admin_superstan (18 Февраль 2015 - 16:56) жазган:
Чоң энемдин жылмаюусу
Менин чоң энем Санамбүбү буюрса, быйыл 8-мартта 86 жашка чыгат. 10 баланы тарбиялап өстүргөн ардактуу адам. Эне кылым жашаса да баары бир эне боюнча калат тура. Энебиз баса албай, сүйлөй албай үйдө отурса да, ымдоо, жаңсоо менен бардык балдарынан, неберелеринен кабар алып, акыл-насаатын айтып келет. Кубансак кубанып, кайгырсак кошо кайгырып турат.
Ал эми сүрөттө чоң энем жана атам. Шаардан барганымда уюлдук телефонума тарткан элем. Азыр алыс болсом да, бул сүрөт, андагы чоң энемдин жылмаюусу мага күч-кубат тартуулап келет. Жүзүңүздөн жылмаюу кетпей көп жашаңыз, чоң эне!
Бегалы Абдыраимов

Сонун сурот экен мен дагы алыстагы чон энеди сагындым
Ыйык чон эне апаларыбыз учун добуш берели