биринчи чыгып жаткан учурунда жаш болсомда абдан кызыгып окуйт элем .Мага жагат!!
- (13 бет)
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »
"Бриллиант жылан" Чолпонбек Абыке уулу
#2 11 Июль 2012 - 17:39
Чолпонбек Абыке уулу
Бриллиант жылан
(Чыгыш детективи)
Узундугу 37 см, жоондугу 7 см келген жыланды өтө баалууизумруд, бриллиант таштарды алтынга чөгөрүп, өзөгүн түзгөн алтын чынжыргабайлаштырып, бир эле ташына колуң тийсе тирүүчө койкоңдой баш көтөрө калып оозуачылып, алтын тили соймоңдосо мунун өлүү экенине ишенген адамдын да жүрөгүнсолк дедиргендей чеберчилик менен кайсыл кылымда кандай уста жасаганы эч кимгебелгисиз.
Үстү көгүш каралжын, оозунун тегереги саргыч, көзү кызылбриллианттан, төбөсүндө көк бриллиант алтын таажы, боору ак түстөгү изумруд,акак таштардан, куйругунун учу чулу келип тоголок бармак сымал карабриллианттан турат. Бир оролуп келип башын куйругуна жаздап жатса кадимки тирүүжыландын өзү. Мунун баалуу экенин мындан бил, чакан караңгы бөлмөнү өзү шамчажарык кылууга жарайт.
Бриллиант жыландын чыныгы баасын эч ким билбейт. Балким бирэле ташы бир нече миллион доллар турушу мүмкүн. Оозунан алтын тили чыккандакармап тартса ичинен алтын чынжырга байланган узундугу 7 см. алтын ачкыч чыгат.Бул эмненин ачкычы? Татаал түйүн ушул жерде жатат.
Кылымдан кылым карытып колдон колго өтүп келатса да жылан эчубакта анын бир асыл ташын чыгарып алып, сатып акчага айландыргысы келгендердинколуна тийген эмес. Жыланды кармагандар жалаң акча, байлык тартыштыгы эмнеэкенин билбеген дүйнөсү эсепсиз байлар болгон. Ошондуктан жыландын кыпындайтүсү өзгөрбөй, кемибей мамыкка оролуп катылып келатат. Жыланга ээ болгондордунбаары анын ичине каткан ачкычтын сырын чечкиси келишет. Ушунчалык баасы эсепсиз"кынга" салынган ачкыч ачуучу кулпу кимди кызыктырбайт дейсиң.
Жылан канчалаган өмүрлөрдү сорду. Канчалаган баштар учуп,бей күнөө кандар төгүлдү, эч ким эсебин чыгарып айтып бере албайт.
Жыланды колуна кармап көрүп катып алып жүргөн адамдарсаналуу гана болгону менен өмүрү жыланды көрбөй, кандай экенин билбей турупсыртынан тон бычып, жыланга жетиш үчүн кан төгүшкөндөр канча. Бул канкоркачанка чейин дагы жан сормолугун уланта бермекчи.
Жогоруда айткандай жыланды колуна кармагандар байлыгынынэсебин так билбегендер болсо жыландын оозундагы ачкычтын сырын билгендеркүнүмдүк курсак тойгузаар токоч тапса кубанган кембагалдар болушту. Канча биркылымдан бери жыландын сырын билгендер жыланды издесе жыланды кармап жүргөндөранын сырын чечип берүүчүлөрдү издешет. Эки тарап ушунча болуп кезигише албайкелет. Кан төгүү, бири-биринин астын бөгөп жолдон адаштыруу жыланды кармапжүргөндөр тарабында эле эмес. А анын сырын билгендер да тарапта күчтүү.Жыландын сырын билгендер Улуу Сырдын жалгыз ээси болуп калыш үчүн, жыланды издөөдөнмурда атаандаш адамдарын издеп дербиш болуп келишкен. Жолугушкан жерде аөосузкармаш болуп өлүм же жеңиш деген гана максат болгон.
Жыландын оозундагы ачкыч ачуучу кулпунун сырын жазып туруп,1-2 беттен кийин 5-6 бет кылып өзүнчө, ортосундагы 3-4 беттен кийин 7-8 беткылып өзүнчө жүз баракты тепе-тең экиге 50дөн бөлүп таштаган эки кийиз китепканча кылым өтсө да бириге албады. Качан биригери али да белгисиз. Кийизкитепте жазылган дейт, "Дүйнөдөгү жашаган адам баласынын жок эле дегендеондон бири чыныгы адамдык касиетке ээ болуп, тазаланганда эки бөлүнгөн китепбиригип жылан менен табышат", - деп, китептин биринин сыртына жыландын башжагы экинчисине куйрук жагы түшүрүлгөн. Китептин маанисин эч ким ушул кезгечейин толук окуган эмес. Жарымысын бөлөк-бөлөк жаттап окугандар укумдан-тукумгаже жалгыздан-жалгызга мураска өткөргөн бирден гана адамдар болгондуктан дүйнөдөэгер болсо экөө. Жок болуп кетүү коркунучу да бар.
Күнөөсүз жерден жыландын сырын билет имишсиң, айт депнечендер зынданда, үңкүрдө чирип өлүп, кынйоонун адам укпаган түрлөрүнкөрүшкөн. Жылан жөнүндө каңырыш угуп калып "Мен билем" деп мактанакоем деп тилинин азабынан өмүрү менен коштошкондор ушул кезге чейин канчаболгонун бир жараткандан башка эч ким билбес.
х х х
СССР деген империя тирүү мезгилинде, КПСС бүт бийликтиуучунда мыкчып, өлкөдө темирдей тартип бардай туюлчу. Бул сырткы көрүнүшү эле.Чындыгында темирдей тартип карапайым эл үчүн болгону менен бийликбашындагылардын жана жашыруун түрдө болсо да эбегейсиз байлыкка ээлердин уюшканкылмыштуу иштери чегинен ашып бир учурда бийик идеяга фонотикалык түрдөберилгендер түзүшкөн коммунисттик коом ичинен чирий баштаган болчу. Раккаайланган бул коомдук чирүүнү эч ким токтото алмак эмес. СССР менен тирешипкелаткан капиталисттик системадагы мамлекеттер коммунисттик коомдун ичиненчиришине ого бетер көмөктөшүп каражат дегенди аяшпай түрлүү жолдор менен"оорунун микробдорунун" көбөйүшүнө шарт түзүү үчүн жан үрөп иштешкен.Мындай кыйраткыч күчтүн башында ЦРУ турганы СССР таш-талканы чыгып, кыйраганданкийин гана белгилүү боло баштады. СССР кыйрады. Тилекке каршы капиталисттик иридержавалар күткөндөй болбой экономикалык өнүгүүдө атаандашуу жоголуп, саны көпсапатсыз товар чыгаруу кризиси башталып кетти. СССРдин чек аралары ачылаарыменен сырье түрүндөгү эбегейсиз зор байлык болгон товарлар сыртка ташылып,кайра ичкериге арзан баа менен өндүрүлгөн сапатсыз товарлар ага баштады.Кылмыштуулук дүйнөлүк деңгээлде күч алып, коомдук түзүлүштөгү бийликтин башындаотургандардан бери чырмап мыйзамдуулукту сактоо "демократиянынүлгүсү" деген мамлекеттерде да одоно бузулушу көнүмүшкө айлана баштады.СССРди ичинен чириткен "рак" оорусунун микробдору дүйнөдөгү бардыкмамлекеттерге чачылып жайылып кеткени жана мунун түбү кайда алпараары айрым биркоомдук өнүгүштү изилдеген окумуштууларга гана белгилүү болбосо;бийликтегилердин мындай "ооруга" көңүл бөлүүгө "убактылары" да жок эле. СССРдин кыйрашы менен, эл жер үчүн патриоттуулук, Ата Мекендисүйүү, атуулдук ыйман деген адамзатындагы буга чейин эч жерде жазылбаса да, арбир адамдын ички дүйнөсүндө жашаган рух өлүп, жеке баюууга жулууну, дүйнөгөтойбоо оорусу күч алды. Бул өзгөчө бийлик башындагыларды катуу чырмады. Балкимчын эле адамзат үчүн акыр заман жакындап келаткандыр. Адам баласы ушул кезгечейин түзүп жана жашап келаткан коомдук түзүлүш дүйнөлүк деңгээлде башынанчирүүгө туш болду. "Балык башынан чирисе, куйругунан тазалайт" дейт.Коом кандай жол менен өзүн-өзү дарылап бүткүл дүйнөлүк адамзаттын башына түшкөнмүшкүлдүү оорудан айыгып кетет азырынча табышмак.
Мыйзам карапайым калк үчүн гана мыйзам, ал эми бийликбашындагылар үчүн же эбегейсиз байлыкка ээлер үчүн "жетелеген төө"экени улам ачык белгилүү болгон сайын коомдун ичиндеги психологиялык абалкурчуп ачып-кычый баштайт. Мындай кубулуш эртедир-кечтир дүйнөлүк жарылуугаалып келет. "Адамзаттын башына түшкөн мүшкүл" деп жатканыбыз ушул.
Дүйнөлүк эки карама-каршы (коммунисттик жана империалисттик)системанын жашап турушу коомду өзүн-өзү дарылоого чоң таасир берип, жалпыадамзаттын жыргалчылыгы үчүн кызмат кылып, мыйзамдуулуктун сакталышына өбөлгөтүзгөнү СССР кыйрагандан кийин гана белгилүү болуп отурат. Жашоо-тиричиликтинкарама- каршылыгы күчөгөн менен иши жок жер өз угу менен айланып мезгил жылып ХХкылым аяктап келатты. ХХI кылым адам баласына эмне тартуулайт али астыдагытабышмак. Балким бүткүл адамзаттын келечек тагдырынын сырын жыландын ичинекатылган ачкыч ачуучу кулпунун ачылышы чечээр.
х х х
Бир үй-бүлөөнү бүтүндөй кырып кетишти. Кылмышкерлер түнкатып келишкен да дарбазаны ачканда эле торпоктой болгон эки ажаан итти торойтоатышкан. Кейпи дарбаза менен деле киришпесе керек. Чыкканда гана эч шашпай өзүйүнөн чыккансып эшиктен чыгып кетишкен окшойт. Эки жарым метирче келгендубалдан мышыктай гана секирип өтүшкөн окшойт. Дабышты илгиртпей сезген ажаан иттердинбири уясынан белчесине чейин чыгып жан берген. Ок так эки көздүн ортосунакадала түшкөн. Экинчиси үйдүн эшик алдынан үч кадамча алысыраакта көмөлөнгөн. Бир ок кулак түбүнө, экинчиси туура жүрөгүнө кадалган. Бул байкуш деле иттикмилдетин аткарып катуу добуш чыгара үрүп ээсин ойготууга үлгүрбөсө керек. Үйдүнэшигин кантип ачкандары табышмак. Ачкыч менен ачкансып үйгө дабышсыз кирген.Анткени үйдүн ээси эртедир кечтир ушундай мыкаачы "коноктордун" келээрин күткөн болсо керек. Көмкөрөсүнөн жаткан боюнча кежигесин ок жарыпөлгөн. Жаздыгынын астындагы дайыма колунан чыгарбай мыжып жатчу"Макаров" маркасындагы пистолетин кыймылдатканга да жарабаган. Жаткантөшөгүнүн астындагы затвору тартылып машаны атууга даярдап койгон Калашниковавтоматы да да ушул ойду ырастап турат.
Жогорку окуу жайын жаңы бүтүп келип, үйлөнгөн уулунунтөшөгүнүн астынан да октолуу Калашников табылган. Кылмышкерлер адамды чымчыкаткандай да көрбөгөн, машыккан кара мүртөздөр экен махабатка батып жаткан экижаштын ордунан козголууга да үлгүртпөгөн. Жаш келинди чекеге, жигитти кежигегебаскан. Ошентип экөө ысык жыргаалга баткан боюнча кучакташып гана тиги дүйнөгөкете беришкен. Бүтүрүүчү класста окуп жүргөн кызы гана өз бөлмөсүнүн эшигининалдында жүрөгүн мыкчып кулаган. Канжар урулган экен. Кейпи дабыш угуп эшиккечыгууга бет алса керек. Үйдүн ээсинин небереси болгон үч жашар баланы дааяшпаган. Наристе түшүндө мылжыйып күлгөн боюнча үзүлгөн. Ок так кекиртегинетийип моюн омурткасын талкалап кеткен. Кыйнагандан жалгыз гана үйдүн ээсининаялын кыйнашкан. Эки кабат үйдүн ичи, үчүнчү кабат болгон үйдүн астынкы подвалыбүт тозоңу чыга чачылган. Элүүгө жашы таяп калса да бой келбети келишкен сулууаялдын алгач бир эмчегин кескен. Жан жеринин эки жагын балтырына чейин тилипташташкан. Кыйноого чыдабай жанталашкан аял жанталашып үйдүн ар жерине катылганбүт байлыкты кылмышкерлердин астына чачкан. СССР али кулай элек рубльдин күчүкете элек, бир рубль бир долларга барабар кез эле. Үйдүн ичинде толтурачачылган акчалар. Үйдү текшерүүгө келген милициялар чөнтөктөрүнө батышынчасолоп алгандан кийинкиси жарым миллион болгон же ошол кездеги эң мыкты дегенГАЗ-24 "Волга" машинасынан 50 даананы сатып алуучу акча эле. Үйүлгөналтын шакек, сөйкө, эски алтын тыйындардын, кымбат таштардын баасы бир миллионрублга чукулдаган. Кылмышкерлер ушунча байлыкты буттары менен тебелеп чачыпкеткендигине караганда алар тоноочулар эмес. Үйдөгү аялзатынын бирөө дазордукталбаган демек зордоп, кордоочулар да эмес. Запкы тарткан үйдүн шаардаокуп жүрүп аман калган уулун алып келип атасынын дүйнөсүн чачып көрсөтүп, эмнежоголгонун айтып бере аласыңбы дегенде, кайгынын уусуна чөккөн жаш жигитатасынын эмне дүйнөсүн, канча акчасы бар экенин так билбегенин жана атасы эчубакта уулуна дүйнөсүн көрсөтпөгөнүн мойнуна алуу менен бир гана эстегеникичине чагында, караңгыда күйүп турган тирүү жыландай болгон кымбат асыл таштанжасалган укмуштуу жылан көргөнүн жана ошол жылан эсепсиз чачылган дүйнөнүничинде жок экенин айтканы болду.
Кылмыш райондун анча алыс эмес жайгашкан чакан айылда болупөттү. Республика дүңгүрөй түшкөнү менен кылмышкерлер кумга сиңген суудайдайынсыз болушту. Ээлеген ордунан корккон бийлик башындагылар ишти жап-жапкылып унуткаргыча шашышса, колдорунан эч нерсе келбесин билишкен ички иштерорганы менен прокуратуранын кызматкерлери ийин куушуруп гана отуруп калышты.Эксперттердин жыйынтыгына караганда кылмыш түнкү саат 12-1лерде болуп өткөн.Ички иштер бөлүмү менен прокуратура эртең мененки саат 10дордо араң кылмышболгон жерге келишкен. 9 сааттын ичинде кылмышкерлер туура Ташкентте жеАлматыда жүрүшмөк. Эгер ошончолук алыс кетүүнү кааласа. Кылмыш болуп өткөнайылдын эли асты кийин мындай укмушту угушпагандыктан жүрөктөрү түшүп үрпөйүшүпболгон окуя жөнүндө бирөөгө укканын айткандан качып калышты. Анткени болгонкылмыш иши жөнүндө ким түрлүү кеп таратса атылат экен же муунтуп өлтүрүлөт экендеген ушак айылга тарап кетти. Көп өтпөй айылдан бир жигит мас болуп муунупөлдү эле анын өлүмүнүн себебин да айылдыктар ушул окуяга байланыштырышыпооздоруна кум куйгандай сүйлөгүс болушту. Ал түгүл участкалык милиционер даден-соолугун шылтоолоп жумушун таштап келген жагына көчө качты. Кылмыштын өзөгүболсо тээ алыскы-алыскы жылдарда үйдүн ээси отузга чыгып оттой күйүп турган 30жыл мурдата жаткан.
х х х
Кемел аскерде Балтика флотундагы деңиз десанттык бөлүгүндөкызмат өтөдү. Ал кезде аскердегилер үч жыл кызмат өтөөчү. Кызмат өтөп жүрүпбүткүл деңиз флотунун бокс боюнча өткөрүлгөн чемпионатында атаандаштарын жалаңнокауд менен жеңип чемпион болду. Кемелдин күч-кубатына дене түзүлүшүнө кызыгыпкалышкан машыктыруучулар аскер кызматын өтөп бүткөндөн кийин Москвада калыпмашыгуусун улантуусун сунуш кылышты. Кемел буга макул болду, болгону төрөлгөнжерине сагынган айылына эки айча барып ата-энеси менен учурашып келүүнү өтүндү.Тагдыр аны айылда эмне кызыгы менен күтүп турганын кайдан билди. Армияданкелип, болгондо да "морская десантная" бөлүгүндө кызмат өтөп, анысыаз келгенсип чемпион болуп жердештерине жетишкен ийгиликтерин кантип далилдөөнүбилбей, урунарга тоо, урушарга жоо таппай турган жигиттин "бактысына" бир күнү айылга артисттер келгенде коңшу айылдын жигиттери менен мушташакетишпейби, мына ошондо Кемелдин көргөзгөн оюнун жердештери ондогон жылдарайтып жүрүштү го. Бир бирден гана муштап айылдын менмин деген зөөкүрлөрүн торойтоберген. Үчөөнүн ээги сынып, бешөөнүн кабыргасы сынган. Каргаша болуп бирөөсүнүнбоору катуу соккудан эзилип кетип ордунда жан берген. Ичиндеги арак ого бетержээликтирген Кекең ошо түнү отузга жакын жигитти эч кимге баш бербей өзү жалгызсабаган. Турмуш босогосун жаңы аттайм деп турган жигит ушинтип 14 жылга катуурежимге кесилип, Сибирге кете берди. Кийин Москвадан машыктыруучусу артынаниздеп келип, Кемел менен кошо келип жанында жүрүп алып кетпегенин арман кылыпдүйнө бокстун укмуштай бир чемпионунан айрылды деп ыйлаган дешет.
Кемелдин өмүрү өз айылынан күнчөлүк алыс чыгып көрбөгөнкарапайым ата-энеси ыйлап-сыктап кат күткөндөн башка аргалары калбай калаберишкен. Арадан жылга жакын убакыт өтсө да дайны билинбеген Кемелден бир күнүкат келди. Кыскача гана түрмөдө жатат деген эле аты болбосо жашоосу аябай жакшыэкенин; анткени бүткүл Сибир боюнча түрмөлөрдүн ички кожоюну болгон адамгабиринчи коргоочу (телохронитель) экенин жазыптыр. Андан кийин бир жылда бир жеэки амандыгын билгизген каттар келип турду. Күндөрдүн бир күнүндө он төрт жылгакесилген жигит шып этип үйгө кирип келди. Болгону арадан беш жылча өткөн.Чиштей кийинген. Мингени "Победа" машинасы. Анда райкомдор да мындаймашинага жете элек болчу. Келери менен баягы өлгөн баланын үйүнө барып куранокутту да атасы-энеси менен жеке өзүнчө сүйлөштү. Эмне сөз болгонун эч кимбилбейт. Болгону начар турмушта турушкан немелер кийин үй салып мал-жан күтүпоңолуп кетишти. Эл арасында балаңардын куну деп Кемел көп акча бериптир,ошондон булар байып кетишти. Кейпи киши өлтүргөн кылмышкер өз мөөнөтүнөн мурдабошону келип калды деп арызданбасын десе керек деген күбүр-шыбыр ушак жүргөнүболбосо ачык сөз болгон жок. Кемелдин табышмактуу жүргөн турганы алыскыСибирдин түрмөсүндө отуруп келиши карапайым айылдыктар үчүн жүрөк үшүткөн ишэле.

Жараткан Аллахка чексиз Мактоолор болсун!!!!!
#3 18 Июль 2012 - 16:17
Анда Кыргызстандын аймагында апийим айдалып, аты дүңгүрөптурган кези. Көп өтпөй Кемел областын даярдоо конторасына райондордонапийим кабыл алуучу контролер болуп орношуптур деп угуп калышты. Ошол боюнчаКемелди айылдаштары анда-санда айыл ичинде жамандык-жакшылык болгондо бир көрүпкалышпаса көрбөй да калышты. Кийин гана 70-жылдардын этегинде айылга эки кабаткелишкен үй салдырып көчүп келди. Жалаң даярдоо тармагында иштеп жүрүпден-соолугум болбой калды деп 60га чыкканда айылга келген экен. Колхоздунбашкармасы байлык десе байлыгы, байланыш десе байланышы бар Кемел ордумду алыпкоер бекен деп чоочулады эле андай болбоду. Өзү пенсияга чыккыча эрмек кылыпиштеп турайын деп колхоздун кампасын алды да мурдагы кампачыны өзүнө жардамчыкылып штат ачтырып койду. "Шеф өмүрү айлык маянасын албайт. Мен алам.Шабашкадан түшкөндүн гана өзүнө тийиштүү "кусогун"
алат", - депжүрдү жардамчысы.
Колхозчулар эки-үч айлап айлык ала албай кыйналып бараткандаКемел айлыктын акчасын берип койчу да кийин банктан акча келгенде бергенинкайра алчу. Муну башкарма, кассир үчөө гана билчү. Башка жан адамга ооздорунан чыгарбоогошерттешиптир.
Ал да жогорудагы кандуу окуя болуп өткөндөн кийин чыгып отурат.Айылда Кемелге 10 сомдон 1000-2000 сомго чейин карыз болбогон адам калбасакерек.
Өздөрү мүмкүнчүлүгү болуп бергенге чейин өмүрү басып барып биринен да"баягы карызымды"
деп сурабаптыр.
Кемелди айылдаштары астынан кыя өтпөй сыйлап турушунун башкыдагы бир себеби "Акты-ак, караны-кара" деген калыстыгы. Кырсыктап,башына кыйынчылык келип тургандарга кылчактабай жардам бергендиги болгон экен.Өткөн кырсыкка айлык эли тикесинен-тике туруп чын дилден кайгырышты. Ал эмиКемелдин айылдан сырткаркы жүргөндөгү 40 жылга жакынкы өмүрү алар үчүн табышмакбоюнча кала берди.
х х х
Адам баласы жаралганда алгач өзүнө тамак табыш үчүн жанаөзүн-өзү коргош үчүн түрлүү куралдарды ойлоп таба башташкан. Бара-бара акыл эсиөнүккөн сайын адамдар жаратылыштын жырткыч жан-жаныбарларынан коргонуш үчүнэмес, адам адамдан коргонуш үчүн жана адам адамды коркутуш үчүн, түрлүүкуралдарды ойлоп чыгара башташты. Ошентип жүрүп отуруп адамдар өздөрү жашап турганжерди да быт-чытын чыгара жарып жиберүүчү кудурети бар атомдук куралдардычыгарууга жетишишти. Адамдын акыл-эсинин өсүшү менен адам адамды башкаруунунмыйзамы болгон мамлекет жана аны башкаруу тартиби дегенди ойлоп табышты.Мамлекет жана мамлекетти башкаруу ыкмалары доорлор өткөн сайын өнүгүп отурупадамды өзүн-өзүнө каршы кое алган коркунучтуу куралга айландырды.
Жер бетиндеги эң коркунучтуу курал бул "адамкурал" болуп калды. Адамдардын бири-бирин баш ийдирүүгө, бири-бирин дыңдедиртпей өз кызыкчылыгы үчүн иштетүүгө карата жүргүзүлгөн зордук мурда кантөгүүчү аламан согуштар аркылуу болсо, бара-бара опузалап коркутууга өтүп,жүрүп отуруп "акча согушуна" айланды. Маселен доллардын дүйнөлүкрынокту ээлеп алышы нечендеген мамлекеттердин экономикасын талкалады. Ошол элеучурда эбегейсиз ээликке умтулуп, дүйнөнүн жармысын ээлеп алган мененМонголияны гүлдөтө албаган Чынгызхандын жүрүшүндөгүдөй Американын өзүнүнайласын кетирип азыр дүйнө жүзүндө канча миллиард доллар бар жана анын канчасыжасалма экенин биле алгыс абалга жеткизип, экономикасынын түбүнүн бошойбаштаганынан белги бере баштады. Улам алдыга жутунган адамдын акыл-эси" компьютер согушуна" кирип келди.
Эң кызыктуусу: түгөнгүс көч сымал акыл-эстин асты"компьютер согушуна" жеткен менен арты баягы алгачкы "Жаа мененнайза согушунан" үзүлө албай созулду.
Адам жаралгандан берки эки күрөш айыгышып тытышкан кармашынулай берди. Бул кармаш бир жагы адам адамдын акыл-эсинин жетишкендиги мененбири-бирине зыян келтирбей жыргал жашоого умтулуу болсо, экинчиси айрымадамдардын күчтүү акыл-эсин пайдалануу менен экинчи бир адамдардын үстүнөнбийлик жүргүзүп, өзүнүн жыргалчылыгы үчүн иштетип, жыргап жашоого умтулууболду. Биринчилери адам жыргалчылыгы деп ойлоп чыгаргандарын дайыма экинчитоптогуларга уурдатып жиберип жатышкандыктарын билбей келишүүдө.
Гитлердин тилин алып Россияга келип, сазына чөгүп, суугунатоңгон карапайым дыйкан Ганска эмне жок. Урдум сени Сталин менен өзүң жекегечыгып мушташа бер. Мен 10 теше жеримди айдасам жанымды багам деп айта алганжок.
Россияны Гитлер басып алган күндө да Ганска эч нерсе артмакэмес. Бары бир баягы 10 теше жерин айдамак. Ошондой эле Чынгызханды ээрчипкөчүгү жооруп Балтика жээгине чейин барган койчу Монголго эч нерсе арткан эмес.Жаман атын жоор кылып, сөөгүн сүйрөп баягы эле кароосуз калган боз үйүнөбарган.
Жер үстүндөгү эң акыл-эстүү жанмын деген адам баласы ушулкезге чейин жеке өз алдынча ушундай жөнөкөй суроолордун да жообун бере албайт.Адамдын өз башына өзү ээ боло албай аргасыз мезгилдин талабына көнүп кор болгонучурлары сансыз.
х х х
Азият ордунан туруп шашпай күндөлүк көнүгүүлөрүн жазыпбүткөндөн кийин, эки жаш кызга бүт денесине жеңил массаж жасатты да ошол элекыздардын жардамы менен рахаттана сүт кошулган жылуу ваннага жуунду. Жеңилкийим кийип кабыл алуучу бөлмөгө чыкканында биринчи жардамчысы "Кызылкөз" чыдамсыздык менен күтүп туруптур.
- Жигиттер Сиздин тапшырманы так аткарып келишти, - дедикичине ийиле. Азият шашпай креслосуна барып отуруп жатып "Так аткарбайкөрүшсүнчү эгер эле жандан аша кечишпесе" , - деп ойлоп койду да
- Кана апкелчи, ал эмне деген шедевр экен. Шыпылдай баскан"Кызыл көз" эшик ачып башын ийкегенде чачын кыска алдырган, беликындырдай далысы кучак спорттук дене түзүлүшүндөгү жигит кирип келди даколундагы кара дипломатты Азияттын астындагы столдун үстүнө коюп туруп оозуначты.
Азияттын денеси дүр деп ордунан секирип кете сактады.Көздөрү алайып, тамагы буулуп, үнү чыкпай калды. Өңү купкуу болуп чекесиненмуздак тер чыга түштү. 3-4 секундада барып араң өзүнө келди. Дипломаттын ичиндекөздөрү кыпкызыл денесинен тири укмуштуу миңдеген түрлүү нурларды бөлүпчыгарган, типтирүү жылан, оозун ачып, алтын тилин соймоңдотуп тикчие тиктептурган эле.
Азият эсине келгендеги биринчи кыймылы "Кызыл көз"менен берки жигитке чыгып кеткиле деп жаңсаган белгиси болду. Өмүрүндө бирөөнүналдында коркконун же апкарыганын билгизбеген жаны азыркы абалын тигилердинкөрүп турганына намыстана түшкөн.
Жылан экөө тиктешип турушту. Жылан менен тиктешип турупАзият өзүнүн кыбырап жүргөн бир пенде экенине, жыландын андан алда канча күчтүүэкенине, ал аны бир тиктегенде эле арбап койгонуна түшүндү.
Карышкыр менен сайгакка вертолет менен аңчылык кылгандантажап эриккенде ООганстанга барып адамдарга аңчылык кылып бугун чыгарчу Азиятжыландын астында бүжүрөй түштү. Өзүн эсине келтириш үчүн дипломатты жабайын депсунган колдору көтөрүлбөй калтырап ордунан кыймылдаганга даремети жетпегендебуту менен сырттагы телохронителдерин чакырчу кнопканы басты.
Шып этип кирип келген "Кызылкөзгө" дипломатты жапдеген белги берди. Дипломат жабылгандан кийин чыгып кете бер деп колун шилтепкойду.
Канча шалдырап отурду ким билет. Биртопто барып ордунанкозголуп укмуш бир кымбат дүйнөсүн тапкансып дипломаттын сыртынан аяр сылады.
х х х
"Азият" кличкасы. Чыныгы аты ким, ал түгүл улуту кимэч ким так билбейт. СССР күчтүү кезинде коммунисттик партиянын идеологиясынбүткүл Азияга КГБнын күчү менен тымызын жайылтуучулардан башка көзүрүболгондуктан "Азият" аттуу жашыруун атка ээ болгон. УчурундаМосквадагы ээги түшкөн абышка менен да МВДнын, КГБнын көзүрлөрү менен дакаалаган учурунда көзмө-көз сүйлөшчү. Бүткүл Азия боюнча тордой жайылган атайынокуу жайларынан даярдыктан өткөн КГБнын тыңчыларынын башында турчу.
Туюу сезими күчтүүсүнөн жана тыңчылары аркылуу дүйнөлүккабарлар менен дайыма тааныш болгондуктан СССР эртедир кечтир кыйраарын анысактап калууга мүмкүн болбой калганын, он беш жыл мурда билди да колундагытармакты жеке кызыкчылыгынын багытына колдоно баштады. Өзү менен дайымаМосквадагы атайын мектептен даярдыктан өткөн 30 жигитти ала жүрчү. Бул жигиттершефтин айтканын эч ойлонбой аткарууга жана туура же туура эмес деп талкуугаалбоого үйрөнгөн чыныгы жандуу роботтор болчу.
Бул жигиттер эч убакта байлык, дүйнө, өзүнүн жекекызыкчылыгы, келечеги жөнүндө ойлонушчу эмес. Алар үчүн шефтин сөзү ыйык, дыңдебей так аткарыш парз, керек болсо жанды бериш керек деген гана принципжашоочу.
Мына ушундай жигиттердин төртөө барып "Бриллиантжыланды" алып келишти. Алып келген төртөө жана Азияттын канча бир жылданбери жанынан чыкпай керек десе жүрөгүн окко тосууга даяр жигити"Кызылкөз" да көрүп коюшкандыктары үчүн эле "бриллиантжылан" жандарын соруп койгонун билишпеди. Болгону бир гана түндө жок болупкислотага ээрип кетишти. Алардын орундарын башкалар ээледи.

#4 19 Июль 2012 - 03:59

#5 03 Август 2012 - 09:21
Жети миң доллар... 7 миң... Муну күткөн эмес. Мынчалыкбайлыкка "Сокур ит бок жалагыча"
ээ боло калам деп ойлобогон.Эски одеял жабылган кроваттын үстүндө сулк жатты. Баш жагындагы төрт бурч жыгачотургучтун үстүндө жалаң 50-100 долларлык жашыл купюрлар чачылып жаттат. Эсинжоготуп койду. Эмне кылаар айласын таппай алактап башы иштебей калгандай болду.Ошондо окутуучусу Кадыр атанын насааттары эсине түштү. Кадыр ата көп айтуучукүтүүсүз колуна тийген дүйнөдөн адамды ач көздүк сезими башкарып, эс-акылынжоготуп адамкерчиликтен кетет. Эмоцияга алдырган маалда жасалган иштин баарыайланып келип өз башыңа муш болот. Туура жасап жатам деп ойлойсуң, бирок аягытуура болбой чыгат. Ошондуктан мындай учурда өз акыл-эсиңди,
кан айланууңдукалыбына келтириш үчүн көздү жуумп эч нерсе ойлобогонго аракет кылып сулк жатышкерек.
Ойлосоң балалык кездериңдеги кызыктуу күндөрүңдү гана ойло. Мындаймээдеги "жарылууну"
(эмоцияны) калыбына келтириш үчүн сулк жатуу"мээдеги жарылуунун"
күчүнө жараша 2 саат тан 8 саат ка чейинсозулат.
Андан соң туруп алып күндөлүк турмушуң менен алаксып баягы"байлыгыңды"
такыр унутуп койгонсуп көңүл да бөлбөй 2 күндөн 5 күнгөчейин жөн гана жүрүшүң керек. Мына ушул өзүңдү калыптандыруу ыкмаларынан өткөнсоң күтүүсүз табылган чоң дүйнө ал канчалык баалуу болбосун акылдан адаштыруукасиетинен айрылып күнүмдүк тиричиликке керектөөчү каражатка айланат. Дагы бирэстен эч убакта чыгарбоочу нуска, ашказанга таттуу тамактарды шыкай берсеиштебей,
ич өтүп, күптү болуп, кусуп калган өңдүү керектөөнү да кичинеден ченемменен баштап урунбасаң күптү кылып кустурат, - деп кулагына кумдай куйчу.
Окутуучусунун ар бир насаатын дайыма эсинен чыгарбайайтканын айткандай, дегенин дегендей так аткарып көнгөн Мыкын сулк жатыпкалганы ошол. Сулк жаткан калыбында уктап кеткен экен ойгонуп саатын карасаэртең мененки тогуз болуп калыптыр. Ордунан туруп эшикке чыгып келди да тарбөлмөдө адаттагы денесин машыктырган көнүгүүлөрүн шашпай дыкат жасады. Ананбарып отургучтун үстүндөгү жашыл купюрларды чогултуп, кроваттын астында жатканэски сумкасынын ичине жүз аарчыга ороп салып койду, бирөөнү да алган жок. Алуужөнүндө ойлобошко аракет кылды. Үйгө эски спортивкаларын чечип, жынсы шымыменен курткасын кийди да көчөгө жөнөдү. Эшигин кулпулап дарбазадан чыгайын депжатса квартирасынын кожоюну чыга калып кыйкырып калды.
- Мики квартира акысын качан төлөйсүң? (Мыкы дегенге тиликелбей Мики дечү).
- Саламатсызбы атаке!
- Атаке дегениң го жакшы. Квартира акысын да төлөшүң керек,уулум. Болбосо бошот. Убактың болсо өтүп баратат. Бир күнү төлөй албайм депкойсоң, мен сенин штаныңды чечип аламбы. - Көзүн үлүрөйтө Мыкынын бутундагыэски ботос менен өңү өчкөн жынсысын карап, - штаныңдын кимге кереги бар. Бекерберсең да албайт.
- Эки күн чыда атаке бүгүнкү күнгө ишемби, шейшемби күнгөчейин акча колуңузда болот.
- Эгер болбой калсачы?
- Жаман сумкамды көтөрүп чыга берем.
- Болду, эркектик акыркы сөзүң Мики. Башка узарта албайм.Ансыз да айдын он күнү өтүп кете турган болду.
Кожоюн чал жер төлөсүнүн квартира акысын дайыма ай сайынастына- ала алып турчу. Антпесе болобу. Өзү айткандай жаман сумкасында болсо бирже эки сыйра кийиминен башка эч нерсеси жок. Мыкыга окшогондор эртең төлөйалбайм деп баса берсе чын эле штанын чечип алабы.
Мыкы чөнтөгүн сыйпаласа кече кечте тамактангандан арткан онбеш сомдон ашык акчасы бар экен. Демек курсагын тойгузса болот. Автобуска түшүптүз Ош базарына келди да тамактанып алгандан кийин оптом товар саткан кырканыаралай Салкынды издеп жөнөдү. Салкын экөө айылдаш. Өзүнөн беш жашча улуу келин,жолдошу экөө ажырашып кеткен. Ушул базарда эки жылдан бери оптом товар сатыпоокат кылат. Мына Салкынга жардамдашып иштейт. Товарды Салкын жоопкер болупалат да кечке экөөлөп сатышат. Түшкөн пайызынын 60 проценти Салкындыкы 40пайызы - Мыкыныкы. Мындайда көмөктөшөт бири-бирине ишениши, алдашпашы керек. Мыкынынчынчыл экенине ишенип калган Салкын көмөктөшүп иштөөгө макул болгон.
Канткен менен экөөлөп иштеген жакшы экен. Товарды да сатыккатүрлөп көбүрөөк алсаң болот. Уурдатпай карап турганыңа да жакшы. Бириң соодагаалаксыганда, экинчиң карап турасың.
х х х
Мыкы таң атпай кыжы-кыйма болгон элден түртүшүп отурупСалкын отурган жерге келди. Салкындын кабагы суз экен. Алган товары да аз.
- Саламатсызбы эже. Кабагыңыз суз го.
- Бүгүн иш жакшы эмес.
- Эмне болду?
- Көз ымдап өзүнө жакын чакырды да үнүн пас чыгарып:
- "Шефти" тоноп кетиптир. (Оптом сатууга товарберип турчу фирманын кожоюнун "шеф" деп коюшчу). Бул товарларды башкафирмадан алып келдим. Мени көп жакшы таанышпайт да. Аз беришти. Бир жолдошкелиним ортого түшпөсө такыр беришмек эмес.
- Шефиңизди кимдер тоноптур? Телохранителдери бар дечү эмесбелеңиз?
- Килейген үч телеохронителдерин жаткыра чаап 10 миңдоллардан ашык акчасын алып кетиптир деп жатышат. Кейпи беш алты киши кол салсакерек. Толтура милиция. Фирманы жаап коюптур.
- Шефиңиз тирүү бекен?
- Тирүү. Эч кимиси эч нерсе болбоптур. Эстерин оодара чааптуруп алып кетсе керек. Балким дары чачкандыр. Деги белгисиз.
- Товар аз болсо мен башка жумуш караштырбаймбы?
- Жок. Тура бер. Кудайдын буюрганын көрөбүз. Жумуш элетабыла калат дейсиңби. Бир жумача честный иштесек бул фирма деле товарынкөбөйтүп бере баштайт.
х х х
Азим жумушка келери менен коңшулаш райондун кылмышкерлердииздөө бөлүмүнүн начальниги телефон чалды.
- Старик жардамыңыз керек болуп жатат. Түндө үйүңө телефончалсам жок экенсиң.
- Анчалык эмне болуп кетти.
- Жакшы иш эмес. Таң аткыча уйку бетин көргөн жокмун. Биздинаймакта өзүң деле билсең керек "Жанар" деген белгилүү коммерциялыкфирма бар эмеспи. Ошол фирманын кожоюнун тоноп кетиптир. Өзү 15 миң доллар депжатат чындыгы 10 миңдин тегерегинде болсо керек.
- Тоносо тоноптур да. Суунуку сууга. Ага эмне мынчакайгырдың.
- Кеп анын кылмышкерлер дүйнөсү менен да бийликтегилердинжогор жактагылары менен да байланышы күчтүү экендигинде болуп жатат. Таң атпайминистрликтен бири телефон чалып ийди.
- Ошондой де?
- Катардагы фирмач болсо баш оорутуп эмне кылам.
- Кылмышкерлер жөнүндө жыт барбы?
- Чынымды айтсам колго илинерлик эч нерсе жок.
- Кандай мотивде болуптур?
- Эки телохранители менен үйүнө кирип баратканда эстериноодара уруп долларды чөнтөгүнөн сууруп кеткен. Кылмышкер кожоюндун ганачөнтөгүн оодарган. Калгандарына тийген эмес. Балким шашкандыр. Акчаны ганаалган. Колундагы шакегин, саатын алган эмес. Үчөөнө тең бир-эки гана ударданжасалган. Үчөөнүн тең эстери ооп жыгылап калган. Эстерине келгенде кылмышкердинизи да жок болгон. Кылмыш 11-12нин ортосунда жасалган. Телохранителдердинайтымында ыкмаларды мыкты билген үч спортсмен бир учурда кол салгандай.
Сага кайрылганым да ошол. Спортсмендер менен байланышыңжакшы эмеспи. Өз каналдарың менен сураштырып көрсөң. Эгер кылмышкер табылыпкалса өндүрүп алуу разборун өзүмө койгула дейт жабырлануучу. Күнөкөр табылбасакылмыш дүйнөсүндө тымызын тирешүү башталып "авторитеттердин" бири-бирин аңдышмайы күчөп тономой, өрттөмөй, зордомой көбөйө турган. Жаңы элеар ким өз аймагына ээ болуп тынчып келатышты эле...
- Макул, түшүндүм коллега издөө салып, стукачтардынкулактарын бурайын. Эгер сырттан келген эле "летундар" болбосо шааркичине эмеспи табылып калаар.
Телефонду койду да колдорун көкүрөгүнө кайчылаштырыпкреслого чалкалай ойлонуп олтуруп калды. Көз алдынан өзү билген спортсмендердичууртуп жатты. Аңгыча эшик ачылып эки кызматкери күндөлүк жумуштары менен кирипкелишти. Алар менен сүйлөшүп бүтө электе орто бойлуу толук адам кирип келди.Уруксаатпы деген да жок. Өз төрүнө өткөнсүп түз өтүп келип кол алышып учуруштыда "Жанар" фирмасынын директорумун деди. Эмне мынча нахалданат дептырчый түшкөн Азим "Жанар" дегенди укканда тиге көңүл бура тиктей.
- Олтуруңуз. Сиз жөнүндө уктум. Түндөгү болгон окуя боюнчакелсеңиз керек деди. Тигил директордун оозу ачыла түштү.
- Байланышыңыз укмуш го. Кайдан уктуңуз?
- Биз шаардагы болгон кылмыштын барып угуп турабыз. Алөзүнчө сөз. Ишке өтөлү деди кичине барктана.
- Азим мырза кылмыш сенин районуңа тиешеси жок аймакта болсода сага келип отурам. Себеби мага кол салгандар мыкты спортсмендер. Машыкканспортсмендер болбосо, экинчиден өздөрүнө ишенбес мага кол сала алышмак эмес.Сизден суранарым мага кимдер экенин гана тымызын билип берсеңиз. Калганразборду өзүм жасайм. Хоть кайдан келген немелер болсун Россиябы, Өзбекстанбы, Казакстанбы өзүм чечишем. Бул жерде алдырган акчамдан мурда намысым күйүпжатат.
- Балким спортсмендер эместир. Баса сиздинтелохранителдериңиз кимдер?
- Чынымды айтайын жомоктогудай болду. Өзүм ударды сезгенделе жокмун, кулак түбүмдүн артындагы кежиге тарабым тыс дей түшкөндөй болду даэсиме келсем подьезддин кире беришинде жатыпмын. Телохранителдерим деле жөнбалдар эмес. Бирөөсү уксаң керек "Курбалды" деп коет. Экинчиситүрмөдөн келгенине жарым жыл боло элек "Кобра" деген неме.
Азим унчукпай ойлонуп турду да.
- Макул байке колдон келишинче издөө салайын, - деди ордунанкозголо. Бул сөз бүттү деген белгиси эле.
- Мына беш жүз доллар. Эгер так маалымат таап берсең миңдоллар берем. Кош бол деди да. Азим сөз сүйлөгүчө тигил бүктөлгөн жүздолларлыктарды Азимдин столунун суурмасына салып шартылдай басып чыгып кетти.
Кайрадан креслосуна денесин шалк таштай отурган Азим"Кубалды" менен "Кобра" телохранители болсо бул семизге кимдаап кол салды экен деп ойго чөктү.
Азим өзү да бир учурда республикага аты дүңгүрөгөн спортсменболчу. Шаардагы жалгыз спорт мектебинин бүтүрүүчүсү. Анын спортсмкен экенинтышкы келбети, чымыр дене түзүлүшү, бырышып-тырышып сынган кулактары деле айтыптурат. Органга келгенден кийин спортту таштаганы менен спортсмендерденбайланышын үзө элек. Спортссмендер жасаган кылмыштын дээрлик баардыгы мененкабары бар болуп кимдер аркылуу жасалганын билип турчу. Алардан алып турганөзүнө тиешелүү ставкасы да бар эле. Ашынып тартиптен чыккандардын, өзүмбилемдикке салып өз бет алдынча аракеттенгендерин, же башка чөйрөгө кошулупкылмышка илешкендерин "светит" этпесе ич ара сүйлөшүп өз"кусогун" алгандан кийин унчукпай калуучу. Ал түгүл айрым учурдатымызын аларга кабар жиберип жашынуусуна, качып кетишине жардам берүүчү.Ошентип" соода" эки жактан тең честный жүргөндүктөн спортчөйрөсүндөгүлөр да Азимди сыйлашчу.
Өзүнүн төрт ишенимдүү кызматкерин чакырды да калган ишиңердижыйыштырып кое туруп бобул ишти беш сааттын ичинде бүтүрүп мага кабар кылгыладеп кимдерге жолугуп эмне жөнүндө сүйлөшүү керектиги тууралуу ар кимисине тактапшырмаларды берип жөнөттү.
х х х
Мыкы күн сайын эрте туруп Салкын менен иштешкен жеринекелет. Өзүнө күнүмдүк тамака деп гана акча алып келген акчасын Салкынгакаттарып квартирага төлөйүн деп чогултуп жүргөн. Дүйшөмбүдө Салкынды түшкөжакын милицияга чакырып кетишти. Буга чейин эле угушкан "Жанар" фирмасынан товар алып соода жүргүзгөн коммерсанттардын баарын милицияда сураккаалып жатыптыр деп!
Арадан төрт саатча убакыт өткөндөн кийин келди.
- Эже эмнелерди сурады?
- Ушу милициянын өлүкканасын көрөйүн. Спортсмен таанышжигиттериң барбы? Шефиңер жөнүндө кызыгып сурап жүргөндөр бар беле? дегенсуроолорду беришет.
- Эмне дедиңиз?
- Эмне демек элем. Спортсмен таанышым жок болсо. Спортсменэмес дене түзүлүшү түзүгүрөөк да таанышым жок десем. Жигит таап берелиби депжалжакташат. Ким менен ишетейсиң дегенинен сени айттым. Эмнесин жашырайын.Эртең саат онго чакырды. Сени да, ме повескеси. Барып кой. Иним деп койдум.Эжем менен чогуу иштеп жан багып жүрөм, - деп кой да барып. Фирмага барганэмесмин ал түгүл атын да билбейм де. Мен ошентип айттым. Билбейм деген бир сөз.
Экөө кечке иштешти. Кечинде Салкындагы чогулган акчасын алсаквартирага төлөгөндөн кийин жүз сом ашчудай чогулуптур. Үйгө жетери менен убадабоюнча абышкага квартира акысын карматты. Эртеси саат ондо милициянын Салкынайткан бөлүмүнө барса повесткасын бир тергөөчү түшүнбөгөнсүп көпкө карап турдуда:
- Айылдан келгениңе канча болду? - деди.
- Жети айча.
- Кайда турасың?
- Квартирада.
- Кимдер менен?
- Өзүм жалгыз.
- Эжекең менен чогуу турбайсыңбы?
- Жок. Эжекең деп Салкынды айтып жатканын түшүндү.
Дагы бир сыйра беркинин жүдөө кебетесине көз жүгүрттү да.
- Бар кете бер, - деди.
Кечинде жумуш бүткөндөн кийин Мыкы Салкынга
- Эже мен эртең келбейм го, - деди.
- Эмне болду. Салкын чоочуп кетти.
- Казарманда бир туугандарыбыз иштейт экен. Ошол жактанбарып жумуш карайын деп жатам. Бул жерде жүрсөм жыргабайм го. Кыш келатат.Үстүмдө киймим жок. Тапканым кварплат менен тамагымдан ашчудай эмес.
- Казарманда эле жумуш даяр турат дейсиңби. Аякта жумушкаорношуш үчүн эле беш миң бериш керек дейт. Балким процентиңди көбөйтөйүн, мен55ин, сен 45ин, товарды көбүрөөк алып кышка чейин иштебейлиби. Салкын чындапМыкыны кетиргиси келген жок. Оор каробкаларды көтөрүү түйшүгүнөн кутулган.Чынчыл, ак ниет. Ашык бир тыйын да алдабайт. Мындай көмөктөштү издеп таппайсың.
- Эже барып көрөйүн. Болбосо кайра Сизге келейин. СалкынМыкынын бир тууган эжесинен уруксат сурагансып ийбагып турганына ичи жылый, жадырайкарап:
- Мейлиң Мыкын бактыңды бир сынап көр. Эгер болбосо кайракел. Ордуң даяр. Экөө жылуу коштошушту.
х х х
Квартирасына келгенден кийин эшикти ичинен илип бекитип коюпкроваттын астындагы эски сумкасын сууруп чыгып андагы мындан төрт күн мурда салгандолларларды сууруп чыкты. Оромолду чечип жашыл купюрларды дагы бир жолу санады.Жети миң эки жүз. Учтай кармай ойлуу отурду. Биринчи күндөгү санагандайтолкундануу жок калыптыр. Кадимки керектөөлөрүнө жумшаш үчүн чогултуп жүргөн өзкаражатынча беймарал эмне керек жана эмнеден баштап биринчи сатып алуу керекичинен тизмелей баштады. Бөлүштүрө келсе жети миң долларың көп деле акча эмесэкен.
Ушул түнү түшүнө Кадыр ата кирди.
- Тоноо, каракчылык кылуу жакшы иш эмес. Сага өнөрдүтоносун, каракчылык кылсын деп үйрөткөн жок элем уулум, - деди.
- Билем атаке (окутуучусун көзүнүн тирүүсүндө эле атакедечү). Бирок сиз мага сөзсүз аткарышың керек деп тапшырып кеткен иштерге жетишүчүн ушул жолго басууга аргасыз болдум. Экинчиден элге бекер гумманитардыкжардам деп келген товарларды саттырып арам жол менен байыган адамды тонодум.Мунумду Сиз кечиресиз го деп ойлодум.
- Билем уулум. Барыбир тоноо, тартып алуу жакшы иш эмес. Эмисен бул иштин даамын татып калдың. Токтотушуң кыйын. Дайыма өзүңдү актоонуншылтоосун табасың.
- Жок, Сиз тапшырган ишти аткарууга өзүмө шарт түзгөнүмдөнкийин мындай жорукту токтотом, ата!
- Ишенейин. Калганын турмуш көрсөтөт. Түштөн чоочуп ойгонупкетип чалкасынан жатып алып өткөн түндү жана ал түнгө чейинки даярдыктарынкайра баштан тизмектей эстеп кайсыл жеринен жаңылыштык кетириши мүмкүн. Кайсылжерден милициялар илинчек таап алышы мүмкүн деп ойлонуп жатты.
Бүткүл керектүү маалыматты Салкындан жана анын жолдош кызыГулядан чогултту. Кеминде бир жарым ай даярданды. Атайлап сураштырып чогултканжок. Кыздар өз ара сүйлөшкөндөрүн көңүл бурмамыш болгону менен ар бир сөзүнөнбери эсине тутуп жүрдү. "Шеф жаңы машина алганы жатыптыр" , - дейт.Кейпи "Джип" алат окшойт, - деген каңшаарды угары менен даярдыктычындап баштады. Эки жума бою Шефтин кайсыл маалда үйүнө келет. Телохронителдерикандай абалда ээрчип жүрөт үйрөндү. Эң ыңгайлуусу үйүнүн подьездине кирипбараткан жер экен. Фирманын өзүндө кол салууга такыр мүмкүн эмес. Куралчанмилиция отурат. Анысы аз келгенсип дайыма бештен кем эмес телохронителдериболот. Күн-түн дебей киши өксү болбойт. Дагы бир байкаганы кээде гана үйүнөбаратканда экиден телохранителин ээрчитип үйүнө киргиче коштотпосо көпчүлүгүшофер телохранители менен барып түшүп калып, өзү кирип кетет экен. Демек,коштошкон күндөрү жанында ири суммадагы акча болушу мүмкүн. Үйүнө кирүүнгөмүмкүн эмес. Биринчиден үй-ичинин кандай жайгашканын билбейт. Эшиги брон.Терезелери тор. Бешинчи кабаттан секирүү да коркунучтуу.
Акыры күткөн күнү да келди. Күн сайын ичинен капкара трикокийип, сыртынан жынсы шым кийип алып мерчемдүү жерге барганда сырткы кийимдеринчечип катып коюп подьездден он кадамча алыс эмес калың бактын ичинде күтчү.Алгач эки күнү Шеф подьездге жалгыз кирип кетип жүрдү. Демек кол салуупайдасыз. Үчүнчү күнү эки жандоочусу менен келди. Болгондо да менмин деген эңишенимдүү жигиттерин ээрчитиптир. Мындай учурду колдон чыгарбаш керек.
Машинадан түшкөндөн кийин астыда Шеф аны он жагынан жандай"Кобра" , үч кадамча артыраак "Кубалды" баратты." Ыш-шы" деген жыландын ышкырыгындай акырын добуш чыкты да"Кубалды" тамтаңдап барып күп кулады. Бул маалда кара көлөкө"Кобранын" жанынан ышкырып өтүп кеткенде "Кобра" бурулаберип кулап түштү. Эч нерсе менен иши жок кетип бараткан Шеф арттагыжигиттеринин кулап калганын да билген жок. Кара көлөкө ага жетип коркунучтууышкырып, тийип өткөндө бет маңдайы менен кулап түшө сактады. Кара көлөкө аныкулатпай кармап калды да кичине колтуктап туруп кырданта жаткырып коюп караңгытүнгө сиңип кетти. Бул окуя кылмышкерлер дүйнөсүн да спортсмендердин арасын дабир ду түшүрдү.Тоноочу дайынсыз жок болду. Кийин "Жанардын" директоруөзү эле Мени тоноп кетти деген шылтоо менен гум.жардамды саткандан түшкөнакчаны жогоружакта отурган табакташтары менен бөлүшкүсү келбей сөз чыгарыптырдеген имиш тарап кетти. Ошентип баары тынчып калды.
Арадан үч ай өтүп иш унут болуп баратканда дагы бир фирматонолду. Кол салуу ыкмасы "Жанардын" жабырлануучулары көрсөткөнгө далкелет. Тоноткондор чыгымды ири суммада деп гана көрсөтүшүп канча экенинжашырышты. Кылмышкер жөнүндө капкара кийинген көздөрү гана ачык, орто бойлуу,арык чырай шайтандан да ылдам кыймылдаган неме тоногон деген гана маалыматтүштү. Бул жолу кылмыш Азим иштеген райондун аймагына туш келди.
Таң аткыча уйку бетин көрбөгөн Азим эртең менен кабинетиндекапкара кофеден кайта-кайта ичип коюп дагы кайдагы "Ниндзясы" чыгакалды деп башы катып отурду.
Фирманын кайтаруучулары эң мыкты деген спортсмендер мененкиши өлтүрүүнү чымын чапкандай да көрбөгөн баш кесерлер экен. Беш кайтаруучуданөткөн. Тытышып кармашуу болбогон. Көлөкө сыяктуу эч дабышсыз пайда болуп, кайраэч дабышсыз жок болгон. Дардайган спортсмендер анын кайдан чыга калганынбайкабай калышкан. Соккунун тийген жерлеринде бармак басымдай кичине гана көгүштактар калган. Дээрлик бардыгы уктап кеткенсип эстери оогон да, бир жарым, экисаатта барып араң ойгонушкан. "Жанарда" да так ушундай болгонунайтышкан. Экспертизанын жыйынтыктары окшош.
Азим кылмыш иши козголгон делону алды да айыпкердин аты-жөнүдеген жерге карандаш менен кличкасы "Көлөкө" деп бадырайтып жазып койду.Мына ушинтип кылмышкерлердин дүйнөсүндө жаңы ысым, жаңы кличка пайда болду. Булкличканы чөнтөгү калыңдар үрөйлөрү уча үрпөйүп кеп кылып жүрүштү.
Азим иш кызыкчылыгы катары тонолгон фирманын коммерциялыкжүргүзгөн иштерине кызыгып көрдү эле жетекчилери буйтакташып оңдуу маалыматберишпей "Сенин милдетиң кылмышкерлерди табуу. Фирманын коммерциялыкиштерин текшерүү эмес" дешип жолотушпады. Тымызын сураштырса мамлекеттераралык келишим боюнча келген спиртти оптом сатып иштейт экен. Ошондой элегумманитардык жардамга деп келген кумшекер менен унду сатып бүтүп калыптыр.Убактылуу махинация кылуу үчүн түзүлө калган бул фирма имиштин ыплас иштеринбилгенден кийин "Ырас эле тоноптур" деп ичтен табалаганы менен өзүнүншаар боюнча кылмышкерлерди издөөдөгү авторитетине доо кетип ызаланып турду.Бүткүл шаардын аймагында наркомандардан баштап кандай гана топ болбосун өзүнүнстукачтарына кайрылып кичине үмүт кылгыдай да маалымат ала албады. Атайынтүзүлгөн группанын он эки мүчөсү күн-түнү бир жума чуркашып суй жыгылышты.
Фирма да өз байланыштары аркылуу издөө салууда. Министргечейин чакырылып иштин жүрүшү боюнча суракка алынды. Райначальниги жумушкакелери менен ишти ушул кылмыш тууралуу кабар алуудан баштайт. Киши өлтүрүүлөрда бул иштин астында унутта калчу болду. Тоночу жогорку бийликте отурганкөзүрлөрдүн биринин чөнтөгүнө тийгени айкын билинип турду. Эгер иш боюнча эчнерсе табылбаса келечектеги карьерасына да салакасы тиери байкалып калды.Министрде болгонунда "Сени чоң райондордун бирине начальник кылалы дедикэле. Эгер иш ачылбай калса кызматка көтөрүлүшүңдү ойлонууга туура келет",- деп ачык айтты. Астына чоң максаттарды коюп жүргөн Азим үчүн бул сөз өзөөртөургандай сокку болду. Эсепте жүргөн кылмышкерлердин бир экөөсүн кармап келипишти жармаштыра салууга да мүмкүн эмес. Эртең эле иш жалган түзүлгөнү ачылыпкалчудай. Тонолгон чыгым өтө ири.
Чыгыш күрөштөрүнүн түрлөрү боюнча бир катар адистерге,чеберлерге экспертизанын жыйынтыгы боюнча кайрылып мындай ыкмалар менен кимдермашыктырат, бул чыгыш күрөшүнүн кайсыл түрүнө жатат деп сураштырса баарыийиндерин куушуруп, баштарын чайкашат. Бир гана чебер экспертизадагысүрөттөрдөгү кара тактарды көпкө тигилип карап туруп "Бул адамды бир нечеубакытка уктатып коюу ыкмасын мыкты өздөштүргөн чебер экен. Мындай ыкмада машыктыруучуларТибетте же Кытайда болушу мүмкүн. Бул ыкма менен массалык машыгуу жок. Мындаймашыгуулар өтө сейрек кездешет. Укумдан-тукумга берилүүчү мурас. Чебер ыкманыөз канынан жаралган тукумга гана калтырат. Эгер ылайыктуу адам чыкпаса өзбаштары менен тигил дүйнөгө да ала кетишет. Мына ушундай өтө сейрек кездешүүчүыкмада машыккан чебердин Кыргызстандагы бир экенине ишенбей турам. Өтө таңкалыштуу. Бул миң сырлуу чыгыш күрөшүндөгү ыкмалардын өтө татаалына кирет.Булар манжалардын учтары менен гана иштешет. Адамдын денесиндеги кан тамыртүйүндөрүн, без түйүндөрүн мыкты өздөштүрүшкөндүктөн чыпалагы менен акырынсайып койсо адам уктап калат же өлүп да калышы мүмкүн. Эгер бары мен ойлогондойболсо бул өтө коркунучтуу кылмышкер. Мындай ыкманын чеберине туруштук берүүчүтелохранитель табылбайт. Табылган күндө да куну баштан ашат. Өтө кымбаткаиштейт дегеним. Булардын артыкчылыгы өтө шамдангайлыгында. Кол илинбей келипөздөрү сокку уруп кеткендигинде. Ниндзялар да булардын астында алсыз деп уккам.Мен бул ыкмада машыккандардын тукуму үзүлгөн го деп жүргөм. Азыр да бар экенинеишенбей турам. Булар чыныгы жан алгычтар. Болжолум ушул. Башка эч нерсе айтаалбайм. Муну да экөөбүз жакшы тааныш болгондуктан айттым. Болбосо бизде өзүңбилесиң тилди дайыма тишке кыпчып жүрүш керек. Болбосо тилиңе кошулуп башыңыргып кетиши кыйын деле эмес. Деги эле чыгыш күрөшүнүн чеберлеринин кангасиңген мыйзамында бир чебер экинчи чебердин ыкмалары тууралуу башкаларга кабарбербеши керек", - деди.
Муну уккандан кийин Азимдин башы анык катты. Балким,Кытайдан келген граждандардан бирөөлөр болбосун дейин десе, кийинки фирманытоногондо кыргызча, орусча такылдап сүйлөптүр. Кытайдан келгендер кыргызчабилгенде да, орусча сүйлөй алышпайт. Сүйлөгөндөрү кытай акценти мененсүйлөгөндүктөн сөзсүз билинип калмак. Тигил тескерисинче кыргызча-орусчааралаштырып сүйлөгөн. Ошондой болсо да териштирсем артык баш болбос деп сырттанкелген граждандарды иликтөөгө киришти.

#6 03 Август 2012 - 09:24
Азият "Бриллиант жылан" жөнүндө
алгачкытайда иштеп жүргөн жылдарында уккан. Кытайдан Монголияга,
андан Сибирдиаралап жүрүп Казакстан, Өзбекстан жакка оогонун иликтеген. Ошол боюгча жыланжөнүндөгң дарек дым болуп угулбай калган. Жыландын сырын каткан китептердинбири ички Кытайда, экинчиси Тибетте деп каңшаар укканы бар.
Күндөрдүн биринде Сибирдин түрмөсүнөн кабар келип отурбайбы:" Эгер менин түрмөдөн чыгышыма жардам берсе жана дагы бир талабым бар ошонуаткарса укмуштуу сырды ачып берем" деген. Чындыгында буга маани да бергенжок. Сибирдин түрмөлөрүндө нечендерди "сокур ит бок жалагыча" алдаганаферистер толтура экенин ансыз да жакшы билчү. Өзүнүн бизнестик иштери мененСибирге барып калып баягы сөздү эстеди да түрмөгө кайрылды. Өмүр бою түрмөдөнчыкпаганы жүзүнөн билинип турган, оозуна жасалма тиш кийген кличкачы "Протез" аттуу чал көздөрүн кыбыңдатып Азиятты бир топко тиктеп турду да "Да сынок,балким чын эле "бриллиант жыланга" ээ болууга сенин гана акыңбардыр" деп койду да кайра бурулуп кетип калды. Укмуштай эске тутуужөндөмү жана эмнени болбосун илгиртпей бат туюп жыйынтык чыгара алгандыгы мененайырмаланган Азият иштин төркүнүн шак түшүндү.
"Протезди" түрмөдөн чыгарып коюш Азият үчүн чоңэмгекке деле турган жок. "Протез" эркиндикке чыккандан кийинБишкектеги дарегин билдирип кабар жиберди. Жолугушууга Азият өзү келди. Жолугушууон минутага да созулган жок. "Протез" Азиятка жылан кимдин колундаэкендигин жана кандайча ага тийгендигин. Эгер "разбор" жүрүп кетсежыландын чыныгы ээси болууга анын акысы жок экендигин, эгер толук ээси болууукугун алгысы келсе кимге канча карызы барын жана ошондон кутулушу керекэкендигин гана айтып берди. Унчукпай угуп, унчукпай чыгып бараткан Азияттынартынан "Сынок, экөөбүз сүйлөшкөн жокпуз. Ошондой болсо да менин дагы бирталабым калды. Аны иштин бүтүшү менен куда кааласа айтармын" деди.
Азият креслодо чалкалай термелип отуруп "Оңбогон чалэмне айтаар экен" деп ойлоду жа кнопканы басып жигитин чакырды." Кызыл көздүн" ордун ээлеп андан ашпаса кем эмес кызмат өтөй баштаган" Куюн" шып этип кирип келди. "Бишкекке жөнөйбүз. Эки машина,өзүңдү кошкондо жети мыкты жигит ал" деди да бара бер дегенсип колункөтөрүп коюп өзү да ордунан козголду.
Азият өз бөлмөсүндө шашпай кийинип жатканда өзүн"эркемин менин айтканымды аткарат", - деп сезе баштаган он жетигежашы жаңы толгон, өң десе өң, бой десе бой келишкен Фаризат кирип келди дакылыктана "Сиз каяка, мени да ала кетиңизчи, Сизсиз мен эригем" депАзияттын мойнуна колдорун орой асыла кетти.
Азият тигини эки каруусунан катуураак кармай өзүнөнокчундата түрттү да ээгинен өйдө көтөрө капкара мөлтүрөгөн көздөрүнө тикчийекарап туруп "Экинчи эч убакта менден кайда барасың, эмне кыласың депсурабай жүр. Эгер керек болсоң сураттырбай ала кетем. Сулуу башыңдын ийниңдентүшпөй жүрүшүн кааласаң. Мен бар боломбу жок боломбу дайым өз ордуңду бил. Арбир бурчта менин көзүм сени тиктеп, кулагым угуп турат. Түшүндүңбү" , -деди да секин түртүп койду.
Фаризанын өңү купкуу болуп, тизелери калчылдап кетти.Азияттын көзүнөн адамдын көзү эмес кыпкызыл жыландын көзү жанып турган эле.
Азият менен "Протездин" жолугушуусу бул жолу делеотуз минутанын тегерегинде болду. Учураша элек жатып Протез "Сынок,товарга ыраазысыңбы" деди Азиятты адатынча көздөрүн кыбыңдата тиктеп турупанын жообун күтпөстөн "Билем ыраазысың, ыраазысың. Дүйнөдө мындай укмушжок. Мындай байлык жок. Өзүм көргөн эмесмин. Уккам. Көрбөгөнүм жакшы. Эми менинбир талабым бар..." деди да дагы көздөрүн кыбыңдата Азиятты тиктеп калды.
- Убада, убада. Талабыңызды айта бериңиз деди Азият. Ичиненжанаты болоор адамдын акыркы сөзүн угуп коюш чыгышта парз деп ойлоду.
- Сынок, менин ичээр суум деле түгөнүп баратат - деп баштады"Протез" сөзүн. Азияттын оюн билип тургансып. - Жакшы жашадымбы жаманжашадымбы өз өмүрүм өзүмдүкү. Бир билгеним кимдир бирөөнүн алдында каргыш алыпубада берсем дайыма аткарып келдим...
- Кыскараак сүйлөсөңүз. ..
- Сен да карыйсың, Сынок. Ошондо мендей калжырак болупкаласың.
Чыдап угуп кой.
- Айта бериңиз. Азият баш ийкеп койду.
- Мен акыркы жолу он төрт жылга кетип жатканымда бир менттинастында карганганым бар. Ал мындайча болду. Товарым менен мына көздөн кайымболуп бул шаардан жоголоюн деп турганда оңбогур кармап алды. Болгондо да жалгызөзү. Сары изиме чөп салып машкедей издеп жүргөнүн билчүмүн. Күтүүсүз колготүшүрдү. Жалынып кирдим. Өмүрүнүн акырына жеткидей акча сунуш кылдым. Күбө жок.Экөөбүз элебиз. Эгер кое берсең бул жер бетинен жок болуп кетейин. Экинчикылмышка барбайын дедим. Өмүр бою көксөгөнүмө жаңы жеткем. Буюрса баарынтоктотуп жаңыча турмуш баштайм деп кыялданып да бүтө элегимде оңбогон машкекармап жатпайбы. Өмүрүмдө бирөөнүн астында ошончо кор болуп жалдырапкөрбөгөндүрмүн. Деги эмнени гана айтпадым. Бутун кучактап буркурап боздопыйладым. Жок. Мерез экен. Колумду кайрып көчүкө тээп айдап кетти. 50 кило накапийим менен 70 миң рублди өкмөткө төгүп салды. Тобо өзү бир тыйынын да алган жок.Товарды төксөң төк. Жок дегенде акчаны өзүң алчы. Мен эч нерсе айтпайм десем даболбоду. Даана көңдөй экен. Кантейин күйдүм. Мени он төрт жылга айдашты. Тигилжактан дагы эки жолу кошулду ошентип отуруп минтип 26 жылдан кийин араңэркиндикке чыгып отурам. Сот бүтүп кетип жатканымда чакырттым. Келиптир. Келбейэле койсо экен деп тилегем. Шордуу келиптир. Кыйратып койгонсуп күлүп коетмылжыйып. Аялың барбы десем "Үйлөнө элекмин" дейт. Эмесе угуп алдедим. Акыры мен тигил жактан чыгып келем. Сенчелик эч кимге өчөшкөн эмес элем.Сага көгөрдүм. Так өз аялыңа башыңды кестиртип туруп бутумдун астынатоголоттуртам. Оң кулагың менен да сол кулагың менен да ук дедим. Шылдыңдапкүлдү. Бирок өңү бозоруп көзүнүн жалыны өчүп жалтаңдап кетти. Ичимден "а-аубадама жетет экемин" деп жоруп койдум. Ошол жигит иликтесем дагы делеорганда экен. Баарын уктуң. Калганы сеники. Ушул убадам аткарылса көрүмө тынчжатаар элем деди жүдөгөн кейипте бүжүрөй басып күрсүлдөй жөтөлө жатуучубөлмөсүнө кирип баратып кылчая карады да - Так ушул жерде башын аялы бут астыматоголотсо көксөөм сууйт, Сынок. Сени угуп жүрөм... угуп жүрөм, анык көк жалдеп. Калганын өзүң билесиң. Менин башка сөзүм жок деди да ары кирип кетти. Кошбол деген да жок.
Алжыган абышканын мээсин жайната атсамбы деп нечен ирээткойнуңдагы пистолетке колун эптеген менен Азият анте албады. Абышка кантсе даубадасын аткарды Азиятка "Бриллиант жыландын" так дарегин берди. ЭмиАзият да абышканын айткан талабын аткарышы керек. Убада аткарылгандан кийинабышка ыраазымын убадаңды аткардың дегенден кийин абышканы эмне кылса өзүбилет. Өмүрүн сактоо бири-бирине тийбөө жөнүндө сөз болгон жок. Азият абышкаакча, анан өмүрүн сурайт го деп ойлогон. Андай болбоду. Иш бир топ татаалдашыпкетти.
х х х
Күйөөсүнүн башын кесип алып кол сумкага салып келаткан аялавтобустан кармалды. "Сумкаңды ач" десе "Ачпайм" дептир."Эмне бар" деп ачып жиберген милиционер "апа" деп бакырыпэси ооп жыгылган экен. Көрсө сумкада көздөрү чакчайып, тили аз-маз бултуюпчыгып калган эркектин башы карап турган экен.
Чаң будуңу түшкөн автобустан эл түртүшүп түшө качкыча шашатөрт милиция жулунуп кирип барышып эч кандай деле каршылык көрсөтпөй купкууболуп отурган аялды сүйрөп чыгышты.
Аңгыча кайдан-жайдан экенин белгисиз кара "волга" пайда болду да ичинен үч шоодой болгон жигиттер чыга келишип "КГБнынөзгөчө коркунучтуу кылмышкерлер менен күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери" деген күбөлүктөрүн көрсөтүп, аялды сумкасы менен кошо машиналарына отургузуштуда "шуу" деп жүрүп кете беришти.
х х х
Аялга сумкасын көтөртүп жетелетип алып Азият Протездинэшигин түрткөндө эшик ачык экен. Азияттын жүрөгү бир нерсе шекшип ичкери жулунакирди. Үч бөлмөлүү үйдө өлүк тынчтык. Протездин жыты да калбаптыр. Стол үстүндөтил кат жатыптыр. "Сынок, сенин убадаңа тураарыңа ишенгем. Рахмат! Көксөмсууду! Эми чындап жашагым келет. Мени издеп убакыт коротпо. Жакшысы, мен сенжөнүндө эч нерсе билбейм, сен мен жөнүндө эч нерсе билбейсиң. Сени тереңурматтаган "Протез" - деген.
Катты окуп чыгып мыжый кармаган Азият өлө-сөлү чалга алдатыпжибергенине ызалана ичинен онтоп алды. Эң башкысы "Бриллиант жылан"Азиятта экенин так билген жалгыз бир күбөө тирүү колдон чыгып кеткени күйбөгөнжерин күйгүздү.
Босогого туруп калган аялдын каруусунан мыжый кармап турган"Куюн" "Муну эмне кылалы" деп аялды көрсөттү. "Милициягаөткөрүп таштагыла. Калганы ошолордун иши. Болгону укол сайып коюунуунутпа" деди да кыжырлана ордунан турду.
Абышканы сыртынан бирөөгө кайтартып койсомбу деп ойлопөлө-сөлү неме кайда бармак эле деп койгон. Көрсө оңбогон "Протез" артист болуп жаткан тура.
Он жети жыл чогуу жашаган күйөөсүн өлтүрүп, башын кесипсумкасына салып көтөрүп жүргөн аялды суракка алган милициялар эч нерсе делечыгара алышкан жок. "Акыл-эсинен айнып калган" деген жыйынтык мененакыл-эси кемдердин ооруканасына жиберишти да ишти жаап коюшту.
х х х
Мыкы бир жума квартирасынан эч жакка чыккан жок. Кожоюну"Эмне ишке чыкпай калдың, күндө үйүңдөн көрөм", - деди эле. Гриппболуп ооруп атам деп койду. Чыкса үйдөн көп алыс эмес жердеги кичине базаргабарат да тамак-аш сатып келет. Кечке эрмеги детектив романдар. Анан түрлөптамак жасап ичет. Тамакты бапестеп жасап ичкенди жакшы көрөт. Бу да Кадыратасынан алган нускасы. "Өзүңдү-өзүң сыйла. Өзүңдү сыйлоону тамактыбапестеп ичкенден башта. Санына эмес, сапатына кара. Дайыма чүйгүндөп сапаттуутамак ичсең ден-соолугуң чың болот. Ашыкча семирбейсиң. Алсырап арыктабайсың. Жаратылыш менен тең салмакта жүрөсүң. Жаратылыш менен тең салмакта жүрсөңжаратылыштан каалаган учурунда энергия топтоп ала аласың жана аны кайра өзүңкаалаган күчкө айландырып чыгара аласың" дечү. Окуучусуна далилдеш үчүнширенкени бир метрче аралыкка тике коюп туруп алаканы менен аба аркылуу түртүпкулатчу. Алаканы бир метрче жетпече да ширенкенин кабы бирөө чертип ийгенсип5-10 см учуп кетчү эле. Кадыр атанын укмуштуу өнөрлөрүнөн толук үйрөнө алганжокмун го деп калат өзүнчө ойго батканда. Кадыр атасынын өлөөр алдында акыркыайтканын эстеген сайын, атамдын айтканын аткара аламбы, өмүрүм жетээр бекен депжанын коерго жер таппай тыбырчылап кетет.
Мыкынын өз аты Марат болгон экен. Кийин эле чоңоюпкалганында туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жоголуп кетип жаңысын алганы баргандаөгөй атасы Мыкын деп жаздырып коюптур. Ошентип Марат аты өчүп айтылганда" н" түшүп Мыкы болгон да калган. Раматылыгы болгон өгөй атасы Мыкыгаэмнелерди гана кылбады. Өгөй атасынын машинасынын үнү алыстан угулганда, кайдажашынарын билбей эки бөлмөлүү үйдүн эч жерине батпай бүжүрөп калаар эле. Өгөйатасы колхоздун эскилиги жеткен калдырап-шалдырап тарпы тышына чыккан машинасынайдачу. Соо келеби, мас келеби жумуштан келээри менен колхоздун жетекчилерине, эски машинасына, тилин укпай айтышса айтышып, мушташса мушташып кеткен долуаялына (Мыкынын апасына) келген бүт жинин Мыкыдан чыгарчу. Бир жолу дубалдынкырында китеп окуп отуруп, өгөй атасынын келгенин көрбөй калган экен (көрсө машинасыбузулуп, талаада калып жөө келиптир). "Эмне дубалдын кырында отурасың.Чыга берип бүт дубалды уратып бүттүң. Сенин дубалга чыганагыңды көрөйүн", - деди да качпасын деп белине жип менен байлап алып, ичке-жон болуп тосулгандубалды кырлата чыбык менен шыйрака чапкылап, чарчап кулап түшкүчө чуркаткан.Дубалдын жонунун алакандын кырындай ичкелигинен чуркамак түгүл, басууга оорэле. Бир жолу балдар менен сууга түшкөнү барып кечирээк келсе өгөй атасы келипкалган экен. "Баланы ыйлатып карабай таштап коюп, кайда жүрөсүң?" -дегенде "Сууга түшкөнү баргам" - деди үлдүрөп. Эч убакта калп айтырчуэмес. Эгер калп айтса текшерип, билип калса "Сен мени алдайсың" - депэки-үч эсе ашыгы менен жаза алчу. Туруп-туруп эле "Сууга түшкөндү жакшыкөрсөң, жүрү мен сени түшүрөйүн" , - деди да, ай чыкканда айылдын четиндегикөлмөгө ээрчитип жөнөдү. Түн ичинде көлмөнүн ары жагынан, бери жагына сүзүпөтөсүң деп зордоп кирди. Таяктан корккон Мыкы сууда чала-була сүзсө ушул күнүсууга сүзгөндү чындап үйрөндү. Ары-бери жанталашып сүзө берип, бир учурдаколу- буту иштебей калып чөгүп баратканын бир билет. Көзүн ачса жээкте жатыптыр.Кейпи өгөй атасы тартып чыкса керек. Машинасынын камерасын үйлөтүп, минип алыпжээкте отурган болучу. Деги кайсы бир жоругун айтасың. Эстегиси да келбейт.
Өгөй атасы машинадан авария болуп өлгөндө кудайдын барэкенине ишенип, кубанганынан өңгүрөп ыйлаган. Өгөй атасы баласын эзип атса,апасы болуша да алабй, кээде тескери карап ыйлап, же көзүм көрбөсүн деп басыпкетчү. Кейпи тытышып уруша бергенден тажачу окшойт. Ансыз да эки күндүн биринде"Ээрчитип келген күчүгүңдү менин балдарымдан жакшы көрүп, тамактынтаттуусун катып бересиң. Кесме куйсаң этин көп саласың", - деген кайымайтышуудан уруш чыкчу.
Өз апасы менен атасы бир жарым жашында ажырашыптыр. Атасынынкандай экенин да элестете албайт. Россиядагы бир кендин курулушуна кетипдайынсыз болуптур. Өгөй атасы өлгөндөн кийин, апасы алкаш болуп кетти. Өгөйатасынан бир бала, бир кыз калды эле. Баласы кичинесинен ууру, тентек болупөсүп, кийин кыз зордуктап кесилип кетти. Карындашы эстүүрөөк чыгып, турмушкачыгып, өзүнчө эл катары, оокат кылып жүрөт. Апасы Мыкы армияда жүргөндө масболуп келип уктап калып, газга уугуп өлүп калган.
Кадыр атага жолукпаса өзү ким болмок, кандай тарбияда өсмөк.Азыр элестете албайт. Кадыр атаны айылдаштары Кытай чал дешчү. Себеби1960-жылдардын этегинде чек ара ачылып Кытайдан кыргыздар келе баштагандаайылга келиптир. Чокчо сакал эки бетинин ортосунан оту жанган, чыкыйган ортобойлуу, баскан-турганы шамалдай тың чалдын турпаты Мыкы үчүн эс тарткандакандай болсо, көзү өткүчө өзгөрбөдү.Мыкыдан бөлөк айылдаштары Кытай чалдын атыКадыр экенин билишпей да калышты. Болгону Үркүндө Кытайга качып барыпата-энесинен айрылып, ошоякта калып чоңоюп, минтип карыганда жерин издеп келгенкыргыздын бир чалы катары өтүп кете берди. Кадыр ата колхоздун кампасынкайтарчу. "Кытай чалда уйку жок. Чычканга кебек алдырбайт" , - дешипайылдаштары кампага буудай, жем уурдаганы барышчу да эмес. Кытай чал ичкиликичпегендиктен мурдагы кароолчулардай бир бөтөлкөгө бир каптан жем алуу датоктогон. Өзү кампанын жанындагы үч бөлмө үйдө турчу. Жаткан кроваты, тамакбышырган газы анан өзүнө жеткендей идиш-аягынан башка ныпым оокаты жок эле. Чалушул айылда жашаган бир урууга аты-жыты тууган экен. Жаңы келгенде кемпир алыпберели десе болбой койгон экен, ошентип жалгыз өзү турчу. Кытай чалдын жашыканчада экенин эч ким билчү эмес. Өзү да так жашын айтчу эмес. Үркүндө1916-жылы тестиер бала экенмин деп койчу. Короосунда тоок, индук бакчу. 10-12сотке келген ээн жаткан жерди колхоздон уруксат сурап тосуп алып түрлүүжер-жемиш тикчү. Кытай чалдын огородунда эмнелер гана өспөчү. Бышпайт деген жежөн эле көңүл буруп айдабай жүргөн көптөгөн түрлүү жемиштерди Кытай чалогородуна айдап өстүрө баштагандан кийин, айылдыктар да айдай башташчу. Кимменен болсо да бакылдашып сүйлөшүп кетчү. Шайыр чал бир гана өзү жөнүндө эчкимге, эч нерсе айтчу эмес.
Кытай чал менен Мыкы 6-класста окуп жүргөндө эгин сапырганыбарып жүрүп, жакын болуп кетти. Эгин сапырганы барган балдардын баары кырмангаөздөрү менен кошо тамак ала барышчу. Мыкы гана эч нерсе алып барчу эмес.Алпарайын десе үйдө жарытылуу эч нерсе болчу эмес. Арактан башы чыкпаган апасынана жасаса да чийки кылып же күйгүзүп таштачу.
Бир күнү балдар тамакка отурганда Кытай чал Мыкыны өзүнөчакырды да үйүнө ээрчитип барып чогуу тамактанышты. Мыкы өмүрүндө мынчалыктаттуу тамак ичип көрө элек болчу. Чоң табака куюлган тамакты кандай түгөтүпташтаганын өзү да билбей калды. Анда эмне деген тамак экенин да билген эмес.Лагман ичкенин кийин билди. Нанынын даамы да бир башка. Дасторкон толо түрлүүждемиш, жөн эле көздү алаңдатат. Каалаган тамагын ичи ооругуча ичти. Кытай чалда тим эркине койду. Тамакка тойгондон кийин экөө сүйлөшүп отурушту. КөрсөКытай чал Мыкы жөнүндө көптү билет экен. Жа дегенде өгөй атасы көлгөчөктүргөнүнөн, селкинчек тебесиң деп күздүн суугунда сыртка селкинчекке таңып,таң аткыча калтырганынан бери билерин айтса Мыкынын оозу ачыла түшпөспү. Көрсөбүт эле айылдаштары билишет экен. Апасы ыйлап-сыктап ар кимге айтчу окшойт. Чогуутамактанып жүрөлү, келип тур деди Кытай чал кетеринде. Эртеси дагы өзү ээрчитипкетти. Корунуп жүрүп жалтак, тартынчаак өскөн Мыкы өзү баргысы келип турса да,эгер чакырбаса баралмак эмес.
Бара-бара Мыкы Кытай чалдын үйүнө конуп да калчу болду. Экөөаябай ынак боло башташты. Эч ким менен чечилип сырдашпаган Мыкы Кытай чалдан эчнерсе жашырчу эмес. Кытай чалга жолукканга чейин жашоо Мыкы үчүн жалаңуруш-талаш, бирин-бири басынтып кордоо, жектешүүдөн тургандай туюлчу. Жашапжүргөнүнө да маани берчү эмес.
Жашоо - өмүр деген таттуу экенин, адамдын келечекке койгонмаксаты болорун, ага жетиш үчүн тынымсыз аракет керек экенин Мыкы Кытай чалдынүйүнө бара баштагандан кийин билди. Кытай чалды Мыкы "ата" деп калды.Ошол боюнча кийин да чын-дилинен өз атасындай көрүп жүрдү. Муну Кытай чал датуйчу. Ата мээримин билбей, атага эркелебей чоңойгон бала ичики сезиминдеатасын жоктоорун билип, анын ордун аз да болсо толтурууга аракет кылчу.
Арадан жарым жылча өткөндө Кытай чал Мыкыны маңдайынаотургузуп алып олуттуу сүйлөп "Менде бир өнөр бар. Ал өнөрдү эч кимгеүйрөтпөсөм, өзүмдүн башым менен кетет. Ошол өнөрдү сага үйрөткүм келип жүрөт.Ал үчүн сен менден өнөр окуй баштаганыңды жан адамга айтпашың керек. Өмүр боюсыр сактоо колуңдан келеби", - деди тикирейе тиктеп. Мыкы эч нерсеге тереңмаани бербей туруп эле "Сиз жан адамга айтпа десеңиз айтпайм", -деди. Анда касам ичели деди да Кытайча дуба окуп эски баштыктан күрөң булгарыменен сыртталган кытайча жазылган китепти сууруп чыкты да, эч кимге сыр айтпоожөнүндө Мыкыдан ант алды. Мыкы күрөң китепти чекесине үч жолу тийгизип антберди. Ким антты бузса китептин сыйкырлуу күчү өрттөп өлтүрсүн деп туруп Кытайчал колдорун бийчилердикиндей ийрелеңдете булгалап келип алакандарын китептинүстүнө коюп туруп "Фуу-у" деп үйлөгөндө оозунан кадимкидей кызылжалын алоолоп жомоктогу ажыдаардын оозунан чыккандай ышкырык чыкты. Мындай дыкүтпөгөн Мыкынын жүрөгү түшүп калды.
Мына ушинтип Кытай чал жумасына үч жолу эки сааттан Мыкыныөнөргө үйрөтүп да, окутуп да баштады. Экөө үчүн бир бөлмөнүн терезелеринсырттан ичкери көрүнбөсүн дешип, ак сыр менен сырдап ташташты. Кытай чалдынүйүнүн тегерегинде башка киши жашаган үй жок болгондуктан, булардын терезенисырдап салганына эч ким да маани берген жок. Ансыз да бош бөлмөнүн полун тазажууп коюшуп, жалаң такта полдун үстүндө чыгыш көнүгүүлөрүнүн ыкмаларын,бийлерин үйрөтүүчү болду. Мурда чыгыш бийлери, чыгыш күрөшүүнүн ыкмаларытууралуу эч нерсе билбеген, анда-санда индия кинолорунан "каратэ" ,"ушу" деген уруштун ыкмалары болорун көрүп калып жүргөнү болбосотакыр тааныш эмес ыкмалар Мыкынын балалык сезимине дүрбөлөң салып окуугабаш-оту менен кирди. Чарчаганын, кыйналганын, денесинин ооруксунганын Кытайчалга билгизбегенге аракеттенүүчү.
Окуу учурунда Кытай чал аябай сүрдүү талапкер болуп кетчү. Арбир туура эмес жасалган кыймыл үчүн жаза алчу. Окуу жеке эле көнүгүүлөрдөн эмесчыгыш элдеринин маданияты, улууну сыйлоо, кичүүнү ызаттоо,окутуучусуна кыңдебей баш ийип окуу учурунда талапты так аткаруу, өнөрдү жаман иштергеколдонбоо, алсыздарды коргоо, ырайымсыздыкка каршы туруу, чындыкты дайымбаалап, өзүң да чындыкта жашоо өңдүү эрежелер боюнча тарбиялык насааттардыкулагына кумдай куюп, муну турмушта сөзсүз колдонуу керектигин айтчу.
Окуунун экинчи жылында Кытай чал Мыкыга кытай иероглифтеринүйрөтө баштады. Баягы ант алганда алып чыккан күрөң китепти кээде баштыгынаналып чыгып окуп калчу. Мыкы кийинчерээк байкады, атасы китептин баштан аяктүшүнбөй жаткансып кайта-кайта окуй берээрин. Китептин сырты булгарыдан, ичкибарактары болсо кандайдыр бир клей сыяктуу нерсеге катырылган жибек чүпүрөктөйтуюлчу. Сыртында жыландын жармысынын тилин соймоңдотуп турган сүрөтү бар болчу.Ар бир тамга кашкая ак сыр сыяктуу боек менен жазылган эле. Айрым барактарындаадамдын жылаңач дене түзүлүшү жана миң сандаган чекиттер, айрым барактарындажердин, үңкүрдүн жарымысы жок түшүнүксүз картасы, акыркы барагында жарымкаалганын сүрөтү боло турган. Мыкыга кытай тамгасын иероглифти үйрөнүү өтөоорго турчу болду. Тамга окуугуча кандай оор көнүгүү болсо да үйрөнүүгө макул эле.Муну сезген окутуучусу кыжалаттанып көңүл коюусун талап кылчу. Кээде "Сенали мен сага үйрөтөйүн деген өнөрдүн биринчи барагын да үйрөнө элексиң. Булокуу учу-кыйырсыз окуу. Менин өмүрүм жетпеди. Бир бөлүгүн да толук үйрөнөалбадым. Сен тырышчааксың. Эрте да баштадың. Жок дегенде жарымысын окуп үйрөнөрбекенсиң" деп калчу. Секирсе чимирилип барып үйдүн төбөсүн тебе алган,ажыдаарча оозунан жалын чыгарып бир метр алыстан туруп ширеңкенин кабын учураурган окутуучусу ушинтип айтса Мыкынын башы кеңгирей түшчү. "Ата эмне үчүнөнөрүңүздү элге көрсөтпөй жашырасыз" , - деди Мыкы бир жолу. Окутуучусу биртопко үнсүз ойлуу отурду да мунун жообун угууга сен али даяр эмессиң. Дагыбилимиңди тереңдетишиң керек. Акылыңды да өстүрүшүң керек. Учуру келгенде өзүмайтам деп койду. Кийин чындыгында өзү айтты, бирок толук айтууга жетишпей,сырдын жарымын өзү менен алып кете берди. Мына эми, ошол окутуучусу Кадыр атаайтууга үлгүрбөй калган табышмактуу сырдын түйүнүн чечүүгө белсене киришип,керек болсо бүт өмүрүн жумшаганы турат.
Ойлогон ишти баштоого 7200 доллар өтө аз болоорун эсептепэки жүзүн майда керектөөлөрүнө деп чөнтөгүнө салып 7 миңин катып койду.
Спирт, кумшекер саткан балдарды айланчыктап бирөөлөрү менентил табышып иштешип кетемби деп жүрүп "обүягы" менен таанышып калды."Обүяк" жалпы спирт саткан топту жөнгө салып башкарып, тиешелүү" кушун" алып тургандан башка да Мыкыга окшогон он чактысына өзүнүнспиртин саттырып, түшкөн акчанын 20 процентин сатуучуларга берип калганын өзүалып турат экен.
"Обүяк" жеткен дардаңпоз, кулагы угуп көзү көргөнүичине жаткырбаган ачык ооз, мактаганды жакшы көргөн өпкөсүн колуна көтөрүпжүргөндөргө кирээрин Мыкы көп өтпөй жакшы билип алды. Шыпылдап ийкемкыймылдаган, айтканды айткандай, дегенди дегендей так аткарган, берсең алган,бербесең сурабаган Мыкы да "Обүякка" жагып калды. Спиртинин көбүнМыкыга саттырчу болду. Бара-бара спирттин акчасын төккөнү "Борборго" да ээрчитип бара баштады. "Борбор" деп коюшчу башында турган фирманы.Мыкыга машинасын айдатып кийинки кездерде шоферундай уруна баштады. "Менименен жүрсөң кор болбойсуң. Кыз десең кыз, акча десең акча болот", -депкүпүлдөп калуучу. Тирешкен жерде бир нерсеге жарасаң болду. Бирөө катураак бирмуштап койсо чимкиригиң акпайбы? Дене түзүлүшүң түзүк эле, коркок болбосоң болдудеп калчу.
Күндөрдүн биринде "Обүяк" таноолорун дердеңдете" Кожоюндун сейфинен бир мүшөккө толчудай жалаң доллар көрдүм. Аз жерденэсимди жогото сактапмын. Өмүрүмдө мычалык көп акча көрбөгөм" деп калды.Мыкы ошол замат ишти жыйнаштыруу керек экенин сезди. Узартса кеч болуп калышымүмкүн. Кечинде адаттагыдай "Шефи" экөө түнкү барга барганда башкабир топтун жигитине "Чалыр көз" деп тийише кетти. Тигил көзү чалыркүрсүйгөн неме экен ооздон ары берип калды эле Мыкы топудай учту. Кежигесиненкармап тургузуп туруп курсакка бир муштап "Кана кайталап койчу эмнедедиң" -дегенде "Байкабай. .. кечире көр. Мындан кийин сизди дайымбайке деп жүрөйүнчү" , - деп жалынып жиберди. Топтошуп карап тургандаркыраан- катка каткырып жиберишти. Тигил топтун башчысы Мыкынын"Обүягына" тийишип, "Тили менен көчүк жалагандан башкагажарабаган шофердон бөлөгүн таппай калдыңбы. Мага жакшы төлөсң мыктыжигиттеримден кайрылышам дегенде" кыпкызыл болуп чыңала түшкөн"Обүяк" чалырдын колунда шүмүрөйүп турган Мыкыны жеп ийчүдөй карапбасып барып көчүктөн ары бир тепти да экинчи көзүмө көрүнбө. Эркек имиш. Тепкенбуттан айлангыр чурку" деп бутун жерге сүрүп сүрүп койду.
Ушуну гана күткөн Мыкы көздөн кайым болду. Менмин депдардаңдап турган жыйырмасын беш минутага жеткирбей таш-талканын чыгара сулатыпсалуучу жигит атайлап анткорсуганын бири да сезген жок.

#7 14 Август 2012 - 05:52
Кандайча кол салуунун
жолдорун мурда эле бир нечежолу караштырып чыгып пландап койгон. Коңшу көчөгө такси менен келди даболжолду жерине токтотуп туруп эгер жарым саатка чейин чыкпасам күтпөй кетебергин"
деп эскертип, сураган акчасын алдын ала төлөп коюп караңгыга сиңипкетти.
"Операция" ушунча жеңил өтөт деп Мыкы ойлогонэмес. Бийик дубалдан дабышсыз секирип түшүп эшик алдындагы кайтаруучу отурганкичинекей будканын жарымы ачылган эшигинен караса колго көтөргөн кичинекейтелевизорду маңдайына коюп алып жыргап секс кино көрүп отурган экен. Артынандабышсыз келип эки кулактын алдына манжалары менен сайганда башы шылк дейтүшүп, коңурук тартып кирди. Аңгыча офистин эшиги ачылып ичтеги кайтаруучулардынбири "Коля" деп кыйкырды да дабыш болбогон соң сөгүнө бери жөнөдү.Кирип келип уктап жаткан Колясын көрүп бир кадам аттай электе өзү полго сулады.Кара көлөкө жылт коюп офистин ичине кирди. Туалеттен чыгып келаткан бирөөсүменен бетме-бет келе түштү. Ал "Эй сен кимсиң" дегенге үлгүргөн жок.Жүрөк тушуна урулган, удаа эле эки кулакка эки колдун алаканы менен урулгансоккудан чалкасынан түшүп калды. "Телохранителдер" отурган бөлмөгөкиргенде, экөө жанаша отуруп алып видеофильм көрүп отурушкан экен орундарынанжылбаган боюнча уйкуга кете беришти. Биринин мойнуна илинген автоматты алды да"Шеф" отурган бөлмөгө кирип барды. "Шеф" компьютер мененбир нерселерди аябай эсептеп жаткан экен берки маңдайына келгенде араң байкады.Ордунан атып туруп, "Сен кимсиң" деди.
- Жан керек десең үнүңдү чыгарбай сейфти ач, - деди үнүнатайлап бузуп киркирей сүрдүү чыгарып. Көздөрү алая түшкөн "Шеф"коркконун билгизбөөгө аракеттенип;
- Ушул жерден тирүү чыгам деп турасыңбы? - деди кайраттуусүйлөй. Кара кийимчен автоматтын оозун чекесине такады да:
- Кош бол келесоом - деди.
Иштин тамаша эмес экенин сезген Шеф:
- Токтой тур, сейфти өзүм ачып бербесем сен шрифтеринбилбейсиң. Каалаганыңды бүт ал болгону тирүү калтыр - деди үнү калтырай.
- Мунуң акылдуу сөз. Бол кыймылда! - деди Кара көлөкөавтоматты тигинин чекесинен алып.
Шеф колдору калчылдап атып сейфти араң ачты. Андан аркысынбилбейт. Эки кулагынын түбү "тыс" дей түштү да эсинен ажырады. Эсинекелсе ак халатчандар тегеректеп туруптур.
- Мен кайдамын? - деди эрдин араң кыбыратып.
- Ооруканадасыз - дегенди укканда кайра уйкуга кетти.
Кара көлөкө тыкан кыймылдап сейфтеги тиреле жыйылгандолларлар менен сомдорду ийиндегичи бар сумкасына шыкай салды да ордунан турупавтоматты Шефтин столунун үстүнө таштап шыпылдай басып эшикке бет алды. Темирдарбазаны ичинен ачып шашылбай чыкты да караңгылыкка сиңди.
Күтүп турган так#### келгенде саатын караса туптуура 15минута убакыт өткөн экен. Таксист да саатын карап алып жылмая жигитке," Убадага так экенсиң" деди. Жигит үндөгөн жок. Болгону барар жеринайтты.
Мыкы эки күндөн кийин гана сумканын ичиндегини санады. 320миң доллар, 270 миң сом жатты. Мынчалык ири сумманы күткөн эмес. Чындап жүрөгүопкоолжуй түштү.
Операциянын ойдогудай жеңил өтүшүнүн себебин Мыкынын такэсебинен мурда да фирмадагылардын бизге "тиш салчулар" бул шаардатөрөлө элек дешип кам санабагандыгынан болду.
х х х
Республиканын кылмышкерлер дүйнөсүндө чаң тополоң болуп,"Авторитет" атыккандар кайта-кайита чогулушуп, талашып-тартышып аларболсо өздөрүнүн аймагындагы "Обүяктарды" чогултуп кылмышты кимжасаганын издеп жатышты. Эч шыбыш жок. Ал түгүл шектене турган бирөө жарымы датабылбады. Чыр күчөп отуруп "авторитеттердин" атышуусуна айланды.Жарым жылдын ичиндже республика боюнча сегиз "авторитет" атылды.Подвалдарга камалып кыйноо көргөн, дайынсыз жоголгон "Обүяктар" болду. Республикада таасирлүүмүн деген эки "авторитет" аттарынөзгөртүп коңшу республикага качышты.
Ички иштер органында иштегендер да жөн калбай, а түгүлтүрлүү шылтоолор менен кысым көргөн министр да отставкага кетти. Мына-мынакызматтан көтөрүлөм деп турган Азим тескерисинче бөлүмдүн начальнигиненкылмышкерлерди издөө группасынын тергөөчүсү болуп калды. Жарым жыл изилдеп биржигит таппаганына ызаланган Азим. "Бул ишти өмүрүмдүн аягына чейин изилдейберем" -деп өжөрлөнүп жүрдү.
х х х
Мыкы көпкө ойлонду. Астын элестетүү мүмкүн эмес эле. Кандайда болсо Кадыр атанын айтканын, окутуучусунун астындагы шертин аткаруу турду.Ан үчүн Кытай ирреглифин окуганга жетишишип тилин суудай билиш керек.Кыргызстандын жогорку окуу жайлары чыгыш илимин үйрөтүүнү жаңы баштагандыктантүзүк базалары жок. Жөн эле мезгилин жоготот.
Москва, Ленинград, Владивосток мына ушул үч шаардын бириндебилим алсам анан кандай да болсо Кытайга өтсөм, калганын турмуш өзү көрсөтөрдеп чечти. Чоң жолго чыгардын астында атын өзгөртүп жаңы паспорт алды. Талаатүздө жүргөндө улутумдун аты өчпөсүн деп Кыргыз-Шаа деген атты өзүнө өзү койду.Шаа - деген жыландын пири дегенди кичине кезинде укканы бар. Издегени" Бриллиант жылан" жана анын сыры болгондуктан эмнегедир ушул аттыөзүнө ылайык көрдү.
Шаанын (Мыкы мындан ары паспортко ылайык ушундай аталат)жүктөрүн текшерген таможнянын өкүлү эки чемоданга салынып, ирээттүү тизилгенроза гүлдөрүн көрүп "Бизнестин маданияттуу түрүнө өткөнүң жакшы, бирок үчкүндө поезд менен жеткиче соолбой чыдайбы", - деди таң кала тиктеп.
- Чыдайт дарылап койдум - деди Шаа шакылдай. Тигил ийнинкуушуруп койду да басып кетти.
Шаанын максаты гүл сатуу деле эмес болчу. Долларын билгизбейалып жүрүүнүн жолун ушинтип тапкан.
Вагондор ордунан козголуп улам күчөп, улам күүлөнүп астыгазымырап жөнөдү. "Кайыр кош тууган жер мекеним" деди Шаа ичинен.Кайрылып качан келери белгисиз. Деги аман кайрылабы же сөөгү белгисиз жердекалабы десең.
х х х
Кемелдин тергөөсү көпкө созулган жок. Ишти чойгудай ортоготүшкөн киши болбоду. "Жеңилдетип кой, кыскартып кой" деп Кемел өзү дабүт күнөөнү жалгыз мойнуна алды. Кошо мушташкандарды "алар мениажыратам" дешкен деп актап койду. Ошентип эк айдын аралыгында соту бүтүпэркиндиктен он төрт жылга айрылып кете берди. Алгач Молдовановканын түрмөсүнөкелди. Анда бир айча отурбай Карагандага айдады. Баш аягы жүздөн ашык киши этапболуп барышты. Бишкектен (Анда Фрунзе деп аталчу) Карагандага жеткичекөрбөгөндү көрүштү. Бир кишилик орунга үчтөн кылып тыгып таштаганы аз келгенсипар бир станцияга токтошот. Улам эле алардын вагонун үзүп таштап кетет. "Эңбаасыз товар биз экенбиз да" дешип түрмөчүлөр үшкүрө күлүп калышат.Ошентип бир күндө жетчү Карагандага төрт күн дегенде араң жетишти. Чилденинчыкылдап турган учуру суук вагондордо бири-бирине ыктап тыгылышкан буларды"суук тийип ооруп калат экен ай, ден-соолуктары бузулат экен ай"дешкен да жок. Түрмөгө түштүң сени адам катары эсептебей калаарын Кемел ошондобилди.
Карагандага түн ичинде келишти. Жолдо ит көрбөгөн азапты көрүпараң келишкен эмелер жатаканаларына бөлүнүшөөрү менен эле уйкуга кетишкен.Кемел канча уктаганын билбейт бир учурда "Тургула пахан келатат"деген жоон үндөн ойгонуп кетти да "Пахан эмес нак кудайдын өзү болсо даурдум" деп башын жаздык менен чүмкөп кайра уйкуга кетти.
Аңгыча карылуу кол кежигесинен катуу силке тартып туруп"Эмне кулагың каңырышпы" деп кирилдей кайрылды да али көзүн ачыпойгонуп өзүнө келе элек Кемелди беттен аары былч дедире берип калды. Катуутийген муштумдан ызасы кайнай түшкөн Кемел ордунан илбирстей ыргып туруп,жаткан нарынан жерге секирип түштү.
Маңдайында далдайган кавказдык жалжайып күлүп туруптур." Уйкуң ачылдыбы" деди бейкапар. "Ачылганда да кандай ачылдыдейсиң. Менин уйкумду ачкандыгың үчүн, кейпи сен түбөлүк уктайт окшойсуң" деди Кемел оозунун канын аарчып жатып.
"Эмне дедиң эси жогум" деп тигил колун созоКемелдин ээгинен көтөрүп келекелейин деди эле "шак" этип ээгинетийген муштумдан буттары жерден жарым метрче көтөрүлө түшүп барып килейгенденеси топтой тоголоно кардын астына тыгыла түштү.
"Кемел" деген үндөн артына кайрыла калса дагы биркүрсүйгөн неме бычак шилтеп келаткан экен. Колу менен бычакты катуу кагыпжиберип, табарсыкка тепти эле тигинин колунан бычагы ыргып, жан жерин бүрүшүпкармаган боюнча ордунда чимирилип-чимирилип кетти. Так чыкыйга бир урду элебашы менен жер сүзө жыгылды.
- Токтоткула! - деген каардуу үн чыкты. Кемелди көздөйжулунуп келаткан дагы эки жигит орундарында туруп калышты. Кемел светтинжарыгынан бою ортодон жогорураак, чымыр денелүү кашка баш кишини эми көрдү.Экөөнүн көздөрү чагылыша түштү. Көздөрү тим эле жыландыкындай заардуу экен.Бөрү тиктешке салып Кемел да жалтанган жок. "Пахан" ушул экенинтүшүндү.
- Болуптур, - деди тигил өзүнөн-өзү боксерлордун рингасындайболуп ачылып калган ортого кадам таштап. - Биз сиздерге братвалар жаман ойменен келген жок элек. Жөн гана таанышып учурашалы дегенбиз. Бул жактын мыйзамыушундай.
Кемелге жакындап басты. Күтүүсүз кол салып жүрбөсүн депКемел боюн жыйрып секирүүчү илбирстей түйүлө түштү да:
- Чырды биз баштаган жокпуз. Сиздер баштадыңыздар. Ал эмиучурашууга эртең да убакыт табылмак. Ансыз да суук "Столыпинде" (түрмөчүлөрдү ташыган вагонду ушинтип атап коюшат) төрт күн жол жүрүп араңкелгенбиз.
- Туура, - деди тигил. Экөөнүн көздөрү дагы чагылыша түштү.
"Пахан эмес нак кудайдын өзү болсоң да аянышаар жеримкалган жок" деген жан кечтиликти окуду тигил Кемелдин көзүнөн. - Сиздер эсала бериңиздер калган сөздү эртең мененки тамактан кийин сүйлөшөбүз, деди дашарт бурула эшикке бет алды. Чыгып баратып жанында жүргөн жигиттерине тигилердида сүйрөй чыккыла деди катуу соккудан али толук эстерине келе албай тоңкочуктапжаткан берки экөө жакка башын жаңсай.
Алар чыгып кетээри менен чогуу жаткандар Кемелди тегеректейкалышты. Бирдарлары "Азамат! Даана жигит экенсиң" десе, бирлери"Бекер кылдың тымызын киши жиберип эми өлтүрүп коюшу мүмкүн" депчыгышты. Болору болду дешип эшикти ичинен бекем бекитип туруп, жарым сааттанкезек менен эртең мененки подемго чейин күзөтүп чыгышмай болушту. Чогуу келишкентың жигиттер биригишип эмне болсо да Кемелге арка-жөлөк болуп берүүгөубадалашышты. "Мынча болду эми жок дегенде Пахан болбосоң да экинин бириболууга күрөш. Атың аткыча бүт лагерге бир ай өтпөй союздагы түрмөгө дүңк дейтурган иш жасадың. Бул Пахан атактуулардын атактуусу. Кличкасы "Каражылан" биз болсо сага арка-жөлөк болууга даярбыз", - дешти мурдатанжаткандар.
Молдовановкадагы түрмөдөн, түрмө тартиби пахан жөнүндөуккан. Тигил жактын Паханы бир жолу келип Кемелдер менен учурашып "СилерКарагандага, андан Сибирге кетесиңер. Сибир бүт эле түрмө, кайсыл жеринетүшөсүңөр, буйруктан. Жылуу кийим алгыла. Ден-соолугуңарга сак болгула"деген өңдүү кеп-кеңештерин айтып кеткен. Бары бир этап болуп кетишчү катуурежимдегилерге, өзгөчө киши өлтүрүп түшкөндөргө ал жерде сый гана мамилеболоорун Кемел билген эмес. Болгону "Паханың" деле катардагы" селсаяк" турбайбы деп койгон. Минтип түн ортосунда келип тургузарын, анысы аз келгенсип бетке муштаттыраарын күтпөгөн. "Мен киши өлтүрүптүштүм. Болгондо да 14 жылга, катуу режим менен. Менин аянар жерим жок. Демек,мени баары сыйлап турушат" деп ойлогон.
Түн тынч өттү. Булардын тынчын эч ким бузган жок. Эртеңмененки тамак ичилип бүткөндөн кийин шыпылдаган бирөө келди да Кемелди"борборго" чакырып жатканын айтып кетти. Жалгыз жибербейли эмне болсода чогуу көрөлү дешип тандалган он жигит кошо жөнөштү. Бир этап болуп келгенжүздөн ашык кишиге тымызын кабар жиберилди. Сак тургула. Эмне болсо чогуукөрөлү. Жалгыз Кемелди талоонго калтырбайлы деген.
Пахан Кемелди отузга чукул жигити менен күтүп туруптур.Экитарап бетме-бет келгенде бирин-бири көздөрү менен ата тиктешип калышты.Сөздү Пахан баштады:
- Кемел кел мындай, мага баш ийип, айтканыма көнө турганболсоң тынч калабыз. Анда мен сени жакын жигиттеримдин бири катары кабыл алам.Жок көнбөйт экенсиң күч сынашууга туура келет. Кандай дейсиң сөз сенде деди.
- Кемел катарында турган Игорго көз кыйыгы менен карады.Түрмөдөн башы чыкпай келаткан өгүздү да жыга урчудай кейиптенген Игордункличкасы "Звер" болчу. Оң колун койнуна катып араадан жасалганбилектей канжарын мыжып турган эле.
- Убада, убада. Коркпо. Биз сени мененбиз. Айткан сөзгө турдеген белги берди "Звер". Бир кдам астыга чыгып,
- Менин бир гана талабым бар. Мен экинин бири, так айтканда" Кара жыландын" биринчи телохранители, эгер жаза тайып "Каражыландын" орду бошосо, ордун ээлеп калуучу адамы болууга гана макулмун.Эгер менин бул талабыма макул болбосоңор күч сынашууга даярмын деди чечкиндүү.Кара жылан кичине ойлонуп үнсүз туруп калды да.
- Бул өтө оор талап. Биз акылдашалы. Туура бир сааттан кийинтак ушул жерден жолугушалы - деди да артына бурулду.
Кемелдердин катарына "тигил тараптагылар отуз бешэкен" деп эсептей коюшуп дагы он беш тандалма жигит кошулду." Кыргызстандан келген бирөө Пахан менен тирешип жатыптыр" дегенжаңылык бүт лагерге "дүң" дей түшкөн эле. Жалпы лагердеги абал бирнерсе күткөндөй тынч.
Кемел менен мушташса Пахандын оң колу болгон кавказдык жигитмушташат. Жеткен баш кесер. Киши өлтүрүп экинчи жолу түшүшү. Бычак менен мыктысайышат. Дзюдо күрөшүнүн чебери деген кабар беришти. Эрдин тиштей көгөргөнКемел муштумдарын кычырата түйүп "Ушул муштумдун кесепетинен түрмөнүнтузун таттым. Эми кор болуп тебелендиде жүргүчө муштумдун кесепети менен өлөйүнже адамча өз ар-намысымды сактап өтөйүн" ичтен өзүнө-өзү шерт берди. Беталган жагынан кайтпаган албуут долулугу, өжөрлүгү кармап күчү ташкындап чыкты.
Туура болжошкон учурда кайра жанагы жерден жолугушушту. Дагысөздү Пахан баштады.
- Кемел эс акылга кел. Менин биринчи адамым болуш үчүн эмгекөтөш керек. Тирешүүдөн өмүрүңдөн айрылып калышың мүмкүн... Кемел тигинин сөзүнбөлө:
- Көп акыйнек айтышуунун кереги жок ишке өтөлү. Пахан эмиүнүн өзгөртө кыжырлуу чыгарып:
- БОлуптур, менин биринчи адамым "Башкесер" мененчыгасың. Бул жерде эреже жок. Максат жеңиш. Өмүрүңөргө эч ким кепил болбойт.Өлсөңөр өз ажалы менен өлдү деп ушул жерде тургандын баары күбө өтүп коебуз.Кана эмесе ортого чыккыла да баштай бергиле. Эскертип коеюн эки тараптан теңортого түшүп эч кимдин болушууга акысы жок. Ким болушууга аракет кылса мына булканжар жүрөгүнө кадалат деди да узундугу карышча келген канжарды жанындагыстолбага сайып койду.
Кемел күрмөсүн чечип свитерчен болду. Баш кесер белине чейинжылаңачтанып жиберип "Хаа-а" деп кыйкыра ортого секирип чыкты. БоюКемелдикинен пасыраак, кейпи 1,84-1,85 болсо керек, көкүрөгүндө бычактын тырыгыбар. Чымыр денелүү неме экен. Кемелдин бою 1,90 эле, салмагы 90 кг. мушташчу.Кантсе да түрмө менен санаа бир аз аздырып койгону болбосо формасын жогото делеэлек болчу.
Жакын келген Игорь унчукпай туруп Кемелдин светерин чечипбелине чейин жылаңачтады да "Тигинин дзюдис экенин унутуп койдуңбу. Колунаилинбегенге аракет кыл ме муну белиңе илип ал" деп шыбырай белиндеги шапбычакты куру менен кошо чечип Кемелдин белине байлады. Тигинин да белинде чоңдугуушунча бар бычак салпактап жүргөн эле. "Дагы эскертейин колуңдан келсежайлап сал. Тирүү калтырсаң акыры түбүңө жетет. Булар өжөр эл болот" депшыбырай далыга таптап ортого чыгарды. "Муштумга бир кептелсең жаныңкалбайт го" деди Кемел да ичинен.
Экөө ортодо бука тооруш кылып бир айланып чыгышты дабирин-бири качырып сала беришти. Тигил илбирстей секирип келип Кемелди муштумшилтетпей дзюдонун ыкмасына салып көтөрүп урсам деди эле. Кемел шарт буйтапбаратып көкүрөккө, карууга, кулактын астына, удаа үч жолу муштап өткөнгөүлгүрдү. Муштумдар көздөгөн жерге жетпесе да тигинин көзүнөн чаар чымын учуп,муштум эмес темир тийгендей боло түштү.
Өжөрлөнө түшүп канжарын сууруп алды. Кантсе да биринчичапчышууда үстөмдүк алып эрдемсий түшкөн Кемел белиндеги канжарды куру менен чечипалып "Игорь тос" деп ыргытып жиберди да тигини жалаң муштум мененкачырып сала берди. Аскерде "атайын бөлүктө" кызмат өтөп жүргөнкездеги машыгуу учурунда Кемелге бир эмес экөөлөп канжар менен качыргандар дакөздөгөнүнө жетчү эмес. Атайын бөлүк деген атайын бөлүк, жанды коргоого жанадушманыңды жок кылууга үч жыл ичинде мыкты эле каныктырган.
Экинчи качырышууда бычак шилтеген тигинин колу аркасынакайрыла түштү да боор тушка муштум менен кыска сокку жеди. Эси эңгирей түшүпөзүнө келгиче экинчи сокку табарсыкка удаа эле ээке тийди. Колунан бычагы ыргыпкөмөлөнүп түштү да кандайдыр бир айбаттуу үн чыгара дагы "Ха-а" депыргып тура калды. Болду окшойт деп турган Кемел тигинин ачуу үнүн укканда өзүнкармай албай калды. Кайрат кылганы менен коргонууга жарабай калган неменинчыкыйына оң муштуму ошол эле маалда бооруна сол муштуму кадала түштү. Тигилыргып барып башы карга сайыла түштү да оозунан кан атып кетти. Кемел дагытурабы деп күтүп калды эле тигил тараптан чыккан бирөө тамырын кармап көрүпколун кайчылаштыра "Жан таслим" болуптур деген белги берди.Тегеректегендер Кемелди үрпөйө карап калышты. Адамды муштап өлтүрүп койгондукөрүшө электер бар эле. "Дьявол" деди бирөө күбүрөй. Кемел ошентипошол жерден "Дьявол" деген кличкага ээ болду. Күтүүсүздөн эле Паханчечинип кирди.
- "Дьявол" иш тескери айланып калды экөөбүз да күчсынашпасак болбойт". Ар бирибиздин ордубузду так ажыратып алалы. Болбососенин даңкың менин кадыр-баркымды да басып салат деди да, ортого чыга келип,кандайдыр бир бийди бийлеп кирди. Карда жылаңайлакчан болуп бут кийимин чечипкойду. (Анда чыгыш күрөшүнүн түрлөрү болгон, ушу, каратэ өңдүүлөр союздунаймагында тыюу салынып элдин бул ыкмалар жөнүндө түшүнүгү жок болчу). Кемелчыгыш күрөшү тууралуу "атайын бөлүмдө" кызмат өтөп жүргөндө бир топуккан. Өзү да жашыруун тренери менен машыгып калчу. Чыгыш күрөшүнүн чеберлеринеөздөрүндөй гана чеберлер туруштук бербесе өтө коркунучтуу болоорун далайэшиткен. Чыгыш күрөшүнүн бийин бийлеп жатканын шак түшүндү да илбирстей ийилипсак болуп калды.
Экөөнүн кармашы көпкө созулду. Муштумдар да буттар дамерчемдүү жерге даана тийбей аба жарып ышкырып өтүп жатты. Кемел чарчайбаштады. Кантсе да үч айдан берки көк шорпо алын соруп койгон эле. Тигинин бою1.80че келип Кемелден бир топ пасыраактай көрүнөт. Жашы кыркка таяп калса дажап-жаш жигиттей чапчаң. Кар үстүндө мышыктай секирип, жыландай туйлап жүрөт.
Оңтой келгенде Кемелдин муштуму чыкыйга шак дей түшкөндө экиметрче учуп кетти да кайра түйүлө секирип тура калды. "Кантсе да кеңгирейтүштүң болуш керек" деп тынчтана түшкөн Кемелдин кежигеси не тигининсогончогу шак дей түштү. Эсине толук келгиче экинчи согончогу чыкыйына тийгендебети менен кар сугуна кулады. Ордунан тамтаңдап турганы менен эсине толуккелалбай жер айланкөчөк атып жүрөгү айланып кускусу келип чыкты.
Каражылан түз тура албай темтеңдеген Кемелди кичинеге тиктептурду да шыпылдай басып келип "Дарман кандай!" - деп көкүрөгүнөналаканы менен түртүп койду эле Кемел көчүгү менен шалак деп карга отуруп калды.Каражылан Игорду чакырды да Кемелди кайра алпарып жайгаштырышты, жанына бешжигит алып күнү-түнү жанынан чыкпай кайтарышты. Кыскача түшүндүрүп тапшырды даКемелди колунан тарта кайра өзү тургузуп туруп "Менин биринчи ишенгенжигитим болушуң менен куттуктайм. Өз ордуңду нак эмгегиң менен татыктуу жеңипалдың. Селсаяктар уктуңарбы. Дьяволду эсиңерден чыгарбагыла. Баарына кулактаркылып койгула!" - деди да басып кетти.
Игорь Кемелди кучактай "Жеңиш биз жакта. Эми адамчажашайбыз. Түрмө азабын тартпайбыз" деп шыбырай сүйлөдү.
Кемелди Игорь баш болгон жигиттер мындан ары жашай турганжайына алпарды. Төркү бөлмөдө Пахан өзү жалгыз жатат экен андан кийинки бөлмөдөКемел менен Игорь жайгашты. Атайын тамак иче турган, эс алып отура турганбөлмөлөрү өзүнчө лагердегидей нар эмес диван кроваттар коюлган. Диван креслолоркоюлган. Таптаза акталган жайды көргөндө Кемел түрмөдөн чыгып үйгө келгендейболо түштү.
Бир жумача Пахан Кемелди эс ал өзүңө кел деп эч ишинеаралаштырган жок. Эртеси эле түрмөнүн склад башчысы келип Кемел менен Игордунразмерлерин алып кетти да эки сыйра жапжаңы кийим өтүгүнөн бери апкелип берип,эскисин алып кетти. Тамакка жалпы түрмөчүлөр ичкен ашканага барышпайт экен.Турган үйлөрүнүн бир бөлмөсүндө даярдап берет. Эми тамактын түрүн айтпа. Эмнекааласаң турат. Эркиндикте жүрүп да Кемел мындай түрлөп тамактанчу эмес.

#8 14 Август 2012 - 05:53
Арадан эки жумача өткөндөн
кийин Пахан Кемел мененжай отуруп сыр бөлүштү. "Эки айдан кийин Сибирге которулабыз.
Эчаккоторулуш керек эле мен үч айга ушул жерде болууну сурангам. Ал жактагы зоналарбири-
бири менен бекем байланышта.
Ар бир зонанын өз Паханы болгону менен жалпыбаары биригип келип баш ийген бирөө бар.
Ал жеке эле бүткүл Сибирдеги түрмөлөрдү эмес кылмышкерлердүйнөсүн да башкарат. Биз бул жактан этап болуп барганда мына ошол адам мененбеттешебиз. Анын ордун алыш үчүн мен түрмөгө түштүм. Ортодо сен чыга калып иштитатаалдаштырып жибердиң. Мен өзүмдүн жанымда дайыма жүрө турган жана мен үчүнөмүрүн кыйууга даяр жигиттерди топтодум эле. Эми минтип бузулуп отурат. Сен эмимени менен ысык-суукта дайым чогуу болгон, эч убакта сатып кетпей турганишенимдүү жигитим боло аласыңбы маселе ушунда турат" деп ойлонуп отурупкалды. Кемел кичинеге үнсүз турду да "Мен сизге азыр мен сизди өмүр боюсатпайм, ишенимдүү адамың болом" деген күнүмдө да Сиз ишене койбойсуз. Алтүгүл өз сөзүмө өзүм да ишене албайм. Анткени мен сиз жөнүндө эч нерсе билбейм.Сиз мен жөнүндө толук билбейсиз. Таанышканыбызга эки жумадан аша элек. Бир ганаишенимдүү айтарым тигил зонага которулуп барганыбызда мен сиз тарапта боломжана сатып кетпейм, бул менин эркектик сөзүм. Калганын турмуш көрсөтөт" -деди.
Пахан экөө тиктеше түштү. "Рахмат. Чындыкты айттың.Менин бир билгеним буйтактатпай чындыкты бетке айта алгандар сатыпкетпейт" - деп Кемелди далыга таптай ыраазычылыгын билдирди.
Ошол күндөн баштап тандалган отуз жигит күн сайын 4-5сааттан машыга башташты. Машыгууну Пахан өзү өткөрчү болду. Кемел менен элденбөлөк өзүнчө да 2-3 сааттан машыгат. Кемелге чыгыш күрөшүнүн ыктарын үйрөтөт.Кемелдин өзгөчө бөлүктө кызмат өтөп жүргөндөгү үйрөнгөн ыктарынашамдагайлыгына, тубаса кара күчүнө ыраазы болуп жүрдү. Эки ай бүтүп этапболордун акыркы күнү машыгуудан кийин Кемелдин далысынан таптай "Сени магакудай жиберген окшойт балким тигини өзүң эле сулатып бүт ишти чечипкоерсуң" - деди жылмая. Бара көрөлү деди Кемел тартынбай. Эки айдын ичиндеэле мыкты тамактануулардан жана тынымсыз машыгуудан жаш организми баягычемпионаттарга катышып жүргөндөгүдөй формасына келип өзүн толук кайраттуу сезипкалган эле.
- Күрөш оңойго турбайт. Сөзсүз кан төгүлөт болуш керек. Менименен беттешээрин билип ал да үч айдан бери тынымсыз даярданып жатат. Анынбиринчи телохранители алтымыштарга чыгып калган калмак чал "Чагылган" деген атына жараша чыныгы кан ичээр. Чыгыш күрөштөрүнүн жеткен чебери. Ошолчалды жеңсек калганы жеңилге турчудай.
- Алтымыштагы чалды кантип жеңбейли.
- Эч убакта антпе, чыгыш күрөшүндө жетимиштеги чалдаржыйырма бештеги менменсинген жигиттердин жилигин үзүп койгон учурлары өтө көп.Эмитен эскертейин ал чал менен сен беттешесиң. Өзгөчө аяр болбосоң сенинжаштыгыңды, аңкоолугуңду пайдаланып, өлөсөлү чал болумуш болуп туруп сенинжүрөгүңдү үзө урушу толук мүмкүн. Бир эле мисал: өткөндө экөөбүз мушташыпжатканда мен атайлап сенин муштумуңду чыкыйыма кое бердим. Чындыгында муштумчала тийди. Эсим оой түшкөн кейипте сендиректемиш болуп калсам сен түйүлгөнбоюңду жайып жибердиң да менин соккуларымдан коргоно албай калдың. Чыгышкүрөшүндө мындай куулук өтө көп. "Ушул чалды деп теңсинбеген мамилежасасаң эле жеңилдим деп эсептей бер" деген өңдүү көптөгөн насааттарынайтты.
х х х
Кудай пендесине чексиз акыл-эс берип жаратып жаткандаэртеңкисин, келечегин болжоп билбесе, так билгизбей биринен кем кылып койгонуменен адамдын жашоого болгон кызыкчылыгын арттырган тура. Болбосо эртең, биржылдан кийин, он жылдан кийин эмне болоорубузду так билип, өз тагдырыбыздыөзүбүз көрө билгенде жашоонун кызыкчылыгы болмок эмес экен. Тагдырыбызга эмнежазылганын билбей астыга максат коюп, ага жетем деп жулунганыбыз менен биздинкүнүмдүк жашообуз кызык экен го. Кудай пендесинин жүрөгүнө улуу үмүттүн отунсалып аны жакшылык менен байланыштырып койгондуктан башына кандай ганакыйынчылыктар түшпөсүн, жана ооруп кандай гана кыйналбасын тириликке умтулаттура. Мына ушул улуу үмүт отунун жакшылык менен байланышы үзүлүп өчкөндө жанденеден оңой чыгып кетет окшобойбу. Ошондон улам элде "үмүтүңдү үзбө"деген кеп айтылат экен да. Муну Кемел түрмөнүн даамын татып жүрүп көп ойлонду.Кече эле эркиндикте жүргөндө өзүнүн келечегин миңдеген көрүүчүлөр толгонзалдарда булгары мээлейчен даңкка бөлөнүп жүргөнүн элестетчү. Машыктыруучусу даделебесин козгоп "Сенден дүйнөнү дүңгүрөткөн боксер чыгат. Сенин келечегиңукмуш" деп калчу. Кана эми ошонун бири жок бытчыт болуп кетти.
Үмүт болсо дагы деле алдыга сүйрөп астыдагы түпсүзкараңгылыктан жарык изде дейт. Аракет кылып жанталашсаң бир жолун табасың дейт.Эх дүйнө ай табышмагың түгөнбөс.
х х х
Катачылык кетирсе өзүн-өзү кечире албай бир топко кыжалатболмой адаты бар Азият Протезге алданганы үчүн жанын коерго жер таппай күчүнжигиттеринен чыгарып кууруп-ууруп айлап тинтип издетсе да эч жигин таппады.Ошондо да тымызын издеттирүүнү токтоттурган жок. Протез тирүү турган кезиндеАзияттын өзү менен соодалашкандай эгер ылайыктуу адам чыгып калса"Бриллиант жыланды" Азияттын үстүнөн соодалап жиберишин толук күтүүгөболот.
Азияттын билишинче "Бриллиант жыландын" сары изинетүшүп издегендердин бири жыландын сыры жазылып эки бөлүнгөн китептин ээлери.Демек астыда эки максат. Бири жыландын сыры жазылган эки китепти тең табыш,экинчиси Протезди колдон келишинче эртерээк таап көзүн тазалаш. "Бриллиантжыланды" көрөрү менен өмүрү жыланга байланганын туйду. Жылан колунда турсажашайт. Эгер колдон чыкса өмүрдөн да, байлыктан да, баарынан айрылат." Бриллиант жылан" Азиятка чейин да нечен менменсинип чиренгендердин бүтбайлыгын, өмүрүн, укум тукуму менен оп тартып тыптыйпыл соруп кете берген.Азияттын буга акылы жетип турду.
х х х
Азият кытайда иштеп жүргөн жылдарындагы "Бриллиантжылан" жөнүндөгү уккандарынын баарын майда-мүчдөсүнөн бери эстөөгөаракеттене баштады. Жылан ошондо эле Казакстанда же Өзбекстанда экенин уккан.Ал эми китептер жөнүндө жарытылуу эч нерсе укпаптыр. Анда терең маани берипкызыккан да эмес. Кытайда легендалар көп айтылат. Ошолордун бири катары ганакабыл алып койгон. Эми эски байланыштарына чыгып тымызын иликтетүүнү кайраданбашташы керек. Ал үчүн ишенимдүү жигиттеринин бирин Кытайга жибергени оң болгонтурат. Сейфтен калың папканы алып чыкты да өзү гана түшүнө турган кличкаларжана шрифтер менен толтурулган жигиттеринин "жеке өмүрүнүн баракчаларын" шашпай окуй баштады.
х х х
Тагдырдын тамашасын кара Азияттын жигит Хэ-Чан аттуу кытайбардык жагынан кынтыксыз дайындалган документи менен Кытайга өткөндө Хун-Лиаттуу кытай гражданинин Кыргызстанга өттү. Экөөнүн тең издегени бир гана нерсе.Жыландын сыры катылган китеп.
х х х
Хун-Ли атымыштан өтүп калганы менен баскан турганы жашжигиттердей тың шыпылдаган, орто бойлуу чымыр денелүү кытай. Алтындын буусунакарматылган алкактуу тегерек көз айнек тагынып алган. Чыныгы жашын билгендерЛиге элүүнү араң бергидей. Кырк жылдан ашык өмүрүн жалаң Бриллиант жылан мененанын сыры жазылган китепти издөөгө жумшады. Жанына тынчтык бербеген бултүйшүккө түшүнүүнүн себеби китептин экинчи бөлүгү Лиде. Билишинче жетинчиатасынан бери колдон колго өтүп келатат. Китеп бир нече жолу бириге турганболуп, бирок адамдагы эң кымбат нерсени бири-бирине ыраа көрбөө кызганычынанэкиге бөлүнүп ортодо кан төгүлгөн салгылашуулар жүргөн. Кийинки жүз жылдатаптакыр дайны чыкпай кеткен китептин бөлүгүн издөөдө, сары изине чөп салып тынымсызаракеттенип жүрүп Ли акыры анын Кадыр аттуу кыргыздын колунда экенин, Кадырболсо эртедир-кечтир китепти издөөчүлөр аны табышаарын билип жашы картайгандаКыргызстанга өтө качканын так билгендиктен Кыргызстанга келип отурат. Ли үчүнКыргызстанга келүү анчалык деле оорго турган жок. Кытайдын жеке ишканаларычыгарган майда товарларды соодалаган бизнесмендерге кошулду да катардагыкоммерсант болуп келе берди. Кыргызстанга келери менен айылдардан жүн, теричогулткандарга кошулуп кыдырып кетти. Ли кыргыздар уруу-урууга бөлүнөөрүн, уруулар өз-өзүнчө аймактарды ээлеп чогуу жашаарын, бири-бири менен байланыштаболушаарын окуп үйрөнгөн. Жыл айланбай Кадыр чал жашаган айылда да тапты.Тилекке каршы Кадыр чалдын өлгөнүнө беш жылдын жүзү болуп кеткен экен. Кадыр чалтурган мурдагы үй азыр май чыгаруучу чакан завод болуп калыптыр. Ли айылданкетпей көпкө байырлады. Өзүн Кадыр чалдын Кытайда жүргөндөгү жакын досу элемдеп койду. Канчалык астыртан сурамжыласа да китеп жөнүндө эч нерсе уга албады.Кадыр акыркы жылдары Мыкы деген жетим баланы өзүнө үйүр кылып көп жардам берипжүргөнүн уккандан кийин иштин жайын түшүндү. Кылымдардан бери өчпөй келаткансырды Кадыр өзү менен ала кетиши мүмкүн эмес. Демек китеп Мыкынын колунда. Мынажетем мына жетем деген сайын жаны жай таппаган Ли Мыкыны Бишкектен табам годеген тилеги таш капты. Кумга сиңген суудай дайынсыз. Кыргыздардын улуттукөзгөчөлүгүн ондогон жылдар бою окуп үйрөнгөн Ли Мыкынын айылдаштары, классташтеңтуштары, акыры жок дегенде бир тууган карындашы аркылуу болсо да табам депойлогон. Акыркы үч жылдын ичинде Мыкы тууралуу эч кимиси эч нерсе билбейт экен.Бир тууган карындашы болсо буркурап ыйлап тирүүлөй айрылдым, милицияга издөөсалдырсам да дайынсыз дейт. Эч арамдык ойлобогон, эмнени болсо ачык айтканкыргыз улутунун өкүлдөрү таза чындыкты айтып жатышканын Ли туюп турду. Кадырчал бекер чал болбогонун, Мыкыга көп нерсе үйрөткөнүн, китептин баасы өмүрүнөтете экенин Мыкы жакшы билерин Ли түшүндү. Жүрөгү сыздап ооруп жумалап өзүнөкеле албай жүрдү. Лини ооруткан бир гана нерсе Мыкынын жаштыгы, өзүнүн болсожетимишке жашы таяп картайып бараткандыгы болчу. Мыкыны издөөнүн кереги жокэкенине да түшүндү. Тескерисинче эми Мыкы Лини өзү издеп келмек. Шашылыш кайраКытайга барып Мыкыны тосуп алуу үчүн даярдануу керек. Күнбү-түнбү пайда болушункүтүү керек. Балким Мыкы мунун сыртынан аңдып таптакыр алсырап картайышынкүтүшү да мүмкүн. Ушул кезге чейин өзүндөгү китепти кимге калтырарын, мураскорун таба элек. Өзүнүн уулдарынын ичинен татыктуусу жок. Күнүмдүк жеңилакчанын артынан кубалап кетишти. Эмне кылар айласын таппай келатты. Жалгызишенери кызы. Кызына калтырайын десе мурас боюнча кызы үй-бүлөөлүккызыкчылыктан мурастын кызыкчылыгын жогору коюшу керек. Аял кишинин бактысыүй-бүлөөдө. Эне болушта. Кызынын бүт өмүрүн түйшүккө салып бактысын бузабы.Эгер эркек болгондо иш башка эле. Татыксыз уулдарына калтырса көзү өтсө кимбиринчи акчанын же алтындын четин кылтыйтса ойлонбой туруп сатып жиберишет.Эгер өмүрлөрүнө коркунуч келсе "Китебиди ал. Жанымды калтыр" дешет дакармата беришет. Эң башыкысы ооздору ачык. Көрүнгөн жерде келжирей беришипөздөрүн- өздөрү салып беришет. Кытайга кайтып бараткан жолдо Ли так ушундайтатаал суроолорго баш катырып баратты.
х х х
Экиге бөлүнгөн китептин ээлери Бриллиант жыланды эмесбири-бирин издегенинде сыр бар эле. Эки китептин тең биринчи барагында" Экиге бөлүнгөн ушул китепти бириктирген адам бүткүл адам затындагы, жералкагындагы, улуу сырдын гана эмес биздин ыйык күндүн нуру астында ааламдыбайланыштырган укмуштуу сырынын ээси болот. Ааламдын биз жер деп атап жүргөнбир жылдызынан бүткүл жаратылышына өзгөртүү киргизет. Ал адамдын жана анын укумтукумунун аты 18 миң ааламга белгилүү болот. Китеп бириккен күндөн баштап бугачейинки эч бир илим-билимге белгисиз, адам баласынын акылы жете элек жети сырачылат. Китеп бириккен күндөн баштап өзүндөгү сырдын ачылышы менен калган IIсырды ачуучу ачкыч катылган бриллиант жыланды өзүнө кудуреттүү күчү менен тартабаштайт. Үч жыл аралыгында бриллиант жылан китептин ээсинин колуна келет. Анданэч ким тартып алалбайт, эч ким тоскоолдук да кыла албайт. Калганын өзүң окупкүбөө болосуң", - деп жазылган. Балким бул кытай тилинде мындан даокумдуу, мындан да сырдуу туюлар. Кыскасы китептин ээлеринин бриллиант жыланданмурда бирин-бири издеп жүрүшүнүн түйүнү ушунда болсо керек.
х х х
Белгиленген күн келип Кемелдер Сибирге этап болушту. Паханбаш болгон алтымыштан ашык жигит кадимки эле жүргүнчүлөр түшүүчү вагон мененбарышты. Кайрадан "Столыпинге" түшөбүз го", - деп жүргөн КемелПахандын кадыр-баркына мына ошондо баа берди. Барышкандан кийин эки жумаданашык орун талашкан эки Пахандар жалаң гана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышты.Экиден гана телохранителдери менен келишет да терезелери жок бир гана эшиги барэки орунтук бир столдон башка эч нерсе коюлбаган дубалдарына да эч нерсеилинбеген атайын даярдалган бөлмөдө эч кимди катыштырбай көзмө-көз сүйлөшүшөт. Эч кандай кагаз-калем да жок жалаң сөз гана. Экөө тең тамеки чекпейт, нашаатартышпайт. Үч-төрт саат бою эмне сүйлөшүшөт сыртта турган төртөөнө ичинен дасыртына да калың каптама урулган эшиктен эч нерсе угулбайт. Отураар орунтук дажок тикеден тик турган төртөө ооздогу бөлмөдө канча болсо да күтүшөт. Күткөндөда ар бир секунданын өтмөгү тозок болуп бири-биринен көздөрүн алышпай аңдышып,кулактарын ич тараптан албай тыңшап, кандай кабар угулуп калат деп күтүшөт.Бири- бири менен да сүйлөшүшпөйт. Сөзгө алаксыса ичтен чыккан буйрукту укпайкалуулары мүмкүн. Бул өмүрдөн айрылганга тете. Ар бири жакшы билет ажал кылычынжалаңдатып "Кимиң колума илинер экенсиң" деп айланып кетпей жүргөнүн.Тамашалашчу чак эмес.
Кемел мурда уккандай тигил Пахандын биринчи телохранителикалмак экен. Алтымыштарга чыгып калган деп айтууга мүмкүн эмес. Шыңга бойлуукакчыйган адам экен. Чачын жалтырата кырдырып койгон. Чекесиндеги кабат-кабатбырыш гана жашы өтүп калганын билгизбесе сурмалуу көздөрүнүн тереңинде карегиилбирстикиндей жылтылдайт, ичке кара муруту ээгине жете салаңдап турат.Денесинде бир да ашык эт жок сөөктөн жана тарамыштан тургандай. Басканыжепжеңил буту жерге тийбей эле каалгып бараткансыйт. Бою 1,75тин тегерегиндеболгону менен салмагы көп болсо 70 килограммча болсо керек. Колдорунун сөөктөрүшадылуу келип муундарынын сырты чор болуп чокмороктошуп турганы бетон дубалдыже ташты жалаң муштуму менен муштагылап машыгарын айгенелеп тургансыйт. Мистейген дайыма бир калыпта өзгөрүүсүз турган өңү сүрүнө сүр кошот.
"Ак аюу" аталган тигил Пахандын өмүр бою жандапжүргөн жигити болуп келатыптыр. Түрмөгө да дайым чогуу түшүп чогуу чыгышатэкен. "Ак аюу" кличкасына жараша күрсүйгөн адам экен. Бою эки метрчебар. Далылары көмкөргөн эки казандай, ар бир колу өзүнчө эле күрөк. Моюнубуканыкындай болуп билинбейт. Болгону жашы өтүп калыптыр. Алтымыштан ашканыбилинип, эти оор тартып семирип кеткен. Салмагы 130-150 килону жөн элебасчудай. ошондой да кыймылдаганы тың.
Көздөрүн жүлжүйтүп тиктеген адаты бар экен. Биринчижолукканда Кемел менен "Каражыланды" алмак-салмак тиктеп турду даакырын күрсүнүп койду. "Аттиң, жаш кезим болгондо экөөңдү тең өзүм элежайламак экенмин" деп арман кылды көрүнөт.
Акыры эки Пахан бир чечимге келишти. Ишти тынчтык мененбүтүрүүгө болбой каллды. "Чагылган" аталган калмак телохранителименен Кемел мушташа турган болду. Мушташ бир жагы жеңилдим деп багынмайын, жеөлмөйүн улантылат. Эгер кимиси жеңсе Пахан жеңген телохранитель мененмушташууну же жеңген тараптын талаптарына көнүүнү өзү чечет. Телохранителдердинэкөө тең иштен чыкса Пахандар чыгат же өз ара келишимге келишет. Көпчүлүктүаралаштырып ашыкча кан төгүүнү эки тарап тең каалабады.
Эрөөл үч күндөн кийин атайын даярдалган жайда өтө турганболду. Куралдан экиден бычак гана алууга шартташышты. Беттешүү учурундаэрөөлчүлөргө эки тараптан тең эч ким болушпайт. Кошумча курал бергенге же өзүменен ала чыкканга да болбойт. Аталган шарттарды бузган тарап катуу жаза алат.Кыскасы жеңилгенге тете. Пахандар жетиден гана жигит ээрчитип барышмай болушту.
"Каражылан" Кемелди кайрадан дайындай баштады.Дайыма өзү менен ала жүргөн догдурун чакырып Кемел мурда өмүрүндө укпаган дабилбеген иш жасатты. Жука үлбүрөгөн түзсүз пластинканы Кемелдин көзүнүн ичкиайланасын ченеп чыгышып тууралап салышты. Кемел көзүн ачып жуумп көрүпкичине- кичине кирпиктери кычыштыргансыганды сезбесе эч нерсе сезген жок."Эмнеге" деген суроосуна "Чагылган" өзү менен бел курунакатып түзсүз дары ала чыгат дейт. Эгер жеңилип баратса ошол дарыны каршылашынынкөзүнө чачып жиберет экен тигинин көзү көрбөй калганда оп оңой гана өлтүрүпкете берет - дейт. Дары өтө түзсүз жана чаң сыяктуу майда болгондуктаналысырактан карап тургандарга көрүнбөйт дагы экен. Мына ошондуктан астына аладайындандым эле. Пластинка сенин карегиңе дары өткөзбөй сактайт. Калганын өзүңда аарчып алууга үлгүрөсүң. Эң башкысы эгер дары чачса көзүң көрбөй калгансыпкууланып кал да жакын келгенде мүмкүнчүлүктү колдон чыгарба. Үч күнгө чейинкөзүң пластинкага кадимкидей көнүп калат - деди.
Куулукту-арамчылыкты жининдей көргөн Кемел турмуш-жашоожалаң карандай чындыктан турбасын түрмөгө түшкөндөн бери түшүнө баштаган." Каражыландын" айтканыны үнсүз макул болду.
Убакыт келип беттешүүгө чыгарына үч саатча калганда догдурдагы келип көзүндөгү пластинканы дагы бир сыйра кылдат текшерди. Кемел чын элекөзүндө эч нерсе жоктой болуп көнүп калган эле. Анан канына"Каражыландын" көзөмөлдөсү менен бир дары куйду. Мындай дары күчүнөэки эсе күч кошуп, чарчатып-чаалыктырбасын уккан.
Беттешүү түбүн бетондоп туруп сырдап койгондон башка эчнерсе жок спорт залда өтө турган болду. Көрүүчүлөр экинчи кабаттагы балкондотурушмакчы. Экөө ичкери кирери менен эшик бекитилет да эки тараптан экиден төртжигит кайтарып турат. Пахандар эки карама-каршы балкондо жетиден жигиттерименен отурат. Түрмөлөрдүн начальниктери баш болгон отузга чукул адам өзүнчөбалкондо. Беттешүү жөнүндө эчак угулгандыктан өтө жогорку даражадагы аскеркызматындагы кызыктар көрүүчүлөр да .
Белине чейин чечинип жазы кайыш курга узундугу билектейболгон бычактарды байлап жатканда Кемелдин каны дүргүп жүрөк опкоолжусу жокболуп кыжырлануусу күчөп тезирээк беттешүүнү самай баштаганын туйду. Кейпи дарыбоюна тарап өз таасирин бере баштады көрүнөт.
Каражылан Кемелди машыктырып жүргөнүндө көп айтчу:"Чагылган" канткен менен да картайып калды. Эң башкысы коргоно бил.Алгачкы соккуларына туш болбой буйта. Чарчатып алын кетир. Ал беш кыштыкатарынан коюп туруп бир уруп сындырган желмогуз. Таамай соккусу тийсе башың бычырапкетет. Эң башкысы өзүңдү-өзүң алдап мен кыйыныраак көрүнөм деген жаманделөөрүгө алдырба. Душманыңдын жаны үзүлмөйүн же колун көтөрүүгө дарманы келбейжеңилдим демейин ар кыймылына сак бол, - деп какшачу.
Бүгүн да адатынча беттешүүгө чыгарып жатып болгон акылынүйрөтүп жатты: "Чагылган" беттешкен адамдарынын колдорун каруусунан, буттарын томугунан сындыра уруп кыймылсыз кылып туруп, эки көзүнө манжаларынбатыра уруп оюп алып же кежигеги коюп, оозу ачыла түшкөндө колун оозуна тыгыптуруп тилин бурап жулуп алып өлтүрмөй адаты бар. Сенин көзүңө дары чачкандакөзүң көрбөгөн кишиче сендиректей түш да оңтоюн келтирип туруп бычакты жүрөгүнөур. Муштумуңа ишенбе. Муштумуңдун соккусу буканы өлтүрө урганга жараган күндөда "Чагылган" эч жапа чекпей топчо ыргып кетип гана кутулушу мүмкүн,ушуну эсиңен чыгарба - деди.
Белдерине чейин жылаңач, курларына экиден бычак байланышып, жука трико кийген экөө ортого чыгышты. Алгач тооруша бири-бирине үч метрчеликалыстыкта айланып чыгышты. Чагылгандын бүткөн бою бүт тарамыш экен. Бийчилерчебутунун учу менен басып жүрдү. Чабуулду "Чагылган" баштады. Кии-иаа!- деген ачуу үн менен үч метрче алыстыктан бүргөдөй секирген тигинин буттарышуу деп Кемелдин башынан өттү. Эңкейгенге араң үлгүрдү. Жерге буту тиелекте экинчи-үчүнүчүсоккулар башталды.Колдору кылычтай зып-зып десе, буттары көзгө илешпейт. Кемелапкарый түшүп барып өзүнө келди. "Каражыландын" айткандары чындыкэкенин, өтө сак болбосо өмүрү кылдын учунда турганын туйду. Кармаш күчөгөнсайын денеси пружинадай түйүлө баштады. Коргоно бербестен сокку да ургангаөттү.
Муштумдар аба жарып өткөн сайын "Чагылган" даоңой-олтоң адам менен беттешпегенин түшүнө баштады. Кармаш эки саатка жакынсозулса да эч кимиси белдериндеги бычактарды кынынан суурушпады. Муштумдар, жебуттар чала тийип сүрүп кеткен денелер канталап экөө тең нымшып тердеп чыгышты." Чагылган" секирип тепкенде жата калган Кемел чатка муштайм деп тигилбуйтай бергенде оң буттун томугунун ички бетине катуу сокту. Чагылган эки-үчала салып барып тура калып оң буту менен жакшы таканчыктай албай жатканынбилгизбөөгө аракеттенгени менен адатынча кайра удаа-удаа чабуулга өтө алганжок. Кемел муштумунун сөөкөтөрү зыркырай түшкөнүнөн улам тигинин томугу оңбойкалганын түшүндү. "Чагылгандын" ордунда башка неме болгондо бутун тартаалбай жыгылып калмак.
Кемел "Чагылгандын" курунун ички бетинен бирнерсени оң уучуна алганын байкап калды. Чагылган кайра чабуулга өттү. Оң колукөздөрүнүн түбүнөн шуу өткөндө бетине түзсүз чаң чачылганын Кемел даана сезди.Көздөрү кадимкидей көрүп турса да бир нерсени түшүнбөй калган кишиче эки жагынкарап көздөрүн ушалап туруп калды. Белиндеги курга байланган эки бычакты теңкынынан сууруп алды да жан далбастай түшкөнсүп асты жагын карай максатсыз абажара шилтегилеп жиберди. Анан дабыш тыңшагансып делдейип буттарын талтайтакыймылсыз туруп калды.
Эмне болуп кеткенине түшүнө бербеген "Каражылан" тарапта отургандар дуу деп дүргүй түшүп кайра "Каражылан" колункөтөрө "Шартташкан тартипти сактайлы" деген талабынан кийин демдериничине ала отуруп калышты. "Ак аюу" тараптагылар "Чагылган" оң бутунун томугун кокустатып алганда коопсуна түшүштү эле эми Кемелдин абалынкөрүп "Дьявол" ишиң бүткөн экен" дешип кымылдап калышты. Алтүгүл "Ак аюу" чекесинен чыккан терди алаканы менен шыпыра аарчыпкүрсүнө жылмая эки жагындагыларды карап койду. Кемелдин артист болуп жатканынэч кимиси сезген жок.
Бутунун учу менен дабыш чыгарбай баскан "Чагылган" Кемелдин арт жагына чыкты. Нечен жолу өзүн өлүмдөн алып калып далайдын жаныналууга жардам берген ыкмасы бул жолу да так иштедиби, жокпу аярлай Кемелдинкыймылын баамдай кичинеге туруп калды. Беттешкен адамдарынын көзүн чукуп, тилинсууруп өлтүргөнүнүн сыры шартта жок ыкма колдонгону эч кимге билинбесин дегениэле. Оң бутунун томугун оңдурбай муштаган "Дьяволго" жини кашайып калгандыктан, экинчиден көзгө чачкан дарыдан бир да жолу жаңылбагандыктан Кемелдинкууланганын байкабай калды. Анын үстүнө көздүн карегине пластинка салуу андачет элде урунула баштаганы менен СССРде аты да угула элек болчу. Алгач оң колунмүрүсүнөн сындыра уруп, анан сол бутун тизеден сындырып туруп жанын алайын депчечти да артынан мерчемдүү жерге жакындап келип түйүлө секирди.
Кыйгач далысын салганы менен көз кыйыгында ар бир кыймылынжаземдебей байкап турган Кемел шарт буйтай берип коргонууга камы жок аба жарасекирип келаткан "Чагылгандын" кекиртегин туштап канжарды ылдамшилтеди. "Чагылган" абада каалгый түшүп жерге күп түштү. Кекиртегинеунгусуна чейин батып, кежигесинен карышча чыгып калган канжардын сабын кошколдоп мыжыга сууруп алууга аракеттенип бир бут серпти да денеси какыйып түптүзболо чиренген абалында көздөрүн чекчейтип жатып калды. Кемелдин" Чагылган" тарапты карагысы келген жок. "Чагылган" эмес накшайтандын өзү болсо да ичээр суусу бүткөнүн билгендиктен өзүнүн паханы"Каражыландар" отурган тарапка төрт-беш кадам аттай "Бизжеңдик" деген белги берип эки колун көтөрдү.
"Ак аюу" тараптагылар эмне болуп кеткенинетүшүнбөй орундарынан дуу тура калышты.
"Каражылан" ордунан атып туруп;
- "Ак аюу" шартты туура сактоону унутпайлы. Тартипбузган тарапты аео жок, - деди үнүн катуу чыгара залды жаңыртып.
Аңгыча эшик шарт ачылып автоматчан он солдат кирип келди.Түрмөнүн начальниги өзү отурган балкондон туруп;
- Биз силердин ички тартибиңерге кийлигишпей шартыңардыаткардык. Эгер өзүңөр ич ара макулдашкан шартыңарды бузсаңар шартты бузгантарапты жазалоого биз жардам беребиз. Болбосо өзүңөр билесиңер жалпы лагердетартип болбойт. Ошондуктан ушул жерден мындан аркы чечимиңерди кабыл алгыла.Ага чейин солдаттар кетпейт, - деди өкүм сүйлөй. Сырттан келгендер" кызыктуусу бүттү" дешкенсип чыгып кетишти. Түрмөнүн начальниги" Жыйынтыгыңарды мага билгизесиңер анан силерди эшке чыгарууга уруксатберем" , - деди да өзү да кетти.
"Ак аюу" менен "Каражылан" түрмөнүнначальниктери отурган балкондо сүйлөшүүгө отурушту. Бул жолу"Каражылан" маселени кабыргасынан койду:
- "Дьявол" менен же мени менен беттешүүгө чык.Эгер бирибиз менен беттешүүгө чыга турган болсоң экөөбүз билген жашыруун сыржазылган пакетти жакын деген жигитиңе калтыр, ошондо сенин артындагы уулуңа,кызыңа жана алардын балдар-кыздарына зыяның тийбейт. Беттешүүгө чыксаң сенисөзсүз соо коет деп эч ким кепил боло албайт. Болбосо менин шартыма көн. Менжаныңды аман калтырууга убада берем - деди.
"Ак аюу" эмнеси болсо да экинчи сунушка макулболууну туура көрдү. Эрөөлгө чыкканы түз өлүм экенин көрүп турду."Каражыланбы" , "Дьяволбу" кимиси болсо да он минутагажеткирбей жайлашчудай. Ишенгени "Чагылган" эле - ал тигинтип өлдү.Демек кезеги келген экен ордун бериши керек. Жанынын аман калаарына делеишенген жок. Болгону артындагы тукумуна баласы менен кызына, алардынтукумдарына зыяным тийбесе экен деди.
"Каражыланды" жекире тиктеди да;
- Мен экинчи сунушуңа макулмун. Бир суроом бар"Бриллиант жылан" менде экенин билген жандын баарын жайладым, депойлодум эле. Кандайча сага угулуп калды. Ушуну айтып берчи? Жан адам билбейт.Эгер сырын ача албасам өз башым менен кете берсин деп ойлочу элем.
- Анда эч кандай деле татаал сыр жок. Сенин жигитиң"Чагылган" Кытайда канча жыл жүрдү жыландын сыры жазылган китептииздеп. Экөөбүз Хун аттуу кытай чалдын колунда чогуу чыгыш күрөшүнө үч жылгажакын машыктык. Сөздүн маңызына түшүнгөн кишиге түшүнүктүү го дейм.
- Жыланды жанга билгизбей ката алам деген мен даакмакмын, -деди. "Ак аюу" өз чекесин өзү муштай. Жаңжал ушу мененбүтүп Пахандыкты "Ак аюу" өз эрки менен бергенин жарыя кылды

#9 19 Август 2012 - 15:47
Көп өтпөй "Ак аюу" түрмөдөн
бошонду."
Каражылан"
, Кемел, "Каражыландын дагы бир жанынан чыкпаган"
Протез" аттуу кличкасы бар жигити болуп "Ак аюуну"Челябинскиге узатып барышты. "Кара" жылан "Ак аюу" мененакыркы соодасын ошол жерден бүттү. Эмне соода экенин Кемел менен"Протез"
билишпеди. Түндөп "Кара жылан" жалгыз башка жаккаучуп кетти. Экөө кайра лагерге келишти. "Ак аюу" эртеси асылыпөлүптүр деп угушту. Аз күн өтпөй "Кара жылан" келди. Бүт лагердинички тартибин "Кара жылан", Кемел менен "Протезге"
башкартып койду да өзү болсо эки-үч жумалап жоголуп кетип кайра келип жүрдү.
х х х
Ысык-Көлдүн апийиминин даңкы көлгө апийим айдалабаштаганынан бир жыл өтпөй дүйнөгө угулду. Кылмышкерлер дүйнөсүндө өзгөчөбаркка ээ боло баштады.
"Каражылан" өзү түрмөдөн бошонгондо ордуна Паханкылып Кемелди калтырып кеткен эле. Күндөрдүн биринде күтүүсүз пайда болду дасен түрмөдөн чыгышың керек. Бүт сүйлөшүлдү - деген жаңылык айтты. Кемел"Каражыландын" жоруктарына таңданбай да калган. Экөө түнү мененсүйлөшүп отурушту.
Түрмө Кемелди таптакыр өзгөрткөнүн, баягы эмне десе көнүп,жумшаган жагына барып, шилтегенин аткарчу Кемел эмес маңдайында ар бир сөзүнсалмактаган, өз талабын кое билген адамдын көзүн тикчийип тике карап ички сырынокуган, машыккан кылмышкер отурду. "Каражыландын" таң калганы беш жылтүрмөнүн даамын татып жүрүп нашага да ичкиликке да оободу. Бүткүл Сибирдегитүрмөлөрдө Кемелдин баркы дүңгүрөп турду. Өзүнүн формасын сактай билгендиги, кара кылды как жарган калыстыгы, өлүмдөн кайра тартпаган тайманбастыгы агаатак-даңк алып келди. Муну "Каражылан" да жакшы билет. Булжолугушууда Кемел бирок, "Кара жыланга": "Мен баягы эмесмин,керек болсо кылмышкерлер дүйнөсүндө атым сенден кем эмес" деп кербезденгенда жок. Жөн гана иштин жайын сурады да өзү аткара турган милдетин ийне-жибинечейин тактады. Акырында, "Ар бирибиз өз сөзүбүздү так аткаралы. Мен сиздиокутуучум катары катуу сыйлайм". Сиз менен келише албай калып"разборго" түшкөндөн оор мен үчүн эч нерсе жок" деген сөзү"Каражыландын" жүрөгүндө өмүр бою калды.
Чындыгында эле бул эки эркек өмүр бою бири-бирине болгонубадаларын бузган жок. Ар бири өз сөзүнө так турушту.
х х х
Айрымдар "Бриллиант жыландын" артынан сая түшүпжетпей жүрсө жеткендер өз өмүрлөрүн сайып араң жетишкен. Кемел болсо"Бриллиант жылан" улам ага жемин аңдыган ажыдаарча акырын жылыпкелатканын билген жок. "Чагылган" экөө жандарын ооздоруна тиштепчапчышканда эле жылан Кемел жака оогон.
Чындыгында Кемел "Бриллиант жыландын" ээси болупкалууну каалаган да эмес. Окутуучусу "Каражыландын" тилинен чыгаалбагандыктан гана макул болду.
х х х
Азияттын кытай тараптан биринчи алган жаңылыгы китептин бирбөлүгү Кыргызстанда экен. Болгондо да кытайдын эң байыркы, азыр дээрлик жокболуп бараткан чыгыш күрөшүнүн бир түрү болгон "ок жыландын" эң мыктычебери өтө коркунучтуу Кадыр аттуу чалда экендигин укканда оозу ачыла таңкалды. Жыландын да жыландын сыры жазылган китептин да Кыргызстанда айланыпкалышында кандайдыр бир сыр жаткан жокпу деп ойлонуп калды.
Жыландын жасалышындагы чеберчиликке нечен жолу лупа мененкарап отуруп таңданчу. Өзгөчө ачкычтын жасалыш татаалдыгы укмуш эле. Ачкыч экисайдан турчу. Сырты түтүкчө келип, капталдарында түрлүү татаал тешикчелер болотурган. Ачкычты кулпуга салгандан кийин гана ички сайы буралып, татаалтешикчелерден кулпуну ачуучу түрткүчтөр чыгат болсо керек.
Ачкычты кармалганда "Бриллиант жылан" тирилипкелаткансып денесиндеги бриллианттарын кычыратып кыймылдап турчу. Көздөрүнөнкадимкидей нур чачырап кетчү.
Неченди башынан өткөзүп өлүм жанында турса да селт этпегенАзият апкаарып кетээр эле. Мына ушундай татаал чеберчилик мындан нечендегенкылым илгери жерде жашаган устанын колунан келе коеруна ишенбей кетчү.
Мунун сырткы дүйнө менен так айтканда "инопланетяндар" менен сөзсүз байланышы барына өзүнчө ынанчу.
Ал түгүл асыл таш жана алтынды айрып таануу боюнча дүйнөгөаты чыккан адамды апкелип көрсөткөндө мынчалык таза изумрудду да, бриллианттыда көрө электигин айтып таңдана, ал түгүл жыландын денесиндеги асыл таштардынайрымдары жер бетинде али ачыла электигин, ал эми алтын чынжыры менен алтынөзөгү укмуштуудай тазартылган алтындан тураарын балким алтын эмес алтындан дакымбат өзгөчө металлдын түрүдүр деген жыйынтык айтты.
Мына ушулардын баары Азият Тибетте жүргөндө уккан легендаменен кандайдыр байланышы бардай туюлчу. Легендада минтип айтылчу;Күндөрдүн биркүнүндө асмандан жалбырттап күйгөн бир нече өтө чоң тоодой-тоодой болгон шарларкелип чытырман токой баскан Тянь-Шань тоолоруна келип түшөт. Алар жерге келип түшкөндөжер силкинип титиреп, аска тоолор жарылып, түз болуп түз жерден тоолор жаралыпалай- дүлөй түшөт да айлап көнөктөгөн жамгыр төгөт. Мына ошол жамгырдын күчүменен өрөөндөрдү каптаган өрт өчүп, жер сууйт.
Анан баягы шардай болгон кемелердин ичинен бойлору узун,чачтары кызыл, көздөрү көгүш түстүү өздөрү сары адамдар чыгып келишет. Алар жербетиндеги жашоого көнө алышпай аябай кыйналышат. Жергиликтүү тоолуктар аларды"Асмандан түшкөн адамдар" деп атап алышат. Алгач аларга ыйык адамдаркатары сыйынып жүрүшсө кийин жылдар өтүп аларга көнө баштаган сайын"Шайтандар" дешип ар түрлүү жолдор менен көптөп өлтүрө башташат.
Кийин алар өздөрү келген асмандагы планеталары мененбайланыш түзүшүп баары кайра учуп кетишкен" деп айтылат. Адамдардын илимгеумтулуусу, тамгага үйрөнүү, дарыгерлик, биринин башына иш түшсө экинчиси жардамберген боорукерлик ошолордон калган дешет. Болбосо ага чейин адамдаркарышкырларча жашоо өткөрүп бири-бирине боор ооруну, жардамдашууну билчү эмесэкен. "Асман адамдары" өзгөчө Тибет чөлкөмүнө көп байыр алып неченсырлуу үңкүрлөрдү казышып анын ичине табышмактуу курулуштарды курушкан экен.Нечендеген жер титирөөлөр болсо да ал үңкүрлөрдүн бири да кулабай курулуштарыда кылым кечип сакталып турушу адамдарды таңдандырат.
Кийин "Асман адамдарына" окшогон балдар Азиянынтоосун да түзүн да кыдырып көчүп жүргөн кыргыздардын арасында көп төрөлчү экен.Жергиликтүүлөрдүн каны жеңип, акыры алар да жок болушуптур. Чачтары кызыл,өздөрү сары, көздөрү көгүлжүм асмандай өтө акылман, боорукер алп адамдар алмезгилде жерге эмне максат менен келишкен, же күтүүсүз учуп жүргөн корабльдерикырсыкка учурап конууга аргасыз болушканбы. Кайра качандыр бир учурда келебичыныгы сыры балким "Бриллиант жылан" каткан ачкыч ачуучу кулпунуничинде жаткандыр. Бул да белгисиз табышмак.
Азият Кадыр чалды издетүүгө өзү баш болуп киришти. Тишинечейин автомат, пистолеттер менен куралданган жигиттерди ээрчитип жолго чыкты."Ок жыландын" чебери эмес ракета болуп уча алса да көрөйүн деп койду.Азият өзү Кытайды нечен жыл иштегендиктен чыгыш күрөшүнүн чеберлери дегенкимдер экенин мыкты билет. Анын ичинде "Ок жыландын" чеберлеритууралуу да окуган. Булар колдорунун манжалары менен адамды өлтүрө же эсиноодарып уктата ура алуучу адамдын денесиндеги точкалары өтө мыкты өздөштүргөндөр. Алардын көпчүлүгү колунун бир манжасынын тырмагын жыландын тилиндей учтууөстүрүп туруп, учун жыландын уусу менен уулап коет. Душманы менен беттешкендекан тамырга мына ошол учтуу тырмагы менен сайып кетет. Кан тамырлардынжайгашышын алардан мыкты билген эч ким болбос. Уу канга жетээри менен кандайадам болсоң да сенин жаныңды эч ким сактап кала албайт. Мына ушундай өтөкоркунучтуу чеберчиликке ээ болушкандыктан "Ок жылан" атка конушкан.
Чыгыш күрөшүнүн кандай гана чебери болбо ок деген ок. Чыгышкүрөшүнүн мыкты бир чебери отуз "десантникмин" деген далдайганжигитке карматпай курчоодон чыгып кетиши мүмкүн. Бирок, бир автоматтан кутулаалбайт. Муну Азият жакшы билет. "Баатырдын жаны бир октук" деген ошода.
Кадыр кытайдан келген гражданин болгондон кийин КГБнынархибин көтөртүп, Кадыр чалдын кайсыл айылда экенин оңой эле таап алды.
Капкара "Мерседес" минген жигиттер Кадыр чалдыиздеп келгенде раматылыгы болгурдун өлгөнүнө беш жыл болгон экен. Эч ким мененжакын байланыш түзбөптүр. Үйлөнбөптүр. Жалгыз жашап өтүптүр. Мыкы аттуу жетимбала гана үйүнө барып суу-пуу алышып калчу экен. Кыскасы Кадырды айылдагыларэчак унутушуптур. Жарым жылча мурда кытайдан келген бир досу да издеп келгенинжаңылык кылып айтып беришти. Өлгөндө өлүгүн койгондор эч кандай кытайча жазылганкитеп көрбөгөнүн айтышты.
Эмнеси болсо да деп Азият Мыкыны издетти эле анысы суугачөгүп кеткендей дайынсыз. Айылдан кеткен боюнча эч жерге учетко турбаган.Тааныш- туунуштарынан Россияда коммерция кылып жүрөт дейт беш-алты жылдан беридайнын билбейбиз дегенден башканы уга албады. Россия болсо кенен. Кайсылтешигинен издейсиң. Бир учурдагы СССР аттуу улуу империянын аймагындагы башаламандыкка Азияттын кыжыры келди.
Анда ар бир адам кайда басса паспортун колдон түшүрбөйбарган жеринде каттоодон өтүп турчу эмес беле. Азыр паспорт сураган жан жок.Коммерсантмын деп кой да каалаган кылмышыңды жасап коюп башың оогон жактажашынып жүрө бер. Сени менен эч кимдин да иши жок. Чиркин СССРдин учурунда КГБбирөөнү издетип калса көрдө жаткандан бери казып ийишчү эмес беле. Башка-башкаөмүр бою КГБнын тармагында иштеп КГБ айтты десе башкалар себебин, жалган-чынынсурабай аткара беришерин мыкты өздөштүргөн Азият колдон келишинче пайдаландыго. Ал түгүл өзүнүн эң жакын деген жигиттери да катардагы эң оор кылмыш иштеринжасап жатканда "Кылмыш жасаган жокпуз. КГБнын кезектеги тапшырмасынаткарып жатабыз", - деп ойлошчу да өздөрүн мамлекеттин кызыкчылыгы депбашын сайып жүргөн эр көкүрөк жигиттердей көрүшчү.
Азият да эч шек билгизбей ар бир тапшырма аткарылганданкийин мамлекеттин атынан түрлүү сыйлыктарды тапшырып ого бетер жээликтирип коерэле.
"Бриллиант жыланды" Азиятка алып келип бергендерда так ошондой эле мамлекеттик тапшырманы тап-так аткардык дегендердин бирлериболчу.
Мамлекеттик сыр өтө жашыруун калышы үчүн алар таптазаиштешкен болчу. Болгону кезектеги сыйлыктын ордуна баштарынан айрылышты.
х х х
Күн сайын көлгө келип 2-3 саат шашпай түшүп кетиш Кемелдинадаты эле. Бул күнү да көлгө келип чарчагыча сүзүп жүрүп жээктеги кумга келипжатканына кичине эле болгон. Анчалык катуу шамаал жок болсо да көл өзүнчө элекүрпүлдөп толкуп турган. Кейпи каршы жактагы жээгинде катуу шамаал болуп жатсакерек.
Аңгыча "Чөгүп баратат. Жардамга" деп чайылдаганкыздардын үнү чыгып калды. Жээктеги эл дүргүп тура калышты. Анчалык деле алыс эместекыйынсынып толкун менен ойноп сүзүп жүргөн үч кыздын экөөсү калып бири жок.Сууда мыкты сүзөм деп өзүнө ишенген үч-төрт жигит менен кошулуп Кемел да көлгөсекирди. Кенедейинен көлдүн жээгинде өсүп балыктай сүзгөн Кемел бат эле кыздаржүргөн жерге жетти. Толкун кайта-кайта биринин артынан бири түрүлүп келип күчөйбаштады. "Силер тез жээкке кеткиле" деп кыйкырды Кемел. Тигил кыздарда корккондорунан өздөрүн жоготуп жакшы сүзө албай, толкунга туруштук береалбай калышкан экен.
Аңгыча чөгүп жаткан кыздын башы суудан көрүнө түштү да"Жар-даам" деп кыйкырууга үлгүрбөй толкундун астында калды. Кемел кызжоголгон ирим жакка кулач урду биринчи чумкуганда таппай чыкты. Өпкөсүн толтуракере аба жутуп жатып "Эгер азыр таппай чыксам өлдү" деди да жанагыданда тереңге сүңгүдү. Бул жолу кыздын көл түбүндө балырдай жайылган чачынантапты. Узун чачы көлдүн үстүн көздөй жайылып өзү болсо көлдүн түбүндө бутуколун араң эле кыймылдатканга жарап калган экен. Чачынан орой кармады да өйдөсүйрөп жөнөдү. Жаңы эле суу үстүнө көтөрүлгөндө кезектеги толкун келип урду.Кыз түгүл Кемелдин өзү да дем алууга үлгүрбөй калды. Суу жутпашка аракет кылыпчымырканган Кемел кызды өйдө тартыш үчүн жанталаша аракеттенип жатканда колунакыздын көкүрөгүнө тарткан купалниги илинди. Катуу силкип суу үстүнө көтөрөмдегенде купалниктин ичке боосу тырс үзүлүп кыз кайра суу түбүнө жөнөдү. Кемелэки колдоп кыздын чачын жыйа кармоого аракеттенип жатты. Чач колго чогууилинбей сууда жайылат. Көздөрү аңтарылган кыз Кемелди карай колун алсыз созду.Мына ушул жетиштүү эле, шап билектен кармаган Кемел суунун үстүн көздөйсекирди.
Кыздын колунан сүйрөгөн Кемел көл үстүнө чыгып аптыга демалды да күчүн жыйып кызды өзүнө тартып суу үстүнө чыгарды. Суудан көп жутупалган кыз чакап-какап дем алууга жараган жок. Аңгыча кезектеги толкун келипэкөөнү тең жапшыра урду. Бул жолу Кемел кызды кое берген жок. Толкундун астыначумкуп кирди да өтүп кетээри менен кайра суу үстүнө чыкты. Эсин жыйып кыздысүйрөгөн боюнча жээкке сүзүп жөнөдү.
Кемел менен кошулуп кызды куткарууга бой урган жигиттертолкундун күчүнө чыдабай кайра жээкке качышкан эле. Жээктегилер кымкуут түшөүйлөтмө камера кайык табышып, эки мыкты сүзгөн жигит жардамга жөнөөгөн. АларКемелди тосо чыгышты. Кайыктагылар алгач кызды тартып кайыкка чыгарышты. АнанКемел отурду. Бир чети толкун айдап жардамдашкан кайык жээкке бат эле жетти.Кызды жаш баладай жеп жеңил көтөргөн Кемел жээктеги кумга жетери менен кыздыжасалма дем алдырып кирди. Өпкөсүн толтура кере аба жутуп кыздын оозуна үйлөйбаштады. Көздөрү жумулуп сулк жаткан кыздын денеси Кемел беш жолу аба үйлөгөндөбарып дирт дей түштү да алгач чакады. Кыздын башын ылдый каратып бутунан өйдөкөтөрө салышты эле оозунан мурдунан суу агып кетти. Кемел кыздын оозуна дагы үчжолу аба үйлөдү да жүрөк тушун алаканы менен ныгыра басты. Кемелдин алакандарыжүрөктүн акырын кага баштаганын туйду. Дагы эки бутунан жаш балача өйдө көтөрүптуруп силкилдеткенде кыздын оозу мурдунан суу дагы куюлду. Тегерете курчапалган эл Кемелге кийлигишпей дым боло карап турушту. Оозуна дагы аба үйлөгөндөнкийин кыз кадимкидей чакап дем алуусу калыбына келе баштады, жүрөк согуусу даылдамдап калды. Жанатан ооздорун басып алып үнсүз ыйлап турган эки дос кызы эмиэстерине келгенсип "Гүлсара, Гүлсара, көзүңдү аччы" дешип жанынаотура калышты. Дагы бирөө чоң сүлгү менен кыздын жылаңач көкүрөгүн жаба салды.Кыз көзүн алсыз ачты да бир нерсе деп алсыз булдуруктады. Эми кыздын аманкалганына даана ишенген Кемел шалак деп кыздын жанындагы кумга отура кетти.
Кыздардын бири чуркап барып Гүлсаранын кийимдерин алып келекалды. Аялдар тегеректей калышып бат эле кийинтип жиберишти. Гүлсара көздөрүначып айланасындагыларды уйку-соонун ортосундагы кишиче карап коет да кайракөздөрүн жумуп алсыз "Жардам... жардам бергилечи... чөгүп баратам"дейт.
Кыздардын бирөө машина болсо тез догдурга алып барсак болотэле деп калды. Жанатан шалдырап отурган Кемел "менин машинам менен алыпбаралы" , - деди да ордунан туруп кызды унчукпастан жаш балача көтөрүпмашинасы турган жакка жөнөдү. Кыздын курбулары шаша-буша кийинише Кемелдинартынан жөнөштү. Кызды машинанын артына отургузуп, эки жагына эки дос кызыкармап отурушту.
Кемел машинанын ичиндеги кийимдерин алып кийди да машинаныылдам айдай шаарды көздөй багыт алды. Шылкылдап өзүн кармай албаган кызмашинада кичине чайпалгандан кийин эле шаркыратып кусуп кирди.
Кыздар жапжаңы машинанын килем жабылган отургучтарына жабакускан жолдошуна уялышып эмне кыларын билбей калышты эле. Кемел "Тимкойгула кайра кусканы жакшы. Машина булганса жууп алабыз. Ал эми өмүр дегентабылбайт" , - деп жылмайып карап койду. Кыздар ыраазы боло Кемелдижалжылдай карашып, бири "Байке, сиз биздин бактыбызга жолугуптурсуз. Сизболбосоңуз Гүлсараны эч ким суудан алып чыга албайт болчу" деди. Эч нерсекалбай калгыча кускан Гүлсара бир учурда эсине келип көздөрүн ача эки жагынкарап "Мен кайдамын кыздар?", деди. Кыздардын каратору келген чачынкырктырып койгону тамашөкөй көрүнөт", - "Сен бейиштин төрүндөсүң. Камсанабай отура бер. Учуучу килемди минип алып зымырап баратабыз. Жаман жерисенин килемге кусуп салганың кыйын болду" дегенде; Берки кыз"бырс" күлүп жиберди да; "Койчу Сайра, деги кайда болсо тамашаңкалбайт" деп тескери карай ыкшып калды. Мындай тамашага Кемел да күлүпийди.
Гүлсара тамашалаган кызга башын жөлөй, "Койчу Сайра чынэле мен кайдамын. Эмне болду?" деди алсыз. Сайра тамашасын күчөттү,-" Ишенбей турасыңбы. Үчөөбүз тең көлгө чөгүп тигил дүйнөгө сапартартканбыз. Бизди Кудайым жиберген байкебиз тосуп алды да бейиштеги жайыбызгаалып баратат. Ушу сен бейишке чыгарыңа ишенбейсиң го дейм. Күнөө кылган жайыңбар го, я" дегенде берки кыз күлкүчү неме көрүнөт "Сайраш болдудейм" деп ого бетер күчөй ыкшыды. Гүлсаа башын көтөрүп жол жээктерин карапалып тирүү экенине чындап ишенди көрүнөт; "Деги кайда болсо да тезирээкалып баргылачы жаным жер тартып турат", - деди да дагы окшуп кусуп кирди.
- Болду ай. Деги канча кусасың. Байке сени көлдөн суурупчыкпаганда Ысык-Көлдү бүт соруп алмак окшойсуң - деди Сайра башын жөлөп жатып.- Балык-салык, чабак-чубагынан бери жута берген турбайсыңбы" , - дегендеКемел көзүнөн жаш аккыча ыкшыды.
Ооруканага жеткиче үчөө таанышып алышты. Көп сүйлөбөгөнүменен тынбай күлө берген сары кыздын аты Майрам экен. Гүлсара ооруканагакелгенде кадимкидей өзү ордунан туруп жөлөттүрүп басканга жарап калды.
Догдур бир сыйра карап чыккандан кийин "Баары жайында.Болгону катуу тумчугуптур. Алы жок болуп жатканы ошондон. Көп кускандыктантамагынан кичине айрылуулар болгон. Ал деле коркунучсуз. Ооруканага дележаткыруунун кажети жок. Кааласаңар эки-үч күн жаткыралы. Болбосо үйдө эки-үч күнтынч жатып күчтүү тамак ичсе эле оюн салып кетет", - деди.
Шыпылдаган Сайра "Үйдөн эле оюн салдырабыз. Муну булжакка жаткырып коюп ким тамак ташып жүрмөк эле", - деди. Укол алганданкийин Гүлсаранын кубарган өңүнө кызыл жүгүрүп Сайранын тамашасына жылмаюугажарап калды.
Ооруканадан чыккандан кийин Сайра Кемелге кайрылып:
- Эрдик кылсаң сүрө кыл дейт Кемел байке. Эми бизди мынчаболду үйгө чейин жеткирип таштаңыз. Бирибиз саксаңдап, бирибиз мас кишидейшылкылдап такси тосуп жүргөнүбүз болбойт го - дегенде
- Макул... макул өзүм деле үйүңөргө чейин жеткирип коеюн депжаткам, - деди каткырып күлүп.
Кыздар шаардын четиндеги айылда турушат экен. Аныгы Сайраменен Майрам көлдүк. Гүлсара болсо кыздарга конокко келген Фрунзелик(Бишкектик) экен. Үчөө мединститутта чогуу окушат экен.
Кыздар ата-энелерибизди ашыкча коркутуп Гүлсараны чөгүп кетесактаганын эч кимге айтпайбыз деп чечишти. Сайранын айтуусу боюнча Кемелшаардын чыгыш четиндеги шар аккан чоң суунун жээгине буйткалуу жерге айдапбарды. Гүлсаранын кусунду болгон кийимдерин өздөрүнүкүн, жууп тазаланышып, машинанын ичин сыртынан бери Кемел "Тим эле койгула өзүм жууп алам"дегенине болбой жаркыратып Сайра менен Майрам жууп салды.
- Эми байке кийимдлерибиздин суусу кургагыча күнөстөйтурабыз го. Эгер сиз шашсаңыз кармабайлы. Мындан ары өзүбүз да жетип алабыз, -деди Сайра.
- Жок кыздар мен шашкан деле жокмун. Өзүң айткандай" Эрдик кылсаң сүрө кылайын". Андан көрө силер киймиңерди жайып коюпкүнгө жата тургула. Мен болсо шаардын базарына барып шам-шум эткидей бир нерсеалып келейин. Тамактанганды унутуп коюппуз го - деди.
- Андай болсо кана байке. Тамакты эстетсеңиз ичегибизкабыргабызга жабышып калды - деди Сайра.
- Койсоңчу, - деди Майрам Сайраны укуй. - Байке ансыз даэртеден бери биз менен жакшы эле алек болду.
- Азыр Кемел байке тамак апкелсе жебей тымпыйып калганыңдыкөрөм. Эмне кереги бар ашыкча кылыктанып - деди Сайра жөн калбай. Али да толукдарманына келе элек Гүлсара сөзгө кошула алган жок.
Өзүнчө эле толкунданып шашкалактап алган Кемел базарды бүткөчүрчүдөй көзүнө жакшы көрүнгөндүн баарын баасына карабай ала берди. Коон,дарбыз, баш болгон жер жемиштин түрлөрүн, тооктун бышырылган этин, колбаса алдыГүлсара аман калганын куттуктаганым болсун деп үч шише шампан алды да башкаичкилик алсам ичпей коюшабы деп ойлонуп туруп бир коньяк алып машинага салыпкоюп, эгер ылайыгы келсе ачармын деп чечти.
Кемел базарлап келгиче кыздардын жууган кийимдери жайкыаптапга эчак кургаптыр.
- Көпкө күттүрдүмбү кыздар - деди Кемел машинадан түшүпжатып.
- Сизди жөн эле шылтоо айтып качып кеткен го деп ойлойбаштадык эле - деди дагы деле Сайра.
- Кечирип коесуздар. Күнөөмдү актайм - деп Кемел сатыпкелген тамак-ашты түшүрө баштаганда кыздар жардамдаша кетишти.
- Омий байке мынча тамакты биз эки күн жеп түгөтө албайбызго -Майрам Сайрага карады.
- Сиз жөн эле миллионерсиз го байке. Көбүрөөк чыгым болупкоюпсуз. Биздей студенттерге бир коон менен бир бөлкө нан да жетмек. Эмиколуктуңуз акча кана десе эмне дейсиз - деп какшык жылдыра Сайра Гүлсараны укупкойду.
- Отчет бергидей колуктум жок. Кабатыр болбогула. Гүлсаранынаман калгандыгы үчүн бүгүн бир майрамдап коелучу дедим.
- Ажырашып кеттиңиз беле?
- Жок. Үйлөнө элекмин - деди шаша Кемел.
- Койсоңчу Сайраш жөн эле прокурор болуп кетсең да - депМайрам аралаша кетти.
- Кечиресиз абйке. Сиздей "Волгасы" бар, бой десебою, келбет десе келбети бар жигиттерди кантип эле кыздар бойдок койсун депойлоп атпаймбы - деди Сайраш.
Кыздар бат эле дасторкон жазып жиберишти. Тооктун этин нанменен жеп өзөк жалгашкандан кийин Кемел шампанды ачты.
Сөздү мен сүйлөйүнчү - деп Гүлсара колуна шампанды алып.Баары унчукпай Гүлсараны карап калышты. Бакырайган капкара көздөрү мененКемелди бир карап алды да
- Кемел байке, сиз менин өмүрүмдү сактап калдыңыз. Өзжаныңыздын кылдын учунда экенине карабай, эч ким батынып чыкпаганда сиз тобокелкылып мени сактап калыш үчүн чыгыпсыз. Жанатан бери кыздар баарын айтып берди.Ата-энем жарык дүйнөгө апкелип бир жашоо берсе, ажалдын оозунан сууруп алып сизэкинчи жашоо бердиңиз. Мен сизге кандай рахат айтсам да арзыбайт. Мен сиздинастыңызда өмүр бою карызмын. Мен сиздин ким экениңизди да билбейм. Ошондойболсо да мындан ары бир тууган болуп жүрөлү дейт элем. Макул десеңиз бир тууганкарындашыңыздай болоюн - деп дагы бир жолу Кемелди караганда экөөнүн көздөрүчагылыша түштү. Мына ушул көздөрдүн чагылыш түшүшү экөөнүн тең жүрөгүнө өмүрбою өчпөй турган чок таштаганын экөө тең анда билген эмес.
Гүлсара сүйлөп атканда Кемел көз албай карап отурду.Музоонукундай узун капкара кирпмиктери, кырдач мурду, чийме кашы, ак жуумалжүзү бөрсөйгөн эриндери, астында кыз эмес периште олтургансып тойбой, тойбойкарап жатты. Көздөрү чагылыша түшкөндө уйкудан ойгонгонсуп селт дей түштү.Жүрөгү селт этти. Нечен кан чеңгелдеген кармаштарда, канжардын мизи көз алдынаншуу- шуу өтүп жатканда селт этпеген баатырдын жүрөгү сулуунун бакырайа кадалыпбир карашынан селт этти.
Өмүрү бирөөдөн көзүн тартып албаган дайыма тикчие тикекараган Кемел биринчи жолу сулуунун карегин тиктеп тура албай көзүн тартыпалды. Беттери дуулдап ысып эмнегедир өзүнчө эле уялып кетти:
- Ашыра көтөрмөлөп ийдиң окшойт Гүлсара. Менин ордумда кимделе болбосун жардамга чыкмак. Болгону мен сени алып чыга турган болупкалганымды көрүп калгандар келген жок болуш керек - деп сөзүн бүтө электеСайраш кийлигише кетти.
- Кемел байке Сиз болбосоңуз эч ким Гүлсараны алып чыкмакэмес. Мына досторубуз деген биз жанталашып жаныбызды ала качтык. Жанагыдай чоңтолкунда эч ким көлгө киргенге батынбайт экен. Жөн киргенди кой кайык мененсизге жардамга барганга эч ким чыкпай, эркексиңерби, эркегиңер жок болсо келемен барайын денгенде араң экөө чыгышпадыбы. Суу деген тамаша эмес тура. Кимдинэле өлө калгысы келсин. Өзүнүн жакшы сүзөөрүнө ишенбесе. Мына Майрам экөөбүзтең кенедейибизден көлдөн чыкпай жүрүп чоңойгонбуз. Гүлсара чөгүп атам дегендежардам берүүгө жарабай, жардам бергенди кой коркконубуздан өзүбүз, өз жаныбыздыараң арачалап калбадыкпы. - Майрам да коштой кетти.
- Ой байке сизди кудай биздин бактыбызга айдап келиптир да.Болбосо уу ойлогум да келбейт...
- Кой эми, жаманчылык ушу менен кетсин келгиле эмесе алыпжибереличи - деди да Кемел өзү биринчи тартып жиберди.
Бул кечте түн жарамына чейин суу жээгинде от жагып коюпырдап отурушту. "Кой эми үйгө барбасак болбойт. Анткени ата-энебиз издөөсалып айылды үч көтөрүшөт" деп Сайраш менен Майрам тынчсыздана баштагандакыздарды үйлөрүнө жеткизип койду.
х х х
Азият башын дайыма эки суроого катырчу. "Эмне үчүнэкиге бөлүнгөн китептин ээлери кылымдан кылым карытып бирин-бири издеп келатсада бириге алышпаган? Эмне үчүн байлык да бийлик да колунда турган нечендер" Бриллиант жыланга" ээ болушканы менен анын сырын чечкен китепкежетишпеген. Дээрлик баарынын тагдыры оор трагедия менен аяктаган?"
Азият өзүн буга чейин кандай кыйынчылыктан болсо да жол таапчыгып кете ала турган айлакер, нечендер мурду менен бир тиймейин сезбегендиастына ала сезген сезгич катары көрүп жүрсө "Бриллиант жыландын" түйүнүнүн астында алиппени биринчи колуна кармаган окуучудай дал болуп калчу.
х х х
Кемел түнү менен чабалактап уктабай чыгуучу болду. Күндүзүишке алаксып убакыт көп билинбейт өтөт. Түнкүсүн же таң атпай, же уйкуң келбейкыйналгандан азабы жок экенин буга чейин билген эмес.
Көз алдынан Гүлсаранын элеси кетпейт. Кичине уктаса элечачтары балырдай жайылган Гүлсараны суудан тартип чыгара албай, кыздын аппакденеси колуна илинбей кыйналып аткан болот.
Дайыма сергек, шайыр эч нерседен бейкапар жүргөн Кемелкийинки күндөрү кадимкидей өңдөн азып кетти.
Баягы окуядан кийин Кемел кыздар менен аябай жакын болупкетти. Күн ара жолугушушат. Көлгө чогуу барып түшүшөт. Жээктен алысырааксүзгөндөн коркуп калган Гүлсара Кемелге кошулуп түшүп жүрүп коркуу сезиминен дакутулду. Ал түгүл өлүм менен өмүрдүн ортосунда калган күнүн тап-такыр унтупкалгансып мурдагысындай эле шайыр-шаң болуп чыга келди. Болгону көлгө түшөөрдөузун чачын тыкыс өрүп туруп төбөсүнө түйүп алып үстүнөн суучулдар кийүүчүрезина шапкени кийип алчу болду.
Өткөндө көлгө чөккөнүнүн бирден-бир себеби чачы болгон эле.Өрбөй толгоп туруп төбөсүнө түйүп койгон чачынын түйүнү жазылып кетип толкунурганда уюлгуп келип башын ороп калган. Өз чачына өзү тумчугуп чачын оңдогучакайта- кайта толкун уруп анын үстүнө коркуп кетип өзүн да жоготуп коюп чөккөн.Болбосо жети жашынан шаардын бассейнде атайын машыктыруучулардын колундасүзгөндү үйрөнүп жыл сайын көлгө келип жүргөндүктөн Сайраш менен Майрамданмыкты сүзбөсө кем сүзчү эмес. Акыры кыздардын эс алуу күндөрү аяктап шааргакете турган болгондо Кемел жеткирип келди.
Кыздарды жеткирип баратып Кемел кымбат нерсесинен айрылыпжаткансып тамаша айтып күлдүрүп сүйлөмөйү калып көңүлү суз жүрүп отурду. Булкүнү кыздар да анчалык шайырлана алышпады. Сайраш менен Майрамды жатаканаларынатүшүргөндөн кийин Гүлсараны үйүнө жеткирип баратып улам көз кыйыгынан карап эмимындан ары кантип жолугушуп турабыз деген ойго санаркаган Кемел:
- Гүлсара шаарга келген сайын кабарлашып жолугушуп туралыбы-деди.
- Сөзсүз. Телефонду, дарегимди билесиз. Келген сайын сөзсүзкабарлашып туруңуз - деп кыйгач карап жылмайып койду. Кыз жүрөгү сезип турдужигитти эмне айткысы келип, көкүрөгүн эмне өрттөп жатканын.
Качан төгүлүп айтаар экен деп ички сезиминде күттү. Түз элеүйгө жеткирип койбой балким бир жерден токтоп сөзгө келээр деди.
Жигит миң-миң жолу ойлоду: балким шаардын четине чыгыпсүйлөшүп отурбайлыбы деп айтсамбы, же ресторандан тамак ичели десемби -деп.Канчалык айтайын десе да тили күрмөөгө келбеди. "Үйдү сагынып келатам.Башка күнү" десе шагым сынып калат го деди. "Сени сүйүп калдым.Сенчелик эч кимди сүйө элек болчумун. Жүрөгүмдү бүт ээлеп алдың. Менин тазасүйүүмө сен да таптаза тунук сүйүүң менен жооп берчи" - деген беш оозсөздү айтыш тозокко турду. Ушул беш ооз сөздү айтышка Кемел үчүн кылымдайубакыт керекче буйдалды.
Экөө коштошуп жатканды Гүлсара мындан ары кантип жолугуптурабыз. Деги бизди астыда эмнелер күтүп турат деп санаркады. Көлдө жүргөндөкыздар - Кемел сени акыл-эсин жоготуп сүйүп калды. Мындай баатыр жигиттердинсүйүүсү жанар тоодой жалындуу, кылычтай курч болот - дей беришип кулагынбышырып койгон.
Алгачкы күндөн баштап Гүлсара өзү да Кемелди өзүнө жакынтутуп, дайыма Кемелдин өзүнө көңүл буруп айланчыктап турушун кааларын, беркикыздар Кемелге асылып көбүрөөк ойносо кызганып кетээрин туюп жүрдү."Кыздар Кемелге айткыла. Менин ата-энем кичинемден кудалап жүргөн жерибар. Ал жигит мага жагат. Быйыл окууну бүтсөк баш кошолу деп жигитим экөөбүзсүйлөшүп койгонбуз. Андан көрө иш тереңдеп кетелекте баарын ачык айтып коелу.Силер деле татынакай кыздарсыңар. Балким бирөөңөр менен мамиле табышыпкетээр" дегенге жарабады. Антип айтмак түгүл бир жолу Майрам,"Гүлсара ата-энемдин кудалашып жүргөн жери бар деп калчу элең го. Кемелгечетин чыгарып айтып койсоңчу. Бекер түйшүккө салбай. Сенден чындап үмүттөнүпалса жаман болот го" дегенде. "Анын эмнесин айтып мактанайын. Кудайдын буюрганы болот да. Балким ал жигитим эртең башкага үйлөнүп алсачы",- деп тамашага жооткотуп койгон. Ичинен "эптеп менден тартып ала-албайжатасың ээ" деген. Чындыгында Майрам Кемелге катуу ашык болуп калганыначык айтып, "Ошондо сенин ордуңа мен чөксөм эмне" балким Кемел менижактырып калмак беле десе, Сайраш Майрамча ачык айтпай Гүлсарадай сулуутурганда Кемелдей жигиттер бизди карабайт. Кой ордубузду билели. Илгертенбаатырлар сулууларды тандап сүйгөн - деп тамашага чаптыра үшкүрүп койчу.
Чындыгында Гүлсаранын өзү да эки оттун ортосунда калыпотурат. Кудалап койгон жигити өңү татынакай, өзүнүн ата-энесине барабаркызматчынын үй-бүлөсүндө төрөлгөн чыныгы интеллигент жигит. Окууну Москваданбүтүрүп келип, азыр илим изилдөө институтунда иштей баштады. Келечегинде жокэле дегенде чоң окумуштуу болот. Ата-энелеринин алыш-бериши күчтүү. Эки бала дабири-бирин жактыраарына ого бетер кубанышып жүрүшөт. Мынтип күтүүсүз Кемелдинпайда боло калганын кара. Кемел ким? Кандай үй-бүлөдөн?
Өмүр бою чоң кызматтарда иштеп чөйрөсү бөлөк болуп калганГүлсаранын ата-энесине тең келе алуучу немелерби. Деги эле Кемел өзүбилимдүүбү. Даярдоо тармагында иштеп акча дегенди уучтап жүргөнүнө, эл минеэлек "Волга" минип жүргөнүнө караса балким чоң жерден көтөрмөлөгөнбирөөлөрү бардай. Өзүнө караганда карапайым үй-бүлөдө өскөнү көрүнүп турат.Жүргөн- турганы, келбети, чапчаңдыгы чыныгы жигит экенин көрсөтүп турат. Мен даКемелди сүйүп калдымбы? Анда Афтандилди (Гүлсаранын ата-энеси кудалаган жигити)жөн эле жактырчумунбу? Афтандил Москвада окуп жүргөндө нечен сагынышкан сүйүүгөтолгон каттарды жазышчу эмес беле. Чөйрөсүнүн, ата-энесинин шартына карапөзүн-өзү жасалма сүйүү менен алдап жүрчү беле. Болбосо эмнеге кызганат. Көлгөтүшүп жатканда мыкты спортсмендердикиндей болуп келишкен Кемелдин турпатынанкөз алалбаган аялдардан кызганчу. Ал түгүл жандай көргөн Майрам, Сайрашдосторунан кызганат. Деги Афтандилди кызганып санаа чеккен күнү болду беле.Эстей албады. Көлдөн кетип жатып жолдо карата "Буга эмне - мингени"Волга" , чөнтөгү толо акча. Бизди шаарга жеткизет да, эртеси элежээкке келип биздей сулуу кыздарды таап алат. Аны менин тиги досторум түшүнбөйашык болуп жатышпайбы" деген ойлор жанын жеп ал түгүл: "Биздижеткизип коюп эртең башка кыздарды табарсың" , - деп нечен ирет айта сактапбарып токтоду.
Машинанын мыктысын минип акчаны уучтап жүргөнү мененКемелдин мүнөзү өтө токтоо экен. Бир да жолу ашыкча ичкилик ичкенин же ашыкчасүйлөгөнүн байкабады. Кишини тикчие тике караса көздөрү жанып турат. Башкалардытамашалап, ал түгүл айрым учурда келекелеп сүйлөй берүүчү кыздар Кемелгекелгенде тамашаны да чеги менен айтып калышчу. Бир жолу көлдү айландырыпкыздарды ойнотуп келатып Чолпон-Атадагы мейманканага конуп калышты. Эркектиккылып бүгүн өзүбүзчө отуруп сүйлөшөлү дейт го деп ойлогон. Жок. Унчукпады. Өзбөлмөсүнө барып жатып алды. Бир да жолу өзүбүзчө бөлүнүп чыгып сүйлөшөлүчү -деген жок. Достор катары гана төртөө дайым чогуу жүрө беришти. Болгону көздөрүменен эзилип-эзилип карайт. Анан берки кыздарга айтат экен: "Гүлсарагажолуккандан бери дүйнөдө аялзаты деген да болоорун, аялзатына назик мамиле жасапсыйлап, эркелетип туруш керектигин туйдум. Буга чейин сезимимде аялзатына дегенмынчалык назик мамиле жок болчу. Өтө олодоксон, орой мамиле жасачу экенмин.Сыйлаганды билчү эмес экенмин. Гүлсара менин жан дүйнөмдү ачты. Ага рахмат -деп. Экөө коштошоордо кичине үнсүз буйдала түшүп анан "Болуптур андажакында кайра жолугушабыз да. Мен шаарга бат-бат каттайм" деп колун коомайкармап жалооруй тиктеп койду да кете берди. Кемелдин машинасы жүрүп кетээримпнен Гүлсапра ээнсирей түштү. Жөн эле ээн талаа- эрме чөлдө калгандай болупкетти. Аз эле жерден - Кемел токточу - деп аркасынан чуркай сактады.

#10 25 Август 2012 - 21:41
Азият
Кытайдан жаңы кабарды күтчү болду. Дым. Эчкабар келбейт. Россиянын бардык чоң шаарларын тинтип кыргыз, казак атуулдардыбүт териштирип жүргөн тыңчылары да Мыкы аттуу кыргызды табышпады.
Азият кийинки күндөрү табышмактуу жылан жана анын сырыжазылган китепти кошуш үчүн башкача бир ыкмасын, жолун, системасын ойлоп чыгышкеректир - деп баш катыра баштады. Анткени бир нече кылымдан бери бирин-бирииздешип келатат. Так айтканда бул үч сырдуу дүйнөгө ээ болгондор издеп келатат.Ал эми үч сырлуу дүйнө тескерисинче бири-биринен түртүлүп кошулгандан качыпкелаткандай. Демек эгер Азият мурдакылоардын жолуна түшүп издөө, табатам даүчөөнү кошом деген аракет менен гана чектелип калса кылымдардан берки тапталганжолго түшүп чытырман токойду аралап, талаа кезип, чөл кезип акыры бир күнөзүнөн мурдакылар сыяктуу жыланга сорулуп кете бериши толук мүмкүн.
Кытайдын, тибеттин легендаларын, фольклорлорун казып окуйбаштады. Кытай, тибет, япон, деги эле чыгыш акылмандарынын жазып калтыргандарынокучу болду. Анан күн сайын бир-эки саатка жакын "Бриллиант жыланды"лупа менен да өтө ири кылып көрсөтүүчү микроскоп менен да текшерип карапотурат.
Бизнестеги иштерин бүт иш башкаруучусуна берип койду. Аркайсы өлкөлөрдөгү, соода түйүндөрүнөн ресторан, казинолорунан, фирмаларынанкелип түшүүчү финансы эсеп-кысабын дайыма өзү текшерип чыкчу. Кийин аны дасырткы иштер боюнча экономист деген жардамчы алып ошого текшертип өзүжыйынтыгын гана угуп коюучу болду. Жумасына бир жолу түрлүү улуттагы тандамалсулуу кыздарды алдырып келип энеден тума жылаңач бийлетип коюп саунага түшүпсайран курмайы да калды. Айына бир жолу вертолет менен аң ууламайы да калды.Бир илимий ачылышты ача албай жаткан окумуштууча кабинетинен чыкпайт.Кабинетине эч кимдин киришине уруксат бербейт. Телохранителдери өзү чакырсагана кирет. Болбосо эч ким даап эшиктин да туткасын кармабайт. Өзү да кийинкиэки жылдын ичинде картайа түшкөнсүдү. Элүүдөн жашы өтсө да кырктагы жигиттейкычырап турчу баягы Азият болбой калды.
Жаштык кумары күчүндө, ойносо оюнга тойбой турган жаш аялыФаризат Азияттын мындай кылыгына кыйналып жүрдү. Азияттын Фаризаттан башка даэки аялы бар болчу. Элүүгө жашы таяп калган биринчи аялы өз турмушу менен алекболуп Азиятты унутуп да койгондой. Экинчи аялы күнөөнүн баарын Фаризаттан көрүп" _ Ушул шуркуяны алгандан бери Азият өзгөрдү. Бул сойку баш айлантмаберди окшойт" деп келет. "Бриллиант жылан" жөнүндө үч аялынынбири да билген жок. Мурда Азияттын кабинетине каалаган учурунда кирип эркелепжанында отуруп жүрчү Фаризатга да "Бриллиант жылан" келгенден бериэшик жабылган. Күйөөсүнүн эмне ишке мынчалык кыйналып жүргөнүнө кызыкканФаризат нечен жолу чегип сураса да жооп ала албады.
Мурда Азият Фаризаттын келишкен сулуу келбет-турпатынакызыгып, көгүш махровый шейшептин үстүнө жып-жылаңач жаткырып койчу да сени энетөрөбөй эле мыкты скульптор ак мрамордон чегип жасагандайсың - дечү. Түрлүүтүстөгү светтерди жандырып коюп ары оонатып бери оонатып түстүү фото сүрөткөтартчу. Фото сүрөт тартуу жагынан Азият чыныгы чебер болчу. Азмият тарткансүрөттөрдү карап отуруп Фаризат өзүнүн чын эле сүрөттөгүдөй сулуу экендигинеишенбей да кетчү. Сүрөт тартып атканда Азияттын каардуулугу жоголуп жумшак адамболуп калчу. Чыныгы искусство жөнүндө кыялданып кетчү. Азыр анын бири жок.
Азиятты түйшүккө салган сырды сөзсүз билүүгө Фаризат чындапкиришти. Бир эки жолу күтүүсүз үстүнө кирип барууга аракет кылды эле эшиктиичинен бекитип коет экен; атайын микрофон аркылуу уруксат сурамайын эшигиачылбады.
Азияттын кабинетинин эшиги өзгөчө эшик эле. Кармагычын бурапкойсоң дубалга өзү үнсүз жылып кирип кетип ачылчу да кайра өзү жылып келипжабылып калчу. Ал эми отурган орунтугундагы кнопканы басып койсо ичинен бекипкалчу. Кайра өзү кнопканы басмайын ачылчу эмес.
Фаризат бир күнү Азият менен чогуу кабинетине келип кайрачыгып баратканда шабдалынын данегин босогонун кычыгына билгизбей таштап койду.Эшик жабылып келатып данекке келгенде кичинекей жылчык кала берди. Эшиктиндайыма так иштээрине ишенген Азият муну байкабады. Фаризат телохранителдергеАзият иштеп жатканын анын тынчын эч ким албашын катуу эскертти да өзү кычыктаншыкааламайга өттү. Үйүлгөн китептерден бир сөздөрдү көчүрүп компьютерге түшүрүпиштеп жаткан Азиятты тиктеп туруп тажап кеткен Фаризат жаңы эле кетейин депжатканда Азият китептерди жыйыштырып коюп ордунан туруп керилип чоюлуп койду дабурчта илинип турган Айвазовскийдин "9-балл" деген картинасын алыпжерге коюп аркасындагы дубалдын бетине сырты кафелденип билгизбей орнотулгансейфти ачты да ичинен жалтылдаган жылан сууруп чыкты. Жылан Азияттын колундаойноп башын койкойто калып оозун ачканда Фаризат аз жерден өзүн жоготуп бакырыпжибере сактады. Оозун колу менен басып көздөрү чекчейип кетти. Азият жылангдыноозунан ачкыч сууруп алганда ого бетер өзүн жогото таңданды. Чынында Фаризатжыланды тирүү экен деп ойлоп жаткан. Көрсө кымбат буюм тура! Ачкыч менен эмиэмнени ачаар экен - деп ого бетер кызыгы аша көзүн албай демин ичине катыпкүтүп турду. Азият эч нерсе ачпады ачкычты колунда айлантып карап көпкө отурдуда кайра жыландын оозуна салып койду. Жанатан оозу ачылган калыбында башынкөтөрүп койкоюп турган жылан ачкычты жутары менен шылк кулап ийриле жатыпкалды.
Азият ордунан туруп жыланды кымкап менен ичтелгенкоробкасына салып ордуна койду да кайра баарын жымыйтып жаап койду.
Кагаздарын жыйнап бүтүп орунтугундагы эшикти ачуучу кнопканыбасканда эшик үнсүз ачыла баштады. Беш-алты кадам артка баскан Фаризат жөн-жайкелаткан кишиче кирип келатып бутунун учу менен шабдалынын кычыктагы данегинакырын тээп кетти да;
- Ого, эшикти ачып коюп иштеп жатасызбы. Биринчи көрүшүм.Эшигиңиздин ачык турушун. - Азият жактырбагансып сөзүн буза;
- Эмнеге келаттың эле? Мен жаңы чыгайын деп жаткам.
- А мен жана Сиздин кабинетке очкимди унутуп коюптурмун.
Чайпала басып кирип барды да үстөл үстүндөгү очкисин алды.Азият Фаризатты тикирейе бир карап алды. Көз карашында "Атайлап унутканжоксуңбу? Бул шуркуя эмне эле мынча кылыктанып жатат?" - деген шектенүүтурду. Кантсе да бир канча жылдар бою тыңчылык кесипте иштөө анын ички туюусезимин күчтүү өнүктүрүп койгон эле. "Эмне болду" дегенсип моймолжуйкараган Фаризат:
- Чарчадыңыз го. Балким биздин бөлмөгө кирсеңиз кичинемассаж жасап бербеймби. Жарым саат, бир саатча эс алып алсаңыз кантет? -дедиого бетер кылыктана. Азият ичинен "Мунун эс дартынын баары бир гананерседе. Эптеп эле эркек менен жатса" - деп ойлой Фаризаттын келишкенсулуу фигурасын бир карап алып "Кантсин. Жаштыгы деле ошону талап кылыптурбайбы. Эки жумадан бери көңүл да бура элекмин. Минткеним болбос. Жок дегендекүйөөлүк милдетимди аткарып коеюнчу" - деген жыйынтыкка келип:
- Болуптур. Чын эле чарчагансып турам. Массаж жасасаң жасапберчи - дегенди укканда кубанганын жашыра албай кеткен Фаризат Азияттынмойнунан кучактап өөп жиберди.
Жанаша баскан экөө кабинеттен чыкканджа "Куюн"күтүп турган экен. Кожоюнуна ийилип учурашты.
- Эмне болду? Азият аярлап токтой калды. Куюн шыпылдап басыпкелди да Азияттын кулагына бир нерсе айтты. Өңү өзгөрүлө түшкөн Азият Фаризатгакайрылып:
- Сен бөлмөңө бара бер. Мен аркаңдан кичинеден кийин барыпкалам деди да жооп күтпөстөн "Куюн" экөө шашыла басып чыгып кетишти.Мына эми келет деп күткөн Фаризат бул түндү жалгыз өткөздү. Азият келген жок.Күтүүдөн, кусалыктан, эңсөөдөн, жалгыздыктан, бук болуудан жарыла жаздаганФаризат ары оонап, бери оонап бирде терезеге барып түнкү гүл бакты карап, бирдежылдыздарды тиктеп, бирде көзүнөн жаш кылгыртып, бирде кичинекей назикмуштумдарын түйө кыжырланып, бирде телевизорду коюп кайра өчүрүп өзүн коергожер таппай уйку бетин көрбөй таң атырды.
Миң сан ой санаа менен аралашып баш-аягы жок суроолор жанынжеди. Азияттын колунан көргөн эмне жылан? Азиятты өзгөртүп түйшүккө салганынакараганда бир сыры бар го... Кейпи дүйнөдөгү эң кымбат буюмдардан го. Азиятбаасын чыгарып сата албай жүргөн го. Балким башка да сыры бардыр. Кантип билсеболот?
Фаризат жөн эле сулуулугунун аркасы менен Азияттай байгатийип алып жан багып жүрө берүүчү катардагы төшөк катындардан эмес эле.Университеттин чет тилдер факультетин бүтүргөн англис, немец, фарс тилиндеэркин сүйлөгөн дүйнөлүк адабият, искусство, маданият менен тааныш. Энергиясыденесине батпай турган аялдардан эле. Азияттын чыныгы жүзү ким экенин толукбилбесе да божомолдоп акыл жорто түшүнүп, Азиятка жолуктурган тагдырынатаарынчу. Азияттан кетем десе тирүү кубултасын да билчү.
Азият өзү айткандай "анын көзү" бардык жерденкарап тураарын туйчу. Чындыгында Азият тиешелүү бөлмөлөргө микро- микрофондордукойдуруп койгон эле. Аларды күн ара текшерип угуп коюп турчу.
Эгер Азият өзгөрүп кетпей мурдагысындай чет өлкөлөргө өзүменен дайыма ээрчитип, күн ара конокторго кошо алпарып, көңүл бөлүп эркелетиптурса эч убакта Азият жөнүндө жаман ойго бармак эмес. Анткени Азиятты өзүбилген эркектердин ичинен чыныгы эркеги деп эсептечү. Жашынын өтүп калганынанкарабай Азият кайда болбосун өзүн "чөйрөнүн борборунда" аялдардынкызыгып суктанган көзүндө алып жүрө алчу. Фаризат Азияттын жанында мына ушулсилер суктанган адамдын колуктусу менмин деп сыймыктанчу.
Акыркы жылдарда эмне болуп кетти. Чын эле баарына жанагыжылан күнөөлүбү. Эгер ошол жылан күнөөлү болсо Фаризат жыланга кошуп ушул аксарайды бүт өрттөп ийүүгө даяр эле.
Чиркин дүйнө жыланды жылчыктан көрүп койгондугу үчүн Фаризатушул каргашалуу күнү өзүн азаптуу тагдырдын жолуна салганын билбеди. Өзүнкармап эле эмес көрүп койгондордун тагдырын, жанын оп тартып соруп коючу жылананын жаратылыш бир берген укмуштуу сулуулугуна карабай тымызын соруп баратканынсезген да жок.
х х х
Азият Кытайдан кабар алды. Кытайдагы тыңчысы Хэ-Чан белгисизсебеп менен өлүптүр. Фаризатты күттүрүп койгонун унутканы ушунда жаткан. Хэ-ЧанАзияттын өзүнүн ишин жакшы билген эң мыкты жигиттеринен болчу. Анын ордунбасуучуну табыш эми кыйынга турат. Хэ-Чан бир топ изилдөө иштерин жүргүзүп," жиптин учугун" таап китепке жакындай баштаган. Анын ордун басуучу албилген сырларды изилдеп чыккыча көптөгөн убакыт өтөт. Балким Хэ-Чан өзү мененала кеткен сырды эми эч кими да ачалбас.
Азият жанын коерго жер таппай каарданып турду.
х х х
Шаа (Мыкы) Бишкекке асмандан түшкөнсүп пайда болду. Алуучудансатуучусу көп болуп кеткен Ош базарын кыдырып жүрүп Салкын эжесин араң тапты.Салкын төрт жылдын аралыгында он жылга картая түшкөндөй көрүндү. Баягы акжуумалынан келген жайдары келин карарып, бети-башына бырыш кирип, жүдөгөнсүпкалыптыр. Өзү байкаар бекен дегенсип маңдайына кичине турду эле байкабады.Базарда көп жыл отуруп көнгөн сатуучулардын адаты менен Шаанын товар кармаганколдорун гана карап көзүнө ким экен дегенсип бир да жолу тигилип койгон жок.Чындыгында Салкын үчүн колдорду кароо жетиштүү. Колдор чөнтөктөн капчык суурупчыгып акча санай баштаса иштин оңуна айланганы, жөн эле товарды кармалай берсекатардагы бирөө. Алса да албаса да кармалай бермей адаты бар алуучулар саман.Кайсыл биринин жүзүнө карап үлгүрмөк.
- Саламатсызбы эже. Шаа үнүн көтөрө чыгарды.
Кантсе да чогуу иштеп жүрүп кулакка жат болуп калган таанышүндү укканда жалт карады:
- Мыкы.. Мыкысыңбы?.. Ой тирүү барсыңбы деги? - Эмне дээринбилбей карбаластай түштү.
- Тирүүмүн эже, көрүп турбайсызбы.
Көздөрүн жалжылдата Шаанын башынан аягына сынай карады да:
- Такыр өзгөрүпсүң. Зыңкыйган жигит болупсуң. Деги кайдажүрдүң төрт жылдан бери?
- Россияда эже.
- Коммерция кылып жүрдүңбү?
- Анан эмне кылмак элем.
Сөздү көп узартпаш үчүн өзүнүн Москвадагы Эл аралыкуниверситетин чыгыш таануу факультетинин кытай тилинде окуганын жашырып койду.Деги эле кайда эмне кылып жүргөнүн, так дарегин эч убакта эч кимге айтпашыкеректигин Кадыр атасы тээ кичине чагында эле үйрөткөн.
- Ишиң жакшы го...
- Түзүк. Россия кенен эмеспи. Андан көрөк өзүңүздөркандайсыздар? Жезделүү болдукпу?
- Өзүбүздүн кандайын сурайсың. Жаман жагына ообосок оңолуужагына кете элекпиз. Алуучудан сатуучу көп болуп кетти. Баягы экөөбүз чогууиштеп жүргөндө бекер эле товар өтпөйт деп наалучу экенбиз. Анда элдинчөнтөгүндө акча бар экен. Азыркы абалыбызды айт... Кыскасы жыргаган жокпуз.Жезде жагына келсек сага жезде болууга жарачусу жок окшойт... Андан көрө өзүңжөнүндө айтчы?
- Өзүм эмнени айтайын эже. Базар кайда болсо базар да.
- Туура айтасың. Базар кайда болсо базар. Баса, жарым жылмурдараак бир кытай келип сени аябай сурады. "Ой дайнын да билбейм"десем ишенбегенсип үйүмдү да таап барып калыптыр мен сени үйүмө катыпкойгонсуп. Кантип таап барды билбейм. Балдырап кыргызча-уйгурча аралаштырыпсүйлөгөн неме экен. Ошондон улам сени Кытайга каттап жүргөн го деп ойлодум эле.
Шаа каштарын жыйра ойлоно калды да:
- Эже товарыңызды өнөгүңүзгө карата турсаңыз мындай чыгыпбир жай жерге отуруп сүйлөшпөйлүбү.
Салкынды Шаа такси менен "Мина" ресторанына алыпбарды. Экөө өзүнчө кабинага кирип отурганда Салкын Шаарга чындап ыраазы боло:
- Мыкы сен чындап "крутой" болуп кетсең керек."Мина" , "Мина" деп угуп жүрчү элем бирок биринчи киришим.
- Эже "жакырдын бир тойгону орто байыганы" деп биржакшы тамактанып коелу. Кантсе да көп жылдан бери жолугушпай калдык. Бир тууганэжемдей болуп калдыңыз эле.
- Рахмат Мыкы. Жөн эле төбөм көккө жетип отурам...
- Заказ бересизби? - "Менюну" Салкын жакажылдырды.
- Жок, мунуңа түшүнбөйм. Өзүң заказ кыла бер. Мен келипкиргенибизге эле тоюп калдым.
Экөө шашпай тамактанып көпкө сүйлөшүп отуршту. Шаа Салкынданөзүн издеген кытай жөнүндө ийне-жибине чейин иликтеп сурап жатты. Салкын даколунан келишинче өң-түсүнөн бери сүрөттөп айтып берди. Ал түгүл шаардагы бирфирмага кытай товарын алганы барса ошол кытай ошол жерде жүргөнүн көргөнүнөнбери эстеп айтты. Акырында:
- Анда билбепмин да ал кытай сени кызыктыраарын билгенимдеаты жөнүнөн бери билип, ал түгүл сыртынан сүрөткө да тарттырып калат элем -деди.
- Шаа Салкынды жайгарып - Мени издеген кандай кытай болду экен,- деп эле жайынча сурап атам - демиш болуп койду. Кайра базарга такси мененжеткирип келди да коштошоордо:
- Мени тааныбаган бирөөлөр сурап калса жолуктум деп даайтпаңыз. Аман болсок дагы көрүшөбүз. Муну базарда жүгүртүүңүзгө пайдаланыңыздеп 1000 доллар берди да кандай күтүүсүз пайда болсо так ошондой жылт деп жокболду.
Салкын колуна уучтаган доллардан апкарый түшүп жакшылыктуукош бол деп да айтууга үлгүрбөдү. "Курган жаным кечинде үйдөн барып даамооз тийип тамак ич дегенге да жарабаптырмын го" - деп калың элдин арасынанкараанын таппай кала берди. Аялдык сезими менен Шаанын чоң ишке кириптер экенинтуйду. "Деги эмне болсо да аман жүрчү" деп койду.
х х х
Реклама аркылуу таап алган өзүнчө бир бөлмөлүү мейманканагаубактылуу берилүүчү үйдүн балконунан кечки Бишкекти карап отуруп ойго батты.
Төрт жыл билинбей өткөн экен. Бишкектин көчөлөрүндө иномаркамашина батпай кетиптир. Англис тилинде жазылган, латын ариби менен түрк тилиндежазылган жарнамалар көбөйүптүр. Бишкектиктер жөн эле чет элдиктердей кийинипкалышыптыр. Көчөдөгүлөрдүн кийингендерин карасаң москвалыктардан деле айырмасыжок. Ал эми базарды араласаң жалпы элдин турмушу жакырланганы көрүнүп турат.Кайырчы жокко эсе болоор эле. Толуп кетиптир. Шаардын элинин саны да көбөйгөнүбайкалып турат. Уйкусу качып оо көпкө отурду.
Шаанын жүрөгүн катуу дүпөйүл кылган аркасынан сая түшүпиздеп жүргөн кытай эле. Анын ким экенин Салкын айтканда эле билген. Кадыр атасыэртедир- кечтир изине түшкөндөр кыргыз жергесине келээрин, ал түгүл Шааны датаап алышы мүмкүн экенин нечен эскерткен. Кытайдын аты жөнү ким? Кайра Кытайгакеттиби же Кыргызстанда Мыкыны издеп жүрөбү? "Шаа" - деп атынөзгөрткөнүн билеби? Суроо көп, жооп жок. Жалгыз карындашыма барып учурашсамкантет? Балким кытай карындашымдын үйүн сыртынан аңдытып койгон болсочу?
Алгач Салкын айткан фирмага барып астыртан иликтеп билмекболду. Фирмада иштеген котормочуга Шаа сырткы келбетин Салкындын айтуусу боюнчасүрөттөп айтып бергенде эле шап жооп берди.
- Түшүндүм сиз Хун-Лини издеп жүрсөңүз керек. Ал киши сиздентовар алам деди беле? Же Сиз ал кишиге карызсызбы? Себеби Хун-Ли эч убакта өзүэч кимге карыз болбойт жана жалган сүйлөбөйт. Буга мен толук ишенем - депбыдырап кирди.
Шаа тигинин толук укту да. Анан "Сиз туура айтасыз,Хун- Лиге мен товар тапшырып, чогуу иштешип көрөйүн дедим эле. Анткени анынишеничтүү адам экенине ынанган элем. Анын үстүнө жакын таанышым да эле" -деди.
- Тилекке каршы Хун-Ли кайра Кытайга кеткенине жарым жылданөтүп кетти. Эгер сизде товар бар болсо мен сизге Хун-Лидей эле чынчыл,ишеничтүү адамдарды таап бере алам - деди шыпылдай.
- Рахмат. Мен жакында Кытайга барышым мүмкүн. СиздердинКытайдагы фирмадан Хун-Лиге жолуга аламбы?
- Мен так айта албайм сөзсүз жолугасыз деп. Биздекоммерсанттар көпчүлүк учурда убактылуу алынат. Ошондой болсо сөзсүз жолуккуңузкелсе дарегин билсеңиз болот - деди да суурмасынан кытайдагы фирманын дарегижазылган визитканы суурууп Шаага берди. Шаа "рахмат" деди да шартбурулуп чыга жөнөдү. Сайрап көп сүйлөгөндү жакшы көргөн тилмеч Шаадан "Сизөзүңүз ким болосуз" - деп суроого үлгүрбөй калды.
х х х
Шаа билиминин калганын Пекинден улантууга жолдомо алган эле.Ал үчүн Пекин университетинде бир курс төмөн отурууга да макул болгон. Эптепжүрүп көздөгөн максаты Кытайга кирүү болчу. Тааныштан тааныш салып, акчаныуучтап берип жүрүп жетти. Бишкекке Пекинге учаардын астында туулган жеринкөрүп, бир тууган карындашына учурашып коюш үчүн гана кайрылган. Бекер келгенэмес, минтип баасыз жаңылыктын ээси болуп отурат. Убактысы тар болгондуктан көпкармалбай жолго чыкты. Кантсе да каны бирге эмеспи карындашы байкесинин аманэкенин көргөндө бир ыйлап, бир күлүп эси ооп калды.
Кетээринде "кем карчыңарды толуктап кичине бутуңаргатуруп алгыла" деп 5 миң доллар берди. Карындашы да күйөө баласы да акчаныкөргөндө эстери ооп кала сакташты. Кандай рахмат айтаарын да билбей калышты.Карындашы "Карызга белчеден баттык эле. Кудайдын да бизге боору ооруганэкен" деп ойлоп жиберди. Байкуштар нанга араң өп-чап жетип калган турмуштаэкен. Ошентсе да күйөө балас бир козусун союп коноктоп жан-алы калган жок.
Шаа өзү жөнүндө эч нерсе айтпады. Атын өзгөрткөнүн дабилгизбеди. Болгону Россияда коммерция кылып жүрөм. Бир шаарга туруктуутурбайбыз. Кыдырып жүрө беребиз. Кам жебегиле өзүм кабарлашып турам - депкойду.
Бул жолу Москвага самолет менен учту. Андан Пекинге жөнөмөк.Бүт документтери бүтүп ал түгүл билетин да алып койгон.
х х х
Кемелдин колуна "Бриллиант жылан" кандайча тийдиөзүнчө таржымал. "Каражылан" астын ала айткандай Кемел түрмөдөн чыгыпкелгенден кийин жарым жыл өтпөй областын апийим даярдоо бөлүмүндө иштеп калды.Даярдалган апийимди республикага тапшырууга келгенде чогултулган апийимгеатайын даярдалган кошулмалар кошулуп салмагы көбөйтүлөт. Ашкан салмак солгокетет. "Каражылан" ишти ушунчалык тыкан уюштурган экен, лабораториядагыишенимдүү адам салмагы текшерүүдөн комиссия аркылуу өткөн товардагы кошулманыжалпы республика боюнча түшкөн апийимдерден чыккан калдык катары кайра бөлүпсалат.
Кемел товарды мерчемдүү жерге жеткизет да акчасын алат.Тиешелүүсүн ай сайын "Каражыланга" жеткизет. Калганы өзүндө калат.Өзүнө жардамга көп да жигит күтпөдү. Болгону түрмөдө чогуу жүрүп ишениминекирген Игорду алып жүрдү.
Кылмышкерлер дүйнөсүнө тереңдеп аралашып Казакстан,Өзбекстанда өткөн "разборлорго" катышып жүрдү. Чоң-чоң разборлорболгондо "Каражылан" Кемелди дайыма чакыртып алып Азиядагы" авторитет" катары катыштырчу.
"Каражылан" Кемелди сөзсүз тез келсин. Бардык иштижыйыштырып коюп келсин" - деген чакыруусун алганда кезектеги" разбор" болот экен деп ойлогон. Андай болбоду тескерисинче "Каражылан" өлүм алдында жатыптыр.Балтырынын ички бетине бармактай жара чыккан экен.Катардагы жаралардын бири катары догдурга барып кестирип салса күчөп кетиптир.Көрсө рак экен. Кемелди эле күтүп жаткансып кыйналып араң айтайын дегенин айттыда көз жуумп кете берди. Кемел үчүн "Каражыландын" өлүмү жеркөчөкөндөй болду. Бир тууган агасынан да жакын болуп калганын айрылгандан кийинбилди.
"Каражылан" Кемелге "Бриллиант жыланды"калтырганы менен анын сырын толук түшүндүрүп жеткире айтып бере албады.Ошондуктан Кемел жыланды сактоочу гана болуп келди. Анын сырын ачууга кызыкканда жок. Кичине да аракет кылбады. Жыландын сырын ачууга кызыгыш үчүн анынтарыхын билиш керек эле. Ошондой эле фанатикалык ишеним менен жыланга арбалуукерек болчу. Кемелде мындай болгон жок.
"Каражыландын" Кемелден дагы бир суранычы -бирөөлөргө 600 кг апийим берет экен ошону сөзсүз берип коюуну өтүндү. 400 кгбергенде байланыш үзүлүп калды. Кийин байланыш уланганда Көл өрөөнүндө апийимайдоо токтоп калган. Ошентип 200 кг апийимин бере албай калды.
"Каражылан" өлгөндөн кийин Россия, Казакстан,Өзбекстан, Кавказ кылмышкерлер дүйнөсүндө чоң "разбор" жүрдү дакожоюндукту кавказдыктар алып кетти. Кемел бул "разбордо" көлөкөдөкала берип, астыга жулунбады. Ага Көл менен Бишкектин аймагын ыйгарышты.
Кылмышкерлердин дүйнөсүнүн да өзүнүн жашоо мыйзамы бар. МунуКемел барган сайын мыкты өздөштүрө баштаган эле. Сыртынан уулдап-дуулдап акчадегенди уучтап жүргөнү менен ичинде бычактын мизинде турганын эч убакта эсиненчыгарчу эмес. Бир капталыда мамлекеттик мыйзам менен бийликтин тору жайылуутурса, экинчи капталында кылмышкерлердин сотуна түшкүчө мамлекеттик мыйзамдынсотуна түшкөн жакшы. Эртедир-кечтир жаңылыштык кетирээриңди да билесиң. Кайсылжагына болсо да жооп берүүгө дайым даярдык болот.
х х х
Аялзатына анчалык терең маани берип көңүл бөлбөгөн Кемелүчүн сүйүү махабатына кабылуу күтүүсүз болду. Сүйүү Кемелди кылмышкерлердинсазынан сууруп алды. Сүйүү Азиядагы атактуу баш кесерди катардагы боорукерадамга айландырды.
Мындай бурулушка чыныгы жүрөктү жарып чыккан сезим ганажеткирмек.
х х х
Бир буту Көлдө, бир буту Бишкекте болуп иштей албасынтүшүнгөн Кемел тааныш досторунун каршы чыкканына карабай борборго которулупкелди.
Канча бир жылдан бери жанында жүрүп бир чети телохранители, бир чети жан досу болуп калган Игор да Кемелдин күтүүсүз өзгөргөнүн түшүнөалбай жүрдү. Жумуштан келет да китеп окумуш болуп ооналактап жатат. Игорь болсодосун бул "оорудан" кантип куткарып кетсем деп өз алдынча баш катырыпжүрдү. Алгач маани берген эмес. Бир аз кызыгы тарагыча жүрөт да анан баарынунутат. Унутпай көрсүн андан да сулуураак кыздардан таап койнуна салып койсомГүлсарасынын атын да таппай калат - деп ойлочу.
Бара-бара иштин андай эмес экенин сезе баштады. Бир-эки жолукыздарды апкелип көрдү эле Кемел жолобой койду. Кирген буурадай күпүлдөгөнКемел жок. Сопу. "Иштеген жерден отпуска алып Крымга эс алыпкелбейлиби" - десе да болбоду. Игорь өзүнчө "Тобо чын эле сүйүү дегенда болобу" деп коет. Кайра ишенбей кетет да "Кайдан жөн эле убактылууболуш керек. Баары өтүп кетет" деп өзүн сооротот.
Кемел шаарга келгенден кийин Гүлсара менен байма-бай жолугабаштаган. Өз ичинде: "Гүлсара деле мени жактырып калды окшойт", - депкыялданып жүрчү. Ал түгүл эртерээк үй сатып алып үйлөнүү жөнүндө сунушумдуайтайын деп камдана баштаганда күтүүсүз сокку жеп отурбайбы. Жегенде да ушунчаэси ооду бир жума жумушка чыкпай үйдө ичип жатып калды. Кемел үчүн жашообүткөндөй болуп кетти. Нечен жолу бычактын мизинде, өлүм менен өмүрдүнортосунда турганда да мынчалык өзүн жоготкон эмес. Эч убакта башка түшкөнубайды арак менен жууп салууга мүмкүн эместигин да билчү. Мыначалык жумалапарак ичип жатып калганын Игорь да көргөн эмес. Ичишине бешинчи күн болгондоИгорь эки яүик арак алып келди да бүт бөтөлөкөсүн бошотуп чоң мискейге куюп турупмискейди Кемел жаткан дивандын башына көтөрүп келип койду да чоң чөмүчтү жанынакоюп "Бул эмне кылганың" деп түшүнбөй тиктеп калган Кемелге:
- Мына бөтөлкөнү ачып убара болуп жүрөсүңбү. Чөмүч менен сузда ура бер. Түгөнгөндө айтып кой дагы апкелип куюп коем. Канчага чыдаар экенсиңкөрөйүн. Мына ушинтип ичсең көп болсо үч күндө бооруң эзилип тиги дүйнөгө сапартартасың - деди да жообун күтпөй чыгып кетти. Үйдүн ичи арактын жытынан жарылыпкете сактагыдай болуп турду. Жүрөгү айланып көзү тунара түшкөн Кемел окшупокшуп кусуп ийди да;
- Игорь алып кет. Алыпкет дейм азыр өтүңдү тирүүлөй суурам!Алып кет! - деп кыйкырган менен Игордон жооп болбоду. Калчылдап ордунан туракалып, мискейди тамтаңдай көтөрүп эшикке чыкты да арагы менен кошо акыр-чикирсалган бочкеге ыргытты. Өзү үйдүн эшигинин алдындагы отургучка отура калыпичеги боору үзүлгүдөй окушуй окшуй кусту. Анан эси ооп жыгылып калганын билгенжок.
Эсине келсе ооруканада экен. Ууланган канын тазалаш үчүнканына тамчылатып дары куюп жатышыптыр.
Көзүн ачты да маңдайында ак халат жамынып тиктеп турганИгорго:
- Игорь турарым менен өтүңдү тирүүлөй суурам. Буга ишенимкой -деди алсыз.
- Менин өтүмдүн эч кимге пайдасы жок досум. Аны сагасуурттуруп убара кылбай эле ошончо керек десең өзүм деле кесип берем. Меникинкоюп сени ушул абалга жеткизген жанагы шуркуянын өтүн сууруп жутуп ийсең оңолотэлең.
- Тилиңди тарт Игорь. Ал шуркя эмес. Кантсе да сөзгө жыгылыпшылкыя түштү.
Аңгыча эшик тыкылдап Гүлсара кирип келди. Аны жаман көзүменен бир тиктеген Игорь экөөнү калтырып эшикке чыгып кетти. Баарын Игордонукса да билмексенге салган Гүлсара;
- Эмне болду, Кемел байке?- деди жанына жакын отурупколдорун кармалай. Кандай жооп айтарын билбей шаша түшкөн Кемел
- Билбейм тамактан ууланып калсам керек. А сен кайдан уктуңменин ооруканада экенимди.
- Игорь айтты.
- "Звер" сөзсүз сени соет экенмин. Гүлсаратүшүнбөй калды да:
- Эмне дейсиз?
- Аа, жөн эле. Жанагы Игорь деген шүмшүктү биз"Звер" деп коебуз.
- А эмне айтпа дедиңиз беле. Мени көргүңүз келбей жатабы.
- Жок... Жок... Кемел калдастаганынан өзүн унутуп ордунантура сактады. Кантсе да медик эмеспи. Гүлсара илгиртпей кармап калбасакаруусундагы ийне чыгып кетиши да мүмкүн эле.
- Жатыңыз... Жатыңыз... Сизге турууга болбойт. Кайракыймылсыз жатып калды. Экөөнүн көз каректери чагылыша түштү. Мынчалыкбири- биринен көздөрүн албай тиктеше элек болушчу. Кемелдин карегинен тамчы жашсызылып чыгып ылдый тоголонду. Бычакты мизинен тайманбай кармай алчу баатырсүйүү күчүнө кор болуп тизе бүгүп чөгөлөп ыйлап турду. Эх, өмүр табышмагыңсансыз беле.
Гүлсаранын да карегинен сызылып жаш куюлуп, улам Кемелгежакындап баратты. Кыздын үлбүрөгөн назик эриндери жигиттин борбойгон калыңэрдине тийгенде Кемел үчүн дүйнө астын-үстүн болуп бараткансып, ушунун баарытүшүндө болуп жаткансып көздөрүн жуумп жиберди. Жүрөгү тим эле көкүрөк сөөгүнтешип сыртка атып чыкчудай уруп тыбырап-тыбырап турду. "Мына эми өлсөмарманым жок" деди Кемел. Эрдиңе эрдим тийип жытыңды искеп койгонумдун өзүда бир жашоо" -деди жигит.
- Мен сендикмин! Мен да сенсиз жашай албасымды түшүндүм.Ушуну айтайын деп атайы келдим. Кечирчи мени өткөндөгү терең ойлонулбайайтылган сөздөрүм үчүн деди кыз.
Кемел уккан кулагына ишенбеди. Көздөрүн бакырайта ирмегилейГүлсараны тиктеп алды да:
- Гүлсара чын элеби? Жөн эле аяп айтып жаткан жоксуңбу?
- Чын сөзүм! Кемел экөөбүз жолугушпай калган эки жума менүчүн эки миң жылдай болуп кетти. Өз күнөөм үчүн өзүм азап чегип эки жума көзжашым кургабады. Мен сенин кучагыңда гана бактылуу боло алам, Кемел.
- Гүлсара... Гүлсара... болду... Болду сүйлөбөчү. Мага абажетпей баратат.... Өмүр тумарым менин. Ийне салынбаган колу менен имерекучактап өзүнө кысты.
Кемел үчүн мындан ашык дарынын кереги жок эле. Догдуркирээри менен "мен айыктым чыгарыңыз" , - деди. Чын эле кубарган өңүнөкан жүгүрүп кызарып жадырап калган. Догдур Гүлсараны бир карап алып "Кийиндогдур болгонуңда да оорулууларды ушинтип бат айыктырсаң сенден дүйнөгө атычыккан догдур чыгат го" деди тамашалай. Мединституттун студенти катарыГүлсараны жакшы таанычу эле.
х х х
Бүгүн бири-бирине сүйүүлөрүн айтып эзилип турган экөө экижумача мурда башкача сүйлөшүшкөн.
Кемелдин ким экендигин жашырбай так айтып берүүсүн Гүлсарасураганда, Кемел да төкпөй-чачпай бүт өткөн өмүрүн айтып берген да азыр дакылмышкерлер менен байланышы бар экенинин четин чыгарган.
Кемелден мынчалык терс жооп күтпөгөн Гүлсара дендароо болуп"Кимге жолуккам, кудай?" деп бир жумача жүргөндөн кийин Кемелгеата- энеси кудалашып койгон жигити бар экенин. Өзү да аны жактыраарын. Ата-энесин капа кылбашы үчүн ага турмушка чыгаарын айткан. Ал түгүл тойлоружакын арада болоорун эскерткен.
Өзүнүн ким экенин ачык айтып бергенден кийин кыздан жакшыделе жооп укпашын Кемел билген болчу. Ошентсе да үмүт деген чиркин өчкөн эмес.Бүт тилеги өчкөндөн кийин өзүн киши катары санабай күчүн арактан чыгарыпотурбайбы. Кемел жумалап аракка чөксө Гүлсара эмнеге чөктү? Кыз жүрөгү жумалапэмнеге эзилди-махабаттын улуу табышмагы болуп кала берди.
х х х
Гүлсара Кемелден бир гана нерсени суранды "Эгер менисүйгөнүң чын болсо бүт өткөндөрүңдү унут да кылмышкерлер менен байланышыңды үз.Сенден ушуну гана суранам. Бул суранычымды аткаралбаган күндө да мен сендикмин.Болгону өмүр боюу жүрөгүм ооруп санаа чегип өтөм го" деди.
Кемел Гүлсаранын суранычын бүт аткараарын болгону бир азубакыт керектигин, анткени "Мыйзамдагы ууру" дегенге жеткендер жөнжай эле кылмыш дүйнөсүнөн чыгып кете албасын ачык айтып түшүндүрдү. Кылмышкерлердин да өздөрүнүн эч жерде жазылбаган бирок катуу сакталган мыйзамыболорун Гүлсара биринчи Кемелден укту.
х х х
Азият Хэ-Чандын ордуна Кытайга жиберүүчү кишини шашылышиздей баштады. Архивин көтөрүп, жигиттерин бирден тизмектеген менен ылайыктуусучыкпады. Ары ойлонуп, бери ойлонуп Кытайга өзү өтүп барышы керектигин түшүндү.Бир чети Хэ-Чандын кайда кандайча өлгөнүн иликтеши керек. Экинчиден, Кытайдынөзүнөн китепти издөө боюнча изилдөө иштерин жүргүзүүчү киши табуу маселеситурду. Мындай ишти бирөөгө ишенип тапшыруу да мүмкүн эмес.
х х х
Кемел ооруканадан чыкканда Игорь тосуп алды. Кемелдин күлүпжайнап өңү өзгөрүп калганынан эле билди Гүлсара экөөнүн ортосунда жакшы сөзболгонун.
- Кана досум өттү качан суурасың? Кемелге күлө карады.
- Базар-вокзалыңды токтот Игорь. Өтүң азырынча өзүңө керекболуп калды. Экөөбүздүн астыда аткара турган иштерибиз арбын.
- Жашагың келип калган го.
- Жашаганда да адамча жашашым керек.
- Буга чейин айбанча жашап келаттың беле?
- Айбанча эмес кылмышкерлерче жашап келаткам.
- Түшүнбөй калдым...
- Түшүнүүгө мээң бөксөлүк кылат.
- Мунуң туура сөз. Баштын анчалык деле кыйын иштепжибербешин дайыма мойнума алам.
- Ошол кемчилдигиңди билгениң үчүн мен сени дос кылыпжүрбөймбү.
Кемел менен Игорь бул түнү таң аткыа уктабай Кемелдин кылмышчөйрөсүнөн такыр кетээрин талкуулап чыгышты.
Кыргыз апийиминин аркасы менен Кемел кылмышкерлердинчөйрөсүндөгү жөргөмүштүн желесиндей жайылган жибинин эң орчундуу түйүнү болуптурган.
Каражылан күтүүсүз өлгөндөн кийин Кемелдин баркы төмөндөпчоң- чоң "разборкаларга" чакырылбай калганы менен "сырье" даярдап берүүчү катары дайыма көңүлдө туруучу. Кемел өзү да "чоңчөйрөдөн" кадыр-барк күтүүгө жулунбады. Игорь айткандай ал табийгатындатубаса кылмышкер эмес эле. Ал эми "чоң чөйрөгө" тубаса кылмышкерлергана жулунчу. Эң коркунучтуусу Кемел "оюндан чыктым" десе эле"Хоп, бара бер" деген сөз укпайт. Иштин көзүн билип ушунча жылданбери жаздым кадам жасабай иштеп келаткан "карышкырды" ким эле коебере койсун. Экинчиден Кемел өтө көптөрдү тааныйт. Бул да коркунучтуу. "Көзүн тазалап койгула" деген жыйынтык чыгып калсачы. Бир гана үмүт"чоң чөйрө" Кемелдин ордуна Игорду кабыл алса балким иш оң жолго түшүпкетиши мүмкүн. Кемел Кавказдагы Каражыландын ордун ээлегендин өзүнө барыпбетме- бет сүйлөшүүнү туура тапты.
Кемел "Каражыландын" ордунда калган "Алтынтишти" таанып калган эле. Чоңураак "Куш" алганды да жакшыкөрөөрүн уккан. Ошондуктан барганга жараша жакшы даярданып барууну туура көрдү.Жалаң илбирстин терисинен келиштире тигилген ичик, эки волганын баасына тетекелген тай туякка уютулган алтын алды да жолго чыкты.
Күтүүсүздөн келип кабыл алуусун суранган" Дьяволдун" (Кемелдин) атын укканда (Кылмыш чөйрөсүндө көбүнчөкличкасынан айтылат) "Алтын тиш" алгач чоочуп кетти.
- Эмне максат менен келиптир. Кимдер менен келиптиртактагыла. Көзөмөлчүлөрдүн санын арттырып кайтарууну күчөткүлө - деди.
- "Зверь" экөө эле келиптир. Максаттары жакшылык.Тартуулары бар экен. Жекече сөз дейт, дегенди укканда ойлонуп калды.
Ичинен эрдин тиштеп "Кезеги келип турат жайлатыпсалсамбы" деп нечен ойлоду. "Дьяволду" далай уккан. Кемелдинмуштумунан жаны үзүлгөн "Баш кесер" жакын достордон эле. Досунун кунуканын кызытканы менен артын ойлоду.
"Дьяволдун" аты кайда болсо белгилүү. Эртең"разбор" жүрүп кетсе өзүнүн башы топудай учуп жүрбөсүн.Каршылашкандар көп болуп баратат. Акыркы өткөн "чоң чөйрөнүн" разборунда аз жерден жайлап кое сакташты. Эгер эми бир кезеги келсе соо чыкпайт.Эмнеси болсо да Кемел менен бетме-бет сүйлөшүп көрүүнү чечти.
Кемел Игорду ээрчитип кирип келди да тайманбастан маңдайынабасып келип кол суна учурашты. "Алтын тиштин" кыпкызыл көздөрүн,бычактан жырылып бир жагы үзүлгөн ээрдин эч ким батынып тиктей алчу эмес.Экөөнүн көздөрүн чагылыша түшкөндө "Алтын тиш" уулу заар жыландынкөзүн көргөнсүп денеси дүр деп жалтайлап кетти.
- Келгиле меймандар... Отургула отургула деп ордунан туракалды. Өмүрү ордунан козголбогон "Алтьын тиштин" кылыгына күбөлөр таңкалып калышты. Кемел отурбай туруп куржундан илбирс ичикти алып чыкты да"биздин элдин салты ушундай" деп үстүнө жапты. Андан соң тай туякалтындарды астына койгондо "Алтын тиштин" көздөрү жайнап кетти.
Кемел орун алып отургандан кийин үнсүз эки жагындагыларды карапкойду. Бул "Биз көзмө көз сүйлөшсөк болот эле" деген сөзү болчу."Алтын тиш" айттырбай түшүндү да баарыңар чыгып кеткиле деген белгиберди.
Экөө жекеме-жеке көпкө сүйлөшүштү. Чыдамы кетип күтүпотурган Игорь Кемел чыгып келгенде анын жайдары экенин көрүп иш жайында экенинбилди. Бир күн конок болушту да кайра жолго чыгышты.
- Чын эле алкымы чоң экен деди - Кемел Игорь экөө өзүнчөбөлүнгөндө. "Биздин алып келгенди аз көрүп дагы 100 кг таза апийим бердейт" - дегенде Игорь секирип кетти.
- Сен эмне дедиң?
- Макул дедим. Бир айдан кийин жигиттерин жиберип өзүалдырып ала турган болду.
- Акылың жайындабы. Кайдан табасың?
- Табылат - деди Кемел кебелбей. Эң башкысы менин ордума сенкала турган болдуң. Кийинки "чоң чөйрөнүн" "разборуна" сенкелип кетесиң. "Алтын тиш" үчүн Кемелдин келип кетиши "Көктөнтилегенин жерден бергендей" болду. Катуу атаандашып бийлигине тоскоолболуп жүргөн экөөнү мамлекеттик бийликтегилер аркылуу жок кылдырып коюш үчүнкаражаты тартыш болуп турганда минтип илбирс ичик менен алтын келип отурат.
Булардын чып-чыргасы коробой борбордогу ак үйгө кетсе, 100кг апийим өзүндө калат. Кыйшаңдап турган оруну кайра зыңкыйа бекемделет. "Дяьвол... Дьявол сени "Каражылан" ушундайыңдан жакшы көрчү экенго". Мейли кылмыш дүйнөсүнөн кетсең кет. Жигит экенсиң өтө кымбатка сатыпкеттиң. Сендей жигитке мен да жигитче мамиле жасап чекеңе черттирбей кылмышдүйнөсүнөн чыгарып коеюн" деп ойлоду.
Кемелди чын эле кылмышкерлер дүйнөсү көптөгөн жылдар унутупкойду. Арадагы жылдарда бир да жолу сатпаган, качан болсо Кемел үчүн жанынкоерго жер таппай жүрдү. Ал түгүл бир жолу бүт жыйгнан тергенин Кемелге алыпкелди да "Мына Кемел муну сага эмес сенин балдарың үчүн берип жатам.Албайм десең өрттөп ийем. Досум анда мени катуу тарынтасың. Өзүң билесиң менинсенден башка эч кимим жок. Мага сенин Гүлсараңдай пери да жолукпады. Менинкүнүм бүтүп баратат окшойт" дегенде Кемел чындап чоочуп "Игорькойсоңчу. Балким кайрадан чогуу аракттенелиби. Чыныңды айтчы эмне болду?"дегенде Игорь жакын жуутпай "Жок. Кемел кылмыш дүйнөсүнөн сен чыгыпкеттиң. Кайра кошулба. Кереги жок. Өзүм бүтүрөм. Бүтүрө албасам баштагы бирөлүм. Эртеби кечпи айырмасы да мен үчүн жок калды" деди. Көп өтпөйбычактан оор жаракат алып ооруканада үзүлдү. Кемел көрүүгө барса Кемелди элекүтүп тургансып "Кемел "Протездин" көзүн тазала. Ал сен жөнүндөбир нерсенин жытын билет экен. Мен анын кабарчысын жайладым. Өзүң, өзүң жоккыл. Уктуңбу. Сөзсүз жок кыл... Мен мынтип үлгүрбөй калдым" деди үзүлөкесиле сүйлөп.
- Эмнени айтып жатасың - деди Кемел эч нерсе түшүнбөй. Кылмышкерлердинчөйрөсүнөн чыгып кеткенден кийин алардын тилин да жакшы түшүнбөй калганынсезди.
- Кемел мен угушумча "Протез" жылан... жыл...а депбарып үзүлүп кетти.
Кемел акыры түшүндү. Игорь Кемелдин колундагы" Бриллиант жылан" жөнүндө билчү эмес. "Протез" аны кайданбилет. "Каражылан" айтканбы. Жок, андай болушу такыр мүмкүн эмес."Каражылан" өзү Кемелге тапшырып атып жан адамга оозунан чыгарбайсактоону, кимдир бирөөлөр көрүп атүгүл шекшип калса көзүн тазалоону какшапайтпады беле.
"Протездин" кайда экенин сураштырса баягы өзүжаткан Сибирдин түрмөсүндө экен. Алгач баш кесерлерден жалдап жок кылдырайындеп ойлогон менен дити барбады. Чындап эле кылмыш дүйнөсүнөн алыстап тазаланыпкалган экен. "Бриллиант жыланды" болсо көрөйүн деген көзү жок эле.Аны эстеген сайын жан дүйнөсү тарый түшүчү. Каражыландын тилин алып аялыма дакөрсөтпөсөм деп ойлочу. Көп жылдар чогуу жашап көчүп-конуп жүргөндө дайымажашыра албады. Акыры ал сырды да ачты. Болгону балдарына сыр чыгарбоонуГүлсарадан суранган.
Арадан жылдар өтүп "Протездин" да өлү-тирүүсүбилинбей калганда эки эли кагазга жазылган кат алды. "Дайнымды бир жолусурап койбодуң. Таарындым. Менин оозумду басып коюугу мүмкүнчүлүгүң бар эле.Антпедиң. Сен жыргаган бейпил турмушта жашадың. Мен ит да чыдагыс турмушта жашадым.А чынында Каражыланга экөөбүз бирдей эле кызмат өтөдүк эле. Калыстык болбойкалды. Ар ким өз эсебин бериши керек. Сага аз күндө жылан үчүн"чабандес" барат. Сак бол. Эр элең жеңсең мөрөй сеники. Жеңилсеңтагдырга айла жок. Сени урматтаган "Протез" деген.
Катты Кемел окуп туруп өрттөп жиберди. Сырын эч кимге айтпайкоеюн деп чыдабады. Жыланды алып кайдадыр безип жоголууну да ойлоду. Анте даалбады. Бир чети жашы алтымыштан өтүп картайып калган да кайда барат. Акырыжаңы үйлөнгөн уулу менен аялы Гүлсарага айтты эле эр көкүрөк уулу: "Атакоркпо. Кайда бармак элең, ким келсе да өзүм сүйлөшөм. Автоматтын огу мененболсо ок менен. Муштум менен болсо муштум менен" деп күпүлдөп салды. Уулукичинесинен чыгыш күрөшүнүн ыкмаларында акы төлөп жашыруун машыгуулардан өтүп"Кара курга" татыктуу болгон. Өзү да атасын тартып карылуу олбурлууэле.
Кылмыш дүйнөсүнөн такыр алыстаган Кемел бир чети ким элеушундай алыскы айылга батынып келсин деген өзүн-өзү алдаган ойго да кетти.Экинчиден чындап өздөрүнө да ишенди. Курал кудая шүгүр. Иттери чычканкийирбейт. Кармашса-кармашып да коем деп эрдемсиди. Өмүрү качып көрбөгөн жаныкачкысы келбеди.
Тыңчылардын жогорку мектебинде ондогон жылдар окуган"киши өлтүргүчтөр" үчүн иттери "борс" этип үрүүгөүлгүрөсүн. Өзү уйкудан да ойгонбой кете берээрин билбеди.
Ушинтип нечен жылдар өздөрү менен өздөрү болуп бирөөгөпайдасын тийгизбесе зыяны тийбей бейпил жашаган үй-бүлөгө мүшкүл түштү. Кангатойбогон жылан соруп койду. Мына ушундай өмүр таржымал жаткан кан төгүлгөнүй- бүлөнүн артында.
х х х
Кытайга барууга Азият тыкан даярдана баштады. Майда-чүйдөсоодага кызыккан коммерсант катары өтүүнү туура тапты. Кытайдагы иштеп жүргөнжылдарындагы архивин кайра баштан карап, ал жакта учурда байланышы барагенттерин көңүлгө түйүп даректерин тактап, эң керектүү дегендерин чөнтөкдептерчесине өзү гана билген шрифтер менен түшүрдү.
Тиешелүү документтерди, үч айга визаны даярдатыш Азият үчүноорчулукка турбады. Жүрөгүн түпөйүл кылып ойлондурган бир гана маселе:"Бриллиант жыланды" калтырып кетип жаткандыгы. Чогуу алып жүрүү эчмүмкүн эмес. Жыландын Азиятта экенин жан адам билбейт. "Протезди" кошпогондо. (Фаризаттын жылчыктан көрүп калганын шекшиген да эмес) ЭкинчииденАзияттын жашыруун сейфи кайда экенин билишпейт. Эгер билишсе сейфти ачуу оңойэмес. Өтө татаал номерлер менен бекитилген. Чыныгы профессионал ачпасакатардагылар кыймылдата да албайт. Чакан сейф дубалды кармаган жоон арматуратемирлерге ширетилип бекитилген. Сейфти алып чыгыш үчүн бүт дубалды, имараттынбир капталын бузуу керек. Ушундай тыкан жерге "жыланды" катканынакарбай Азияттын тынчы кетип жүрөгү опкоолжуп турду. Өзү үйдөн алыс чыкса эле"жыланга" жан кирип, өзү сейфти тешип чыгып кайдадыр сойлоп кетчүдөйтуюлат.
"Азият" эч убакта жөнү жок тынчсызданчу эмес. Эгертынчсызданса аркасында күтүүсүз окуя болоору өзүнүн көп жылдык тыңчылык ишиндедалай жолу дилилденген. Бардык камылга бүтүп мына Кытайга жөнөп кетүүгө даярболсо да кылчактап жолго чыкпай түйшөлүп турду.
Өзүнүн эзелтен келаткан ыкмасын колдонуп "Коркунучкелтирүүчүлөр кимдер" деген тизмесин түзүүгө киришти.
1. "Протез" - табыла элек. Жок кылууга мүмкүнчүлүктүзүлө элек. Кабарды кимдерге таратат. Кайсыл тараптан, кимдер аркылуу соккуурулат белгисиз.
"Азияттын" башы ысып, мээси лукулдап чыкты. Каничмеси кармап "Протез" үчүн кимден ачуусун чыгарарын билбей калчылдапкетти. Өз ачуусун өзү басып, чыгыш күрөшүндөгү ыкмаларды колдонуп жатып эсакылына келди.
2. Дагы ким болушу мүмкүн? Фаризатбы... Эмнеге Фаризаткакийинки күндөрү шектүү карай берет. Тымызын бир нече күн аңдытып, ар бир басканизин териштирди. Эрмек кылып күн ара магазин кыдырып, анан кийим-кече өңдүүтряпка менен күнүмдүк моданы сөз кылгандан башкага акылдары жетпеген үч-төрткелин- кыз менен ушак айтышкандан башка иши жок. Бош жүрбөй эрмек кылсын депатайы сатып берип койгон шаардын борборундагы чоң дүкөндүн эсеп-кысабын биржумада бир текшерип койгону болбосо барбайт дагы экен. Өзү тандап соода ишинбилгендерди коюп койгон экен. Дүкөндүн иши жакшы жүрүүдө. Жөн эле тааныш катарысүйлөшүп жакындашкан да эркеги жок болуп чыкты. "Азияттын" телохранителдери, кызматтагы адамдары менен өтө суз. Кол астындагы кызматкерлеркатары текебер мамиле жасайт экен.
Азият баягы улуу империя СССРдин учурунда тыңчылык кызматтажүргөндө, жүрөгү шекшиген адамды ал ага канчалык жакын болсо да изилдептериштирип отурбай эле жок кылчу. Мындай иште "алтынчы туюм" дегендиүйрөткөн Кытайдагы окутуучусу сабак катары катуу эскертип талап кылчу.
"Жүрөк менен мээнин туюму эч убакта жаңылбайт. Аларастына ала бир нече күндөн кийинки болчу окуядан баштап бир нече жылга чейинкиокуяны сезип кабар берет. Болгону биз ал кабарды туура кабыл албай, кургакакылга салып калчап көрөбүз да "Кантип ошондой болсун" деп коебуз.Мына ошентип нечен кабарлар өтпөй кала берип биздин "алтынчы туюусезимибиздин" көзү бүтөлүп калат. Так ушундай күнүмдүк кургакакылдуусунууга алданып адам баласы табийгат берген, кудай берген "алтынчытуюмун" өлтүргөн" дечү. Окутуучусунун бул насааты Азиятты неченөлүмдөн арачалап, нечен оор кырдаалдардан жупжумшак чыгарып кеткен.
Мезгилинде "туюу сезими" "Протезди" көрөрүң менен көзүн тазала дегенине көнбөй кечеңдетти эле эмне болду. Эмиминтип Фаризаттан шекшинмейи башталды. Эмне кылса? Көзүн тазалатып койсобу?Эмне күнөөсү үчүн? Эки жумага чукул текшерүүсүнөн кылдай илинчек таппады.Кичине эле кылтыңы байкалса жок болмок. Анын үстүнө күндө "Бриллиантжыланга" алаксыганы болбосо Фаризатга болгон сүйүү сезими күчтүү болчу.Сыртынан көп билгизбегени менен ичинде Фаризатты көргөн сайын, аны менен болупсүйлөшкөн сайын өзүнүн кандайдыр эс алып, көңүлү ачылып калганын сезчү.
Картайып баратамбы? Же "Бриллиант жыланга" өтөарбалып психологиям чарчап калдыбы? - деп ойлой баштады. Кейпи психологиялыкжактан чарчоом туура болуш керек деп чечти. Ошондуктан "Бриллиантжылан" жөнүндө көп ойлонбостон жолго чыга берүү керек. Көпкөкомандировкалап сыртта жүрүү бир чети мээге эс алуу да болот деп чечтиакырында.
Эртең жолго чыгам дегенде сейфин ачып "Бриллиантжыланды" колуна алып куйругун кармаганда дайыма тикчийип көтөрүлө калыпоозун ачуучу жылан бул жолу демейдегиден башкача жорук көрсөттү. Башы шарткөтөрүлүп кыпкызыл көздөрү жана түшүп эмнегедир оозун ачпастан тескери толгонупбарып жатып калды. Оңдоп жаткырып экинчи жолу кайталаганда гана оозун ачты. Арбир майда-чүйдөдөн бери аяр мамиле жасап көнгөн Азият "жыландын" булжоругун да жөн кое бербей ой жоруп таңданды.
Толгон санаа жанын жегенине карабай баары бир жолго чыкты.Беттегенинен кайра тартпаган өжөрлүгү жеңип кетти.
х х х
Фаризат "жыланды" көргөндөн баштап башка"туюу сезимине" туш болду. Ар бир баскан изине сак боло баштады.Азият андан шектенип калгандай туюла берди. "Алтынчы туюу сезими"деген болоорун өзү да окуп билчү. Азият да "туюу сезимин" уга билүүгөкөп үйрөткөн эле. Ал эми аялдардын туюму эркектикинен эки эсе күчтүүлүк кылат.Анын үстүнө Фаризаттын жаштык энергиясы чарчоого учурай элек, акыр-чикирге толоэлек психологиясы ар бир белгини так ажыратууга мүмкүндүк берчү.
Азияттын анын аркасынан аңдытып койгонун ошол эле күнүбилди. Болгону себебин түшүнө алган жок. Алгач ызалана түшкөн менен кайра өзүнсооротуп "Мейли, жакшы болот. Аңдытып көрүп, менин ак экениме ишенипкөксөөсү суусун" - деп чечти. Болгону ажалдын кылычы төбөсүндө ойноп,кичине кылт этсе жарыкчылык менен кош айтышып кете берээрине ишенбеди. Фаризатүчүн өмүрүндөгү биринчи жолуккан эркеги Азият болчу. Ушул кезге чейин Азияттынкөзүнө чөп салмак түгүл андай ойго да бара элек эле. Азияттын өзүнөн жыйырмажаштан да жогору улуу экенине карабай жан дилинен сүйчү. Баары кийин өзгөрүпбаратат. Жан дүйнөсүндөгү буга чейинки куруп койгон кооз храмы талкаланыпбаратат. Күнөөкөр Азият өзү. Үчүнчү аялы эмес жөн эле адам катары да мамилежасабай калды. Жаштыгынын суроо талабын канаттандырганды кой күнүмдүк көңүлүнда сурабай калды. Муну байкаган күнүлөштөрү ачык табалап жүрүштү. Алардын гоАзияттан балдары бар. Азият аларды кыйса да балдарын кыя албайт.
Фаризатты эмне кармайт. Буга чейин төрөп алса болмок экен.Кийинки жылдары аракет кылган менен эч нерсе чыкпады. Текшерүүдөн өтсө өзүнүнден-соолугу жайында экен. Кейпи кеп Азиятта болсо керек. Баягы Азият кайдабарса чогуу дүйнө кыдырып саякат куруп жүрүп өтөм деген тилектери таш капты.Азият улам алыстай баштады. Өзүнөн Фаризатты түртө баштады. Экөөнүн ортосу суупкалды. Мамилелери жасалмага айланып кетти. Эртең Азият Фаризаттан да сулуу жашселкини убактылуу алат да Фаризатты түртүп чыгарып коет же оңой жолу башкесерлерине көзүн тазалаттырып коет дегенге -"Жок. Андай болбойт." деп ким кепил өтө алат. Азият үчүн адам өмүрү шапалак менен чымын чапкандай элеиш экенин Фаризат билип калган. Демек бүгүн өзүнүн келечеги жөнүндө тереңирээкойлонуп бир чечимге келбесе эртең кеч болуп калышы мүмкүн.
Азият Фаризатга "Узакка командировкага кетипжатам" деп гана койду. Жок дегенде кайда экенин да, канча жүрөөрүн даайткан жок. Эмне жумуш менен экенин ансыз да сурабай көнгөн. Болгону мурдакайда бараарын, канча жүрөөрүн айтчу. Чет мамлекетке чыкса сөзсүз ээрчитипалчу.
Фаризаттын эң алсыз сапаты саякаттап жүрүүнү сүйгөндүгүболчу. Оюна койсо бир жерде бир жума да тургусу келчү эмес. Жолдо кыйналуудан, ач-ток болгон кыйынчылыктан да коркчу эмес. Азиятты сүйгөнүнүн башкы себеби даушунда жатса керек. анткени Азият да бир орунга турбай кыдырып жүрчү эле.
Ички сезимиңдеги кырчылдашкан эки карама каршы күрөштүнбашталганы Фаризат өзүн роботтой сезип жөн эле басып туруп жашап жүргөндөйтуйчу болду. Анын аялдык күчтүү туюму, астыда күтүүсүз чоң өзгөрүү турганын, алжакында болоорунан белги берип жатты.
Азият командировкага кеткенден кийин Фаризат өзүн жандүйнөсү эркиндикке чыккандай, төрт тарабынан курчап турган темир тордун оозуачыла түшкөндөй туйду.
Азият жигиттерине "Фаризаттын баскан изинен көзүңөрдүалбагыла" деп тапшырып кеткенин жакшы билгени менен чыныгы"жыландын" өзү жок болгондон кийин аңдыгандар анчалык да коркунучтууэмес эле. Эки кабат каңгыраган ээн имараттын ичинде Фаризат келечек жашоосуүчүн түрлүү пландарды түзө баштады. Бир жумага чукул эч жакка чыкпады. Акырыбир чечимге келгенден кийин оюн ишке ашырууга шымалана киришти.
Азият кийинки кездерде эң ишенимдүү деп дайыма жанында алыпжүрүүчү жигити "Куюнду" үй жайын, Фаризатты тынымсыз көзөмөлгө алуугакалтырды. "Куюн" Азиятка фанатикалык түрдө берилгенин жана сатыпкетүү коркунучу дээрлик жокко эсе экендигин нечен ирет текшертип билген.Фаризаттын сулуулугуна, аялдык кылыгына "Куюн" кенедей да кызыгыпкойчу эмес. Деги эле "Куюнда" аялзатына кызыгуу жок болчу. Тыңчылардыдаярдоочу жогорку мектеп кожоюну гана берген команданы так, жаңылбай аткаруучутирүүлөй роботко айландырып койгон. Азият өзгөчө өзүнүн кабинетинин туткасын даэч ким кармабашын "Куюнга" катуу тапшырган. "Куюн" атынажараша жигит эле. Кайдан-жайдан экени белгисиз керектүү жерде шак пайда болокалуучу.
Фаризат гүлдөрдү текшеримиш болуп Азияттын кабинетинин киреберишиндеги бөлмөгө эки жолу баш бакты эле экөөндө тең жүзүндө эч өзгөрүү жок мостоюптуруучу "Куюн" пайда боло калды да акыркысында:
- Кечиресиз, сизди шефтин кабылдамасынан эмне кызыктырат? Гүлдөрдү өзүм да күн сайын текшерип жатам, - деди кичипейилденимиш болгонуменен каардуу.
- Бул үйдүн ээси мен болсом керек. Кайсыл бөлмөгө кирсем өзишимдир - Фаризат акырая карады.
- Кечиресиз, шеф кабинетинин кабылдамасына да жан кишижолобосун мага катуу тапшырган. Сиз аны угуп тургансыз. Мен "Сиздинбалдарыңыз, колуктуларыңыз, туугандарыңыз эч ким жолобошу керекпи" депсураганымда "Жан киши" деген. Сиз үн деген эмессиз. Ошондо"Менин эмне үчүн кирип чыгып турууга акым жок?" деп чечип алсаңызболмок, - деди үнүн эч өзгөртпөгөн калыбында.
Фаризатга жооп айтпастан чыгып кетиштен башка арга калбады.Фаризат жалгыз өзү ойлогон планын ишке ашыралбасын түшүндү. Сөзсүз жардамчыбирөө керек. Болгондо да мыкты эркектерден. Андай адам көзөмөлүндө бар болчу.Азиятта экономист-эксперт болуп иштеген жашы кыркты таяп калган, Сирияда,Пакистанда, Афганистанда бир нече жыл иштеген, фарс, араб, түрк тилдеринде эркинсүйлөгөн Саид аттуу жигит бар болчу. Фаризатты көргөндө көзү агып кетесактоочу. Деги эле өңдүү, түстүү аял десе башын жоготуп коеру көрүнүп тураарэле.
Фаризаттын иликтөөсүнө караганда Азияттын Афганистан аркылуужүргүзгөн нарко-соодасында чек арадан өткөрүүчү милдетти аткаруучу. СаидАзияттан өтө коркчу. Ошого да карабай Фаризатты көргөндө акылынан адаша жаздапАзиятты да унутуп коер эле. Өзү тараптан кичине "жумшак" белги болсокөзүн жуумп жүрөгүн чабарын Фаризат аялдык сезими менен туюп жүрчү. Биртоскоолдук -"Куюн" . Саид Азияттан кандай корксо "Куюндан" да ошондой коркот. Эгер "Куюн" кичине эле экөөнүн мамилеси жөнүндөшек билип калса Саиддин көзүн тазалап таштайт. Анда иш чатагына айланды дейбер. Азият келери менен өзү да жарык дүйнө менен кош айтышат.
х х х
Күндөрдүн биринде мейманканада жатып кытай элининфольклордук чыгармаларын, легендаларын изилдеп жүргөн жаш окумуштуу жигитжөнүндө угуп калды. Өзү Москвадагы жогорку окуу жайынын чыгыш таануу бөлүмүнбүтүп, азыр Кытайда илимий иши менен алектенип жүргөнүн, айрым учурда жашоогокаражаты жок калганда ар түрлүү жумуштарды котормочулуктан жүк ташыгычка чейиннамыстанбай аткарып жанын багып жүргөнүн айтышты. Аты Шаа улуту монгол жеалтайлыктардан болсо керек деген божомолдон бөлөктү билишпейт экен.
х х х
Азият Кытайга келгенден бери канчалаган убактысын жоготсо даөлгөн жигити Хэ-Чан жөнүндө жарытылуу эч нерсе биле албады. Тамактан ууланыпөлгөн. Кейпи бузулуп кеткен балык жеп алса керек деген гана божомол мененчектелди.
Акыркы күндөрү Хэ-Чан көз айнек тагынган орто жаштан өтүпкалган кытай менен соода иштерим бар деп жүрчү экен. Бирок ал ким деген кытай,каяктан келген, кайда иштейт эч ким билбейт.
Хэ-Чандын сырдуу өлүмүн изилдөөнү токтотпостон ошону мененкатар эле Азият өзүнүн ишин улантуучу, Хэ-Чандын ордун алмаштыруучу кишини датымызын издеп жүрдү. Эгер каражаттан кыйналып жүрсө менин кызматымды аткарыпберүүчү чыныгы адам ошол болбосун деп ойлоду Азият. Балким чындап эле илимгеберилип алган, акчаңа кызыгып да койбогон фанаттардан болуп калышы да толукмүмкүн. Андай болсо тыңчылыктын түрлүү жолдору менен коркутуп болсо да иштетипкойсо болот. Себеби Москвада окуп келген болсо орус тилин жакшы билет. Балкимазиядагы казак, өзбек, кыргыз тилдерин да жакшы билиши мүмкүн. Окумуштуулуккакызыккан неме кытай говорлорун, тибет тилин түшүнүп эски иероглифти окуй билет.Демек Азият издеген китептин маанисин чечмелеп окууга да жарашы мүмкүн. Эмнесиболсо да жолу ачылчуудай болуп кубанган Азият Шааны издеп жүрүп акыры тапты.
Азияттын маңдайында монголго караганда казак-кыргызгакөбүрөөк окшош караторусунан келген орто бойлуу, чымыр денелүү, токтоо жигиттурду. Окумуштуу, окумуштуу десе кагазды тиктеп жүрүп шимилип илмийген, көзайнекчен бирөөнү элестеткен. Бир караганда адамды аңтара-теңтере баа бере алуучуАзият Шааны тиктеп туруп эч нерсе түшүнө албады. Улутуң ким дегенде жөн гана"Алтайлык Хакасмын" деп койду. А эмнеге Шаа Кыргыз аталгансың дегенге-" Хакастардын түпкү теги кыргыздар болгон, ошондуктан тетимди кыргызаташса керек" деди.
Сүйлөгөндө сөздөрү бир калыпта эч үнүндө эмоция жок, жүзүндөда эмоция жок чыгат экен. Сүйлөп жатканда сүйлөшүп жаткан адамынан көзүн албайтикчийип тиктеп турмай адаты бар экен.
Көпчүлүк адамдар Азиятты тикчийип карай алчу эмес. Тиктешетүшсө жалтайлап кетишчү. Шаа тиктешмей ойногонсуп каректерин да ирмебестенбейкапар тиктеп тура берди. Тескерисинче Азият көзүн тартып алды. Ушул каратоголок жигиттин карегинде түпсүз тереңдик жатты. Укмуштай улуу сыр жатты.Азият өзү чөгүп өлүүчү мухитти тиктеп тургансып башы катып жүрөгү опкоолжуйөзүнчө "кимге жолугуп калдым" деп ойлой кетти. Бирөөнү жем кылам дептуруп өзүм жем болчу жерге учураган жокмунбу деген ой мээсине кылт дей түштү."Мен окумуштуу десе кагаз кучактаган арык жигитти элестетиптирмин" деди жылмая.
- Окумуштуу боло элекмин. Балким келечекте чын эле кагазданбаш көтөрө албай жүрүп шимилген бирөө болормун. Азыр иликтөөчүмүн. Илимгекиришүү үчүн материалдарды жыйнап жүргөн учурум - деди Шаа адатынча эч кандайАзияттын сөзүнө маани бербеген калыбында. Ал түгүл эски Союздун аймагынанкелген "жердешин" көргөнгө кубанганын да билгизген жок. Кытайчасүйлөсө кытайча, орусча сүйлөсө орусча жооп берип жатты.
Жолугушуунун максаты эмнеп деп да сурабады. Эмнеге издедиңизэле да дебеди. Кандай чечимге келерин билбей калган Азият жөн гана коштошуугааргасыз болду.
Чыгып бараткан Шаа эшикке жете бергенде чыныдагы алманынбирин алып аркасынан далы ортого мелжеп уруп калды эле Шаа көз ирмемде шартбурулуп алманы шап кармап калды.
Экөө дагы тиктеше түшкөндө Азият;
- Чыгыш күрөшүндө кимде машыккансың? дегенде туңгуюк гана:
- Көп жыл машыгууга туура келген - деп алманы айландыракарап бир тиштеп чайнаган бойдон чыгып кете берди.
Азият табышмактуу Шаа менен дагы сүйлөшүү керекпи же керегижокпу деп ыргылжың болуп туруп Москвага өтүп барып Шаанын бүтүргөн окуу жайынанким экендигин аныктап билишим керек окшойт деп чечти.

#11 25 Август 2012 - 21:46
<font size="3">
"Куюн күтүүсүз өлдү" Фаризат менен Саиддайынсыз жок" деген кабарды алганда Азият башын мыкчып отура калды да:"Бүгүн кайтабыз. Бүгүнкүгө билет тапкыла!" деп бакырып жиберди.
Акчаң да кадыр-баркың да суу кечпей калган учурлар болот. Бужолу да так ушундай каргыша басты. Азият күнү-түнү уйку көрбөй чабалактаганменен үч күн самолетко билет жок отурду. КМШнын бир да мамлекетине учуугаболбоду.
Үчүнчү күнү Ташкентке деп самолетко отурганда да учарынажерден көтөрүлүп, булут үстүнө чыккыча ишенбеди.
Каргыш тийгирдики бул жакка кайдан да шайтан сайып келекалдым эле деп өзүн-өзү тилдейт.
Азиятты туура аэропорттон тосуп алган кара"Мерседес" чабалекейдей зыпылдап, эч жерге токтобой жүрүп отуруп үйүнөалып келди. Шеф келатат деп үрөйлөрү учкан жигиттери дарбазаны ачып коюп тосуптурушкан экен. Машина түз үйдүн эшигинин алдына келип токтоду.
Мурун астыда отурган телохранители жүгүрүп чыгып эшикачмайын кербезденип отура берүүчү Азият бул жолу машина токтоп-токтой электеэшикти ачып атылып чыкты да тосуп чыккандардын учурашканын алик да албастанүйгө жүгүрө кирип өз кабинетине көтөрүлдү.
- Мен аларды жети катар жер түбүнө түшсө да табам депкыйкырып жиберди кабинетине кирээри менен.
Бурчтагы дубалга киргизилип орнотулган сейфинин оозу ачыптурган. Аны калкалаган картина жерде жатат. Сейфтин ичи каңгырап бош. Сейфте"Бриллиант жыландан" башка да миллион доллардан ашык баалуу бриллианталтындан жасалган шакек сөйкө кымбат буюмдар бар болчу. Эгер "Бриллиантжылан" ордунда турса ал буюмдарга Азият кейимек да эмес.
Колдорун куушуруп баштарын жерге салган жигиттерине
- Көзүңөр аккырлар. Мен силердин көзүңөрдү оем деп бакырды.Бул бир аргасыз чамынуу болчу. Азият муну түпкүлүгүндө өзү да түшүнүп турду.Ошентсе да оозуна эмне келсе сүйлөй берди. Жанын коерго жер таппай калгандаадам дайым ошентет.
х х х
Фаризат бизнеске чындап киришкендей түр көрсөтө баштады.Саидге жолугуп "Эгер мен өзүм башкарган дүкөндү сатып жиберип ордуна көптармактуу, ичинде бүт тейлөө түйүндөрү бар "Супер маркет Универсам" ачсам экорномикалык абалым кандай болот? Үч-төрт вариантта эсептеп чык"деген баш аягы жок тумандуу тапшырма берди.
Ансыз да Фаризатка кантип жакындоону билбей жүргөн Саидтапшырманы жан дили менен кабыл алып. Жөн эле күнү-түнү иштеп жаткан кишичесуроо үстүнөн суроо жаадырып жаны тынбай калды.
Ишти чойбостон Фаризат дүкөнүн сатыкка койду да өзү сатылатделген чоң имараттарды кыдырып баасын иликтеп кирди.
"Куюндун" тапшыруусу менен аркасынан аңдыгандарФаризат чын эле ири "Супер маркет Универсам" ачууга ниеттене баштадыдешип ишенип калышты.
Өзүнүн дүкөнүн аябай талашып-тартышымыш болуп баасынкөтөргөн түр көрсөткөн менен чындап алам деген биринчи кардарга эле сатыпжиберди. Азияттын мыкты деген эки юристине он чакты имараттын дарегин берип,эгер сатып алса кандай болот. Баасы. Юридикалык тактыгы. Келишим түзүү боюнчатапшырмаларды берип салды.
Саидди ээрчитип алып өзү шаардагы чоң-чоң универсамдардыкыдырып иш стилдери, товар жүгүртүү жолдору менен таанышып чуркап жүрдү.
Азият жаш колуктусу бекерчиликтен эрикпесин жок дегенде бирнерсе менен алектенсин деп дүкөн ачып берип койгон эле. Кандай ишти болсо датыкан уюштура билген Фаризат өз ишин мыкты билген сатуучуларды тандап алыпдүкөнүнө иштетип коюп өзү болсо товар жүгүртүүнүн жыйынтыгын, түшкөн пайданыгана текшерип турчу.
Эми минтип коммерцияга чындап киришкенин эч ким деле көпэрөөн албады. Алгач бул эмне кылгысы келет деп аяр болушканы менен бара-бара" Эриккен катын акчасын кайда жумшаарды билбей оюна келгенди кылууда"дешип маани бербей калышты.
Так ушундай болорун Фаризат да алдына ала билген. Ал болгонаңдуу азайып тажай баштаганда экинчи планын ишке ашырууга кадам таштады.
Саид экөө лифте он экинчи кабатка көтөрүлүп баратканда үчжолу эмчегин анын каруусуна күтүүсүз тийгизип алгансып тийгизип-тийгизип койду.Бул күнү өзү да турпатын көрсөтө кийинген эле. Саид ансыз да аны карап алгансайын бир тердеп, бир кургап кыйналып келаткан. Сегизинчи кабаттан акыркы кишитүшүп калып экөө ээн калганда "Мени өлтүрөсүңбү? Жок дегенде жылмайыпкарап койсоң боло?" дегенсип жалдырай тиктеди.
Фаризат да көздөрүнөн нур чача Саидди бир карап алды да
- Саид суранам антип карабачы. Мага ансыз да кыйын. Өзүңделе түшүнөсүң да, - деп жаш кыздарча жер карап калды. Саиддей катындардынкылыгын жакшы түшүнгөн эргулга ушул гана керек болчу.
Эгер азыр мүмкүнчүлүктү колдон чыгарсам анда өмүр боюарманда өтөм деп ойлогон Саид шаша эң акыркы кабат болгон лифтеги 16 дегенцифраны басты да
- Жаным Фаризат! Сен үчүн өмүрүм садага! Сенин колуңдан бирөөп койсом армансыз өтө элем. Дилдирей сүйлөп каруусунан кармаганда Фаризат даага ыктай калып, көздөрүн жума ээриндерин тосту.
Чиркин Саид жүрөгү жарылып кетпей кантип аман калганынакийин өзү да түшүнбөй маң болуп жүрдү. Бул дүйнөдө мынчалык рахат алганэместир. Канча аялды өпкөн бирок ошондо Фаризаттын ээриндерине ээрди жаңы тийипискегенде. Жаңы эле тили ымдалышып келатканда оңбогон лифт шуулдап 16-кабаткажетип эшиги ачылып кетип, умсунуп арманда болгондой абал башынан өтпөгөн. Күйүпкетти го чиркин.
Экөө тең чоочуй артка кетенчиктешти. Арытан лифт күтүптурган бирөө ылдам басып келип түштү.
Фаризат биринчи кабатты басты да;
- Кардарларга сиз өзүңүз эле барып сүйлөшүп коюңузчу. Менкичине өзүмдү начар сезип турам деп Саидтен көзүн ала качып тескери бурулду.Ошол боюнча Саид Фаризатты үч күн көрбөдү. Кетип баратып, "Мен өзүмбайланышам. Сиз издеп телефон чалбаңыз" деген.
Саид үч күн уктаган жок. Жанын коерго жер таппай телефондунжанынан чыкпайт. Ал түгүл туалетке баргысы келбейт. Ордунан турса эле Фаризатиздеп калчудай кыпылдайт. Үчүнчү күн болуп ал балким мени сынагандыр. Ит болупбашымдан айрыламбы. Ушунчамда куйрукту түйсөмбү" деп ойлой баштагандаФаризат телефон чалды.
- Саид аке саат ондо бир чоң соода борбордун иш стили менентаанышууга макулдашып койдум эле. Убактыңыз болобу? Сизди кошоала барып,экономикалык жагдайына караса дедим эле - деп үнүн башкача жумшак чыгарыпөтүндү. Буга чейин жөн гана саат баланча жерде, баланчанын кабылдамасында меникүтүп туруңуз иш бар деп гана буйрук берип койчу.
- Убакыт болот... болот... кандай кылып... Сөзүн бүтө электе
- Туура саат тогуз жарымда мен сизди өзүм ала кетем. Жолгочыгып туруңуз - деди да трупканы коюп койду.
Тогузда эле жолго чыкты. Күткөн убакта акыркы маркадагыкапкара "Вольва" келип токтоду да астыңкы эшиги ачылды. Кара күрөңтүстөгү чоң көз айнек тагынган Фраизат рулда өзү экен. Ашыкча сексуалдуукийиниптир. Саид машинага түшө электе эле көзү кыска мини юпкадан дээрлик бүткөрүнгөн аппак балтырларына жабышты.
Жүрөгү дүкүлдөп деми кыстыга түштү. Үстүндөгү жука кофтаданэмчегинин үрпү кадимкидей тирсийип тиреп бузгалтер тартынбаганы билинип турат.
Саидтин башына кан тээп кайра машинадан чыга кычкысы келди.
- Кандайсыз Саид аке?! - деди Фаризат жаркылдай күлүп. Каракүрөң көз айнегинен көздөрү көрүнбөдү.
- Жакшы Фаризат... Жүрөбүз - деди үнүн пасыраак чыгарып.Фаризат жакты көз кыйыгы менен да караганга батынбады. Ичинен "Булкатындын максаты эмне? Менин мээме кан куюлсун дегенибиз. Же чындап эле сынапжатабы? Бүгүнкүсү ашыкча го" деп ойлоду жол боюн максатсыз карай.
Зыпылдаган машина шаар четин көздөй бурулду. "Бизкаякта" деп ойлогон Саид кайра "Машиналар көп жүргөн жолдордон качыпайланып барайын деген го" деп койду. Магнитафондо жумшак музыка. АкырынданСаид да өзүнө келип карманып "Корксо да кой өлөт. Коркпосо да кой өлөт.Кепти кандай баштасам. анча-мынча жол ачылган соң ары же бери кылайын.Кылыктанышып, кысынышкандай бул жаш кыз эмес да. Мен жаш жигит эмесмин. Болориш болуп калды" деген чечимге келди да.
- Фаризат өткөндө мен өзүмдү өзүм кармана албай кетип Сиздижаман абалга калтырдым. Кечирип коюңуз?!
- Сиз мени сынайын дедиңиз беле?.. Мага деген эч сезимиңизжокпу? ..
- Жо-о жоок... Фаризат андай түшүнбөңүз. Мен ошол сизгедеген таза сезимиме ээ боло албай...
Аңгыча машина бак-шактуу короого кирип барып токтоду.
- Биз кайда келдик Фаризат?
- Аны көрөсүз! Фариза сырдуу жылмайды да - Түшө бериңиз. Эчнерседен кам жебеңиз. Бул жерде сиз экөөбүздөн башка эч ким болбойт - деди.
Бул жеке менчиктеги мейманкана болчу. Мындай жолугушууну уюштуруугаФаризат үтүр, чекитине чейин ойлонуп так иштеди. Бүгүнкү күндү тандаганы дабекер эмес. Кайда болсо куйруктай ээрчип аңдыган Куюндун көзүн жазгырууга эңоңтойлуу шарт түзүлдү.
Азияттын экинчи аялы бала-бакырасы менен эс алуугасанаторияга кетип жаткан. Аларды алпарып жайгаштырып, бейкуттугун, бүткамылгасын түзүп бериш Куюндун жеке милдети болчу. "Азият кетип жатып"Өзүң барып жайгшаштыр. Жолдо ар кандай болобу. Балдарга сак бол" дептапшырган. Бүгүнкү күндү астына ала билген Фаризат. Биринчи байбичесин да такушул күнү алыстагы төркүн төсүнө барып келүүгө көндүрүп койгон. Баалуубелек- бечкек берип. "Көптөн бери бара элексиз. Барып келбейсизби. Карагандары, карманар-тутунары эле сиз болосңуз.." деп эпилдеп, жепилдептак ушул күнгө даярдаган.
"Куюнга" болсо эки күн мурда саат онгоУниверсамдын жетекчилери менен жолугушайын дедим эле макулдашып кой дептапшырма берген.
"Куюн" эртең менен сегизде ондогу жолугушуугамакулдашып койгонун, өзү коштоп бара албасын. Анткени санаторияга балдардыкоштоп барып, эки күн кармалып каларын айтты да шашылыш жөнөп кетти."Куюн" улуу байбиченин төркүнүнө барарын билген эмес.
Арадан бир саат өтпөй ич-арага көз салып турууну"Куюн" тапшырган жигит Фаризатка чуркап келди да "Эже төркүнүнөбарам дейт мен эмне кылышым керек. Куюн мындай деп айткан жок эле" - дедишаштысы кете.
- Өзү бара бербейби... Такси таап берип койбойсуңбу - дедиФаризат атайлап сыр бербей.
- Кантип. Андай болбойт да.
- Анда базада иштегендерден ал. Базада иштеген коопсуздуккызматындагылар үйдөгү коопсуздук кызматына келип иштегенге өзгөчө абалданбөлөк учурда акылары жок болчу. Экинчиден аларга "Куюндан" бөлөк адамкоманда берип башкара да алмак эмес. Үйдү сыртынан кайтаргандар да Фаризат биржакка чыкса коштоп жүрүүгө акысы жок эле. Тигил айласы кете;
- Сиз эч жакка чыкпайт белеңиз? - деди. Анткени"Куюн" Фаризатка көз сал, саат ондо жолугушусу бар. Кошо машинасынөзүң айдап бар. Эртең дагы бир жерге барат экен. Ал жакка да өзүң кошо бардеген.
- Менин саат ондон жолугушуум бар. Эгер бириң да бошобосоңормашинаны өзүм деле айдап барып келем. Көп болсо эки сааттык жолугушуу. Эртеңдагы бир жолугушуум бар. Бир сааттык - деди бей капар.
- Эртең мен келип калмакмын. Эжени жеткизип коюп кайра качаналып кетеримди такташып алып түндөп келе берет элем.
- Анда бара бер да.
Тигинин башка аргасы жок болчу. Эшке чыгып кетип кайракелди.
Кейпи "сотка" менен "Куюнга" телефончалып сүйлөшсө керек.
- Мен эжени алып кеттим. Кайра түндөп келип калам - деди дажөнөп кетти.
Ал кетери менен Фаризат өзүнүн магазиндеги экономист болупиштеген өңдүү, бойлуу кызына телефон чалды да саат ондо Универсамдындиректорунун кабылдамасына бар да кайсыл фирмадан келгениңди гана айт.Аты-жөнүңдү айтпа. Калган ишти мурдагы сүйлөшкөндөй жүргүзө бер деп тапшырды.
Кызга жанына сатуучу болуп иштеген жигиттерден бирдиээрчитип алып, барып Универсамдын иш стили, товар жүгүртүүсү, экономикалыкабалы менен таанышып. Эртең даяр информацияны мага бер деген.
Минткен себеби Куюн "сотка" менен кайдан болсо дакабылдамага телефон чалып иш боюнча убадалашкан фирмадан кишилер келдиби дептекшериши толук мүмкүн эле.
Чындыгында ошондой болду. Саат ондон 20 минута өткөндөтелефон чалды. "Ооба келип кирип кетишкен. Али чыгаша элек" дегендиукканда, тынчтанып калбай "Кандай кишилер" деп сурады. Секретаршасуроого таң кала түштү да. "Кымбаттуум мен бул жерде кирген чыкканкишилерди сүрөттөп бериш үчүн отурган жокмун. Ошондо да кичипейилдикке айтыпкоеюн узун бойлуусунан келген өтө сулуу келин жана шыңга бойлуу сулуужигит" - деди да телефонду коюп койду. Куюн даана тынчтанды. Фаризат мененСаид деп ойлоду.
Бул маалда Фаризат менен Саид мейманканага жаңы жайгашышыпали шампан ачыша элек болчу.
Иштин мынчалык чукул бурулушун күтпөгөн Саид жакшылап ойжүгүртүүгө да жарабады. Мейманкананын ээси сулуусымак келин ийилип тозуп алдыда,
- Баары сиз айткандай. Эгер мен керек болуп калсам мына булкнопканы басып коюңуз. Сиздердин тынчыңыздарды эч ким албайт -деди да чыгыпкетти.
Эки кишилик стол үстү мыктап жасалгаланыптыр. Түрлүүичимдик. Түрлүү жемиш. Түрлүү суусундук. Түрлүү салат. Экинчи бөлмөсүндө экикишилик аппак мокровый шейшеп салынган диван. Ваннасы, ажатканасы менен. Үй ичиаябай жасалгаланган. Түстүү телевизор, музыкальный центр. Жумшак музыка чыгыптурат.
Тигил аял чыгып кетери менен үйдү бир карап алып, баарын баамдаганСаид сүйлөйүн деди эле көз айнегин алып стол үстүнө койгон Фаризат колу мененанын оозун баса ыктады да
- Эч нерсе сүйлөбөй эле коюңузчу - деп көздөрүн жумаээриндерин тосту.
Башка башка бирок аялзатын ыраазы кылыш жашынган Саид чыныгыустат болчу. Махабат рахаты, төшөк рахаты тууралуу окубаган да китеби калганэмес. Өзүнүн керт башына да куудай бул жагынан аябай берип, сулуу өңү шыңгабоюна жараша башка эркектик мүчөсүн да төп келиштирген эле. Өмүрүндө далайсулуу менен болуп махабат кумарын шимип келатып, биринен да "Сен мениыраазы кыла албадың" деген каймана сөз да укпаган. Тескерисинче далайсулуулар Саид менен бир жолу жаткандан кийин дагы бир жатыш үчүн отко-суугатүшүүгө даяр болушчу.
Түнү түшүнөн. Күнү эсинен кетпеген Фаризат үчүн чиркин Саидчапчылып кеткиче иштеди го. Көптөн бери эркек көрбөй буулугуп калган Фаризат дабалыктай туйлады. Өзүн такыр жогото эси ооп көп учурда Азияттын атын атапСаидге жалынып жалбарып жатты. Өмүрүндө биринчи жолу Азияттын көзүнчө чөпсалышы эле. Өмүрүндө биринчи жолу ала жипти атташы эле.
"Жаратылыш кудай. Анын астында баарыбыз алсызбыз" деп тегин айтылбайт. Фаризат мынчалык эркек кумарына качан канарын жыргаганында унутуп калыптыр. Арадан беш саат кантип жылт этип учуп кеткенин экөө теңбилбей калды.
Канчалык ажырашкылары келбесе да убакыт деген шаштырабаштаган.
Ваннага жуунуп өзүн ирээтке келтирген Фаризат,
- Жаным кетели. Убакыт ансыз да кеч болуп кетиптир. Мен көпболсо үч саат деп пландадым эле, биздин келгенибизге беш саат болуп кетиптирдегенде Саид үнсүз ваннага кирди.
Саидди эртең мененки салып кеткен жерден түшүрүп жатып,
- Мен өзүм кабарлашмайын сиз телефон да чалбаңыз. Издеп дабарбаңыз - деди үнүн токтоо чыгарып.
- Фаризат мен эми сени көрбөй кантип жашайм? .. Жалбарасүйлөдү Саид.
- Саид мага эле оңой дейсиңби. Туура түшүн. Эгер биз сакболбосок экөөбүздүн башыбыз тең топудай эле ыргып кетерин билесиң го... дегендеэсине келе түштү да,
- Макул. Күтөм. Күт десең кылым болсо да күтөм, - депкөздөрүн жашылданта кала берди.
Фаризат шашыла баштады. Убакыт күтпөйт болчу. Саид мененэртесинде кайра мейманканадан жолугушту.
Саид өлгүдөй корккон Куюндун жок экенин, деги эле Азияттынбөрүдөй жигиттеринин баары сыртта жүргөнүн укканда өзүнчө эрдемсип калган.
Анын үстүнө Фаризаттын "Чыныгы эркек экенсиң. МенАзияттан бөлөк эркек жок деп жүрсөм сендей шумкарлар да бар турбайбы. Эркиндиканан байлык гана жетишпей жүргөн экен" деген мактоолорун укканда төбөсүкөккө жете толкунданды.
Кечөө эле эчкимдин колу жетпестей, бул дүйнөдө жалгыз ганаАзият рахатын көрүүгө буюргандай болгон сулуунун кучагында эркелөө ийгилигибашын ого бетер айлантып турганда Фаризат үрөйдү учурган сунушту айтып салды.
Фаризаттын колунда бир топ байлык бар экенин билчү, бирок алопоңой эле өзү менен кошулуп колуна өтүп кетери жөнүндө ойлогон да эмес.
- Миллионго чукул накта доллар бар. Дагы орточо баада сатсакмиллиондун аржак-бержагы болчудай баалуу буюмдар бар. Эң башкысы бери дегенде15-20 миллионду чапчый турган бриллиант жылан бар. Качанка Азияттан бүрүшүпкоркуп, айдаган жагына басып өзүңдүн кызыкчылыгыңды ойлобой жүрөсүң. Эгер четөлкөгө жылт койсок экөөбүздү эч ким таппайт. Тил жагынан деги кыйналбайбыз. Акча болсо баары болот. Өзүбүздүн чакан фирмабызды ачып алабыз да чардап жатаберебиз. Жыл сайын дүйнө кыдырып сайран курабыз. Ак сөөктөр эс алган жайлардаэс алабыз. Башкысы экөөбүзгө тең башка улуттун өкүлдөрү деген, аты-жөндөрүбүзда башка документ табышыбыз керек. Анан эр болсо бизди бирөө таап көрсүн...
Саид жооп айта албай мукактанып калды. Ал түгүл кубарып дакетти.
- Эмне коркуп кеттиңби. Эгер корксоң ачыгыңды айт. Андаушунчабызда бири-бирибизден кол үзүшөлү. Анткени Азият келсе анын көзү төртөөэкенин билесиң. Кичине эле шегибизди билсе экөөбүздү тең кумурскадай ганаушалап салат.
- Кеп корккондо деле эмес. Мындай ишти терең ойлонуп жасашкерек. Жаш кыз менен жаш балача азыр экөөбүз кол кармашып качалы. Азияттыншимшүүлөрү эртең 200 км жүрө электе кармашат да өзүң айткандай экөөбүздү мышыкчычканды эрмектегендей эрмектешет. Беш күнкү жыргалчылык үчүн өмүрдү сатыпкереги барбы? Тамекисин терең соро тартып токтоо сүйлөдү.
Чыны Саид коркок жигиттерден эмес эле. Кантсе да тыңчылыкжогорку мектепти бүтүп бир топ чет өлкөлөрдө иштеп калгандыктан жеңил ойгоберилчүлөрдөн да эмес. Көгүш одеялдын үстүндө энеден туума жылаңач суналып кырыменен жаткан Фаризаттын сулуулугу менен тумандай көп акча акылдан адаштыракытыгылап жатты.
Фаризатга Саиддин токтоо сүйлөгөнү жага түштү.
- Туура! Ойлонуш керек. Мен муну бүгүн эле чече салганжокмун. Мындай ойго келгениме ого көп болду. Керек болсо сени биринчи көргөндөнэле түрлүү жолдорду ойлой баштагам. Саид "Чын элеби. Кантип элде. Ушунуңашып кетти го" дегенсип жалт карады.
- Буга ишенсең, ишенбесең өз эркиң. Азият мени акчасынанмурда да бийлигинин күчүнө салды. Барымтага сатып алган буюмдай гана мени башкесерлерден сатып алды. Кийин билсем мага жетиш үчүн бүт өзү уюштурган экен.Өзүңдөн 29 жаш улуу адамга, үчүнүчү аял болуп зордук менен тийсең. Сени менентиесиңби- тийбейсиңби. Каалайсыңбы- каалабайсыңбы деп да адам катары санапэсептешпесе. Жүрөктө так калат да.Туура, кудай турат аябай эле эркелетип,кийбегенди кийгизип, ичпегенди ичкизип катуу сөз айтпай келет. Ошондо датүрмөдөгү адамдаймын. Өз алдымча жок дегенде аялдардан тааныш күтүп сырдашаалбайм. Кайда болсо кайтаруудамын. Бассам турсам артымдан аңдуу. Мындай жашоодокачанка чыдап жашоого болот. Ошондуктан өз алдымча даярдана баштагам.
Саид унчукпай угуп отурду да ичинен "Мунуку датуура" деп койду. Фаризат ордунан туруп шашпай кийине баштады.
Чиркин эмне деген буттар. Эмне деген көкүрөк. Тим эле мыктыскульптор кол менен чегип жасагандай. Шилекейин жута тамшанып койду. Бир ашыкжер жок.
- Ойлон. Ойлон да жообуңду айт. Куюндун көзүн тазалашты өзүмалам. Сейфти ачканды кантсе да эркек эмессиңби өзүң бүтүрөөрсүң. Менин оюмчаТүркия аркылуу Канадага же Австралияга чыгып кетсек деп ойлойм. Экөөбүз теңтүрк тилин мыкты билебиз. Болгону мени кыйнаганы" кантип паспорттабабыз? " деген суроо.
- Документ табыш татаал деле маселе эмес - деп койду Саидкайра жаңы тамеки тутантып жатып.
- Эмнеси болсо да ойлонуп көр да жообун айт. Эртең жокбүрсүгүнү телефон чалам, эгер менин оюма кошулсаң, "Баары жайында иштибаштай бер" деп гана кой. Өзүң менен ашык жүк алба. Бир сыйра киймиңдикийип ал. Калганын керектүү жерден сатып алабыз.
Анан түшкү саат 12де сейф ача турган жарактарыңды алып түзүйгө кел. Тыштагы дарбазаны кайтаруучуларга айтып коем. Эч бейкапар кире бер.Азыр болсо мен өзүмчө кетейин. Сен такси менен жетип ал" - деди да биртутам акчаны стол үстүнө таштады. Саид акчаны көрүп оңтойсуздана түштү."Өзүмдө деле бар дейин" десе акчасы жок. Балким мейманканага да төлөдеп калсачы.
- Акчаны тим эле койбойсуң да...
- Майда чүйдөңө керек болуп калышы мүмкүн. Алыс жолгочыгууга даярданыш да керек болуп жатпайбы. Баса мейманкагага толук төлөнгөн.Убара болбо - деди да али да кийинбей шейшепке оронгон боюнча отурган Саиддинкөзүнөн өөп коюп шартылдай басып чыгып кетти.
х х х
Куюн келери менен үй ичин, Азияттын кабинетин текшерди. Эчөзгөрүү болбоптур. Өзүнүн жашыруун койгон белгилери калыбында туруптур. Фаризатүч күндө кайда жүргөнүн иликтеди. Баары жайында. Иш менен тынбай жүргөн экен.Узак жол жүрүп машинада урунду болуп чарчаган эме уктап алууну чечти. Өзүнүнбөлмөсүнө барды да душка шашпай жуунуп чыгып, мемирей уйкуга кетти. Ушул боюнчакайра ойгонбой каларын билген жок.
Убадалашкан күнү эртең менен Фаризат Саидге телефон чалды.Саид телефонду алары менен "Баары жайында. Ишти баштай бер" - деди.Фаризат башка эч нерсе сүйлөбөстөн трупканы коюп койду. Саид Фаризат кетерименен эле анын чеңгелине оңой менен чыккыс болуп түшкөнүн түшүндү. ЭгерФаризаттын тилине кирбей кыйшаңдаса "Мага көз артып сөз ыргытыпжүрөт" деген сөздү Азият келгенде айтса Саидден эч ким себебин сурапчынбы- төгүнбү деп отурбайт. Жөн гана жок кылып коюшат. Балким Азият келгичеделе Куюнга "Менин жанымды койбой жүрөт тынчытчы" десе дележарыкчылык менен кош айтышышы мүмкүн. Булар үчүн кишини дайынсыз кылып коюш,өзгөчө Саиддей аягы сай таппагандарды жоготуш жан кейитпеген көнүмүш иш.Астында эки гана жол турду. Көздү жуумп Фаризаттын тилине кирип эсепсизбайлыкка ээ болуп качып кетүү. Же жеке керт башын коргоп жалгыз кастюм шымыменен үч көйнөгүн көтөрүп качуу.
Бар тобокел деди. Байлыкка да сулуу катынга да ээ болуукызыкчылыгы азгырды. Фаризат Саиддин жообун угары менен ишке киришти. Куюнуктаганы жатканын. Эгер шашылыш иш чыкпаса тынчымды албагыла деп үй ичин жыйнапжүргөн кызматчы келиндерге айтканын угары менен "Мен да өз бөлмөмдө тынчотуруп иштешим керек. Силер калган ишти эртең жасагыла" - деди датигилерди кетирип жиберди.
Иш бөлмөсүндөгү сейфинен пистолетин алып чыкты да башына"глушитель" такты. Өзү чачын түйүп жынсы шым куртка кийди. Шкафтыничинен газ толтурулган балонду алып чыгып Куюн жаткан бөлмөгө барды да балондунбашына күн мурунтан тагылган ичке түтүктү бөлмөгө телефондун проводу киргизилгентешиктен акырын киргизди. Куюн бул провод киргизилген тешик демейдегиденчыпалак баткылдай кеңейип калганын байкаган эмес. Ичке түтүктү туура акшакекече болгон белгиге чейин киргизди да газды кое берди. Балким Куюн ойгонупкетип чыкса анда атышка туура келмек. Ошондуктан пистолетин дайындап бир саатсыртынан кайтарып отурду. Баары тынч өттү. Бөлмөдөн чыккан да кирген да абаажок болчу. Астына ала фортучкасынын сыртын жаап таштаган. Чарчап келген немеаны да байкабады. Жаны жер тартып карайлай жаткыча шашты. Бир сааттан кийинбарып балонду караса бошоп калыптыр. "Желмогуз Куюн эмес шайтан болсоң дажайыңды тапкандырсың деп балонду түтүгү менен кошо чыгарып алып кабинетинеалпарып кайра ордуна катты.
Ошентсе да сактык үчүн текшерип ички телефондон чалып көрдүэле жооп болбоду. Барып эшигин тартса ичинен бекитпептир. Ачары менен газдынжыты мурунга урду. Мурдун баса дем албастан барып, терезени чоң ачып жиберипбөлмөнү желдетти. Куюн эчак эле түбөлүккө мемиреген экен. Мойнунун күрөөтамырын кармаса какмак түгүл денеси муздайын деп калыптыр. Бөлмөнү шамалдатыпгаздын жытын кетирди да такыр шектүү жыт калтырбаш үчүн кагаз жагып турупартынан арча түтөтүп койду. Куюнду болсо кымтылап жаап, "Уктай бер.Далайдын канын ичтиң эле. - деди да өзү шашылыш даярдана баштады. Бир чаканчемодан гана кийим алган. Документтер даяр. Куюн айдап жүргөн"Максимканын" документи, эки номери бар болчу. Жолго"Максимка" менен чыгууну туура көрдү. Түндө келип гараждагы машинаондогон мастерлерге бир сыйра текшерип карап чыккандан кийин айдап келипкойгула деген экен. Эртең менен саат 10до бары жайында деп токтотуп кетишкен." Максимканы" айдоого Фаризаттын эки номерге тең ишеним каты барболчу.
Акча, баалуу буюмдарды салыш үчүн атайын өзгөчө кулпусу барөзү темир, сырты булгары колго көтөрүүчү сейф өңдүү чакан дипломатты дайындады.Туура саат 12 дегенде Саид жетип келди. Өңү бозоруп кичине корккону билиниптурат. Татынакай кийинип алыптыр. Көзүндө кара көз айнек. Алактап коркконумбилинбесин десе керек. Кирери менен
- Куюнду... деп аржагын айта албай мукактанды.
- Уктап жатат...
- Эмне дейсиң.. Кантип...
- Чочуба. Түбөлүккө уктап жатат, деп Саидди кыса кучактаптуруп оозунан соро өөп койду. Саидге бул чоң дары эле.
Саид сейф ачкандын чоң мастери экен, темирди тешкен тешкич,араасы менен ала келиптир. "Кимдир бирөөлөр келип калбас бекен" депууруга киргенсип чоочулады эле да Фаризат ички телефон менен "Өзүнүн жекеуруксаты болмойун үйгө эч ким кирбесин, деген катуу тапшырма берди. Сейфачылганда Саиддин көзү таңгак-таңгак долларлардан өттү. Баалу буюмдардын баркынтүшүнчү эмес. "Сен долларларды сал" деп Фаризат тиге дипломаттыкарматты да өзү баалуу буюмдарды, каропкадагы бриллиант жыланды өзүнчөдипломатка салды. Көзү алактаган Саид "Бриллиант жыланды" көрөйүнчүдеген да жок.
Саат 1.30да кочкул кызгылт "Максимка" дарбазаданчыгып кетти. Эшик тоскондор рулда Куюн отурабы же башкабы байкоого да үлгүрбөйкалышты.
Куюндун өлгөнүн, Фаризаттын дайынсыз жоголгондугун эртесиэртең менен келген үй кызматчылар айтышты. Ага чейин үйгө эч ким даап киреалган жок.
Баарын күндүз, чаламандын чак түшүндө жасаса эч шеги жокбүтөрүн Фаризат астына ала пландаган.
Чабалекейдей зыпылдаган "Максимка" шаардан чыгып,Чыгышка бет алган чоң трассага түшкөндө;
- Кайсыл тарапка бет алдыңыз мырзам. Билсек болобу - дедиФаризат Саидге жодурай карап.
- Биз бүгүн түндөп жүрүп отуруп эртең менен Алматыгажетишишибиз керек.
- Ого... Сизди түз эле мени Америкага алып жөнөйт годептирмин. ..
- Америка... Америка... ал качанкы Америка. Америка карыды.Чыгышта Гонконг, Тайван, Малайзия өңдүү укмуштуу жаш өлкөлөр бар.
Саид "Максимканы" рахатка батып айдап келатты.Мына ушундай машиналуу болсом деп канча эңсечү эле. Өзүнүн эски"Москвич- 412син" Фаризаттын "Вольвасына" түшкөндөн кийинкарагысы да келбей калган.
Кенен трассада машина 160-170 менен баратса да рулга күчкелип катуу жүргөнү сезилген жок.
Саиддин машинаны мыкты айдарына, деги эле тыңчынын мектебинбүткөндөр кандай техника болсо да шайтандай айдарына ишенгендиктен Фаризат көпкам жебеди.
- Мен да эки күн жөн жатпадым. Саид сөзүн улады. Жолдонкөзүн албаган калыбында. Кичинекей башымды болушунча күн-түнү кубалап иштеттим.Азият экөөбүздүн качканыбызды угары менен бизди кантип кармоонун планын түзөт.Ишти, бизди кайдан издөө керек дегенден баштайт. Биринчи орунда Пакистан,Түркия, Араб мамлекеттери. Англия, Италия, Америка Канада турат. Анткениэкөөбүз тең түрк, фарс, араб тилдерин билебиз. Сен англис, француз тилиндесайрайсың. Демек аталган мамлекеттердин бирине жашынган болобуз. Менин баамымдабизди Монголия, Кытайдан издеш Азияттын башына да келбейт. Биз алгач Монголиягаөтөбүз. Андан Кытайга андан Гонконгго. Калганын бара көрөбүз. Буюрса түндөпжүрсөк эртең мененки саат 7лерде Алматыда болобуз. Саат 10дон баштап мен казак,сен казашка болосуң. Документ бир саатта даяр болот. Сүрөтүбүз бир саатта даярболот. Бир саат тамактанабыз. Эки күндөн кийин эркин бизнесмен болупУланбатордо же дагы бир чакан шаарчада жүрөбүз.
Фаризат барын унчукпай укту да. "Тынч сазда шайтануялайт" дегендей мында жаткан экен го" деп ойлоду. Өзүнүн планыкандай да болсо Түркияга өтсөк андан аркысын көрөрбүз деген. Азыр таразалапкөрсө Саиддики жөндүү көрүнөт.
- Сенин башың иштерине ишенгем да туйгунум деп чын дилденэркелей сүйлөдү.
- Абайла, алтыным! Машина 180 км менен барат, - деди Саид.
Учкан куштай зымыраган "Максимка" улам бир жеңилмашинаны зуу-зуу артка таштап чыныгы "Король дорога" экенин көрсөтүпбаратты.
х х х
Азият Фаризат менен Саидди алты ай бою издетти. Атайыжалданган 20 тынчы улам бир мамлекетке өтүп шимшип жүрүштү. Дайындары жок.Сууга чөккөндөй жоголушту. Ушул жарым жылда Азият кадимкидей карып кетти.Барган сайын Фаризатты сагынчу болду. Аны сүйгөнүн, "Бриллиантжыландын" арбоосуна алдырып аны көңүлүнөн чыгарып койгонун, эми минтипколдон учкандан кийин билди. Аларды издетем деп чачыла берип жүгүртүүдөгүбайлыгы өксүдү. Фабрикасы иштебей туруп калды. Өнөктөш фирмалар биринин артынанбири чыгып кете баштады. Минте берсе колдо бардын баарынан айрылып, жалгызкоколой башы каларын билсе да издөөнү токтотподу. Көзүн жумса Фаризат менен"Бриллиант жылан" түшүнө кирет. Ойгонгон сайын Азият ызаага буулугат.Какчыйып арыктап да кетти. Аялдары такыр көңүл бурбай калышты. Балдары башболуп ар кимиси өздөрүнө тиешелүү дүйнө байлыктарын Азияттан коруй башташты. Алтүгүл улуу аялы менен балдары чогулуп келип, кайдагы бир сойкуну издетип ушунчадүйнө чачып жатканына ачык нааразы болушту эле. Азият "Силерге тиешелүүэнчиге тийбейм. Калган байлыгым бүт түгөнгөнчө издетем. Анда да табылбаса өзүмжөө калсам да колума таяк алып издейм", - деп көгөрүп койду. Ушундан кийинага кийлигишпей да калышты. "Бир жерде Фаризат Саид менен рахатка батыпжатса керек" дегенди ойлогондо тирүүлөй өрттөнүп секирип-секирип кетет.Күн-түнү кабар күтүп, өзү чалып телефондун жанынан кетпейт. Тыңчылары чын дилдениздеп жүрүшсө да кээде өзүнчө ишенбей кетет. Саид менен Фаризат аларды акчагасатып алып жөн эле издемиш болуп жүргөндөй арам ой пайда болуп жанын коерго жертаппайт. "Сениби Африканын токойлорун да тинттирем" дейт жертепкилей. Дегеле эч ким мынчалык бирөөлөргө издөө салбаса керек.
Бул издөө эмес эле өзүн-өзү тозокко тирүүлөй куйкалоо экенинАзиятка эч ким айткан жок.
х х х
Шаа Азият менен жолугушкандан кийин түпөйүл ойго түштү."Азият дегениң ким? Эмне үчүн мага кызыкты? Эмне үчүн аны кытайлегендаларын, фольклорун, кытайдын өткөн кылымдардагы сырдуу дүйнөсүнизилдегендер кызыктырат? Андай эле кызыккан экен нак кытай окумуштууларынанэмне жалдабайт?
Азият жөнүндө иликтей келгенде чоң бизнесмен экенин.Кытайдын Кашкар өңдүү чоң-чоң шаарларында соода түйүндөрү бар экенин уккандаого бетер таңданды. Бизнесмен соодагердин фольклор менен кандай тиешеси бардеп. Мунун артында кандайдыр бир сыр бар экенин туюп турду.
Шаа Кашкарлык Кирсан аттуу калмак жигит менен жакшы таанышболчу. Кирсан газетада иштөөчү. Өзү криминалисттик хрониканы алып барчу. ШаагаКирсан Азият жөнүндө күтүүсүз жаңылыкты айтып берди. Азияттын Хэ Чан аттуужигити Кытай легендаларына, фольклорго кызыгып изилдеп жүрчү экен. Кирсан мененжакын тааныш да болуптур. "Бриллиант жылан" жөнүндө жазылган укмуштуукитеп бар дейт. Кантсе да журналист эмессиңби уккан, көргөндөр болобу иликтейжүр деп суранган да экен.Тилекке каршы күтүүсүз өлүптүр. Эмнеден өлгөнүнтекшергенде сол далысынын астынан бармак басым көгүш тактан бөлөк эч нерсетабышпаптыр.
Чан өлөрүнөн бир жумача мурун Ли аттуу легенда, фольклордукыйын билген, Тибет медицинасында түшүнүгү бар адамга жолукканын айткан экен.Көрсө Ли да "Бриллиант жылан" жөнүндө кызыгам, укканым бар дегенимиш.
Шаа Кирсан менен башка бул темада сүйлөшпөөнү туура көрдү.Эгер өзү да "Бриллиант жылан" жөнүндө кызыгарын ачыкка чыгарса иштитеңирден тескери бузуп алышы мүмкүн экенин учурунда Кадыр акеси жакшы элеүйрөткөн.
- "Бриллиант жылан" жөнүндө мурда укпаптырмын. Балким чын эле мыкты легендадыр. Мен тибет медицинасындагы чөп менен, укалооменен дарылоолорго кызыгам. Анан тибеттеги көзү ачыктык жөнүндөгү легендаларкызыктырат. Балким Лиге жолуксам ушул темада кызыктуу бир нерсе табат белем депкойду кайдыгер гана.
Чандын сол далысынын алдындагы сырдуу кара так жөнүндө угарыменен жүрөгү зырп дей түшкөн. Ли менен жолугушар күн алыс эмес экенин сезиминдетуйду. Ал баягы өзүн Кыргызстанга издеп барган кытай экенин да билди. Кытайгакелгенде быягы Кыргызстандан алган дарек боюнча Ли иштеген фирмага барса Лииштен чыгып кеткенин кайда жашаар дарегин билишпесин айтышкан. Ошентип Линижоготуп алган болчу.
Азияттын шашылыш мекенине кеткенин укканда өкүнүп калды.Эгер көзүн тапса бул акча мешогундагы бизнесмендин байлыгын да бийлигин даөзүнүн кызыкчылыгына пайдаланса болот беле.
Кайра Азиятка жолугуп тамырын терең тартсамбы деп чечти.Арадан айча убакыт өткөндө Кирсан телефон чалып "Баягы Лиге жолуктум. Чынэле тибет көзү ачыктары жөнүндө, медицинасы жөнүндө укмуштарды билет экен.Өзүнчө эле жаткан энциклопедия. Сен жөнүндө айтсам кызыгып калды. Азырден-соолугу жакшы болбой айылда экен" деп дарегин берди. Көрсө Линин биркоммерсант баласы чоң чатакка кабылып ал жөнүндө Кирсан изилдеп жазам депкүтүүсүз жолуккан экен.
Шаа менен Ли жолугушканда эле бири-биринин ким экенинтүшүнүштү. Оорумун деп төшөктө жаткан Ли ыргып тура калды. Шаанын алдындатериси сөөгүнө жабышкан арык чокчо сакалы бар кичинекей чал турду. Кичинегетикирейе тиктешишти. Көздөр ирмелбеди.
- Мен сенин акыры келериңди билгем - деди Ли токтоо.
- Мен да сени акыры табарымды билгем - деди Шаа. Экөө дагыүнсүз тиктешип турушту.
- Сен китепти мага бер? Анткени карыдың. Китеп сырын ачуугаменин гана мүмкүнчүлүгүм бар. Адамзаттын тарыхындагы ал эмне деген укмуш сырчечели. Мен сенин укум тукумуңду да бул ачылыштын себепкерлери катары кошойун.Китеп сырын чечкенден кийин "Бриллиант жыланды" издөө түйшүгүтурганын билесиң да. Көп тырыша бербе. Өзүң да оорулуу болуп калыпсың. Карасамкайгы тартыпсың. Анын кесепети сөөктөшүп айыккыс дартка чалдыгыпсың. Муну өзүңда жакшы түшүнөсүң, - деди Шаа.
Бул бир бири-бирине алдоого жасалган куру далалат эле.
- Китеп менин укум-тукумумдан бери келаткан улуу сыр.Байлык. Сен болсо ортодо жолуккан китепке эч тиешең жок табакташсың. Ошондуктанкитепти сен бер мага. Ал эми сырын ачууга мендеги ден-соолук жетиштүү. Керекдесең "Бриллиант жыландын" да дарегин билем. Демек, мендеги таразанынташы оор - деди Ли.
- Китепти мен ушул жердин түбүндөгү айылга чейин издепкелген соң албай койбойм. Күчкө салсам да алам. Өзүңдү кыйнабасаңчы. Аз күнболсо да жарыкчылыкта жашаганың оң го деген сөзүн бүтө электе шуу секирген ЛиШаанын үстүнөн учуп өттү. Шаа жатакалганга араң үлгүрдү.
Линин бир башкача архитектурада төбөсү бийик тоголоккурулган үйүнүн ичинде кармаш башталды. Бул кармаш адамдардыкына эмес эки окжылан бири-бирине түйүлө секирип жатканга окшогон тири укмуш кармаш болчу. Уламубакыт өткөн сайын Ли чарчай баштады. Анын үстүнө акыркы эки айдан беркимуундарындагы оору да күчүн алып койгон эле.
Канчалык картаңдык куулукка салайын десе да Шаа алдырбады.Кайра улам күчөп баратты. Ченемсиз мыкты машыгуудан өткөнү көрүнүп турду. Акырымаксатына да жетти. Омуртканын талуу түйүнүнө урулган бармак Лини кыймылкүчүнөн ажыратып шал кылып койду. Акыл эси, тили кадимкидей, болгону буттары,колдору кыймылдабай шалак жерге кулап түштү. Маңдайына чөгөлөй отурган Шаа,
- Мен омурткаңды кайра ордуна салганды да билем. Эгер жанкерек десең китепти бер - деди.
Көздөрү чекчейген Ли өзүн өзү өлтүрөйүн десе колдору дабуттары да кыймылдабайт.
Мындай мертинүүдөн омуртка ордуна келбесин эгер ордунакелген күндө да буттары өмүр бою шал болуп колдору гана кичине-кичинекыймылдарын Ли жакшы билчү. Ошондуктан үн дебеди.
- Чал жок дегенде балдарыңды ая. Алардын балдарын ая. Жакшыкөргөн кызың бар экен аны ая - дегенди укканда Ли чыдамы кетип баратканын туюптилин астыга сунуп туруп болгон күчү менен тиштегенде тилинин жарымысы бычакменен кескендей кесилип түшүп калды.
Башка жол жок экенин түшүнгөн Шаа кыйналбасын деп эки күрөөтамырын басып койду.
Үйдү үч көтөрө издесе да эч нерсе таппады. Демек китепбалдарында болушу мүмкүн. Бул жака келерде Линин тукумун аябай изилдеген. Китепбир да баласында эмес кызында болсо керек деген ой мээсине кайта-кайта урупжатты.
Линин кызы Америкада Гарварт университетинде окуурун. Чыгышкүрөшү боюнча мелдештерге катышып жүргөн мыкты спортсмен экенин. Эң башкысыатасы Ли кызын өзгөчө жакшы көрөөрүн билгенде эле ушул ойго келген. Үйгө өрткоюп жатып ишти Линин кызынан башташ керек деп чечти.
Айылдагы атасынын жыгач үйү өрттөнүп кетип өзү да кошо күйүпөлгөнүн уккан Линин балдары бүт чогулуп айылга барып аза күтүштү. Жалгыз ганаАмерикадагы кызы келбеди. Шаа күткөн эле. Сөзсүз келет деп күткөн. Ойлонгон ойишке ашпады. Демек кызды издеп табуу да оңойго турбайт окшойт.
</font><div><i><font size="3">(Биринчи китептин аягы) </font></i></div>

Билдирүүнү түзөткөн: Gupa: 02 Сентябрь 2013 - 09:55
Жараткан Аллахка чексиз Мактоолор болсун!!!!!
#12 28 Август 2012 - 12:32
realliver (27 Август 2012 - 16:30) жазган:
Бул китеп эки болуктон турат. Автор экинчи болугун да жазса жакшы болмок.
Экинчи Болугу Бисмиллаа деп
Чолпонбек Абыке уулу
"Бриллиант жылан"
2-болук
Азияттын иши акыркыайларда улам кыйчалыштай берди. Фаризат менен Саиддин дайны чыкпай жоголгону азкелгенсип наркосоода менен алектенген жигиттери Оштон ири өлчөмдөгү товар мененкармалып калды. Бүт товар күйүп кетти. Ички иштер министрлигине жаңы келгенМинистр Азияттын "ортомчуларын" жанына да жакын жолотпой" секирет".
- Канчага секирээрдейсиң. "Төрт эмес, тогуз тарабынан кысымга алгыла", - дегенбуйругунан да эч нерсе чыкпады.
Жандарынан коркконжигиттери бүт күнөөнү өз моюндарына алып кете беришти. Же товарын, же колдонсуурулган шылуун жигиттерин бошотуп ала-албаганга Азияттын нерви бузулуп, алтүгүл өзүнүн жеке догдурун чакыртып көрүнүп, дары ичкенге аргасыз болду.
"Цыганпочтасы" кылмышкерлердин чөйрөсүндө кабарды шамалдай таратат. "Азиятбаягы эмес. Кадыры кете баштады. Жакында наркотовары менен кармалган жигиттеринбошотууга жараган жок" деген кабар тез эле кыргыз, казак, өзбек эмес бүтКМШга жайылып кетти. Мурда Азияттын колтугуна кирип күн көргүсү келген майдасоодагерлерден баштап ирилерине чейин четтей башташты. Иштин арты ушундайболорун билген. Ошондуктан, аракетин деле аябады. Чындыгында колунан эч нерсекелбей койду.
"Чын эле бүткасиетимди "Бриллиант жылан" менен Фаризат алып кеттиби? Мурда атымдыукса астымдан кыя өтпөгөндөр тескери бурулчу болду. Көзүмдү тике карабоочуларкайрып сөз айтчу болду" деп капа болуп отурса, "кабар" келиптир." Сиз менен сүйлөшө турган сөз бар. Жолугалы. Астына ала ачыгын айтайын.Сизде бир кымбат буюм бар экен. Ошол мага керек болуп калды. Баасын ойлоно келиңиз.Сизди урматтаган "Рыжый" Болот, Алмата" деген.
"Кабарды" окуганда ордунан секирип кетти. Сөз "Бриллиант жылан" жөнүндөбаратканын илгиртпей сезди.
- Эх Протез...Протез. .. тирүү экенсиң да. Акыры суу үстүнө калкып чыгарыңды билгем. Сендейчириген дөңгөчтөр акыры жээкке чыкмак.
Эрдин тиштеп, ойлонупотуруп калды. Рыжый Болотту жакшы билет. Нечен уккан. Акыркы жылдарда уламкүчөп баратканын да билип жүрчү. Бирок, "Азияттын дарегине чейин сөзкайрууга жетишет" деп ойлобогон.
Көздөрүн жуумп көпкөүнсүз отурду. Кантсе экен. Аңгыча, кыйынчылыктан чыгуунун жолу башына өзүкелди. "Кандай гана абалдан болбосун чыгуунун жолун таба билчү элем деймда", - деп өзүнө өзү куштарлана да түштү.
"Рыжый" ,"кабарыңды" алдым. (Атайлап Болот деген атын кошпой, "Сен ким элеңэсиңе келсеңчи" деген мааниде какшык аралаштыра жазды). Эгер кулагыңукканы чын болсо, ошол угузган "кабарчынын" нак көзүрүн (ортомчусунэмес) мага белекке жибер. Калган сөз анан улансын. Сени урматтаган Азият"деп өзгөчө кол коюлган "кабар" жолдоду.
Бул иш ушинтип эле"кабар" алмашуу менен бүтүп калбасын Азият түшүнүп турду. Коргонуунучыңдап, жолугушууга даярдануу керек. "Буюм" жок. Колдон учуп кеткен.Андан көрө издешүүгө жардам бер" дегенде ага ким ишенет. Ишенген күндө даансыз деле сынып турган кадыр-баркы такыр тебелендиде калбайбы? Акыркы алтыайдан бери "Фаризат менен Саидди издетем" деп өзүнүн"чарбасына" такыр көңүл бурбай калганын "кабардан" уламдаана билди. Болбосо, Рыжый Болотко окшогондор "кабар" жиберүүгөбатынмак беле.
Өткөн жарым жылда үчжолу болгон чоң разборкаларга өзүнүн кишилеринен эч ким барбай калган. Өзүнүнкөздөй ишенимдүү кишиси "мыйзамдагы ууру" оор кылмышы ачыла турганболгондо, Италияга качып кеткен. Учурунда тиешелүү кабар берип, коргоогокөмөктөшө албаганы үчүн ал да Азиятка нааразы экендигин Италиядан жүрүпбилдирген.
Төрт тарабындагы" коргонду" дайым чыңдап жүрчү Азият бүгүн улам бир тарабындагыкоргону ыдырап кулай берип, ачык, коргоосуз калганын билип отурат."Фаризат, сени акыры табып, түбүңө жетээрмин" деп кекенип алды."Бөрү карыса бир койлук дейт. Бул Рыжый өзүн "чоң кожоюн" сезебаштаган экен. Али Азият өзүнүн ким экенин көрсөтүүгө күчү жетет" депкекенип алды.
Ушул эле күнүтиешелүү адамдарга, шашылыш, кийинки жумада жолугушууга "кабар" жолдоду.
ххх
Гонконгдогу шаарданчеткерээк бөксө тоонун түбүнөн, деңиз жээгине жакын жерден өзү өтөбайлардыкындай чоң аянт ээлеп заңкая көзгө көрүнүктүү курулбаса да чакан,оюнчуктай кооз, ошол эле маалда анчалык тегеректегилерди өзүнө көңүл бөлгүдөйделе эмес, бүт айланасы калың бак менен курчалган вилласында жатып, Фаризатбүгүн Азиятты эстеди.
Арадан жарым жылучкан куштай өтүптүр. Азият күн сайын жүрөгүнүн башында "качан табаарэкен? Качан кыжыры келсе заары чыга түшчү көздөрүн тикчийте кадап, "Менденкачып кутулам дедиңби?" деп маңдайымдан чыгаар экен деп эстесе, бүгүн"Ушундай жашоодон көрө Азияттын шимшүүрлөрү кармаса да мейли эле. Акырыбашта бир өлүм... Балким, күнөөмдү кечет беле. Кантсе да сүйчү эле го" депэстеди.
Үйүнө келери мененмуздак душка түшүп жатып, бардык эле аялзатына тиешелүү адатты карматып,буркурап ыйлап алды.
Анын кудай бергенсулуулугун, аялзатына тиешелүү наздыгын барктаган, сыйлаган, аяр мамиле жасап,өзүнөн башкага ыраа көрбөй, таза урунган Азият гана болгонун бүгүн дагы биржолу билди. Буга чейин да ушул өткөн алты айда бир нече жолу билген, бирок,бүгүн өзгөчө болду. "Кайсыл кара шайтан сайган күнү эсирип, эсинен ажырап,Азияттын көзүнө чөп салып, дүйнө кыдырып даң салып эркиндик эңседим экен"деп ичтен боздоп турду.
Жатса бир топко чейинтермелип туруучу диванга кулап түштү да, көзүнөн чуурган жашты сүртүп дакойбостон, түрлүү гүлдөрдүн сүрөтү салынып тирукмуш кооздолгон шыпты тиктепжата берди.
Анын көзүнө шыптагыгүлдөрдүн кооздугу эмес, өткөн алты ай элестеп жатты.
ххх
Саид экөө Алматыдакөп болсо үч күн токтойбуз дешкен. Жок, туура үч жума жатышты. Дагы Фаризаттынчечкиндүүлүгү менен жолго чыгышты, болбосо, дагы канча жатышаарын бир кудайбилмек.
Саид айтканындай элеэки күндүн ичинде экөөнө паспорт жасаттырды. Бири, казак Кокенеев Серик, бири,казак кызы Кокенеева Анара болду да калды. Ошол эле күнү "Машинаны" капкара "Опел жипке" алмашышты. "Эрди катын эмес эки бөлөкфамилиядагы документ албайлыбы?" -дегенге Саид "Документтерибиздинушундай болгону оң" деп болбой койду.
"Иштин жакшыбашталганы үчүн" деп ал күнү экөө шаардагы "эң мыкты" дегенресторанга барышып чардашты. "Көп анча көзгө көрүнбөйлү" деп жекеменчиктеги мейманканага турушкан.
Саид кантсе дачалгынчынын мектебинен өткөн эмеспи, ресторанда өзүн жакшы кармаган мененмейманканага келип, өздөрүнчө калгандан кийин чектен чыга ичти. Ал түгүл турупбасууга жарабай жөргөлөп, жаткан ордунда кусуп, оонап калгыча ичти. Биринчикүнү Фаризат өзү да эсинен кеткиче ичкен менен экинчи күндөн баштап мурдамындай ичип көрбөгөн неме ичкиликти көрмөк түгүл жытына да жолой албайкалыптыр. Саид болсо, туруп көзү ачылганда эле колун бөтөлкөгө сунат.
Фаризаттын "Булшаарда көп кармалганыбыз болбойт. Эртелеп башка жака жылалы" дегенине Саид"Эч коркпо, Азият тескерисинче бизди колтугунан издебейт. Алыстан издейт.Из суутуп жата туралы" дейт да, кайрадан ичкиликке өтөт. Акыры ФаризаттынСаид Азиятты жазгырып эмес, ичкиликтен кутула албай жатканына башы жетти.
Буга чейин күнү-түнүөзүнө карабай сасып - ирип, ичкиликтин кулу болуп жатып калган эркекти көргөнэмес. Фаризаттын перидей сулуулугу да баш жазуудан кымбат эместигин Саидбилгизип койду. Өмүр бою бирөөнүн карамагында катуу контролдун астында жүргөннеме "Өзүмө-өзүм кожоюнмун" деген эркиндик алганда өзүн-өзүбашкарууга жарабай далдырап, оюна келген акмакчылыкты жасап калаарын Фаризаттүшүндү. Мына ошондо Азиятты бир эстеди. Ченемсиз байлыгы турса да, бийлигитурса да, дайым өзүн-өзү катуу кармап, мына азыр барып, бирөөнүн астына отчетберчүдөй дайыма бардык ишин такыба тыкан жүргүзөөрүн, бир да жолу ишиненкалбай, ал түгүл кечикпей, убада берген жолугушуусун калтырбай ашкере жоопкерэкенин эстеди. Ошондо бармагын биринчи тиштеди.
Мындан ары Саидге ишенбейөз камын өзү астына ала тымызын пландай жүрбөсө болбосун да түшүндү.
Жүрөгүн жеген жалгызбуюм "Бриллиант жылан". Муну кантип чет өлкөгө алып өтөт? Кимгесатат? Саткан күнүнүн эртеси эле кармалып калбайбы? Миң сан суроолор. Кайдан да"Бриллиант жыланды" алды эле. Балким, бул кымбат буюмду албай акчаменен эле качса болмокпу. Кайра өзүн жооткотот. Качарын качты. Эми өкүнгөндөпайда жок. Деги эле бир тыйын албай өз башын алып качкан күндө да Азиятиздетмек. Анын кекчил экенин, өзүнүн намысына шек келтирген ар бир майданерседен бери өзгөчө маани берип, жөн калтырбасын Фаризат жакшы билип калган.
Саид мына эсинекелет, ана эсине келет менен арадан эки жума өткөндө, Фаризат чындап Саиддентүңүлдү да, биринчи кезекте "Бриллиант жыландан" убактылуу кутулуунутуура тапты. Эки күн ойлонуп жатып оңтойлуу бир жерге катуудан башка жолтаппай, эртең менен эрте Саид корулдап уктап жатканда жолго чыкты.
Түндө түшүнө, биручурда Азият экөө кооз жерлерди кыдырып жүргөндө көргөн, Кыргызстандагы Долондеген ашуунун аркы бетиндеги чакан капчыгайдагы кол менен жасап койгондойболгон таш үңкүр кириптир. "Бриллиант жыланды" так ошол жерге катыпжаткан экен. Тим эле өңүндөгүдөй көрдү. Ойгонсо таң атып келатыптыр. Ордунаныргып турду да шаша кийинди.
Күнгө чагылышыпжаркылдаган капкара жип Долондон ашканда күн түштөн ооп калган. Эч жерге токтоптамак да ичпеген Фаризат тим эле учуп- күйүп келатты. Анан калса жолу да шырболуп, бажыканадан да эч ким тоспой, токтобой өттү. Долондон ашкандан кийин тээканча жыл мурун көргөн жерин "Унутуп койдум го, таба албай убара болоорбекенмин" деп санаркаган. Жок, баары көз алдына картинадай тартылып, тимэле колунан бирөө жетелегендей баратты.
Мындан ары машинажүрө турган жол түгөнгөн жерге жеткенде, жеңилдене дем алып, кичинеге машинаданчыкпай айланага байкоо жүргүзүп отурду. Эч ким көрүнбөйт. Машинасын бекитип," Бриллиант жылан" салынган кутуну артынчагы бар мешокко салыпдайындап алган эле, аны артына асынып, жапыз бойлуу Тянь-Шань карагайлары өскөнтик бетке чыга баштады.
Көздөгөн жеринежеткенде, күн тоо баштарына таянып, кыпкызыл болуп батайын деп калган. Үңкүрдүноозуна "акыры жеттим го" дегенсип шалак отура кетти. "Балким,кеч жетсем кереги тийээр" деп кол фонаригин алып алган эле. Көп отурбайкол фонаригин жандырып, үңкүрдүн ичине жөрмөлөй кирди. Үңкүрдүн оозу да, ичи датар болгондуктан, жөрмөлөп гана жүрүүгө мүмкүнчүлүк бар болчу. Фонардынжарыгына салып кымбат буюмду "кайсыл жерине катсам" деп ыңгайлуу оруниздеп кирди. Акыры аны да тапты. Кудай өзү атайы "Бриллиант жыланды"катсын деп жасатып койгондой жер экен. Фаризат өзү гана так айтып бербесе,үңкүргө кирген адам үч көтөрө издесе да эч табылбачудай.
"Бриллиантжыландан" кутулганда кадимкидей жеңилденип, санаасы тына түштү. Ал түгүлкатып жатканда кутуну ачып "Бриллиант жыланды" кароого кудуретижетпеди. Коркконго кош көрүндүбү же чындап эле ошондой болдубу, коюп жаткандакуту кадимкидей кыймылдап, ичиндеги жылан оодарылгандай туюлуп кетти.
Баары жайындаболгондон кийин үңкүрдөн жөрмөлөп чыгып, артында "шектүү эч кандай изкалган жокпу" деп кайра да бир фонардын жарыгы менен текшере карады.
Үңкүрдүн таманыкаксоо болуп бирөө атайлап шыбап койгондой жылмакай, ичи таза болчу. Катуужаандарда айрым бир жаныбарлар корголоп оозуна кирбесе түбүнө эч нерсе барбасакерек. Башка үнкүрлөрдөгүдөй нымдын жыты жок.
Бул үңкүргө жапайыжан-жаныбарлар да жолобошуна Азият таңданып, босогодогу эски арчанынжаракаларынан шамал жүргөн сайын түрлүү ышкырыктар, адам үнүнө окшогон үндөрчыгып турат экен, балким ошондондур деген. Азиятты эстегенде Фаризат үшкүрүпжиберди. Так ушул үңкүрдө Фаризаттын "Койчу эми, мейманканагабарганда" дегенине болбой басып алып, тим эле биринчи көргөнсүп ашыкчаалбууттанып кошулган. Анан Фаризаттын ышкысы ойгонуп кетип, кайра Азиятты басыпалып экөө тең бул дүйнөдө экөөнөн башка эч ким жокчо бүт кийимдерин чечипыргытып жиберишип, олпокто жатышкансып мына ушул каксоо жерде улам бирининүстүнө бири чыгып, оонап, бирине-бири канбай таң аткыча махабат жыргалынабатышканы көз алдына тартыла, ысык жаш жүзүнөн чуурду. Эми эле арчалуу беттекелатып жок болуп кеткен экөөнү таппай, Азияттын телохранителдери таң аткычасуй жыгылышкан экен. Алардын издеп кыйкырган үндөрүн экөө укпаптыр. "Булбир укмуш сырдуу үңкүр экен" деп Азият ошондо таңданып калган. Фаризатмахабаттын жыргалынын туу чокусуна жетээрде дайыма ушул үнкүрдөгү каксоо жердечабалактап жатканын элестетип жиберчү.
Мына, ушул үнкүрдөотурганда кайра кайрып оңдогус катачылык кетиргенин туйду. Ошондо да, "Ишжаңы башталып жатса, кайра артка кылчактабайынчы" деп өзүнө-өзү кайратберип, жөрмөлөй эшикке чыкканда күн эчак батып, айлана күүгүмдөй баштаган экен.Караңгы кире электе машинасына жетип алыш үчүн шашыла төмөн түшө баштады.
Бутун тартуугадарманы калбай, түн ортосунан оогондо араң мейманканага келсе, Саид дагы делеылжыган мас абалында уктап жаткан экен.
Кетип жаткандамейманкананын тазалыгын тейлеген кызга "Эгер Саид сурап калса, дүкөнгөкийим алам деп кетти де" деген.
Көп деле такыпсурабаптыр. "Бардык катындар бирдей, эс дарттары кийимде" деп сөгүнүпкойгон экен да, кайра ичип кириптир.
Жыландан санаасытынгандан кийин Фаризат мындан аркы кадамды өзү ойлоно баштады. Саиддин оюнакойсо, айлап болсо да арак ичип жата берчүдөй.
Азияттын айрымжигиттери атайын тапшырма менен жумалап арак ичип калганда кайра калыбына тезкелтириш үчүн канына капельница менен гемодез куйдуруп бутуна тургузганын, гемодез алган жигиттер аракка уулангандардай калтырап-титиреп "башжазмай" сурабай, деги эле ичпеген кишилерче оңолуп кетерин нечен көргөн.Мейманкананын кожоюнун чакырды да "Эртең ушул жерге келип гемодез куюпбергендей догдур тап, сураган акчасын берем", - деди.
Өзү муздак душкажуунду да, "тынч эс алайын" деп өзүнчө бөлмөгө жатты. Ачыган аракжыттанган Саидди көрөйүн деген көзү жок болчу.
Тырп этпей уктаптыр.Эртең менен Саид кызматчы кызга "арак, анан ысык борү алып кел" депзаказ берип жатканда ойгонуп кетти. Ич кийимчен өз бөлмөсүнөн чыга калды да:
- Борү апкелсеңапкел, бирок, арак апкелбе. Эч кандай арактын кереги жок - деди үнүн өкүмчыгара. Көздөрү ачылбай шишиген Саид:
- И-имне. Көп магакийлигишпесеңчи. Сен ким болуп кеттиң ошончо? -деди Фаризатты карап.
- Менин ким экенимдиазыр көрөсүң. Барыңыз! Буга борү, мага куурулган эт, бууланган картошкасы мененанан туздалган балык апкелиңиз! - деп кызматчыны чыгарып жиберди да кайрылыпСаидди акырая тиктеди.
Өмүр бою "кайсылжерден жаңылыш басам" деп коркуп жүрүп жүрөгү жалтаң болуп калган Саидтиктешүүгө жарабады.
- Болду... болду...түшүндүм. Мен көбүрөөк ичип койдум. Эми токтотом. Бирок, медициналык жактаналганда да пахмель ичпесем жүрөгүмдүн кагышы токтоп калышы толук мүмкүн. Ал эмименин жүрөгүмдүн токтобой кагып турушу мага эле эмес сага да абдан керек,сулуум - деп сөөмөйүн чычайта көтөрүп койду.
- Билем. Билгенимүчүн догдур чакырдым. Азыр капельница менен гемодез аласың. Андан кийинкадимкидей тамактанасың.
- И-имнээ, капельницаменен гемодез?
- Ооба. Гемодез!..
Саид үн дей албайкалды. Ичинен "Ух-х жылан. Кантсе да Азияттын тарбиясы да. Гемодездибилгенин кара" деп ойлоду. Ошентсе да бир нече күндөн бери өзүн кожоюнсезип, өз билгенин кылып калган бийлигинен айрылгысы келбеди.
- Сен мага көп чоңболбо. Мен өзүм билем пахмель ичемби, гемодез аламбы...
- Эч кандай өзүңбилбейсиң. Өзүң билип үч жумага жакын оңкоңдон түшүп оонаганың да жетишет.Мындан ары менин айтканымдай болот. Жок, антпейт экенсиң азыр Азиятка"Саид мени коркутуп алып чыгып, азыр туткунда кармап жатат.Куткарыңыз? !" деп телефон чалам.
- Им-инээ, кана чалыпкөрчү, -. Саид Фаризатты көздөй басты эле, Фаризат сол колтугунан шарт пистолетсууруп чыкты.
- Дагы бир кадамжасасаң атам.
Саид шалдайып турупкалды. Азияттын атын укканда мээси кагыла түшкөн.
Фаризат текчедегителефондун кулагын пистолетти сунган калыбында сол колу менен бурай баштады.
Саиддин жүрөгү оозунатыгылды. Эгер звонок кетсе Фаризат сүйлөшпөгөн күндө да Азият телефон кайсылшаардан чалынганын "сокур ит бок жалагыча" таптырып алмак.
-Фаризат, эсиңе кел!?Телефонду дароо ташта, - деди үнү каргылдана. Саиддин өңү бир башкача кубарып,колдору калтырап кеткенин көргөн Фаризат телефон менен ойноого болбосунтүшүндү. Ошондуктан, акыркы номерлерди тербей, трубканы ордуна кое салды.
- Кана айткандыаткарасыңбы?
Убакыт коротпойСаиддин макулдугун алгысы келди.
- Аткарасыңбы? ..Аткарбайсыңбы, ачыгыңды айт!?.
- Телефон мененойнобой жүр. Азият сен сүйлөшпөгөн күндө да эгер звонок кетсе кайсыл шаарданэкенин билип алмак. Алматыдан экенин билген соң номер аркылуу биз жатканмейманкананы таптырмак. Жарым саатка жетпей экөөбүз Азияттын жигиттерининастында бүрүшүп отурмакпыз. - дей чекеси менен моюндарынан аккан терди колуменен аарчый, креслого шалдырай отура кетти. "Жарым саатта кармалмакпыз" дегенди укканда, Фаризаттын жүрөгү да болк дей түштү. Ошондо да сыр бербей:
- Эгер сен менайтканды так аткарбасаң, мен Азиятка колго түшүп берүүгө даярмын. Мени Саидалдады, коркутту дейм...
- Фаризат баланынсөзүн сүйлөгөнүңдү токтотчу. Сенин сөзүңө эки кулагын делдейтип "Байкушум, сени коркутуп кор кылган тура" деп ишене калчу Азиятты ким ойлойсуң? Сагаокшогон катынды мендейден бешөө келип да коркута албайт. Бул биринчиден. Экинчиден, Азиятка колго түшсөк экөөбүздүн тең көрөр кордугубуз да, кыйнообузда бирдей. Азиат өзгөчө өзүн башка эркекке алмаштырган аялды аябайт. Сендейникелүү аялы эмес көңүлдөштөрү көзүнө чөп салса жан жерине темирди кыпкызылкылып ысыттырып туруп салдырчу. "Балким, байкуш болуп бүжүрөсөм менинкүнөөмдү кечпесин" деген оюңду көчүгүңдү арчыган кагазга ороп туруп суугаагыз. Экөөбүз кааласаң да, каалабасаң да бир кайыктабыз.
Фаризаттын муундарыкалчылдай түштү. Саиддин сөзүндө чындык бар эле. Азияттын каарынан кутулуумүмкүн эмес экенин өзү деле билип турган. Эмне кыларын билбей колундагыпистолетин кайра колтугундагы кынына салды да:
- Эгер сен эс-учуңдубилбей ушинтип алкаштарча оонап ичип жата берсең, бүгүн болбосо да эртең сөзсүзАзияттын колуна түшөрүбүз бышык, - деди үнүн пас чыгарып.
Саид сүлгү менентерин кайра-кайра сүрүп үн деген жок.
Аңгыча эшик кагылыпдогдур келип калды. Фаризат Саидди карады эле Саид үнсүз ордунан туруп, жатуучубөлмөгө басты. Акыры жеңиш өзү тарапта экенине Фаризаттын көңүлү көтөрүлөтүштү.
Мына ушул окуяданкийин Фаризат Саидди арактан алысыраак кармоого тырыша баштады. Арак ичпесеСаид колдон суурулган эпчил, шайыр жигит болуп чыга келет. Экөө Алматыда көпкөкармалбай Иркутскиге өтүштү. Андан Улан-Удэге бир айга чукул туруп калышты.Иркутскиден өтө эле көзгө урунду боло берген "жипти" сатып жибериштида жөнөкөй жаңы "Нива" сатып алышты. Улан-Удэден Саид экөөнө дагы экидокумент тапты. Жаңы документтер боюнча Саид монгол, Фаризат хакаска болуп,аттары да өзгөрдү.
Улан-УдэденМонголияга Москвадагы тери иштетүүчү эки башка фирманын өкүлдөрү катары өтүштү.Бүт документтер ойдогудай кынтыксыз толтурулгандыктан, бажыканадан кыйынчылыкделе болбоду.
Иш МонголиядаУлан- Батордо жүргөндө татаалдашып кетти. Ири өлчөмдөгү доллар салынган чаканкутуну көп учурда Фаризат өз буюмдарына кошуп кармачу. Бир күнү Саид"экөөбүз чогуу көп болсок көзгө көп урунабыз ошондуктан, мезгил-мезгилименен жердеш катары гана жолугалы. Эки бөлөк мейманканада жаталы. Ошондуктанакчаны жана баалуу буюмдарды экиге бөлүп, ар кимибиз өзүбүзгө тиешелүүнү өзүбүзалып жүрөлү" - деди. Алгач Фаризат эмне айтаарын билбей аптыга түшсө дасыр бербеди. Ага Саид аны Монголияга таштап коюп куйругун түйүп качуучудайтуюлду. Кичине ойлонгондон кийин:
- Акчаны ганабөлөбүз. Ал эми баалуу буюмдар жөнүндө эсиңе да алба -деди.
- Эмне үчүн. Баарынортого коюп бөлөлү да? - деди Саид кызараңдай.
- Баса, эмне үчүн?Сен эмне өзүңчө качайын деп турасыңбы? Андай болсо ачыгыңды айт?! - дедиФаризат маселени кабыргасынан коюп. Саид жооп таба албай кайсаңдай түштү да:
- Мейли, азырынчаакчаны тең бөлөлү. Бирок, баалуу буюмдар да экөөбүзгө тең тиешелүү экенинунутушпайлы - деди Фаризатты көздөрүн жүлжүйтө тиктеп.
Фаризаттын мына ушулкүнү жүрөгүнө муз тоңо түштү. Буга чейин Саиддин артынан калбай киринен берижууп, бүт иштерине кийлигишип, болгон акылын айтып, бир күн бөлүнсө санаатартып жоктоп, кадимкидей аялдык сезими менен күйөө тутуп калган эле. Көрсө,бул оңбогон селсаяк жолбундун көөнү башкада тура. Чырды ырбатпаш үчүн үн дегенжок.
Тескерисинче жашыкыркты таягыча бойдок жашаган Саид акыркы айларда Фаризаттын басса-турсатескөөсүнөн тажап кеткен эле.
Өзгөчө Улан-Баторгокелгенден бери монголдун келишкен сулуу, жаш, арзан кыздарынан көзү өтүп өлүпжүргөн.
Чөнтөгү толо акчасытуруп көлөкөдөй ээрчиген Фаризаттын кесепетинен бир чардай албай бук да болупкеткен.
Фаризат болгон акчаныалып чыкты да экиге бөлүп туруп бир бөлүгүн кайра катып койду да экинчи бөлүгүндагы экиге бөлдү.
- Эмне эле кылыпжатасың? ! - деди алаңдаган Саид.
- Экөөбүз өмүр боюушул моңголдордун малынын терисин жыйнап өтпөсөк керек. Эртедир-кечтир булкаргыш алган жерден кетербиз. Ошондо тигини бөлүшөбүз - деди жай гана.
Саид кекечтене түштүда, чырды көбөйтпөйүн дегенсип үн дебеди. Анын үстүнө берки бөлүнгөн акча делемындан аркы жашоосуна жетчүдөй туюлуп кетти. Саиддин астында миллионго чукулжашыл долларлар пачкасы менен жаткан эле.
Чекеси чыпылдаптердеген Саид кантээрин билбей кайсактай түшкөндө, Фаризат чакан дипломаттысунду да:
- Ме, ушуга салып ал.Бир эскертээрим акча суу, азыр бар да эртең жок, сак бол, - деди.
- Мен сага жашбаламынбы. .,- деп күңкүлдөдү Саид.
Ушул эле күнү СаидУлан-Батордон көп анча алыс эмес, чакан шаарчадагы мейманканага чыгып кетти.
Ансыз да жүрөгү муздап,Саидден толук түңүлгөн Фаризат ичинен "Бул аңгиден кутулуунун жолун табышкерек" деп чечти.
Мына ошол күндөнарадан эки ай өткүчө Саид менен сүйлөшө албады. Же ордунан таппайт. Же мас.Фаризат өзүнө чакан жеке мейманкана таап алып, ошондо жашап жүрдү.
Күндөрдүн бириндеГонконгтон келген бизнесмендер менен ресторанда отурса, ошолордун бириФаризатты өзүнчө чакырып, Саид жөнүндө кеп куруп калды.
Көрсө, Саид мас болупалып Фаризатты "Менин конкурентим. Мунун көзүн тазалаш керек, жеМонголиядан кууш керек" - дептир. Саид экөө бири-бири жөнүндө деги эле сөзкылбоо жөнүндө убадалашкан. Балким, Саид мастык менен айткандыр. Ошондо да ишжаман жагына айланып баратканын Фаризаттын аялдык жүрөгү сезип турду.
"Гонконгдукбизнесменмин" деген кореец бизнесменге караганда кылмышкерге көбүрөөкокшоп турган эле.
Фаризат ага жайпактапжабышып, сырын дагы тереңирээк тартууга аракеттенди. Кореец менен бир жумагачогуу жашагандан кийин Фаризат Саид жөнүндө дагы жакшыраак билди. Кейпи, СаидФаризатты кимдир бирөөлөр аркылуу коркуттуруп, анан өзү ортого түшүп"Менсиз сени ушинтип тебелеп кетишет" деп коркутуп алгысы келсекерек. Бир билгени экөөнүн ортосундагы ири суммадагы байлык жөнүндө айтпаптыр.
Ишти көпкө созбойФаризат өзү Саидге телефон чалды да, шаардын борборундагы чакан кафеденжолугушууга чакырды.
Кафеге шаардынкөчөдөгү сойкуларындай кийинип барды. Саиддин көзү алгач Фаризатты көргөндөчакчайып кетти. "Чын эле сенсиңби? Ушинтип калдыңбы?" - дегенсип.
- Тынчтан. Менатайлап көзгө байкалбайын деп ушундай кийинип келдим, -деди Саидди жайгарып.
Саид алгач деги элеичпей жүргөн немече ичкиликтен баш тартты. Фаризат:
- Кой. Экөөбүзканчадан бери жолугуша элекпиз. Кичине алып отур, -дегенде гана кыйналгансыпмакул болду. Экөө караңгыраак бурчтагы өзүнчө бөлмөдө отурушту.
Арадан бир жарым саатөтпөй Фаризат жалгыз чыгып кетти. Түн ортосу оой "мас болсо ойготоюн" деген официант "Саид өлүп калыптыр" деп билдирди. Жанынан бир дадокумент табылбагандыктан, моргко таштап коюшту. Судмедэксперт болсо, катуууулануудан жүрөгү токтоп калган. Кейпи, аракты көп ичсе керек" дегенжыйынтык чыгарып койгондуктан, ишти кызыгып териштирген деле эч ким болгон жок.Официант "бир сойку менен отурган" дегенден башканы айта албады.
Фаризат ушул эле күнүэркекче кийинип алып Саиддин мейманканадагы бөлмөсүнө барып тиешелүүдокументтер менен калган акчаны алып чыгып кетти. Мейманкана катардагыкарапайым кирген-чыккан киши көп мейманканалардын бири болгондуктан, эркекчекийинген Фаризаттын бөлөк бөлмөгө кирип чыкканын байкашпады.
Мунун баарын Фаризатастына ала аябай кылдат пландап чыгып жасады. Жанында документи жок Саид кимэкени белгисиз боюнча кала берди. "Анын аты-жөнү белгилүү болгуча мен булөлкөдөн чыгып кетем" деп ойлогон.
Күтүүсүздөн өзүнкапканга салып алганын билбеди.
Арадан үч күнөткөндөн кийин баягы "бизнесменмин! " деген кореец келди да түз эле:
- Сенин Саид досуңдууулантып өлтүрүшүптүр го, уктуңбу? - деди.
Анткени, жергиликтүүкечки газетага "ууланып өлгөн белгисиз адам жөнүндө аты-жөнүн билгендерболсо кабарлашкыла" деп Саид сүрөтү менен чыккан эле. Бакыйып даанатартылган Саидди көргөндө Фаризаттын жүрөгү кабынан ыргып кете сактаган.
Кантсе да аялдыккылып кореецтен да оңдуу жооп айтып кутулуп кете албады.
- Жок уккан жокмун.Балким калптыр. Анын кимге кереги бар дейсиң ,-деди сөздү башкага буруп.
- Жок, так өзү. Мендаана тааныдым деди да кореец чөнтөгүнөн газетаны сууруп чыкты. - Гэсэр-Ханбекен? ! (Саиддин монголчо аты) Фаризаттын көзүнө такады.
- Ошол. БайкушГэсэр- Хан. Так эле өзү, - деди Фаризат биринчи көргөнсүп.
- Сен милициягабарышың керек. Барып ким экенин, эмне иш кылганын бүт айтып бер. Эгер өзүңдүжаман сезип турсаң чогуу баралы, - деди кореец.
Фаризат алдастайтүштү. Милицияга баруу деген өзүн кармап берүү болчу.
- Менин милиция мененэмне ишим бар. Ансыз да башка ишим чачтан көп. Аларга жөн гана убактым коройт.Сен деле аларды билесиң да. Болбогон нерселерди сурап башты оорутушат, - дедикореецке жалдырай карап.
- Жок. Болбойт.Барышың керек,- деди кореец көгөрүп. Фаризаттын айласы кетип турду. Нечен жолуколтугундагы оозуна глушитель тагылган пистолетин шарт сууруп чыгып оңбогонкореецти торойто аткысы келди. "Балким, бул мага кеткенин бирөөлөргө айтыпкойгон болсо кантем" деп ойлоду. Анын оюн окугансып кореец да:
- Мен сагажолугушканы кеткенимди досторума айтып кеткем. Алар азыр күтүшпөйт деле - үчсааттан кийин жолукмакпыз. Биз ага чейин милицияга кирип чыккыча үлгүрөбүз.Менин машинам бар,- деди. Айласы кеткен Фаризат:
- Эмне эле милиция...милиция деп калгансың, андан көрө кел үч саат бою пайдалуу иш кылалы, - депчайпала басып келди да тигинин моюнуна колдорун артып балтырын буттарынынортосуна сойлотту.
- Сен эмнемонголдордун милициясынан чоочуп турасыңбы? Балким, картаны ачык ойнобойлубу? -деди кореец Фаризаттын колдорун мойнунан ала. Өзүнөн четтете секин түрттү.
- Монголуңдунмилициясын уруп да ойнобойм. Менин артымда күчтүү фирмам бар. Болгону убакытгана короткум келбейт. Гэсэр-Хан алкаш болчу. Кайдагы бир алкаш үчүн мен эмнеүчүн убактымды коротушум керек. Фаризат акыркы ирет чабуул коюп көрдү.
- Болуптур анда. МенГэсэр-Ханды таанычу элем. Адам катары милицияга барып анын ким экенин. Эмне ишкылганын өзүм айтайын. Балким, мага чейин деле тааныгандар барып айтышкан болушкерек. Ошондо да мен өз карызымдан кутулуп койгонум оң. Кореец бурулуп кетүүгөкамынды. Фаризаттын муундары калчылдай түштү. Колу колтугундагы кичинекейпистолетине жабыша түштү. Кайра бул кореецти атып салуу ишти мындан дататаалдаштырып жиберээрин туюп, аргасыз сөзгө келди.
- Токто. Өзүңайткандай картаны ачык ойнойлу. Кореец шарт кайра бурулду.
- Кел мындай отурупжай сүйлөшөлү. Арыта турган диван креслону көрсөттү. Кореец үнсүз басып келипкреслого отурду, да жанынан сигарет сууруп чыгып бирин Фаризатка сунду. Фаризатсигаретти тутандырып каршыдагы креслого отура кетти да, үнсүз кичинеге отурупкалды.
- Балким, силердин ичара ар кандай ишиңер болгондур. Анда менин ишим жок. Болгону менин оозумдубаскыдай сумманы төлөшүң керек. Дагы бир айтаарым мага төлөөрүң менен булжерден кетпесең мага окшогондор көбөйүп кетиши да мүмкүн - деди кореецбейкапар.
Фаризат тигиге болгонжек көрүүсүн ичине сактап:
- Гэсэр-Хандынөлүмүнө чынында эле менин тиешем жок. Ошондо да милиция текшере баштаса, айрымбир мен каалабаган нерселерди чукушу мүмкүн. Ошондуктан ачык сүйлөшөлү. Булжерде сага төлөгүдөй менде ири сумма жок, бирок, Гонконгдогу банкта менинсчетум бар. Сен мени Гонконгго өткөрүп кете аласыңбы? - деди.
Кореец тигини тиктепкалды.
- Счетуңда канчаакчаң бар? Кайсыл банкта?
- Ал жеке счет. Канчаакча экени менин сырым болсун.
- Барганда эч нерсеңжок болсочу.
- Гонконгдунполициясына тапшырып кой.
- Э-эй. Өзүмдүкошуппу?
- Анда кул кыл.Кыскасы кайда качат элем. Колуңдамын да. Кореец дагы кичинеге ойлонуп калды да:
- Менин аппетитимчоң. Маселен бул жерден 20 миң доллар бермексиң. Гонконгко барганда ал үч эсекөбөйөт 60 миң болот.
- Болуптур, мениГонконгко бүт документеримди тууралап алып барсаң 100 миң берем. Келиштикпи?
Кореецтин оозу ачылатүштү.
- Тамаша эмеспи?..
- Кайдагы тамаша.Башынан макулдашып алалы. Баргандан кийин мен сага 100 миң берем. Болду.Колу-жолум бош. Өз жашоомду өзүм өткөрөм. Мен сени - сен мени тааныбайсың, келиштикпи?
Кореец ордунан туракалды да:
- Келиштик - деди колсуна. Экөө кол алышты. Кореец жөнөөгө камынып жатып - Балким секстин кызыгынабатсак кантет, - деди Фаризаттын аппак балтырларын карай.
- Жок. Менин ыкшоомкелбей калды, башка учурда, - деди Фаризат токтоо.
- Колтугуңдагыпистолетти абайлап урун, - деди да кореец чыгып кетти. Фаризат бир бозоруп, биркызарып кала берди. Бул кореец эл аралык деңгээлдеги чоң аферисттерден экенин,Фаризатты жөн гана оюнчук кылып колго түшүрүп алганын Фаризат билбеди.
Эгер Фаризат"милицияга барам, ал сени да таанычу эмес беле. Чогуу баралы" дегендекөчүгүн беш жеринен кысып, Фаризатка "мен жөнүндө айтпа" деп өзүжалдырамак. Ал түгүл чындыгы Фаризат милицияга бардыбы? Эгер барса ал жөнүндөайттыбы? Жөн гана билгени келген. Иш тескери айланды. Фаризат өзүнөн-өзү келиптузакка түшүп берди.
Асмандан түшкөнмындай олжого кореец ишенер-ишенбесин билбей баратты. Фаризатты Гонконггоөткөрүп кетиш кореец үчүн кеп эмес болчу. Маселе чын эле Фаризаттын акчасыбар-жогунда.
Фаризаттын күн-түнүуйку көрбөй ойлогону "кореец менен Гонконгко кетем деп туура кадамжасадымбы? " деген кыжаалатчылык болду. Саиддин арагына билгизбей уу салыпжайлаганда "Менин бул кыңыр ишим эч кимге билинбейт" деп нечентаразалаган. Минтип арадан үч күн өтпөй кайдагы бир каңгып жүргөн кореецтинколуна түшөм деп ойлогон эмес. Деги эле "балким колго түшүп калууммүмкүн" деп астына ала иштеп чыккан шектүү жагдайлардын биринде дакореецти эскербептир. Чет өлкөлүк "монголдордун ички ишине кийлигишпейт даболуш керек" деп маани бербептир да. Мына соккуну күтүүсүз жактан алыпотурат.
Саид мурда"Гонконгко өтүп кетели" деген Фаризаттын акылына көнбөй койгон."Тайванга же Филиппин аралдарына кетебиз. Мен ылайыктуу документдаярдайм" деген.
Саиддин көзүнтазалоодон мурун Фаризат Гонконг жөнүндө ойлогон да эмес. Саиддин өлгөнүнизилдөөчүлөр тынчыгыча эки-үч жумача кармала туруп анан кайра Улан-Удэге өтүүнүпландаган. Мурда ал шаарда жүргөндө жашы элүүлөрдөн өтүп калган бизнесмен японменен таанышкан эле. Англисче мыкты сүйлөгөн япон экөө анча-мынча сырдаш даболуп калышкан. Ал японго Саидди "күйөөм" деп тааныштыргандыктанчектен чыга алган эмес. Фаризатка сугу түшкөн япон болсо "Эгер Азиянынсендей сулуусу менен бир эле түн бирге болсом, бул дүйнөдө армансыз жашадым депөтмөкмүн, чиркин" деп эзиле карап, ал түгүл япондордун акындарынынырларынан да жатка айтып жиберген болчу.
Фаризат кайра бараарыменен японду таап, Саидди авто кырсыктан каза тапты деп кара кийип, кайгыгабаткан киши болуп көрүнгүсү, эптеп ошол япондун аркасы менен Японияга жеГонконгко өткүсү келген. Фаризаттын Гонконг... Гонконг... деп эле ак эткендентак этип калганынын да себеби бар болчу. Гонконгдо англис тилинде сүйлөгөн адамөз мекенинде жүргөндөй эркин жүрсө болот. Азият экөө жаңы баш кошкондо алгачкысаякатты Гонконгдон башташкан. Ошондо эсинен чыккыс болуп калган.
Кореец эртеси телефончалып Фаризатты түштөнүүгө ресторанга чакырды. Экөө чакан ресторанда жолугушту.Тамак ичкендер жокко эсе экен. Тейлеген официанттар чала-була орусча сүйлөшкөнүболбосо, англисче ныпым түшүнүшпөйт. Кореец экөө бейкапар англисче сүйлөшүпотурушту.
Кореец Фаризаттынаржагына да чыгып, бержагына да чыгып Гонконгдун кайсыл банкында акчасы барэкенин айттыра албай кыйналды. Фаризат да эми ар бир сөзүнө сак болуп калганболчу. Эгер акча, баалуу буюмдар жанында экенин бирөө-жарым эле билип калсабашы топудай ыргыырына көзү жетип калган. Кореец айласы кеткенде "Сенин алжакта акча эмес таш балакетиң да жок болуш керек. Сойкулук кылган күнүңдө даменден кутула албайсың. Сойкулар Гонконгдо сенсиз да жетиштүү" дегенгечейин барды. Мындай басынтууга чыдамы кете түшкөн Фаризат:
- Жетишет. Сөз бүттү.Мен Улан-Удэге барып кайра келем да, оозуңду басканыңа деп сага беш миң долларберем. Жок буга макул болбосоң монголдун милициясына айтсаң айта бер. Мен бүгүнтүндөп болсо да Орусияга өтөм. Ал жактан менин фирмам мени чекеме дачерттирбейт. Сени менен Гонконгко кетем деп жаткан себебим чынымды айтсамГэсэр- Хандын өлүмүндө эмес, менин айрым бир таза эмес жолдор аркылууГонконгдогу банкка которулган акчам бар ошону алып келүү үчүн барышым керекболчу. Сен мени кылмышкер же сойку катары көрө баштадың, -деп ордунан туражөнөгөндө, өзүнүн ашыкча кетип калганын сезе түшкөн кореец колун көкүрөгүнөалып кайта-кайта кечирим сурап жиберди.
- Кечирип кой Фаризатайым. Мен ашыкча сүйлөп койдум. Күнөөмдү мойнума алам. Бир чети ким да болбосун" чет өлкөнүн банкында акчам бар" деген куру сөзгө ишенбейт. Эгербанкыңдын атын, дарегин айтсаң бир жөн. Азыр заман өзү ушундай болуп калды.Адамдын адамга ишениши кыйын болуп калды, - деп божурап жиберди.
Мына ушундайтирешүүдөн кийин гана кореец чыныгы ишке өттү. Эгер Фаризат Орусияга өтүп кетсекореец аны колдон чыгараарын түшүндү. Фаризат кайрылып өмүрү келмек эмес. Экикулагыңды кандай көрбөсөң Фаризатты да экинчи так ошондой көрмөк эмессиң.
"Чын эле жүз миңдолларлуу боломбу" деп түндөтөн берки делпилдеген таттуу кыялын аз жерденталкалап ала сактаганына өзүнө-өзү да кыжыры келе түштү.
Акыры кореец даөзүнүн чыныгы бизнесинин четин чыгарууга аргасыз болду. Көрсө, Монголиянынчакан шаарларын кыдырып монголдун келишкен сулуу кыздарын таап, Гонконгкосойкулукка тымызын жөнөтүп турат экен. Монголдун өзүндө эле туристтик фирма депкаттоодон өткөн монголдор жетектеген фирма аркылуу иштешет экен. Фаризатты такошол фирма аркылуу алып кетише турган болду. Фирма бир самолетту жеке өздөрүжалдап алгандыктан, аябай деле текшерүүгө алынбайт экен. Азыр бир группа кыздардаяр болуптур. Шашылыш Фаризатка "монгол кызы" деген документ даярдайтурган болду.
Ичинен сойкулар мененсойку катары барууга ынабай турса да Фаризат аргасыз макул болду.
Ошондо да баштагыайткан талабын кайталады. "Гонконгко жеткенде, сен мага "Гонконгдунгражданы" деген документ алууга жардамдашасың. Мен сага айтылган акчаныберем. Андан кийин бири-бирибизди тааныбайбыз" ,- деген.
- Так ошондойболот. .. Так ошондой болот, - деп кореец жыпылдап калды.
Кантсе да Фаризатүндү катуу чыгарса бүжүрөп коркуп калчу катардагы катындардан эмес экенинбилип, аяр мамиле жасай баштаган.
Туюу сезими күчтүү,ар нерсеге сак Фаризат кийинки күнү эле өзүн, бирөөлөр баскан изине чөп салып,аңдыганын байкады.
Алгач Монголиянынмилициясыбы деп коркту. Санаасы санга бөлүнүп, "Балким Азияттыншимшүүрлөрү изиме түштүбү?" деген ой да жүрөгүн эзип жатты. Бир гана"бул катын жылт коюп качып кетпесин" деп кайтартууга алдырган кореецжөнүндө ойлободу.
Өзүн-өзү кармайалбай, акылдашаар кишиси жок, оңдуу акылга салып иштин жайын ойлоого да жарабайкалды. Мына ошондо Саидди эстеди. "Бекер жайлаган экенмин. Жалгыздын ишижалгыз тура" - деди. Андан көрө "Эмне деп мен жөнүндө кеп таратыпжүрөсүң? Акыл эсиң ордундабы? Арак менен ######тарга баарын сатып жибересиңби? Ушунчаңда эсиңе келсеңчи! " деп ачык сүйлөшсө болмок экен да. Алматыдагычакоркутуп- үркүтүп болсо да эсине келтирип, чет мамлекеттердин бирине өтүп,туруктуу жашоого өткөндө деле көзүн тазалоого үлгүрөт эле го. Эми эрдин тиштепөкүндү. Өзүн канчалык акылдуу сезип, "Бул ишти минтип, тигини тигинтипбүтүрө салам" дегени менен ойлогонундай болбой улам жаңылыш кадамжасаганына жүдөй да түштү. Мына ушундай маалда ички бугун бирөөгө айтпай кое даалбайт болчу. Жаңы документтердин иши боюнча келген кореецке:
- Менин аркамданбирөөлөр эки күндөн бери баскан изиме чөп салып, аңдууга алууда. Кимдер, эмнемаксат менен экенин билбейм. Деги качан бул каргыш алган өлкөдөн кетебиз, - депжиберди.
Өңү купкуу болуп,муундары калчылдаган Фаризатты теше тиктеген кореец дагы оюн куруп көргүсүкелди.
- Аңдып дейсиңби?..Кудай сакта... Анда мен кийинчерээк келейин... Жок туурасы телефон чалып биржерден жолугушууну сүйлөшөлү - деп ордунан тура жөнөдү. Тим эле көздөрүналаңдатып коркуп кеткенсиди.
Фаризат бакырыпжибере сактады.
- Мени таштайын дептурасыңбы? .. Сен каякка?.. Мен сенден өзүмдү да аяган жокмун го. Мен сойкуэмесмин. Мен билсең... билсең кол жеткис... кол жеткис аялдарданмын. ..
Ички сезиминде бирөө"эсиңе кел" деп кыйкырып жибергенсиди. Көзүнөн он талаа болуп куюлганжашты аарчый "мен кимге сырымды айткан жатам" деп ойлоду. Сестейетүштү. Эгер кореец коркуп "кетем" десе, азыр бутун кучактап жыгылсада, бүт байлыгын астына чачса да карабай качат. Анткени, кылмышы тоодой. Адамгаалгач жан керек. Анан акча, дүйнө керек. Ушуга акылы жетпей калдыбы.
- Жок... жоок...таштабайм. .. мен өз кишилерим аркылуу иштин жайын билейинчи. Кореец эшикке беталды. Фаризаттын аялдык долулугу кармай түштү.
- Жок. Кишилериңекайрылып убара болбой эле кой. Башка келгенди көрөм. Мага илээшип өзүң колготүшпө. Андан көрө кош бол. Жардам берүүгө аракет кылганыңа рахмат. Мен эмикалган ишти өзүм бүтүрөм. Бара бер.
Иштин мынчалык тезөзгөрүп кетээрин кореец күткөн эмес. Сустайа түшкөн Фаризатты бир тиктеп алып"Мен буга артист болбой эле, бул мага артист болуп башымды чагып жатканболбосун. Балким, детектив жалдап аңдыгандар кимдер? Кимдин тапшырмасын аткарыпжүрөт билип алсачы? Балким, бул катын коопсуздук комитетинде иштеген неме болупшорумду шорподой кайнатпайбы? " деген миң сан ой башын чагып өттү. Эми элебүжүрөп айласы куруп бырылдап ыйлаган аял кайра мисирейип "кош бол"деп турушуна ишенип-ишене албай делдейди. "Аялды түшүнүп болбойт"деген ушубу деп күбүрөнүп да алды. Же чыгып кете албай, же кала албай чайналды.Советтик системада тарбияланган аңкоо адамдарды "Сокур ит бокжалагыча" алдап жүрүп, жедеп өзүнө-өзү ишенип калган аферист Фаризаткатүшүнө албай, мээси дуулдап ысып чыкты. Аргасыз кайра артка басты.
- Фаризат, кечирипкой. Чын айтам. Алгач сенин кейпиңди көрүп коркуп кеттим. Азыр сен кайраттансаңмен да өзүмө келе түштүм. Кантсе да эркекмин го. Эркектик сөзүмдү бердим эле.Сени таштабай ала кетем. Бүт документ даяр. Түнкү саат 1де учабыз. 11дебөлмөңдүн жарыгын өчүрбөй эркекче кийинип чыгып кет. Мейманкананын солжагындагы көчөдөн кызыл "Жигули" маркасындагы машина күтөт. Дасыкканшоферлор. Артыңдан куугун болсо оңой эле жазгырып коюшат. Аэропортто болсо өзкишилер. Кантип кирип самолетко отуруп калганыңды да билбейсиң. Болгону жолдончачыңды жазып кайра өз кейпиңе кел, - деди жылмая карап.
Кореецти тешетиктеген Фаризат эмне дээрин билбей туруп калды. Ичинен бирөө "Укпа! Кошде! Бул шүмшүктөн ушунчаңда кутул!" деп жатты.
Сыртынан кореецтин таштапчыгып кетпей кайра кайрылганына кубана түштү. Басып келип кучактап оозунан өптүда акырын:
- Рахмат. Сенин мениташтабасыңды билгем, - деди. Жеңилдене дем алды. Үстүнөн бирөө оор жүк алакойгондой болду. Эптеп Гонконгко жетип алса, калганын көрөт. Мына ушул сокурүмүт жетелеп, алтынчы туюмдагы акылды өчүрүп кореецти дагы ээрчиди.
Калганы тим элекинодогудай өттү. Айтылгандай саат 11де мейманканадан таанылгыс болуп кийинипчыгып айтылган жердеги "Жигулиге" отуруп зуу койгондо кичине өтпөйастыда отургандардын бири "Артыбызда аңдуучу бар" деп калды. Шоферкараңгы көчөлөр менен зуулдатып айдап, биртоп айлампа жасагандан кийин ганааэропортко барды. Самолет качан абага көтөрүлгүчө Фаризат жанын оозуна тиштепотурду.
Кореец тигилшоферлорго атайлап тапшырма бергенин кайдан билсин. Акыркы күндөрдө ушунчалыкчарчагандыктан кантип уктап кеткенин да билбеди.
Жараткан Аллахка чексиз Мактоолор болсун!!!!!
#13 28 Август 2012 - 13:16
- Рыжый, кара муну, -деп өзүнчө кыжынган Азият иш бөлмөсүнө кирип, компьютерге отуруп кандай иштейбаштаганын да байкабай калды. Фаризат Саид менен качып кеткенден бери ушулбөлмө көзүнө суук көрүнүп, киргиси келчү эмес.
Бүгүн болсокомпьютериндеги архивин ачып "Рыжый Болоттун" досьесин издеп жатты.Тим эле колдору лыпылдап ишти сагынып калган экен. "Рыжыйды" бат элетапты. "Ого, сен да көркоо карышкырлардан экенсиң го" деди экранданчуурган досьени окуп жатып. Экрандагы кыска досьенин ичинде өзүнчө узун тагдыржаткан. Азият анын негизин билген менен көбүн билчү эмес.
Бул "Рыжый" 45 жаштык өмүрүнүн 20 жылга жакынын баягы СССР империясынын аймагындагытүрмөлөрдө өткөргөн белгилүү кылмышкерлерден. Биринчи, 14 жашында"сабайм" дешкен өзүнөн 2 жаш улуу 3 баланы бычактаган. Алардын экөөоор жаракат алып аман калып, бирөө мүрт өлгөн. Ошентип, алты жылга эркиненажыраган чыканактай арык, сары, мышмыйган бала кийин жашы жеткенде чоңдордунколониясына которулат. Ошентип, алты жылын өтөп бүтүп калганда, колонияда чырчыгып, катышуучу катары күнөөсүз жерден дагы үч жылды кошуп алат. Зектердинтили менен айтканда "Биринчи конгуроодон акыркысына чейин" так отурупчыгып келсе, жалгыз чоң энеси эчак кайтыш болуптур. Өз энеси болсо күйөөсүсогушка кеткенден кийин эле баласын кайненесине таштап кете берген экен. Ошолбойдон кайда экенин да, атын да укпады. Таалайына атасы да согуштан кайтпайкалды.
Канткен менен Сарыгулдучоң энеси колунан келишинче эч нерседен кем кылбай бакты. (Кийин- кийин ганаРыжый Болотко айланган. Төрөлгөндөгү асан чакырылып коюлган аты Сарыгул болгон)Өзү да тууган уругунун арасында, айылда кадыр-барктуу кемпир эле. Сарыгулду" Ата-энеси жок жетимдей кылбай өстүрөйүн. Жалтак өспөсүн. Күнкорөспөсүн" деп жүрүп ашыкча эрке да кылып койду. Мектепке жашы жеткендежергиликтүү элге билим берүү бөлүмү кемпирди көндүрүп, баланы шаардагыжетимдердин, малчылардын, турмуш шарттары оорлордун балдары окуган интернаткажиберишти. Шаарда орусча окуп, айылга барса кыргызча сүйлөп, кичинесинен чыйракөстү. Мектепти деле жаман окубады, жалаң беш болбосо да "ударник" деген аттан түшкөн жок. Тентектиги да биртоп болчу. Сарыгулдун жайкы каникулдаайылга келишин өзү теңдүү курбулары чыдамсыздык менен күтөөр эле.
Сарыгул келгенденкайра күздө окууга кеткенче кемпирдин үйүнөн опур-топур балдар кетпей, базаргаайланчу. Топ эле аттуу болсо бардык оюндун түрлөрүн волейбол, баскетбол, футболойной берчү, айыл балдары. Бул топ футболдуку, бул баскетболдуку, бул болсоволейболдуку дегенди Сарыгулдан үйрөнүшчү. Ал түгүл Сарыгул айылга түрлүүтукумдагы иттердин күчүктөрүнүн түрлөрүн да апкелип уу-дуу кылчу. Керек болсоал иттердин тукумдары арадан 30-35 жыл өткөн бүгүнкү күнгө чейин да айылдаүзүлө элек.
Бүт өмүрүнкылмышкерлердин турмушуна буруп кеткен ошол каргашалуу күнү Сарыгул райборборгобарган. Айылы райборборго жакын тургандыктан жөө эле барышкан. Себеби, Сарыгулайылга келээри менен курбуларынын "Райборбордун балдары күн көрсөтпөсболду. Барсак эле кармап алып сабашат. Чөнтөгүбүздөгү болгонду тонойт. Ал түгүлтүзүгүрөөк кийимибизден бери чечип алышат" деген арызды укту. Биринчикезекте райборбордун балдарын тарбиялап, өзүнүн кадыр-баркын мурдагыдан дадүңгүрөтүп жогору көтөрүш үчүн жөнөп жүрбөйбү. Анын үстүнө республикадаөспүрүмдөр арасындагы дзюдо боюнча өткөн чемпионатта чемпион болуп көкүрөгүшамалдап турган. Орто бойлуу, арык болгону менен шамдагайлыгы илбирстей ийкемболчу.
Сарыгулдун" эрдигин" көрөбүз деген он чакты жүрөктүүрөк айылдашы кошо ээрчипалышты. Көбү "Сарыгулуң ким болуп кетиптир, райборбордун балдары жаман.Барыбир төпөштөп коөт" дешип барышпады.
Айылдан келгендерди" секиртебиз" деген райборбордун балдарын Сарыгул бат эле тапты дабаарын паркка чакырды. (Ал кезде өспүрүмдөрдүн "разборкалары" көбүнчөсүн парктын калың бактуу бурчтарында өтчү.) Мындайда балдар күттүрбөйтэмеспи бат эле чогулушту. Кантсе да жергиликтүүлүк кылып райборбордун балдары20дан ашып кетти. Мындай үрөй учурган көрүнүштү көргөндө Сарыгулду ээрчипкелген он чакты баланын көбү "пыр" коюп качып кетип өзүн кошпогондо 4гана бала менен калың топту каршы алды. Райборбордун балдарынын көбү Сарыгулжөнүндө угуп жүрүшкөн. Ошондо да көптүгүнө салышып "койкоңдогон шаардыккороозду ордуна отургузуп коелу" дешип ишенимдүү келишти.
Сарыгул бир ганаталапты койду. Ортого чыгып:
- Балдар менин биргана сөзүм бар. Мындан ары бири-бирибизге тийишпей тынч жашайлы. Силер менинайлымдан келген балдардын бирине да тийбегиле. Мындан ары ынтымактуу бололу. Ушунугана айткым келет, -деди өзүн колунан келишинче токтоо кармап. Бирок, жүрөгүлакылдап, денеси чымырап бир нерсени сезип турду. Шаардагы интернатта мындай"разборкалар" көп болот. Нечен катышып жүргөндүктөн тигилердинкөптүгүнөн деле жүрөксүбөдү. Катуу кыйкырып жиберсе, бири калбай"пыр" коюп качышы да мүмкүн. Эгер алсыз жагын көрсөтсө, коендунтарпындай тытып кетүүлөрү да мүмкүн.
- Сен кимсиң анчалык?- деп колдурай сүйлөдү Сарыгулдай эки келген сөөк саактуусу. Муну "Карадөө" деп коюшчу. Өгүздөй күчтүү болгондуктан ушундай атка конгон.
- Эмне өзүңдү кыйынсезесиңби? Айтканыңа көнбөсөк кыларың эмне? - деп такылдады жүлжүк көз, карашилбидей арык бала. Топураган балдардын бир даарлары себеп жок болсо делекаткыра күлүп жиберишти.
- Эгер макул дебесеңермага кимиң болсоң да бирме-бирге чыккыла. Ушу жерде тургандар бүт эркекминдесеңер бирме-бирге гана чыгышалы. Ким көптөгөнгө чакырса катын болсун.Келиштикпи. Эгер көптөйм десеңер эртең шаардан бир автобус бала алып келем дабирден кармайм. Анан да милицияга чуркамай жок, - деди үнүн өктөм чыгарып.Райборбордун балдары сестене түшүштү. Ошол мезгилде өспүрүмдөрдүн арасындабирме- бир чыгуу талабын бузбоо сакталчу. Жанагы күрсүйгөн "Кара дөө":
- Ии-и макул. Талаптыбузбайбыз бирме-бир чыгышабыз. Ким көптөсө, таяк жеп ата-энесине арызданыпбарса "катын" болсун, - деди колдурай.
- Келиштик. Анда магаким чыгат, - деп, Сарыгул ортого басты. Тигил жактан "Кара дөө"чыкты. Экөө бирин-бири айлана басып тоорушуп туруп "Баштадык" дештида качырып сала беришти. "Кара дөө" бетке мелжеп муштум шилтеди элешап колдон алган Сарыгул айландырып туруп дзюдонун ыкмасы менен эби жок немениыргытканда, тигил бети менен көмөлөнүп түшүп, мурдунун үстү сыйрылып, оозунанда кан жая берди. Мындайды күтпөгөн неме ордунан бозала болуп тура калганда,карап турган балдар "Омий самбис экен" дешип дуу дей түшсө бирдаарлары "Кара дөө эми өжөрлөндү. Жейт эми" дешип көкүтүп киришти." Кара дөө" да бакыра:
- Азыр мойнуңду жуламжилбик сары, - деп өкүрө качырып сала берди. Сарыгул тигинин күчү өзүнүкүнөналда канча көп болгон менен кенедей эби жок экенин билип калган. Коркпой түзкачырды да жакадан кармап туруп жата калып жөнөкөй эле ыкма менен башынан алысыргытты.
Салмагы оор немемешоктой чабылды. Бир колун баса жыгылган экен ордунан турбай"колум- колум" деп өкүрүп кирди.
Шашпай басып барганСарыгулдан жалтана башын катты эле:
- Мен жаткандаргатийбейм. Эркек жаткандарды урбайт, - деди да колун кармалап көрүп: - Карууңчыгып кетиптир. Догдурга барсаң салып берет. Убада боюнча ата-энеге арызданмайжок - деди. "Кара дөө" колун кучактап, көзүнөн жашы чуура ордунанараң турду.
- Кана дагы кимиңбирме- бир чыгасыңар, - деди Сарыгул үрөйлөрү учкан тигилерге карап. "Карадөөнүн" кейпин көргөн немелердин эч кими чыга албады. Үнсүз кичинегетунжурап турушту.
- Анда ушундай.Мындан ары биздин айылдык балдардын бирине да тийбейсиңер. Ким тийсе өзүмсүйлөшөм, - деди да тигилер толук эстерине келгенче кетип калууну чечип - Бизкеттик деди да балдарын ээрчитип парктан чыгып кетти.
Ошол жерде турганбаягы тапан кара бала:
- Ит болдук. Эртеңбүт район угуп шылдың болобуз. Жүргүлө тез барып "Кара дөөнүн"байкесине айталы. Алар тигил Сарыны "жанчып" койсо экинчи сүйлөгүсболот, - деди да эч кимдин коштогон сөзүн укпай эле "зуу" коюп чуркапкетти.
Сарыгулдар жеңиштеринмайлап базар аралай кичине-кичинеден жемиш алып жешти да бир шишеден лимонад ичишти.Анан чөнтөктөрүн чемичкеге толтуруп жолго чыгышты. Өз ара сөздөрү бүтпөйт.
- Оомий Сарыгулмоминтип туруп ыргытты эле аюудай болуп оонап калды. Чимкириги мурдунан атыпкетти, - десе. Бири:
- Мен өз кулагымменен уктум. Экинчи жолу башынан алыс ыргытканда оңбой түштү. Ал түгүл"пап" дедирип осуруп ийди. Ит эле болду, - десе дуу күлүп калышат.
- Колум-колум депкоет. Башын суурча катканычы дешип, -дагы дуу күлүшөт.
Сарыгул жеңишкекубанып келберсип турса да "эртерээк айылга жетеличи" деп жүрөгү дикилдепчуркап кете сактап араң баратты.
Мына ошол күндөнкийин оңой жеткен жеңишке көп ишенбей артынан корко берүү өмүрлүк адаткаайланды.
Райборбордон узайэлектеринде эле арттарынан чаң чыгып калды. Көрсө, велосипед минген онго жакынчоң-чоң балдар келатышкан экен.
- Качтык, куупкелатышат. Чоң балдар экен, - деп беркилердин бири чыркырап жиберди.
- Качпагыла. Тигилеркатындык кылышты. Биз эркекче тособуз. Даярдангыла, - деди да Сарыгул мурдатандаярдалган шымдын ички бетиндеги белге оролгон трос зымды сууруп чыкты. Мындайкурал баарында бар болчу. - Бири-бириңерге аркаңардан коргоп, тегерек турупсогушкула. Кимиң качсаңар мындайда ошонуңар көп таяк жейсиңер, - деп буйрукберди.
Дуулдаган тигилер батэле жетип келишти. Астыда "Кара дөөнүн" байкеси экен.
- Эй күчүктөр, азыриним үчүн ар бириңдин шыйрагыңарды чагам, - деди ызырынып.
- Токтогула, булбалдарда күнөө жок. Көптөшпөйлү. Улуу болсоңор да мени менен бирме-бир чыккыла.Иниң өзү бирме-бир чыккан. Катындык кылып арызданган тура, - деди Сарыгул.
Тигилер Сарыгулдан2- 3 жаш улуу болсо да, "бирме-бир чыгабыз" дей алышпады. Кичинегетоктой калышты. Аңгыча бири:
- Ушул күчүктөрдүнсөзүн угабызбы. Бирден кармап сабагыла, - деп кыйкырганда жалпы качырып салаберишти.
Сарыгулдун балдарыСарыгул айткандай чогуу туруп урушпай туш тарапка "пыр" коюп кудайбутка кубат берсин деп качып жөнөштү. Сарыгул гана артын жол боюна өскөнтерекке такап алып трос зым менен коргонуп, эч кимди жолотпой жатты. Көптөптепкилеп киргенде: - Байкелер, байкелер... апаке... апаке, - деп бакырган досбалдарынын үндөрүн укканда Сарыгул өзүн жоготуп койду. Шымынын арткы чөнтөгүнөнкнопкасын басса "шарт" деп атып чыкчу узундугу карыш бычагын кандайсууруп чыкканын да билбей калды. Биринчи качырганы "Кара дөөнүн"агасы болду.
Колго илинбегеншамдагай неме тигини жүрөк тушка бышып өткөндө, ал үн да чыгарууга жарабай сулкжыгылды.
- Өлтүрдү, - депбакырды бири.
Экинчисине жетипшилтегенде бычак каруу этин жарып барып кабыргага сайылды.
- Жинди экен качкыла,- деп бакырды бири.
Үчүнчүсүн кууп жетипдалыга урганда сулк жыгылды. Көрсө, коркконунан эси ооп калган экен. Кийинооруканадан эсине келиптир.
Кыйынсынып эми элеэкөө-үчөлөп бирден кичине балдарды тепкилеп жаткан немелер велосипедине жеткенивелосипед менен, жөөсү жөө кутурган иттен качкандай жанталаша качышты. Сарыгулкууп жетсе аямак эмес. Бирок, кууганга дарманы келбеди. Тигилер качканда эле"шалак" деп жерге отура кетти. Колунан бычагы да түшүп калды.
Ар жерде сулап жатканөлүктөрдү көргөндө, айылдаш балдары да качып жөнөштү. Сарыгул гана милициякелгиче ордунан жылбай отура берди. Таптакыр өзүн жоготуп койгон экен. Камактажаткандан кийин бир жумада барып араң акылына келиптир. Кийин милициялар күлүпайтып жүрүштү.
- Дагы бир жумадөөрүй турсаң болмок. Жиндиканага жөнөткөн жаттык эле, - дешип.
Мына ушинтип күтүүсүзжерден эле өзүнүн ким экенин өзү да билгиси келбеген өзүн-өзү жек көрүпкеткенде, өчүн өзгөлөрдөн чыгарган. Кан ичээр, бирок, өмүр бою күндөрдүн биркүнүндө уктап ойгонсо эле кылмышкер эмес, таптаза, башкача адам болуп калчудайболгон таттуу үмүтү үзүлбөгөн пендеге айланды.
ххх
Азият "РыжыйБолоттун" досьесин окуп отуруп, "Кылмышкер Болот чынында Болот эмесбир кездеги өзүнүн мыкаачылыгы, куулугу, кара мүртөздүгү менен айырмаланганСарыгул болушу толук мүмкүн. Мындай божомолго үч себеп бар:
Биринчи: "Чолоккарышкыр" аттуу өмүрүнүн 25 жылга жакынын түрмөдө өткөргөн кылмышкер чал"Мен мунун Болот экенине түк ишенбей турам. Бул кадимки "Ястреб" Сарыгулдун өзү. Мага ишенбесеңер катылып көргүлө. Бир тээп өпкөңөрдү оозуңарданчыгарат" деген. Айтканындай эле казактын жоош койчусу Болот түрмөгөтүшкөнүнө жыл өтпөй "пахан" болгон. Жогоркудай сөздү"дөөрүгөнү" үчүн болуш керек, "Чолок карышкыр" асылыпөлгөн.
Экинчиси: Болоттунтаржымалы карапайым айылда өскөн казак. Биринчи жолу түрмөгө бир койуурдагандыгы үчүн түшкөн. Так ошондо ошол түрмөнүн "паханы" Сарыгулкылмышкерлер койгон аты "Ястреб" болгон. Сарыгул менен Болоттунокшоштугуна бүт кылмышкерлер таңданчу. Болгону бири чыйрак, бири жүдөө.Боштондукка Болот менен Сарыгул удаа чыгышкан. Андан кийин Сарыгулдун да, Болоттунда өмүрү жөнүндө 4 жыл кабар жок болуп барып, "бир "разборкада" Сарыгул өлүптүр" деген кеп чыккан.
Официалдуу түрдөөлгөнүн жана так Сарыгулдун өзү экенин ал түгүл денесиндеги татуировкаларынанбери далилдеген документтер бар.
Сарыгулдун өлгөнүнөнбир ай өтпөй оор кылмыш болуп, жасалган ыкма Сарыгулдукуна окшош деген органдынтергөөчүлөрү Сарыгулдун мүрзөсүн жашыруун ачтырып, Сарыгулду абдан жакшытааныган үч кишиге көрсөткөндө, үчөө тең көрдө жаткан маркумду Сарыгулдун далөзү дешкен. Ошентип, "Рыжый Болот" "Ястреб" Сарыгул болушункесе айтууга далил жок. Божомол гана бар.
Үчүнчү: Койчу Болотэкинчи жолу кесилгенде өтө оор кылмыш, бир нече адамдардын өмүрүнө коркунучкелтирип банкты тоноо менен кириптер болгон. Коллонияда болгону бир койуурдагандыгы үчүн бир жыл отурган Болоттун мынчалык дасыккан кылмышкергеайланышында да чоң күмөн бар".
Досьени окуп отурупАзият бир учурдагы өзүнүн бүткүл СССРдин аймагындагы түрмөлөр боюнча кабартоптоп турган "торуна" ыраазы болсо. Экинчи ушундай"майда- чүйдөдөн" бери чогултуп эрикпей жыйнаган баягы кытай жигити ХэЧандын эмгекчилдигине баа берди.
ххх
Арадан 9 жыл өткөндөбаягы "хулиган" атыккан, мышмыйган, сары, арык баланы айылдыктардээрлик унутуп салышкан. Айрым бир жакыныраак туугандары "Байкуш аманболсо эртедир-кечтир келээр" деп коюшчу.
Күндөрдүн бир күнүндөайылга орто бойлуу, быжыгыр тармал чачтуу, чымыр денелүү, адамды теше тиктеп,тикчийе караган, көздөрү ойноктоп турган, шыпылдап баскан жигит пайда болгондо,алгач көбү тааныган жок.
Сарыгул өзү делеайылда аны сүйүп эч ким күтүп турбаганын билген. Энесинин эски үйүндө алысыраактуугандарынын баласы жашап жатыптыр. Өздөрү начар турмушта жашаган немелеркаскактай болуп Сарыгул пайда боло калганда "Үй бош турбасын деп эле жашапжатабыз. Эгер өзүңө керек десең көчүп кетебиз. Кароосуз калтырганча деп колдонкелишинче көзөмөлдөдүк" демиш болушту.
Энесинин мүрзөсүнөбарып токтоно албай бугу чыккыча ыйлады. Топуракты мыжып зар какшап ыйлады.Кызыл этинен адам кылып чоңойткон. Колуна тийген ырыскылуу эмне болсо бүт"Сарыгулума" деп турган. "Жалгыздан калган жалгызым" депоозунан түшүрбөй мээримин төккөн дүйнөдөгү жалгыз адамынан, эмне кылса дакечирген, баскан изине сыйынган, тамакты чоң сугунса да кубанган адамынан,жалгыз туу туткан энем бар деп айланган, жылынаар отундай, суу ичээрбулагындай, байланаар мамысындай көргөн, сүйөнөөр тоосундай, токтоор жайындай,жатаар төшөгүндөй көргөн адамынан айрылганына ыйлады.
Сарыгулга тагдырдынбул экинчи оор жазмышы болчу. Баягы биринчи кылмыш кылганда, ичинен"Энеке! Энеке! Эми мен кантем. Эми мен эмне болом?" - деп ичтенбоздогон.
Кесилип, балдарколониясына кеткиче күн ара келип, өзү күнү-түнү азап тартып ыйлоодон көздөрүкарыгып шишип, үтүрөйүп жүдөп турса да "Балам тагдырдын башка салганынкөтөрүү керек. Эр жигиттин башына нелер келип не кетпейт. Күндүн жарымыкараңгы, жарымы жарык. Бүгүн башыңа иш түшүп турса, эртең жолуң ачылат.Кайраттуу жигит бол. Сынба. Мүңкүрөбө. Бул да Кудайдын буйругу. Кудайданжакшылык тиле" - деп кайрат айтып турган. "Сен жексурсуң, адам каныназабын болдуң" деп өкүрүп-бакырып тилдебей кайра "Бул да шайтандыназгырыгы. Кийинкисинен Кудай сактасын" деп бооруна кысып кучактап, башынанжыттап турган адамы ушул томпойгон боз топурактын астында жатканына, өмүрүн"Сарыгул" деп өткөргөн адамга бир ууч топурак салбай калганына боздопыйлады.
Колонияга узапатканда энеси "Балам эми кайыр кош. Аман болсоң келээрсиң. Мен болсо сенииздеп бара албайм. Орус тилиңди билбейм" деп муңканып ыйлап калганынэстеп, боздоду.
Кейпи эки сааттанашык мүрзө кучактап жатты. Жалгыз болгондуктан, эч ким тоскоол болгон жок. Биртууганы келип көрсөтүп берип, куран окушкандан кийин "Сиз бара бериңиз.Мен дагы кичинеге отурам" деп кала берген.
Энесинин мүрзөсүнкөргүчө кандайдыр бир күч айылына тартып, "түрмөдөн чыксам колхозго барыпжаңыча жашоо баштасам" деген кыялдарга батканы энесинин өлгөнүнөкөкүрөгүндөгү ишенбеген сезимден экенин билди.
Өзүнө келип ордунантурганда, бүт көөдөнү бош калды. Бош калганда да бүт аалам бош калгандайтуюлду. Ордунда тизелерин кучактап, кеч күүгүмдөгү айылды карап отурду. Бошкалган көөдөнүн кимдир бирөөлөргө болгон кыжырдануу, жек көрүү ээлеп, толобаштады. Дүйнөгө жаралганын жек көрдү. Жараткан атасын жек көрдү. Тууп, кызылэт боюнча таштап кеткен энесин жек көрдү.
Көөдөнүндө кектөөтурду. Жалгыз таянар тоосунан, энесинен ажыраткандарды кектеди. Убаданы бузуп,агасына арызданып барган баягы "Кара дөөнү" кектеди. Өздөрүнөн" 2-3 жаш кичүү балдар экен" дебей, адыраңдап тепкилеген баягыбалдарды кектеди.
Сабап жатсаңар жандалбастап сайып салган. Силерди туура кылган дебеген мыйзамды кектеди. Так ушулкүнү, так ушул мүрзөлөрдүн арасында отуруп Сарыгул адам эмес карышкыргаайланганын өмүр бою билген жок. Кээ кезде гана эмне үчүн мен ушундай жаралыпкалгам? Эмне үчүн мен башкалардай оңоло албайм? деп ичтен боздоп-боздоп алчу.Ал бир эч ким укпаган, эч ким туйбаган муң болчу. Так ошол мүрзөлөрдүн арасындаотурганда жүрөгүнө тоңуп калган муз болчу.
Таксист болуп иштеп,уучтап акча таап, эсирип, анын үстүнө эки метрге чукул боюна жараша кара күчүда буканы жыккыдай болуп турган "Кара дөө" анча-мынча клиенттеринетүрүн байкап туруп колунан эч нерсе келбес айылдыктар болсо күрсүлдөп, оройлукда кылып койчу.
- Шаарга жеткизесиңбижигит? , - деп шып этип астынкы орунтука отурган быжыгыр тармал чач сары жигитти"Кайдан көрдүм эле" деп бүшүркөй үтүрөйө карап турду да:
- Шаарга дейсиңби?
- Ооба шаарга...Тигил жылмайып күлүп койду.
- Эгерде дагы үчклиент таап келсең жеткизем. Машина толоору менен кетебиз. Клиент чыкпасажылмай жок тууган, - деп чөнтөгүнөн тамеки алып чыгып тутантты.
- Эгер мен толуктөлөсөмчү? !
- И-мне... төрткишиникинби?
Уккан кулагына ишенебербей дагы сарыны сындай карады. Кийген кийими кымбат баалуу. Бүт жаңы.Интеллигент эмес. "Чын эле акчасы бар немеби?" деген сыноо.Таксисттер психолог болуп калышат. Кимдин акчасы бар экенин бир карап элебилишет.
- Демек, төрткишиникин төлөйм дечи?
- Шашып турам. Барсаңбарам де болбосо башка такси издейм. Бул жолу сары шаштыра, өкүм сүйлөдү.Жүрөгү бир нерсе шекшип турса да акча үчүн ооп кетти. Анын үстүнө бош кетет.Машинасына жеңил. Мындай клиент кечке чыгарын да кудай билет. Чын эле башкагабарса ким болбосун "кудай" деп жөнөйт.
- Кеттик,- деди.Тамекисин шашканынан чала тартып ыргытып.
- Кетсе кеттик.
- Түз кетебизби жежолдон тияк-биякка кайрылабызбы?
- Түз кетебиз.Болгону таза ысып кеттим. Чоң суунун жээгине жеткенде кичине кайрылып сууга бирчөмүп алайын.
- Көпкө эмес.
- Кайдагы көпкө бирэле чөмүп чыгам. Бол айдабайсыңбы. Акыйлашып тура беребизби.
- Айдаса айдадык, -деди да машинасын от алдырып ордунан эле атырылта жөнөдү.
Чоң жолго чыккычаэкөө - дээрлик сүйлөшкөн жок. "Кара дөө" ансыз да көп сүйлөшчү эмес.Дүңкүйүп кете берчү. Аялдар түшүп калганда гана эби келсе да келбесе да арнерсени айтып ыржактаганы болбосо, эркектер менен баарлаша албачу.
Жолго чыгаары мененорунтукту чалкалатып коюп үргүлөп уйкуга кирген сарыны улам карай, "мурункайдан көрдүм эле" деп бүшүркөп коет. Кайра, "кейпи дагы бир жердеташысам керек да деп" аңги-дүңгү.
- Дос, суугажакындадык, кайсыл жерине чумуп чыгасың? Сарыны ойгото күркүрөдү.
- Аа чын эле келипкалган экенбиз. Жолдон өткөндөргө көрүнбөгөн, кичине далдоорок жер болсо...
- Андай жер бар.Кичине бурулуп, тээ жапан талдардын артына барабыз.
Машинасын жай бурупчебер айдай өзү көрсөткөн жерге келди. Чын эле жол көрүнбөй далдоодо калатэкен.
- Мына чумуй бер.Бирок, өзүң айткандай бир гана жолу. Эки жолу чумусаң кошумча төлөйсүң.
- Түшүнбөдүм?
- Өзүң бир гана жолучумуйм дегенсиң. Туурабы?
- Туура.
- Демек, эки жолучумусаң, менин убактымды кармагандыгың үчүн төлөйсүң.
- Аны табитке жарашакөрөлү. Эки жолу кааласам төлөсө төлөйүн. Сары камсанабай сүйлөдү да машинаданчыкты. Машинаны айланып өтүп "Кара дөө" отурган жагына келди.
- Сен суугатүшпөйсүңбү?
- Жок өзүң түшө бер.
- Кой түшүп кой?
Эшигин ачып талтайаотурган "Кара дөө" алгач какшыкты түшүнбөй калды.
- Жок, мен ысуулаганжокмун.
- Азыр ысуулайсың да.
- И-имне... Сарыныкараса көздөрү тим эле күйүп туруптур. Үрпөйүп, жүрөгү болк дей түштү.
- Менин ким экенимдитааныган жоксуңбу?
- Жо-о...жок... үнүкалтырай чыкты.
- Мен баягыСарыгулмун.
- Сарыгул!?
- Ооба. Дал өзү. Сенэркектик сөзгө турбай катындык кылып агаңа арызданып барып, агаң магаэдиреңдегенде, жайлап салган Сарыгулмун. Мас болсоң эле "түрмөдөн чыгыпкелээри менен канын ичем. Агамдын кунун алам" дейт экенсиң го. "Кана,кун алышалы" деп маңдайыңа келдим.
"Карадөөнүн" алласы оозунан түшүп, сүйлөөгө дарманы келбей калды. Улам көзкыйыгы менен орунтугунун астында жаткан мантировканы карап коет.
- Мантировкаңдыкарабай эле кой. Түш машинаңдан. Эркекче бирме-бир чыгалы. Жок бирме-бирчыккандан корксоң менин айтканыма көнөсүң.
Орто бойлуу болсо даСарыгулдун чымыр денесин карап туруп "Кара дөө" жүрөк заада болду.Баягы көп жыл мурдагы шилбиктей арык бала башынан алыс мешоктой ыргытканы көзалдына кайра элестей түштү. "Түрмөдө жөн жүрдү дейсиңби дагы неченшумдукту үйрөнгөндүр" деп ойлоду ичинен.
- Балким, сөзгөкелбейлиби? Шаарга бекер эле жеткизейин.
- Ансыз да бекержеткизесиң. Сенин катындыгың үчүн мен тогуз жыл "күнөстөдүм" . Анансага дагы төлөшүм керекпи?
- Анда мен айтканэмесмин. Жанагы жүлжүк көз Белек айткан. Арык, жүлжүйгөн кара балачы.
- Аны менен дасүйлөшөбүз. Алгач сени менен бүтүшөм. Эгер сен быркырап ыйлап "колумдусындырды" дебей, өзүм күнөөлүмүн. "Эч кимиң барбагыла" десең, ишбашкача болот эле да. Туурабы? "Баарын унутпай жүргөн экен" деди"Кара дөө".
- Анда талабың эмне?-Акча сурайт деп ойлоду.
- Сени азыр катынкылам. Ушуга көнөсүң. Азыр артыңдан жайлайм. Катындыгыңды далилдейм.
- И-мнээ... мындайкордукка "Кара дөө" чыдамак эмес. Эңкейип колун мантировкасына сунду.Ушул маалда Сарыгулдун колунун кыры кежигесине шак дей түшкөндө эсин жоготупкойду.
Эсине көчүгүнө катуубир нерсе кирип, жан чыдатпай ооруганда келди. Машинасынын арткы багажына артасалынып көмкөрөсүнөн жатыптыр. Жакшы эсине келе албай;
- Сенин... сенин каныңдыичем. .. деп булдурады эле:
- Жата бер голубчик.Сен уже катынсың. Мунуң түзүк экен, - деп жамбашка чапкылап койду да, тигилишин уланта берди.
Чымырканыпкыймылдайын деди эле:
- Эй мен али бүтөэлекмин, - деди да дагы колунун кыры менен шак дедире кулактын астына, күрөөтамырга урду эле кайра эси ооп калды.
Экинчи эсине келгендежерде талтайып көмкөрөсүнөн жатыптыр. Белинен ылдый жылаңач. Баш көтөрсө, шымыменен турсасы арыта жатат.
Ызадан эмне кылаарынбилбей "Өлөйүн десе жан таттуу, кирейин десе жер катуу" болуп турду.
-"Кыздыгымды" бердим деп эле кылыктанып жата бересиңби? Тур кетебиз,-деди Сарыгул какшык, кекээр аралаш.
- Азыр сенин каныңдыичем. .. Ордунан обдулуп тура калды. Кыймылдоого жарай элегинде Сарыгулдун бутуээгине шак дей түштү.
Тим эле чимирилипбарып кайра да көмкөрөсүнөн кулады. Эсине келсе Сарыгул арыта бейкапар тамекитартып отуруптур. Баягы кайраты бүт жоголуп сүйлөгөндөн да коркуп калды.Беркинин эсине келгенин көрүп тигил ордунан туруп басып келди да:
- Кана дагы сүйлөпкөрчү угайын, - деп маңдайына талтайып туруп калды.
- Болду... жетет,-деди "Кара дөө" булдурай. Дагы тээп жибереби, - деп коркуп.
- Жетеби... магажетпей жатсачы сука... Эмнегедир Сарыгул жиндей түштү да шарт жанынан бычагынсууруп алып беркинин кекиртегине такады. Тим эле көздөрү кызарып канталапкетиптир. Муздак бычактын мизи кекиртекти тилип кан тамчылап кетти.
- Жан соога...Саке. .. жан соога... Жаңы эле үйлөндүм эле. Аялымдын боюнда бар эле. Өлтүрөкөрбө. ..
"Кара дөө"кантип жалынып ийгенин да билбей калды. Бычак устарадан да курч болсо керек.Кичине тартса башын шылып түшчүдөй.
- Эмне кылсаң өзүңбил . Баарына макулмун. Жанымды кыйба...
- Им-м де. Сарыгулбычагынын канын тигинин көйнөгүнүн этегине арчып туруп, кайра арткы чөнтөгүнөсалды.
- Эмесе мындай,жанагы Белек дегениң кайда?
- Шаарда турат...
- Дарегин билесиңби?
- Билем... билем.
- Билсең Белегиңебарабыз.
- Макул...Жеткизем. ..
"Тирүү калатэкемин" деген үмүт пайда болуп тим эле жыпылдап кетти. Жандын ширин экенинтатты да. Кекиртегинен сызылган канды аарчып коюуга да дарманы жетпеди.
- Тур да тез кийин!Жок. Алгач сууга жуунуп туруп кийин! Көчүгүңдү анан кекиртегиңди жакшылап жуу.
- Макул... азыр...
Калдаңдаган" Кара дөө" сууга шарпылдатып кирип, шапшына жуунду да шаша-бушакийинди.
Чиркин, жарыкчылык, тирүүлүктүн даамы деген кыйын го. Жанакы кыжынып аткан лөк "сынып" бир паста "жибектей" болуп калды. "Кара дөө" ушунчалык бат"сынганына" Сарыгул кыжыры келе ичинен "Күлтүйгөнү менен ичитолтура бок экен. Ушунун эркек болгонун... Мындайга тигиниңди да булгагыңкелбейт" деп ойлой жийиркене карап койду.
"Кара дөө"көчүгү ооруп, орунтукта кыйшалактап араң эле отуруп келатты.
"Энеңди. ..оңдурбай шилтеген экен. Эсим ооп жатканда эки-үч жолу кирген го... Мындайдынтигиниси да оңбогондой чоң, катуу болот тура" деп ойлогондо бир тердеп,бир кургайт.
Экөө шаарга жеткичесүйлөшкөн да жок. Ар кимиси өз ою менен алек болуп жүрүп отурушту.
Сарыгул айылда биркүн боло электе эле бул жерге "Батпасын" туйду. Ошондуктан, убакыттысозуп отурбай чоң энесинен калган үйдү кирип отургандарга "Силерге бердим.Жаңыртып аласыңарбы? Эмне кылсаңар өзүңөр билгиле" деди да өзү шааргакетерин айтты. "Эми кайда барабыз?" деп сарсанаа болуп отурганнемелердин мындай сөздү укканда, кубангандарын айтпа. Кайдан жайдан козу таапкелип союп "кутулуп келгениңе түлөө кылганыбыз" - деп да жиберишти.
Айылда үч күн жүрүпаты-жыты туугандарына бир сыйра кыдырып учурашты. Түрмөдөн келген дегенсип бары"суук боор" тартып калышыптыр. Сыртынан жадырай кабыл алымыш болушканыменен өздөрүн четкерээк кармашып, эч кимиси деле "Эми айылда кал. Колхозгокирип иште. Атаңдын атын өчүрбөй үйүңдү жаңыртып, үйлөнүп- жайланып турмушкур" дегендей акылдарын чын дилден айтышпады. "Эмне кылайын дейсиң?Жаш эмессиңби. Кайда болсо иш табылат да. Балким колхозго кирсең деле алатболушу керек. Балким, шаарга барып окуп билим алаарсың. Азыр жаштар билимгежулунуп жатышпайбы" демиш болушту.
Сарыгул өзү делетуугандары "кал" деп асылган күндө да айылда жашай албасын түшүндү.Жүрөгү элеп-желеп болуп айылдын жай турмушун эмес, кайнаган турмушту эңсептурган. Минтип жөн кете албай эзелки кегин алып отурат.
"Волганын" арткы орунтугунун ортосуна чалкалай отуруп алып улам көз кыйыгы менен"Кара дөөну" карап коет. Тиги болсо күржүйгөн мойнунан аккан теринкирдеген жүзаарчысы менен аарчып коюп жолду карап телмирип баратат.
Эмнегедир оюна ушулкезге чейин аялзаты менен төшөк рахатына бата элеги түштү. Түрмөдө жалаңэркектерге көксөөсүн суутуп жүрдү. Башында тартынса кийин көнүп да алды.
Түрмөдөн чыкканданбери эч ким менен болбой буулуга түшкөн экен "Кара дөөнү" тим элерахаттанып жайлады.
"Кара дөө"ойлогондой эле бир эмес эки жолу ишин бүтүрдү. Азыр жеңилденип, көңүлү ачылыпбараткан кези. Тынчтыкты буза "Кара дөө":
- Түз элежатаканасына айдайынбы? - деди күлдүрөй.
- Жатаканада турабы?
- Ооба. Заводдунжатаканасында. Машина курган завод бар экен го...
- Эмне болуп иштейт?
- Мастермин депкалат...
- Жатаканасынабарабыз. Өзүң кирип чакырып чыгасың. Ресторанга барып чардайбыз депалдайсыңбы? .. Кыскасы чакырып чык. Эгер кичине шек берип, мен жөнүндө, менинэмне кылаарым жөнүндө айтсаң жердин түбүнө түшсөң да таап туруп, кекиртегиңдитирүүлөй суурам. Уктуңбу!?
- Кантип айтайын.Айтпайм. Кыздарга барабыз десем жүгүрүп чыгат. Мурда эки-үч жолу кыздаргаалпаргам.
- Туура, кыздаргаалпарам де. Жыргалдын туу чокусуна жетесиң де,- Сарыгул кекээрлей сүйлөдү.
"Кара дөө","аны да мендей жайлайсыңбы" - деп сурап жибере сактап барып токтоду.
- Чыккандан кийин түзшаардын четине айдайсың. Чоң-Арыктын үстүндөгү калың бактуу жээкке. Менитааныштырба. Өзүм таанышам. Жөн гана "Анан таанышасыңар" , - деп кой.
- Макул...
Такси бат элеФучиктеги жумушчулардын жатаканасына жетип келип токтоду. "Кара дөө"улутунуп алды да чыга жөнөдү.
- Эскертип коеюн. Эчкандай тамаша жок. Жарыкчылыкта жашагың келсе мен айтканды түгөл, так аткар.Жок. Кичине эле кылтыңдасаң өз убалың өзүңө.
"Кара дөө"үн сөз жок жатакана жакка бет алды.
Арадан жарым саатөтпөй орто бойлуу бирөө менен ээрчишип келип калышты. Караңгыда өңү- түсүкөрүнбөдү. Быжылдай сүйлөп келип машинанын астына отурду. Артында киши барбы,башкалар отурабы, байкаган да жок.
- Мына, жыргал жашооэле сеники. Чөнтөгүң толо акча. Кыз десең кыз, катын десең катын даяр. Эмнеболсо да жашоонун дооронун сүрүп жатасың. Бизди айтпайсыңбы. Айлыктан айлыккүтүп жашамай. Кечке жумуштан баш көтөрмөй жок. Кечинде чарчап келип оңкодонтүшмөй. Минтип жүрсөм катын да албай калчудаймын. Башка жумушка кетип калатэлем Политехническийдин кечки курсунан окуп жатам. Окуумду бүтсөмкөтөрүлгүдөймүн. Анын үстүнө үйгө да кезекке туруп койдум. "Дарак биржерден көгөрөт" дейт эмеспи. Иштей берейин деп жатам...
Айтылган жергежеткиче бакылдап, жаагы тынбады. "Кара дөөнү" сүйлөткөн да жок.Артындагы Сарыгул акырын жылып бурчка отуруп алды эле аны да байкабады. Качангана суу жээгиндеги калың бак жакка бурулганда:
- Ой сен кайда?Катындарың ушул жактабы? Мен үйгө барат экенбиз десе, -деди чоочуй.
- Азыр көрөсүң, депкойду "Кара дөө" да үнүн пас чыгара. Калың бактын арасына барыптоктогондо.
- Сени менен тигилжигиттин иши бар экен, - деди арттагы Сарыгулду көрсөтө.
- И-мне. Кайсылжигит? -Ошондо гана артына бурулуп Сарыгулду карады.
- Сен кимсиң?
- Менби... МенСарыгулмун.
- Кайсыл Сарыгул?
- Баягы сен убаданыбузуп катындык кылып, "Кара дөөнүн" агасына арызданганда, алар келипмени "сабайм" деп жулунганда, бирин тигил дүйнөгө жөнөтүп кесилгенСарыгулчу.
Кичинеге ойлонокалды.
- Такыр эсимде жок.
Үчөө караңгымашинанын ичинде сүйлөшүп отурушту. Сарыгул билди тигинин эң сонун эстегенин,бирок, убакытты утуш үчүн анткорлонуп жатканын.
- Менин байкемдиөлтүрүп кесилип кеткен Сарыгулчу... "Кара дөө" тигинин калпанткорлугуна күйүп кетти.
- И-и эстедим... эстедим...
- Эстедиңби.Эстегениң жакшы,- Сарыгул кекерлүү сүйлөдү.
- Саке ал балалыкда... Башың аман чыгып келипсиң. Кут болсун. Келе колуңду. Өткөн өттү, кеткенкетти. Толук Сарыгул жакка бурула, ордунан обдулуп колун сунду.
- Тигил жактакатындар менен кол кармашып учурашпайт. Сарыгул тигинин сунган колун албады.
- Кой Саке, ал биркырсык. Эми элдешели. Кектешпейли.
"Кара дөө"Белектин табышкерлигине оозу ачылып үн дебей отуруп берди. "Чын элеСарыгул азыр мунун бал тилине көнүп элдешет го" деп ойлоп кетти. Ичинен"Сарыгул мага кылган өнөрүн буга да көрсөтсө" деп каалап турган.
- Элдешебиз. Элдешпейкайда барат элек. Бирок, ар кимибиз өз эсебибизди алгандан кийин. Тигил жакта(түрмөнү айтканы) ар ким оозунан чыккан сөзгө жооп берет. Сен да оозуңданчыккан сөзгө жооп бересиң.
- Кой эми Саке алжакты "түрмө" дейт. Бул жакты "боштондук" дейт. Экөө экибашка да. Боштондукта оозго келгенди оттоп жүрө беребиз. Эч кимге деле жоопбербейбиз, - деди кайпактай.
- Сенин ошол оозгокелгенди оттогонуң үчүн күнөөсүз "Кара дөөнүн" агасы өмүрүнөнайрылып, жапжаш бала топурак астында калды. Менин болсо турмушум сынып, балалыкөмүрүм менен коштошо электе тигил жактын тузун татып 9 жыл"күнөстөдүм" .
- Туура бул кудайурган тилдин пайдасынан да азабын көп тарттым Саке. Күнөөм бар. Астыңа түшөйүн.Кечир. Күнөөмдү тартайын.
- Мына мунуң жүйөөлүсөз. Астыма бир туруп бересиң. Болду экөөбүз толук эсептешкен болобуз. БелекСарыгул эмнени кыйытып жатат түшүнбөй калды.
- Жана шаардан элеайтсаңар болмок экен. Түз ресторанга бармак экенбиз.
- Ресторандын керегижок ишти ушул жерден бүтүрөбүз. Белек дагы түшүнбөй калды.
- Эмне акчалайберейинби?
- Акчаңдын магакереги жок. Азыр машинадан чык да, шымыңды чечип, тоңкоюп туруп бересиң. Болду.Менин аласам ушул,- Сарыгул эми тиштене сүйлөдү.
- Койчу Сакетамашаңды. Ошол кантип болсун. Сураган акчаңды берейин, айт. Анча-мынча жыйнапжүрдүм эле.
- Кой, көп сүйлөгөнменен пайда жок. Чык машинадан. Сарыгул буйра сүйлөдү да, өзү да машинанынэшигин ачты.
Белек машинанынэшигин шарт ачып атып чыкты да, өкүрүп-бакырып качып жөнөдү.
- Жардамга...Жардамга. .. Эл журт... милиция... өлтүрүп жатат.
Баарына сак турганСарыгул аркасынан удаа жетип, чалып жыкты. Экөө караңгыда кармаша кетишти.Белек жыгылганда тоголонуп барып чалкасынан түштү да, басып жыгылам дегенСарыгулду кош аяктай төшкө тепти. Сарыгул артка учуп кетти. Ал түгүл кичине эсида оой түштү. Тигил кайра туруп качты.
- Жардам... Жардам...
Кантсе да кичинежулмалашып, кармашып калганга демиге түшкөн неме жанагыдай жер-сууну буза өкүрөалбады. Үнү пасыраак чыкты. Бул жолу Сарыгул кууп жетип, кежигесине секиреүстүнөн басып жыгылды. Талуу жерине муштап, эсин оодарам деп караңгыда таамаймуштай албай жатты.
Экөө дагы тытышып,кармаша кетишти. Жанталашкан Белек беркини оозуна туш келген жерин тиштеп дажатты. Каруудан тиштегенде Сарыгул күрөө тамырга уруп калды. Ошондо башы"шылк" деп эси оой түштү.
Ийинине салып көтөрүпмашинага апкелди да, жерге шалак таштап отуруп калды. "Кара дөө"машинасынан чыккан да жок. "Бириң өлүп, бириң кал" дегенсип отураберди. Сарыгул башында экөөлөп киреби деп саксынып аткан. Тигил машинаданчыкпагандан кийин жүрөксүбөй калды. Кейпи, мен көргөн кордукту бул шыйпаң дакөрсүн десе керек.
Белектин күтүүсүзжоругуна жүрөгү дүкүлдөп чыккан Сарыгул айланага кулак төшөдү. "Балким,бирөө- жарым Белектин үнүн угуп келип калабы" -деп да чоочуп турган. Жок.Айлана тынч. Бейкам дабыш деле угулбайт. Кантсе да шашыш керек болуп турду.Балким жогорудагы тоо түбүнөн тынымсыз өткөн машиналардын бирөө жарымы үндүугуп калып, милицияга жеткирип коюшу толук мүмкүн.
Кайра ордунан туруп,тигини көтөрүп машинанын арткы багажына туура "Кара дөөнү"жаткыргандай арта сала жаткырды.
Кармашып атып чарчапкалгангабы, өзүнүн көңүлү келбеди алигиси да баш көтөрөөр түрү жок.
- "Карадөө" !?
- И-мне...
- Чык машинадан! Мунун ишин сен бүтүрөсүң. Сага бердим.
"Кара дөө"күрсүйүп чыга келди да жалбарыңкы үнү менен:
- Саке... мен... менмындайга. .. эркекке өмүрү барган эмесмин. Дитим чаппай турат. Өзүң эле бүтүрөберчи.
- Дитиң чабат.Чапканда да кандай чабат. Эгер болбойт экен, анда азыр бычып салам."Дың" дебей иштейсиң.
Шарт бычагын суурупчыкты. Жалаңдаган бычак айдын жарыгында "жарк-журк" деп көзгө жаманкөрүнөт экен. "Кара дөөнүн" муундары титиреп кетти. "Өзгөчөбычып салам" дегенди укканда "бул канкор эч нерседен кайра тартпайкалган экен" деген ойго кетти. Керек болсо азыр Белек экөөнү тең ушулжерге мууздап, машинага салып туруп өрттөп ийип, басып кетиши да мүмкүн. Алекисаатта башына миң сан ой келди.
- Сабыр кыл. Саке.Азыр. Бул шүмшүктү ошентиш эле керек болсо...
Ичиндеги коркуугакошулуп шакардай кайнаган ызалыкты Белектен чыгарып алгысы келип кетти. Такушул шүмшүктүн тапан тили болбогондо, балким азыр үчөө тең бул жерде турушмакэмес.
Дугдуңдай ишкекиришти. Белек кыймылдайын деди эле, Сарыгул чыкыйга муштап койгондо кайра"шылк" дей түштү.
- Ме сага... месага... тилиңди көчүгүңө тыккыр...
"Карадөөнүн" кылыгына жанында турган Сарыгулдун ачуусу тарап, көңүлү ачылатүштү.
Болбосо, кайра-кайрабычагын мыжыгып, жанын коерго жер таппай, өзүн кармана албай бараткан эле.
"Кара дөө"кантсе да акылдуулук кылды" - деп койду ичинен. Эгер дагы кежирленип керсүйлөгөндө кекиртегин бычак шылып түшүшү толук мүмкүн эле.
Жолдон бир шише аракалышты да, эсине келип кайра жоготуп шылкылдап келаткан Белектин оозунажарымысынан көбүрөөгүн куюп туруп жатаканасына жеткирип ташташты.
"Кара дөө"өзү көтөрүп кийирип, жаткырып келди.
Сарыгул "Карадөө" менен коштошуп жатып:
- Болду. Толукэсептешип бүттүк. Экинчи кайчылаш жолдо, каршылаш болуп кездешпейли. Мен сенитааныбайм. Сен мени тааныбайсың. Ортодо эмне болуп өтсө унут, - деди да,караңгы түнгө сиңип кетти.
Чын эле ошол бойдон"Кара дөө" Сарыгулду көрбөдү.
Анын үстүнө таксиайдаганды таштап, курулушка кирип кетти. Белектин да эмне болгонун билбеди.Экөө бири-бирине жолукпаганга аракеттенип, качышчу эле.
ххх
Азият"борбордогу" өзүнүн көздөй ишенимдүү адамына "РыжыйБолотту" катуу тарбиялап коюш керек. Өз чегинен чыга баштады. Муну тезарада жасасаңыз жакшы болот эле. Сиздин баягы "эстелигиңиз" алименде, өз калыбында сакталуу турат", деген "визитка" жиберипжатып, Рыжый Болоттун "балким бир кездеги Сарыгул да болушу мүмкүн"деген версияны жиберген жок. Аны өзүнө "көмүскөдөгү жүрүш" кылыш үчүналып калды.

#14 14 Сентябрь 2012 - 09:19
Рыжый Болот " Азияттын "визиткасын"
алгандан кийин чекесин бырыштыра көпкө ойлонуп отуруп калды. Мындан түзүгүрөөкжооп алам деп деле күткөн эмес. Ошондуктан,
какшык жылдырган жоопко ашыкча капада болбоду. Болгону, "Азият"
дегениңдин чыныгы жүзү ким?" -деген суроо дагы мээсин жеп жатты. Анын кылмышкер шимшүүрлөрү Азият жөнүндөтүзүк эч нерсе деле билип бере алган эмес. Болгону "Азият"
деген атынукканда,
керек болсо "мыйзамдагы уурулар" да кысчу жерлерин кысыпкалаарын,
анын айтканы айткандай, дегени дегендей аткарылаарын,
далай башкесерлер Азияттын алдында кызмат кылып жүрүп, ың-жыңсыз жок болуп кетээрин,аларды эч ким сурабаганы.
Өз колу менен кумурсканын уюгун бузбаса да далайнарко,
соода, нефти, газ, электр энергиясына байланышкан контрабандалыксоодаларга таасири барын билген. Түрмөгө түшкөн эмес. "Ак жакачан" болупда чоң кызматта иштебеген. Бирок, кылмышкерлердин чөйрөсүндө да, "Акжакачандардын"
чөйрөсүндө да таасири күчтүү. Бул эмне деген "Темныйжан"
деп башын катырчу болду. Баягы СССР бар кездеги иштеген кызматыжөнүндө да эч нерсе биле албады. Душманың канча табышмактуу болсо, ошончокоркунучтуу болорун жакшы билчү. Эгер "Ак жакачандардын"
чөйрөсүнөнболсочу?
Балким, алардын "королдорунандыр"
? Анда иш жакшы болбойт."
Ак жакачандар"
менен ойнош опурталдуу.
Алардын колунда дайыма бийликбар. А бийлик дегениң жаман, байкабай талуу жерин басып алсаң, биттей ушалапкоет.
Өзгөчө кылмышкерлерди жок кылыш бийликтегилер үчүн оюнчук.
Азияттан" движение" болгон жок. Баарын өзү баштады. Демек, өзү бүтүрүшү керек.Каттын жообун кантсе экен. Балким бир аз убакыт аярлай турабы. Балким Азияттынсуроосун канааттандырып, "Протезди" анын колуна салып берсечи? Туура,ишти "Протезден" баштоо керек.
"РыжыйБолоттун" буйругу менен жулунган жигиттери "Протезди" алып,жетип келишти. Кылмышкерлердин адатын жакшы түшүнгөн Болот "Протез" ,"Бриллиант жылан" жөнүндө кабар берген күндөн баштап катуу кайтартыпкойгон болчу. "Протез" эки-үч жолу качып кетүүгө аракет жасаганынбилдиришкен. Оңбогон абышканын култуңдаган кылыгы ого бетер аяр болуугатүрткөн. Жаналгычтын өзүнөн да коркпогон "Протездей" өлүмтүктүнАзияттан титиреп коркушу эле эмнени билдирет?
Болот сөздү түзбаштады:
- "Протез" Азиятка конокко барууга кандайсың? Эски досуң сени сагыныптыр. Көргүсү келипжаткан экен.
Азияттын атын укканда"Протез" тим эле "жыланды көргөн чычкандай" бүрүшө түштү.Ал түгүл өңү "боп-боз" болуп жаны үзүлүп бараткан адамдын кейпинкийип калды.
- Азияттын мендейшордууну көргүсү келгени "карышкырдын койду", "ажыдаардынкоенду" көргүсү келгениндей эле кеп, сынок. Өмүрү шордон башы арылбаганмендей байкушту Азиятка салып берсең өзүң бил. Ансыз да өлөөрүмө жыл эмессаналуу күндөр калганда жарыкчылыкта кыбырай турсамбы дегем. Эми минтиптагдырымды сен түшүнбөсөң деги киши түшүнбөйт. Өзүң айтчы менин эмнем бар? Бираз күндүк жашоомдон башка эч нерсем жок, сынок.
Тагдырдын маңдайымажазганыбы, өзүм улам жаза баса бердимби, өмүрүмдүн көбү "баланда" ичиш менен өттү. (Түрмөчүлөргө берген тамакты айтат).
Сен да "көкжалдын көк жалысың", ырас, Азиятка мени жем катары салгың келип калыптыр,жолу ошого такалса керек. Мейлиң, өзүңдүн эркиң. Өлөрдө жок дегенде сенинкерегиңе бир жарап кетейин.
Бирок, эскертипкоерум, Азияттын көзүн көрөөрүм менен өз жанымды өзүм кыям. Анын кислотасынабутумдан баштап ээригиче мүрт өлгөнүм жакшы.
"Протездин" айткандарын угуп отуруп "Рыжый Болоттун" денеси дүркүрөп кетти.
- "Протез" чындыкты айтчы? Деги Азият дегениң ким?
- Болот, Кудайданжашырбаганымды сенден жашырбайм. Бул Азият "жаналгычтын" чыныгы жүзүнбир Кудай билбесе эч ким билбейт.
Балким уксаң керек,бир учурда экөөбүздөй селсаяктардын арасында атагы дүңгүрөгөн "Каражылан" деген болгон. Так ошол "Кара жыландын" өз оозунан уккам."Кылмышкерлер дүйнөсүн "былк" дедирбей кармаш үчүн КГБ атайынбөлүм түзүп, селсаяктардын арасына тор жайды. Саясатка аралашып баш көтөрчүсүболсо жиндиканага даярдаганга, өтө коркунучтууларын тымызын селсаяктардын колуменен жок кылдырганга "палачтар" иштей баштады. Мына ошол"палачтардын" башчысына "Азият" деген кличканы менкойдум" дегенин.
"Палачтардын" жасаган кылмышынынжүзү эч убакта ачылбайт. Өздөрү жазаланбайт. Ооган согушунда ал тараптанташылган наркотоварды бизде иштетип, кайра капиталисттик мамлекеттергесаттыруунун башында да ушул Азият турган экен. Эми бул жагы саясат. Ага менин түшүнүгүмжетпейт. СССР тирүү кезинде капиталисттер "коммунисттерди поголовно алкашкылабыз" дешчү тура. Коммунисттер болсо "Капиталисттерди поголовнонаркоман кылабыз" дешчү экен.
Ооган апийими булжакка ташылып келинип, кайра героинге айланып, капиталисттерге" подаркага" жөнөтүлүп турганын билесиң да, сынок... У-уу мына акчадеген, байлык деген ошолордун колунда болгон го. СССР күтүүсүз тарады. Баарыбаш аламан болуп кетти. Чет өлкөлөргө өткөрүлгөн тонналаган наркотоварлардын" навары" кайда чөктү ким билет дейсиң, сынок. Нечен банктарда жекесчеттор ачылып, миллиондор "ойноп жүрчү" да. Бул жагдайда анча-мынчакабардар болгонумду өзүң билесиң, мен өмүр бою нарко- сооданын азабын тартыпкелдим.
"Протезди" угуп отуруп "Рыжый Болот" "Азиятка" катылам деп "кыйшыккадам" таштаганын түшүнө баштады.Бир чети "Бриллиант жылан"жөнүндөгү башты айландырган кабарды айтып, ушул ишке түрткөнү үчүн"Протезге" кыжыры келген менен кайра астында бүрүшүп отурган чалдыаяп да кетти. "Протез" чындыгында эле өмүр бою башы кылмыштанчыкпаган шордуу. Бул абышканын жыргал күнүнөн кууралы көп болсо керек.
Эмнегедир ушул саам"Рыжый Болот" өзүнүн келечек тагдырын көрүп тургандай болуп кетти.Бул ачуу чындык Болотту жүрөккө сайды. Денеси "дүр" деп, көзкычыктары ачышып, суулана түштү.
"Протезди" Азиятка бергени менен деле ал "Бриллиант жыланды" кармата койбойт.Бул оңбогон жыланды көрбөсө да дарегин укканы үчүн эле канча түйшүк башынатүшкөнүнө Болот тырчып турду. Көздөрүн жума "Протез" экөөнүнөткөндөгү каргашалуу пикир алышуусун эстеди. "Протез" күнүмдүкоокатына жардам сурап келген экен. Мезгилинде "Протездин" менменсинген кылмышкерлер менен "табакташ" болуп жүргөнүн уккан жайыбар эле.
Сөздөн сөз чыгыпотуруп:
- Алматынын жарымысыменин машинамды минип жүрөт. "Кылмышкермин" дегендин көбү мен сатыпберген квартираларда жашоодо. Министрлер баш болуп, чет өлкөдөгү катканвалюталарын коргоп берүүгө мага кайрылышат. Чыныңды айтчы мурда-кийинселсаяктардан менчелик кулачы жайылганга жолуктуң беле - деп калбайбы. Ошондо"Протез" көздөрүн жүлжүйтүп туруп:
- Сынок сенин чыныгыкөкжал экениңде айып жок. Атың алыска угулду. Илебиңе нан бышып турган учур.Бирок, "учуру келгенде айтпаса сөз атасы өлөт" - дейт. Бул дүйнөдө"Бриллиант жылан" деген бар. Мына ошол оңбогон жыланга кожоюнболгондор жана байлыктын да, кылмыш дүйнөсүнүн да сересине жеткенин сезет - депуккам. Ал жылан болсо "Азият" аттуу кан ичердин колунда экенин такбилем. Бирок сынок, тынч жашайм десең мен айткан сөздү унут да, "Бриллиантжылан" жөнүндө эч кандай "движение" жасаба.
Мен билгенден ал каничер жыландын өзүн эмес, дарегин кайда экенин билгендер көпкө жашабайт. Минтиптилим кычышып кетип сагызгандай сайрайм деп, мен да балким, бул жашоомо акыркыкрестти койдум окшойт, - дейт. Анда анчалык деле көп терең маани бербей кызыгатүшкөн Болот: "ал эмне болгон жылан", - деп лыкылдатып сурап олтуруп"Протездин" жылан жөнүндөгү билген таржымалын бүт уккан. Анан"Азиятка" "визитка" жиберип ийип жатпайбы. Этеги минтиптуңгуюкка такалды. Ойлуу отурду да "Протезге" :
- Бара бер. Кайдабарсаң анда бар. Болгону экинчи көзүмө көрүнбө, - деди.
"Протез" өзуккан кулагына өзү ишенбеди. Мындай болушу эч мүмкүн эмес болчу. Астындагыкойду жебей басып кеткен карышкыр да болчу беле. Эми буйрук экен. Башкасалганды көрөйүн деп боюн жыйып отурган неме "бул Рыжый кандай тамашакөрсөткөн турат" - деп шалдырай түштү. Башына миң сан ойлор келди."Азыр эшикке чыгарым менен желдеттерине жайлатат да, өлүгүмдү Азияткажиберет" деген ой жанын жеп ордунан очорула турду.
- Мунуңа да рахмат.Азияттын жылан көзүнө тирүү урунбаганым оң сынок, -деди да эшикке илкий жөнөдү.
Болот ойго чөгө, анынчыгып кеткенине да маани бербеди.
Көп өтпөй бир жигитижүгүрүп кирди да "Протез" эшик алдынан жүрөгүн мыкчып кулап түшүп,"тез жардам" чакыргычакты эле үзүлүп кете берди -деп кабарлады.
- Оңбогон гана чал.Өлгөндө да жөн өлбөй артында түйшүк калтырганын айтпайсыңбы, - деп сөгүнүп алдыда, - Жакшылап көөмп койгула. Селсаяктар аза күтсүн. "Протез" селсаяктын селсаягы болчу, - деди. "Протездин" эмне түйшүккалтырганын Болоттун өзүнөн башка эч кимиси түшүнгөн жок.
Улам жыл өткөн сайынкарышкырдай аяр болуп калган Болот күтүүсүз туюкка камалганына күйүп турду."Бриллиант жыландын" түбү "ачуу" тийерин жүрөгү сезип,алгач аярласа да ышкысы жеңип кетпедиби.
Анын үстүнө"Республиканын кожоюну" деген тажыны кийгизем деген"Самурай" да кийинки убакта "кыймылын" жайлатып калды. Аны"жылытыш" үчүн өзүнчө бир адам оюна келбегендей белек керек болчу."Кандай белек тапсам" деп баш катырып жүргөндө "Бриллиантжылан" жөнүндө угуп калып отурбайбы. Ошондо оюна "Самурайга" мындай белек тартууласам, сөзсүз "жылыйт" да мага "Республиканынкожоюну" деген таажыны кийгизет деген ой мээсине "шык" депкадалды да, шашкалактап Азиятка "визитка" жиберди.
Эми бары кеч."Визиткамды" кайра алдым" деген күндө да күнөөсү жуулбайт." Бриллиант жыландын" дарегин билген адам жашабаш керек" -деп"Протез" бекер какшаган жок. Ар бир кадамына сак болбосо болбойт. Эңбашкысы коркуп калганыңды билгизбегенге аракет кылуу керек. Душманың коркконуңдубилип калса, жөн гана коенду басып жеген арстанча эки чайнап бир жутуп коет.
Башын мыжыгып отурдуда, "чабуул" кылып көрүүнү ойлоду. "Эң мыкты" дегендердижибербеди. Өзүн көрсөткүсү келген "выскачкалардан" топтолгондорго биркарт бөрү кошуп туруп "жакшылап тарбиялап, астыма сүйрөп алыпкелгиле! " - деп жөнөтүп жиберди.
Бир"Мерседес" , бир "Жип" менен кеткен жигиттери эки күн өтпөйбозала болуп жетип келишти. Арасындагы баягы "карт бөрү" гана жок.
Болгондо да мешокыргыткандай Азияттын жигиттерин эшик алдына ыргытып кетиптир. Өң алеттеринен эчнерсе жок. Баягы эдиреңдеген немелердин бети-баштарына, ооздоруна учук чыгып,сүйлөөгө жарабай калган.
"Башчыңаркана? " - деген суроого титиреп турушуп, үч литрлик үч банканы сумкаларынансууруп чыгышты да "Рыжый Болоттун" астына коюшту.
Үч литрлик банкадагыкилкилдеген суюктукту карап туруп "Рыжый Болот" көргөн көзүнөишенбеди. Тигилердин бири титиреп Болотко кат сунду.
"РыжыйСарыгул" мунуң көлөмдүү экен, үч банкамды коротту. Сен эки банкага кененсыясың. Өз колум менен батырам. "Протезди" мага бербегениң үчүн экиэсе күнөөкөрсүң. Сени банка ичинен көрүүгө чексиз куштар Азият" депжазылып туруптур.
Далайды көргөн,бирок, Болот мындайды көргөн эмес. Ошондо акыркы жолу зонада жүргөндө" Ооганстандан өлгөн солдаттардын ичине толтура апийим шыкап ташыттырганбир канкор бар" деп укканын эстеди. Балким, ошол Азияттыр.
Үн деп сүйлөбөдү.Ансыз да тирүү өлүк болуп отурган тигилерди "чыккыла" деди да жакындеген жигиттерин чакырып "Банкаларды ачпай туруп жай казып көрүстөнгөкойгула. Үстүнө "Селсаяк болчу" деп жазып койгула" - деди.
Турган үйү күтүүсүзкол салуудан өзгөчө корголгон жай болчу. Ошондо да кайтарууну эки эсе күчөттү.Коргонуу менен кутула албасын да билип турду. Азияттан кутулуунун бир гана жолуөлүп кутулуу керек. Ким билет, ошондо кутулаар бекен? "Сарыгул" депсайрап турбайбы. Божомолубу же чын билеби.
Башканы кой өзү даСарыгулдун ким экенин унутуп калган. Ал түгүл кыргыз тилин таптакыр унутуп,жалаң казакча сүйлөп жүрчү. "Жасаган кыңыр ишимди жан билбейт" - депойлочу. Тобоо. "Бриллиант жыландын" дарегин билгендердин тукумуүзүлбөгөн сыяктуу эле кыңыр ишиңдин кылы үзүлбөй, бир жерде болбосо, бир жердекала берет экен го" деген ой башын жеп, эриндери титиреп өзүн коөрго жертаппай турду. "Протез, Протез сен мени тирүүлөй өрттөгөн экенсиң", -деп дагы сөгүнүп-сөгүнүп алды.
ххх
Азият"Борбордон" : "Заман баягы эмес. Өзгөрө баштады. Аны өзүң дабайкап жаткандырсың. Менин "белегимди" көзүңдүн карегиндей сакта. Алазырынча керек эмес. Аа өзүңө болсо сак бол. Ашык кыймыл жасаба. Сенин сурооңболсо толук аткарылат. Андай күчүктөрдүн кулагын толгоп коюш иш деле эмес"деген "визитка" алганда көңүлү жайлана түштү.
Чындыгында эле заманбаягы болбой өзгөрүп баратты. СССР империясы тарагандагы баш-аламандык бүтүп,өзүнчө бөлүнүп чыккан эркин мамлекеттер өздөрүнүн мамлекеттик башкаруу системаларынжолго коюп, тиешелүү мыйзамдарын кабыл алууга өтүштү. Мамлекеттер аралыкмамилелер да жолго коюлуп, мыйзамдуу талаптар ишке кире баштады." Эркиндиктин оорусу" менен ооруган доор "өлүп" бараткансайын, кылмышкерлердин да даң салган заманы бүтүп баратканын Азият билбейкалыптырбы? Билип турду. Ошондуктан, мурдагыдай уу-дуу менен өлкөнүнПрезидентинен бетер астында бир машина, артында бир машина кылып коштотупжүргөнүн токтотуп үлүлчө тегерегин бекемдей баштаган.
Улам барган сайынишканаларына, соода түйүндөрүнө мамлекеттик салыкты мыйзамдагыдай төлөгүлө," кыйшык кадам" таштабагыла" деген талапты койду. Өзү"көлөкөгө" өтүп, түз жоопкерчиликти башкаларга тапшыра баштады.Азияттын мындай "тынчышын" көптөрү "Кантсе да карылык башынакелди. Анын үстүнө Фаризаттан айрылгандан кийин көтөрүлө албай калды" дептүшүнүштү. Чындыгында Фаризаттан айрылуу Азияттын жүрөгүнө сайылган ийне болду.Эң башкысы өзү гана билген сыр "Бриллиант жыландан" айрылып отурат.
"Бриллиантжылан" жөнүндө билгендерден "Протез" өлдү. Жөн өлбөй кайдагы бир"Рыжый Болот" деген күчүккө дөөрүп кетти. Дагы кимдерге айтты. Дагыкимдер "Протездин" жомогуна ишенди. Мына Азиятка тынчтык бербегенойлор.
Анткен менен да"Рыжыйдын" Азиятка катылышы аны бир топ тирилтип койду. АзиятБолоттун баскан изинен бери аңдытып койгон болчу. Болоттун "боевик" сөрөйлөрү жолдон эле кармалышты. Паяльникти күйгүзө электе эле тилдери буудайкууруп сайрап беришти. Ошентсе да бир жылга оңдуу отура албагыдай кылып, көчүкжүндөрүн куйкалаттырып койду. Өзгөчө кислотага килкилдеп ээритилип, банкаларгакуюлган шериктешин көргөндө тил ооздон айрылышып, айрымдарынын" крышалары" кыйшая түштү.
"Рыжый" экинчи "Азият" деген атты укканда, түшүнөн чоочуп ойгонсун" депошентти. Көптөн бери чыгара албай жүргөн ачуусун чыгарып алды."Рыжый" менен тирешүү Азиятты бир чети алаксытып да койду. Кайдакеткени дайынсыз Фаризаттын азабын тарткыча, колунда турган"Рыжыйдын" артынан түшүү оң болчу. Кандай да болбосун" Рыжыйды" карматып келип, чычкандай эрмектегиси келген ыкшоосу күчөпбаратты.
ххх
Шаанын Ли мененболгон жолугушуусу ойдогудай бүтпөгөн менен шаабайы суубады. Эң негизгиси" жиптин учугу" табылды. Эми чеберлеп түрсө, түбүнө да жетүүгөмүмкүнчүлүк бар.
Линин кызын издепАмерикага барбаган себеби, "кыз китепти өзү менен алып жүргөн жок. Ал Лиөмүр бою мекендеген калың токой курчаган бөксө тоолуу айлында. Кызэртедир- кечтир сөзсүз келет. Кызды так ушул жактан күтүш керек" деп чечти.
Бул күтүү канчагасозулаарын да билбеди. Бекер жүрмөк эмес. Астына экинчи максат кылып койгонКытайдын, Тибеттин байыркы фольклорун, чыгыш күрөшүнүн учу кыйырсыз сырларынизилдөөнү уланта бермек.
Тоодогу үңкүрдөжашаган дербиш жөнүндө угуп калды. Жергиликтүү эл ал дербиш лама жөнүндө сөз дакылбайт экен.
Көрсө, лама өзүжөнүндө айылдыктардан ар кимдерге эле айта бербешин суранат экен. Чалдынайтканын аткарбай ээн ооздук кылгандардын түшүнө кирип, кадимкидей кыйнайтимиш. Ошондон коркуп калган жергиликтүүлөр сөз кыла бербейт.
Шаа бул сырдын аныгынбүжүрөгөн оорулуу кемпирден укту. Түнт токойлуу бөксө тоонун этегине жайгашканэлүү түтүнчө эл жашаган айылга, ушул "оорулуу кемпирге жардамдашам" деп келип калды. Экөө базардан таанышышты. Кемпир ого эле биртоп жүк жүктөлгөнкол арабасын жакшы сүйрөй албай тырталаңдап баратыптыр. Боору ооруган Шаа кемпиргежардамдаша кетти эле, кемпир жыртайган көздөрү менен тиктеп:
- Уулум жардамдашамдегениңе рахмат. Бирок, сага төлөгүдөй менде тыйын жок, - деди.
- Энеке бекер элежардамдашам.
Кемпир Шааны дагысынай карады да:
- Башка элденсиң го?- деди.
- Ооба энеке. Биздинэлде карыларга жардамдашып коюуга үйрөтөт.
- Демек, саныңар азэл окшойсуңар? Анан да айылда өссөң керек.
Шаа кемпирдинакылмандыгына делдейе түштү.
- Кантип билдиңизэнеке? ..
- Карыларга жардамберип коюну кайсыл элде болбосун үйрөтөт уулум. Бирок, ал саны көп кытайдайэлде унут болуп, ишке ашпай калат. Тегерегиңди карачы? Мендей өлөсөлү карылармиң, миллион, кайсыл бирине жардамдашууга шайың жетет. Аз элдин карысы аз.Жаштары көп. Анткени, аз эл көп балалуу болот. Ошондуктан, карылар дээрлик темтеңдепкөчөгө чыкпайт. Анда-санда көрүнө калган карыга жаштар жардам бере коюуугакуштар. Эми түшүндүңбү? - деп шыпшынып койду.
Экөө жанаша басып,кол арабаны Шаа сүйрөп, кемпир болсо божурап сүйлөп баратты. Кемпир картайса даакыл-эси таза экен. Сүйлөгөндү да жакшы көрөт окшойт. Шаанын илимпоз экенинукканда:
- Түбү жок кудуккакулапсың уулум, - деди.
- Кандайча энеке?..
- Уулум кемпирдинбашын ооруткуң келет ээ. Аны өзүң деле түшүнүп турбайсыңбы, - дегенде Шаа дагыбир жолу делдейди.
Кытайда, өзгөчөТибетте адамдын оюн оозунан сөз чыкпаса да окуй алган ламалар болот деп окуган.Бирок, ушул кезге чейин андайларды жолуктура элек болчу. Сүйлөөгө сөз таппайкалды эле кемпир өзү улап кетти:
- Адам кызыкчылыгычексиз, уулум. Илимий иш жүргүзгөндүн жаманы жок. Кеп маңдай тер төгүпэмгектене билүүдө. Ал эми эмгектин үзүрү сөзсүз болот, - деп аягын тунгуюктапкойду.
Көрсө, кемпир айылынаавтобус жөнөөчү чакан автобекетке келатыптыр. Азыр көпчүлүгү кары-картаңдар элекалган кемпирдин жашаган айылы жөнүндө укканда кызыгуусу артып, ээрчип, ушулдүйнөнүн унутулуп бараткан бир бурчуна барууну чечип, жөнөп кете берди.
Айылга келгенде дакемпирдин үйүндө туруп калды. Жөн турбай короо-жайын ирээтке келтирип, кичинежамгыр жааса эле тамчы куюлган тоокканасын, малканасын оңдоп кемпирди жыргатыпсалды. Кемпирдин өзүнө жеткидей чарбасы бар экен.
Беш эчкиси, элүүдөнашык тоогу бар. Эчкилеринин сүтүнөн түрлүү быштак жасап, май жасап сатып,тоокторунун жумурткаларын сатып жан сактайт экен.
Анан ушул айылдатамекиси оозунан түшпөгөн, өзү дайыма кызуу жүргөн дагы бир чал боло турган.Ошол чал бир күнү Шааны чакырып калды да:
- Уулум сен менинсообума калып арак алып берчи? Мен сага эч ким билбеген бир сырды айтыпберейин, - деди. Шаа алгач чалга ишене бербеди. "Жөн эле башы ооруган чалмени алдагысы келип жатат го" - деп ичинен ойлой кетти.
- Жок мен сениалдабайм. Ушул жашка келгиче мен эч кимди алдаган эмесмин, - деди чал.
Шаа бул чаканайылдагылардын көбү адамдын оюн оозунан сөз чыга электе окуй алаарына көп делетаң калбай калган.
- Болуптур, - деди дадүкөнгө жөнөдү.
"Мен тетигикарагайдын түбүндө болом," - деди чал.
Шаа келсе чалдөңгөчтө чыдамсыздана отурган экен. Чөнтөгүнөн пластмасса идишин сууруп чыктыда:
- Куйчу алдыгындан, -деди.
Шаа үнсүз бир литрликшишедеги арактын оозун ачты да, тигиге куюп берди. Колундагы аракты тартыпжиберди да көздөрүн жуумп далайга отурду. Анан шишенин калганын Шаадан алыпоозун бурап бекитип туруп койнуна катты да, туруп баратып эстей коюп:
- А-а жанагы сыржөнүндө, мына бул жолду көрдүңбү? Так ушул жол менен жүрүп отурсаң тоогокөтөрүлөсүң, чытырман токойдон өтөсүң, анан шаркыратмадан өтөсүң. Анан үңкүргөбарып бир тиесиң. Так ушул тасмадай ичке бирок, күн сайын мал чубап өткөнсүптаманына чөп өспөй, кашкайган жол так ошол үңкүргө жеткенде түгөнөт. Ал үңкүрдөсакалы да, чачы да куудай, бирок, бетинин кызылы өчпөгөн, терисин бырыш бассада карылардыкындай, каны кетпеген дербиш лама жашайт.
Ал мен жаш кезимдеделе ошондой болчу. Азыр деле ошондой. А-а мен болсо минтип көргө жакындапбаратам. Менин атам айткан, ал жаш кезинде деле ошондой болгон экен. Атамжүздөн ашып өлдү. Мен да жүздөн аштым. Атама атамдын атасы айтыптыр. Кыскасы,анын канча жашаганын эч ким билбейт.
Ошол дербиш ламагажолуксаң сен адам билбегенди билесиң. Бул айылдагы карылардын баарыдөөпүрөстөр. Сага болбогон нерселерди дөөрүп айтып берип жүрүшөт. Дагы делеишенбей турасың. Мейлиң, ишениш-коюш өз эркиң. Бирок, мен убадамды аткардым, -деди да басып кетти.
Шаа бул"жомокко" ишенерин да, ишенбесин да билбеди. Айылда өзү жакшы таанышболуп калган эки-үчөөнө барып чечмелеп сурап көрсө, ийиндерин куушуруп" укпаптырбыз" деп коюшту. Эртең менен түшкө жеткичекти элеайылдагылардын жумурткаларын, сүт, майын чогултуп коюп, алып кетүүгө кечкимашина келгиче эригип күтүп отурчу дүкөнчү болсо Шаага "Ой ал алкаш чалдөөрүй берет. Эч кандай лама жок. Мен да алгач укканда ишенип барып жүрбөйүмбү. Жол бийик шаркыратмага барганда бүтөт. Андан ары бийик зоолор. Эч нерсе жок.Тим эле башы ооруганда ар кимге айтып арак алдырып иче берет", дегендетакыр үмүтү үзүлүп, "Чал алдаптыр" деп ойлой баштаган.
Үйгө келсе, Шааныкемпир үңүрөйө карап турду да:
- Оңбогон алкаш дагыдөөрүгөн экен ээ, - деди.
Шаа үндөгөн жок.Иштеген орунтугуна отуруп, акыркы жазгандарын ирээттей баштады. Бул айылгакелгени бир айга чукулдап калган. Эми "кайра кетсемби?" деп ойлойбаштады. Айылда өткөргөн убактысынын жыйынтыгы өкүнгүдөй деле эмес болчу. Биртоп легендаларды жазды. Өзгөчө бүжүрөгөн кара кемпир табылгыс байлык болупчыкты. Шаа билбеген, унутулуп бараткан биртоп иероглифтерди үйрөттү. Башындакемпирди билимдүү деп ойлогон да эмес. Турмушка да чыккан эмес экен. Көрсө, бүтөмүрүн ушул айылда мугалимдикке арнаптыр.
Кемпир болсоадатынча, трубкасына махоркадан шыкап алып үн сөзсүз рахаттана тартып отурган.Ойлуу отурган кемпир күтүүсүз сүйлөп кирди. Шаа жакты да караган жок. Эч кимгеэмес өзү менен өзү сүйлөшүп жаткандай:
- Кантсе да алкаш чалчындыкты айтыптыр. Ушул биз турган тоо суулардын ээси, кудайдын жердеги өкүлү,улукмандардын улукманы, ыйыктын, ыйыгы ламанын бар экени чындык.
Кеп ага бардык элекаалагандар жолуга бере албасында. Тасма жол чын эле тоодогу үңкүргө алпарат.Бирок, бир сыр бар, шаркыратмага жеткенде коркпой шаркыратманын астына кирүүкерек. Суунун илеби күчтүү. Карылуу, күчтүү, мыктылар, чыдамдуулар гана киреалат. Анын үстүнө тоодон түшкөн суунун муздактыгы сөөктү какшатат.
Буркан-шаркан түшүп,үрөй учура ак көбүктөнгөн шаркыратманын астынан өткөндө анын асты көңдөй. Кишибою бийик өткөөл бар. Ар жагынан жарык көрүнүп турат. Аркы бетине чыкканда,тасма жол кайра башталат. Бирок, тик, жалама аскаларды аралап жөнөйт. Шамдагай,токтоо, ар бир кадамыңды так кое билген чебер болбосоң кайра артка тарткан оң.Жалама асканын бетинен өткөн жолдон учсаң сөөгүң сөпөт болот. Кургуйгакулайсың. Ал жаракага жору, кузгун да түшө албайт. Ошентип, сенин кайдакулаганыңды бир кудайдан башка эч ким билбейт.
Канчалардын сөөгүошол жаракада жатса керек. Мына ошол жалама асканын бетинен өткөндөн кийинкөпүрөгө туш болосуң. Асма көпүрө чайкалып турат. Так эле жараканын үстүндө.Жиптери мына-мына үзүлчүдөй болуп турат. Канча жылдар мурда деле ошондой болгонэкен, азыр да ошондой болсо керек. Көпүрөдөн өткөндө ажайып дүйнө бар. Жашылшибер чөп, жылуу булактар. Бет маңдайыңдагы чоң аска таштын түбүндө үңкүр.Үңкүргө киргениңде төрүндө улуктун-улугу, ыйыктын-ыйыгы лама отурат. Атын эчким билбейт. Канча жашта экенин эч ким билбейт. Буддадай болуп отурат. Тизеңөзүнөн өзү бүгүлүп, астына кулап түшөсүң. Тилиң байланып калат. Канчаболгонуңду билбейсиң. Тилсиз сүйлөшөсүң. Ал сүйлөбөйт, бирок, сөзү мээңе кирет.Сен сүйлөбөйсүң, бирок, бүт ойлогонуңду ал билип турат. Анан бир кезде кайракетип бараткан болосуң. Баягы татаал жолдордон жепжеңил өтөсүң. Шаркыратманынсуусунан үшүгөндү билбей өтөсүң. Бирок, ага бир гана жолу барганга уруксаат.Ушундай түшүнүк берилет. Экинчи жолу кайра кайрылып келүүнү каалабасаң гана уруксаат.Бирок, кайрылып келүүнү каалабаган адамдар барып, кайда кеткенин эч кимбилбейт. Жооп болбойт. Барып келгендердин көбүнүн көзү ачылып узак жашайт.Айрымдары бир жумага жетпей өлөт.
Сен азыр ага бараалбайсың. Анткени, эртең тескери жакка жолго чыгышың керек. Сен көптөн берикүтүп жүргөн адам келип, өтүп кеткен атасынын арбагына сыйынып жатат.
Сен эки күндөн кийинжолго чык. Анткени, окутуучуңа катуу сыйынышың керек. Астыдагы жолугушууң өтөкатуу. Окутуучуң экөөңдүн араңар алыстай түшүптүр. Сыйынышыңа мен жардам берем.Окутуучуң түшүңө кирет да эмне кылыш керектигин айтат. Ошондо жолго чыгуугадаяр болосуң. Болбосо, мертинип каласың. Ийгилик сен тарапта эмес. Каршылашыңтарапта экен.
Мына ушунун баарынкемпир бир дем менен улам тамекисин соруп, ойлуу отуруп айтты.
Шаа үн чыгарбайдымырап отуруп укту.
Кемпир этегинде:
- Эми менин өлөрүмкалды. Сага сыр ачканым үчүн Теңир кечирсин. Ансыз да бүт өмүр бою жүрөгүмөрттөнсө да, ушунча сырды эч кимге чыгарбай ичке сактадым. Жалаң ушул сырдычыдабай айтып коөм го деп турмушка чыкпадым. Кечил өттүм. Бир да адамгапейлимди салбадым. Көр оозунда турганымда пейилим сага түштү. Бала деген эмнеэкенин билбесем да сен мага баламдай болуп калдың. Эч бир арам ою жок, эч акыдоолабай, жөн гана ыймандуулук менен карыга жардам бергениң мени жибитти.Энеңдей мамиле кылганың мени жибитти. Азыр өмүрдүн бир рахаты, эне болуурахатын көрбөй калганыма өкүнүп "кайра" жок аз күн болсо да сага энеболуп, аз болсо да энелик рахатты көрдүм деп кайра топук кыла өкүнбөй, денембалкып отурам, уулум. Мага сенчилеп "энекелеп" эч ким кайрылган эмес.Бу да мага Кудайдын берген белеги болсо керек. Менин жарык дүйнөдө жашашымажети эле күндүк мөөнөт калды. Эгер астыдагы жолугушуудан аман калып кайрылыпкелсең, мени тирүү көрбөйсүң. Ал эми жолугушууң кандай болот көрө билүүгө менинкүчүм жетпейт экен.
Ал жактан күчтүүжарык чачып, эч нерсе көрсөтпөй жатат. Сенде өтө улуу сыр катылган, аны көрүүгөда болбойт экен, күчтүү жарык көздү куйкалайт, - деген сөздөрдү укканда Шаанынжүрөгү дүкүлдөп, денеси бир "дирт" деп кетти.
- Чоочуба, мен сагажакшылык гана каалайм, - деди кемпир "шак" туюп.
Шаа далай көзү ачык,төлгөчүлөрдү көргөн, мындайды жолуктурбаган. Өзгөчө бүжүрөгөн араң жанкемпирден муну күтпөгөн.
Кароосуз калган алсызоорулуу кемпирди эмнегедир энесиндей көрүп, ак пейилден жардам бергени чындык.Ал түгүл кетеринде "Бул жерде жалгыз кыйын болот го, энеке. Карылар үйүнөалпарайынбы десемби", - деп да ойлоп жүргөн. Көрсө, сырдын баары бул жактажаткан тура.
Кемпир "Күткөнкишиң келип, атасынын арбагына сыйынып жүрөт" деп ким жөнүндө кеп кылыпжатканын Шаа илгиртпей туйду.
Тоодогу дербиш ламажөнүндөгү легенда канчалык кызыктуу болгон күндө да Шаанын барар жагы,"күткөн кишиси" болчу. Кемпир муну туура айтты.
"Чын эле Лининкызы келди бекен? Аны кемпир кантип билип алды?" деген суроо башына келди.
- Күткөн кишиңкелгени чындык. Андан кам жебе. А көрөкчө азыр жакшылап тамактаналы да, эртежатып жакшы эс алалы, - деп тамак даярдаганы чыгып кетти.
Шаанын санаасы-сангабөлүнүп, "Линин кызы келсе дагы канча жүрөөр экен. Балким кайра тез элекетип калаар. Эртең мененки автобус менен эле кете берсемби?" деген ойлормээсин жеп жатты.
"Бул түнү тынчуктаарымды да кудай билет" деп ойлогон. Кечки тамакты ичкенден кийин элеуйкусу келе баштады. Төшөккө башы тиери менен кантип көзү илинип кеткенин дабилбей калды.
- Шаа, ойгон. Бизжасай турган иштер али көп, - деген кемпирдин үнүнөн ойгонду. Көзүн ачса күннурлары терезеден төгүлүп туруптур.
- О-уу, аябайуктаптырмын го - деди өзүнө өзү таң кала. Мээси сергип, денеси бир башкачажеңил тартып, аябай жакшы эс алыптыр.
Кемпир ашкана тараптаэртең мененки тамакты даярдап жүргөн экен. Минтип тырп этпей уктай алчу эмес.Кейпи, кемпир кечки тамак менен бир нерсе берген шекилдүү. Канткен менен дашаша бербей кемпирдин айткандарын так аткаруу керектигин ички туюму мененсезди.
Экөө тамактанганданкийин ээрчишип, кемпирдин анда-санда эле киришчү конок бөлмөсүнө өтүштү.
Кемпир бөлмөнүн ичинтаптаза кылып жыйнап, төрдөгү Будданын келбетинин астына жаңы жибек жоолуксалып, терезелерди караңгылап туруп шам жагып коюптур.
Өзү бөлмөсүнө барып,бир башкача жасалгаланып кийинип келди. Кындуу эки кылыч анан жазылыгы биркарышча келген кызыл тасма бел боо ала чыкты. Алгач Шаанын белине белбоону үчороп байлады да, анан кылычтарды кынынын куру менен кайчылаштыра далысынабайлады. Кылычтан саптарынын учу ийиндеринен укумча чыгып турду. Анан:
- Кана кылычтардысууруп көрчү, - деди.
Шаа эки кылычты көзирмемде сууруп чыкты.
- Теңир өзү колдосун,кылыч суурушуң жаман эмес. Бир топ өнөр билээриңди туйдум эле, - деп күңкүлдөпкойду.
Кылычтар анча делеузун эмес экен, 65 сантиметрче бар. Бирок, таза болоттон жасалганы, албарстайкурч экени билинип турат.
Шаа кызыгып көпкөкарап калды эле:
- Кынына салып кой.Жайында тынч жаткырларды, - деди кемпир.
Экөө чөк түшүп жанашаотурушту. Кемпир ичинен бир нерселерди тынымсыз сүйлөп сыйына баштады.
Шаага болсо көздөрүнжуумп үн чыгарбай отуруусун буюрду.
Арадан канча убакытөттү ким билсин, Шаа бир кезде өзүн караңгы үңкүрдө учуп жүргөндөй сезебаштады. Үңкүрдүн сыртка чыкчу оозун таппай учуп жүрдү. "Уктап калып түшкөрүп атамбы?" деп ойлоп коет. Бир кезде аба жетпей кыйнала баштады.Аңгыча кичинекей жарык шоола көрүндү. "Кейпи, үңкүрдүн оозу ошол жактаболсо керек" деп жанталашып шоола тарапты көздөй учту.
Аңгыча өздөрүжарганат сыяктуу, бирок, чоңдугу ителгиче бар жандыктар кайдан жайдан учупкелип тепкилеп, жолун тосуп киришти. Колунан келишинче коргонуп жатты.
Эсине аркасындагыкылычтары түшүп, экөөнү тең сууруп алды да, эми кылычтар менен коргонууга өттү.
Тигил жырткычтар өтөшамдагай болушат экен. Чаптырбай буйтап жатышты. "Жок дегенде бирининканатын үзө чапсам башкасы коркуп качышат беле" деп канчалык билгеныкмаларына салып, шамдагайлык менен шилтесе да буйтап кетишет.
Дарманы кетип, шайыоой баштады. Эми тигилерди өлтүрө чапканды кой, өзүн араң коргоого жарап жатты.
- Балам чыда, менсага жардамга баратам, - деген Кадыр атасынын үнү угулду. Жанагы жарык шоолачыккан жактан Кадыр атасы учуп келатыптыр.
- Ата... Атаке мениндарманым калбай баратат, - деди демиге.
Кадыр атасы учупкелди да, Шаанын колунан кылычтарды ала коюп тигил жырткычтардын биринен салабиринин башын үзө чаба баштады.
- Карап тур, кылычтыкантип шилтеш керек үйрөнүп кал, - деди болот кылычтарды чагылгандын огундайчарт- чурт дедире шилтеп жатып.
Жырткычтар азаятүштү.
- Кана эми өзүңшилтеп көрчү, деп кылычтарды кайра Шаага берди. Бул жолу Шаа жаземдебей такшилтеп калыптыр. Күчү да толуп эс ала түшкөн экен.
Жырткычтар бүткырылды.
- Кадыр ата сизкөптөн бери келбедиңиз го? Мен сиз тапшырган иш менен алпурушуп жүрөм. Акырыизине түштүм, - деди Шаа ыйламсырай.
- Туура уулум. Сагажардамга келе албай жүрдүм. Себеби, күнөө өзүңдө. Атыңды өзгөртүп жибердиң.Акылдашып макулдук албай өзгөрттүң. Ошентип, мен сенден бөлүнө түштүм. Эмимындан ары дайым жаныңда болууга мүмкүнчүлүк ачылды. Сен эми өз жолуң менентигил жакка кет, мен бул жакка барам, - деди да жанагы ак шоола түшкөн жаккаучуп кетти. Шаа артына бурулса, үңкүрдүн оозу көрүнүп туруптур. Сыртка чыгыптаза абадан дем алганда эси оой түштү.
Шаа көзүн ачкандакемпир башында отуруптур. Өзү болсо бая эртең мененки бөлмөдө сулап жатканэкен.
- Энеке мен кайдамын?- деди түшүнө бербей.
- Баары жайындауулум. Азаматсың, баарына чыдадың. Сенин ички энергияңдын күчтүү экенинеишенгем. Эми башыңды көтөрүп бул сүттү шыпкай ич да, ордуңа барып жатып эс ал.Калган ишти эртең улантабыз, -деди да, чоң чыныга куюлган сүттү сунду. Курсагыаябай ачкан экен шак эле тартып жиберди. Кандайдыр бир чөптүн даамы бар сүтэкен.
Жатууга кам уруп атыпсаатын карап, түн ортосунан эчак оогонун билгенде таңдана түштү. Бирок, көпойлонууга дарманы келбей уйкуга кетти.
Эртеси окуукечөөгүдөй башталды. Кайрадан экөө жанаша чөк түшүп отурушту да, кемпиркүбүрөнүп сыйынып кирди.
Шаа дагы уктапкеткенсиди. "Кайрадан баягы үңкүргө барат экенмин" деп жүрөгүдүкүлдөй баштады.
Жок. Бул жолу үңкүргөбарбады. Кадыр атасы "жарк" деп маңдайында пайда боло калды.Баягысындай эле экен.
- Ата... Кадыр атасыколун көтөрүп, "сүйлөбө" дегендей белги берди. Баягы кичине кезиндемашыктырып жүргөндө "сүйлөбө" деп ушинтип белги берчү.
- Уулум. Теңиримжардам берип, сен ыйык энеге туш болупсуң. Сенден сураарым энеңдин айткандарынтолук, так аткар. Ошондо жолуң оң болот. Астыда оор беттешүү күтүп турат.Өзүңдү токтоо кармап, коркпо. Алдастап шашканда чечим чыгарба. Баарын ойлонупиште! - деди да кайра жок болуп кетти.
Шаа ойгонсо, кемпирэкөө эртең мененки калыптарында эле чөк түшүп отурушкан экен. Күн түштөн оопкалыптыр. Кемпир Шааны жылмая карады да:
- Уулум кудай буюрсаиш оңунда, мынчалык тез транска түшүрө алам деп ойлогон жок элем. Карысам да"бир койлук" алым бар экен. Бүгүн бүттү, эми эс ал. Эртең жолгочыгасың. Мен билген өнөрүмдү сенден аяган жокмун. Бүт үйрөндүң. Калганын эртеңжолго чыгып жатканда сүйлөшөбүз. Мен эми сага жакшылап туруп кечки тамакжасайын, - деп бүкчүңдөй ордунан туруп кетти.
Шаа чөк түшкөнкалыбында кемпир чыгып кеткиче отурду да, анан ордунан туруп, кылычтарды суурупалып бир нече кыймылдарды жасады. Өзүнө буга чейин тааныш эмес кыймылдардыкыйналбай жасап жатты. Кечөө кадимки Кадыр атасы кылыч шилтеген ыкмалар.
Бир нече бийлердибийлеп кыймылын текшерди. Кантсе да күн ара убакыт таап, денесинин ийилчектигинүзбөй машыктырып жүргөндүктөн кыйналган деле жок. Машыгууларын бүткөндөн кийинтокой аралап бир топко басып жүрдү. Тоолордон, токойдон өзүнө энергия сиңирди.
Кечки тамакты кемпирэкөө ашыкча сөз деле сүйлөшпөй ичишти.
- Туура ойлойсуң. Менсени тынч уктап, денең жакшы эс алсын деп айрым бир чөптөрдүн маңызынан тамаккакошуп коюп жатам, мындан эч кандай зыян жок. Тескерисинче пайда. Эртең жолгочыгаарыңда бир чөптүн маңызын ичирем, ал сага толук бир айга чейин ченемсизкүчтү, шамдагайлыкты, күйүкпөөнү тартуулайт, - деди кемпир, Шаа сурабаса деле.
Демейдегидей элетөшөккө башы тиери менен тырп этпей уктады.
Эртең менен эртеойгонду. Турса, кемпир эчак эртең мененки тамакка даярданып жүргөн экен.
- Уулум кандай эсалдың? - деди Шааны жылмая карап.
- Ойдогудай энеке.
- Жарым сааттан кийинтамак даяр болот. Азыр болсо өзөнгө жүгүрүп бар да, муздак сууга жуунуп кел, -деди.
Экөө тамактаныпбүткөндөн кийин;
- Отур уулум, эмижолго чыгаардагы сөздү сүйлөшөлү - деди да, өзү чөгөлөй, Шаанын бет маңдайынаотурду. Бир топко чейин ичинен күбүрөп сыйынып жатты. Шаа алгач "дагыуктап кетем го" - деген. Жок, уктабады. Анан сөздү кемпир баштады.
- Уулум, сенин каршылашыңдынастында бир күчтүү артыкчылыгың бар экен. Бул эркектигиң. Каршылашың аял кишиэкен. Кантсе да эркек деген эркек. Кармашса күчү да, акылынын тунуктугу да,туура чечим кабыл алышы да аялзатына караганда күчтүүлүк кылат.
Бир оор кемчилигиңбар экен. Бул да эркектигиң. Эркек аялга бат азгырылат. Аял эркекке карагандаамалкөй келет. Миң түрлөп кубула алат. Байкуш болуудан, бүжүрөп калуудан, тимэле бул дүйнөдө сенден башка эркек көрбөгөнсүп, элжиреп эзилип сүйө кароодоннамыстанбайт. Өз максатына жетиш үчүн аялдар өтө кара мүртөз келип, болгонайла- амалды бүт колдонот. Аялдар эркектерге караганда күнүмдүк жашоого чыдамдуужана жөндөмдүү келгендиктен, дүйнөдө эркекке караганда сан жагынан көптүккылышат.
Мына ушулайтылгандардан туура жыйынтык чыгар. Каршылашыңдын жүрөгүндө капкара уюганкоргошун турат. Ал сенин каның төгүлсө гана ээрийт. Ушуну эсиңден чыгарба.Чечимди өзүң чыгарасың. Жүрөгүңдү ук. Бирок, акылдан шашпа.
Анан ордунан турду даөз бөлмөсүнөн куржун көтөрүп чыкты. Ичинен эки кылычты алып чыгып Шаанын астынакойду. Үстүнө баягы кызыл тасма бел боону бүктөлгөн калыбында койду.
- Бул кылычтар ыйыккылычтар. Көзүңдүн карегиндей сакта. Жаныңа медер болот. Бул бел боону да көзкарегиңдей сакта. Бөтөн көзгө көрсөтпө. Ыйык бел боо. Душманыңа жолугаардакүрмөңдүн ичинен ороп ал. Кармаш башталганда күрмөңдү чечип ыргытып жибер. Булдушманыңдын көзүн уялтат. Эми эң негизгисин берейин - деди да, койнунан ичкеөрүлгөн кызыл, ак, сары, кара түстөгү алтын акак жибек жипке тагылганбармактай, тегерек тыйынга окшош, кызгылт алтындан жасалган медалөнду алыпчыкты да:
- Кел мойнуңду тос.Бул талисман жаныңды коргойт. Мойнуңдан түшүрбө. Каршылашың оңой эмес. Магакелген белгилерге караганда, биртоп сырларды билет. Ал көзүңө беш, тогуз, он үчкыз болуп көрүнүп, баары жабылып качырышы мүмкүн. Ошондо ушул медалөндукийимиңдин сыртына чыгарсаң нур чыгып, кайсынысы чыныгы душманың болсо ошонунжүрөк тушуна түшүп турат. Калгандарына күч коротпо. Ошол нур түшкөнү менен ганакармаш. Калгандары сөлөкөт, көлөкөлөр гана. Алар сага зыян кыла албайт. Эңнегизгиси каршылашың өзүнө түшкөн нурду көрбөйт. Ушундан куулук кылып,мүмкүнчүлүгүңдү пайдалансаң болот.
Кемпир "дагыэмнени айтпай калдым" дегенсип көздөрүн жума ойлуу отуруп калды да:
- Кейпи, барын айтыпбүттүм окшойт, - деди.
- Энеке мен издегенбуюм бирөө эле эмес, экөө. Экинчиси жөнүндө бир нерсе айта аласызбы? Жокдегенде кайда экендиги тууралуу.
- Уулум, сен издегенбуюмдар ушунчалык улуу касиетке ээ экен. Алар жөнүндө сөз болгондо эле жарыкнур чыгып, эч нерсе көрүнбөй калат экен. Мен мындайга өмүрүмдө биринчи тушболушум. Эгер ушундай күчтүү касиети болбогондо, далай көзү ачыктар эчак элетагдырын чечип, бириктирип коймок го. Билгеним ушул, - деди. Анан ордунан турупШаанын маңдайынан өптү. Шаа кемпирдин көзүнөн жаш тегерене түшкөнүн байкады.
Автобуска отурупжатканда кемпир экөө коштошушту. Шаа кемпирдин сөөгү эле калган, бырышкантерилер баскан колунан өптү да:
- Кош энеке, балкимиш бүтсө кайрылам, - деди үнүн пас чыгарып.
- Кош уулум, - дедида кемпир башка сөз сүйлөбөдү.
Ошол бүкчүйгөнкалыбында, автобус бурулуштан көрүнбөй калгыча бир ордунда карап турду.
ххх
Шаа түз Хун Лининайлына жөнөгөн. Айылдагы Линин анча-мынча чарбачылыгын карамжылап жүргөн уйгурчал Хун Линин кызы келип, эки күн жүрүп кеткенин, "кайра" дагы биржолу келип кетем" деп айтканынан башка эч нерсе дебеди. Шаа кайра шааргабарып иликтөөнү туура көрдү.
Шаардагы мейманканагакелип орун алып жатып, аркасынан бирөөнүн теше тиктеп турганын сезди. Акырын,жердеги жүгүн көтөрүмүш болуп караса, европалыктарча чыкыя кийинген узун бойлуу(Бою Шааныкынча бар) чымыр денелүү, көздөрү бакыракай кыз тикчийе караптуруптур.
Жүрөгү" издегениң так ушул" деп шыбырады. Жатуучу бөлмөсүнүн ачкычынчөнтөгүнө салып жатып, "Бул мени аңдып жүрөбү?" деген ойго кетти."Кандай кылсам, балким, ал кыз эместир. Жөн гана мени бирөөнө окшоштурганже жактырып калган кыздардан болсочу?" деген ойлор да келди. Ошентсе дамүмкүнчүлүктү колдон чыгарууга болбойт эле.
Ийиндегичи бар жолсумкасын колуна көтөрүп түз эле кызды көздөй бет алды.
Кыз мындайды күтпөсөкерек. Кичине буйдала түштү да Шааны такыр байкамаксан болуп тетири карап турупкалды. Качып жөнөөгө болмок эмес. Шаа басып келди да:
- Саламатсызбы, Америкадан качан келдиңиз? - деди.
Кыз көздөрүнбакырайта, таптакыр таң калган адамча Шааны тиктеп турду да;
- Сиз мени кимдирбирөөгө окшоштуруп жатасыз го? - деди.
Шаа кыздын анткорсупкалганын даана туйгандыктан, өзүнө-өзү бекемирээк ишенип калган.
- Мен сизди жакшытааныйм. Сиздин сүрөттөрүңүздү көргөм. Ал түгүл агаларыңызданвидеофильмдериңизди да көргөм, - деди кебелбей. Чынында ойдон чыгарыпвидеофильм тууралуу ашыгыраак айтып койду. Сүрөттөрүн көргөнү чын.
- Анан да сиздинмойнуңуздагы меңдей, сулуу меңдер бардык эле кыздарда боло бербейт, - депкошумчалады. Меңди да азыр көрүп айтып жатканы, кыздын кулагынын астында карамеңи бар экен.
Кыздын өңүнө кичинекызыл жүгүрө түштү. Кейпи "танган менен пайда жок" -деди окшойт.
- Болуптур, мен ФайЛимин. Эмне демекчисиз? , - деди кайра Шааны сынай тиктеп.
- Сиз экөөбүз сүйлөшөтурган сөздөр көп. Аны сиз да билесиз. Ошондуктан мени аңдып, вокзалдан беримейманканага чейин узатып келдиңиз, - деди Шаа кебелбей.
Чындыгында элеошондой болгон. Кыз айылдагы уйгур чалга "ким мени издеп келсе токтоосузмага билдиресиң, " - деп телефон калтырган. Бүгүн чал телефон кагып, Шааныкийминен бери сүрөттөп, кайсыл автобуска түшкөнүнөн бери айтып берген.
Кыз жооп айта албайбуйдала түштү.
- Жүрүңүз, тигиндейбарып кичине отуруп сүйлөшөлү, - деди да Шаа арыта турган мейманкананынфойесиндеги диван креслолор жакка басты. Кыз да үнсүз, Шааны жандай жөнөдү.
Экөө бет маңдайотурушкандан кийин бири-бирин сынай, тиктеше түшүштү. Экөө тең сөздү эмнеденбаштоону билбей турушту. Экөөнүн тең жүрөктөрү бир башкача лакылдап чыкты. Кекиртектеринебирдеме тыгылгансып араң дем ала, денелери ысый баштады. Муну ар кимиси өзүнчөтүшүнүп, ичтеринен "Бул менин көзүмдү байлап, гипноздук таасир берипжатат" деп ойлоп жатышты. Экөө тең бирдей деңгээлде кыйналып жатышканынтүшүнбөй, кыжырлануу сезимдери пайда боло баштады. Өзүн-өзү араң кармаган Шаа;
- Билесиңби, Фай Лиэкөөбүздүкүндөй жай жолугушуу балким акыркы миң жылдыкта биринчи жолу болупжатышы мүмкүн. Ошондуктан, колдон келишинче акылга салып сүйлөшөлү, - деди.
Кыз демигип, кыйналабаштаганын канчалык билгизбейин деген менен да дем алышы оорлоп бараткан.
- Экөөбүз бул жерденсүйлөшө албайт окшойбуз. Сен эки күндөн кийин, биздин айылдын үстүндөгү эски,кулаган монастырга кел. Ошол жерден жай сүйлөшөлү, - деди кыз.
"Азыр кетипкалбасам бул мени өзүнө баш ийдирип, таптакыр эс-учуман айрып коюшумүмкүн" деп ойлой баштаган. Жооп күтпөстөн эле ордунан шарт турду да,эшикке бет алды. "Жыгылып түшпөйүн" деп чымыркана кадам шилтепбаратты.
Эшикке чыкканда,суудан чыккан балыкча таза абадан кере-кере жутту. Айлана бозоруп, тумандайтүшкөн көзү ачылып, үстүнөн баскан оор жүк түшкөндөй жеңилдей түштү.
"Жөн элесүйлөшүп отургандагы гипноздук таасири ушунча болду, кармашсак кандайболот? " деп кыздын жүрөгү болкулдап баратты.
Ордунда отурганкалыбында кала берген Шаа да, кыз кеткенден кийин кичине убакыт өткөрүп араң эсалды.
"Бул кыз укмушго. Кейпи, мага "гипноздук таасир бере албай койдум" деп кетип калдыокшойт. Дагы он-он беш мүнөт отурганда менде сүйлөөгө дарман калбайт эле"- деп ойлоду.
Экөөнө тең бирдейкүчтүү таасир берген касиет, сырдуу күч, чындыгында кайдан келгенин экөө теңбилишпеди. "Улуу сырдын" кылымдан кылым аттап, биригип ачылбайкелатканынын түйүнү балким ушундадыр.
Биле да алышмак эмес.Анткени, экөөнүн тең жүрөгүндө бири-биринен шек сактоо, карама-каршылык, тирешүү турган. Так ушул урук балким китеп экиге бөлүнгөндө ташталып, адамдагыадамдык "улуу дүйнөнү" экиге ажыраткандыр. Экиге ажыраганда да такушундай жан чыдагыс кыйналуу болгондур. Эми бул бир адамзаттын өмүрүндөгү кылымдан-кылымартып келаткан табышмак го.
Кызга жолукса эле"Бас бул жакка" деп астына салып айдап алып, каалаганына жетчүдөйболгон Шаа "Токто, сөздү бүгүн эле бүтүрөбүз. Эч жакка кетпейсиң. Сенитабам деп бекер жер кезип жүрүмтүрмүнбү. Ушул бойдон куйругуңду түйсөң, дагыкайдан тапмак элем" дегенге жарабады. Үн чыгарууга алы келбей ордунда калаберди.
Ушунун баарын ойучугунан сыдырып өткөн сайын астындагы жолугушуудан заарканып турду. Эки ойдожанчылды. Ал түгүл, "жолугушууга барбай, качып жөнөсөм кантет?" дегеназгырыкка да алдырып, кайра өзүн токтотот, "Улуу сырдын" бир учугуменде турганда өлтүрүшпөйт. Бирок, колго түшүрүп алып, адам чыдагыс кыйноогосалуулары толук мүмкүн. "Эгер колго түшүп кала турган болсом, коөбербесеңер өзүмдү өзүм өлтүрөм деймби?.." Түрлүү ой учугуна жетеленет. Күнсайын отуруп алып Теңирге сыйына баштады. "Эртең жолго чыгам" дегенкүнү Кадыр атасы түшүнө кирди. Тим эле өңүндөгүдөй маңдайына келип чөгөлөйотурду да "Уулум, эртең сен үчүн оор күн. Ошондо да чыда. Жеңүүгө аракеткыл. Өзүңдү карма.Акылыңдан шашпа, ар бир кадамыңа аяр бол. Айыл үстүндөгүбузулган монастырга барбай, жолугушууга башка жерди белгилесең болмок. Эми кечболуп калды. Кыз сени ошол гана жерден күтөт. Дагы бир эскертейин, кызмонастырдын урандыларын аралай качып сени ортосуна азгырат. Колдон келишинчечеткерээк жагында болууга аракеттен. Кыз сени ал жакка чакырганынын себеби,өткөн ата-бабаларынын арбактары бүт ошол жерде. Алардын колдоосуна таянмакчы.Мен колумдан келишинче жаныңда болуп көмөктөшөм" - деди да жок болупкетти.
Шаа ойгонуп кетипКадыр атасы менен "өңүмдө сүйлөштүмбү же түшүмдө сүйлөштүмбү? " депайрып биле албай дендароо болуп жатты. Анан кытай кемпир эсине түштү.
"Аз күн чогуужашасак да тууган энемдей болуп калды. Мынчалык эч ким жүрөгүмө жакын болгонжок эле. Эртең кыз менен жумушум бүтсө кайра бир барып, кабарын алышымкерек" деп койду.
ххх
Күн нурлары тообаштарынан жаңы чачыраганда Шаа кыз айткан эски монастырга келди. Ийиндегичименен асынган жол сумкасынан баягы кытай кемпир берген буюмдарды алып чыгыпбеттешүүгө даярдана баштады. Күрмөсүн чечип салды да, бел боону үч каттапбелине ороду. Артына кылычтарды тагынды. Баары даяр болду дегенден кийин түрлүүкыймылдарды жасап, керилип чоюлду да кызды күтө баштады. Шаа "кыз аликелелек болсо керек" деп ойлогон. Чындыгында кыз түндө так ушулмонастырдын урандыларынын арасында түнөгөн. Таң сөгүлө ойгонуп, ал дабеттешүүгө даярданып, бир башкача кийинген. Үстүндө таза кытай жибегинентигилген мала сары шым, көйнөк кийип, артына эки кылыч байланып, анын үстүнөнжука жибектен тигилген мала кызыл халат кийген. Халаты "элп" эткенжелге да "желп" этип жайылып, толкуп үлбүрөйт.
Монастырдын такортосунда жерге орнотулган кара мрамор ташка чегилип жасалган Будданын келбетибар болчу. Кыз ошонун астында күн көтөрүлгүчө чөгөлөп отурду. Чачын экимүйүздөй кылып түйүп туруп, ар бир жагына кынга кийгизилген, болоттон жасалганичке, жебеге окшогон, узундугу карышча бычактарды үчтөн сайып койгон.Билегиндеги чыканака чейинки билек каптарда да түрлүү ыргытуучу куралдарлезвиядай курч жылдызчалар, ийнелер тагылган. Мунун баары тээ байыртадан кытайэлиндеги чыгыш-мушташында колдонулуучу куралдар. Бутунда жеңил териден чыкыйтатигилген операнын балериналарыныкына окшоп кеткен өтүк.
Кыз күн аркан боюкөтөрүлгүчө чөгөлөгөн калыбында отурду. Анан бир кезде кимдир бирөө ордунаналаканга салып көтөргөнсүп каалгый көтөрүлүп турду да учуп бараткансып, ортодогу чакан аятчаны каалгый тегеренип чыкты да, кайрадан ортосуна келипкаккан казыктай түптүз болуп буттарынын учунда туруп калды. Чимирилип-чимирилипкетип "шпагат" отура кайра Буддага жүгүндү.
Урандыларды аралапалаксый түшкөн Шаа күтүүсүз бирөө түртүп ийгенсип ордунан чимирик ата үчкадамча артка секиргенде, эки бычак көз ирмемче мурда турган ордуна шуу-шуусайылды. Кылак деген кыздын жеңил кызыл халаты урандылардын арасынан биркөрүнүп жок болду.
Кыз сүйлөшүүлөрдүжүргүзүп убакыт коротпой түз эрегишке чыкканын түшүнгөн Шаа илбирстей сак болупкалды.
Кадыр атасынын" монастырдын ортосуна барба, чет жагындагы аянтчаларда беттеш" дегениэске түшүп, чимириле секирип четтеги түз, кенен аянтчага өттү. Эми ураганмонастырлар бет маңдайында, арты ачык. Коргонууга жеңил болуп калды.
Кызгылт халатыжелбиреп, үзүктөй жайылган кыз урандылардын кырынан көз ирмем пайда боло калдыда кулакты жара ачуу чаңырып учуп келип, Шаанын астында беш кадамча жер мененжер боло, бүрүшүп отуруп калды.
Экөө бир мезгилдекылычтарын сууруп алышты да, бири-бирине шилтеп калышты. Көзгө илээшпейшилтенген кылычтардын миздери бири-бирине тийгенде чартылдаган учкундар туштарапка чачырап жатты.
Кыздын жибек халатыжөн халат эмес экенин Шаа бат эле билди. Кыз болсо улам халатын Шаага оройыргытып айланат. Шаа халатты кылычтары менен "барча-барча үзүп, чаапсалайын" десе, халат кылыч тийгенде булуттай гана кылычтын мизиндеайланып, кесилбей чыгып кетет. Кыз улам артка секирип, Шааны монастырдын ортосужакка алып баратты. Шаа буга чейин мындай сулуу кызды көрбөгөндүр, бетининжамалындагы нур албыра жанып, көздөрү жайнайт. Жука, жибектен чыпыйта тигилгенкийим, бар мүчөсүн келиштирип, көкүрөгү кош алмадай тикчийип, үрптөрү жибектитирейт. Өзүнүн да өңүндө душманы менен урушуп жаткандай жек көрүү, кыжырдануужок. Сүйгөнү менен тамашалашып, эркелеп ойноп жаткансып, ууртунда күлкүтөгүлүп, элжирей карайт. Чабуул койгондо гана ачуу чаңыра, кичине кабагы түйүлөтүшөт.
Шаа өзүнүн чын урушупжатканына деле көп ишенбей, негизинен коргонуп жатты. Оюнда "сүйлөшүпсөзгө келсек" деген менен тынымсыз чабуул койгон кыз сөз айтууга мүмкүндүкбербеди. Барган сайын Шаа кыздын өлтүрүүгө эмес, колу-бутун үзө чабууга аракеткылып жатканын туя баштады. Алгачкы кызуу беттешүүлөр өтүп, экөө тең тергечөмүлө демиге башташты. Эми ар бир кыймылдарын эсептеп, бекер күч коротпошкоөтүштү. Кыздын шамдагайлыгы, чыгыш күрөшүн укмуштай чебер билгени Шааны сакболууга түрттү. Бир нече жолу аз жерден кыздын кылычына илинип кала жаздады.Москвада окуп жүргөнүндө, чыгыш күрөшүнүн чеберинен машыгып жүргөндө, беш жылбою жалаң кылыч, бычак, таяк, шалк этмелер менен чабышуу ыктарын өздөштүргөнэле. Кылыч чабышууну Кадыр атасы да үйрөткөн. Бирок, жыгачтан жасалганкылычтарга кейип, "чыныгы болот темирдин сүрү башкача болот. Жыгач кылычменен үйрөнгөнүң иш эмес" деп калчу. Эмнеси болсо да Кадыр атасынын,Москвадагы чыныгы самурай машыктыруучусунун эмгектери текке кетпептир, барган сайынчарчап, алы кетиштин ордуна айрым унуткарган ыкмалар эске түшүп, кылычычагылгандай чыртылдай аба тилет. Кейпи, болот ысып чыкты окшойт, алакандынысыганы күчөп баратты.
Шаага кылычынынучтары ал түгүл чоктой кызаргансып көрүнө баштады. Баягы кемпир уктатканда жарганаттарданкоргонуп Кадыр атасы шилтегендей ыкма, менен жыланча ышкыра шилтеп өткөндө,кыздын колундагы эки кылыч тең ортолорунан чырпыктай чырт-чырт кесилип түштү.
Халатын орой ыргытканкыз качып, урандылардын үстүнө чыга качты. Шаа халатты кылычы менен тиле-тилечаап бошонгуча кыз кутулду. Эгер халат болбогондо, кыз азыр мойнуна кылычтакалып, чөгөлөп отурмак эле.
Шаа кыздын артынансекирди. Кармаштын кызуусу менен улам монастырдын ортосундагы аянтчага жакындапбаратканын элес албады. Кадыр атасынын "Уулум" деген добушу алыстанугулгансыды. "И-и колдоп жанымда жүргөн экен" деп койду. Шаакылычтарды шарт кынына сала, кызды издеп, аяр алдыга басты. Кыз кайра да ачуучаңыра секирип чыгып, эми жылдызчаларды шуулдатып биринин артынан бирин ыргытыпкирди.
Шаа ордунан чимирилебелиндеги белбоосун чечип алды да, жылдызчалардан белбоо менен коргоно баштады.Кыз ыргыткан жылдызчалар менен ийнелер белбоого шыгырап сайылды. Бири да тилипөтө алган жок.
Силкип түшүрүп алдыда, белбоосун кайра белине шарт ороп байлады. Колдорун эки жакка каркыранынканатындай жайган кыз кайра чабулга өттү.
Көзгө илээшпейчимирилген кыз таштан чегилген Будданын астына барып туруп калды. Эмнегедиркулактары дүңгүрөй түшкөнсүдү. "Гипноздук аракетин баштады окшойт", -деп ойлоду Шаа. Мойнундагы тумар медалөнун кийиминин сыртына чыгарды эле,кичине кулагынын дүңгүрөгөнү басаңдай түштү.
Кыз көз көрүнөөкөбөйө баштады. Анын артынан кызга куюп койгондой окшош төрт кыз чыкты. ЭмиШааны беш кыз айланып, тегерене басышты. Өмүр менен өлүмдүн айкашкан чегинежеткенин жүрөгү туйган Шаа жаалдана баштады. Буттарын бириктире калып, жергеопера бийчилериндей буттарынын учу менен гана таканчыктай, денесин созоийреңдей колдорун көтөргөндө, "кобра" жыланга окшой түштү. Жыландынышкырыгындай добуш карышкан тиштеринен сыбызгый чыгып, өзү ордунда куюндайчимирилип барып, сыбызгыган тири укмуш үн чыгара, шак секире аянтчанынортосунан четине чыгып кетти.
Кыздар кайра биригипбирөө болуп калды. Шаа монастырдын ортосундагы аянтка Кадыр атасы"барба" деген жерге түшкөнүн билди. "Кайра артка качып четкечыксамбы? " деген ой турса да, жигиттин намысы жар бербеди. "Кантипкыздан качам?" деп тартынды. Анын үстүнө кыздын үстүнөн болгон бир жеңишэрдемсинтип да койду.
Кыз да жигиткекөздөрүн жайната карап, каркырача керилип колдорун жая, бутунун учтары мененайлана басты. Көпкө созуп отурбай кыздын бел омурткасын мертинте муштап колготүшүрүүнү көздөгөн Шаа качырып сала берди. Шилтеген соккуларынын бири да кызгатийбеди. Экөө абада каалгый түшүп да, жерде томолонуп кетип да, колдор мененда, буттар менен да бирин-бири мерчемдүү жерге урууга аракеттенип жатышты.
Ачуу чаңыра чимирилесекирген кыз кайрадан Будданын астына туруп калды. Кайта көбөйүп кетти. Эми бешкыз беш жактан чабуул койду. Шаа алгач баарынан коргонуп жатты, анан кытайкемпирдин айтканы эсине түшө калды. Кайсыл кыздын көкүрөгүндө медалендун нурубар экенин издей баштады. Улам арт жагына өткөн кыздын көкүрөгүндө гана чын элемедалөнго окшогон кызгылт сары нур жаркылдап жүрдү. Кыз кызгылт сары түстө кийинипалгандыктан муну араң-араң байкады.
Айлана чимирилгенкыздардан анын артка өтүүсүнө атайлап эле шарт түзүп, астындагыларга алаксымышболуп куулана баштаган менен бир секунд да аны байкоосунан чыгарган жок.
Кыздар дагы ачуучаңыра чабуулга өтүштү. Шаа "шак" далысы менен жерге жата калды даартынан секирип келаткан кызды бутунун томугуна тээп калууга үлгүрдү. Кызбутуна оңдуу тура албай, үч-төрт аласалып кетти. Соккунун даана тийгенине толукишенбесе да, Шаа кызды биртоп жабыркатканына көзү жетти.
Тегеректегендер жокболуп кетип, бир бутуна оңдуу тура албай, аягын сүйрөгөн кыз көздөрүнжашылданта туруп калды. Шаа "эми жакшы сүйлөшөбүз го", - деп ойлоду.Кыз будданын келбетине сүйөнө айлана качты. Эмнегедир Шаанын кулактары кайрадандүңгүрөй баштады. Жер айлангөчөк атып башы жарылып барат. Кандай болуп кетти.Эки кулагын алакандары менен баса калды. Көздөрү тумандай түштү. Будданынкелбетинин артынан чокчо ак сакалы бар, чачы аппак чал чыгып келди да, узункылыч менен качырып сала берди.
Шаа эки кылычын араңсууруп алууга үлгүрдү. Шуу-шуу шилтенген кылычтан араң коргонуп жатып"Ата. .. Кадыр ата... атаке" деп чырылдап жиберди. Чагылганчартылдагандай добуш чыгып нур түштү да, Кадыр атасы пайда болду. Жыландынышкырыгындай добуш чыгара, тигил чал экөө кармаша башташты.
Дендароо болуп өзүнөкеле албаган Шаа "Кыз кача электе кармайын" деп ойлой, Будданынкелбетинин артына айланды. Кыз жок экен. Арытадагы урандыларды аралай чуркады,кыз эч жерде жок. Монастырга келчү жол тарапка жүгүрдү. Монастырдын урандысынынарасынан чыккандан кийин кулагынын дүңгүрөгөнү басыла түшүп, жерге шалак отуракетти. Кыз эч жерден көрүнбөдү. Көпкө отура албады. Кайра артка бурулуп,эмелеки ортоңку аянт жакка жүгүрдү. Айлана мемиреген тынчтык. Жанагы ак чачкытай чал да, Кадыр атасы да көрүнбөйт. "Өңүмбү, түшүмбү, менин акыл эсимордундабы? " - деп башын мыжый жерге отура калды. Акыл-эси ордунда элеөңдөнөт. Кайра бүт урандыларды аралай чуркап кызды издеди. Жер жутуп кеткенсипдайынсыз.
Күн батып күүгүмкиргиче, монастырдын урандыларынын кычык жерин калтырбай тинтип чыкты. Кызбулут болуп абага сиңип кеткенсип эч жерде жок. Акыры, үмүтү үзүлгөндө айылгажүгүрдү. Кызды айылдан да эч ким көрбөптүр. Ошентип, кыз жиги билинбей жоголду.
Чындыгында кыз ураганмонастырда кала берген. Будданын келбетинин артында оозу таш капкак мененжылдырылып жабылган, жер алдына түшкөн жол бар болчу.
Кыз тизесинин томугучыгып кеткенде эле, эптеп ошол жерге жетүүнү көздөдү. Шаанын көзүн жазгырып,көрүнбөй кире качуу керек болчу. Болбосо, бир буту менен Шаага туруштук береалмак эмес. Шаа экинчи бутунун томугун да чыгара тепмек да, жөрмөлөтүп коймок.Андан соң каалашынча кыйнай бермек.
Кыз өзү дакүтпөгөндөй окуя болду. Мезгилинде "чыгыш күрөшүнүн атактуу чебериболгон" деп сүрөтүн көрүп жүрчү чоң атасы пайда болду. Кулактары дүңгүрөп,жер айлан-көчөк атып, эси ооп баратканда "Кызым жашын" деген сөзкулагына угулду. Эптеп жер астына түшчү жолго жетти да, өзү кирген соң таштыжылдырып оозун жапты. Анан өзүн жоготуп, эси ооп калыптыр. Түшүндө өз атасы,чоң атасы, энеси болуп "Ай кызым, ай кызым" дешип бутун дарылапжатышкан экен. Канча жатканы белгисиз ойгонсо, бутунун ооруганы басаңдапкалыптыр. Чоң атасынын "кызым, томугуңду момундай кармап туруп бармагыңменен сүйөй, экинчи колуң менен катуу урсаң ордуна келет", - дегени эсинетүштү да, так чоң атасы айткандай жасады.
Тим эле денесин токургандай катуу ооруду да, кайра жаны жай ала түштү. Чыккан томугу ордунакелгенин билди.
Бул жай өзүнчө элежер астындагы бир бөлмө үй болчу. Түндө кыз ушул жерге түнөгөн. Китеп да ушулбөлмөнүн таш дубалына катылган. Жыгач үкөктө түрлүү, жанды жай алдырчу дарылар,мумиөлор бар болчу. Сылтый баскан кыз керектүү дарылардан ичти да, сереге барыпчарчаган денесин жая талыкшый үргүлөдү. Бул жайды азыр кыз гана билет. Башкажан билбейт. Сыртынан оозун ачуу мүмкүн эмес. Таш эшиктин сырын билген кишилергана ача алат. Болбосо, он киши биригип да, түртүп же оодарып ачуу мүмкүн эмес.Ошондуктан бейкам уйкуга кетти.
ххх
Көз алдындагы кыздыкүтүүсүз жоготуп жибергенге, акыркы күндөрдө түшүнө арбактар көп кирип, алтүгүл эски монастырдан көзүнө кадимкидей көрүнгөнгө Шаа мурдакыдай болбой, булкитепте кандайдыр бир сырлуу күчтөрдүн да байланышы бар экенине, андай тышкысырдуу күчтөрдү жеңүүнүн жолдорун да үйрөнүшү керек экенине ишенип калды.
Чындыгында Шаакудайга ичинен ишенген сезими болгону менен динчил эмес болчу. "Арбак,адам акылы жетпеген сырдуу күчтөр" дегенге көп деле ишене берчү эмес.
Монастырдагыжолугушуу таптакыр шаабайын суутту. Эгер кыздын көз алдында бир нечеге көбөйүпкеткен, кайра такыр жок боло алган касиеттери бар болсо, кармап калууга такырмүмкүн эмес го. Мейманканада уйкусу качып көз ирмей албай жаткан түндөрдө мынаушуларды ойлоп башы катты.
"Эмне үчүн ХунЛиге жолукканда мындай сыйкырдуу таасирлерге жолуккан жокмун?" деген суроода жоопсуз турду.
Хун Ли ден-соолугуначарлап ооруй баштаганда кызын чакырып, китептеги болгон касиеттерди, сырлардыбүт түшүндүрүп айтып тапшырганда, сыйкырдуу касиеттер кызга өтүп кеткен. МунуШаа түшүнө албайт болчу.
Кызды таба албасынакөзү жетти. Эми кандай кылат? Акыл сураар киши таппады. Ошондо баягы кытайкемпир эсине түштү. "Кой, ошол энеге барып акыл сурайын. Кыздын кайда,кантип жоголгонун балким билсе ошол кемпир билет" деп чечти.

#15 14 Сентябрь 2012 - 09:21
Кыз бир жумамонастырдагы бөлмөдөн чыккан жок. Күн сайын көнүгүүлөрдү жасап өзүнүнден-соолугун тазалап, калыбына келтирүү менен алектенди. Бир жумада барып бутукадимкидей калыбына келди.
"Шааны кайраиздеп чыксамбы?" деп нечен тап койгон менен батынбады. Анын үстүнө түшүнөчоң атасы кирип "Али сен аны менен беттешүүгө даяр эмес экенсиң. Дагыдаярдан. Учуруңду күт" деп айтып жатыптыр.
Шаанын эң сейреккездешчү чыгыш күрөшүнүн сырларын билгенине таңданды. Анын кытай эмес экенин,башка улуттун өкүлү экенин билип турду. Атасы китептин изи "кыргыз" деген элге барып жоголгонун айткан. Америкада жүргөндө кыргыздар жөнүндөизилдеп чыккан эле. Аларда чыгыш күрөшүнүн спорттук түрү менен машыккандаракыркы жалдарда болгону менен, атадан балага мураска өтүүчү, сейрек кездешүүчүсырлары такыр жогун окуган.
Шааны көргөндө элебилди, мыкты спорттук даярдыгы бар экенин. Чымыр денеси, карапайым адамдарчатаманын жерге толук таштап балпактап баспай, бутунун учу менен жеңил кадамшилтеши. Аярлыгы. Бирөө аркасынан карап турганынан бери биле алган сезимталдыгыкөп нерсени туюнткан. Анын үстүнө атасынын үйүнүн да жөн өрттөнбөгөнүн билген.Атасы оорулуу болгон күндө да, анча-мынчаларга оңой менен моюн суна калбайтурган чеберлерден болчу.
Мына ушунун баары сакболууга түрткөн менен мынчалык каршылыкка учурайм деген эмес. Дагы жакшы,аялдык сезимталдыгы менен эмнегедир астыдагы кармаштан жүрөксүп, жер астынакирчү жолду өзү баткыдай кылып астына ала кичине ачып коюптур.
Түрлүү амалдардыойлоп жатты. Балким жолугуп, "Жеңилдим, баатыр экенсиң. Сени сүйүп калдым,баш кошолу да китепти бириктирели" деп жароокерленип ишенимине кирип, ананкитеп колго тийгенде жайлап таштаса кантет.
Мынчалык тыкандаярдыгы бар Шаа ошондой жөнөкөй алдоого эле түшө калабы? Жок. Китеп колунатиери менен гипноздук таасир менен болсо да башын айлантып, жарым эс кылыпташтасачы. "Эмнеси болсо да кайра кездешкенге чейин миң түркүн амал ойлоп,даярданышым керек" деп чечти.
Кыз кийинки жумадаокуусун улантыш үчүн Америкага учуп кетти. Шаа менен кайрылып качан жолугаарыбелгисиз бойдон калды.
ххх
Шаа айылга келсе,кемпир өлүп калыптыр. Үйүн анча-мынча жандыгы, мүлкү менен кошуп, баягы арактыжакшы көргөн чалга калтырыптыр. Ал аракечтин өз үйү кароосуздан урап, кишижашоого мүмкүн болбой калган экен.
Кемпирдин өлгөнүнөШаа эң жакын адамынан айрылгандай кейиди. Мүрзөсүнө барып "Кош энеке,энемдей болуп калдың эле" деп көзүнөн жаш мончоктоп ыйлады. Коюлган жеринкөрсөткөнү аракеч чал кошо келген. Кайра кетүүгө камынышканда:
- Энең сенин кайрылыпкелээриңди билген эле. Менден бир ооз суранган. "Мынабул жол сырлууүңкүргө алып бараарын айтып кой деп" деди да ордунан туруп башка сөзайтпай, бөкчөңдөй басып кете берди.
Энесине кайгырып оючачкын болуп жатып, баягы укмуштуу үңкүр, андагы касиеттүүлөрдүн касиеттүүсү, улуктун улугу болгон лама жөнүндөгү легенда эсинен чыгып кеткен экен.
Азыр кайра эсинетүштү. "Кантсем, барып көрсөмбү?" деген кызыгуусу жеңип кетти да,кармашка даярдангансып жол сумкасынан баягы кемпир берген белбоону үч имеребелине байлап аркасына кылычтарын асынып, күрмөсү менен жол сумкасын энесининмүрзөсүнүн жанына калтырып, жолдун таманына отурду да, Кудайга, арбактаргасыйынды.
Кулагына дүңгүрөгөнкалың кол келаткансыган добуштар угулуп барып токтоду. Энесинин "Ак жолуулум. Теңирим өзү колдосун. Тартынбай ыйыктардын ыйыгына барып көр. Калганынтагдырыңдан көрөөрсүң" деген үнү кулагына угулгансыды. "Эмнеси болсода көрөйүн" деп тасма жолго кадам таштады.
ххх
"РыжыйБолоттун" иши Азият менен тирешип калгандан бери кыйшаңдай баштады. Кичинеэле жаза баскан жигиттери биринин артынан бири колго түшүп, органдыншимшүүрлөрү артынан сая кууп алды. Бир нече жолу эмгеги өтүп чет өлкөдөгүбанктардан акча "жуушка" жардамдашкандарга телефон чалып, жолугуугааракеттенгенинен майнап чыкпай, баары сүйлөшүп алышкасып сыртын салып калыптыр.
Туура, заман өзгөрөбаштады. Муну "Рыжый" деле көрүп турат. Көзү анчалык сокурларданэмес. Баягыдай отко-сууга салсаң да кайра тартпаган жаш жигиттерди" азаматсың" деп далыга таптап түртүп коюп, рэкеттик менен чөнтөктолтурчу мезгил өттү. Өзгөчө тоодой жөлөк болуп туруучу Америкадагы" Самурай" кармалып, кесилип кеткенден бери ого бетер кадыры түшүпкалды.
- Ак жакачандардынкороосуна таш ыргытпаш керек эле. Алардын аймагынан алыс жүрүш керек эле. Эх,эми кеч болуп калды, - деп үнүн чыгара сөгүнүп-сөгүнүп алды да, адатынчаордунан ыргып туруп, бөлмөнүн ичинде ары-бери баса баштады. Кечөө негизги күчүболгон чоң базарды кармап "взнос" алып турган жигиттери бүт группасыменен кармалып, камалды. Эки-үч жерге телефон чалып ишти жеңилдетип башчыларынкуткарып алып, майда-чүйдө "шестеркаларды" калтырганга аракеттендиэле болбоду.
Кармалгандардынарасында көп кандуу иштерге чалынгандары да бар. Менттер ар бирин өзүнчө"эзип иштеп чыкканда" эле ачыла баштайт. Жиптин учугу болсо чубалыпотуруп "Рыжыйга" такалат. "Рыжыйды" ала коюш кыйын. Ошондода сак болгону оң. Тигине, кол жеткис болду, - деп Америкада жүргөн"Самурайга" деле "татынакай ишти" тагып туруп кармапкоюшпадыбы. Азыр ар бир баскан изине сак болбосо, негизи чет өлкөгө куйруктутүйүп жылт койбосо болбой калды окшойт.
Ары-бери бөлмө ичиндебасып жатып "Рыжый" ушуларды ойлоду. Азиятты кантсе. Чет өлкөгө кетеберүүгө мүмкүнчүлүктү эчак түзүп койгон. Бир кезде "баланданы" неченчогуу ичишкен досу Италияда чиренип турган кези. Четтеги үч банкта жетишээрликакчасы жатат. Жөн эле качып кетеби. "Рыжый" бирөөгө өчүгүп калса,"таза сүйлөшмөйүн" өмүрү качып көргөн эмес.
Кайра креслосунакелип отурду да "Сөзсүз сүйлөшүүм керек!" деп алакандарын чаап туруп,ушалап- ушалап койду.
ххх
Азият кызуу уйкудажатса да кимдир бирөөнүн тикирейип тиктеп турганын туйду. Али толук ойгоно элекжатып "кандай аракет жасасам" деп ойлоно баштады. Дайыма жаздыгынынастына коюп жүргөн пистолетине кантип жетсе экен. Уйкусурамыш болуп оодарылыпкөрөбү.
Эч нерсенин жигинбилгизбегенге аракеттенип, бир калыпта дем алуусун улантып, уктап жатыпоодарылгансып оодарыла кетти да, жаздык астына кол сунду.
- Издебей эле кой, алжакта эч нерсе жок. Сага окшогон жылан жөн жай жатпасын кантип эле билбейкалайын, - деген киркирегирээк, кекерлүү үн чыкты.
Эчак ойгоо жатканадамча башын көтөрүп жаздыктарды кабаттай аркасына жөлөй койду да:
- Келипсиң мейман.Эмне кеп-сөзүң бар, сүйлөй бер. Кулак сенде, - деди да дивандын этегиндегижумшак креслодо чалкалай отурган капкара кийимчен, чакан бойлуу адамды жакшылапкароого аракеттенди.
Бөлмө ичи күңүртжарык болуп, стол лампасынын жарыгы Азият тарапка багытталып тургандыктантигинин жүзү жакшы көрүнгөн жок.
- Келдик. Сүйлөшөлүдеген жай сөзгө көнбөй тескери кыймыл жасайсың. Анан күтүүсүз мейман болупкелишке туура келди.
- И-им. "РыжыйБолотмун" де. Эх, "Рыжый... Рыжый..." Акыры ушундай ишке дабармак экенсиң да. Кол созуп дивандын баш жагындагы жанына коюлган тумбанынүстүндө жаткан сигаретти ширенкеси менен алды да тутантып, эки-үч жолукере-кере соруп үйлөдү.
- Баралбайт, - депойлодуң беле?
- Ким билет. Балкимсени баалай билген эместирмин. Мен туруп кийинейин. Экөөбүз тигил коңшу бөлмөгөчыгып эркектерче шашпай сүйлөшпөйлүбү?
- Азият мени жаш балаойлоп турасыңбы? Эркектерче эби келсе көрдө деле сүйлөшө берсе болот. Ананкалса экөөбүздүн сүйлөшөөр сөзүбүз деле жок. Аны өзүң деле жакшы билесиң.
- И-им, түшүндүм" Рыжый". А сен ушул жерден тирүү чыгаарыңа ишенесиңби?
- Азият мен сенибашкача баалачу элем. Көрсө, катардагы эле бир байкуш окшойсуң. Эгер мен тирүүкирип, сенин маңдайыңда отурсам демек, кайра тирүү да чыга алам да.
- Аның туура. Бирок,сен мени менен учурашып койгонго эле келген жоксуң да. Туурабы?
- Туура.
- Демек, сенинсурооңду канааттандырыш үчүн мен ордумдан туруп коңшу бөлмөгө өтүшүм керек.Анан аны ачышым керек. Ал жерде сейф деген бар, аны да ачууга туура келет. Бөлмөачылганда да, сейф ачылганда да "сигнализация" деген иштейт.Төмөндөгү кайтаруучулар эле эмес, коңшу үйдө эс алып жаткан кайтаруучулар даойгонот. Жашыруун телекамералар иштеп, экөөбүздү көрүшөт. Анан кантип кутуламдейсиң?
- Да-а... оңой жыланэмессиң. "Рыжый" чындап ойлонуп калды.
- Кинолордогудайменин кежигеме пистолет такап "жетелеп алып чыгып кетем" деп ойлобойэле кой. Снайперлер артыңда да астыңда да болот.
- Демек,"Бриллиант жыланды" алууга такыр жол жок дечи. Анда кур кетпей, жокдегенде бир душмандын, болгондо да эң чоң душмандын көзүн тазалап кетишке тууракелет.
"Рыжый" башына глушитель тагылган пистолетти көтөргөндө Азияттын денеси дүр дей түштү.Өмүрүндө биринчи жолу ажал менен бетме-бет турушу.
Пистолеттинүңкүрөйгөн оозун тиктей албай, муундары калчылдап, ал түгүл сүйлөөгө сөз датаппай калды. Ажал мурда да нечен тооруган, бирок, мынчалык бетме-бет келгенэмес.
- "Бриллиантжылан. ..", "Бриллиант жылан" мага чейин да нечендердин башынжуткан экен, эми мени да жута турган болуп калды көрүнөт. Эмне дейбиз, тагдыргакөнөбүз да, - оор үшкүрүп алды, - эң кызыгы азыр "Бриллиант жылан"менин колумда эместигинде.
Буга ишенсең койсоңөзүң бил. Баары бир менин күнүм бүтүп, ичээр суум чегине жетип турат. Сенменден ал оңбогон жыланды алганда да өлтүрмөксүң, албай кетсең да өлтүрөсүң.Башка жолуң жок. Болгону өлөөр астымда чындыкты айтайын деп жатам. Мен сенденжан соога сурап бүжүрөп бутуңду да кучактабайм. Ичээримди ичтим, жээримдижедим. Бул жашоодо арманы жок чардадым. Ошол "Бриллиант жыланга"жолукканга чейин пенде катары күнүмдүк жашоонун гана рахатын көрүп жүрөөр элем.Жылан колума тийген күндөн баштап баарынан айрылдым. Ага сен түшүнө албайсың.Эч ким түшүнө албайт. Бир түшүнсө "Бриллиант жыланды" кармап көрүп,өзүн "ээсимин" дегендер гана түшүнүшү мүмкүн,-"Рыжый" үнсүзугуп отурганы менен тикчийген көгүш көздөрү Азиятты теше текшерип, үнүнүнбасымынан, сөзүнөн, көздөрүнүн кыймылынан бери таразалап, чын сүйлөп жатабы жебаш айландырган жомок айтуудабы, так туйгусу келип жатты.
"Рыжый" "Бриллиант жылан" тууралуу укканы менен көрбөгөндөн кийин аябай делекызыкдар эмес болчу. Болгону, жашоосуна тынчтык бербей дүрбөлөңгө салып, четөлкөгө качууга аргасыз кылганы үчүн бүгүн Азият менен акыркы эсебин эсептешүүгөөзү келген.
Буга жетиш оңойготурбады. Ар бир баскан изинен бери Азият аңдытып койгонун шекшип калган."Тумоолоп ооруп калыптыр. Үйдөн чыкпай жатат" - деп ишенимдүүжигитине эшигин кайтартып коюп, өзү абышканын кейпин кийип жашыруун эшик мененчыгып кетти.
Бул жакка болсо элкатары автобус менен келди. Дубалынын эле бийиктиги төрт метрге чукулкороосунун айланасынан бөтөлкө чогултуп жүргөн бүкүрөйгөн чалга Азияттынкайтаруучу жигиттери көңүл да бурушпады. Болбосо, үй өзүнчө буйтка көчөдөжайгашкандыктан бей-чеки каттаган машина болобу, киши болобу кайтаруучулардынкөзүнө сөзсүз илинчү.
Дубалды айлантаказылган арыктын ичине толгон күзгү, сары жалбырактарды таягы менен оодарып,бөтөлкө издеген чал короо ичине суу кирүүчү жерге келгенде кичинеге аярлайкалып, жерден бирдеме алымыш болуп эңкейип, өткөөлдү жакшылап карады. Өткөөлдүнички бетине темир тор коюлган экен. "И-им кирчү жол табылды" депкойду да бөкчөңдөй басып кете берди. Болбосо, дубалдын үстүнөн өтүү кыйынгатурмак. Дубалдын кыры менен тартылган тикен зымга ток жүргүзүлүп, белги берүүчүкоюлган болчу.
"Рыжый" түнортосу оой баягы күндүзгү көргөн өткөөлүнө келди да темир кескич менен опоңойторду кесип, ичкериге кирди.
Кенен трубадан" Рыжыйдын" чакан бою "шып" этип өтүп кетти. Үйдүн артындагыжертөлөгө кирген эшикти көргөндө кубанып кетти. Кулпу ачуу "Рыжый" үчүн бала күнүнөн эле татаал маселелерге кирчү эмес. Кандай гана кулпу болбосунколу тийгенде ачылчу. Жертөлөнүн сөзсүз үйдүн ичинен да чыкчу жолу бар экенинастына ала болжогон. Ойлогонундай эле үй ичинен чыкчуу эшик бар түгүл, ачык даэкен. Кейпи, жертөлөнүн сырткы темир эшиги кош кабат кулпу менен кулпуланыптургандыктан, анчалык сактанышпаса да керек. Анын үстүнө туура жер төлөнүнэшигинен чыга бериштеги диванда үйдүн ичинен кайтарган жигит коңурук тартыпуктап жатыптыр. Арыта телевизор иштеген бойдон өчүрүлбөй турат.
Бутунун учу мененбаскан "Рыжый" жигитке нечен ирээт бычагын таптап барып кайра тийбей,үстүңкү кабатка дабышсыз чыгып кетти.
Ошентип, азырАзияттын маңдайында отурганы. Азият болсо "Бриллиант жылан" жөнүндөберилип айтып жатты. Угуп отуруп "Рыжый" Азияттын чындыкты айтыпжатканына ишенди. Фаризат жөнүндөгү айткандарына да ишенди. Анын үстүнө өзүнүнда Фаризат тууралуу чала-моңол уккан жайы бар болчу.
Көпкө жомок угупотурууга убактысы тар эле. Сыртта жылдыз суюла баштаган.
"Тук" дегентуюк үн чыкты да, Азияттын так чекесинде бармак басым кызыл так пайда болотүштү. Азият: "Ошентип, Фаризат өзү эле кетпей менден эң кымбат, укмуштуубуюмду да алып кеткен" деп булдуруктап сүйлөп барып башы сол капталына" шылк" дей түштү.
"Рыжый" ордунан "шып" туруп, Азиятты аяр узатасынан жаткызып, уктап жаткандайкылып, шейшеп менен жаап койду да, эч дабышсыз чыгып кетти. Эшикти кайтарганжигит уктаган калыбында кала берди.
ххх
Ошентип, Азиядагы даэң сырдуу чыныгы таржымалы, ким экени эч кимге белгисиз, түшүнүксүз, "кылмышкер" дейин десең өмүрү тергөөчүнүн астына отуруп, буту түрмөаттабаган, кайсыл кызматта иштээри да эч кимге белгисиз бир учурдагы СССР дегенимперия бар кезде КГБнын ири тапшырмаларын аткарган тыңчы болгону ганаайрымдарга белгилүү болгон адам жарык дүйнө менен кош айтышты. Көрсө,"Бүгүн көрсө эртең жок" деген, "Өлбөчүдөй болуп" дегенкыргыздын сөздөрүнүн калети жок тура.
"Рыжый" ,"Азиятты ким өлтүрдү?" деген иликтөө жүрө электе чет өлкөгө"жылт" коюну астына ала пландап, бардык даярдыкты түзүп койгон. Эңишенимдүү деген, чет тилдеринин бир канчасында сүйлөй алган эки жигити мененбир күндө дайынсыз болду.
Кайда кеткен дарегинэч ким билбеди. Бир жума өтпөй, турган үйү жардырылып, өз ордуна "ишжүргүзөсүң" деп таштап кеткен жигиттери биринин артынан бири атылды. БуларАзияттын өчүн куугандар болчу. Чамынып-чамынып "Рыжыйдын" дайынынтабышпагандан кийин акыры тынчышкансыды. Бирок, Азият өлгөн менен артында калган"сыр" өлмөк эмес. Азияттын "Бриллиант жыланды" катыпжүргөнү саналуу адамдар билген сыр сыяктуу эле ири өлчөмдөгү Ооган апийимикатылган "казынаны" да Азият билчү. "Казынанын" кожоюнуАзиятча бир чөлкөмдүн эмес, дүйнөлүк оюндарда ойноп жүргөндөрдөн болгондуктан, Азият анын "казына кайтаргычы" катары гана кызмат өтөөчү. Ошол элемаалда ири өлчөмдөгү байлыкты кайтарып, ишенимдүү адам катары дайыма ченемсизколдоо көрүп жүрдү.
Так ушуну"Рыжый" билген эмес. "Бриллиант жыландын" таржымалынакызыгып кеткен Азият да "Мени өлтүргөнүң менен сен жер бетинде тирүү жашайалбайсың. Ит көрбөгөн азапты көрөсүң. Сени көккө чыксаң бутуңдан тартыптүшүрүп, жерге кирсең чачыңдан сүйрөп чыгуучулар бар. Себеби,"казына" кайсыл жерге катылганын жалгыз мен билем. Дагы бирөө бар элеал күтүүсүз оорудан өлүп калды. Кожоюн дагы бир ишенимдүү адам табууга үлгүрөэлек. Кожоюн бул "казынасына" тийбей "на черный день" депсактап жүрөт окшойт" дегенди айтууга үлгүрбөдү. Анын үстүнө "РыжыйБолот" да көп сүйлөгүсү келбей, күтүүсүз курокту басып жиберди. Ошентип,ошондо өз өмүрүнө да мүшкүл түшүрүүчү күндүн курогун басканын кийин-кийин ганабилип жүрбөйбү.
Болбосо, өз ишине өзүкурсант болуп "Мына Азият... Азият" дешип титирей беришчү эле...көрдүк го..." деп катардагы кылмышкерлик мүнөзү менен түкүрүнүп басыпкеткен.
Үйү жардырылып, ордуна калтырып иш жүргүзүүчү жигиттери бүт атылганын четте жүрүп укканда элеүрпөйдү. Таптакыр башка улуттун өкүлү катары башка аттагы, документтер мененжүрсө да, жүрөгү кооптонуп жаманчылыкты сезип турду.
ххх
Шаа таман жолдунбашталышында чөгөлөй, Кытай энесинин арбагына ичтен сыйына башын төмөн салыполтурганда кулагына "Коркпо, мен жаныңда болом. Барып көр, барбай калсаңөмүр бою арманда өтөсүң. Мен берген тумарды, бел боону, куралдарды бүтшаркыратмага жеткенде калтыр. Болбосо, алар күйүп калып, өз күчтөрүн жоготупкоюшат" деген үн кулагына даана угулду. Кийинки учурда арбактар мененбайланышка көп чыгып жүрүп көнүп калгандыктан, кытай энесинин үнү кулагынаугулуп, туйганына таң калган деле жок. Тескерисинче кытай энеси мененжолугушкандан кийин жүрөгүндөгү олку-солку ой жоголуп, жолго чыгууга ишенимиартты.
Жол кытай энесиайткандай эле токойлуу тоону аралап отуруп шаркыратмага жетип токтоду. Мынасага, шаркыратма доошу алдагайда күркүрөп угулган, асман тиреген аскадан аккансүттөй болуп, апаппак көбүктөнүп түшкөн албуут тоо суусунун шаркыратмасы экен.Жакын келгенде кадимкидей суунун илеби уруп, көбүктөнгөн бул суу кандай күчменен түшүп жатканынан кабар берип турду.
Шаркыратманы тиктептуруп Шаанын ишеними өчө түштү. "Бул суу мени четине жеткенде эле жалпыйтаурат го" деп ойлоду. Арытан узундугу кулачтай бактын бутагын алып,шаркыратмага ыргытты эле кайда кеткенин да билбей калды. Куюлуп түшкөнжериндеги боркулдап кайнаган суудай уюлгуп айланган тереңдиги канча экени дабелгисиз куймадан таяк чыккан жок.
Кантсе экен, ушунчакелип, коркуп кайра артка кетеби? Эгер шаркыратманын күчү ыргыта уруп тигилкуймага түшсө сүзүп чыга алабы? Жээктеги ташка көчүк коө, демин жыйып олтурупушуларды ойлоду. "Балким, шаркыратмага кирүүчү кандайдыр бир жолбардыр?" деген ой башына "кылт" дей түштү. Ордунан туруп жээктиаярлап карай баштады. Туура жанагы тасма жол келип жээкте бүткөн жерде окшошүстү жагы жалпак тоголок таштар бири-биринен бир кадамга алыстыкта жол сымалуланып жатканы, жакшы байкаган адамга көрүнөт экен. Демек, бул таштардын сырыболсо керек. Кытай кемпир "калтыр" деген бүт буюмдарды жээктегикарагайдын бутагына илди да өзү сууга кирди. Улам бир тоголок таштын үстүнөсекирип, суу белчесине чейин чыкканда, таштар уюлгуган көк ирим куйманын ортосужакка бурулду. Суу канча көбүктөнгөн менен улам бир таш даана көрүнүп суубелчеден жогору чыккан жок. Көк иримдин ортосуна жеткенде, таш жол түзшаркыратманын куймасы жакка бурулду. Эми илеби жүрөк үшүн алган шаркыратмагатүз кирип баратты. Суунун муздактыгы сөөктөрүн какшатып чыкты. Ойлонууга убакытда жок эле. Суу жиреп тездеп жөнөдү. Астынан тоголок таштар гана көрүнөт.Таштан бутуң тайыса же жаза бассаң белгисиз тереңдикке кетчүдөйсүң. Уламшаркыратмага жакындаган сайын чындыгында шаркыратма экиге бөлүнүп агаары,ортосунда жарым метрче айрылыш бар экени ,ал жер көгүлжүм тартып, башка жагынанайырмаланып тураары байкала баштады. Туура шардын үстүнө келгенде да таштаркадимкидей көрүнүп турду. Шардан эки эле секирип өтүп кетти. Суу артта калыпастында тээ арытан ак шоола төгүлгөн оозу бар үңкүр турду. Үңкүр барган сайыничкерип отуруп оозуна жакындаганда жөрмөлөп калды. Суунун кулак жарган добушукүңүрт угулуп, алыста калгандай. Акыры оозуна жетип, сыртка чыкканда, көргөнкөзүнө ишене бербей делдейе отуруп калды. Астында, түбү капкара болупкөрүнбөгөн эки бети тең жалама зоокадан турган жаракага туш болду. Жаракатараптан муздак шамалга кошулуп кандайдыр бир бүкшүгөн жаман жыт да уруп турду.Айлана өлүү тынчтык. Как эткен карга, кук эткен кузгун көрүнбөйт. Ал түгүл"дың" деп учкан чымын да жок. Үнкүрдүн оозунан уланган жол типтикасканын бети менен кетип, бурулуштан ар жагы көрүнгөн жок. Зооканын бетиненкапталың менен гана баспасаң батчудай эмессиң. Жолдун ар жерлери кетилип,ичкерип калган.
Шаанын эсине Кытайэнесинин айткандары түштү. "Коркпой турган болсоң гана жолуңду ула.Корксоң, жакшысы артыңа кайра тартканың оң" деген. Анан жолго чыгаарындагыайтканы да эсине түштү. "Тобокел" деди. Аска зоонун боору менен жолунулады. Жанагы үшүгөнү унут болуп тескерисинче муздак жел урганына карабайтердеп чыкты. Ар бир кадамын аярлап басып баратты. Таманы жумшак резина ботоскийген эле. Таштан тайгаланбай, бул да чоң жардам болду, ошондо да эки жолужаза басып алып кылтылдай түшкөндөн кийин ар бир кадамын аярлап калды.Бурулуштан өткөндөн кийин жол кеңейе түштү. Эми түз жөнөдү. Дагы бир бурулуштанөткөндө, астында жараканын аркы бетине өткөн асма көпүрө турду. Баары кемпирайткандай экен. Өз көзү менен көргөндө жүрөгү үшүй түштү. Көпүрө жоондугубилектей болгон аркандарга керилип жасалыптыр да, таманына арчанын жоон-жоонбутактары жарым метрдей кесилип байланыптыр.
Аркандардын аржерлери сүзүлүп, түгү чыгып, чириген экен. Арчанын бутактары деле чирисе керек.Арканды сынап көрүш үчүн башындагы асканы тешип орнотулган жоон устунгабайланган жипти учунан тартып көрдү эле оңой эле үзүлүп, үбөлөнүп түшүп калды.
Бул көпүрөдөн кулоонуэлестеткиң да келбейт. Төмөндү караган да жок. "Кантсем? " деди өзүнө-өзү. Дагы көкүрөк баса кичинеге эс алып отурду. "Ушунча келип кайра арткакетемби? " деген ой менен "жиптер эчак чириптир. Көпүрө эчак эчнерсеге жарабай калган экен. Мындан өтөм деш, түз өлүмгө бет алуу" дегенэки ой көкүрөктө тирешип турушту.Асма көпүрөнү карап отуруп, кытай энесининайткандары эсине түштү. "Жиптери мына-мына үзүлчүдөй болуп турат. Канчажылдар мурда деле ошондой болгон экен, азыр деле ошондой болсо керек"деген. "Балким, мунун бир сыры бардыр" деп ойлой, ордунан турупбиринчи жипке байланган арча таякка бутун койду эле кычырап сынчудай ийилипбарып сынбай, токтоп калды. Экинчиси да ошентти. Үчүнчү-төртүнчүлөрү кычыраганыменен ийилген да жок. Көпүрө чайпалып турду. Улам бир таякка бутун аярлай коюпалаксый, астыга аттай берип, ортосуна кантип жетип калганын да билбей калды.Артын кылчайып караганга дарманы жетпеди. Көзүң жаманчылыкты көрбөсүн,көпүрөнүн чайпалганы күчөп, асма жиптердин түгү чыгып, сүзүлгөн жерлерининөрүмү жанып, ичкерип бараткандай туюлду. Көпүрөнүн башы али узак, артка кетүүда кеч болуп калды. Астын карай албады. Астынан муздак жел менен жүрөктүайлантып, башты ооруткан бүкшүгөн жыт уруп турду. Колдору эки керме аркангажабышып, астыга жыла берди. Көпүрөнүн чайпалганы жайлап калат да, кайра күчөйт.Кадыр атасын да, кытай энесин да жардамга чакырып, ичинен жалынып жатты. Булжолу эч кимиси келбеди. Көзүнө жиптер жанып, ичкерип отуруп мына-мына үзүлчүдөйболуп көрүндү. "Кейпи, ажалым ушул жерден окшойт. Күнүм бүткөн экен.Сөөгүм ушул жаракада калмак тура" деген ой бекемделе баштады. "Акырыбашта бир өлүм. Тирүү калсам тирүү калдым. Өлсөм өлдүм да" дегенденэмнегедир жанатан берки денесин титиреткен коркунуч жок болуп кетти. Коркпой"куласам кайда түшөм" деп жараканын түбүн көрүүгө аракеттенди. Түбүкөрүнбөйт. Түшсө, кайра чыкчудай эмес. Эки бети тең жалама зоока экен. Өткөнөмүрү көзүнө тартыла баштады. Бала кезинен беркиси тим эле кино тасмадай көзалдынан чуурат. "Адам өлүм менен бетме-бет беттешкенде, өткөн өмүрүнэстейт" деген оюна түштү. Өзүнө өзү түрлүү суроолорду бере баштады. Дегимен эмне үчүн жашап келатам? Кыска жооп таба албай турду. Узун жоопко убактысыда жок эле. Кызык, эмне үчүн качандыр бир кылымдарда экиге бөлүнгөн китепти"кайра бириктирели" деп дүйнө кезип, тентип жүрүп ушинтип, кайсыл жерэкени да белгисиз жаракага учуп өлүшүм керек? Кызык, эң башкысы эмнеге Шаагачейинки өткөн нечен муундар көрбөгөн азап-тозокторду көрсө да "китептибириктиребиз" деген тилекти жыйыштырып койбой өжөрлөнүп, жашоодогу башкакызыкчылыкты бүт жыйыштырып таштап, өмүрлөрүн арнашууда? Бул жерде акыл-эстенайрыган кандайдыр бир магиялык күч таасир берип жаткан жокпу? Учугу башталгансырды ачыш кызыкчылыгы эмнеге адамдарды арбап өзүнө сиңирип кетет?
Буга чейин оюнакелбеген. Оюна келсе да жооп издөөнү каалабаган суроолор биринин артынан бирикелип, асма көпүрөнүн мына үзүлөт-үзүлөт деген жибин да саамга унутуп койду.Акыркы таякты басып, зооканын четине жеткенде "чын жеттимби жетүшүмбү?" деп дендароо боло түштү. Артына кылчайса, көпүрө кадимкисиндейэле туруптур. Бир да таягы сынбаптыр. Ал түгүл жана өрүмү жанып үзүлчүдөй болупбараткан жиптеринин деле өрүмү жанбаптыр. Ал түгүл эч ким өтпөгөнсүп жанагычайпалуусу да токтоп калган. "Жүздөгөн жылдар мурда да ушундай экенсиң.Эми деле калыбыңдан өзгөргөн жоксуң" деп өзүнчө сүйлөнүп койду.
Көпүрөдөн өткөндөкайра башталган тасмадай жол менен аска таштарды аралай имерилиштен өткөндөнкийин, чокусу асман тиреген эки зооканын кычыгына туш келди. Үстүнөн түшүпкетчүдөй болуп салаңдаган таштары бар кычыктан өткөндө, буга чейин эч биржерден көрбөгөн, ал түгүл китептен окубаган, кинодон көрбөгөн, ажайып дүйнөгөтуш болду. Чакан капчыгайдын ортосунда анчалык чоң эмес мөлтүр кашка суушылдырап жай агууда. Беттери тике эмес, жайык капчыгайдын ичи толо түрлүү жемишбактар. Бирөө айдап койгонсуган гүлдөр. Гүл жыты менен жемиш жытынан Шаанынкөңүлү көтөрүлө түштү. Ар түрлүү куштар сайрап, көпөлөктөр учуп, аарыларызылдайт. Жол жапан талдарга оролуп өскөн жүзүм зарды аралап кетиптир. Астыдагыболо турган жолугушуудан апкаарый, денесин майда калтырак баскан Шаа эми тимэле буту жерге тийбей учуп бараткансыйт. Жарым саатка чукул жүргөндөн кийинжайыкка чыкты. Астыдагы кызыл асканын астындагы үңкүрдүн оозу биринчи эле көзгөурунду. "Үңкүр" деп айтаарлык эмес, кадимки үйдүн эшигине окшоп, үстүай тегерек келип, эки капталы түптүз түшкөн. Бийиктиги үч метрче. Туурасы экиметрче. Оозго жакындаган сайын Шаа өзүнө- өзү ээ боло албай, өзүн-өзү башкараалбай калганын, аны кандайдыр бир белгисиз күч башкара баштаганын туйду.Үнкүрдүн оозуна кире бергенде, түп жагынан үстүнөн ак шоола нур чачырап,төгүлүп, үңкүр ичи бир башкача жарык экен. Астына токулган камыш төшөлгөнкадимки кендир көлдөлөң, эшик алдынан төргө чейин салыныптыр.
Аңгыча үңкүрдүнтөрүнөн чыккан нур күчөп, көздү уялтып жиберди. Шаа чөк түшө отуруп, башынжерге сала көздөрүн баса калды. Кайра көздөрүн ачканда төрдө чачы да, сакалыда, кирпик-каштары да апаппак, өзү да ак жүздүү, бирок, эки бетинин отукызгылтым, ак матадан тигилген кийим кийген адам малдаш токунуп отурган экен.Колдорун эки тизесинин үстүнө таштап коюптур. Бою ортодон жогорураак болсокерек. Кең далылуу, нур жүздүү, сулуу адам экен, коюу ак каштары ийиле ортосукошулуп, узун ак кирпиктеринин арасынан көздөрүнүн түсү кандай экенибайкалбады.
Шаа өмүрүндө мындайсулуу абышканы көрбөсө керек. Эсин жыя албай тиктеп турду.
- Татаал жолдордонтайманбай өткөн азамат экенсиң. Эгер орто жолдон коркуп артка кайтам десең ишиңжаман болот эле. Мына, акыры көздөгөн жериңе жеттиң. Экөөбүз маңдай-тескейотурабыз. Мага келгендеги максатың эмне эле?
Шаага ушундай түшүнүкберилди. Кулагы менен уктубу. Мээсине түз берилдиби айрый албай турду. Ананкалса кыргыз тилинде берилди. Кытайга келгени жалаң кытайча сүйлөп жүрүп көнөтүшкөндүктөн, эне тилиндеги түшүнүктү алганга ого бетер таңданды. Шаанынбайкоосунда абышканын ооздору кыймылдаган жок.
- Сиз кимсиз, ушунубилейин дегем? - деди Шаа шашкалактай.
- Катардагы карапайымпендемин. Силерден болгон айырмам Кудай жолундамын.
- Буга чейин далайКудай жолундагыларды көргөм, бирок, сиздейди биринчи жолуктурушум.
- Ал бир өзүнчөтатаал маселе. Аны бүт талкууга алганга адамдын жердеги бир өмүрү аздык кылат.Сенин менден мен жөнүндө билээриң ушул гана. Сенин мага үч суроо бергенгеубактың бар болчу. Экөөнү бердиң. Бирөө калды. Ойлонуп туруп сура.
- Мендеги сырдуукитеп жөнүндө...
- Ушуну сураарыңдыбилгем. Биринчи суроону эле ушундан баштайт го деп да күттүм эле. Пенделиккызыкчылыгың жеңип кетти да, убактыңдын далайын уттуруп жибердиң. Эмесе, мындайкитеп эки нускадан турат. Бири мына.
Арт жагына бурулуп,кадимки Шаа катып жүргөн китептей бирок, мукабадагы жыландын сүрөтү экигебөлүнбөй, бүтүн түшүрүлгөн китепти алып Шаага көрсөттү. Шаа өзүн жогото сактапбарып оңолду. Таң калуусунда чек жок болчу.
- Экинчиси экигебөлүнүп адамзаттын колунда канча жүздөгөн жылдардан бери укумдан-тукумга өтүпкелатат. Бул теңирдин табышмагы. Балким сен өзүңдү бириктиргенди издегениңоңдур. Ар бир пенде алгач өзүнүн канча бөлүнүп кеткенин туюп, кайра Теңирастында башын ийип күнөөсүн мойнуна алып, бир адамдыкка уюшу керектир. Ананбарып китепти бириктиргенди, китептин ичиндеги сырга жеткенди көксөсө туураболоор.
Теңир астында барыбызбирдейбиз. Китеп сырын мөөнөтүнөн мурда сага ачууга мага укук берилген эмес.Бүгүн бул жерден өзүңө сиңирген улуу күч балким сенин экиге бөлүнгөн китептибириктиришиңе жана сырын өзүң ачышыңа көмөк болоор, бул да Теңирдин жазмышы.
Андан аркылары Шаанынэсинде көп жок. Улам өзүн жоготуп баратканын бир билет. Анан экинчи жолу булжакка келүүгө сага болбойт деген түшүнүк, анан да бул жолдун сырын бекем ичтесактоо керектиги тууралуу түшүнүк алганын билет. Эсине келгенде шаркыратмагакире бериште өзүнүн буюмдарын калтырган бактын түбүндө отуруптур.
Тим эле жумалаптамак ичпегенсип курсагы ачып, вагондоп көмүр түшүргөнсүп чарчап калыптыр. Алтүгүл кадимкидей шалпайып арыктай да түшкөнүн байкады. "Эмне болуп кеттим?Түшүмбү же өңүмбү? Балким транска кирип кеттимби?" - деп дендароо болуптурду.

#16 18 Сентябрь 2012 - 14:03
Фаризат түшүнөнчоочуп ойгонду. Кадимкидей кыйналып, тердеп, ал түгүл суусап да калыптыр. Турупжемиштин ширесинен ичип кайра келип ордуна жатты. Таң жаңы атып келаткан маалэкен. "Шүмшүк бары бир көргө киргенимче жанымды тынч койбойт окшойт"деп тилденип алды. Уктай албай биртопко ооналактап жатты. Түшүнө Азият кирипжатыптыр.
Маңдайында турат. Баягы көздөрү оттой күйүп кербезденип турчу Азиятжок. Жүдөп калган. Кийген кийими да жупуну. "Мен сени жанымдан артыксүйдүм эле го. "Канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай"
алыпжүрчү эмес белем. Эмнеден кем кылдым эле. Айтканыңды бүт аткарып, каалаганыңдыжасачу эмес белем. Сени керек болсо баткактан сууруп алдым эле го. Ар кимдинтепсендисинде "тряпка"
болуп каларыңда мен таза калыбыңда сактапкалбадым беле. Ушунча эмгегимди унутуп, кайдагы бир аягы сай таппаган тентимишменен качтың. Аны да жөн койбой уулантып өлтүрүп салыпсың. Тигинтип кепининсүйрөп жерге батпай боздоп жүрөт" дейт. Чын эле караса арыта үстүнөшалбыраган таштанды чүпүрөктөрдү оронуп Саид жүрөт.
Сүйлөйүн десе сүйлөйалбайт. "Кечир мени Азият. Кандай шайтан сайды билбейм, азгырылдым. Эмнегеазгырылдым өзүмдүн да акылым жетпейт" деп боздоп ыйлайын дейт, ыйлайалбайт. Азиятты караса маңдайында кара так турат. Ичинен "Эмне болгон так.Маңдайында мындай калы жок эле го?" деп ойлоп, өзүнөн "Маңдайыңдагыэмне так?" деп сурайын десе, тактан кызыл кан жая берди. Азияттын бүтденеси канга чыланды. Кан чачырап өзүнүн боюна да жаба берди. Караса колу бүткан. Көйнөгү бүт кан. Жуунайын деп чуркап барып күзгүдөн өзүн караса бети бүткан. Жуунса такыр кетпейт. Аңгыча Саид пайда боло калды. Ыржайып күлөт."Ырас болду. Ушуну көрмөксүң" дегенсип күлөт. "Саид сен өлбөдүңбеле? Кайдан жүрөсүң бул жерде?" десе жооп бербей ырсаңдап күлөт. Кайраичинен "Өзү ишке токтоо мамиле кылалбаган неме болчу" деп ойлой кайрабурулса, Азиятты бирөөлөр ак кепинге ороп көтөрүп баратышыптыр. "Ойтоктогула. Азият өлдүбү?" деп аркасынан чуркаса да эч ким көңүл бөлбөйт.Эч ким жооп да бербейт. Анан эле уранды тамдардын арасында отуруп калды.Астында "Бриллиант жылан" жатыптыр башын көтөрүп көздөрүн тириукмуштай балбылдатып тиктеп турат да оозун ача чакчуудай болуп жакындайт. Туракачайын деп кача албайт. Жыланды ыргытып жиберейин деп ыргыта албайт. Аңгычажылан көз көрүнө узарып кетти да бутунан баштап белине чейин оролуп алды. Оозуулам чоңоюп соргону келатты. Канчалык жанталашып жыландан кутулайын десе дакыймылдоого чамасы жок. Ал түгүл кыйкырууга үнү да чыкпай, кыйналып бараткандаойгонду.
Бул эмне деген түш?Кийинки кездерде баш аламан жаман түштөрдү көрүп, кыйналып уктоочу болгон.Бирок, бүгүнкүдөйдү көрө элек болчу. Тим эле баары өңүндө болгонсуп азырэстегенде кайрадан жүрөгү дүкүлдөп чыкты.
Аялдык сезими мененАзиятты чоң кырсык басканын туйду. Балким соо болбой калды бекен. Кантип билсе.Телефон чалса кайда экени билинип калат. Эгер Азият тирүү болсо эки күнгөжеткирбей кармайт. "Ээ койчу ошону. Эми кичине жаным тынч алып келаткандакайра да өзүмдү-өзүм кыйноого түртпөйүнчү" - деп күбүрөнгөнү менен жүрөгүалеп- желеп болуп тынчый албай турду. Кичине виски куюп ичти эле ичимдик денесинмагдыратып тынч ала түшкөнү менен тээ түпкүрдө сайылган тикенек кала бергенсипжүрөгү тызылдайт.
Гонконгко келгенденкийин кореецке берген бүт убадасын так аткарып эсептешкени менен ал тынчкалтырбай артынан түшүп алды. Бирөөлөрдү тукуруп коет да, кайра өзү арачытүшүмүш болуп канын соро баштады. Каражатым калбай калды деп көрдү эле ага даболбоду. Өзүнүн сыйлуу деген конокторуна салып бере баштады. Маданияттуу түрдөгана "Бул мырзанын көңүлүн алып койбосок болбойт. Сен жагып калыпсың. Экөөбүзгөтең керектүү адам" дейт. Алардын биринен да Фаризат өзүнө керектүүсүнтаппады. Ал түгүл айрымдары Фаризатка катардагы сойкулардай мамиле жасап,түрлүү талаптарды коюп, баш тартса кол көтөргөнгө чейин барган учурлар болду.Минте берсе тебелендиде калып эртең эле кадимки сойкулардын катарында турарынбилген Фаризат Гонконгдон жылт коюну ойлоно баштаганда күтүүсүз полициянын шефименен таанышып калды.
Шаардагы чакан,бирок, эң мыкты ресторанда жалгыз тамактанып отурган. Кореец бүгүн кечинде дагыбирөөлөр менен жолугушууну сунуш кылган. Бул жолу жөн гана "делевой" жолугушуу дегени менен аягы эмне менен бүтөрү Фаризатка белгилүү болчу. Барбайкойсо тымызын полицияга билдирип койсо иши бүттү. Полиция жер жеберине жетипизилдей башташы мүмкүн. Ошондон коркот. Аңгыча маңдайындагы орунтуктабакылдашып шайыр отурган жаштар мушташа кетишти. Бири келип Фаризат отурганстолду жөөлөп өткөндө үстүндөгү тамак, жемиш ширеси Фаризаттын үстүнө төгүлүп,бүт кийими булганды. Ресторандын кожоюндары тигилерди тынчтандыргыча полиция дажетип келди. Фаризатты да күбөө жана жапа чегүүчү катары бөлүмгө алпарыптүшүнүк жаздырышты.
Фаризаттынсулуулугуна сугу түшкөн полициянын шефи "сизди мен өзүм жеткизип коеюн.Үстүңүз да булганып калыптыр" - деп чыкканда, байкуш боло"мейлиңиз" - деди. Үйгө келгенде "Сиздин кичипейилдигиңизгерахмат. Мен полициялардын баары "орой, кара мүртөз болушат" - депойлочумун. Сиз андай эмес экенсиз. Үйгө түшүп кофе ичип чыгыңыз" - депсуранып калды эле тигил да жым деп макул болду. Ошентип, ал күнү шеф полицияФаризаттын үйүндө кала берди. Өзү жашы өтүп калса да келишкен мыкты эркек экен.Фаризат да бар мүмкүнчүлүгүн аябай ырахат тартуулаганга аракеттенди.
Кийинки күнү келгендеөзүнүн ишине бирөөлөр бут тосо баштаганын айтып, кореец жөнүндө билдирип койду эле,эртеси "Ал көптөн бери издөөдө жүргөн кылмышкер болчу. Сенин жардамыңменен кармадык" дегенди угуп жаны жай алып калды. Ошентип, жаңы эле"эми өзүмдүн жашоомду оюмдагыдай өткөрүүгө шарт түзөт окшоймун" депойлой баштаганда, укмуштуу түш көрүп жатпайбы. Анын үстүнө ички туюму да Азиятсоо эмес экенин айтып жатты. Канткен менен экөө ондон ашык жыл чогуу жашап жандүйнөлөрү сиңишип калган эмеспи. Азият оңой эле эсинен чыкмак эмес.
Бүгүн минтипполициянын шефин ойнош кылганга төбөсү көккө жетип отурат. Аттиң адам өзмезгилинде бактысын билбейт тура. Кечээ эле Азияттын колтугунда жүргөндөнечендерди теңсинбей, эркек катары санабай, көздөрү жалдырап бир жолу кыйыгынанкарап коер бекен дегендерге мурдун көтөрүп турчу эмес беле. Жыл айланганубакыттын ичинде эмнелерди көрбөдү. Кимдердин гана тепсендисинде калбады. Биручурда Азият "менден башка жан адамдын колун тийгизбейм" дечү аппакденесин бок курсактар да, ишке жарытылуу жарабаган абышкалар да, аракка тойгонзөөкүрлөр да, эс учунан айрылган наркомандар да ушалады. "Өзүм каалапкатуу сүйгөн адамыма гана этегимди ачпасам, жан адамга жеңимди дакарматпайм" деген тилеги таш-талканы чыгып кетти. Ким күнөөлүү. Чындайкелсе өзү гана. Улам убакыт өткөн сайын өзүн гана күнөөлөй баштаган." Эсирип көпкөн экенмин" - дей баштаган. Азияттын босогосунан аттапчыкса эле эркин, жыргал дүйнөгө туш болом деп ойлободу беле.
Чөнтөгүндө акчатолтура болсо, каалаганыңды жасап жүрө берсең болчудай туюлчу. Көрсө"эркиндик" дегендин өзү да алдамчы түшүнүк окшобойбу.Азияттын түшүндө"Сени өлүмдөн аман алып калбадым беле" дегени да чындык. Ал күндөрдүэстегиси да келбейт. Таптакыр эсинен чыгарып таштаганга аракеттенчү. Азият өзүошентип үйрөткөн. Кандайдыр бир Фаризатка түшүнүксүз психологиялык тесттердижүргүзүп, сеанстарды өткөзгөндөн кийин чын эле өткөн өмүрүндөгү "каракүндөрдү" унтуп таштаган болчу.
Мына бүгүн ушунчажылдан бери таасир берип келаткан ошол сеанстардын күчү кеткенсип баягы кызкезиндегиси эсине түшө баштады.
Душанбедегиуниверситетте биринчи курста окуп жүргөнүндө согуш чыгып кетти. Чыкканда даата-энеси иштеген райондон башталды. Атасы райондун керек-жарак коомунбашкарчу. Райондогу мен баймын дегендерден эле.
Бардык байланыштарүзүлүп калды. "Ата-энебиз эмне болду", - деп экинчиден али согуш эмнеэкенин толук түшүнбөгөн жаштар чогулуп алып жөнөп кетишти. Кимди- ким көрдү.Жолду карата качкындар. Ээлиргендер эки күнгө жетпей эстерине келишип, көбүкайра артка кайтышты. Фаризат жаман кийинип алып акыры эптеп ата-энеси жашаганрайондун борборундагы шаарчага жетти. Жеткени курусун. Бала кезинен ойноп өскөнбаягы үйү жок. Урандыга айланыптыр. Өрттөп жиберишиптир. Шаарча каңгырап ээн.Жолбун иттер жортуп калган. Үч үй арыта жашаган кемпир бар эле. Анда-сандаата- энесиникине келип майда жумуштарын жасап берип, тамак-аш, эски кийим-кечеалып турчу. Ошол кемпир гана калыптыр, тегеректегилерден. "Кепинимдисүйрөп кайда кетмек элем. Өлсөм ушул жерде өлөйүн" - деп кала берген экен.
Өзү да кичинеакылынан айныгансып калыптыр. Фаризатты араңдан зорго тааныды. Таанып алып,кемшеңдеп ыйлап кирди:
- А-а кызым. Бизкөргөндү Кудай эч кимге көрсөтпөсүн. Бул адамдар көз көрүнө кутуруп кетишти.Кудайдын каарына калсак керек. Тимеле адам жасабаган жоруктарды жасашты. Сенинатаңды көз көрүнө көчөгө сүйрөп чыгып атып салышты. Энеңди топ эркек үй ичиндеэмне кылды билбейм. Куурагырга кордукту аябай эле көрсөтүштү болуш керек.Сиңдиңди да ошентишти. Тим эле он, жыйырмасы жабылып зордошту. Анан үйгөжардырган немени ыргытышты. Ал аз келгенсип өрттөштү. Иниң кайдадыр качып кетипжоголду. Шордуу тирүү барбы? Же дагы бир жерде тырайта аттыбы, эч ким билбейт.Эми өзүң издеп таап албасаң. Атаңды "капырсың, капырдан катын алгансың,чочконун этин жейсиң" - деп күнөөлөшпөдүбү. Ошентишти. У-у кайран Иракандай сулуу катын эле. Андай сулууну ким болсо да алмак го. Кемпир боздоп,боздоп ыйлап алды. Фаризат ушунун баарын жинди немече, өзүнө эч тиешеси жокнемече угуп турду. Кантип эле ошондой болсун. Ишенгиси келбеди. Анан эси оопжыгылып калыптыр. Эсине келсе, кемпир бетине суу чачып маңдайында отурган экен.
- Шоркелдейим. Тагдырың тайкы бейбак окшойсуң. Эсиң оогон ообогондо эмне, болоору болду, боесуканды. Эми акылың болсо өз жашооңду ойло. Бул жерге калбай кач. Борборуңа кайракет. Бул жерде калсаң жанагы жаналгыч шүмшүктөр эки-күндүн биринде шимшип келетда, кармап алып чатыңды айрат. Арам өлгүрлөр ону деле, отузу деле, бир катынгасекире беришет экен. Энеңди тартып чырайың башкача. Акыры булардын жазасынберчүлөр да чыгаар. Тынчыйт чыгаар. Ошондо иниңди изде, - деди.
Дендароо болуп өзүнөжакшы келе албаган Фаризат ал күнү кемпирдикине жатып калды. Эртеси эртеойготкон кемпир өлбүрөгөн-шөлбүрөгөн көйнөк кийгизди. Көөгө май аралаштырыпбетине, колуна сүйкөп салды. Чачын саксайтып туруп арасына жыгачтын таарындыапилкасын чачып жиберди. "Биз илгери-илгери, басмачылардан ушинтипкоргончубуз" - деди. Аны менен эле бүтүп калбай кайдан жайдан бүкшүгөн этапкелип колтугуна, төшүнө, мойнуна, чатына сүрттү эле өз жытына өзү чыдабайкусуп жиберсе, урушуп кирди.
- Жалап, кускандысага ким коюптур. Минтпесең эртең желдеттердин колуна түшсөң отузу биригипэңкилдетсе жатының түшүп өлөсүң. Бул сасык жыт жуусаң кетет. Жыгачтынтарындысынан башың биттебейт. Топурак, май, баткак, шыбасаң биттеп кетет.Мендей неченди көргөн мастендин сөзүн уксаң. Желдеттер кармаса келесоо-чалышболуп кал. Алар жытыңдан жийиркенип деле жолошпойт. Ошондо да колго түшпөгөнгөаракеттен, - деп, болгон акылын айтып жолго чыгарды.
Фаризаттын энеси орусболчу. Ошондуктан, ата-энеси экстремисттерден өзгөчө кордук көргөнүн түшүндү.Ар кайсы айылдардан самсыган качкындарга кошулуп кайра Душанбеге жөнөдү. Кемпир"жасалгалап" жатканда, "ашыкча кооздоп жиберген жокпу" депойлоду эле, көрсө карт кемпир билген экен. Түш жарым жүрүшө элегиндекайдан- жайдан аскер машиналарын минген боевиктер чаң ызгытып чыгып кууп келиштида, элүүгө жакын качкынды тегеректеп алышып, тинтип киришти. Качкындарданбаалуу эч нерсе деле чыккан жок. Ошондо да "залог кылганга керек" депэки жаш баланы беш кызды салып кетишти. Фаризатка жакындаган бирөө ээгиненкөтөрдү да: "Ф-уу чирип кеткен неме го" деп жерге түкүрүп басыпкетти. Кейпи ээгин көтөргөндө" терге аралашып келаткан сасык жыт мурдуна"бур" деди окшойт. Эч ким "үн" деп сүйлөй албады."Дың" дегендерин атып ташташаарын баары түшүнүп калышкан экен. Биркүндө эле дагы ушундай эки текшерүүгө туш болушту. Жолдогу кичинекей айылгатүнөп алып, эртеси кайра жолго чыгышты. Күн бүркөлүп, жамгыр жаап кирди.Жааганда да тим эле чака менен куйгандай жаады. Ошондо да качкындар жөөжалаңдап жол улап кете беришти. Кечке жааган жамгыр Фаризаттын" жасалгасынын" эч нерсесин калтырбай жууп кетти. Муну алгач өзүбайкаган эмес. Тегерегиндегилер башкача көз караш менен карай башташканынансезди. Буга чейин Фризаттан баары алысыраак болуп качып, эч кимиси сүйлөшпөй дажаткан. Баягы сасык жыты да калбады. Кейпи жашыруун сыры түшүнүктүү болобаштады көрүнөт, айрымдар ууртунан жылмайып караганга өттү.
Иш жаман жагынаайланып баратканын сезген Фаризат "эми кантип сактануу керек" депойлоно баштады.
Акыры анын да жолунтапты. Жолдон тамактанууга токтошкондо, бадалдын арасына кирди да сумкасындагыкызыл ооз боөгуч менен эмчегинин астын, курсагын, табарсыгын, балтырларын кызылточка кылып боеп туруп, үстүн зеленка менен сүртүп салды эле тим эле жаранынүстүнө зеленка сүйкөп койгондой болуп калды. Өз табышкерлигине өзү кубаныпкетти. Кичине чактарында пионер лагерде жүргөндө ушинтип тарбиячылардыкоркутушчу. "Мына сасыштын да кереги жок. Көөнүн да кереги жок. Эр болсомага жолоп көрүшсүн" деп койду. Бирок, бул табышкерлиги кемпирдинжасалгасынын астында суу кечпей калаары биринчи эле боевиктерге жолуккандабелгилүү болду. Фаризатты көрүшкөндө эле "Ого бул чүрөк кайдан адашыпжүрөт" дешип жетелеп жөнөштү. "Мен оорулумун" деди эле "Анытекшеребиз сулуум" деп коюшту. Дегдеңдетип барып үстү чүмкөмө машинагатүшүрдү. Анын түп жагында өзү теңдүү дагы беш-алты кыз бүрүшүп ыйлапотурушуптур. Терезеси жок машинада кайда баратышканын да билишпеди. Дүкүлдөгөнбоевиктер машинанын арткы эшиги жакка отуруп алып өздөрүнчө күжү-күжү.
Ушул өткөн күндөрдөФаризат ким-кимдер менен согушуп жатат, эмнеге согушуп жатат, талаштары эмнетүшүнбөдү. Түш көрүп аткансып эле эңги-деңги. "Кээде ойгонсом түшүм болупкалса" деп коет да кайра "Балким чын эле түшүмдүр" деп кетет.
Кеминде төрт сааттанашык жүрүшкөндөн кийин бир жерге токтошту. Боевиктер кайдадыр түшүп кетишти.Туткундардын бири да орундарынан кыймылдап, жок дегенде машинанын арткы оозжагына барып "Кайда келдик экен", - деп сыртты карап койгонго дажарабай бүрүшүп отура беришти. Кичине ашык кыймыл болсо, боевиктер өлөөрчөтепкилешет же ит аткандай атып салышат. Аз күндүн ичинде мындайдын далайынкөрүп калган немелердин эч кимиси эрдемсүүгө жарабай калган. Ал түгүл ич арасүйлөшүүгө да жарабады.
Арадан жарым саатчаөткөндө экөө келди да "түшкүлө" деди. Сыртка чыгышса, электр жарыгыкүйбөгөн чакан айылда экен. Ай сүттөй жарык, жылдыз толуп калган кез. Тигилердичогуусу менен айдап барышып бир караңгы бөлмөгө камашты да сыртынан бекитишти.Бекитип жатып "Кимиң качууга аракет кылсаңар, ал түгүл терезеге жакын элебарсаңар суроо-сопкуту жок атып салабыз!" , - дешти да кетип калышты.
Жаш кыздардын бирибышактап ыйлап киргенде, улуурак бирөө урушуп сооротуп койду. "Ыйлаба,ыйыңды укса азыр келип эшикке сүйрөп чыгат да атып салат" - деди элеберкиси басылып калды.
Арадан дагы бирсаатча өткөндө баягы экөө бир мискей тамак көтөрүп келди. Жакшы басылган ашэкен. Кейпи боевиктерден ашып калса керек. Анан бир чака суу бир чөмүч беришти.
Ашты баары жанталашаколу менен жеп киришти. Эч кимиси "биринчи колубузду жууп албайлыбы" ,- дегенге жараган жок.
Фаризат да кечөкүкечтен бери ачка болчу. Өзөгү үзө тартып турган. Чоң мискей ашты алтоо бат эленыпым калтырбай жалмашты. Кейпи берки кыздар деле ачка окшойт.
Чакадагы сууданкангыча ичишти. Өзөктөрүнө тамак барганга жан кирип бири-бирин сурай баштады.Экөө эже-сиңди экен. Калгандары Фаризаттай ар жерден кошулгандар.
Түн ортосу оойбоевиктердин ырдаган, кажылдаган добуштары чыга баштады. Кейпи наша чегип жеарак ичип атышса керек. Көп өтпөй кажы-кужу үндөр угулуп 7-8 боевик шатырапкирип келишти. Баары кызуу. Кыздар бүрүшүп бурчка тыгылышты.
- Аа сулуулар,кандайсыңар? Силердин кызмат кылчу мезгилиңер келди, -деди бири жалаңдап.Баарынын колдорунда фонариктер.
- Кана, кана катаргатургулачы, - деди эле кыздар бири-бирине жабышып бүрүшкөндө, күрсүйгөн бирөө:
- Силерди," катарга тургула?" - деп жатпайбы ######тар! Тургула! Боюңарга карапкатарга! , - деп кыйкырганда, титиреген кыздар шашыла тизилишти. Эң бойлуусуФаризат экен.
Ээктерин көтөрүп,баарын сындай баштады баягы шыпылдагы. Аңгыча бири:
- Булардыкомандирлерге алпарганда бизге эч нерсе артпайт. Давай ушул жерден бирденмоокум кандырып алалы - деди тамшанып.
- Туура айтат, давай,- деди да, жанагы бакырган күрсүгүй четтеги бир кызды чыңыртып басып жыгылды.Тапыр- тупур боло түшүштү да баары бирден басып жыгылып, зордуктап киришти.
Шыпылдак Фаризаттыбаса калды.
- Мен оорулумун,венерикалык оорулумун, сифилисмин. Өз убалың өзүңө. Кийин, "айтпайкойдуң" дебе, - деди жанталашкан Фаризат. Тигил Фаризаттын көйнөгүн түрүпийип денесиндеги зеленка сүйкөлгөн жараларды көргөндө эси чыгып кетти.
- Канчык! Чын эле бүтденеси жара го. Фу-у, ванючка, - деп ордунан тура качты. Кейпи чатында баягыкемпир сүйкөгөн сасык жыт сакталып калса керек.
- Чын элеби? Арытакыз жетпей калган бири фонарик менен бир карап алды да:
- Ту-уу ата. Чириктура, - деп жийиркене кайра ары кетти. Айрылган көйнөгүн кайра үстүнө кийгенФаризат ордунан турганда, бири автомат кезеп:
- Атып таштайынбы? -деп жанагы шыпылдактан сурады. Фаризаттын жүрөгү оозуна тыгылды." Соп-соомун, жөн эле алдап жатам. Атпагыла! ", - деп бакырып жибересактады.
- Жок. Атпа. Мунунөлүгүн эртең ким сүйрөп жүрмөк эле. Тим кой. Тирүү жүрө берсин. Балким"кызылдарга" алмашып жиберебиз, - деди кайдыгер. Фаризат өзүнө келетүштү. "Шалак" деп жерге отуруп калды. Автомат кезеп турган неме:
- Өңү бирок чоткийэкен. Резине кап жокпу. Тонкойтуп туруп шилтейин, -деди эле кезек күтүп турганэкөө каткырып жиберди.
- Кайдагы резина кап.Табышкерин кара...
- Оозуна бер, - дедибири.
- Жо-ок, ооздон даанажугат, - деп уккам деди берки.
- Ай чын эле. Эмнекарап турабыз. Булардын ооздору бош да. Ту-у ата, -деди да бири чөгөөлөп беркикыздарга ишке киришти.
Беш кызды сегизиойлоруна келгендей чарчагыча уйпалашты. Фаризат баарын "ужас" кинокөргөнсүп карап отурду. Анан баарын кайра кийинтишти да кайдадыр алып кетишти.
Уктап кеткен экендүпө-дүптөн ойгонуп кетти. Көрсө, кыздарды апкелишиптир. Тим эле чала жан.Көйнөктөрү айрылган. Эмчектеринен, денелеринен тамтык жок көк-ала. Фаризат туракалып ар бирине суу жуткуруп чыкты. Ыйлаганга да жарабай калышыптыр. Эже-сиңдинин улуурагы:
- Ушундан көрөсенчилеп сифилис менен ооруп калганым жакшы болчу. Ооруңдан мага жугузчу, -деди кимгедир кыжыры келе тиштенип. Фаризат үн деген жок. Тигил уктап кетти.Бешөө тең уктап калышты. Жалаң полдо сунала жатышты.
Ошол бойдон кечкеуктап жатышты. Түштө дагы аш апкелди эле жалгыз жеди. Тигилер турушкан жок.Фаризат дүйнөдөгү эркек аттуунун баарын жек көрүп жатты. "Акмак эркектерболбосо согуш да болмок эмес. Эмне үчүн Кудай буларды аялдардан күчтүү жаратыпкойду экен. Эгер булар аялдардай алсыз, аялдар тескерисинче күчтүү болгондобаары сонун болмок" деп коет.
Кечинде чоң мискейшорпо алып келишти. Үч табак, үч кашык беришти. Кыздар туруп алмак-салмаккөңүлсүз шорпо ичип киришти. Эч кимиси сүйлөгөн жок.
Бөлмөнүн ичи коңурсупжаман жыттанып чыкты. Күн кечтеген сайын ар кимисинин жүрөгүндө "эмикечөөкү кайра башталат" деген турду.
Эшик ачылып экибоевик кирип келди.
- Кандайсыңар, сулууларым. Кечки шоуга даярданып жатасыңарбы? Ничего, бүгүн кечөкүдөн да мыктыойнойбуз, - деп каткырып койду да:
- Эй сифилис, жүрүбиз менен, - деди.
Фаризат ордунаночорула араң турду. "Атканы алпаратышат. Эмне кылсам. Кордук көргүчө атылыпделе кетейинчи. Баары бир буларды деле кордоп атып өлтүрүшөт окшойт", -деп чечти да эшикке чыга жөнөдү.
- Ванючка. Ылдам басчоюлбай - деди кежигеге автоматтын учу менен түртүп.
Талаага айдайт годеген. Жок. Аскер машиналары токтоп турган эки кабат чоң үй жакка айдашты.
Биринчи кабаттагы бирбөлмөгө кийирди да:
- Тигил кийимдердиничинен каалаганыңды тандап мыктап кийин, - деди баягы шыпылдак.
- Бол тез кыймылда -зекий сүйлөдү.
Фаризат чечингенде;
- Ф-уу... канчык.Курттап кетиптир го, - деп тескери карады.
Фаризаттын оюнакечөкү "Алмашып жиберебиз" деген сөз түштү. "Кийин" дегенинде жакшылыктын үмүтү турду. "Алмашканы келгендер балким жактырбайкойбосун" , - деп көңүлдөнө кийимдерди тандап кирди. Түрлүү кийимдер барэкен. Алгач ич кийимдерди тандап кийди. Анан келишкен узун, көгүш көйнөк кийип,чачын төбөсүнө жыя өрүп туруп түйдү.
Фаризатты жалдырайкараган тигил:
- Сыртыңдан карасатим эле чүрөксүң. Ичиңди кудай көргүлүк кылбасын. Кечөкү келесоо "резинакап болсо бир шилтеп алайынчы" деп тамшангыча эле барсың. Между прочимушул өңүңдүн азабынан сифилис болсоң керек да, - деп улутунуп койду.
Фаризат үн да дегенжок. Чоң күзгүдөн көздөрү алайып жүдөгөн өзүн карап турду.
- Баса, сени чоңжерге өздөрү менен ала кетебиз дегендер наркосоодагерлер. Аларга ооруң жөнүндөүн дебейсиң. Жерине жеткенден кийин каалаганыңды сайрай бер. Алар сени"төрт тарабың кыбыла" деп кое берет. Атып таштабайт. Биздейсогушчандар эмес. Бизге сенин керегиң жок. Ашка жүк башка жүксүң. Ошондуктан, үн дебей тилиңди тигил чириген жериңе кат. Тескерисинче, аларга жагуугааракеттен, - деген көрсөтмө берди.
Анан экөө ээрчишеэкинчи кабатка көтөрүлүштү да чоң, жарык, жалаң килем төшөлгөн бөлмөгө киришти.Бөлмөдө бешөө бар экен, эки аскер формасындагы адамдарды карап "мени алыпкетүүчүлөр ушулар го", - деген ойго кетти. Алардын бири чымыр денелүү,узун бойлуу, жаш жигит Фаризатты көздөрүн ойноктото бир жолу кайдыгер карапкойду да башка карабады. Бет маңдайында отургандардан көзүн алган жок.
Экинчиси жашы кырктанөтүп калгандай көрүнгөн чачын артка тараган сулуу адам Фаризатты көпкө сонуркайсынап карады.
"Эмнеси болсо даушул башчысы окшойт. Ушуга жагайын" деген ойго кеткен Фаризат "Менибул желмогуздардан куткара көр" дегенсип жалооруй тиктеди.
- Ты навернякаметиска, - деди орусчалап сулуу адам.
- Да я-а метиска. Уменя мама была русская, - деди Фаризат мукактана.
- Поэтому ты такаякрасивая, - деп койду да, пойдет, мы еө с собой заберем, - деди тигилердикарап.
- Тогда за такуюкрасавицу те три яүика оставишь, - деди беркилердин бири.
- Все десять яүиковоставлю, - деди берки сулуу адам.
- О-го Вы оченьразүедрились. Если вы насчет женшин всегда такой, тогда приежайте почаүе. Мыкаждый раз будем находить таких красавиц, -деди эле
- Н-еет красивее еевряд ли найдете. Она просто находка. А на самом деле ее никто еүе не трогал?
Берки тараптагыларалаңдай түшүштү.
- Да-а... да. Еө еүеникто пальцем не тронул.
Тигил эми Фаризаткакайрылды.
- Дейстивительно тебяеүе не трогали, скажи честно? Бул жолу сүрдүү тикчие тиктеди.
- Да меня еүе никтоне трогал. Я чиста, - деди Фаризат ишенимдүү үн менен.
- Ну что ж, это мыеүе успеем проверить - деди да жанагы Фаризатты коштоп келген жигитке:
- Ее посадитепожалуйста, в вертолет, - деди.
Тигил Фаризаттынжеңинен тартып, "жүрү" деген ишарат кылып чыга жөнөдү. Экөө ээрчишипэшикке чыкканда;
- Даана азаматэкенсиң. "Ажалдан кутулдум" деп эсептей бер. Өкүртө алдадың. Тигилжакка барганда, көп болсо бир сөгүнүшөт да, сени кое беришет, - деп кудуңдапкойду.
"Ким кимдиалдады бир Кудай билет" деп жибере сактап, кайра оозун басты. Али дачындап кетерине ишене элек болчу. Чоң үйдүн артындагы аянтчада аскер вертолетуконуп турган экен, экөө ээрчишип барды да беркил узатуучу:
- Командириңер булкызды вертолетко отургузуп кой, - деди деп аскер формасындагы вертолеттукайтарып турган чымыр денелүү жигитке кайрылды.
Арадан жарым саатөткөндөн кийин вертолет абага көтөрүлүп, тоолордун үстүнө чыкканда гана Фаризатчындап "тозоктуу жерден кутулдум окшойт" деп үшкүрүп жиберди.
Жанаша отургансулууча адам:
- И-и чоң кызтуткундан бошонгонуңа эми араң ишендиң го, - деп жылмая карады Фаризаттын оюнбилгенсип. Фаризат туруп-туруп эле буркурап ыйлап жиберди.
Фаризат болоктоп,деги көпкө ыйлады. Жанаша отуруп бараткан сулууча адам соороткондун ордунакайра: - Ыйлап ал. Бугуң чыккыча ыйла. Буктун ичте калып, жүрөгүңдү эзипжүргөнүнө караганда, ый менен чыгып кеткени жакшы, - деп койду да, кайдыгер,көңүл да бөлбөй отуруп алды.
Вертолетто кошо учупкелаткан башка беш эркектин бири да Фаризатка жакындан сөз айтмак түгүл,жакшылап көңүл буруп да коюшпады.
Көрсө, жанындаотурган Азият экен. Калгандары анын жигиттери болуп чыкты. Азияттын темирдейтартибине көнгөн жигиттердин бири да ашыкча кадам жасабасын кийин билди го.
Фаризат ыйын токтотупэсине келгенден кийин да эч нерсе сүйлөгөн жок.
Үч сааттан ашык учканвертолет бир жерге келип конгондо, түн ортолоп калса керек. Сыртка чыгышкандаүч жеңил машина күтүп турган экен. Азият бир жигитине, чакырып бир нерселердиайтты да, өзү ортоңку машинага дайыма жанынан чыкпаган жигити менен отурду.Фаризатты арткы машинага отургузушту. Машиналар шаарды аралап, зыпылдап жүрүпотуруп, светтери жаркыраган жер астындагы гаражга келип токтоду. Көп сүйлөбөйкыска- кыска буйрук бере сүйлөгөн жигит Фаризатты шыпылдаган жаш келингеээрчитип келип тапшырды. Ал келин да кадимки аялдарча, какшанып сүйлөй бербейтэкен. Фаризатты үнсүз ээрчитип алып, чакан саунага алып келди да:
- Шашпай аябай тазажуунуңуз. Анан мен сизге эс алуучу бөлмөңүздү көрсөтүп коем. Тигил кнопканыбассаңыз мен келем. Сүлгү, самын, шампунь баары бар. Бүт кийимдериңизди тигилкоробкага таштаңыз. Ич кийимдериңизден бери жаңысын беришет, - дегенде:
- Өзүмдүкү деле жаңы.Бүгүн эле кийгем, - деди эле...
- Бизде тартипошондой. Шефтин буйругун так аткарабыз. Кам жебеңиз. Сизге өзүңүз кийгенден даартык, мыкты кийимдерди беришет, - деди жылмая күлүп туруп.
Фаризат дайрага акканчамындыча баарына кайыл болуп калгандыктан, талашкан деле жок. Жөн салды ганаайта салган. Ошентсе да, тири укмуш кооз саунада аябай рахаттана жуунду.
Жуунуп бүтүп чыкса,ич кийимдер анан жаңы халат туруптур. Тандап, өзүнө чагын кийди да, жеңилхалатты кийип, баягы кнопканы басты. Арадан минута өтпөй жанагы келин пайдаболду.
- Жүрүңүз, - деди да,дагы ээрчитип жөнөдү. Татынакай жасалгаланган жатуучу бөлмөгө алып келди да:
- Сиз кичине күтөтуруңуз. Азыр ысык тамак апкелет. Азырынча суусундук иче турсаңыз болот, - депүстү тасмал менен жабылган столду ачканда Фаризаттын көзү жайнай түштү. Ошондокурсагынын оңбогондой ачканын эстеди. Түрлүү жемиш. Өмүрү көрбөгөн жемиштинширелери, икралар, балыктын эки-үч түрү, колбасалар туруптур.
Ой ошондогутамактанганын эстеген сайын күлөт. Тим эле жуттан чыккансып ичи ооруп, ордунанараң туруп басканга жарагыча ичип-жей бериптир. Тамактангандан кийин тим элемагдырап уктаган экен. Эртеси ойгонсо, күн көтөрүлүп калыптыр. Тозоктон бейишкекантип түшкөнүнө түшүнбөй, бир топко төшөктөн турбай жатты. Ордунан турары мененкечээки келин күтүп тургансып пайда боло калды. Жуунуп, өзүн ирээткекелтиргенден кийин, кайрадан кечиндегиден да ашкан, түрлүү тамактар менентамактанды. Анан баягы келин ээрчитип алып, бир бөлмөгө алып барды эле, ал жерврач-гинекологдун бөлмөсү экен. Фаризатты тыкан текшерип чыкты. Канын алды.Ден-соолугу жөнүндө суроолорду берип көпкө тактады.
Бул жерде эч кимзордуктабасына көзү жетип калган Фаризат, чындыкты гана айтып берди. Анан кайражатуучу бөлмөсүнө жеткирип коюшту.
- Мен кайдамын? Меникоө беришеби?, - деген өңдүү суроолоруна эч кимден жооп ала албады.
- Аны учурундакөрөсүз. Эң башкысы эч тынчсызданбаңыз. Сизге эч ким кысым көрсөтпөйт. Бир талчачыңызга да тийбейт. Кичине күтө туруңуз. Шеф бошогондо, өзү сизди кабыл алат,- деген гана жоопторду алат.
- Шефиңер ким? -дегенге:
- Аны өзүңүз билипаласыз, - дешип жылмайып коюшат.
Түштөн кийин баягыкелин бир жигитке, эки чемодан тирлүү кийимдерди көтөртүп келип, Фаризатка уламбирин кийгизип, өзү аябай тандады.
- Сиздер менисулуулардын конкурсуна катыштырганы жатасыздарбы? , -деген өңдүү суроолорунажооп ала албады.
-Эч кам жебеңиз,баары жакшы болот. Эс алыңыз. Өзүңүздү кармай билиңиз. Баары жайында. Сизойлогондой болот, - деген өңдүү каймана жоопторду кайрадан укту.
Кантсе да жапайыбоевиктердин колунан кутулганга санаасы тынып кубанганы менен, бул сырдуу жер,сырдуу мамиле да жүрөгүн дүпөйүл кыла баштады. Терезеден сыртты караса,гүлзарлар тигилген калың жемиш багынан башка эч нерсе көрүнбөйт. Өзүнүн кайда келипкалганын да билбейт.
Кечки тамактан кийинбаягы келин кайра келди да, күндүзгү экөөлөп тандаган бир сыйра кийимдикийгизди. Чоң күзгүнүн астына отургузуп алып, оо көпкө чачын жасалгалап чыкты.Колдорун, көздөрүнөн бери өзү боөду. Иштеген ишинен өз ишин мыкты билгеникөрүнүп турду. "Бардык даярдыктар бүттү" дегенден кийин "Сизкичине күтө туруңуз", - деди да, беш минутага бир жакка барып келди.
Фаризат өзүн-өзүкүзгүдөн көрүп тааныбай турду. Тим эле, жомоктогу периштедей сулуу кыз күзгүдөнкарап турган эле.
- Жүрүңүз, - депжылмайып карай, баш ийкеп койду да, дагы ээрчитип жөнөдү. Экинчи кабаткакөтөрүлүшүп, бир бөлмөгө кирсе, вертолет менен чогуу учуп келген сулуу адамжалгыз олтуруптур.
Азыр гражданча жеңилкийинип алыптыр. Жарашыктуу кийингенден улам болсо керек, Фаризатка баягыдан дажылдыздуу көрүндү.
- Кириңиздер, - депкүлүмсүрөй тосо чыкты.
- Мага рахым этиңиз,- деп берки келин ийилип койду да Фаризатты тигил адам менен жалгыз таштап,"шып" чыгып кетти. Фаризат карышкырдын астында калган козуча бүрүшөтүштү.
- Өтүңүз. Кандай эсалдыңыз. Биздикилер сизди капа кылышкан жокпу? -деди тигил адам жумшак сүйлөп.
Бул табышмактуу адамкечээ эле боевиктер менен базардагыдай соодалашып өзүн сатып келгенин, эмикаалагандай урунууга укуктуу экенин, "Жок, мен деген адаммын. Мен силергебуюм эмесмин соодалашкыдай, бириңер сатып, бириңер сатып алгыдай" деп айтатурган укугу да жок экенин, азыр мындан аркы жашоо-турмушу ушул адамдынкөңүлүнө, каалосуна жараша болоорун. Эгер жакпай калса ар кимдин тепсендисиндекалган тряпкага айланышы да мүмкүн экенин, эгер бул адамга жакса анда жок эледегенде катардагы сойкулардын кейпин кийбей сыйлуу жүрөрүн түшүнбөгүдөй Фаризатанчалык деле акыл-эси алабармандардан эмес болчу. Анын үстүнө каны аралашболгону менен төрөлгөндөн чыгыштын тарбиясын көрүп өскөндүктөн чыгыш аялдарынатиешелүү эркектин астында ийменүү, тагдырдын ыгына көнүү менталитети да барэле.
Табышмактуу кожоюнуканчалык жумшак сүйлөсө да муундарын калтырак басып өзүн жакшы кармай албайтурду. Анткени ушул жерге келгенден берки бир гана "Кимдин төшөгүнөалпарып мени жаткырууга даярдап жатышат" деген ой турган. Чынында ал түгүлминтип "кабинеттен жолугам" деп да ойлогон эмес.
"Түз эле жатуучубөлмөгө алпарышат го. Мынча жасалгалап калды дагы бирөөлөргө сатабы?"деген да санааларга баткан.
Сырдуу адамдынсуроосуна шак жооп бере албай мукактана түштү.
- Жакшы... Жакшы элеэс алдым. Эч ким капа кылган жок, - деди үзүк-үзүк сүйлөй. Тигил адам тим элежутуп жиберчүдөй болуп суктана тиктеп турган экен. Көздөрүн тартып алды да жеркарап сүрдөй: - Сизге рахмат - деп койду.
Тигил адам басыпкелди да Фаризаттын оң колунан кармап:
- Кел мындай отур.Сүрдөбө. Өзүңдү өз үйүңдөгүдөй кенен сез, - деди да жетелеп келип жумшаккреслого отургузду. Эки фушерге жемиштин маңызын куюп келди да бирин Фаризаткаберип экинчисин өзү ууртап койду да, бет маңдайдагы креслого буттарынкайчылаштыра отура кетти.
Фаризат ичинен"Жашы өтүп калганы гана болбосо жакшы адам көрүнөт. Кейпи мени бирөөгөбелекке бергенге же сатканга деле ниети жок көрүнөт. Өзү менен алып калчудайго" , - деп ойлогонго үлгүрдү.
- Фаризат эми магаөзүң жөнүндө шашпай кең-кесири айтып бер. Төрөлгөнүңдөн баштап, - дегеним. Эчтартынба. Тартына турган, уяла турган эч нерсең жок экен. Мага врачтардынбилдиргенине караганда ден-соолугуң чың, абийириң таза экен. Чынымды айтайынсени кыз экен дегенде уккан кулагыма ишенбедим. Жанагы жапайы боевиктердинарасында жүрүп кантип аман калдың экен мага табышмак. Ошондуктан сени менен чындилден сырдашкым келип турат. Байкасам өзүң да түшүнүктүү кыздардан көрүнөсүң,- деп жылмая карап койду.
Ошентип ФаризатАзиятка башынан өткөнүн бүт айтып берди. Өзгөчө акыркы окуяларды айткандатоктоно албай буркурап ыйлап жиберди. Ата-энеси бир туугандары эсине түшкөндөжанын коерго жер таппай ичи өрттөнүп кетти.
Азият дагы үнсүзсөзүн бөлбөй укту. Ыйласа сооротподу. Ыйлап-ыйлап алып, кемпир менен өзүнүнжоруктарын, боевиктердин жүрөгү түшкөнүн айтса Азиат боорун тыта күлдү.
- Кудайга шүгүр эгерсенин денеңди ошол жерден көргөндө мен да жаныңа жоломок эмес экенмин." Аялдын акылы кырк эшекке жүк" - деген чын деп күлө берип көзүнөнаккан жашын жанынан жүз аарчысын алып сүрдү да, -Азамат экенсиң, өзгөчө жанагыкемпир азамат экен. Сасык жытты ойлоп тапканын - деп койду.
Экөө дагы бир топкосүйлөшүп отурушту. Фаризаттын тилинин учунда биртоп суроолор турса да береалбады. Анткени:
- Мен жөнүндө өзүңаста-аста билип аларсың. Аябай көптү билүүгө деле кызыкпа. Сага анын кереги жок- деп койду. Анан түз эле:
- Мага чын дилиңденмамиле жасап сыйлашыңды, ийменип акылымды, сөзүмдү угушуңду каалайм. Биздетартип катуу, ашык кадам жасабаганга аракет кыл. Эгер өзүң күнөө кетирбесеңбейиштегидей жашайсың. Күнөө кетирсең кечирим болбойт. Оюмдагыдай жүрө алсаңмен сенден эч нерсе аябайм. Мендеги бир адат көп учурда адамды биринчи көргөндөэле жактырып калмайым бар. Сен да биринчи көргөндө эле жактың. Анан сенинжанагы тагдыры белгисиз иниңди болгон мүмкүнчүлүгүмдү колдонуп издетем. Эгертирүү болсо сөзсүз таптырам, - дегенде башка сөзү бир тең "Ушул иниң тирүүболсо сөзсүз таптырам" деген сөзү бир тең боло кубанып кетти. Улам уртапичип отурган жемиштин маңызга анча зыянсыз өлчөмдө таза апийимденкошулгандыктан бара-бара Фаризаттын дене бою балкып жанагы карышкыр көргөнкозудай жыйрылуусу жоголо баштады.
- Кана келип булжерге отурчу,- деп Азият жанын көрсөткөндө тартынбай эле барып отура кетти.
Эртеси ойгонсоАзияттын кучагында жаткан экен. Алгач селт чоочуй түшкөнү менен түндөгү махабатжыргалын эстей кайра Азияттын колуна башын коюп үргүлөй ыктады.
Азият убадасына турупинисин бүт Тажикстанды тинттирип издетти. Көп жерлерге экөө да барышты.Бара- бара Азиятты жөн гана кожоюнундай эмес чындап аялдык аруу сезими мененсүйүп калды. Эх арман, көрсө Азият аял сүйдүрө турган эркек тура.
Кайсы кара шайтан сайганкүнү азгырылып Саидге жакындады десең. "Өзүмдүн ким экенимдикөрсөтөм" деп ойлогон. "Кимге көрсөтөм?" деп ойлобоптур. Азияткабы? Азият ансыз да баалачу. Анда кимге? Алкаш Саидгеби? "Өз ордумдутабам" , - деген. Көрсө өз ордун таппай эле кайра ордунан алыстап качканэкен. Кылмыштуу жол менен, акча менен, өз ордуңду табалбайт экенсиң.
Полицейский ойношуканча эркелетип көңүлүндөгүдөй болгону менен жалгызсырачу болду. Баягыата-энесинен, биртуугандарынан айрылганда жалгызсыраган. Бул дүйнөдө таптакыржалгыз ээндикте калгандай жалгызсыраган. Анан Азиятка жолугуп ага көнүпкеткенден кийин таянары, карманары барча жалгызсырабай калган эле. Эми көптөнбери кайра жалгызсырап жүрөт. Чөлдө калгандай жалгызсырап жүрөт.
Көзүнөн мончок жаштаркуюлуп кетти. Ордунан тура калды да сотка телефонун алып, Москвадагы таанышкызына чала кетти. Өзүн жоготуп койду. "Азият кайдан телефон чалынганынбилип коөт" деген коркунучту да унутту. Кудай жалгап кыз үйүндө экен.Өзүнүн ким экенин айтканда:
- Фаризат. Фаризат...сен тирүүсүңбү? Уккан кулагыма ишенбейм. Чын эле сенсиңби? - деди тааныш үнапкарый.
- Ооба. Менмин.Фаризатмын. Тип-тирүү элемин - деди берки ишенимдүү.
- Кудай турат гоФаризат. Сени бул дүйнөдө тирүү жок, - деп ойлочумун. Азият өзү жок кылыпкөзүңдү тазалап коюп "качып кетти", - деп койду го дечүмүн. Алколунан баары келген адам эмес беле, - дегенде Фаризат "селт" - дейтүштү.
- Эмне үчүн өткөн чакменен эмне Азият... сүйлөй албай калды.
- Сен уга элексиңби?Азиятты өлтүрүп кетишкенин уга элексиңби? У-уу жарым өмүрүңдү жоготупсуң мындайчоң сенсацияны укпай калып. Болгондо да үйүнөн чекеге атып кетишпедиби. Азиятыңсенден айрылгандан кийин такыр башкача болуп калды, - деп уккам...
Фаризат өзүнүнболкулдап ыйлап жатканын биртопто барып билди. Тигил дагы көп нерселерди айттыокшойт. Түшүнбөй калды.
- Болуптур менжакында сага Москвага учуп барам, - деп телефонду өчүрдү. Өзү төшөгүнө күпжыгылып тыбырап-тыбырап Азият... Азият мен акмакмын мени кечир!? Мендей сойкунукечир! ? Мендей шүмшүктү кечир!? деп боздоп ыйлады. Ыйын эч ким уккан жок.Үстүнө эч ким кирген жок. Жалгыз болчу. Мына өчөшүп "сага көрсөтөйүн" - деген адамынан да айрылыптыр. "И-и, мени колунан эч нерсе келбегенкатардагы катындардай көрдүң беле. Керек болсо мен деген минтип да коөалам" - деп кекээрлөөчү адамынан да айрылыптыр. Эми кайда барат. Кимгекереги бар.

#17 25 Сентябрь 2012 - 12:42
Пекин-
Москва рейсиндеги самолет менен учуучу жүрүнчүлөррегистрациядан өтүп бүтүшүп, самолетко жеткирүүчү автобусту күтүп турушкандаШаанын көзү элге көп кошулбай өзүнчө турган сулуу кызга урунду. Кимгедиржолугарын.
Жолукканда да жөнөкөй адамга эмес сырдуу адамга жолугарын аэропорткокелатканда эле билген. Баягы тоодогу үңкүрдөгү ламага барып келгенден кийинушундай баарын астына ала билип, сезип турган туюм пайда болгон. Мындай туюмукүн сайын күчөп бараткан. Адамдарды бир карап туруп аурасын көрүп калган.Адамдын курчаган аурасына жараша кандай адам экенин, энергиясынын күчү канчаэкенин биле баштаган. Илимде "үчүнчү көз" деп айтылып жүргөнтүшүнүктүн өзүндө пайда болгонуна алгач түшүнбөй таңданса бара-бара көнүп аярурунууга аракеттене баштаган эле. Ошентсе да өзүнө берилген белгилерди толукчечмелөөгө үйрөнө элек кези.
Сулуу жаш кыздынаурасы түбүндө таза болгону менен кийин турмушта аябай кирдеп бузулганын, кыздын азыр ошол кирдеген аурасынан жапа чегип кыйналып турганын, андан башкада башында оор кайгы барын, ичи бышып баратканын билди. Ошону менен катар элекызды Москвада жеңил жол эмес оор жолугушуулар күтүп турганын билди. Кыз мүмкүнМосквага учпай деле койсо болмок.
Кызык эмне үчүн өзүкызга тартылып жатат. Мына ушуга түшүнбөдү. Кыздын сулуулугуна эмес. Муну такбилет. Аурасы мынчалык кирдеген кызга тартылмак эмес. Сырткы сулуулук алдамчыболоорун, ички сулуулук гана чыныгы сулуулук экенин апачык көрүп туруп кыздынсырткы сулуулугуна кызыкмак эмес. Кызда Шааны кызыктырган бир сыр турду мунукөрүүгө Шаанын күчү жетпей жатты. Кыздын аурасын аралап анда-санда пайда болокалган күчтүү ак шоола чагылгандын огундай жарк дей түшөт да жоголот.Жакыныраак басып келди да өзү энергия жиберип кыздын башында айланган кирэнергиянын толкундарын билгизбей тазалады эле кыз кадимкидей эс алып, көңүлүачылып, тегерегиндегилерге көңүл бура баштады. Ал түгүл Шааны да бир жолужоодурай карап койду. Кызды митиска экенин Шаа билген. Өзбечка же тажичка депойлогон.
Бул сырдуу сулууФаризат болчу. Гонконгдон Москвага чукул рейс жок болгондуктан Пекин аркылууучуп жаткан. Жүрөгү алеп-желеп болуп Азиятты эстесе кайгырып, дос кызынажолугарын эстесе кубанып өзүнө келе албай турган. Шааны карап алып "Казакже кыргыз болсо керек" деп ичинен ойлоп койду да "Жылдыздуу жигитэкен. Жашы деле менден көп болсо 2-3 жаш улуу болбосо тең курбал окшойт"деген тыянак чыгарып койду. Көзүнө Москвага учуп жаткандардын баары жакшыкөрүнүп турду. Эл-жерин сагынганын туйду.
Көп күтүшпөйжүргүнчүлөр самолеттон орун алышты да аба лайнери Москвага бет алды. Эки катарастыдагы орунтукта отуруп бараткан кызда кандай сыр бар. Эмне үчүн алтынчытуюму "Кыз менен тааныш. Колдон чыгарба" деп жатат. Кызды анда-сандажарк деп курчап өтүп кайра жок болгон эмне жарык түшүнө албай Шаа бушайман." Бриллиант жыландын" сырын, кайда экенин билген дүйнөдөгү жалгыз адамкыз экенин Шаа ойлогон да жок. Кызды кытайда челнокчулук соодада, же сойкулуккылып жүргөн неме го деп ойлоюн десе өзүнө келген белгилер башкача.
Кандайдыр бир улуукүчтүн таасири уруп турганы түшүнүксүз. Ичинен "балким кыз тукуму жакшы аксөөктөн чыккан немедир, ошонун касиетидир" деп ойлоп койгону менен"кантип сүйлөшүп кепке тартсам" деп жолун издей баштады. Шаадагыкудурет "Бриллиант жылан" менен кызды байланыштырууга жетпеди.
Самолет тибеттинсырлуу тоолорунун үстүнөн зымырап учуп баратты. Дүйнөдөгү эң күчтүү сырлар,адам баласына али белгисиз укмуштуу энергиянын топтому жаткан аймактын үстүменен баратканын сезген Шаа колунан келишинче өзүнө энергия топтоп алуу үчүнорунтугун чалкалатып көздөрүн жума транска түшүп кетти.
Шаа транстан самолетказактын талаасына келгенде гана чыкты. Өзүн бир башкача күчтүү, жеңил сезипкалган экен. Көзүнө биринчи урунганы кыз болду.
Белгилер азыр биртопачык келе баштады. Кызды астыда коркунучтуу жолугушуу күтүп турат. Андан бирсактаса Шаа гана сактап кала алмак. Кыздын өмүр жолу татаал жана оор болгонэкен. Киши канына сабын болгонун да көрдү.
Сыртынан татынакайкөрүнгөн ушундай кыздын мынчалык оор окуяларга криптер болгонуна ким ишенеалат.
Самолеттобараткандардын дээрлик бардыгы көрпенделик күнүмдүк кызыкчылыктын туткунуболгондор. Кыз деле күнүмдүк кызыкчылыктын туткуну. Бирок андагы кандайдыр бирсырттан берилген касиет аны сактап өзгөчөлөнтүп турат экен.
Кыздын башына өтө көпжаман ойлор толуп алган экен, өзүн-өзү кыйнап баратат.
Фаризатка жанашаотурган улгайган адам тамеки чегүүгө чыкканда артынан кошо чыккан Шаа"Эгер туура көрсөңүз орун алмашып отурбайлыбы? Мен тигил кыз менен өң-таанышэлем сүйлөшүп барайын" - деди эле тигил адам "Мейлиң. Мага айырмасыжок" деп койду.
Бейтааныш адамдарданбоюн качырып оңой менен мамиле жасабаган Фаризат Шааны эски таанышын көргөндөйжылуу кабыл алды. Бул Шаанын гипноздук таасиринен экенин билген жок.
- Саламатсыз!
- Саламатчылык!
- Эгер жаңылбасамтажик кызы болсоңуз керек?
- О-оба. Тажиккызымын.
- Өзүңүз казак жекыргызсыз го?
- Кыргызмын.
- Студент же илимгеаралашкан адам болсоңуз керек?
Шаа кыздынбаамчылдыгына баа берди.
- О-оба. Илимий иштерменен жүргөнүм чын. Тим эле чекемде жазылып тургандай таамай айттыңыз го.
Фаризат өзүнүнболжоосу туура чыкканына курсант боло жылмайып койду да:
- Соодада жүргөнүңүзбайкалбайт. Ошондон улам айттым,- деп койду. Жөн салды гана.
Экөө кытай жөнүндө,келип- кеткендер, соода жөнүндө көпкө сүйлөшүштү. Шаа канчалык сөздүн оңтоюнкелтирсе да Фаризат өзүн жөнүндө эч нерсе айтпады. "Кытайга жөн-жай соодакылсам кандай болот" деп билгени келдим эле,- деп жооткотуп койду.
Убакыт болсо билинбейөтүп самолет конууга жакындап калды. Шаа шашпаса болбойт эле. Ошондуктан түзчабуулга өттү.
- Сизди жолдошкызыңыз күтүп турат. Сизди башка да бирөөлөр күтүшүүдө. Эмнеге экенин билбеймниеттери жаман немелер. Кыскасы жакшылык менен эмес, - деди эле Фаризат"селт" этип өңү бозоро түштү да Шааны алая карады.
- Кайдан билесиң?дейсизби. Чочубаңыз. Мен сизди биринчи жолу аэропорттон көрдүм. Буга чейин сизжөнүндө эч нерсе билчүү эмесмин. Кудай турат бул чындык. Болгону мендебашкалардын келечегин, ойлогон ойлорун билип койгон касиет бар. Ишенбей атасыз.Жөн гана ишенип коюңуз. Менин сизге кылдай арам оюм жок. Сиздин башыңызданөткөн чоң коркунучтуу иш бар. Ал аяктаптыр. Бирок сиз катуу коркуп калгансыз.Сырдуу күтүүчүлөр да ошол ишке байланыштуу болушу мүмкүн.
Фаризаттын муундарыкалчылдап эмне ойлорун билбей калды. "Азияттын жигиттери күтүп турганго" - деп ойлоду.
- Сиз ойлогон кишининжибергендери эмес тап-такыр башка тараптан. Аларды балким сиз билбейт даболушуңуз мүмкүн, - деди Шаа Фаризатты кыйгач карай.
"Бул чын элеменин ойлогонумду бүт билип жатабы же психологиялык оюн кылган Азияттынжигиттеринин бириби" - деп мелтирей тескери карап ойлоду, Фаризат. Жанагыжайдарылыктын бири да калбады. Шаа дагы үнүн пас чыгара:
- Мен эч кимдинжигити эмесмин. Дагы кайталайын буга ишениңиз. Эч кандай оюн да койгон жокмун,- дегенде Фаризаттын айласы даана кетти.
- Мен эмне кылышымкерек - деди Шаага жалооруй карап.
- Сиз күткөнкызыңызга жолугуп кичине сүйлөшүп алаксый туруңуз. Аңгыча мен такси кармап келекалам. Анан сизди аңдуучулардан кутулууга аракеттенебиз.
- Макул! - дедиФаризат ойлонбой туруп. Самолет Шереметового конуп жаткан эле.
Шаа шашыла элденбиринчи түшүүгө аракеттенди. Кетип баратып
- Мен кармап келгентак#### кармалбай шак отургула - деди.
Шаа узагандан кийинФаризаттын башына бир ой келди. "Балким Шаа алдап ойнотуп жатсачы. Оңойколго түшүрөйүн деген амалыдыр. Коөтур, буларга көргөзөйүн" - деди да,жанындагы сумкадан чоң кара жоолук алып чыгып араптарча чүмкөнө салынды да узунплашын кийип таанылгыс боло түштү. Бажыканадан өтөөрү менен ар бир аялдыжалдырай тиктеп турган дос кызынын жанынан тескери карап өтүп кетти да көпкармалбай жалгыз так#### отуруп зуу койду.
Чын эле дос кызыналысыраактан акмалап турган эки жигитти байкады. Азият менен жашап жүрүп андайжигиттерди жаземдебей таанып калган. Дос кызы Фаризатты ары-чуркап, бери-чуркапиздеп таппай калды. Ушул рейс менен учуп баратам деп чалганы чын болчу. Эмнеболуп кеткенине түшүнгөн жок.
Шаа такси менен келипФаризатты таппай калды. Артыбыздан куугунтук болушу мүмкүн деп атайы жаңы"Мерседес" айдаган жаш жигитке сүйлөшкөн болчу. Фаризатты издепалактаган кызды оңой эле тааныды. Фаризат Шаага ишенбей жалгыз качып кеткенинтүшүндү.
- Сиз Фаризатты күтүпжаткан жоксузбу? - деди жакын келип.
- О-оба. Ага эмнеболду. Келбей калдыбы? - деди кыз шаша.
- Баары жайында.Жүрүңүз. Калганын жолдон айтып берем, - деди эле, кыз көп тартышпай эле келипмашинага отурду. Гипноздук таасир берип кызды көп сүйлөтпөй алып кетпесе тигилаңдыгандардан кутулуу кыйын болоорун түшүнгөн Шаа ушул жолго барды. Жайсүйлөшүп бараткан кишиче басып баратып шак машинага отурушту да зуу коюшту.Машинага отураары менен шоферго "Катуу айда" деди Шаа акырын.
Аңдыгандар шашыпкалышты. Ал түгүл номерин көргөнгө да үлгүрүшпөдү. "Мерседес" түнкүкараңгылыкка сиңип кетти.
Фаризатты күткөндөрчынында эле Азияттын жигиттери эмес болчу. Азият катып жүргөн жана жалгыз өзүбилген "казынанын" ээсинин жигиттери эле.
Азият күтүүсүзөлгөндөн кийин, таза Ооган апийими катылган "казына" кайда экенинбиле алышпай отко-сууга түшүп жатышкан. Азияттын жакындарынан эч ким билбейтэкен. "Казынанын" шегин бир билсе Фаризат билиши мүмкүн болчу.Ошондуктан Фаризатты издетүү кайра күчөп башталган.
Фаризат мамилеси доскыздары аз болчу. Бири ушул Москвадагы кыз. Фаризат менен бир учурда окуган.Бул кыздын ата-энеси да согушта жок болушкан. Эки агасы менен ФаризаттынМосквадагы дүкөнүн иштетип Фаризат сатып берген үйдө турушчу. Телефон дайыматыңшоодо болгондуктан Фаризат чалары менен аңдуу күчөтүлгөн.
Шаа жолду каратакызга кыскача түшүндүрмө берди.
- Менин билишимчесилердин телефонду кимдир бирөөлөр тыңшоого алып Фаризат менен сиздин сөздүуккан да Фаризаттын келишин күткөн. Телефонду угуу дагы улантылат. Сиз эгерФаризат телефон чалса түз эле "Телефонду тыңшап угушууда" деңиз дасүйлөшпөй коюп коюңуз. Сизди Фаризатка мен башка жерден жолуктуруугааракеттенем, - деди.
Гипноздук таасирденжакшы чыга албаган кыз оңдуу сүйлөй да албады. Өзүнө да жакшы келген жок. Шаакызды биринчи көргөндө эле Фаризатка кылдай арам ою жогун билген. Кызды үйүнүнжанына ташташты да түнгө сиңип кете беришти. Машина жүрүп кетээри менен эсинекелген кыз "Өңүмбү, түшүмбү. Мен кайдамын?" деп эки жагын карапүйүнүн жанында экенин көргөндө эмнелер болгонуна көп башы жетпей үйүнө беталды.
Шаа "Оңой кууэмес экен. Кара мага ишенбей кандай жолго барган. Демек, чын эле мында чоң сырбар", - деп Фаризат жөнүндө ойлоп баратты. Эми аны Москванын кайсылбулуңунан табаар экен.
Эпилог ордуна
Автордон: Урматтуу окурмандар!
"Бриллиантжылан" чыгармасындагы окуялардын уланышы 1-2 жылга (балким андан даузактыр) токтоп калчудай болуп турат. Себеби китептеги окуялардын негизинтүзгөн каармандардын көбү бүгүнкү күндөгү биз менен аралаш жүргөн эле адамдарэкендигин өзүңүздөр деле сезип жатсаңыздар керек. Ал түгүл алардын айрымдарынбоолголоп билип жаткандырсыздар. Кудай аман койсо китепти улантып жазуучумезгил да "бышып" жетилээр. Азырынча кайрадан көрүшкөнчө, - дейтуралы.
Бриллиант..

#18 24 Март 2013 - 04:20
бутпой калыптыр го? Kg_boy3239 кап этпесен улантып коеюн. эгер мумкун болсо
#20 24 Март 2013 - 04:27
Фаризаттын дос кызын түшүрүп коюп Шаа мурда жатып жүрчү аспиранттардын жатаканасынан келип орун алды. Бул жатаканада мурун студент кезинде бир нече жыл жашагандыктан бардыгы жакшы болчу. Бир сыйра сууга чайканып сергигенден кийин
чалкасынан түшө диванда ойго батып жатты. Москвага келгендеги биринчи планда Кытайда жүргөндө жыйнаган илимий иштерин ирээттеп, убакыт өткөрбөй чыгыш фольклору боюнча темасына ылайык кандидаттыгын жактап койсом деп ойлогон. Экинчи планында кытай легендаларында айтылып жүргөн Хантеңир тоо кыркаларындагы ак кар баскан мөңгү арасындагы жайы-кышы тоңбогон, кайнаган ысык көлчөнүн таасири менен жээги жайы- кышы дебей жапжашыл болуп турган көлдүн сырын Кочкор өрөнүндөгү Ара-Көл
аталган чакан көлдүн сырын изилдесем деп ойлогон. Туура, колдогу китептин сырын табыш эстен чыкмак эмес. Болгону, Линин кызынын артынан сая түшүп кубалоого мүмкүнчүлүк жок болчу. Англис тилинде жакшы сүйлөй албагандыктан Америкага барса кыйналып калмак. Экинчиден ички туюму да "кайра артка кайт" деген белги берген. Минтип күтүүсүз Фаризатка жолугуп отурат. Фаризат бир минута да эсинен чыкпады. Бул кызда эмне сыр бар. Кеп ошондо турат. Ички туюму экөөнү байланыштырып тарткан кандайдыр бир күч бар экенин билгизүүдө. Шаанын ички туюму эч убакта алдабайт. Демек, Фаризат менен жакшылап таанышуу керек. Москва чоң шаар, бирок, Фаризат менен кайра жолугушаарын билип турду. Бүгүн тынч уктап жакшы эс алуу керек. Эртең жан тынбай жүгүрө турган иштер күтүп турат деп ойлой уйкуга кетти.