Барс агайдын өздүк чыгармалары Барстан бытыгый, жөнөкөй аңгемелер, новелла, монолог, тамсил...
#121 18 Январь 2016 - 20:48
#122 23 Январь 2016 - 08:06
![:)](http://www.super.kg/superstan/public/style_emoticons/default/smile.gif)
Билдирүүнү түзөткөн: Барс: 23 Январь 2016 - 08:07
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#123 23 Январь 2016 - 15:19
Барс (13 Сентябрь 2015 - 19:48) жазган:
![:)](http://www.super.kg/superstan/public/style_emoticons/default/smile.gif)
Во Агай соонун жооп берипсиз азаматсыз!
#124 23 Январь 2016 - 17:26
#125 15 Март 2016 - 20:12
(тамашалуу ыр)
Бардык ишти токтотуп кечээ кечке,
Бар күчүмдү чыгардым СМСке.
Демим барда токтотпой жаза берем,
Деше берсин башкалар эмне дешсе...
Кусалануу мойнума толук минди,
Кубат жетсе жазамын дагы миңди..
Алек болуп жатканым көрүшкөндөр
Атап мени алышты: «Тилпон жинди!»
Кейиши көп кыйноого кантип түтөм,
Ким мынчалык саргайып кимди күткөн?..
Айдай болуп жарк этип келип калчы,
Айыгайын «телефон жиндиликтен».
Билдирүүнү түзөткөн: Барс: 15 Март 2016 - 20:19
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#126 23 Март 2016 - 15:56
Пысы.Үчтүктөрүңүз өзүнчө сөз. Жека акем айтмакчы, кыргыз поэзиясында өзүнчө орун ээлейт го.
#127 16 Апрель 2016 - 10:03
USSR (23 Март 2016 - 15:56) жазган:
Пысы.Үчтүктөрүңүз өзүнчө сөз. Жека акем айтмакчы, кыргыз поэзиясында өзүнчө орун ээлейт го.
Жылуу сөздөрүң үчүн ырахмат, USSR! Өзүңө да ийгиликтер боло берсин!
Эми бир аңгеме анда...
![:)](http://www.super.kg/superstan/public/style_emoticons/default/smile.gif)
Жаңы келин
“Келин келди!” – деп тапырашып, урук-тууганды чогултуп той берип, ата-эненин кубанычы койнуна батпай, кайын эне: “эми колум узарып, тириликтен башым бошоп, мен да башка аялдардай кериле басып, келиндин ысык чайын ичет экенмин” деп, өзүнчө эле кудуңдап, кайын атасы: “эртең мененки дааратыма сууну байбичем тампаңдабай келиним даярдап берет эми”, – деп көңүлү ток, Кудайга шүгүрлүк келтирип, бейгам болушуп калышты. Бул тилектер келинин кулагына кирсин деп, бирөө жарым келип калса да, мактана айтып, бир дасторкондо отурганда да сөз арасына кыпчып, тамак жешип бүткөндөн соң, бата кылаарда да дубасына кошуп жатышты.
Бирок... натыйжа боло бербеди. Келин андай жумуштарга ык салбай, эрмеги телефондун адебин берип, кулагына сайып алып, музыка укмай, “одноклассникке” чыкмай, бир аз алаксыса, күзгүдөн бети-башын карамай... улана берди. Кайнене мурунку эле үй кызматындагы аялдын ролунан бошой элек. “Жаңы келди, жаңы үйгө үйүр алышса анан жаш неме үйрөнүп кетээр...” дешип үмүттөнүштү. Ошентип, арадан ай өттү. Бирок, өзгөрүү болгон жок. Же эр жаныбары, өзүнүн уулу, андай-мындай деп шартты айтып, козгоп койбоду.
Түштүктүн элин билесиңер да, таң эртең менен суу сээп, эшик шыпырмай адаттары бар. Бир күнү кайын ата менен кайын эне мастаат курушту:
- Байбиче, - деди абышка – бу дейм келиниңдин тиричиликке козголоюн деген ою жок окшойт го? Эмне кылабыз? Жылмалап айткан сөз акылына жетпей жатат өңдөнөт?..
- Э, жаш да, чал, бир күнү нысабына келээр, күтөлү.
- Келгенине бир ай ашып баратат, андай ниети билинбейт го?
- Анан эмне кыл дейсиз?
- Мындай кылалы, Эртең менен эрте турганда, намаздан кийин, эшикти мен шыпырып калайын, сен:” Коюңуз, уят!” – деп шыпыргыны менин колуман ал. Мына ушуну көрүп, уялаар да, ишти баштаса, ажеп эмес – деди кайын ата. Макулдашышты. Эртеси айтылгандай абышка эшикке суу сээп, шыпыра баштады.
Аны бир аздан соң байкап калган киши болуп, байбиче үнүн катуу чыгарып, чыр дей түштү:
- Ой, чал, мине кылып атасыз, кокуй!
- А эмне болду? Сага жардам берейин деп эшикти шыпырып атамын.
- Ой, өлдү-үм, көргөн эл эмне дейт? Аялы, жапжаш келини туруп ( “жапжаш келини” дегенди баса, катуу айтты) сакалын сүйрөп, өзү эшик шыпырып жүрөт деп, эл аягы менен күлбөйбү?!
-Анан күндө эле сен шыпырасың, кой, бүгүн мен эле шыпырайын... – деп ишин улантканы дагы баштады эле, аялы шыпыргыны талашып: “коюң эле, коюң” деп андан да бийик үн менен чуу көтөрүп калды. “Жоок, коё бер, шыпыра берем”, - деп кайын ата шыпыргыны бербейт.
Мына ушул убакта кызык болду.
Жаңы келин ич көйнөкчөн, чачтары апсайган бойдон айванга чыгып, байкап турган экен, бир аздан соң:
- Ой, эмне жаңжал? – деди жогорудан үн салып. Шыпыргы талашкан экөө шыпыргыны эки жагынан кармаган боюнча келин жакты карашты.
Бир жалт карап алып, кайын ата жер тиктеди, кайын эне:
- Атаң сакалы менен эшик алдын шыпырып жатыптыр, аял киши үйдө жок өңдөнүп... Ошону “коюң, уят” деп атканым.
- Эй ушуга да ушунча шум-гамбы?! Үйдө шыпыргы бирөө элеби, эмне балээ?
- Ооба, бирөө... – деди оозу ачылган кайын эне.
- Андай болсо, таң азандан кишинин уйкусун бузуп, тынчын албай, бир күн бириң, экинчи күнү кийинкиң шыпыра бербейсиңерби? Бош турганың чай коюп кой... Ушуга да чоң акыл керекпи, вот, деревенщина! .. – деди да, кайра ичкериге кирип кетти.
Шыпыргыны кармашкан бойдон кайын ата менен кайын эненин ылдыйкы ээктери жерге түшүп калды!
Сиздикичи, урматтуу окурман?!
16. 04. 2016-жыл.
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#129 28 Апрель 2016 - 17:00
#130 25 Май 2016 - 22:41
Билдирүүнү түзөткөн: Барс: 02 Июнь 2016 - 22:35
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#131 26 Май 2016 - 20:02
1) КТТС (1969, 625-б.): ТУУРАЛУ жанд. Жөнүндө. Иш тууралу сүйлөшүү. Мектептеги тартип тууралу;
2) тууралу, тууралуу о, об; в отношении, по поводу; бул тууралу (К.К.Юдахин. КРС, 274-б.);
3) "... кыргыз тилинде жандоочтор, негизинен, төмөнкүлөр экендигине токтолуу керек: карай, көздөй, сайын, тууралу, сыяктуу, жөнүндө,боюнча, ары ... Ал эми Ленин тууралу Дүйшөн өз көзү менен көрүп келгенди сүйлөр эле. (Ч.А.) " (С.Үсөналиев. Кыргыз тилин окутуунун методикасы. -Ф., 1975, 218-б.);
4) Атооч жөндөмөсү менен келүүчү жандоочтор: жөнүндө, тууралу, боюнча, сыяктуу, үчүн, менен... (С.Кудайбергенов, С.Давлетов. АКТ, 1980).
#132 02 Июнь 2016 - 22:34
Жогоруда жазганымды оңдоп койдум!
Билдирүүнү түзөткөн: Барс: 02 Июнь 2016 - 22:36
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#133 03 Июнь 2016 - 23:59
Барс (16 Апрель 2016 - 07:03) жазган:
Эми бир аңгеме анда...
![:)](http://www.super.kg/superstan/public/style_emoticons/default/smile.gif)
Жаңы келин
“Келин келди!” – деп тапырашып, урук-тууганды чогултуп той берип, ата-эненин кубанычы койнуна батпай, кайын эне: “эми колум узарып, тириликтен башым бошоп, мен да башка аялдардай кериле басып, келиндин ысык чайын ичет экенмин” деп, өзүнчө эле кудуңдап, кайын атасы: “эртең мененки дааратыма сууну байбичем тампаңдабай келиним даярдап берет эми”, – деп көңүлү ток, Кудайга шүгүрлүк келтирип, бейгам болушуп калышты. Бул тилектер келинин кулагына кирсин деп, бирөө жарым келип калса да, мактана айтып, бир дасторкондо отурганда да сөз арасына кыпчып, тамак жешип бүткөндөн соң, бата кылаарда да дубасына кошуп жатышты.
Бирок... натыйжа боло бербеди. Келин андай жумуштарга ык салбай, эрмеги телефондун адебин берип, кулагына сайып алып, музыка укмай, “одноклассникке” чыкмай, бир аз алаксыса, күзгүдөн бети-башын карамай... улана берди. Кайнене мурунку эле үй кызматындагы аялдын ролунан бошой элек. “Жаңы келди, жаңы үйгө үйүр алышса анан жаш неме үйрөнүп кетээр...” дешип үмүттөнүштү. Ошентип, арадан ай өттү. Бирок, өзгөрүү болгон жок. Же эр жаныбары, өзүнүн уулу, андай-мындай деп шартты айтып, козгоп койбоду.
Түштүктүн элин билесиңер да, таң эртең менен суу сээп, эшик шыпырмай адаттары бар. Бир күнү кайын ата менен кайын эне мастаат курушту:
- Байбиче, - деди абышка – бу дейм келиниңдин тиричиликке козголоюн деген ою жок окшойт го? Эмне кылабыз? Жылмалап айткан сөз акылына жетпей жатат өңдөнөт?..
- Э, жаш да, чал, бир күнү нысабына келээр, күтөлү.
- Келгенине бир ай ашып баратат, андай ниети билинбейт го?
- Анан эмне кыл дейсиз?
- Мындай кылалы, Эртең менен эрте турганда, намаздан кийин, эшикти мен шыпырып калайын, сен:” Коюңуз, уят!” – деп шыпыргыны менин колуман ал. Мына ушуну көрүп, уялаар да, ишти баштаса, ажеп эмес – деди кайын ата. Макулдашышты. Эртеси айтылгандай абышка эшикке суу сээп, шыпыра баштады.
Аны бир аздан соң байкап калган киши болуп, байбиче үнүн катуу чыгарып, чыр дей түштү:
- Ой, чал, мине кылып атасыз, кокуй!
- А эмне болду? Сага жардам берейин деп эшикти шыпырып атамын.
- Ой, өлдү-үм, көргөн эл эмне дейт? Аялы, жапжаш келини туруп ( “жапжаш келини” дегенди баса, катуу айтты) сакалын сүйрөп, өзү эшик шыпырып жүрөт деп, эл аягы менен күлбөйбү?!
-Анан күндө эле сен шыпырасың, кой, бүгүн мен эле шыпырайын... – деп ишин улантканы дагы баштады эле, аялы шыпыргыны талашып: “коюң эле, коюң” деп андан да бийик үн менен чуу көтөрүп калды. “Жоок, коё бер, шыпыра берем”, - деп кайын ата шыпыргыны бербейт.
Мына ушул убакта кызык болду.
Жаңы келин ич көйнөкчөн, чачтары апсайган бойдон айванга чыгып, байкап турган экен, бир аздан соң:
- Ой, эмне жаңжал? – деди жогорудан үн салып. Шыпыргы талашкан экөө шыпыргыны эки жагынан кармаган боюнча келин жакты карашты.
Бир жалт карап алып, кайын ата жер тиктеди, кайын эне:
- Атаң сакалы менен эшик алдын шыпырып жатыптыр, аял киши үйдө жок өңдөнүп... Ошону “коюң, уят” деп атканым.
- Эй ушуга да ушунча шум-гамбы?! Үйдө шыпыргы бирөө элеби, эмне балээ?
- Ооба, бирөө... – деди оозу ачылган кайын эне.
- Андай болсо, таң азандан кишинин уйкусун бузуп, тынчын албай, бир күн бириң, экинчи күнү кийинкиң шыпыра бербейсиңерби? Бош турганың чай коюп кой... Ушуга да чоң акыл керекпи, вот, деревенщина! .. – деди да, кайра ичкериге кирип кетти.
Шыпыргыны кармашкан бойдон кайын ата менен кайын эненин ылдыйкы ээктери жерге түшүп калды!
Сиздикичи, урматтуу окурман?!
16. 04. 2016-жыл.
Ит экен го.
#134 06 Июнь 2016 - 20:47
#135 17 Июль 2016 - 05:46
Биздин бир карис коңшубуз бар. Ал бизди “киргиз” дейт. ( “кыргыз” деп айтканды таптакыр үйрөтө албай койдум каапырга! ..) Мен: “Сен - кариссиң” – десем, “жоок, мен – кореецмин” – дейт. Ал деле кыргызчаны биздин бишкектик кээ бир “киргиздерден” артыкча билбейт дечи, анткен менен анын орусча айткандарын бул жерде мен кыргызчалатып жатам да. Дагы ойлоп жүрбөгүлө: “Өзүбүздүн шаардык кыргыздарыбыз кыргызча сүйлөшсө, сөздөрүнүн 60-70 пайызын орусча аралаштырып сүйлөшөт. Булардын карис коңшусу кантип эле так кыргызча сүйлөп калган?..” – деп. Мен деле ага кайрылганда орусча сүйлөйм. Бир гана кээ бир ал аңдоого тийиш эмес, кыргызча сөз айкаштарын кыргызча айтканым болбосо. Мисалы “Өз итиңди өзүң жеп калгыр, карис... “ ж.б.
Ошол тааныш, өз итиңди өзүң жеп калгыр карис коңшубуз бир күнү минтип жатпайбы, кыйраткансып:
- Силер, кыргыздар, тамшанып: “ ах, чучук, ох, чучук!” дей берсеңер ( “чучукту” да бир келиштирип айтат десең, өз итиңди өзүң жеп калгыр...), мен да бир укмуш экен деп, касаптан бир килейгенин, бир жарым килодоюн бир топ акчама сатып алып, үйгө алып келдим. Анан аялыма айтып (анын аялы да, өз итиңди өзүң жеп калгырдын, көздөрүн кыйгачтатып алып, ак жуумалынан келген жылдыздуу кариска...), бардык жол-жобосун сактап, мискейге сууну жарым куюп, тузун татытып, анан газ плитадагы суу жылыган соң, тиги чучукту салып (да деле “чучукту” уят сөздөй кылып айтат, каапыр...), анан эки саат кайнатып, бышты го деп, аны буусу менен табакка чыгарып, үй-бүлөм менен отуруп (анын деле кыйраткан деле үй-бүлөсү жок. Болгону аялы, жалгыз уулу, өзү – үч эле жан), Анан ысык бойдон колбасадай кылып үч кесим кесип, бирден оозго салып эле же чайнаарды, же түкүрүп таштаарды билбей үчөөбүз тең бири-бирибизди тиктешип туруп калдык. Ушунчалык начар, даамсыз тамакты өмүрүбүздө көрбөгөн экенбиз. Анан акчанын кеткенин эске алып, мен араң ошол ооздогуну чала чайнап жутуп жибердим. (Муну кыргыздар: “Пулу күйгөн кыргыз калемпир чайнаптыр... ” - деп койчу эле).
Тиги экөө кантти, аларга көңүл да бурбадым. Анан шак алып, эшиктеги Барбоско (итинин аты) таштап салайын деп баратып, анан силер оюма келип, кайра тарттым да, муздаткычка салып койдум. “Бул кудай урган тамагын кыргыздардын өздөрүнө, силерге берейин”, - деп... Кечки тамактан ушинтип куру калып, экиден жумуртка кууруп, ошону нан-чай менен өзөк жалгап жатып алдык.
Эртеси жумушка жөнөп жатып эртең мененки нанүштөдө, акчанын кеткенине аябай ичим ачышып, да бир карап көргөнү муздаткычтан аны алдым да, аялым менен балама көрсөтпөй бир кесимди кесип, нандын бетине коюп, ыргылжың болуп туруп, тобокелге салып, жей баштадым. Ой-бой, ой сонун го!.. Тим эле бир укмуш... Анан дагы бирди жоонураак кесип, нан менен кошо сугундум. Жөн эле тилиңди артка тартат эй! Ошол бойдон силерге берейин деген ойдон караманча айныдым.
- Ой кудай урган карис, анда кечинде эле чакырып койбойт белең бизди - деди, күйүп кеткен коңшубуз Кокон.
- Кайдан, кеч болуп калган эле да.
-Өз итиңди өзүң жеп калгыр карис, жакшы эмес иш кылыпсың, - дедим мен.
- А бул не “оз итин озун...?” – шексине сурап калды.
- А жөн эле “для связки слов”! – деп койдум мен да.
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#136 17 Июль 2016 - 05:50
Бекер отурганча бекер кеп дегендей ушунча болуп калды ошол коңшубуз туурасында дагы бир нерсе айта салайын:
Анын аты – Алексей, фамилиясы – Ким. (Шумдугуң кургур, деле каристериңдин баары эле бир атадан таркаганбы, кимисинен фамилиясын сурап: “Кимсиң?” – десең эле: “Киммин” – дейт. Ошол Ким Алексей көзүн жүлжүйтүп, анан тиги Кокон мурдун балжайтып, анан мен, ушул үчөөбүз ынакпыз. Кез-кез ылайыгы келе калганда (көбүнесе, ылайыгы келбесе деле...) бир бөтөштү бөлө тартып, ал аз келип калып, Алексейди жашсың деп экинчисине акча топтой коюп, камокко чуркатып, бир топко кажылдашып, кээде кыжылдаша түшүп, жарпыбызды жазмай адаттарыбыз бар. Ошондо үйдөн колубузга тийген тиштегенге бирдеме ала чыгабыз ар кимибиз. Кокон экөөбүздө эмне, бир сындырым нан, же бир баш аарчылбаган пияз болот да. А Алексей дайыма ачуу келген салатын бир чыныга толтура салып, көтөрө чыгат. Ошентип, маегибизди улантабыз. Кээде куурулган этинен да алып чыккан учуру болот. Мына ушул учурда Кокон экөөбүз бир аз кызык абалда болобуз. Экөөбүздүн деле ойлогонубуз бир: “Атаа, ушунусу иттики эмес бекен?” Бири-бирибизди карап туруп, анан тегиз Алексейге карайбыз. Ал түшүнөт да, жылмайган абалында: “Нет-нет, это - кой эт, баранина...” – деп актанып кирет. Анан гана көңүлүбүз тынчып, тигиден сугуна баштайбыз. Деле бөтөлкөсүнүн этикеткасына “халал” деген жазуусу бар арак ичип жаткансып, бизге тамактын адал-арамын сүрүштүрүштү ким койду десең?! Анан бирибизге бирибиз: “Ушу дейм иттин эти өпкө ооруга, суук тийгенге абдан даары имиш...” – деп коёбуз дагы Кокон экөөбүз өзүбүзчө отурганда. Билдирбестен, бизге айтпай дегеним да, анын этинен берсе, билмексен болуп жеп деле коёт өңдөнөбүз, баягы бир жылдагы Бишкектеги "Жаңыбайдын жаңы самсасына" окшотуп...
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#137 10 Август 2016 - 00:27
* * *
Ырахмат дейм, Жаратканым, аткан таңга!
Ырайым эт бир жутум суу ууртаганга,
Ыраазымын бир сындырым каткан нанга...
* * *
Кылуу керек аз болсо да канагат!
Каалоолоруң ашып кетсе артыкча,
Кадимкидей баш жарылат... кан агат...
* * *
Карыган атасын куушту үйүнөн!
Карс сынды турмуштун негизги өзөгү,
Кыйрады айнектей чачырап бул дүйнөң...
* * *
Аллах берет бак-дөөлөттү. ..чымын жанды!
Андан көрө абийириңден таза сакта,
Азырынча киериңе шымың барбы?
* * *
Канагат кыл,шүгүр де азга көптөй!
Канча жандар муң-зарда билесиңби,
Каалашса да сен жеткен азга жетпей...
* * *
Кемчилдик көп, балким, менде сезилбеген!
Кең пейилим эл-журтумда калып менин,
Кемим болсо кетсе экен дейм өзүм менен...
Билдирүүнү түзөткөн: Барс: 10 Август 2016 - 00:34
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#138 10 Август 2016 - 01:14
Барс (16 Апрель 2016 - 10:03) жазган:
Жылуу сөздөрүң үчүн ырахмат, USSR! Өзүңө да ийгиликтер боло берсин!
Эми бир аңгеме анда...
![:)](http://www.super.kg/superstan/public/style_emoticons/default/smile.gif)
Жаңы келин
“Келин келди!” – деп тапырашып, урук-тууганды чогултуп той берип, ата-эненин кубанычы койнуна батпай, кайын эне: “эми колум узарып, тириликтен башым бошоп, мен да башка аялдардай кериле басып, келиндин ысык чайын ичет экенмин” деп, өзүнчө эле кудуңдап, кайын атасы: “эртең мененки дааратыма сууну байбичем тампаңдабай келиним даярдап берет эми”, – деп көңүлү ток, Кудайга шүгүрлүк келтирип, бейгам болушуп калышты. Бул тилектер келинин кулагына кирсин деп, бирөө жарым келип калса да, мактана айтып, бир дасторкондо отурганда да сөз арасына кыпчып, тамак жешип бүткөндөн соң, бата кылаарда да дубасына кошуп жатышты.
Бирок... натыйжа боло бербеди. Келин андай жумуштарга ык салбай, эрмеги телефондун адебин берип, кулагына сайып алып, музыка укмай, “одноклассникке” чыкмай, бир аз алаксыса, күзгүдөн бети-башын карамай... улана берди. Кайнене мурунку эле үй кызматындагы аялдын ролунан бошой элек. “Жаңы келди, жаңы үйгө үйүр алышса анан жаш неме үйрөнүп кетээр...” дешип үмүттөнүштү. Ошентип, арадан ай өттү. Бирок, өзгөрүү болгон жок. Же эр жаныбары, өзүнүн уулу, андай-мындай деп шартты айтып, козгоп койбоду.
Түштүктүн элин билесиңер да, таң эртең менен суу сээп, эшик шыпырмай адаттары бар. Бир күнү кайын ата менен кайын эне мастаат курушту:
- Байбиче, - деди абышка – бу дейм келиниңдин тиричиликке козголоюн деген ою жок окшойт го? Эмне кылабыз? Жылмалап айткан сөз акылына жетпей жатат өңдөнөт?..
- Э, жаш да, чал, бир күнү нысабына келээр, күтөлү.
- Келгенине бир ай ашып баратат, андай ниети билинбейт го?
- Анан эмне кыл дейсиз?
- Мындай кылалы, Эртең менен эрте турганда, намаздан кийин, эшикти мен шыпырып калайын, сен:” Коюңуз, уят!” – деп шыпыргыны менин колуман ал. Мына ушуну көрүп, уялаар да, ишти баштаса, ажеп эмес – деди кайын ата. Макулдашышты. Эртеси айтылгандай абышка эшикке суу сээп, шыпыра баштады.
Аны бир аздан соң байкап калган киши болуп, байбиче үнүн катуу чыгарып, чыр дей түштү:
- Ой, чал, мине кылып атасыз, кокуй!
- А эмне болду? Сага жардам берейин деп эшикти шыпырып атамын.
- Ой, өлдү-үм, көргөн эл эмне дейт? Аялы, жапжаш келини туруп ( “жапжаш келини” дегенди баса, катуу айтты) сакалын сүйрөп, өзү эшик шыпырып жүрөт деп, эл аягы менен күлбөйбү?!
-Анан күндө эле сен шыпырасың, кой, бүгүн мен эле шыпырайын... – деп ишин улантканы дагы баштады эле, аялы шыпыргыны талашып: “коюң эле, коюң” деп андан да бийик үн менен чуу көтөрүп калды. “Жоок, коё бер, шыпыра берем”, - деп кайын ата шыпыргыны бербейт.
Мына ушул убакта кызык болду.
Жаңы келин ич көйнөкчөн, чачтары апсайган бойдон айванга чыгып, байкап турган экен, бир аздан соң:
- Ой, эмне жаңжал? – деди жогорудан үн салып. Шыпыргы талашкан экөө шыпыргыны эки жагынан кармаган боюнча келин жакты карашты.
Бир жалт карап алып, кайын ата жер тиктеди, кайын эне:
- Атаң сакалы менен эшик алдын шыпырып жатыптыр, аял киши үйдө жок өңдөнүп... Ошону “коюң, уят” деп атканым.
- Эй ушуга да ушунча шум-гамбы?! Үйдө шыпыргы бирөө элеби, эмне балээ?
- Ооба, бирөө... – деди оозу ачылган кайын эне.
- Андай болсо, таң азандан кишинин уйкусун бузуп, тынчын албай, бир күн бириң, экинчи күнү кийинкиң шыпыра бербейсиңерби? Бош турганың чай коюп кой... Ушуга да чоң акыл керекпи, вот, деревенщина! .. – деди да, кайра ичкериге кирип кетти.
Шыпыргыны кармашкан бойдон кайын ата менен кайын эненин ылдыйкы ээктери жерге түшүп калды!
Сиздикичи, урматтуу окурман?!
16. 04. 2016-жыл.
Ушундай анекдот бар белее же чыгармадан улам анекдот болуп калганбы...?
![Сүрөт](http://www.super.kg/superstan/public/style_emoticons/default/huh.gif)
#139 10 Август 2016 - 01:23
![:)](http://www.super.kg/superstan/public/style_emoticons/default/smile.gif)
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#140 20 Сентябрь 2016 - 19:02
Багбан саякатта жүрүп, кайсы бир материктин, кайсы бир өлкөсүндө өсүп мөмөлөп жаткан жемиш дарагын көрүп кызыгып калса, шартка жараша ошол дарактын уругунбу, көчөтүнбү өз жерине алып келип өстүргүсү келээри бышык. Анын сыңарындай мен да бир топ жыл мурун жапон поэзиясына жолугуп, андагы танка, хайку ( кээде “хокку” деп да которушат) ырларын көрүп, алгач анчейин кызыкчылык үчүн гана окуп, бара-бара алардын ички дүйнөсүнө алымдын, билимдин жетишинче сүңгүп, тамшанып, таң калып, түшүнүүгө аракет кылган жайым бар. Алибетте, биздин кыргыздын классик акындарынын, ошондой эле чыгыш ыр дүйнөсүндөгү башка улуу акындардын төрт саптан турган рубаилери, жуп саптан жазылган газелдери бар дечи. Бирок, жапондордун бул ыр түрмөктөрү адамдык сезимдин башка бир көрүнбөгөн кылдарын чертүүчү касиети менен мени өзүнө тартып туруп алды. Анан аларды алымдын жетишинче кыргызчалатканмын. Ал котормолорум оригиналдын деңгээлине жетеби, же андан паспы, окурман журту таразалап жаткандыр.
Анткен менен жогоруда сөз кылган багбандай менда ушул хайкулардын уругун кыргыз поэзиясынын кыртышына сээп, өстүрүп (мындай аракеттер мурда да болгон экен дечи...), түшүмүн кыргыз окурмандарына ооз тийгизейин деген ниетте аракет кылдым. Аныман кандай майнап чыкты, силердин талкууңуздарга тартуулап турган кезим. Алибетте, бөлөк жердин дарагынын мөмөсү башка жерде уругунан өсүп чыккан да, мурунку өз мекениндегидей формада, даамда болору күмөн. Анын үстүнө аты да кыргызча атала баштайт эмеспи. Ошол сыяктуу эле жапон хайкуларын кыргызча “кайкы” деп атайын десем, жакшы эмес угулуп, мааниси терс болуп кала тургандай.
![:)](http://www.super.kg/superstan/public/style_emoticons/default/smile.gif)
Сизди урматтап
Айтмырза Абылкасымов , акын,жазуучу.
* * *
Жайдын жаздан абасы да, бөлөк өңү!
Жазындагы күн чубактап жаткан жандар,
Жапырт баары издешүүдө көлөкөнү...
* * *
Толкундатпай калды мени жаз деле!
Толук бойдон өзүң жокто кыш өттү,
Тообо кылдым, ошол кыйнооң аз беле?..
* * *
Ал үлгүсүн, ишин көр да аарынын!
Ар бир адам барчылыкта жашамак,
Аткарганда ал эмгектин жарымын...
* * *
“Бөлүнгөндү бөрү жейт!..” – дейт көөнө кыргыз!
Элди бузар сөзүң болсо, ал –душмандык,
Эриниңди, тилиңди төөнө,Кыргыз. ..
* * *
Жайында жумшарат бейм сенек сезим!
Жамгырда ары-бери басып жүрүп,
Жаш кезди, анан... анан сени эстедим...
* * *
Канагат кыл, шүгүр де азга көптөй!
Канча жандар муң-зарда билесиңби,
Каалашса да сен жеткен азга жетпей...
Билдирүүнү түзөткөн: Барс: 20 Сентябрь 2016 - 19:11
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...