Leylektik-77777 (11 Август 2017 - 20:32) жазган:
Текебаевди да камашат. Кийин чыгарып, акташат. Текебаев тоок уурдаган жок да! )))
Бугун камап, 2-3 жылдан сон актап, аны баатырларча тосуп алуунун кимге кереги бар?!!
Учурда Текебаевди саясий заказ менен камап жатышат. Эгер олко боюнча коррупционерлер камалып, Текебаев да ошолордун катарында куноосу далилденип камалса, анда башка болмок, 2-3 жылдан кийин саясий куроштун курмандыгы деп актоого да негиз калмак эмес...
Анан калса Мырзакматов, Жапаровдорго да соттун окуму чыгып отурат. Аларды камоого негиз бар беле?!! Эгер аларды камоого негиз болбогон болсо, алар саясий куроштун курмандыгы болсо, Текебаевдин тарапташтары да ошондой ойлойт. Анткени учурда сотторго ишеним дээрлик жок. Аны бугунку соттор оздору ырастап отурат. Мындай шартта Текебаевдин камалышы элде туура эмес пикир калтырат, Текебаев коррупционер болгону учун эмес, саясий куроштун курмандыгы болуп камалды деген... Бул ото маанилуу нерсе...