Саламатсыздарбы азыркы учурда жаш үй бүлөлүлөргө жер иштетүү үчүн женилдетилген кридит берип жатат Айыл банктан 10% менен 50 миңге чейин 1 жылга без залок,иним кридит алайын десе ар бир айда 4 500 сомдун тегерегинде акча төлөп 1 жылда толук кутулуп кетет дептир.
Эми суроо.
Жер иштетүү үчүн алган 50 000 сомду биз урук, даары,солярка алып алабыз анан кайдан ар бир айда 4 500 сон таап бере алабыз жер иштетүүгө деп берилип жаткандан сон эгинибизди чогултуп анан %ти м-н төгүп бере турган болсо жакшы болмок.
Супер инфо эртерек жооп алып бере аласыздарбы жаздын 1 күнү 1 жылга тете болуп жатат рахмат.
Баракча 1 - 1
Кредит тууралуу
#2 25 Март 2014 - 18:53
Элди алдап эле журушот мен да докуменнтердин баарын чогултуп бергем уже 2ай болду жыйынтык жок
#3 25 Март 2014 - 19:29
мага 1 ай болоюн деп калды сенин айткандарынды туура деин десем биздин айылда менден мурда документ тапшыргандар алып жатышат
#4 25 Март 2014 - 19:35
Ишенуу кыйын го. Кредиттен,ыйлап-
боздогон адамдарды коп кором. Жыргап кеткен адам аз.
#5 25 Март 2014 - 19:36
Кудай сактасын Бабановдун убагында да 7%тен алгам жаман болгон эмес
#6 27 Март 2014 - 15:14
Биздагы 10% кредитке документ тапшырганбыз бирок банктагылар акча которулбай жатат деп жатышат.Быйыл беришет бекен,же бербейбиз деп эле айтышпайбы умуттондурбой.
жооп алып берип койгулачы ушул маселе боюнча.
#8 10 Апрель 2014 - 00:17
Кредитти алганда аны иштетууго анык максат болуу керек, антпесе биз той кылабып же болбосо машина алып алабыз да анан кредитти толоп керек эле деп журо беребиз.
#9 11 Май 2014 - 13:37
Урматтуу супер жамааты! Озум Аксы жергесиненмин.
Учурда Орусияда иштеп журом. Сурайын дегеним мындай. Айылда омуру иштелбеген эки га жер сатып алган элек бир топ жыл мурун жарылып кетуу коркунучу бар. Курулуш курууга болбойт. Эми ошол жерди бак кылып тосуп, бакма канаттуу чарба уюштуруп, жер кылып жашылдандырып сактап калайын деген оюм пландарым бар. Канткенде мамлекеттен кандай жардам алсам болот. Сиздерден суранам тезирээк жооп алып берсениздер.
#10 29 Январь 2015 - 14:56
Саламатсыздарбы Супердин жетекчилери.
Менин суроом томонкучо:
Убагында О.Бабанов баштап кеткен 7%кридит кийин Ж.Сатыбалдиев уланткан 10%кридит быйыл да берилеби,берилсе качан токтом чыгат,эртерээк билип бере аласынарбы алдын ала рахмат.
Колунардан келсе эртээрек жооп алып бересинерби, жаз жакындап келе жатат.

#11 29 Январь 2015 - 17:24
Delfinchik (29 Январь 2015 - 14:56) жазган:
Саламатсыздарбы Супердин жетекчилери.
Менин суроом томонкучо:
Убагында О.Бабанов баштап кеткен 7%кридит кийин Ж.Сатыбалдиев уланткан 10%кридит быйыл да берилеби,берилсе качан токтом чыгат,эртерээк билип бере аласынарбы алдын ала рахмат.
Колунардан келсе эртээрек жооп алып бересинерби, жаз жакындап келе жатат.
Менин суроом томонкучо:
Убагында О.Бабанов баштап кеткен 7%кридит кийин Ж.Сатыбалдиев уланткан 10%кридит быйыл да берилеби,берилсе качан токтом чыгат,эртерээк билип бере аласынарбы алдын ала рахмат.
Колунардан келсе эртээрек жооп алып бересинерби, жаз жакындап келе жатат.
Суроого Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн басма сөз катчысы Мелис Эржигитов жооп берди:
- 7 пайыздык насыя берүү бул Өмүрбек Бабановдун шайлоо алдында жарыяларынын бири болгон. Ал өкмөткө келгенден кийин ушул убадасын ишке ашырууга аракет кылган, бирок иш жүзүнө жакшы ашкан эмес.
Ө.Бабанов "Ала-Тоо финанс" чакан насыя берүү агенттигин түзүп, 7 пайыздык насыя бере баштаган. Бул уюм өзүн актабай жаткандыгынан, анын жетекчиси ошол кездеги премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевге 7 пайыздан 10 пайызга чейин көтөрүүнү өтүнгөн. Бир аз убакыт өткөн соң өкмөт бул агенттикти жоюп, 2014-жылдан тарта 10 пайыздык насыя бере баштаган.
Ошол жылдын ичинде жалпысынан 3 миллиард сомдон ашык көлөмдө насыялар берилген. Бул жылы да өкмөт ушул көлөмдө насыяларды берүүнү пландап жатат. Насыя 5 банк аркылуу берилмекчи. Алардын негизгилери бул РСК-банк, "Айыл банк" жана KICB банк.
#12 01 Февраль 2015 - 23:27
Акча тууралуу ушул окмоттон жардам эмес соз да сурабай эле койгулачы айыл чарбага деп коюушуп ай сайын кайра токтуруп жаткан тулкулордон эмне пайда.
#13 08 Февраль 2015 - 09:54
Саламатсынарбы
Суроом
Ошол сиздер берип жаткан акчаны
Ошол жерде иштеген айыл окмотто иштеген
Жалан колунда бар бай адамдар алып атат бизге окшогон адамдарга очередь жок кийинки жылга калтырып атат сиздин жардамыныс аркылуу ала аламбы
Урматту супердин жедекчилери сурооду жеткирип берип койгуулачы