SaliXa (23 Январь 2014 - 13:22) жазган:
"Шабдоолу печенье"
Курамы: 500 г сметана, 1,5 кг ун, 200 г маргарин, жумуртка 5 даана, 1 кг шекер, 200 г грек жангагы, 1 порц заваной крем, амоний жарым чай кашык, сода 1 чай кашык.
Даярдоо жолу: 5 жумуртканын агыны избивалка менен уруп (чайбай, аралаштырбай) кобуртулот, 200 г шекер аз-аздан салынып дагы урулуп бизе даярдалат. Башка бир идиште маргарие, 5 даана жумуртканын сарысы, 200 г шекер салынып кол менен жакшылап аралаштырылган масса даярдалат, сметанага сода, амоний салып аралаштырып массанын устуно куюп даярлалган бизени устуно куюп жумшак камыр болгончо ун салып камыр жасалат, камы 1 саат муздаткычта тындырылат, тынган камырды жумурткадай зувала кылып, шабдоолунун жарым формасына окшоштуруп жасап духовканын листине тизип, 180 градуста 30-35 минут бышырылат. Бышкандан кийин ичин чункурча кылып оюп, ичине жангак салып, крем суртуп окшош формалары бири-бирине жабыштырлат, бир жак тарабын кызыл, бир жак тарабын сары тустогу краска боеп, шекерге булап, кооздук учун бир учуна ызгырдын сабагы сайып коебуз.
Краска даярдоо: 1 аш кашык кондитер краскасына 4 аш кашык кошуп аралаштырылат.
Заварной крем: 400 г шекерге 4 аш кашык ун кошуп аралаштырып, 250 г сут куюп, болтокчолор кеткенче аралаштырып, 3 даана жумуртканы салып жакшылап аралыштырып дагы 250 г сут куюп, орто отто каша корунушко келгенче тынымсыз аралаштырып даярдалат, муздагандан кийин 200 г маргарин салып миксер менен аралаштырылат.