aipo89 Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Кыймылы жок
- Билдирүүлөр:
- 35 (0,01 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Чет өлкөдөн салам! (6 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 20 Июнь 13
- Кароолор:
- 19 843
- Соңку аракети
- 28 Мар 2021 09:58
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Момун
- Жашы:
- 31 жашта
- Туулган күнү:
- Апрель 5, 1993
- Жынысы:
- Аялзаты
- Калаасы:
- Алай
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- E-mail дарегине кат жазуу
Менин билдирүүлөрүм
-
Темасы: Жыландын сүйүүсү
Жазылган күн: 26 Июл 2018
9-10
(туура варианты)
Жыландын сүйүүсү
- Зумура-ат! – Дүрайымдын энтигүү арасындагы ачуу чаңырыгы эси ооп калган эмедей бир чекитти тиктеп, дендароо болуп калган жигитти башка чапкандай селт эттирди.
- Ыя?! – катуу чочуп, башын бир силкип алды эле, чекесинен чыпылдап аккан тер майда тамчыларга айланып, туш-тушка чачырай берди.
- Аа-аа-аа! - Дүрайымдын чаңырыгы эми узакка созулган ыйынууга айланып, бети-башы кара көк тартып, чыңалып чыкты.
Зумурат адатынча ага дем берип: “Дагы бир аз, кана, кана, келатат!” – деп күч бере албай, баланын чыгып келе жаткан башын карап, алда неден сестенгендей тиктеп тура берди.
Аңгыча кызыл эт ымыркай “култ” этип Зумураттын алаканында жайылган күрмөгө кулап түшөрү менен, Дүрайым жаны жай алгандай сулап жатып калды.
Саамга дел болуп, баланы тиктеп калды Зумурат.
Жаңы эле жарык дүйнөгө келип, тарбалаңдаган баланын колдорун карады.
Ушул тапта:
- Ыңаа-аа, ыңаа-аа!! ! Ыңаа-аа, ыңаа-аа!! ! – деп баркырап жиберди бала.
Бул үн, бул добуш жараңканын ичине жан киргизип, жарык чачып, жашоого кандайдыр үмүт жаратып, Жер-Куйдун ичин эле эмес, бул экөөнүн жандүйнөсүн дагы аруулап жиберген сыяктанды.
- Бала... балам... - Зумурат балага кошулуп ыйлап, баркыраган эркек баланы өзүнө жакын тартты. –Уулум...
Чарчоодон көкүрөгү солкулдап, жаны жай ала түшкөн Дүрайым башын көтөрүп, ата-баланы карады.
Баягы жеңеси төрөгөндо чон эненин шашпай отуруп алып, баланын киндигин кескенин эстеди.
- Баланын туулганынан да, тондун түшкөнү өтө маанилүү, - деген ошондо эне кобруранып. – Тон ичте калып калса жакшы болбой калат.
Мунун баарын эне барган жеринде, бала төрөткөн сайын кыз-келиндердин кулагына “күмүш сырга” кылып айта берер эле.
- Биле жүргөнүңөр жакшы, айланынайындар, биз дайыма эле жаныңарда жүрө бербейбиз. “Болжолу келсе бок турбайт” дейт, толгоо деген талаа-тузбү, күнбү-түнбү, ынгай-шартты тандабайт, маалы келген кезде келе берет, - деп ошондо да кобуранып отурду эле кайран эне.
- Зумурат, - деди эми да Асыл эне так маңдайына келип айтып жаткандай элестеткен келин. – Баланын киндигин кесиш керек.
- Кантип?!
- Коркпо...
Зумурат баланы жаткыра коюп, Дүрайым айткандай кылып, киндигин кести.
- Туура, - деди көзү мына-мына илинип кетчүдөй араң жаткан келин. – Сен жакшы атасың.
Бул анын күйөөсүнө бир чети чын дилинен ыраазычылыгы болсо, бир чети ага дем берейин деген аракети болчу.
- Уктаба, - деди Зумурат аны түтткүлөп.
Муну да ал энесинен уккан. Козу-улагын тууп алып, башын көтөрүүгө алы келбей жатып калган кой-улагын жөлөп-таяп тургузуп: “Тур, тура гой. Анан жатасың. Аялдын бир ажалы – төрөт дейт, адам менен мал окшош эле... Тону түшпөй уктап кетсе, кара басып кетет...” – деп кобурап калчу. Ушу эсине түшкөн жигит келинди алаксатыш үчүн кобурап, сүйлөнүп жатты:
- Сен азаматсың, жаным. Сен үйрөттүң го, мага. Анын үстүнө мен мал менен өскөм да. Бала кезимде апам мени күн болсо да, түн болсо да жанына эрчитип алчу. Күндүзү ойноп жүрсөм кыйкырып чакырчу. Мен жанына жетип келмейинче кол булгалап тура берчү байкушум. Оюнга алаксып, унутуп калбасын дечү го. Түнкүсүн да жанына эш кылып: “Тур, балам, баягы какылдаган кара кой тууганы калыптыр”, - деп ойготчу. Кээде: “Менсиз эле бара бербейби”, - деп нааразы болчумун. Бирок бара-бара апама шерик болуп, караан болуп, анын ишеничине кирип калганыма кубанчумун. “Апам менсиз коркот”, - деп өзүмдү эр сезип калар элем. Көрсө, апам малга жакын өссүн, үйрөнсүн, билсин дечү тура.
Дүрайым жылмайды.
- Ичимде бирдеме калып калгансып жатат дале, акырын ушалачы. Тону түшө элекпи? - деген Дүрайым кайра да толгоо келе жаткандай эки кочушу менен жер чапчып, көздөрүн бекем жумуп, бакырып жиберди:
- Аа-ай!
- Эмне?! Эмне болду?! –жигит алдастап кетти. – Эмне болду?!
- Ичим! Аа-аа!
Жигит баланы жанына жаткыра коюп, ичин ушалады:
- Коркпо, баланын тону келетат го, коркпо, - деди жигит.
Дурайымдын ичикудум багя кош бойлуу кездегидей түйүлүп, эми эле жай ала түшкөн жаны кайрадан жаналакетке түшүп кетти. Ордунан бүргөдөй ыргып тура калып, кайра оонап жата калып, Жер-Куйдун ичин ачуу чаңырыкка толтуруп жиберди.
Бир маалда тура калып, сокудай болгон кара чаар ташты таянып, терең-терең дем алып:
- Уф-уф-уф! – деп жатып, белин баса кайкалай түшүп ыйынып-ыкчынып алды эле, жерге “топ-топ” этип баланын киндигине окшогон беш-алты чубалган неме кулап түшүп, ары-бери кайсактап, соймолондой башташты.
- Бир-экөө келиндин балтырына оролуп, денеси өйдө чыгып кетти.
Жаны ачып, эти ооруксунган келин анны сезген да жок. Тек гана, жаны жай алып, ошо турган калыбында дагы бир ыйынып алганда баланын тону “балп” этип түшүп калды.
Аскалардын арасы кулак-мурун кескендей дымырай түштү.
Айрыкча Зумурат тил-ооздон калган немеге окшоп, көргөн көзүнө ишенип-ишене албай жалдырап тура берди.
Ушул убакта бала ыңаалап ыйлап жиберди.
Ташты кучактап, боортоктоп турган боюнча көзу илинип бараткан Дүрайым “селт” этип, уулун карады. Көздөрү чакчайып, денесин кара тер басып кетти.
Күрмөнүн үстүндө жаткан баланын колу-бутуна, мойну-башына майда жыландар оролуп, бирөөсү башын баланын жүрөгүнө туштап, курсагында жатыптыр.
Ошол убакта өзүнүн койнунда жүргөн бала жыландарды да сезди.
Эмне болуп жатканын түшүнбөй жаткандай ар кай жерин чапчыгылап жатып, бир убакта көкүрөк тушунан “серең” этип чыга калган бала жыландын башын көрө коюп, бакырып жиберди.
темененин козүндөй болуп жылтыраган бейкүнөө коздөр менен тиктеше калды. Ошол коздөрдөн келин кандайдыр жылуулук сезгенсип кетти. Денесинин жылан турган жери ысып, каны-жанына жагымдуулук таралып, баладай балбырап мээрим издеген бала жыланга ичи имериле бою балкып, атүгүл сүтү ийип кеткен окшоду. Бул – энелик мээрим болчу. Бирок келин эмне болуп жатканын аңдап түшүнө албай жатты.
Зумуратты карады.
Зумурат анын суроосун түшүнгөндөй, баш ийкеген болду.
Бирок бул келинге жакпай кетти.
Ичи аңтар-теңтер болуп, көзү карангылай түштү.
Баласы жакты карады.
Койнундагы жыландарды силкип, жерге түшүргөнгө аракет кыла баштады.
- Жок, жок, жо-ок! Кет де, өлтүр! – деди келин далбастап, өз дене боюн чапкылап. - Зумура-ат?! Аа-аа!!!
Зумурат башын чайкады:
Мына-мына кулап калчудай теңселип, көзү караңгылап келаткан Дүрайымды кармай калды.
Эси ооп жыгылган келинди көтөрүп келип, баланын жанына жаткырды жигит.
Көздөрүн жумуп, эс-учун билбей шалкылдагн келиндин көкүрөк-көөдөнүнө айланып, өзөгүн өрттөп бир өксүк келди... Жумулган коздөрүнүн ары жагында ал каргашалуу баягы күндү көрүп, кулагы ошол үндөрдү угуп, туюп жаткан болчу...
Мына, ошондогу күндүн күркүрөгү... Чагылгандын чартылдагы. .. Асканын боорунан күрүлдөп түшкөн көчкү... Зумурат жасап, жаткырыпк еткен так текчеде Күнайым жатат...
Аңгыча, жакын эле жерден күрүлдөп көчкөн көчкүнүн үнү, таштардын тарсылдагы угулат. Кулагын басып, отура калат бул...
Онтоп, кыңкыстаган курбусуна карайт.
“Жада калса, жаны кыйналып жатып да сулуу! – өзүн жалдырап тиктеген Күнайымды карап отуруп ушуну ойлойт ал. – Ушунда да көздөрү башкача!”
Күнайымдын жайнаган кош каректеринен сызылып чыккан жашка күн желесиндей болгон узун кирпиктери жуулуп, ого бетер ажарланып кеткенсийт. “Кокус Зумурат келип, ушул сулуулукту көрүп калсачы?” – Дүрайымдын оюна ушул “тык” этет.
Күнайымдын жайнаган каректерин дит багып карай албай, кайпактап кетет.
Ушул көздөргө ал бала күндөн суктанар эле. Кээде ыйлап, кээде кыялданып, кээде Жаратканга, кээде апасына нааразы болуп кете турган. Айылдагы “мен кыйын” деп көзгө көрүнгөн уландардын баарын ушул көздөр арбап, арзытып жаткандай, жандүйнөсүн кызганыч бийлечү. Анткени, билчү, ким болбосун баарынанм урда Күнайымга назар төшөп, ким болбосун анын көзүнө көрүнүп, көңүлүнө илинип калууну самачу. Жада калса, эми да бул Зумуратты канчалык итерип, жек корүп жатса да, имерилип туруп албадыбы тиги!
Ушуну ойлогон кыздын оюна баягы укмуштуу ой кайра да келе калат!
Канчалык ошол азгырыктан алыстап кетүүгө аракет кылганы менен, айланып келип эле экинчи бир туюму: “Жок! – деп шыкактап туруп алат. – Мунун жанында сен дайыма экинчисиң! Азбы, көппү, канча жашасаң да анын көлөкөсү болуп жүрүп өтөсүң! Ошондуктан, Зумурат келгиче муну жогот! Анын үстүнө, бул мамилең үчүн сени ал эми эч качан кечирбейт! Зумурат да жек көрүп калат!”
Кум аралаш көбүк аккан ууртун арчыгысы келгендей, манжаларын кыбыратып, колун көтөрүүгө аракет кылып, бирок ошого да алы келбей көгөрүп-татарып жатат Күнайым. Болгону гана эриндерин кыбыратып, түшүнүксүз кыңкыстаган болот. Дүрайымдын оюн окугандай, ага бир нерсе айткысы келгенсийт.
Дүрайым тескери бурулуп кетет.
Айныгыс чечимге келгендей, башын бийик көтөрөт.
Отура калып, эки уучуна кум толтуруп келет да, өзүн карап жайнаган кош карекке куюп жиберет!
Демейде, карап эле койгону эле адамдын жандүйнөсүн жылытып, күнгө окшоп балбылдап турчу кош карек үстөккө-босток топурак-кумга көмүлүп, башын ары-бери ал качкан сайын кулак-мурдуна кошо кум толуп, үнү чыкпай, дем жетпей тумчугуп, бирок жандүйнөсүндө, жандилинде жандай көргөн курбусуна таарынып да, нааразы болуп, ара чолодо: “Ичиңден ийри жылан чыксын! Ичиңден ийри жылан чыксын! Ичиңден ийри жылан чыксын!” – деп үстөккө-босток каргыш айтып, жандалбастайт кыз...
- Жо-ок! – кудум ошондогу Күнайым кейиптүү башын онго-солго чулгуп, жандалбастайт Дүрайым. -
Темасы: Жыландын сүйүүсү
Жазылган күн: 26 Июл 2018
Жыландын сүйүүсү
(жомок-повесть)
8-серия
- Аа-аа-аа! – Дурайымдын ачуу чаңырыгы бүт асканын арасын жаңырыкка бөлөп, демин ичине каткан Жер-Куйдун түбү бир катуу силкинип алгандай, ар кай жерден шыгырап кум куюлуп кетти.
- Аа-аа-аа!! !
- Келатат окшойт! – деген жигит кубангандан карбаластап, чекесинен тыпылдап тамган кара терди арчууга да дарманы жетпей, кемселдин астындагы эки колу калчылдап, баланы күтүп жатты.
Дагы жакшы, бала кезден мал менен өсүп, короосундагы беш-алты кой менен жети-сегиз эчкини айдап, төл маалында апасы менен кошо чуркап жүрүп бул боюнча анча-мынча кабары бар. Толгоосу кармаган кезде мал да болсо көзү чакчаңдап, башын жерге койгулап, бакырып –өкүрүп жатып, бир убакта козунун тумшугу көрүнүп, андан кийин калган денеси “булак” этип шыпырылып түшчү. Апасы экөө адегенде эле козунун тумшугун тазалап жиберишчү.
- Антпесең, тумчугуп өлүп калат, балам, - дечу эне шымаланып алып, козунун оозу-мурдун, денесин каптаган челди шыпырып алып ыргытып жатып. Баарынан кызыгы, эми эле кыйналып жаткан койбу, эчкиби, тура калып эле баласын издеп, колдон талашып ######-жуктап, мекиренип, айланып-тегеренип калчу. Андайда Зумурат менен апасы козуну оозандырганга өтүшчү.
Мына ошонун пайдасы тийип, баланын башы улам көрүнүп, кайра “култ” этип кирип кетип жаткан сайын:
- Ыйын, ыйын, аз калды. Мына, башы көрүнүп жатат, - деп жатты жигит. Баланын ата-энесин да, өзүн да кыйнабай, бат эле жарыкка чыгышын Кудайдан сурай берди.
Жада калса күрмөнү кармаганга да алы азайып, шайы ооп бараткан жигит өзүнө-өзү күч-кубат жыйнап, улам чыбырчыктап, караңгылай түшүп жаткан көзүн бекем-бекем ачып-жумуп, анткенм енен аталык сезим аны чыйралтып жатты.
Бир убакта карарып баланын башы көрүнүп, бирок Дүрайымдын алы кетип, ыйынууга дарманы жетпей жатып калганда, кайра ары кирип кетти.
- Жаным, бир аз күчүңдү жыйчы! Мына чыгыпк елатканда кое берип жиберип жатасың, - деди Зумурат аялына дем берип.
- Макул, - деди алка-шалка терк еткен келин.
Ошого удаа эле баланын түйүлгөн муштуму көрүндү.
Малдын туягы биринчи чыгып калган учурду чанда билчү.
Андай кезде:
- Ий, каран күн, козу туура эмес келатат, - деп энеси чебеленип кетчү да, колу менен ондоп-түздөгөн болуп алышып жатып, араң тартып алчу. Андайда бечара кой кыйлага кыйналып, кээде ошол бойдон турбай да калчу.
Бу жолу да Зумураттын оюна ушул келип кетти.
Антсе да баланын улам кичинеден бери салаңдап, чыгып келаткан кичинекей муштумун кармагысы, тартып алгысы келди. Бирок бат эле кайра денеси “дирт” эте түшүп, колун тартып алды. Көздөрү умачтай ачыла түштү.
Анткени баланын муштуму Зумуратты колго чаап жибергендей серпиле түшкөн болчу. Зумурат чел кабыктын ары жагындагы баланын муштуму арасынан кудум жыландын тилиндей чыбырчыктаган кызыл сызыктарды байкады. Ошондон кийин баланын колу кайрадан ары сорулуп кирип кетти.
Зумурат көздөрүн бекем жумуп жиберип, кайра ачты.
- Жаным, качан бүтөт бул азап? Бүтпөйт го. Бул качан чыгат? Эч качан чыкпайт го?!. Өлүп калам го?! – деди аңгыча Дурайым. – Кыйналып кеттим. Батыраак эле өлүп калсам кана?! -
Темасы: Катылган таттуу махабат.
Жазылган күн: 21 Сен 2017
Кыздарга сабак болчу тагдыр экен.Кыйын кундорду коп коруптур,мындан аркы жашоосунда бактылуу болсун!Балдарынын жакшы кундорун коп корсун!Коми, сен да бактылуу бол!Таалыкпай жазган колдорун дарт корбосун! !! -
Темасы: Катылган таттуу махабат.
Жазылган күн: 30 Авг 2017
Достор кобуроок жазганга аракет кылам, убакытты туура болуштурбой бул жакка жетишпей жатам, бирок уланат кап этпениздер бул жагы "келиндик кызмат". Ийилип кечирим сурайм...
Турмушка чыкансызбы? -
Темасы: Жыландын сүйүүсү
Жазылган күн: 25 Авг 2017
Бул чыгарманы Жыпар Исабаева жазып жатат,китеби чыга элек болсо к.к.Билишимче улам жазганын чыгарып жатат.
Комментарийлер
aipo89 ге комментарий жазыла элек. "Кандайсың" деп жазып койбойлубу?