Жүрөктөн чыккaн ырлaр. Мага жаккан ыр саптары
#2261 02 Июль 2021 - 16:17
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#2262 02 Июль 2021 - 20:16
Элестетким келбейт сенсиз калганымды
Туболуко бир озундук болгум келет
Сагындым жаным а сен мени сагындынбы?
Билдирүүнү түзөткөн: kozunek.: 02 Июль 2021 - 20:17
#2263 13 Ноябрь 2021 - 22:00
Түшүмдө гүлдөр менен сага келем.
Кармадым назик назик колдоруңдан,
Ойгонсом аттиң ай, бул түш экен.
Жерге түшөт жалбырактар күздүн деми.
Сапсары айлана, жердин бети.
Сагынычка,кусага толду жүрөк,
Суранам кайрылып келчи бери.
Азгырылып махабаттын оюнуна,
Күтөмүн, издеп чыгам жол боюна
Кабар келди телефонго бир башкача,
Чакырыпсын келип кет деп сен тоюңа.
Араладым бактарды булбул сайрайт,
Буулугат көкүрөк кайнап, кайнап.
Сездиң бекен ал нерсени тоюң күнү,
Кете бердиң эч ойлонбой күлүп жайнап.
Мейли эми сүйүү каалайм, бактылуу бол,
Алдыда машакаттуу эң татаал жол.
Кайтпагын ошол жолдун ортосунан
Кааларым Бакыт, таалай жана ак жол.
Элдияр Абдилазизов.
#2264 14 Ноябрь 2021 - 11:37
Өткөрөлү бирге ушул түн ичин.
Лексус издеп өткөрбөгүн мүнөттү,
Матиз жака баралычы үшүдүм.
Кеттик, кеттик Матиз жака баралы,
Тараталы кайгы менен санааны.
Эч ойлонбой өткөрүп биз, күндөрдү,
Күлүп жайнап жолотпойлу капаны.
Акын кылдың, таланты жок жигитти,
Сенин сүйүүң ушчалык жибитти.
Ойлобопмун мындай ырлар жазам деп,
Эриттин сен муздап калган жүрөктү.
Э.Абдилазизов.
#2265 19 Январь 2022 - 12:36
Өзгөлөргө жакшы сөзүм арнасам?
Кабыл албайм,кете берчи десең сен
Жүрөгүңдөн чыгып кетем кааласаң....
#2266 19 Январь 2022 - 12:37
Качан калат айтчы мени алдаганың?
Башкалардай көрбө мени эгер билсең
Кетчү болсом кайра кайтпас бар адатым...
#2267 11 Февраль 2022 - 10:03
Сүйүүнүн азабынан жүдөдүм
Сезимди өрттөп салчу жан экенсиң
А бирок баары бир сени сүйөмүн...
#2268 16 Февраль 2022 - 23:14
Санаам тынбай сен жөнүндө ойлоп жатам
Жарк деп койчу...бүркөлгөн кабагыма
Таппай калдым,туш тараптан издеп атам.....
Билдирүүнү түзөткөн: kozunek.: 16 Февраль 2022 - 23:15
#2269 21 Февраль 2022 - 01:54
Күлүп чыксан күн уялып өзүңдөн,Сен сулуу дейт жандап учкан көгүчкөн.
Кино тартса сени даңктап,макташып,
Мен тажабайм көз ирмебей көрүштөн.
Көчө бойлоп басып келдиң эртелеп,
күздүн жылуу шамалына эркелеп.
Коомай басып,назик колундан алып,
Ошондо мен баскым келди жетелеп.
#2270 30 Октябрь 2023 - 02:40
Сезимдер жоопсуз калды кыйналгансып, Жүрөсүң сен бой көтөрүп кыйынсынып, Мен сынбайм.. мүдүрүлбөй басып кетем, Сен мага келгениңде колуң сунуп...
Дагы эле жүргөнсүйт жүрөк ооруп,Кусалык, сагыныч баары тооруп, Билээрсиң түшүнөөрсүң балким бир күн, Жүргөнүмдү сени менен гана ооруп...
@kozunek
#2271 10 Декабрь 2024 - 03:52
Жетпей турат жетүүгө күч, алым да.
Баягыдай жанымды төшөп алып,
Сырдашкым бар садагам, кучагыңда.
Эстейсиңби дедиң го, бүт жадымда!
Сүйлөгөнүң, кебимди укканың да.
Кайра сага эркелеп, эреркеп бир,
Ийиниңе баш коюп уктагым бар.
Сагындым мен дедиң го, билип турам!
Дилиңдемин ак жарык билик сымал.
Ошол күнкү таптаза элес менен,
Бүгүн да күт, түшүңө кирип чыгам...(
#2272 10 Декабрь 2024 - 03:59
Кайрадан сен тарапка алып учту.
Алыстап кеттим эле, унутууга,
Арттырып келдим кайра сагынычты...
Сезимден ыраак кылып кубанычты,
Себепсиз биз экөөбүз узадыкпы.
Унутуп сага болгон таарынычты,
Улантып келдим кайра сагынычты
Кечүүгө канчалаган муң азапты,
Кадамым кайсыл жерден жаза басты.
Көрсөм да мээрим төгүп турган жанды,
Кече албай койдум сендик махабатты...
#2273 10 Декабрь 2024 - 04:07
Жакшы жүрөсүзбү, жай гана?
Баягы сиз...баягы үй, жар, бала..?
Баягыдай турган чыгаар өзгөрбөй,
Сиз жашаган шаан шөкөттүү чоң калаа?
Сурап барын, козгоп эски жараны,
Кат жазыпсыз удургутуп санааны.
Ооба, жакшы дегим келди а бирок...
Дей албадым,баягы мен баягы...(
Ооба ошол , ошол бойдон көөдөнүм,
Токтой элек түстүү түштү көргөнүм.
Жанылбадым , жаңырбадым жаз болуп
Жаңырса да жашыл кызыл көйнөгүм...
Таарынычты унут кылбас шар эле,
Баягы мен,баягымын дагы эле...
Кайра баштан жүк артынды жүрөгүм,
Айыкканда жаратымдан жаңы эле...
#2274 10 Декабрь 2024 - 04:14
Соо адам кантип муну түшүнбөсүн?
Сени эстеп кучактадым телефонду
Себеби телефондун ичиндесиң.
Айтылбай жаткан менен сагынычтар
Арзууну кимдер гана түшүнбөсүн?
Алысты жакын кылган ушул саамда,
Ашыгым телефондун ичиндесиң.
Үңүлүп улам биздин маектерге,
Үшүдүм...Эрте келип жылытсаңчы!
Тиктетпей жансыз ушул телефонду,
Тилегим чын кылууга тырышсаңчы. ..!
Боорума бекем кыстым азыр дагы,
Бош болуп гүлдөр терең өспөйт экен.
Жыйынттык ушул болду жан шеригим,
Жылуулук телефондон өтпөйт экен.
Канча ирээт жазышсак да жазуу менен,
Каректеш болгонуңа жетпейт экен.
Кучактап жатсам дагы күндө кечте,
Кусалык телефондон кетпейт экен....)
#2275 22 Декабрь 2024 - 11:10
Арманымды төккүм келди сага барып
Ичимдеги бийик тоолор урагандай
Ички дүйнөм кулап жатат майдаланып
Ач бөрү, кең талааны жойлогондой
Айдарым жел көл жээгин бойлогондой
Сүйүү деген деңиз болсо суусу туздуу
Ал суудан ууртап жатам тойбогондой
#2276 24 Декабрь 2024 - 19:37
Сүйүнүчтөн дүйнөбүз кемип жүрөт.
Жамгырдай жаап.. туш туштан суук сөздөр,
Урмат-сыйды ушак,чыр жеңип жүрөт.
Көздүн жашы жутулуп карегиме,
Эмнегедир ыйлагым келип жүрөт..
#2277 24 Декабрь 2024 - 21:57
Айтайынбы сагыныч жүдөткөнүн.
Ойлорумду уйкумду керек болсо,
Ээлеп алдың эркимди, жүрөк төрүн.
Кол кармашып ошондо сени менен,
Дале жүрөт бир түшкөн сүрөттөрүм.
Сага арнадым махабат саптарымды,
Жүрөгүмдү, жалындуу жаш чагымды.
Өзүңө бүт багыштап койгом баарын,
Түн уйкумду, агарган ак таңымды.
Сагынганда кайрадан окуймун деп,
Сактап жүрөм өчүрбөй каттарыңды.
Махабаттын сазына батып деле,
Жашайбыз ээ уусунан татып кээде.
Көз тийеби билбедим көпчүлүктөн,
Сүйүүбүздү жүрөбүз катып неге.
Сүйүктүүм деп мактанып өзгөлөргө,
Жандап басуу өзүңдү бакыт эле.....(18:57__24. 12.2024)
#2278 28 Декабрь 2024 - 03:04
kozunek. (24 Декабрь 2024 - 21:57) жазган:
Айтайынбы сагыныч жүдөткөнүн.
Ойлорумду уйкумду керек болсо,
Ээлеп алдың эркимди, жүрөк төрүн.
Кол кармашып ошондо сени менен,
Дале жүрөт бир түшкөн сүрөттөрүм.
Сага арнадым махабат саптарымды,
Жүрөгүмдү, жалындуу жаш чагымды.
Өзүңө бүт багыштап койгом баарын,
Түн уйкумду, агарган ак таңымды.
Сагынганда кайрадан окуймун деп,
Сактап жүрөм өчүрбөй каттарыңды.
Махабаттын сазына батып деле,
Жашайбыз ээ уусунан татып кээде.
Көз тийеби билбедим көпчүлүктөн,
Сүйүүбүздү жүрөбүз катып неге.
Сүйүктүүм деп мактанып өзгөлөргө,
Жандап басуу өзүңдү бакыт эле.....(18:57__24. 12.2024)

#2279 14 Январь 2025 - 21:35
Жайначу элек сөз калтырбай сүйлөшүп,
Азыр болсо жөн таанышка айландык,
Анда санда ал сурашып үндөшүп.
Артык көрүп мени өзүңдүн жаныңдан,
Ардактаган сөз айтчу элең жалынган.
Ошол кезде күндө шайыр жүрчү элем,
Азыр болсо ошол күндү сагынам(
Билдирүүнү түзөткөн: kozunek.: 14 Январь 2025 - 21:36