"Купуя Сыр" Ронда Берн
#21 25 Январь 2014 - 13:03
Ой озунун физикалык жыштыгына ээ экендигин коптогон адамдар тушуно бербейт. Биз ойдун жыштыгын ченей алабыз. Эгерде силер бир нерсени уламдан-улам кайталап ойлой берсенер, эгерде силер жаны машина сатып алып жатканынарды, зарыл суммадагы акчаны алып жатканынарды, ишкана уюштуруп жатканынарды, конулунорго жакын адамды табууну, булардын бардыгы кантип ишке ашышын кыялынарда элестете берсенер, анда силер кандайдыр бир элестенген жыштыкты дайыма чагылдыра бересинер.
17. ДЖО ВИТАЛЕ
Ой озуно дал келген нерселердин бардыгын силерге тарттырып турган магнит кучун жиберип турат.
"Устомдук кылган ой же ойдун орнотулушу- бул магнит; мыйзам боюнча- окшоштук окшоштукту тартып турат: демек, менталдык орнотуу табиятына дал келген кубулуштардысозсуз тартып алат".
Чарльз Энел (1866-1949)
Ой магнитке окшош болгондуктан, кандайдыр бир жыштыкка ээ. Силер ойлонуп жатканда силердин ошол оюнар Аалам мейкиндигине учуп чыгат да, ошол эле жыштыктагы окшоштордун бардыгын магнит турундо тарта баштайт. ошентип ааламга жонотулгондордун бардыгы оз булагын карай кайтып келе баштайт. Ал эми ал булак- Силерсинер.
Ойлордун иштешин мындайча элестетсек болот: телемунара белгиленген жыштыкта белги жиберип турат, бул белгилер силердин сыналгынын экранында суротко айланат. Копчулук бул тууралуу биле бербейт, бирок ар бир каналдын озунун жыштыгы бар экенин билебиз. Андыктан ошол жыгтыкка которсок, экрандан образдарды коробуз. Каналдарды которуу менен жыштыкты тандап алабыз да, ошол канал боюнча берилип жаткан суротторду коробуз. Эгерде биз сыналгыдан башка образдарды коргубуз келсе, биз каналды озгортуп, жаны жыштыкка которобуз.
Силер- адам баласынын денесиндеги Жерге орнотулгандардан да кучтуу откоруучу станциясынар. Силер- Ааламдагы эн кучтуу откоруучусунор. Силер нурланткан толкундар силердин турмушунарды, дуйнону тузуп турат. Силерден чыккан белги шаарлардан жана олколордон да алыс учат: ал Ааламдын ар бир бурчуна жооп берип турат. Ошентип, силер бул белгини озунордун оюнар аркылуу чагылдыра аласынар!
Силер оюнар аркылуу откоруп жаткан суроттор силердин болмонордогу сыналгынын экранында пайда болбойт- алар силердин жашоонордун суроту! Силердин оюнар белгиленген жыштыкты тузот да, ошол жыштыгында окшош ойлорду тартып алат. Андан сон турмушубуздун суроту сымал кайрадан бизге кайтып келет. Эгер силер турмушунарда бир нерсе озгорткунор келсе, жон гана каналды которуп койгула: оюнарды озгортуп, башка жыштыккка багыт алгыла.
" Ой кучунун толкуну- ото сезимтал, андыктан ал бардыгынан кучтуу".
Чарльз Энел.
АльхамдулиЛлях!
#22 25 Январь 2014 - 13:57
Силер озунорду абдан бай турмушта жашап жаткандай элестеткиле, ошентип, силер ошол жашоону озунорго тартып аласынар. Бул ыкма бардыгы учун дайыма ишке ашат.
Силер ото бай турмушта жана бакубатчылыкта жашап жатканынар тууралуу ойлонуп жатканда тартуу кучунун жардамы менен оз турмушунарды кубаттуу жана ан-сезимдуу аныктап аласынар. Бардыгы жопжонокой. Бирок анда "эмне учун бардыгы озулору кыялдангандай жашай албайт" деген мыйзам ченемдуу суроо туулат.
Жамандын ордуна жакшыны озунорго тарткыла
19. ДЖОН АССАРАФ
Койгой мында жатат: коптогон адамдар озулору каалабаган нерсе жонундо коп ойлонушат да, эмне учун ал нерселер турмушунда улум-улам кездешип жатканына тан кала беришет.
Адам баласы озу каалаганга бир гана себеп боюнча ээ боло албайт: алар озулору каалаган нерсени ойлонбостон, каалабагандары тууралуу коп ойлонот. Озунузду угуп корсонуз: эмне тууралуу ойлоносуз? Эмнени айтасыз? Ал эми тартуу кучу абсолюттуу жана жанылбас.
Биздин коомдо " каалабайм" деген дарттын эпидемиясы ото кучтуу онуккон. Элдин баары озу "каалабаган" нерселери тууралуу ойлонуп, суйлошуп, иш аткарып жана бардык конулун аларга бурат. Бирок, бугун биз тарыхты озгорто алабыз, себеби бизди бул эпидемиядан куткара турган билимди алып, таратып жатабыз! Бул билим эми силерге да келет, демек, каалаганынар тууралуу ойлонуу аркылуу, силер да ойдун жаны кыймылынын пионерлери боло аласынар.
Билдирүүнү түзөткөн: lucky_star: 25 Январь 2014 - 13:59
АльхамдулиЛлях!
#23 25 Январь 2014 - 14:25
Силер ойлонуп жатканда, ал иштей берет. Силердин оюнар агып кете берет, ал эми тартуу мыйзамы ар бир секунд сайын ишке ашып турат. Силер отуп кеткен тууралуу ойлонуп жатканда да ишке ашып турат: силер келечекти да, азыркы учурду да ойлоп жатканда ишке аша берет. демек, процесс узгултуксуз болуп, силер "паузаны" да, "стопту" да баса албайсынар. Силердин оюнар сыяктуу эле, мыйзам да узгултуксуз.
Биз мойнубузга алабызбы же жокпу, бирок биз омурубуздун копчулук мезгилин ойлонуу менен откоробуз. Жада калса, суйлоп же бироону угуп жатканда да ойлоно беребиз. Ал гана эмес, гезит окуп, сыналгы коруп жатканда да ойлонуу процесси ишке аша берет. Откон окуяларды эске тушуруп жатып да ойлонобуз. Келечекке карай кандайдыр бир планды тузуудо да ой кете берет. Машина айдап бара жатып да, эртен менен жуунуп жатып да ойлонобуз. Копчулук адамдар уктап калганда гана ойлонбой калышат; ошого карабастан тартуу кучу биздин уйку алдындагы акыркы оюбуздун устундо иштоону уланта берет. Ошондуктан, уктаар алдында жакшы нерсе тууралуу ойлонууга аракет жасагыла.
Табияттын башка мыйзамдарындай эле, бул мыйзам да абсолюттуу жана кынтыксыз. Силер оз тагдырынарды жаратасынар. Эмне эксен- ошону аласын! Силердин оюнар- урон; силердин тушумунор- кыртышка сепкен уронунорго жараша болот.
Билдирүүнү түзөткөн: lucky_star: 25 Январь 2014 - 14:26
АльхамдулиЛлях!
#24 25 Январь 2014 - 15:06
Силердин ан сезиминердин кудурети
Силер башынарда билип-билбей копко кармап жургон ойлорду озунорго тарта бересинер. Бардыгы ушундан келип чыгып жатпайбы.
Оз оюнарды мурда тушунчу беленер же жокпу, азыр аны андап, тушуно баштайсынар. Жашыруун Сырды билуу менен азыртан баштап силер тенер уйкудан ойгонуп, бардык нерсени андып тушуно баштайсынар! Идеяны, мыйзамды тушунуп, силердин оюнар кандай гана кубатка ээ экенин туя баштайсынар.
Эгерде силер Купуя Сырга тиешелуу нерселерге, акыл- эсибиздин куч- кубатына, биздин кунумдук турмушубуздагы каалоолордун жана ниеттин бийлигине конулунорду терен бурсанар, анда ушулардын бардыгы бизди курчап тургандыгын коросунор. Козубузду ачып, теренден гана карап корушубуз керек.
Силер тартуу мыйзамынын ишке ашышын бардык жактан коро аласынар. Силер бардыгын: элди, ишти, абалы, ден-соолукту, байлыкты, карыздарды, кубанычты, озунор жашап жаткан коомду озунорго тартып алып турасынар. Булардын бардыгын магнит сымал озунорго тартып алдынар: эмне жонундо ойлонсонор, ошонун бардыгы тартылып келди. Силердин омурунор - башынарда болуп жаткан ойлоо процессинин сырткы корунушу.
АльхамдулиЛлях!
#25 25 Январь 2014 - 15:54
АльхамдулиЛлях!
#26 26 Январь 2014 - 10:41
туткула
* Жашоонун Улуу Сыры
- бул тартылуу
мыйзамы.
* Тартуу мыйзамы
мындай дейт:
"Окшоштук,
окшоштукту
тартат", демек, силер
эмнени ойлосонор,
ошого окшошторду
озунорго тартып алып
турасынар.
* Ой - магнит сыяктуу;
алар белгилуу бир
жыштыкка ээ. Силер
ойлонуп жатканда ошол
оюнар Аалам кезип
кетет да, ошол
жыштыкта жайгашкан
ага окшоштордун
бардыгын коз ирмемде
тартып алып турат.
Дуйного эмне жиберилсе
да, алардын бардыгы
кайрадан баштапкы
булагына - силерге
кайтып келе берет.
* Силер - адам
баласынын денесиндеги
откоруучу
станциясынар, оз
ойлорунар аркылуу
белгилуу бир
жыштыкты
трансляциялап
турасынар. Эгерде оз
турмушунарда бир
нерсени озгортууну
кааласанар, оюнарды
озгортуп, башка
жыштыкка багыт
алгыла.
* Силердин агып жаткан
ойлорунар келечек
турмушунарды жаратат.
Эмне тууралуу кобуроок
ойлосонор, конулунорду
эмнеге кобуроок
бурсанар, ал силердин
турмушунарда созсуз
пайда болот.
* Силердин оюнар
реалдуулукка айланат.
АльхамдулиЛлях!
#28 26 Январь 2014 - 12:45
* Тартуу мыйзамы- бул табияттын мыйзамы. Ал гравитация мыйзамы сыяктуу эле адилет, калыс.
* Кошоруп тиленген ойлордун жардамы м.н аларды чакырып алмайын силердин жашоонордо эч нерсе озунон озу пайда болбойт.
* Эмне жонундо ойлонуп жатканынарды билиш учун эмнени сезип жатканынарды озунордон сурагыла. Эмоциялар- биз эмне тууралуу ойлонуп жатканыбызды узгултуксуз маалымдап туруучу баалуу каражат.
* Бир эле маалда озун жаман сезуу менен, жакшы тууралуу ойлонуу мумкун эмес.
* Силердин оюнар силердин жыштыгынарды аныктайт, ал эми сезиминер азыр кандай жыштыкта турганынар тууралуу тез аралыкта маалымдап турат. Силердин абалынар начар болуп, маанайынар чогуп турганда негативдуу нерселерди тартып алып турган жыштыкка кабылып каласынар. Ал эми позитивдуулукко конулунор бурулса, андан да ашык жакшы нерселерди кубаттуу тартып турасынар.
АльхамдулиЛлях!
#29 26 Январь 2014 - 12:58
Аладдинди сыйкырдуу лампасы менен эстеп коргулочу. Аладдин лампаны жерден алып, суртсо, ичинен Джинн чыга келет. Ал Джинн дайыма эле "Сенин каалоон- мен учун мыйзам!" - деп айта берген. Азыркы жомокто уч гана каалоо айтуу керек, бирок мындай жомоктордун версияларында каалоолорго чек болгон эмес.
Элестетип корсонор, каалаганынардын бардыгы аткарылат!
Эми бул метафораны алып, оз жашообузда колдонуп королу. Аладдиндин ордунда каалагандардын бардыгын сурай алган ар бир адам боло алат. Ал эми силердин бардык каалоонорду аткаруучу Джинн - Ааламдын озу болот. Эсинерде болсун, силердин джинн дайыма баягы эле суйломду кайталай берет:
- Сенин каалоон- мен учун мыйзам!
Билдирүүнү түзөткөн: lucky_star: 26 Январь 2014 - 13:02
АльхамдулиЛлях!
#30 26 Январь 2014 - 21:49
![:достор:](http://www.super.kg/superstan/public/style_emoticons/default/24.gif)
#31 26 Январь 2014 - 23:33
#32 27 Январь 2014 - 14:12
" Купуя Сырда" пайдалынган Жаратуу процесси Жаны Осуяттардан алынган. Бул процесс ото жонокой, ошондуктан силер анын жардамы менен каалаганынардын бардыгын уч кадам ичинде жасап алсынар.
1-кадам: сурануу
Биринчи кадам- отунуу. Ааламга буйрук беруу. Аалам силердин оюнарга жооп берет- каалаганынар тууралуу ага маалымдап тургула.
Силер, чынында эмнени каалайсынар? Отургучка отургула да, каалаганынардын бардыгын тизмектеп жазып чыккыла. Анын бардыгы учур чак формасында жазылсын. Силер: " Мен азыр ... учун бактылуумун" - деген фраза менен баштасанар жакшы болот. Андан сон жашоонорду кандай коргунор келгендигин тактап тушундуруп бергиле.
2-кадам: ишенуу
Экинчи кадам- ишенуу. Силер каалаган нерсе, силерге таандык болуп калганына ишенгиле. Суйуу силердин ишениминерди азыктандырып, аны туруктуу кылып турсун. Силердин каалоо материалдаштырыларына ишенгиле.
Толук жана абсолюттук турдогу ишеним зарыл.
"Каалаган нерсенер силерде болуп калганын элестеткиле. Билгиле: каалаган нерсенер силердин талабынар менен гана келет. Ал тууралуу тынчсызданып, кабатырланбагыла. Анын силерге жетишпей тургандыгы тууралуу ойлонбогула. Ал озунордуку, сизге таандыктай, силердин менчигинер катары ойлогула."
Роберт Кольер (1885-1950)
"Биз суранган нерселерди корбой калабыз да, капа боло беребиз. Конулубуз калат да, кумон санообуз башталат. Оз кумон саноонорду сезип, аны "Бардыгы мен каалагандай отуп жаткандыгын билем" деген женилбес ишеним менен алмаштыргыла.
3-кадам: кабыл алуу
Учунчу кадам жана процесстин финалдык этабы- кабыл алуу. Бул боюнча конулунорду жайланткыла. Каалаган нерсенерге жеткенде озунорду кандай сезсенер, азыр дал ошондой сезгиле. Муну азыр эле аткаргыла.
Буткул процесс учурунда маанай которунку болуп, озунорду бактылуу сезгиле, себеби силер позитивдуу маанайда болсонор, каалаган нерсенердин жыштыгына чыга алсынар.
Силердин Ааламынар- сезимдердин ааламы. Силер акылынар менен гана ишенип, бирок дал келуучу сезимдерге ээ эмес болсонор. жашоонордо каалаган нерселерге жетууго силерде жеткиликтуу куч болбойт. Муну сезе билишинер керек.
Алгач отунуп сурангыла, анан каалаган нерсенерди алганынарга ишенгиле да, позитивдик маанайынарды сактап турушунар гана керек. Силердин ниетинер жакшы болуп турганда гана кабыл ала турган жыштыкка багытталган болосунар.
Демек, силер озунорду азыр эле сонун сезгиле.
Аалам ылдамдыкты жакшы корот. Ананкыга калтырбагыла, тескери ойлобогула, кумон санабагыла. Мумкунчулук, импульс, ички сезим турганда - аракеттенгиле. Бул силердин жумушунар. Мунун бардыгы силер аткара турган нерселер.
АльхамдулиЛлях!
#33 27 Январь 2014 - 16:00
Сыр жана сиздин денениз
Силер биле турган нерсенин биринчиси: эгерде силер арыктоого конулунорду топтосонор, анда арыктоо мумкунчулугун бардык убакытта озунорго тартып турасынар. " Арыктоо мумкунчулугун" мээнерден алып салгыла. Диеталар томонку себептер боюнча иштебейт: эгерде силер ашык салмагынарды жоготуу тууралуу тынымсыз ойлоно берсенер, силер бул процессти дайыма кармап журуу зарылдыгын озунорго тартып ала бересинер.
Экинчиси,эмени билиш керек: озунордун ашыкча салмагынарды озунор ал тууралуу дайыма ойлоп журуу аркылуу тузуп алгансынар. Жонокойлотуп айтканда, эгерде адам ашык салмактан кыйналып журсо, демек, анда баамдалганбы же баамдалбаганбы, "семиз ойлор" бар. "Сымбаттуу ою" бар адам эч качан семиз боло албайт, себеби бул тартуу мыйзамына каршы келет.
Чектоолор тууралуу бардык идеяларынарды унуткула. Тамак силерге салмак кошууга мажбурлабайт.
Оптималдык салмактын аныктамасы мындай: бул силер озунорду жакшы сезип жаткан салмак. Озунордукунон башкалардын ою мааниге ээ эмес. Силер озунорду жакшы сезип жаткан салмак- силердин оптималдуу салмагынар.
Балким силердин тамакты коп жеп, бирок семирбей сымбаттуу боюнча калган таанышынар бардыр. Мындай адамдар айрым учурларда "Тамакты канча жесем да, салмагым нормасында" - деп айтышат. Ааламдагы Джинн дагы "Сенин каалоон- мен учун мыйзам!" - деп айтат.
Озунорго оптималдуу салмакты жана сымбат денени тартуу учун Жаратуу процессин колдонгула жана уч кадамга алга жылгыла.
1-кадам: сурангыла
Салмагынар канча болушун каалаганынарды аныктагыла. Оптималдуу салмакка ээ болгондо кандай коруноорунорду оюнарда элестетип коргуло. Эгерде силерде ошол абалдагы суротунор болсо, аны алып чыгып, карап коюп жургуло. Эгерде андай сурот болбосо, анда силер каалагандай дене тапкыла да, ошону карап коюп жургуло.
2-кадам: ишенгиле
Каалаган нерселеринердин бардыгын алаарынарга, каалагандарынардын бардыгы силердики экендигине ишенишинер керек. Озунорду оптималдык салмакка ээ болгондой алып жургуло. Силер каалаган салмагынарга жакын калганынарды корушунор керек. Таразага да тушпой койгонунар он.
3-кадам: кабыл алгыла
Маанайынар которунку болуш керек. Озунорго жагышынар керек да, оз дененерге канааттануунар зарыл. Мындай мамиле ото зарыл, себеби оз дененер тууралуу жаман ойлоп турсанар, анда оптималдык салмакты озунорго тартып ала албайсынар.
Оз дененерди кунуго сындай берип, кунуго кемчиликтерди таба берсенер. анда силер аларды эч качан озгорто албайсынар.
Оз дененердин ар бир болугуно ырахаттансанар, анда силер оптималдык жыштыкка багытталасынар жана мыктылыкты озунорго тартып ала бересинер.
Идеалдуу салмакка конулунорду топтосонор гана ошондой салмакка ээ болосунар.
Билдирүүнү түзөткөн: lucky_star: 27 Январь 2014 - 16:02
АльхамдулиЛлях!
#34 29 Январь 2014 - 13:11
" Бул канча убакытты талап кылат? Унааны, мамилелерди, акчаны материалдаштырууга канча убакыт кетет?"- деп адамдар дайыма кызыга беришет. Менин колумда "Бул отуз мунотту, же уч кунду, же болбосо бир айды талап кылат"- деп айткыдай эрежелер жазылган китеп жок. Моонот оозунордон жана силердин Аалам менен дал келишинерге жараша болот.
Силердин каалоонорду аткарыш учун Ааламга убакыт талап кылынбайт. Каалаганынарды алуунун кечендеши озунорго жараша болот. Силер ишеним, билим менен "менде бул нерсе бар" деген сезим абалына дароо эле жете албагынардан улам каалаганынарды алуу кечендей берет. Канчалык кучтуу ишеним менен каалаган нерсенердин жыштыгына багытталсанар, ал ошончолук тездикте колунарга тийет.
Оз кунунорду алдын ала тузуп алгыла
Келечек турмушунарды алдын ала тузуш учун кийинки окуяга чейин азыр эле тартуу мыйзамын колдоно баштасанар болот. Прентис Малфорд- оз китептеринде тартуу мыйзамы жана аны колдонуу ыкмалары тууралуу жазып чыккан улуу насаатчы. Ал озундун келечек кунунду алдын ала элестетип алган кандай зарыл экендигин демонстрациялайт.
"Мен жагымдуу иш сапарга же жагымдуу сейилге чыкканы турам"-деп озунорго айтканынарда, силер алдын ала оз дененерге силердин сапарынар жана сейилинер чынында эле жагымдуу болушун камсыздай турган куч жиберип турасынар. Биздин оюбуз, башкача айтканда, биздин акыбалыбыздын абалы алдын-ала жакшы менен жаманды "пландап" узгултуксуз иштеп турат.
Прентис Малфорд
АльхамдулиЛлях!
#35 29 Январь 2014 - 14:26
* Аладдин тууралуу жомоктогу сыйкырчы сыяктуу тартуу мыйзамы силердин ар бир каалоонорду аткарууга киришет.
* Жаратуу процесси болгону уч гана жонокой кадам- сурануу, ишенуу жана кабыл алуу- аралыгында силер каалаганынардын бардыгын тузууго жардам берет .
* Ааламдан каалаганынар тууралуу сурануу - бул силер чынында эле эмнени каалап жатканынарды билуу мумкунчулугунор. Силер муну озунор учун тушунуп алганда, силер сурандынар.
* Ишенуу- силер каалаганынарды алып койгондой иш кылып, суйлоп, жана ойлоп баштоо дегенди туюнтат. Силер бул жыштыкты чагылдырып жатканда, силер каалаганынарга жетиш учун тартуу кучу адамдарды окуяларды жана абалдарды кыймылга келтире берет.
* Кабыл алуу- силердин каалоонор орундалганда, силер эмне сезеринерди сезуу дегенди тушундурот. Жакшы маанай силерди каалаган нерсенердин жыштыгына багыттайт.
* Салмагынарды азайтыш учун "салмагынарды жоготууга" же "арыктоого" конулунорду бурбагыла. Анын ордуна озунордун оптималдуу салмагынарга оюнарды топтогула.. Салмагынарды идеалдуу катары сезгиле, ошондо гана силер аны озунорго тартасынар.
* Силердин каалоонорду ишке ашырууга Ааламга убакыт талап кылынбайт. Миллиондогон долларды материалдаштыруу бир доллардай эле оной.
* Кандайдыр бир кичине нерседен баштагыла: мисалы, бир чыны кофеден же болбосо унаа токтотуучу жайдан- бул тартуу иш-аракетин коруунун эн жонокой ыкмасы. Кичинекей бир нерсени тартып алууну абдан каалагыла. Силер оз кучунорду сезгенде, андан да маанилуу нерселерди тартып аласынар.
* Оз кунунорду алдын-ала тузуп алгыла: аны кандай коргунор келет, ойлонуп коргуло- ошентип силер оз турмушунары озунор ан-сезимдуу жарата баштайсынар.
Билдирүүнү түзөткөн: lucky_star: 29 Январь 2014 - 14:29
АльхамдулиЛлях!
#36 29 Январь 2014 - 16:26
"Адамдын ан-сезими эмнени элестете алса, ошонун бардыгын ала алганга мумкунчулугу бар".
У.Клемент Ситоун (1902-2002)
Купуя Сыр менен тартуу мыйзамын жашоонордун бардык учурунда колдонсонор болот. Жаратуу процесси силер тузууну каалаган нерсенин бардыгы учун бирдей кетет- акча менен болгон учурда да эч кандай айырмачылык жок.
Акчаны тартып алуу учун конулду байлыкка топтоо керек. Акчанын жетишпегени тууралуу дайыма нааразычылык билдире берсенер, жашоонорго коп акча тартып келе албайсынар: себеби силерде акча аз экендигин эсинерден чыгарбай ойлоно бересинер. Акчанын жетишпегенине конулунорду топтосонор- ан-сезиминерде анын жетишпегендигине андан да коп абал тузосунор. Байлык келиш учун, силер ар дайым байлык тууралуу ойлонушунар керек.
Силер оз ойлорунар аркылуу сигнал жиберишинер керек. Ал ойлор силерде азыр акча абдан коп экендигин айтып турушу зарыл. Оз элестоонорго кайрылып, силерде зарыл болгон акча бар экендигине ишенгиле.Бул ушунчалык кызыктуу иш-чара. Озунордо коп акча бар экендигин элестеткенинерде, озунорду ошол замат сонун сезе баштаганынарды байкайсынар. Ошентип, маанайынар которулгон сон силердин жашоонорго акча суудай агып келе баштайт.
Силер учун бош чек- ал Ааламдын банкынан. Силер ага оз атынарды, сумманы жазып туруп, корунгон тарапка илип коесунар. Бул чекти кунуго карап туруп, силерде ушундай суммада акча бар деп сезе бергиле. Силер аларды коротуп жатканынарды, ага сатып ала турган буюмунарды элестеткиле. Бул канчалык керемет экенин сезгиле!! Акча силердики экендигин сезгиле: силер аны сураган кундон баштап, алар силердики болуп калды. Биздин чектин жардамы менен миндеген адамдар акча тартып алгандыгы тууралуу каттардан алдык. Бул ото кызыктуу оюн, алар силер учун иштейт!! !
Байлыкты озунорго тартып алгыла
Бир гана себеп менен адамдар каалагандай акчаны ала алышпайт: алар оз ойлору менен акчанын келишине каршылык корсотушот. Ар бир негативдик ой, сезим же эмоция бардык жакшы нерселерге, анын ичинде акча силерди таап алганга да тоскоолдук кылат.
Эгерде силерге акча зарыл болсо, бул ото кубаттуу сезим- албетте,тартуу мыйзамы боюнча силер акчага болгон муктаждыкты тартып ала бересинер.
Оюнарды гулдоп-онугууго топтогула
Коптогон адамдар эм0не ойлонушкандыгын мен билем: "Мен оз жашоомо кантип коп акча тартып келем? Кредиттен кантип кутулам? Кантип кобуроок акча иштеп табам?"- Булардын баарын озунордун каалоонорго аландыргыла!
"Купуя Сырдын" мурдагы главаларында айтылгандарга кайрылалы. Силердин милдетинер- Ааламдын каталогунан алгынар келген нерселерди тандап алуу. Эгерде силердин каалоонордун бири - акча болсо, анда канча акчалуу болгунар келгенин айткыла. "Мен жыйырма беш мин долларлуу, кийинки отуз кун ичинде кутуусуз кирешеге ээ болгум келет", же болбосо канча кааларынарды айткыла. Бул силер озунор учун деле ишенимдуу чыксын.
Акчаны озунорго андан да коп тартып алуу учун акчага карата позитивдик маанай тузушунор керек. Акчадан жетишпестик сезип жургон адамдар озулорунун материалдык абалы боюнча озгочо кубанычты сезбегендиги толук мумкун. Дал ушул негативдик сезимдер акчанын силерге тартылып келуусуно тоскоол жаратышат. Силер мындай жаман ойлордон арылышынар керек: акчага кубана жана колунарда бар нерселерге ыаазычылыкты сезууну баштагыла .
- Менде жетиштуу акча бар;
- Менде акча абдан коп, алар озулору эле мага агып келип жатышат;
- Мен- акча магнитимин.
- Мен акчаны суйом, ал эми акча мени суйот!
- Мен акчаны кунуго алып турам)
- Рахмат! Рахмат! Рахмат!
Акчаны алыш учун, башкаларга бергиле
Акча беруу- бул кубаттуу кыймыл. Акча беруу жашоонорго андан да коп акчаны алып келет, себеби силер башкаларга акча берип жатканда: "менде акча абдан коп"-деген болосунар. Жер жузундогу эн бай адамдар филантроптор экендигин билсенер керек. Алар башкаларга коп суммада акча берип турушат, ошондо гана Аалам - тартуу мыйзамы боюнча - ачылат да, аларды кайра артты коздой андан да коп акча агып келе берет.
Билдирүүнү түзөткөн: lucky_star: 29 Январь 2014 - 16:27
АльхамдулиЛлях!
#37 29 Январь 2014 - 16:41
* Акчаны тартып алуу учун буткул оюнарды байлыкка топтошунар керек. Акчанын жетишсиздигинен дайыма эле санааркай беруудон, оз жашоонорго кобуроок акча тартып ала албайсынар .
* Силер каалаган суммадагы акчаны азыр силерде бар сымал элестетип жана ошондой сезе билууну колдонуу пайдалуу Байлыкка оюн ойногула, анын негизинде силер озунорду финансылык жактан жакшы сезе аласынар; позитивдик маанай тузгонунордо, акча силердин жашоонорго кобуроок келе баштайт.
* Азыр эле озунорду бактылуу сезуу- жашоонорго акчаны тартып келуунун эн ыкчам жолу.
* Силерге жаккан нерселердин баарын карап, ичинерден: "Мен буга жете алам. Мен муну сатып ала алам"-деп айтууну озунорго адат кылып алгыла. Оз оюнардын образын озгортконунордо, финансы жаатындагы сезиминер онолот.
* Жашоонорго акчаны коп алып келуу учун, башкаларга акча бергиле.Силер март болуп, озунорду жакшы сезип, башкалар менен акчанарды болушуп жатканда: "Менде акча коп"-деп айткан болосунар.
* Почта аркылуу келген эсеп кагаздарын элестеткиле.
* Оюнардын балансын байлык тарапка оодаргыла. Байлык тууралуу гана ойлонгула.
АльхамдулиЛлях!
#38 29 Январь 2014 - 17:02
![Сүрөт](http://www.super.kg/superstan/public/style_emoticons/default/38.gif)
Кийинки негизги болумдор:
Мамилелер учун Купуя Сыр;
Ден-соолук учун Сыр;
Тынчтык учун Сыр;
Сиз учун Сыр;
Омур учун Сыр.
Бирок бугун эмес. Калганын эртен улантам.
АльхамдулиЛлях!
#39 31 Январь 2014 - 20:37
Силер оз жашоонорго бир нерсени тартып келгинер келсе, оз кыймыл-аракетинер энсоонорго карама-каршы эмес экендигине ынангыла. Мунун эн бир сонун мисалдарынын бири катары устаттардын бири, "Купуя Сыр" фильминде тартылган Майк Дули озунун "Ааламды башкаруу жана кереметтерди тартып келуу" деген аудиокурсунда келтирген. Ал оз турмушуна идеалдуу эркекти тартып алгысы келген аялдын окуясын баяндап берген.Аял бардыгын туура аткарган: ал кандай болуш керектигин аныктап алып, анын сапаттарынын так тизмесин тузуп, анан визуалдаштырган. Бирок, канчалык аракет кылса да, ал эркек горизонтто корунгон эмес.
Бир куну ал аял уйуно кайтып келип, автоунаасын гаражга коюп жаткан. Бир маалда озунун кыймыл-аракети энсоосуно карама-каршы келгендигин тушунду, автооунаасын гараждын ортосуна токтотуп койгон эле. Эгерде автоунаа анын гаражынын ортосунда турса, анда анын куйоосунун автоунаасын кое турган орун жок болуп калат! Ошентип, аялдын кыймыл аракети Ааламга сигнал жиберди: "Мен суранган нерсемди алышыма ишенбейм" . Андыктан тез арада гараждын ичин тазалады ды, идеалдуу куйоосунун унаасы учун орун калтырып, оз автоунаасын четке токтотту. Андан сон уктоочу болмосуно кирип, кийим салган шкафын ачты. Ал жакта да анын идеалдуу куйоосу учун орун жок болчу. Шкафынын жарымынан куйоосунун кийимдерине орун бериш учун, оз кийимдерин жылдырып койду. Мурда уктоо керебетинин ортосунда жатчу болсо, эми ал болочок куйоосуно орун калтырып, оз тарабына гана жылып жата баштады.
Аял ушул кубаттуу иш-аракеттерди аткарып, каалаган нерсесине жеткен сыяктуу мамиле кыла баштаганда гана, анын жашоосуна баягы адам кезигип, азыр экоо бактылуу уй-булолордон.
Оз каалоонор тууралуу ойлонгула жана силердин иш-аракетинер аны чагылдырып жатканына, силер суранган нерсенерге каршы турбашына козунор жетсин. Азыркы учурда каалаган нерсенерди алып жаткандай иш кылгыла. Эгерде силер алардын бардыгын бугун алсанар, эмне кылмаксынар, дал ошондой иш жасагыла: кубаттуу кутуунорду чагылдырган кыймыл-аракеттерди аткаргыла. Каалаган нерсенерди алуу учун мейкиндик тузгуло, ошондо силер бул кутуунун кубаттуу сигналын жонотосунор.
Билдирүүнү түзөткөн: lucky_star: 31 Январь 2014 - 20:39
АльхамдулиЛлях!
#40 01 Февраль 2014 - 15:12
Оздук турмушта адамдар ортосундагы мамиледе бул мамилени ким баштап тузуп жаткандыгын тушунуу ото маанилуу. Бирок мен силердин партнерунар тууралуу гана айтып жатканым жок. Алгач силер озунорду тушунушунор керек.
Эгерде силер озунор оз тегерегинерден ырахат албасанар, башка бироолот силердин тегерегинерден ырахат алуусун кантип тушунобуз? Тартуу мыйзамы, же Купуя Сыр силердин жашоонорго кайрадан ушуну эле алып келе берет. Силер муну так тушунушунор керек. Башка адамдар силер энсегендей мамиле жасагандыгын каалаганынардай озунорго мамиле жасай аласынарбы? Силер олуттуу ойлоно турган суроо ушул.
Эгерде силердин озунорго болгон мамилени башка адамдардан коргунор келгендей мамиле менен дал келбесе, эч качан нерселердин катарын озгорто албайсынар. Силердин иш-чаранар - кучко ээ болгон ойлорунар, эгерде силер озунорду суйуп жана сыйлап мамиле кылбасанар, анда сыйга татыксыз, жакшы нерселерге акынар жок экендигинер тууралуу сигнал жонотуп турасынар. Бул сигнал кете берет да, силер озунорго болгон жаман мамилелерге чого бересинер. Адамдар болсо - анын жыйынтыгы гана. Силердин оюнар - бардыгына себепкер. Озунорго суйуу жана урмат менен мамиле жасай баштагыла. Ошондуктан тартуу мыйзамы Ааламды жаныртып, силерди жашоонор силерди суйуп, урматтаган адамдарга толот.
Билдирүүнү түзөткөн: lucky_star: 01 Февраль 2014 - 15:14
АльхамдулиЛлях!