kushubakovaperi94 Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Кыймылы жок
- Билдирүүлөр:
- 18 (0,01 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Дин жана философия (18 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 30 Декабрь 14
- Кароолор:
- 9 229
- Соңку аракети
- 09 Июн 2015 01:22
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Момун
- Жашы:
- 30 жашта
- Туулган күнү:
- Январь 1, 1994
- Жынысы:
- Белгисиз
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- E-mail дарегине кат жазуу
Менин билдирүүлөрүм
-
Темасы: Аллахтын 99 кереметтуу ысым- сыпаттары.
Жазылган күн: 18 Мар 2015
Мына ушундай УЛУУ ЖАН ЭГЕ тууралуу соз кылуу оной эмес экен!
Улуулугу Ченемсиз,Кудуреттуулугу Чексиз Жан Эгем Аллах Тааланын касиеттулугу жана кереметтуу ысым-сыпаттары тууралуу ото азганакай гана маалымат.
Анын устуно,мендей "жок нерседен" жаратылган алсыз пенденин колунан келе койоор иш эмес ал. Бирок,ошентсе да,Аллах Талааны ал Озу татыктуу болгон даражада мактай албасак да,колдон келишинче ,чымыркана чыгынып,Аллахтын озуно гана тобокел кылып,Андан гана жардам сурап,Ага гана сыйынып,Кыямат куну чыныгы диндар аалымдардын жана такыба дааватчылардын катарында тирилууну кыялдана олтуруп баштадым.
Аалымдардан бизге башка тилдер аркылуу жеткен исламий илимдин бир болугун кыргызчалап жеткирген Мухаммад-Садык ажы Элибай уулу(Садык Гавай)га,Аллахым ыраазы болсун. Окуп,амал кылыныздар. -
Темасы: Аллахтын 99 кереметтуу ысым- сыпаттары.
Жазылган күн: 18 Мар 2015
Аллоху Акбар:
91. Йа-Даарру.
Ал сыноо жиберуучу Зат. Аллахтын бул кереметтуу ысымын жума кунуно откон туну 100 жолу кайталаган инсан физикалык ж.а руханий коркунучтан аман болот. Ошондой эле бул кайталоо руханий даражаны жогорулатат жана аны Аллахка жакындатат.
Аллоху Акбар:
92. Йа-Наафи'у
Жакшылык кылуучу,Пайда Беруучу.
Эгерде Аллахтын бул кереметтуу ысымын кандайдыр бир унаага же кемеге олтурган кезде окуса,ал бардык коркунучтардан аман болот,ин шаа Аллах. Ким бул кереметтуу ысымды кайсы - бир жумуштун башында 41 жолу окуса,анда ал иш женилдетилет. А эгерде бул ысымды аял менен эркек кошулаар алдында окуса,анда акылдуу жана такыба бала торолот,ин ша Аллах.
Аллоху Акбар:
93. Йа-Нуур
(Куран. 24:35)
Ыймандууларга нур Беруучу.
Ким Аллахтын бул кереметтуу ысымын "Нур" суроосун окугандан кийин 1001 жолу же ушул эле ысымды ото коп жолу окуса,анын журогу нурга толтурулат. Эгерде жалгыздыкта ,эч ким менен суйлошбостон 2 рекет напил намазын окуп,андан кийин бул ысымды 7 жолу окуса,анын жоголгон нерсеси табылат,ин шаа Аллах.
Аллоху Акбар:
94. Йа-Хадии.
(Куран. 25:31)
Туура Жолго Багыттоочу.
Ким колун дуа кылган сыяктуу ойдо которую,озу ойдону карап,Аллахтын бул кереметтуу ысымын бир канча жолу кайталаса,Аллах Таала анын такыбалыгын кучотот,ыйманын бекемдейт жана аны Туура Жолго салат. Ал эми бул ысымды коп жолу кайталоо руханий илимге алып келет.
Аллоху Акбар.
95. Йа-Бадии'у
(Куран.2:117,6:101)
Аллахка Анын Оз затында да,чечим чыгарууда да эч ким тен келе албайт.
Кимде ким 1000 жолу"Я Баади'ас самааваати вал ард" деп айтса, ал бардык кайгы-капалардан, азаптардан кутулат жана ал ыйманы менен бул дуйнодон кайтат,ин шаа Аллах. Муну копчулук учурда шам намазы менен куптан намазынын ортосунда аткарган жакшыраак. А ким коркунучтуу ишти жузого ашырууга аракет кылса же ошол иштин бутушуно козу жетпесе,анда ал Аллахтын бул кереметтуу ысымын уктаардын алдында ото коп жолу кайталасын. Ошондо эмне кылуу тууралуу аян же туш же фикр (пикир) аркылуу келет.
Аллоху Акбар:
96. Йа-Баакии
(Куран.6:101,55: 27)
Анын Заты Туболук. Ким Аллахтын бул кереметтуу ысымын бейшемби куну кечинде же жума кунуно откон туну 1000 жолу кайталаса,ал ачкачылыктан сакталат жана бардык жакшы иштерин Аллах Таала кабыл кылат.
Аллоху Акбар:
97.Йа-Ваарис
(Куран. 15:23)
Баардык макулуктардын Чыныгы Падышасы.
Ал Туболук Зат,бардык байлыктар жана башка бардык берилген нерселер Анын Озуно гана кайтарылат. Ким Аллахтын бул кереметтуу ысымын кун чыгып келе жатканда 100 жолу окуса,ал кайгы-капалардан, жакырчылыктан жана башка бардык ушул сыяктуу сар-санаалардан аман болот. Бул ысымды ото коп жолу кайталоо-муктаждыктан жана тынчсыздандуулардан сактанууга да алып келет.
Аллоху Акбар:
98. Йа- Рошиид
(Куран. 11:87)
Туура жолго Баштоочу. Ким чечилген ишти кантип аткарышын билбесе же кайсы бир туура ишти пландаштыра албаса,ал Аллахтын бул кереметтуу ысымын шам намазы менен куптан намазынын ортосунда 1000 жолу кайталасын. Ошондо ал план туш аркылуу же конулго жагымдуу нерсе аркылуу билдирилет, ин шаа Аллах.
Аллоху Акбар:
99. Йа-Собуур
(Куран.8:46)
Сабырдуу.
Анын сабыры ушунчалык Улуу!
Ким Аллахтын бул кереметтуу ысымын кун чыкканга чейин 100 жолу окуса,ал ошол кунку кыйынчылыктардан сакталат жана ага эч ким жаман соз айтып,акаарат кыла албай калат,ин шаа Аллах. Кандайдыр бир кыйынчылыкка учураганда, ал жагдайды женилдетуу учун бул кереметтуу ысымды 1020 жолу окуу зарыл. -
Темасы: Аллахтын 99 кереметтуу ысым- сыпаттары.
Жазылган күн: 18 Мар 2015
Аллоху Акбар:
81 Йа-Мунтакиму
(Куран. 32:22,43:41,44:16)
Ыймансыздарды эгер алар (Бейиш,Тозок туралуу) кабар жана эскертуу бергенден кийин да баш ийишпесе Азаптоочу.
Ким ошол зулумдуктарга каршы туралбаса,анда ал Аллахтын бул кереметтуу ысымын 3 жума куну катары менен кайталасын, ошондо адилеттулук женип чыгат,ин шаа Аллах.
Аллоху Акбар:
82.Йа-'Афувву
(Куран.4:99,4:149, 22:60)
Куноокорлорду Кечируучу.
Ким Аллахтын бул кереметтуу ысымын коп жолу кайталаса, Аллах Таала ошол адамдын куноолорун кечирет. Бул кереметтуу ысымды кайталагандан кийин:"Аллохумма иннака 'афувван тухиббул 'афва фа'фу 'аннии" (котормосу:" О,Аллах,Сен Кечиримдуусун, Сен кечиргенди жакшы коросун,ошондуктан мени кечир") деп айткан жакшы.
Аллоху Акбар:
83 Йа-Ро'ууфу.
(Куран. 2:143,2:207,3:30,9:117, 24:20,57:9,59:10)
Конулго Кароочу,куноолуулордун тообаларын Кабыл Кылуучу.
Ким озунун ачуусун басуу учун курошсо,анда ал салават-дурудду(б. а салатул-ибрахимия жана ташаххуддун акыркы болугун,б.а ар бир намаздын акыркы каадасына ташаххуддан кийин окулчу дуаны,озгочо): " Аллохумма солли 'алла Мухаммадив ва 'алла аали Мухаммад,камаа соллайта 'алаа Иброохиима ва 'алаа аали Иброохиима иннака Хамиидум Мажиид. Аллохумма баарик 'алаа Мухаммадив ва 'алаа аали Мухаммад,камаа баарокта 'алаа Иброохиима ва 'алаа аали Иброохиима иннака Хамиидум Мажиид" деп 10 жолу,андан кийин Аллахтын бул кереметтуу ысымын 10 жолу окусун, ин шаа Аллах,ушундан кийин дароо тынчтык жана бейкуттук келет. Ким Аллахтын бул кереметтуу ысымын коп жолу кайталап журсо,ага бардык макулуктар суйуу менен кызмат кылып калышат. Ошондой эле Аллах Таала коптогон жакшылыктарды берет,ин шаа Аллах,ж.а катаал башчы менен болгон мамилени женилдетет.
Аллоху Акбар:
84.Йа-Мааликул- Мулк
(Куран.3:26)
Ал баардык мулктордун Ээси.
Анын чечимине эч ким баш ийбей койо албайт. Аллахтын бул кереметтуу ысымын коп жолу кайталаган адамды Аллах Таала байлык жана коз карандысыздык менен сыйлайт.
Аллоху Акбар:
86. Йа-Муксит.
(Куран.3:18.)
Адилеттуу, кынтыксыз-кемел тартипти Орнотуучу. Ким Аллахтын бул кереметтуу ысымын коп жолу кайталаса,ал ширктин бардык турунон ж.а шайтандын кубур-шыбыр азгырыгынан сакталат. Ал эми кайсыл бир шар'ий мыйзамдуу иштин бутушу учун бул ысымды 700 жолу окуу абзел.
Аллоху Акбар:
85. Зул-Жалаали вал икроом.
(Куран. 55:27)
Озгочо Улуулуктун, Ардактын жана Кемелдиктин Ээси.
Ким Аллахтын бул кереметтуу ысымын коп жолу кайталаса,ага Аллах Таала абийир,урмат жана коз карандысыздык тартуулайт.
Аллоху Акбар:
87. Йа-Жаами'у жала жалалаху
(Куран. 3:9)
Чогултуучу. Ал Кыямат Куну Чогултуучу Зат.
Согуштун,жер титироонун, селдин ж.б.у. с себебинен ажыраган бир туугандарынын баарын чогултуу учун зухаа намазынын убактысында жакшылап гусул даарат алып,зухаа намазын окугандан кийин колун ойдо которуп, Аллахтын бул кереметтуу ысымын 10 жолу кайталоо керек. Муну ушундайча жол менен эсептоо зарыл:бул ысымды айтып жатканда,ар бир манжаны бугуп,натыйжада 10 манжанын тен бугулуусу кажет. Андан кийин,дуа кылганда колун бетине кандай суртсо,дал ошондой кылып колун бетине суртуу лазым. Ал эми жоголгон же коздон кайым болгон нерсени табуу учун,томонку дуаны чын ыкластан коп жолу кайталоосу кажет:" Аллохумма я Жамии'ан нааси ли явмил лаа ройба фиихи ижма' даллати".
Аллоху Акбар:
88. Йа-Гонийй
(Куран. 2:263,3:97,9:28,35:15, 39:7,47:38,57:24)
Байлыктын Чыныгы Ээси,эч нерсеге муктаж эмес зат.
Ага бардыгы муктаж. Аллахтын бул кереметтуу ысымын кун сайын 70 жолудан кайталаган адамга жакшылык берилет. Ал эми ар кандай оорудан шыпаа табуу учун Аллахтын бул кереметтуу ысымын коп жолу кайталап,денеге дем салуу керек.
Аллоху Акбар:
89 Йа-Мугнии
(Куран.9:28)
Бай кылуучу. Байытуучу. Ал кимди кааласа,ошону бай кылат. Аллахтын бул кереметтуу ысымын салават-дуруд окугандан кийин да,окуганга чейин да 111 жолудан окуган адамга материалдык жана руханий байлык берилет.
Аллоху Акбар:
90. Йа-Маани'у
Кармап калуучу. Ал кимге (бир нерсени бербоону кааласа,ошого бербей,кармап калат,себеби аны ошентип тарбиялайт же жаман нерселерден сактайт. Ким Аллахтын бул кереметтуу ысымын жаттап алып,20 жолу кайталаса, анда анын куйоосу(же аялы) менен болгон ырксыздык жоголуп,суйууго жана махабатка алмаштырылат. А ким бул ысымды коп жолу кайталаса,ал кайгы-капалардан оолак болот. Ошондой эле бул ысымды шар'ий мыйзамга дал келген дуалардын кабыл болушу учун да окуса болот. -
Темасы: Аллахтын 99 кереметтуу ысым- сыпаттары.
Жазылган күн: 18 Мар 2015
Аллоху Акбар:
71. Йа-Мукоддим
(Куран.50:28)
Алга жылдыруучу.
Ким Аллахтын бул кереметтуу ысымын ар дайым кайталап журсо, Аллах Таала ага куч кубат ж.а даанышмандан сак саламат болууну насип кылат.(унутбаныздар, адамдын озунун напсиси анын каардуу душманы) . А ким Аллахтын бул кереметтуу ысымын ар дайым окуп журсо, анын тилазар-тентектиги токтойт жана жоош болуп калат.
Аллоху Акбар:
72. Йа-Му'аххир.
(Куран. 11:8,71:4)
Эмне артта болушу керек болсо,ошону артка суруучу.
Ал Оз даанышмандыгы жана Оз эрки менен каапыр ыймансыздардын, бузуккулардын жана артка жылдырылышы керек болгон бардык кор пенделердин иштерин артка суруп салуучу. Такыбалыкты, руханий даражаны дагы бийиктетиш учун Аллахтын бул кереметтуу ысымын кун сайын 100 жолудан кайталоо кажет.
Аллоху Акбар:
73. Йа-Аввал
Ал жаратылган бардык макулуктардан мурун бар болгон,Ага чейин эч ким болгон да эмес.
Анын Затынын башталышы жок. Ким наристе кааласа,ал Аллахтын бул кереметтуу ысымын кун сайын 40 жолудан кайталасын. Эгерде бул ысымды (40)жуманын ичинде 1000 жолудан кайталаса,анда мындай болот:
➡Аллахтын бул кереметтуу ысымын сапардагы адам озу окуса,анда ал сапардан аман-эсен кайтып келет,ин шаа Аллах.
➡бул ысым сыпатты окуган адам жоготуулардан жана зыяндуу нерселерден сак саламат болот.
➡ал адамдын сураганын Аллах Таала созсуз берет.
Аллоху Акбар:
74. Йа-Аахиру
(Куран. 57:3)
Анын бутоор аяк чеги жок,Ал Туболук Зат.
Андан кийин эч нерсе болбойт. Ким Аллахтын бул кереметтуу ысымын кун сайын 1000 жолудан окуса,ин шаа Аллах,анда:
➡анын журогу Аллахга болгон суйууго толтурулат.
➡анын журогунон кимдир -бироого же эмнедир-бир нерсеге болгон суйуулор алынып салынат.
➡анын бардык куноолору кечирилет
➡ал ыйманы менен жан берет.
Аллахтын бул кереметтуу ысымын коп кайталаган адам бул дуйнодо гана бактылуу жашабастан, бул жашоо менен да бактылуулукта коштошот.
Аллоху Акбар:
75. Йа-Зоохиру
(Куран.57:3)
Коруноо,Ачык- Айкын,бардык макулуктардан Улуу Зат.
Бул ысымды кун сайын 500 жолудан (жакшысы- ишрак намазынан кийин) окуган адамдын журогу нурга толтурулат жана анын коруу жондому жакшырат, ин шаа Аллах.
Аллоху Акбар:
76.Йа-Баатину
(Куран. 57:3)
Жашыруун. Козго Корунбос.
Ал жашыруун нерселерди да,ачык нерселерди да билип турат. Анын аян- белгилери белгилуу,бирок ОЗУ бул дуйнодо Корунбос.Ким Аллахтын бул кереметтуу ысымын кун сайын 33 жолудан кайталаса,ага жашыруун нерселерди да тушунуу касиети берилет,жана анын журогу Аллахга болгон суйууго толтурулат, ин шаа Аллах. "Хува Аввалу вал Аахиру ваз Зоохиру вал Баатину ва хува 'Алаа кулли шайин Кодиир" дегенди чын журоктон окуган адамдын бардык каалоо- тилектери аткарылат.
Аллоху Акбар:
77. Йа-Ваалии
(Куран.13:11,42: 9)
Башкаруучу. Бардык макулуктардын устунон Падышачылык кылуучу.
Ким Аллахтын бул кереметтуу ысымын 99 жолу окуса,ал кутуусуз келуучу апааттардан саламатта болот. Ал эми ким бул ысымды окуп,уйго дем салса,ошол уй бардык зыяндардан сакталат,ин шаа Аллах. Душманды женип алуу учун (озундун напсин эн чон душманын экенин унутбоо зарыл) бул ысымды ар кайсы убакытта же душман менен жолугушуунун дал алдында 11 жолу окуу керек.
Аллоху Акбар:
78.Йа-Мута' аали.
(Куран. 13:9)
Улуулуктун Чыныгы Ээси.
Аллахтын бул кереметтуу ысымын коп жолу кайталоонун натыйжасында, адам баласынын бардык проблемалары чечилет,ин шаа Аллах. Мындан сырткары,анын жоготуп алган кучу жана кадыр -баркы калыбына келтирилет.
Аллоху Акбар:
79. Йа-Барру
(Куран.52:28)
Жакшылык кылуучу.
Кимдин мамилеси Аны менен жакшы болсо,Ал ага ырайымдуулук кылат. Ким Аллахтын бул кереметтуу ысымын кун сайын 7 жолудан кайталаса,ал, ин ша Аллах, эн чон куноолордон, мисалы, араккорлук жана шайкелен мамилелерден сактайт. Бул ысымды коп жолу кайталоонун натыйжаасында опосуз Жердеги бардык нерселерге болгон суйуу журоктон алынып салынат. Эгерде 7 жолу окуп жаны торолгон балага дем салса, анда ал бала бардык зыяндардан сырт болот,ин ша Аллах.
Аллоху Акбар:
80. Йа- Тавваабу
(Куран. 2:37, 2:128,4:64,40:3,49:12, 110:3)
Тообаларды кабыл кылуучу,тооба кылганга Жардам Беруучу,тообага Алып Келуучу. Эгер Аллахтын бул кереметтуу ысымын коп жолу кайталаса, пландар эч кандай кыйынчылыксыз аткарылат. Ким бул кереметтуу ысымды зулумдук кылуучулардын арасында( ун чыгарбай,ичинен) 10 жолу окуса,ал ошол заалымдардын ар кандай жамандыктарынан сакталат. Ал эми ким бул ысымды зухаа намазынан кийин 360 жолудан кун сайын кайталаса,Аллах Таала аны тооба кылуучулардын катарына кошот. -
Темасы: Аллахтын 99 кереметтуу ысым- сыпаттары.
Жазылган күн: 18 Мар 2015
Аллоху Акбар:
61. Йа-Мухйии
(Куран. 2:28,3:156,7:158,15:23, 30:50,30:59,57:2)
Тирилтуучу.
Ал кайсы нерсеге жашоо( жан) бергиси келсе,ошого берет. Ал бардык нерсени жоктон бар кылган. Ал олумдон кийин кайра тирилтет. Кимде ким Аллахтын бул кереметтуу ысымын чын ыклас менен окуп,ооруган адамга ( озуно озу да) дем салса,анда Аллах анын оорусуна шыпаа берет. Ал эми озунун адеп- ахлагы жакшырыш учун бул ысымды колуна окуп ,колу менен буткул денесине суртуу керек.
Аллоху Акбар:
62. Йа-Мумиит
(Куран.3:156,7:158, 15:23,57:2)
Олтуруучу.
Ал бардык олуучу жандарга олум убактысын жазып койгон. Ким озун- озу башкара албаса,озунун колун кокурогуно коюп Аллахтын бул кереметтуу ысымын уктап калгыча кайталасын. Ошондо ага озун озу башкаруу оной болот. Ал эми акыреттин кайгыларынан кутулуу учун бул ысымды коп жолу окуу талап кылынат.
Аллоху Акбар:
63. Йа-Хайю
(Куран.2:255,3:2, 20:111,25:28,40:65)
Туболук Тируу.
Анын омур жашоосунун башы да,аягы да жок. Ким ден соолугунун жакшы болушун кааласа,анда ал Аллахтын бул кереметтуу ысымын кун сайын 3000 жолудан окусун. Ал эми кандайдыр бир оорудан айыгуу учун бул ысымды миск менен, (шафрандын) кызгылтым суусуна малып,кийин ал сууну оорукчан адамга ичирсин.
Аллоху Акбар:
64. Йа-Койюм
(Куран.2-255,3:2, 20:111)
Ар дайым Бар Болуучу жана туболуктуу Чындык.
Эч кимге жана эч нерсеге коз каранды эмес. Эч нерсеге жана эч кимге муктаж эмес. Ким Аллахтын бул кереметтуу ысымын чын дилден коп жолу кайталаса,аны Аллах Таала ардак,урмат жана байлык менен сыйлайт да аны кайгы капаалардан сактайт. Ал эми кун сайын багымдат намазынан кийин кун чыкканга чейин "йа,Хайю,йа, Койюму" деп узакка кайталоо жалкоолукту, алсыроону жана конулдун чогунку болушун жоготот.
Аллоху Акбар:
66. Йа-Маажид
(Куран. 85:15)
Кереметтуу Улуулук Ага гана таандык.
Ким Аллахтын бул кереметтуу ысымын жалгыздыкта олтуруп алып озгочо руханий жогорку абалды сезгенге чейин окуй берсе,ыймандын нуру ага корунот, ин шаа Аллах.
Аллоху Акбар:
65. Йа-Ваажид.
(Куран. 38:44)
Бай.Бардык макулуктар Ага гана таандык.
"жетишсиз" деген тушунук Ал учун жок. Ким Аллахтын бул кереметтуу ысымын тамакка олтурган учурда окуса,анын тамагы ал учун кучтун жана нурдун булагы болот. Ал эми журоктун тынчтыкка келиши учун,мандайдын жакшырышы учун бул ысымды коп жолу кайталоо зарыл.
Аллоху Акбар:
67.Йа-Ваахидул- Ахад.
(Куран. 2:163,5:73,9:31,18:110, 37:4,13:16,112:1)
Жалгыз. Анын эч кандай тендеши жок.
Ким Аллахтын бул кереметтуу ысымын кун сайын 1000 жолудан кайталаса,ал адамдын Жердеги жашоодон коркуусу жана аны суйуусу жоголот, ин шаа Аллах. Эгерде "Йа Ахаду" ысымынын озун гана кун сайын 1000 жолудан коп окуп журсо,периштелер анын сураганын Аллахга жеткирип турат. Аллахтын бул кереметтуу ысымын 1000 жолудан окуп жургон адамга кайып нерселердин эшиктери ачылат. Ошондой эле,бул ысым ал адамга Аллахтын куттуулук,бейпилдик жана тынчтыктын беришине себепчи болот.
Аллоху Акбар:
68. Йа-Сомад.
(Куран.112:1)
Туболук.
Анын окумусуз эч нерсе болбойт. Ага бардыгы муктаж,ал эми Ал Озу эч кимге жана эч нерсеге муктаж эмес. Ким багымдат намазынын алдында сажда позициясында Аллахтын бул кереметтуу ысымын 115 жолу кайталаса,ага чынчылдык жана ишенимдуулук берилет. А эгерде дараттуу абалда Аллахтын бул ысымын ото коп жолу кайталаса,ал жер устундо бардык нерселерге коз каранды болбой калат.
Аллоху Акбар:
69. Йа-Коодир.
(Куран. 6:65,36:81,46:33,75:40, 86:8,17:99)
Кудуреттуу.
Ал жоктон бар кылууга жана бардан жок кылууга да Кудуреттуу.
Баарын даанышмандык менен ишке Ашыруучу.
Кимде ким Аллахтын бул кереметтуу ысымын 2 рекет напил намаз окугандан кийин 100 жолу окуса,ал душмандардын устунон женишке жетет. Эгерде бул ысымды татаал жумуштун башында 41 жолу окуса,анын жумушу женил болот. А чын дилден ар дайым бул ысымды окуп журуу ар кандай каалоолордун ишке ашышына жардам берет.
Аллоху Акбар:
70. Йа-Муктадир
(Куран 18:45,54:42,54:55)
Кудуреттуу.
Ал бардык иштерди макулуктар учун эн мыкты улгудо жайгарат. Эгер сиз Аллахтын бул кереметтуу ысымын уктап турганда 20 жолу же андан да кобуроок кайталасаныз, сиздин бардык оор жумуштарын эч кандай кыйынчылыксыз бутот,ин шаа Аллах. Ал эми Аллахтын бул кереметтуу ысымын ар качан кайталаап журуу чындыкты андап билууго жардам берет.
Комментарийлер
kushubakovaperi94 ге комментарий жазыла элек. "Кандайсың" деп жазып койбойлубу?