General.kg Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Тартип бузгандар
- Билдирүүлөр:
- 1 502 (0,57 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Жүрөк сыры (368 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 16 Июль 17
- Кароолор:
- 30 909
- Соңку аракети
- 13 Дек 2019 12:06
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Активист
- Жашы:
- 25 жашта
- Туулган күнү:
- Декабрь 31, 1998
- Жынысы:
- Эркек
- Калаасы:
- Клаасы Ош жүрөгү бош!
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- Жашыруун
Мен ачкан темалар
-
" Каргыш тийген кара түн! "
Жазылган күн: 16 Янв 2018
-Эмне!?
-Эмнени уксаң ошо! жогол көзүмө көрүнбөй.
-Сен кимсиң мени кетиргидей ушундайыңан эр албай сандалып жүрөсүң да.
-Жап жаагыңды деп Феруза жеңесин жаактан нары бир салды.
-Кетем бирок кызымды алып анан кетем.
-Эмне?! Түшүңө да кирбесин. Чык нары деп көчөгө Махабатты сүдүрөп чыгарып салды.
-Ошол кыз сенин түбүңө жетсин Ферузааа!
Махабат үчүн дүйнө астын-үстүн болуп чоң коргондун алдында ыйлап ыйлап кала берди.
-Ага ушул сенин бошоңдугуңан аялың апамды минип алмай болду.
-Феруза менин жашоомо аралашпачы. Махабатты мен кайра алып келем ачуусу таркаса.
-Эсиңизде болсун эгер ал келсе мендей карындашыңыз жок. Деп Феруза эшикти катуу жаап кирип кетти.
тамекисин түтөтүп Байзак бир топко чейин олтурдү. Аялын же карындашын тандай албай башы маң. Бир гана ойлогону кызы Айбийкенин тагдыры. Ал болгону 8 айга араң толду. Эми эмне кылат Махабат экөө алты жыл бала жытына зар болуп барбаган табып сыйынбаган мазар калган эмес. Акыркы жылдары карындашы Феруза менен жубайы Махабаттын ортосунда кыл чайнашкан кармаш жүрдү. Көрүнөсүн көрүнө көмүскөсүн көмүзкө экөө бири бирине бут тоскону бут тоскон. Бул жаңжалды бир Алиевдердин үй-бүлөсү бир караңгы түн билет деген менен дагы бир жан билип. Бул сып далай жылдардан соң ачыкка чыгаарын эчким ойлогон эмес! -
Активисттер же Бакиевге "посылка"
Жазылган күн: 1 Дек 2017
Салам достор,
Мен айтпасам да активистердин кылган иш аракеттин көрдүңүздөр коңшу мамлекеттер укса уяткоо мурдагы ажоосуна ич кийим жиберет деген эмне деген келжиректик! Активист десе эле элдин атынан сүйлөп бийликтин куралы болгондор көбөйдү. Келип көрсүн биз кандай өнүктүк десе ушунчалык уялып кеттим. Туура элдин сациалдык абалы жакшырды бирок жеке менин оюм бооюнча бул нерсеге мамлекеттин тиешеси жок мигранттар өз үй-бүлөлөрүн бутуна тургузуп жатат.
Караап туруп активистердин мындан башка көтөрүп чыга турган көйгөйү жок бекен деп аябай жиним келди маселен
1) Дача-суу
2)Кум-Төр
3)Педофилдердин көбөйүшү
4)корупция ж.б
Ушуга окшогон маселелерге келгенде азыркы активистер башын кумга тыгып алышат.
Силер дээгеле учурдагы активистерге кандай карайсыңар? -
Саясий кландар!
Жазылган күн: 30 Окт 2017
Салам достор! Биздин өлкөдө кландык башкаруу жакшы эле өнүккөн өңдүү.
1)Жээнбековдар
2)Матраимовдар
3)Карашевдар
4)Акаевдер
5)Бакивдер
Кыргызстанда эң белгилүү кландар. Булардын ар бирине токтоло кетели! -
"Тагдырды талкалаган бүркүт"
Жазылган күн: 30 Окт 2017
Салам достор!
Мунусунда өткөнкү сындарды кабыл алуу менен бирге көркөм жазууга аракет кылам. Качан жазып бүтөөрүм белгисиз. Бирок силердин негатив коментарийиңер "Арык аттап суу кечпейт"
Алдын ала мени колдогондорго ырахмат! -
"Тирешкен эже сиңди"
Жазылган күн: 2 Сен 2017
-Ало Ырыскелди аяштар менен бүгүн шеринебиз бар эсиңдеби?
-Аа ооба эсимде, бирок жаным сен бара берчи, менин ишим көп болуп жатат. Билесиң жакында мнистирликтен текшерүү келет.
-Ыргал менен Жылдызды кимге таштайм?
-Кыздарымды карындашымдыкына таштай тур,карап турса иштен чыгып үйгө ала кетем.
-Макул анда.
-Айтканча Гүлбара эртерээк кел.
-Макул.
Ырыскелди менен Гүлбаранын турмуш курганына сегиз жылдын жүзү болду. Ал арада мотурайган эки кыздуу болушту улуусу Ыргал төрт жашта, кичүүсү Жылдыз бир жарым жашта.
Экөө сүйлөшүп жүрүп баш кошушкан. Бул түгөйлөрдө кызганыч жат көрүнүш, себеби экөө бири-бирине абдан ишенишет. Эркек башкарат деген принцип буларда байкалбайт, экөөнүн тең пикири баалуу. Ырыскелди областык билим берүү бөлүмүндө эсепчи, ал эми Гүлбара китепканачы.
Ырыскелди көп учурда жумушта болгондуктан мындай той-топурга Гүлбара барат достордун катарынан чыкпайлы деп.
-Ой эмне кечигип, Ырыскелди кана? Деп бир ооздон чурулдаган аяштарынын алдына кирип барган Гүлбара
-Досуңар иштен колу бошобой, келе албай калды.
-Дайым эле ушундай, Ырыскелдини көптөн бери ырдатпай калдык.
-Ооба десең деп бирин бири коштой кетишти.
Булардын шеринеси тим эле укмуш болот, бири бирине сөз ыргытышып шыңкылдап күлгөн келиндер, мындайда эркектерге кудай берип салбаспы алардан өтүп тамашалашат.
Отуруш дагы аяктап уктап калган эрлерин келинчектери ойгото албай убара. Мындайда Гүлбара тыкылдап эшике чыгып үйүнө кетүүгө машине караштырып баштайт. Эки көчө өйдө жашаган аяшы Сыймыкка түшүп аяштар менен жылуу коштошуп үйүнө жөнөйт.
Комментарийлер
Aisle
13 Авг 2017 - 21:18