Сөөл кандай учурда жугушу мүмкүн жана кимдерге чыгат?
- Сөөлү бар адам менен жакын мамиледе болгон учурда;
- Мындай адам менен сүлгү, идиш-аяк сыяктуу буюмдарды чогуу колдонгондо;
- Мончодо, бассейнде, саунада жылаңайлак жүргөн учурда.
- Баканы кармаганда колго сөөл чыгат деген элдик ишеним бар, бирок, бул туура эмес. Айрым учурда адам төрөлгөндө деле сөөлү менен төрөлүшү мүмкүн.
- Көмүр, чайыр, нефть, нурланууга байланыштуу жумуштарда иштегендерге сөөл көп чыгат. Булардын сөөлү башкалардан айырмаланып зыяндуу сөөлдөр болушу мүмкүн.
Сөөл. Кантип жоготсо болот?
#61 13 Февраль 2014 - 23:54
Эгер жашоону түшүнгүң келсе - айтылып жана
жазылып жаткандардын баарына ишене берүүңдү
токтот. Андан көрө, көңүл төшөп көзөмөлдө жана
сезимиң менен ирге.
жазылып жаткандардын баарына ишене берүүңдү
токтот. Андан көрө, көңүл төшөп көзөмөлдө жана
сезимиң менен ирге.
#62 13 Февраль 2014 - 23:56
Cөөлдү дарылоонун кажети барбы?
Көпчүлүк учурда дарылоонун зарылчылыгы жок болот. Адатта ал иммундук система калыбына келгенде өзү жок болуп кетет. Бирок айрым учурда дерматологго кайрылууга туура келет.
Качан? Эгерде...
- сөөл өзүнүн формасы менен түсүн тез-тез алмаштыра берсе;
- өзгөчө бир түскө ээ болсо;
- ооруса же тез-тез канай берсе;
- сөөлдөр көбөйгөндөн көбөйө берсе;
- кычышса.

#63 06 Ноябрь 2014 - 14:06
Пияздын өзөгүн вино уксусуна кеминде эки жума чылап коюу керек. Даяр дарыны сөөл чыккан жерге сыйпап, түнү бою таңып коёт. Дарылоону бир нече ирет кайталоо зарыл. Натыйжада сөөл өзүнөн өзү жок болот
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........
#64 11 Ноябрь 2014 - 23:44
Мага да соол чыккан эле, 6- классымда, кийин аябай кобойуп кеткен. Бутумда коп эле, бут кийим кийсем кысып оорутат болчу, баса албай кыйналчумун.
.. Кийин 2- курсумда карайып озунон озу эле жоголуп кеткен. Эч нерсе кылган деле эмесмин...
#65 11 Ноябрь 2014 - 23:49
Магада мектепте окуп жургон кезде колдорумда коп еле озунон озу кеткен эч нерсе деле кылган емесмин
#66 12 Ноябрь 2014 - 02:05
Элдик медицинаны колдонбойм дегендерге азыр жаны дары турлору бар ,буларга КРИОФАРМА,ВАРТНЕР крио,ВАРТНЕР деген преппараттар ото жакшы жардам берет.Бул дарынын ичинде суюктук жана аппликциядан турат ,эч кандай зыяны жок бир колдонушта эле таасирин берет.
#67 14 Ноябрь 2014 - 20:34
Аптекада 20 сомдон "Чистотело"
деген щелочтуу дары бар ошону 4-5 кун сыйпаса жоголот.
#68 15 Январь 2015 - 15:41
Сөөлдү кетирүү
1.Сарымсактын (чеснок) жаңы маңызы же сарымсактын маңызынан жасалган майы жана чочко майы (1:1) менен сөөлдү сүртөт.
2. Капустанын жаңы маңызы менен сүртсө болот.
3. Каланхоэнин жанчылган жаңы жалбырагын тартыш керек.
4. Чалкандын жаңы жалбырагын тартат.
5. Эрмендин кайсы түрү болбосун күчтүү маңызын жана ширеси менен күн сайын бир нече жолу сөөлдү суулаш керек.
6. Уксус кислотасы. Күн сайын кечинде уктаардын алдында көзгө тамчылаткычтын жардамы менен этияттык менен ар бир сөөлгө тамчылатыш керек. Бир тамчыдан ашык уксус кислотасын тамызганга болбойт, анткени ал күйгүзүп жиберет.
Пияздын жардамы менен да сөөлдөн кутулса болот
Бир баш пиязды алып, жарымын кесип, сөөлдүн үстүнө таңып коёт. Кийинки күнү кечинде пияз менен чистотелдин маңызын аралаштырып, сөөлгө тамчылатыш керек. Муну сөөл жок болмоюнча тамызат. Ушундай эле натыйжага төмөндөгүдөй жол менен жетсе да болот: ага бир пияздын төрттөн бири, сарымсактын (чеснок) 1 тишчеси керектелет.
Сарымсак менен пияздын маңызын аралаштырат. Бул маңызды сөөлгө тамызат. Бул дарылоону күн сайын кечинде сөөл такыр жок болгуча жасаш зарыл.
Эскертүү: Териге чыккан сөөлдү алгач врачка көрсөтүп, ал сөөл экенин тактагандан кийин гана жогорудагыдай дарыгерчиликти колдонсо болот.

#69 23 Январь 2015 - 07:41
Соолду кадимки эле мумия м.н сыйпаса абдан бат жоголуп,жогорку натыйжасын берет экен. Бул менин практикамдан отту.
#70 14 Апрель 2015 - 23:10
vaselisa (17 Июль 2008 - 19:45) жазган:
Salam dostor! Kolumda kichinekey soldor bar. Ulamdan ulam ele kovoyup baratat , birok tompoyup chykpayt, emne kylyp jogotom ? Eldik medicinadan ukkan bilgeniner bar bolso jazyp koygulachy suranych...
элдик ыкма боюнча, ай жанырганда уй шыпыргысы менен айга каратып шыпырып койсон жоголуп кетет
#71 15 Апрель 2015 - 14:38
окуучу кезимде бар эле, анжир дарагы эми жалбырак байлаганда узуп сутун тамызчу элем анан да кичинекей соолдуу ашкабак бар болчу ошону суйкогом кийин жок болгон
#72 15 Апрель 2015 - 14:44
Менде да бар бир жолу клиникага барып лазер мн күйдүртүп салайын десем жасабай койушту бетинде шрам калат деп, менин жузумдө жайгашкан анан элдер көруп неге ыйлап жатасын дей беришет, көз жаштын тамчысына окшош, көзүмдүн ылдыйына чыккан. Бирок кантип болбосун жоготом
I'm not PERFECT at least I'm not - FAKE
#73 18 Апрель 2015 - 16:02
Итке суу чачсан соол чыгат деп койот эле Чон энем.
Максат менен соккон журок,
Бакыт менен омур сурот.
Бакыт менен омур сурот.
#74 18 Апрель 2015 - 16:58
Анда кичинекей болчум кир жерлерде ойноп,колдорума сөөл жайнап кеткен. Ай жаңырганда апам үйдөн алыс жетелеп барып,жерден чөп же болбосо жогорудагы форумчу айткандай шыпыргы менен айга каратып туруп(сөздөрү да болсо керек эле),шыпырып койду да артыңды карабай кет дечү. Ошо ошентип үч күн кайталады сөөлдөр түп тамыры менен жок өзүм да таң калгам. Кийин да чоң болуп калганда апамдын сиңдисинин ээгине сөөл чыгып алган экен. Аны көрүп өлө шылдыңдагам сакалың барбы деп. 2 күн өтпөй мага чыгып,аныкы жоголуп калган. Ийне менен сайып канатат элем кетирем деген ойдо. Айланып айланып кайра келип эле апамдын методу кетирген.
#75 26 Август 2015 - 08:13
Менде да, бар колдорго чыгып алыптыр,, Аптекадан даары алып койсом, куйгузуп ийди"бирок жок болбой койду мунун устудогу форумчулар айткандай дубасы бар илгери,, Чон-энем"
ошентип дуба айтып шыпырганда кетет эле ай жаныганда.
Ошонун дубасын бмлгендер жазып койгулачы.
Ошонун дубасын бмлгендер жазып койгулачы.
Жашоо керемет! Бирок, ошону татыкттуу жашап отуу татаал
Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
#76 11 Ноябрь 2015 - 19:38
Менин колумдун бармагында чооң сөөл бар эле. Чистотелди сүйкөп эле кетирдим, түп тамырынан бери жоголду, 5 жылдай болуп калды. Көзүмдүн астында да сөөл сыяктуу нерселер бар эле. Папиллома делет экен, лазер менен күйгүзүп кетирдим, клиникага барып
Билдирүүнү түзөткөн: tynara81: 11 Ноябрь 2015 - 19:39
#77 11 Ноябрь 2015 - 23:55
Эже саламатсызбы?
кайсы клиникада куйгузот экен лазер менен? Кайсы шаарда?
#78 12 Ноябрь 2015 - 00:06
Мен Москвада күйдүрдүм. Дерматологияга барып эле күйдүргөм. Ар бири 700 рублдан, былтыры.
#79 12 Ноябрь 2015 - 00:56
эки жыл мурун жазда короодогу куураган чопторду жула коем деп алаканыма соол чыгарып алгам. эмдигиче кетпейт. чистотел да жардам берген жок. кез кези менен жарылып ичинен кара бир нерсе чыгат да кайра жаныланып калат. балдарга деле жуккан жок.
кантип кетирем?
кантип кетирем?
#80 12 Ноябрь 2015 - 09:16
ROUSE (12 Ноябрь 2015 - 00:56) жазган:
эки жыл мурун жазда короодогу куураган чопторду жула коем деп алаканыма соол чыгарып алгам. эмдигиче кетпейт. чистотел да жардам берген жок. кез кези менен жарылып ичинен кара бир нерсе чыгат да кайра жаныланып калат. балдарга деле жуккан жок.
кантип кетирем?
кантип кетирем?
Чистотель кетириш керек. Ал жакшылап таасир этиш үчүн, колду жууп, жылуу сууда бир аз кармаш керек , сөөлдү жибитүү үчүн. Анан таза этке тийгизбей этият кылып, сөөлгө гана тамчылатыш керек. Эки- үч жолу кайталаш керек, анан бошоп калганда жулуп саласыңар, тамырынан бери.