен көп нерсе үйрөндүм. Тай-тай басып, телефонуңдан мультфильм көрүп… Бирок бир жолу телефонуңдун бирдигин түгөтүп салганым үчүн жазалагансың. "Бирдик" деген эмне экенин түшүнгөн деле жокмун.
Шоколаддуу жумуртка сатып бергениң эсимде. Ушунчалык таттуу экен, дагы жегим келди, бирок сенин акчаң жок эле. Ушул акчанын азабы ай! Эмнеге керек экенин түшүнбөгөн боюнча калдым. Бир жолу сенин капчыгыңан таап алгам, бирок Сумкаңды айрып алып анда да таяк жегем. Сен үчүн ал ушунчалык маанилүү экенин билсем… Кечирип койчу!
Автобус же маршрутка менен кетип баратканда жолду караганды жакшы көрөр элем. Бактар менен үйлөрдүн "тызылдап чуркап кетип баратканы" жакчу. Сен мени кучактап, бетимен өпчүсүң. Ошол ирмемде аябай бактылуу болор элем…
Экөөбүз акыркы ирет көрүшкөндө мен шымыма сийип алдым. Бул шымды кимдир бирөө алып келсе керек эле, туугандарбы же сенин досторуңбу, айтор, бир жактан келген. Калган оокат-кечебиз мурунку үйдө калбады беле. Ошол жактан кетип калганыбыз аябай жакшы болду, жаман нерселер көп болчу эле. Түнкүсүн эркектер келчү, алар сени азапка салып кетээр эле,алар кеткен сон сен бир башкача жыттанып,квартирабыз тутунго толуп,дем ала албай кыйналып ыйлачумун. Сенин жиниң келип, кайра эле урчусуң. Анан эле акыркы калган шымымды булгап койбодумбу… Бир урдуң, катуу. Чыдабай ыйлап жибердим. Кайра чаптың, анан дагы… дагы… Бир маалда айлана капкараңгы болуп калды…
Каяктагы бир аялдар мага операция жасоо керектигин айтып жатышты. Көтөрүп жүрүштү, мен баары жакшы эле деп айта албай койдум. Эмнеге эми гана сүйлөп жатканымды түшүнбөйм?!
Азыр менин жанымда балдар көп, баары апаларын сагынып жүрүшөт. Бир баланы апасы үйгө камап, тамак бербей койчу экен. Бирок ал өзү күнөөлүү экен, апасынын ичине ысык чайды төгүп алыптыр… Дагы бир кызды атасы урчу экен. Ата деген ким экенин билбейм, бирок ал ошентип айтты. Темир менен урса, кан агыптыр. Жакшы кыз экен, мага аябай жакты. "Жек көрүү" деген эмне экенин түшүнбөй жатам. Бул жердеги балдар мурун ата-энелерин жек көргөнүн айтышып, менден да апаңды жек көрөсүңбү деп сурашат. Мен аларга эмне деп жооп береримди билбей койдум.
Бул жакта баары жакшы экен, апа. Канча кааласаң мультик көрөсүң. Бирок мен сени аябай сагынып жатам. Мени качан алып кетесиң? Сени ушунчалык жакшы көрөрүмдү, баары жакшы болорун айткым келет. Мен эми сүйлөй алам апа. -
Жигиттер, келгиле, жубайыбызга шарт түзүп беребиз
Жазылган күн: 10 Апр 2017
Ассолому алейкум замандаштар!
Бул теманы ачуудагы максатым "аял затына, дегеле "эне" статусун алып жургон ак жоолукчан жубайларыбыз жашоодо кыйналбоо учун шарт (условия)
тузуп беруу".
"ТИЙГЕН ЭРИ ЖАРАШСА,КАРА КАТЫН АК БОЛОТ" келгиле аялдарыбызды "агартуу" учун кылган аракеттерибизди жана кылам деген максаттарыбызды жазабыз.
1...Уйлонгондор аялыныздар уй жумуштарынан же коомдук жумуштарынан кыйналбас учун кандай шарттарды тузуп бердиниздер эле? (биз бойдоктор уйронолу).
2...Бойдок жигиттер болочоктогу жубайыныз учун кандай шарттарды тузуп берууну пландап жатасыз жана аялыныз кайда иштоосун каалайсыз? (максаттарыбызды жазабыз) -
Өзгөн шаарынан иш берилет
Жазылган күн: 22 Апр 2016
Озгон шаарынын тургундарына иш берилет.
18жаштан 60жашка чейинкилерге.
Билими жана тажрыйбасы маанилуу эмес.
Кененирээк маалымат учун 0773 96 96 81...0771 704 605.
Достору
-
FIANIT -
лунка -
Talant86 -
azanur -
zhiza -
Nursaikal -
Zverchik -
midin92 -
DIAFRER -
exo -
Begimkyz -
Umka220190 -
Jakusya -
sparkle -
miniusha -
kokjar92 -
Aziretbiy92 -
Aida.1995 -
kok-jar -
imanmurdash -
Sakyw -
Gulichka.m... -
Nursss_Rea... -
Gupa -
Case -
simple_boy -
Umnitsa -
Kg.lady -
meri6ka -
saltanat. -
boto -
Angel92 -
happy01 -
Filantrop -
ms.byityk -
slastenka -
LaraKroff -
m_u_s_u -
Bakusya_janka -
Gulshan_kf -
mrbin777 -
tanabaevich -
Aysuluuwa -
Cholponnur. -
azamat-1992kg -
AKCAHAT -
gulzar_gulu -
kuba_1977 -
aidai_kyz -
Syun17
Показать 50 случайных друзей 66 (Просмотреть всех)
Комментарийлер
aziret-92 ге комментарий жазыла элек. "Кандайсың" деп жазып койбойлубу?