“Кадр” сүрөсүнүн 3-аятында “Кадыр түнү миң айдан артык” делинет. Бул деген эмне сөз? Куран, Аллахтын сөзү – кыска, бирок нуска жашоо көрсөтмөсү. Бир аяттан бир канча маани чыгат. Жана аны Ибн Касир, Ибн аль-Коййим, Куртуби, Табари, Табарани, АбдуРахман Саади деген сыяктуу ислам аалымдары куранты чечмелешин (тафсирлешип) ар бир аятка түшүндүрмө жазышкан. Албетте, алар өз ойлорунан жазышкан эмес. Пайгамбарыбыздын хадистери менен, тарых менен чечмелешкен. Мына ушул 3-аяттын чечмелениши төмөндөгүчө экен.
Адамзат жаратылганда биздей болуп аз жашачу эмес экен. Алар миң-миң жылдап өмүр сүрүшчү экен. Мисалы, Адам алейхи салам 960 жыл жашаса, Нух алейхи салам 950 жыл элди ыйманга чакырган (канча жашаганы белгисиз), ал эми Ибрахим алейхи саламдын атасы 360 жыл жашаган. Мына ушинтип доор алмашып, заман өткөн сайын адам баласынын жаш курагы кыскарып кете берген. Албетте, мунун баары Аллахтын эрки жана каалоосу менен. Биздин пайгамбар Мухаммад саллаллаху алейхи уа салламдын коому орто эсеп менен 63 жаш жашайт. Дал ушул курагында пайгамбар Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллам каза болгон. Орто эсеп менен. Мындан аз болушу мүмкүн, көп болушу мүмкүн, бирок 200 жыл эч ким жашай албайт. Анткени, бул Аллах Тааланын мыйзамченеми.
Пайгамбар Мухаммад саллаллаху алейхи уа салламдын доорунда адамдар ага келишип: “Эй, Аллахтын элчиси, мурунку доорлордо адамдар узак жашашчу экен. Биз аз жашайбыз. Жана жакшы иштерди, ибадаттарды аз кылып калабыз. Аларга караганда биздин сообубуз ал болуп калат. Аллахтан сурагының, биздин жашыбызды узартсын”, - дешкенде, пайгамбар Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллам дуа кылган экен. Ошондо дал ушул аят түшкөн. 1000 ай жылга айлантканда болжол менен 83 жыл 4 ай болот. Демек, Кадыр түнү кылган ибадатыбыздын, жакшы ишибиздин акыбети 83 жыл кылгандай болт. Аллахка мактоолор болсун, бизге ушундай неаматты берип койгону үчүн. Айталы, бир адам Кадыр түнү Аллахка дуа кылып жалбарып ибадат кылып, намаз окуп өткөздү. Ушул адам бир түн эмес 83 жыл 4 ай дуа кылып, намаз окугандай сооп алат!
Кадыр Түн деген сөз арабдардын “Qadar” “Taqdir” деген сөздөрүнөн алынган. “Qadar” деген сөздөн “сыйлуу”, “урматтуу” деген маани чыкса, “Taqdir” деген сөздөн бул түнү инсандын тагдыры жазылат деген маани чыгат. Бул жерде тагдыр бир жылдык тагдырды түшүндүрүрөт, башкача айтканда, ушул түнү адамдын бир жылдык тагдыры жазылат. Пайгамбарыбыз саллаллаху алейхи уа саллам мындай деген: “Тагдырды дуа гана өзгөртө алат”. Аалымдар бул задисти чечмелешкенде “ушул түнү, Кадыр түнү кылынган дуа ошол дуа кылган адамдын тагдырып кылган дуасына карата ошол жылы өзгөрүлөт” дешкен.
Билдирүүнү түзөткөн: Таллас: 01 Сентябрь 2010 - 16:34