Менин жээндерим биздин колдо тарбияланып келет. Ойлогонум келечектери.
Ата энесине боор беришеби кийин. Улуусу 12 кичуусу 6 жашта. Кун откон сайын аларды ойлоп убарамын. Бир жолу атайын уруш чыгарымыш болуп. Ата энесине берип жибердим элем. 15 кун аран чыдап кайра бизге жиберишти. Оз балдарынан багуудан баш тартуу эмне деген жорук. Кандай болсода оз баласыго. Азыр эмнегедир наристелер тай жагында коп журушот. Сиздердин коз карашыныздарды билейин дедим эле. Кийин эки ортодо калбайбы. Барибир кийин торкун керекго. Бул нерсе туура элеби форумчулар?
Балдардын таята, таененин колунда тарбияланышы туурабы? Келечеги кандай болот?
#2 20 Июнь 2014 - 14:05
Маанилүү тема экен, менин көз карашым түз эле го, бирок, ата энеси кийин өкүнбөсө болгону.
#3 20 Июнь 2014 - 14:19
Адатта мындай балдар эрке чоңоюп калышат. Анткени таята, таянелери жакшы көрүп эркелетишсе,
таякелери башка бирөөнүн баласы болгондуктан аларга катуу айтыша алышпайт. Ар ким өз баласын өзү тарбиялаганы жакшы деп эсептейм. Бирөөнун баласын тарбиялоо кыйын.
#4 20 Июнь 2014 - 14:33
Ата-
эне тарбиясын корбой, чоната-чонэне,
тайата-тайэне,
тууган-уруктан тарбия коргон бала келечекте оз ата-энесине боор бербей калат. Дауд байке сиз жогоруда эрке осуп калат деп жазыптырсыз,
бирок баардык эле тайата-тайэне,
чоната-чонэне эркелетип, бапестеп тарбия бербейт. Тескерисинче корунуштор да болот, андай абалда балдардын психикасына доо кетип "Менин эч кимге керегим жок экен!" деген тушунукто да осуп боору таш болуп тарбия алып калуусу да мумкун. Мен ар бир ата-эне оз баласын оздору тарбияласа деп ойлойм. Балага эн негизгиси ата-эне мээрими жана тарбиясы зарыл.
Билдирүүнү түзөткөн: LoLoPePe: 20 Июнь 2014 - 14:34
Если на вопрос "Как дела?", человек отвечает "Нормально", значит вы не входите в сферу его доверия.
#5 20 Июнь 2014 - 15:08
. Албетте, бир мамлекетти башкаргандан бир баланы башкаруу кыйын.
. Сиз балдарга туура багыт корсотуп жатасыз , ата- энеси менен бир болсун деп
Бирок,ошол эле убакта жээндериниз сизди жаман коруп жатышат,бизди урушуп жатат деп
Баары бир алар бала да , сиздин максатынызды тушуно алышпайт. Мындай кырдаалды коруп эле журобуз.
.Сиздин оюнузга туз караштамын.
. Сиз балдарга туура багыт корсотуп жатасыз , ата- энеси менен бир болсун деп
Бирок,ошол эле убакта жээндериниз сизди жаман коруп жатышат,бизди урушуп жатат деп
Баары бир алар бала да , сиздин максатынызды тушуно алышпайт. Мындай кырдаалды коруп эле журобуз.
.Сиздин оюнузга туз караштамын.
#6 20 Июнь 2014 - 15:16
биз да карындашымдын чон кызын бакканбыз.Азыр чон ата,чон апасын тааныбайт.Себеби алар Жалал Абадта,биз Лейлекте.Атам апам биринчи неберебиз деп бербей койгон
Уулум, мен сени менен сыймыктанам!
Андыктан бардык жеңишин менин жеңишим болуп эсептелет!
#7 20 Июнь 2014 - 15:16
Бирок ошол эле учурда кее бирки ата энеге караганда таене таята же чоң эне чоң ата жакшы тарбия берет. Опыт бар.
#8 20 Июнь 2014 - 15:22
Ата энесинин колунда чонойгон жакшы го негизи бирок азыр кор тириликтин айынан баары эле чет жакта журушот балдарыбыз чонойгуча бутка туруп алалы деп алар деле айласыздан балдарын таштап кетибатат
#9 20 Июнь 2014 - 16:16
Мына мен тайларымдын тарбясын алып чонойгом.Даут аке чын айтат.таенем мени дайым коруп турар эле.бироонун баласы деп.азырга чейин жееним деп турушат.кудайга шугур жакшы тарбя берди деген ойдомун.
#10 20 Июнь 2014 - 16:33
Тайларынын колунда чонойсо албетте,ата журтуга мээрими азыраак болуп калат. Мен тайжуртумда чонойбосомда коп барчумун жана коп эркелетишчу.
Чынын айтыш керек мен тайжуртума жакынмын. Атажуртума анчалык мээрим сала албадым,же алар мээрим бере албады. Негизи эле азыркы убакта баардык уйбулодо ушул койгой. Жаш турмуш кургандар ушинтип балдарын тыштап чет олкодо иштеп журот. Билбейм эми ширинтайыма ыйман ынсап берсин,бизге мээрими кандай болот билбейм.
" Мен дуйнону апам менен тааныгам
"
#11 20 Июнь 2014 - 16:45
Баланын нарагынан озу. Баары бир боорун билет. Менин байкемин кызын 3,4 айлыгында багышкан алып калып. Азыр ата-энесин таап алган. Бир байкем таенемде чонойгон. 7класска окуп калганда баса берген уйго. Эми ким болбосун жакшы тарбияласа болдуда. Балдарга ыйман берсин. Азыр балдарды жетишпеген жашоодон, аргасыз таштап чет жака кетишет. Кыргызстанда жашап бала багыш кыйын болуп калды.
Жан дуйномо булук салып куйуктор,
Жалынынан кулго айланды умуттор.
Азабыма чыдабасан бош койдум,
Акыл калчап башка жанды суйуп кор.
Жалынынан кулго айланды умуттор.
Азабыма чыдабасан бош койдум,
Акыл калчап башка жанды суйуп кор.
#12 20 Июнь 2014 - 18:44
Туура айтасын бала боорун билет биз да кайын эжемин кызын мен жаны келгенден баштап бакканбыз энеси келсе жанынан чыкпай калат эле азыр 1.5жылдан бери энеси карайт эми келсе уйубузго кетебиз деп турат
#13 21 Июнь 2014 - 14:39
Жакшы тема экен. Азыркы заманыбызда копчулук уй булолор тирилик деп балдары таята, таене, чон ата , чон энелердин колунда тарбияланып келуудо. Буга мисал озумду алсам болот. Балдарымды чон энесине таштап эки жылдан бери тирилик деп журобуз. Кичине уулум бизди тааныбай деле калды. Кээде скайп аркылуу суйлошобуз,
чону апа , ата деп тааныйт, а кичинесине кайын энем "апаны карачы , апа деп айт десе," ал менин апам эмес дейт. Эмне демек элем муунум бошоп, козумдон жаштар тамат. Балдарына эне мээримин бере албасан, жузунон суйуп эркелете албасан .... Келечекте балдар ата энеге боор береби? деген суроого жооп таба албай келем.
#14 21 Июнь 2014 - 16:36
Мен өзүм тай жакты жакшы деле тааныбайм азыр деле. Анан, айылда тайларынын үйүнө каникулга келишкендерди көрүп таң кала берчүмүн кичинемде, бул жакта жүргөнчө чоң апасыныкына эле барбайбы, ал жакта жыргал да деп. Көрсө баардык чоң ата апалар бирдей эмес экен да. Көптөгөн тагдырлар болот экен турмушта. Биздин келечек муун азыр бизди чоңойтуп эрезеге жеткирген мээнеткеч чоң апа, чоң ата, тайне, таяталардын колунда тарбияланып жатышат. Келечекте алар өз балдарын өздөрү чоңойтушун каалайм. Үй бүлөлөр мындан кийин дайыма чогуу болсун, бирге болсун. Өткөөл турмуш эртерээк өтүп, жергебизге да жаз келсин.
#15 21 Июнь 2014 - 22:50
Мына мен тайларымдын колунда оском (турмуштун тайкысына байланыштуу).
Бала каалоосун ачык айтып,оюун толук жеткире албай калышы мумкун, анткени оз ата-энеси жанында эмес,тайэне-
тайатадан зарыл болгон нерсесин сураштан тартынат. Тайэне-тайатасы урушса ата энесин жек коро баштайт "ата-энем мени жаман коргону учун тайэнемдерге таштады,булар да мени урушат демек мен эч кимге керек эмесмин" деген ой мээсине жылдар боюу жыйылып олтуруп,бой жеткенде журогуно таштай катыйт да оз ата-энесине боор тартпай калат. Ата-энелер кийин окунушот бирок кеч болот.
Внешность - это козырь , но не туз…
#16 22 Июнь 2014 - 05:54
Балага жаман таасири тиет, оз ата энесинен алыстайт, озумчул, эрке, отто коркунчак, тентек болуп калыптанып калуусу мумкун. ( Бул нерсени туугандардан коруп журом.)
Көтөр башты улутташым, кандашым!!!
Сен баарын түшүнүп бүткөнүңдө мен сенден такыр алыста болом!!!
forget them,and rest your life ehuuu. ;)..)
Сен баарын түшүнүп бүткөнүңдө мен сенден такыр алыста болом!!!
forget them,and rest your life ehuuu. ;)..)
#17 22 Июнь 2014 - 07:05
Ар ким оз баласын озу багып , тарбиялаганы туура.
ар бир тамчы бакыт - сенин дидарында , аруулугун - жылмайган ууртунда ...
#18 22 Июнь 2014 - 08:42
Баланы жарык дуйного алып келээрден мурун келечегин ойлош керек деп ойлойм!!
!
#19 22 Июнь 2014 - 12:20
эрке оскону бар, кордук коруп чонойгону бар. Жакшы тарбия алганы бар, тарбиясыз калганы бар. Бирок кандай болсо дагы балдардын ата - энесине таарынычы калат. Ата - эне мээримин корбогон бала, кийин ата - энесине мээримин того албай калат.
#20 22 Июнь 2014 - 15:01
Акыретте баланын тарбиясына биринчи ата андан кийин апа жооп берет.Ошондуктан балдарды ата-эне оздору эле чонойткону туура го деп ойлойм.
«Будьте с людьми как дерево, когда в тебя
кидают камень, отвечайте плодами»
кидают камень, отвечайте плодами»