Marlis Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Жаран
- Билдирүүлөр:
- 28 (0,01 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Дин жана философия (14 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 21 Сентябрь 11
- Кароолор:
- 14 555
- Соңку аракети
19 Июн 2024 00:50
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Момун
- Жашы:
- 39 жашта
- Туулган күнү:
- Февраль 2, 1985
- Кызыгуусу:
- Музыка угуу,
- Жынысы:
-
Эркек
- Калаасы:
- Жалал-Абад облусу Ноокен району
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- E-mail дарегине кат жазуу
Мен ачкан темалар
-
Учуп келдиңби, ажал?
Жазылган күн: 13 Фев 2017
Учуп келдиңби?, ажал… (16-январдагы каргашалуу окуяга байланыштуу аңгеме). Бул чыгармамды Дача-Суу айылында Боинг – 747-400 жүк ташуучу учагынын кыйроого учуроосунан шейит кеткен жакындарыбыздын арбагына багыштаймын.
Жаттым тынч,
Жаздыгым кенч,
Дилимде Куран,
Тилегеним ыйман.
Мухаммеддин үммөтүмүн,
Кудайдын кулумун.
Оо Аллахым! Эртеңки күндү ата-энем, бир туугандарым, эли журтум менен тынч-аман көрүүнү насип эт.
Күтүүсүз кырсыктарыңдан,
Кур жалаа, кур балээңден,
Бей ажал өлүмүңдөн өзүң сактай көр Жаратканым! – деп, күндөгүдөй ушул түн да тилек менен уйкуга кеттим.
* * *
Эртең менен эрте турдум да, мектеп алыс болгондуктан, күндөгүдөй таңзаардан мектепке жөнөдүм. Күн суук, жада калса дарактарды да кыроо баскан. Жолдо баратып көчөдө өлүп жаткан кушту көрдүм. Бийиктерде учуп жүргөн куш жерге кулаптыр. Байкуш ай деп өкүнүп, мектепке карай жолумду улап кеттим. Эмнегедир бошоңдоп, өзүмдү жаман сезип жаттым. Ич-ичимден бир нерсе өйкөй берди.
* * *
Сабакта олтургам. Мугалимдер ызы-чуу боло башташты. Көңүлүмөн сызып өткөн жаман ойго, кой, тынччылык эле болгон болсун деп өзүмдү алаксыттым. Бир убакта мени мугалимдер бөлмөсүнө чакыртышты да “Сен азыр ушул жерде олтура тур” – деген мугалим эжейдин кыжаалаттана каргылданган үнү мени ого бетер ойго салды. Жүрөгүм өзүнчө эле алдын ала бир шойкомдуу балээнин башын сезгендей мурда болуп көрбөгөндөй дүкүлдөп, кабынан чыгып кетчүүдөй согуп жатты. Мугалимдердин бири-бири менен күбүрөңдөшүп, ары-бери патырашып жүрүшкөнү демейдегидей эмес, мага тиешелүү бирдемени билишип, жашырып жатышкандай, аны мага кандай жеткирээрдин айласын таппай жаткандай сезилди. Бушайманга түшкөн эжейлердин түрүнө түшүнбөй, эмне дешимди билбей элеңдей эшикке чыга берээримде, каалганын ары жагында сүйлөшүп жаткан эки кыздын биринин “Учак кулап түшүптүрбү? ” деген корко сүйлөгөн үнү кулакка шак эте урунуп, аларды карай салсам, мени көрө калып эле делдейе туруп калган түрүн көргөндө, баятан мугалим эжейлеримдин бушайманга түшүп, түйшүккө батып жатышкандарынын себеби ушул турбайбы?, жүрөгүмдүн эртеден эле элеп-желеп болуп, кабынан чыкчудай болуп согушунун себеби ушул турбайбы?, мектепке келе жатканда жол жээгинде өлүп жаткан кушту көргөнүмдүн белгиси ушул турбайбы? – деген миң кырдуу суроолор башымда мага карай мөндүрдөй жаадырылган жаанын жебе окторундай биринен сала бири келип сайылып, кайда басарын билбей жар боорунда асылган жарадар жандыктай нес боло, селдейе туруп калдым. Ал аңгыча досум жүгүрүп келип, мени кучактаганда гана селт эте түштүм.
- Жок, кучактаба! , эч нерсе болгон жок! – деп бакырып чуркап кеттим. Балким, балким бул учак кулаган жер менин айылым, менин үйүм эместир деп өзүмдү алдап, үзүлбөгөн үмүт менен бараттым. Чуркап кетип жатып өзүмдү алсыз, жалгыз сезе баштадым. Жолдо адамдар топтоло кетиптир. Мен баргыча баары күл болуптур…
* * *
Шаң-күлкүгө бөлөнгөн менин үйүм, менин айылым жер менен бир болуптур. Мени ороп
калышты. Өзүмдү жоготуп бир убакта көзүм ачылды. Кулагым укпай, эч нерсени сезбей
калгандаймын. Сыртка чыксам баары айран-таң, ызы-чуу, ый-муң. Кара туман айлананы караңгы кылып салгандай. “Кагылайын, айланайын, садагам” деп эрээркей эркелетишип, там-тум баскан күнүмдөн мен кубансам, кошо кубанышып, ыйласам кошо ыйлашкан ата-энем эми жок. Кичикей кезимден мени менен оюунчук талаша бирге ойношкон киндиктеш бир боорлорум – бир туугандарым эми жок. Бакыттан балкып, кубанычтан кулпуруп, шаң-күлкүгө толгон үйүмдүн ордун, капилеттен келген кырсыктан калган ызы-чуу, ый-муң, бозоргон күл жана мунарык ээлептир. Үйүм тургай үй-бүлөмдүн эч кимисинин дайыны жок. Жок-жок. Баары жок. Баарын учуп келген ажал камырдай жууруп, күлүн сапырып салыптыр. Мындай болушу мүмкүн эмес. Кечээ эле ушул үйдө ата-энемдин кучагында бир туугандарым менен эркелешип ойноп отурбадык беле. Же биздин бакытыбыздын чеги ушунча кыска беле? Алар кайда кеткен? Ата!, Апа!, бир боор бир туугандарым! Силер кайдасыңар? , Мени таштабыгыла! Мен эми силерсиз киммин? Же ата-энеден жок, же бир туугандардан жок ушинтип ай талаада томолой жетим болуп кала береминби?. Мени кимге ишенип таштап кетип жатасыңар ата?!, апа?! Айткылачы? Мени кимге ишендиңер?! . Эмне менин башка балдар сыңары ата-эненин, бир туугандарымдын кучагында балалыктын балдай доорун сүрүп, эркелеп өскөнгө акым жок беле?! Менин кимге керегим бар эми? Жакшы окусам чоңойгондо ата-энемди багам деген тилегим менен күндөгүдөй эле ата-энемдин ыссык боорунан суурулуп чыгып, таң заардан беш чакырым аралыктагы мектепке шашыла жөнөп кеткенимдин жазыгы ушулбу? Эй Жараткан эмне жазыгым бар эле. Эмнеге мени ата-энемден, бир туугандарымдан ажыратасың? , кайсыл жазыгым үчүн жазалап жатасың? деген миң кырдуу суроолор боорумду эзип, жүрөгүмдү тырмалап, ич-ичиме батпай өксүп-өксүп ыйлап жаттым. Жүрөгүм жулунуп кеткендей дем алууга да күчүм жетпей калды. Ар бир тамган көз жашым тилинген жүрөгүмдүн канына айланып жаткансыйт. Кечинде жаткан бойдон эртең мененки таңды көрбөй калдыңарбы кайрандарым!
Жерди алса болбойбу?! , мал-мүлктү алса болбойбу?! , байлыкты алса болбойбу?! Тоо кулады, бала болсом да тоолордой жан дүйнөм урады. Менин дүйнөм караңгылап, жарыктыкты издегенге алсыз болуп олтурам. Бул кандай душман болду экен мага ата-энемди, бир тууган жакындарымды соруп тынган, же …
… же учуп келдиңби?, ажал…
* * *
Окурман, эгер мен туура эмес сөздөрдү айтсам кечирип коюңуз. Бул менин ошол алаамат окуядан кийинки жүрөгүмөн сызып, өкүнүп жазган сезим, ойлорум. Ооба бул каргашалуу апаатты мен сөзүм менен жеткирүүгө алсызмын. Балким ал кайгы-муң бир океан болсо, ал океандын бир гана тамчысын сезип олтурган чыгаттырмын. Ошол каргашалуу апааттан аман калган биз теңдүү курбуларыбыздын бирин каарман катары алып, башынан кечирген ошол окуянын алгачкы күндөрүн калемимдин кудирети жетишинче образын жаратып берүүгө далаалат жасадым. Аларга мен турмуштун сыноолоруна майтарылбай, белди бекем бууп, алга кадам басышына тилектешмин. Биз Кыргызстандын жаштары сиздер менен биргебиз жана сиздердин кайгыңарды тең бөлүшөбүз.
Кайгы-муң темасында жазылган акыркы чыгармам ушул болсун! Ылайым жазуучулар ата-энесинин боорунда ойноп олтурган бала жөнүндө жазышсын! Акындар жылуу үйдө тынччылыкта чай ичип олтурган үй-бүлө жөнүндө ыр саптарын тизмектешсин! Жаштардын кубаныч-шаңга бөлөнгөн күлкүсү жөнүндө ырлар жаңырсын! Балпайган карыялардын акылман сөздөрү коштогон насаат ырлары жазылсын!
Диана Кудайбергенова № 4 А. Сатаров атындагы орто мектебинин 11-“б” классынын окуучусу Ноокен району
-
Бактылуу болгуң келеби?
Жазылган күн: 4 Июн 2015
Урматтуу окурман!
Бул ааламда биз билбеген, биз тушунбогон, коз алдыбызга элестетпеген тан калычтуу сырлар жашырынып жатканы баарыбызга эле белгилуу эмеспи. Жомок да, фантастикалык чыгарма да жок жеринен айтылып, жок жеринен жазылбаса керек. Баардыгы реалдуу чындыктын айкашында келип чыккан адамзаттын чыгармачылык баалуулуктары экендиги баарыбызга эле белгилуу.
Бул ааламды тан калтырган сыр бар. Ал бугунку кундо копчулук адамдарга белгилуу болбосо да айрым адамдарга белгилуу. Ошол сырдын ээсинин бири менмин. Бул сырдан ааламды тан калтырган илимпоз, окумуштуулар, атактуу адамдар тээ байыркы эле замандан кабардар болушкан. Мындай сыр бар экендиги жонундо менин да кабарым бар эле. Ал эмне сыр экендиги мен учун да бир мезгилдерде белгисиз эле. Коптогон убактымды ушул сырды издоого арнадым жана мен максатыма жеттим. Коктон издегеним жерден табылган сынары мен да бир куну ушул сырды таап алышыма ишенген элем. Максатым орундалып мен бугун ушул сырдын ээсине айландым. Сиздер да бул маалыматка кайдыгер карабасанар керек деп ойлоймун. Сыр жонундо билууну кааласаныздар менин оздук баракчама билдируулорду калтыргыла. -
Күз жана кыз
Жазылган күн: 13 Янв 2015
Күз жана кыз
Марлис СУЛАЙМАНОВ
Алтын күздүн сары-кызыл жалбырагы,
Ай талаада ээлеп бакты жалтырады.
Ашыгына телмиргенче тиктей карап,
Арман толгон каректери жалдырады.
Күмүш күздүн сары-кызыл жалбырагы,
Күн талаада ээлеп бакты жаркырады
Күдөр үзбөй үмүттөнө тиктей карап,
Күткөнүнөн көзүн үзбөй жалдырады.
Ал ичинен миң эзилип кыйналса да
Чыгара албай ичте сырын сыртка ачып,
Көздөрүмдөн билинбесин ич туйгуум деп
Жашырды го каректерин ала качып.
Кылым бою кыйнап жанын айтылбаган,
Жүрөгүндө сыры калды ачылбаган,
Ай жүзүнөн сылап ага айтылбаган,
Жүрөгүндө ыры калды жазылбаган.
Айта албай ичтегисин сөзү менен,
Ал акырын тиктеп койду көзү менен.
Аруулугу махабаттын ушул белең,
Акырындап чөгөт сулуу ойго терең.
Айта албай ичте сырын, жүрөк дартын,
Ашыктыгын, ой-тилегин, махабатын,
Айып көрүп айталбаган ойлоп баркын,
Алоолонткон ашыктыктын жазат катын.
«Сүйгөм сизди, ак сүйүүмдү сезбедиңиз,
Арзып күткөн махабтым билбедиңиз.
Ашыктыктын аралында кезбедиңиз,
Аппак, тунук махабатым билбедиңиз.
Эстей жүрүң, эстең мени, эстең дайым,
Эстеп коюң, суранарым күнүм, айым.
Эңсеген сиз жылуулукту тартуулайын,
Эстең мени мейли күз, кыш, жаздыр, жайын.
Эстең мени, эртең менен көз ачканда,
Эстең мени, кечиндеси күн батканда.
Эстең мени, сыдырым жел, күзгү шамал,
Терезеге акырындап «тык» урганда.
Эстең мени уясына күн батканда,
Эстең жамгыр нөшөрлөтө жаап жатканда.
Эстең мени танга жуук, туш аптапта.
Ысык күндөн көлөкөлөп баш катканда.
Күткөм сизди, жол карап күн батканча,
Баары бүттү, өкүнүчтүү калды артта.
Күткөм сизди, түн тосуп, таң атканча,
Болду эми кылчайбаймын кайра артка». -
КУСАЛЫК
Жазылган күн: 3 Янв 2015
КУСАЛЫК
Марлис СУЛАЙМАНОВ
Азапка салба мени,
Ансыз да журок толгон мун-арманга.
Ардактар алам сени,
Асылым болсон мага бул ааламда.
Орундат тилегимди,
Оорутпайм кичинекей журогунду
Актайм дейм тилегинди,
Ашык бир болуп калдым билесинби?
Санаага салба мени,
Санааркап ойго батам билчи деги.
Сабырым суздай эми,
Сарсанаа кылып келет суйуу деми.
Дилимди оорутпачы,
Дидарын корсом деймин асыл айым.
Конулум соолутпачы,
Коодондон чыккан ырым тартуулайын.
Кудайым кошсо бизди,
Кубанып куттуу кунду тоскон кез бар.
Кусадар болгон жузду,
Кубаныч сезимдери баскан кез бар.
Кубалап кыйын кезди,
Кудундап, кумарланып жазган соз бар.
Кутуудон талган козду,
Кумарлуу тигилтишип баскан кез бар. -
Саматова Гулкайырды издеймин
Жазылган күн: 3 Янв 2015
Урматтуу форумчулар мен Саматова Гулкайыр деген кызды издеп журом.
Ал Баткен районунун Бужун айылынан болот.
1984-жыл 21-апрелде торолгон.
ОшМУнун тарых факультетинде 2001 - 2006-жылдарда бирге окуганбыз.
Эгерде кимде ким ушул кыз тууралуу коргон билгени болсо кабарлап коюунарды отунуп кетет элек.
Сиздерди терен урматтоо менен алдын ала терен ыраазычылык билдирип кетебиз.
Табууга оз салымдарын кошуп комоктошкондорго ганарарлар бар.
Комментарийлер
Marlis ге комментарий жазыла элек. "Кандайсың" деп жазып койбойлубу?