Монолог Жан дүйнөбүздөгү сезим учкундары...
#6201 06 Декабрь 2024 - 01:53
Өмүрдө түбөлүктүү эч нерсе жок...кайгыңыз унутулуп, кусаңыз бөксөрүп..
Кечээкиге кылчактабай, эртеңкини эңсеп жашап калгандырсыз)
Жүрөгүңүздө, көңүлүңүздө, үйүңүздө жаз эле болсо экен.....
Кечээкиге кылчактабай, эртеңкини эңсеп жашап калгандырсыз)
Жүрөгүңүздө, көңүлүңүздө, үйүңүздө жаз эле болсо экен.....
#6202 09 Декабрь 2024 - 20:14
Коштошуп “Бактылуу болушуңузду каалайм!” деген фразаны айтуу эң оор....
“Меники эмести” сезүү оор....“Дагы бир шанс берчини” угуу оор....Жакшы “бирок бул эмести” кайра кайра сезүү оор....
Баарынан эң эле оору жакшылардын жүрөгүндө “жара бойдон” калуу((
“Меники эмести” сезүү оор....“Дагы бир шанс берчини” угуу оор....Жакшы “бирок бул эмести” кайра кайра сезүү оор....
Баарынан эң эле оору жакшылардын жүрөгүндө “жара бойдон” калуу((
#6204 18 Декабрь 2024 - 23:24
Мени курчап, тороп турган тоскоолдуктардан чыгып кетким келип атат...бирок кантип?алсызмын((
Тирүүнүн өлүгү болуу эң оор экен...Сырты бүтүн ичи түтүнмүн.
Кыйналып атканыңды көрүп туруп ,калп сокур болгондун көзү качан ачылаар экен (((
Тирүүнүн өлүгү болуу эң оор экен...Сырты бүтүн ичи түтүнмүн.
Кыйналып атканыңды көрүп туруп ,калп сокур болгондун көзү качан ачылаар экен (((
#6205 09 Январь 2025 - 21:31
Форумду аябаай барактап, канчалык ою кыска, көк мээраак болгон экенмин жаш кезимде деген ой келди.
Эми мынтип Алыкулдун боз ат минген 30 жашында туруп көөп нерселерге башкача ой жүгүртүп калыптырмын.
Ужааааас 30 га чыгыпмын. МАМААА.
Эми мынтип Алыкулдун боз ат минген 30 жашында туруп көөп нерселерге башкача ой жүгүртүп калыптырмын.
Ужааааас 30 га чыгыпмын. МАМААА.
Внешность - это козырь , но не туз…
#6206 13 Январь 2025 - 00:52
Жадырашка сен жалгыз эмессиң. Биз сени мн.)))))
Ушунчалык жакшы адам бол,душманыңда душман болгонуна өкүнсүн!
#6208 03 Февраль 2025 - 15:03
Эч нерсе кылгысы жок коллегам. Жооштон жоон чыгат деген чын окшойт. Жарылып кетпесем болду. Эч ким жумшабаш керек аны. Мурунку жумушунан чалышса баарына убакыт табат. Биро бир нерсе айтса кубуронуп эле калат нервиме тийип.
Билдирүүнү түзөткөн: Aisuluu160790: 03 Февраль 2025 - 15:04
#6209 16 Февраль 2025 - 23:46
Өзүңүзчө болуп калышыңызга бир себеп барбы??Жазгыңыз келбесе такыр жазбаңыз!
Сизге жамандык деле кылбагандай элем…
Же бир сынагыңыз келип байланышып калган белеңиз??
Же бир сынагыңыз келип байланышып калган белеңиз??
#6210 18 Февраль 2025 - 20:31
Кээде кубанткан,кээде муңайткан бул өмүргө эч өкүнүч жок...
Эң негизгиси жакындарым жанымда, бактылуумун АльхамдулиЛлях ❤️
#кечкиБишкеккелдимсага
Эң негизгиси жакындарым жанымда, бактылуумун АльхамдулиЛлях ❤️
#кечкиБишкеккелдимсага
#6211 19 Февраль 2025 - 03:50
Малыш... Мени кечирчи... Мен мындай болушун каалаган эмесмин. Ортодо эмне деген убакыт отту,коп озгоруулор болду. Бирок бир озгорбогон нерсе- сен мага всё ещё кымбатсын!
Ооба айта алган жокмун. Балким качандыр бир кезде окуп калаарсын) Мага сонун коз ирмемдерди тартууладын.
Сага эркеледим,ачылдым,
баарын котордун. Дале эсимде сенин мага аяр кылган мамилен) Бирок азыр озгоруптурсун.
.. Билбейм же таарындынбы айтор мурдагы мен билгенден башкачасын.
Азыр мен жон гана реалдуулукту тандадым. Баягы амбициялар,
кыялдарым озгоргон. Жон гана-уй буломдо тынч жашоону туура кордум. Мен чыдайм,жаштыгым кетээр билем баарына макул болуп коном,себеби балдарымдын бактысы меникинен да кымбат. Кайда болбо аман жур! Ооруба,озунду этиятта! Мен сени ошондой эле кучтуу деп билем! Сенин колундан келет! Мындай болуп буткону да туура балким ким билет) Менин эсимде ошол баягы мен жакшы коргон,мыкты мырза бойдон эле калганын да туура болоор... Сени коё бердим,эсиме тушсон жылмайыып,жылуу сезим менен эстеп журоормун. Бактылуу бол!!!

Билдирүүнү түзөткөн: jai: 19 Февраль 2025 - 03:54
#6212 19 Февраль 2025 - 13:28
Жаман ойлоду койноктон кирди куугондой эле жоготуш керек экен Монолог.
Буюрса баары жакшы болот. Жакшы ойлор менин досум
Буюрса баары жакшы болот. Жакшы ойлор менин досум

#6214 05 Март 2025 - 15:14
Салам Монолог. Мындан кийин эч кимден капа да болбойм деп чечтим. Ар кимдин оз денгээли бар. Кылса озуно кылат. Келин болгондон кийин жашоо мага ушуларды уйроту. Эч кимден ыраазычылык рахмат деген созду да кутпош керек экен. Бир гана жараткан эгем билсе болду. Башка созум калбады. Канча аракет кылсак деле эч ким баалабайт экен. Бироого жагам деп да аракет кылбайм эми. Кандай ойлошсо оздоруно. Негизгиси жолдошум аман эсен жаркылдап кулуп жанымда болсун ар дайым.
Билдирүүнү түзөткөн: Aisuluu160790: 05 Март 2025 - 15:15
#6217 11 Март 2025 - 10:43
Макул жаным мындан кийин чоноем.Сен айткандай кичинекей кыз болбойм. Вроде баарына чыдап эле келе жатам бирок баарыбир мен коп даттанып эле отурат экенмин сенин оюнча. Билем сен да колун бутуна тийбей иштейсин кор тиричилик бутпойт экенда. Атам менен апам деле карап турбайт тапканын айылдан алып келишет. Баарыбыз жейм ичем деген кишилербиз аны да тушуном. Мен ар дайым жоготуп албайын деп корком а мени жоготуп алуудан ким коркот экен билбейм Монолог. Мен бир айыбым бала тууралуу кеп козгогонумбу.
Эми кантейин аял экенмин да. Мейли ага дагы кайыл болдум экинчи бул тууралуу кеп козгобойм. Эч ким мээнди жебей тынчтыкта жашай бер.
#6218 11 Март 2025 - 19:58
Баары эле биз ойлогондой боло берсе, кыялданууга эмне калсын...
#6219 11 Март 2025 - 22:41
Жалгыздыктын даамын таткандар - өтө мээримдүү болушат.Ичинде кайгысы барлар болсо - өтө жагымдуу күлүшөт .Кыйналган инсандар болсо - акылдуу болушат....деген жазууну окуп , кызык..мен кайсы бирине кирет болдум экен деген ой келди)Үчөө тең жакын сөздөр экен негизи.....