Автор: Жалгызым(Назик). ..
Автордон...
Адам баласы тээ түйүлдүк болуп энесинин курсагында жаралганда эле анын тагдыры чечилет деп айтылат. Канча өмүр сүрүп, жашоосунун кай бурулушунда кимдерге кабылаарынан бери алдын ала жазылып коёт дешет. Жашоо жолубузда не деген тагдырларды көрөбүз да, кандай деген адамдар менен кайчылаш өтөбүз? Кээ бири бизге сабак болсо, кай бири арман. Дагы бири жашообузду түркүн түскө боёп кетсе, бири келип аны астын үстүн кылып көтөрө сапырып кетет. Жөн гана жашообузга аралашып, өмүр жолубузда биз менен жүргөнү канча? Ар бир инсан өз жашоо китебинин автору. Китептин калың же жука болгону мааниге ээ эмес, маанилүүсү ал маңыздуу болгонунда. Ошондуктан айтылса керек " узун өмүр сүрүүгө эмес, маңыздуу өмүр сүрүүгө умтул!" - деп.
Бул жолку баяндоочу тагдырдын ээси да көп сыноолорго кабылган. Бул каарманымдын тагдыры кай бирине сабак, дагы бирине жөн гана чыгарма болоор. Бирок ошого карабастан анын баянын колумдан келишинче сиздерге жеткирип берүүгө аракет кылайын...
Катардагы күндөрүмдүн биринде белгисиз профилден социалдык тармактардагы бир баракчама кат келип түштү.
"Кандайсың сиңдим? Сиңдим десем туура болоор, сезишимче менден кичүүсүң. Сенин чыгармаларыңды көптөн бери окуймун. Купулума толот. Сага жазуудан мурун көпкө ойлондум. Анан сен жазган тагдырларды окуп өз тагдырымды баяндап берүүнү туура көрдүм. Негедир ичимдеги бир буулуккан бурганакты сага айтсам жеңилдечүдөй сезилди. Көп сөздөрүңдү мага тааныш, тагыраагы менин ичимдеги арманга үндөштөй туюлат.Мүмкүн болсо айтып берейин..." - деген. Чынында кызыктым, баарлаштык. Бирок каарманым өз тагдырын телефондон эмес, жолугуп көзмө көз баяндап берүүнү туура көрдү. Сунуш киргизди. Көпкө ойлондум. Анан макул болуп жолугушчу жерди болжоп жөнөп калдым. Шаардагы чакан кафе болчу. Киргенимде эле кооз болуп жасалган залдын сол тарабындагы чоң терезе түбүндө олтурган эже колун көтөрдү. Толкундандым, анткени мен биринчи жолу тагдырын жазчу каарманым менен жолугуп жаткам. Эже мени көргөндө бир аз ыңгайсыз боло түштү.
-Назиксиңби?
-Ооба, саламатсызбы?
-Жаш экенсиң, - деди күлүмсүрөп.
-Рахмат...
Эженин маңдайындагы орундуктан орун алдым.
-Кофе?
-Жок, кофе ичпеймин, - дедим.
Жөн гана суусундукка заказ берип олтуруп калдым. Эже болсо кофе... Биз жолуккан кафеде адам аз, анан аябай тынч экен. Атайын сүйлөшүүгө ыңгайлуу деп ушул жерди тандаса керек эже.
Чынында мен да эжени башкача элестеткем. Анткени айткан жашынан бир топ эле жаш көрүнөт экен. Эгер өзү жашын айтпаганда мен ага такыр башка жашты бермекмин. Эжени кандай сүрөттөсөм экен. Көздөрү сулуу, бирок муңдуу. Жүзү абдан жарык, жароокер көрүнөт. Адамдар болот го жүзүн караганда эле жаркыган жазды элестеткен, ошондой көрүндү мага.
-Сени чакырып алып, кайжерден кантип айтаарымды да билбей турам, - деди күлүмсүрөп.
Күлгөндө көздөрү жайнап, баладай болуп бажырайып ансайын сулуу көрүнөт экен. Анан да эженин жүзүндө бир да боёк жок экени таң калтырды. Төгүлгөн каш кирпиги да табийгый. Баары бир табийгый сулуулукка эч нерсе жетпейт окшойт. Ошол үчүн да өзгөчө сулуу көрсөтүп тургандай.
-Сени убара кылганым үчүн кечир.
-Баары жакшы эже, - дедим.
Эже тагдырын башынан баштап баяндоону туура көрдү. Башынан дегенде тээ алыстагы бала күнүнөн тартып ушул күнүнө чейин. Эженин жашоосунун бактылуу күндөрүн айтып жатып, ошол күндөргө кыялы алып учуп, ууртунда болор болбос күлкү уялап айтып жатканын байкадым. Ал эми оор, тагдырынын урунттуу учурларына келгенде шуу эте катуу үшкүрүк тартып, жаркыган кабагы түнөрүп алат...
-Мен абдан жаман адаммын, - деп сөзүн баштады оор улутунуп алган эже.
-Ушунчалык жаманмын. Артымды карап, басып өткөн жолумдагы мен жасаган иштерди мен жасаганыма ишенбей да кетем. Кантип колумдан келди деген суроо кыйнап, ошол учурда баягы азап келет. Бул азапты сөз менен түшүндүрө албайм. Ичтен жеген, ичтен сыздаткан оору... Бул ооруну айыктыруу дарыгерлердин да колунан келбейт. Бул оорунун дарты жок. Сен адамдын абийири соттойт дегенди уктуң беле? - деди мени тике карап.
Ошол убакта эженин көздөрүнөн кандайдыр бир чарасыздыкты, өкүнүүнү окуп турдум. Ушунчалык чарчаңкы тиктеди мени, кудум баарына атүгүл өлүмгө да кайыл адамдай...
-Абийир алдында жооп берүү эмне экенин билесиңби? Анын алдында актануу да пайдасыз. Бул абийир дегениң өзүңдү актоочу миң далилдерди таап келип, жан соога кылганыңа да карабайт. Муну абийир соту дейт. Адам өмүр жолунда кандай гана кылмыш кылбасын ал жазасын алса да, албай көмүскөдө калып кетсе да абийир алдында бөлөк жооп берет... Муну мына мен өз башымдан өткөрүп айтып жатамын!.. .
*******
Ширин күнүгө таң эрте ойгонгондо терезе түбүндө чыркырап сайраган чымчыктардын үнүн көпкө чейин тыңшап жатканды жактырат. Үйдүн капталындагы чоң алма бутагына конуп алышып өзүнчө эле бир хор оркестр тобун элестетет.
-Шириним кызым, тура гой кагылайыным!
Бөлмөгө кире элек жатып жалынып жалбарып келе жаткан чоң энесинин үнүн укканда бактылуу жылмайып алды.
-Энеоууу жата турайынчыыы, - жуурканына ансайын оролуп эркеледи Ширин.
-Кечигесиң садагам!
Энеси ылдый болуп кызынын саамайынан шорулдата жыттап алды. Эки колун керип, денесин созуп чоюлган кыз терезени ачып жибергенде бактагы куштар пырррр эте учуп жөнөштү.
-Качтыңарбыыыы? - терезеге эки колу менен ээгин таяна калган кыз буркурап турган алма гүлүнүн жытын кумарлана жыттап алды да ордунан туруп жөнөдү.
Жуунуп тамактанганы олтурган аны кайра эле энеси кагылып эркелетип жатты.
-Ала гой балам.
Алдына нан менен жаңы тартылган каймакты сунду энеси.
-Бүгүн шаарга барам, апама.
-Мейли балам, анан качан келесиң?
-Эс алууну ал жакта өткөрсөм, жекшемби күнү кечинде келип калам го. Баргым келген жок, бирок апам дагы товарга кетет экен. Инилеримди караганы эч ким жок.
-Ошент балам, апаң да сагынат сени. Кошо жаша десе тигиниси менен батышпай сен да...
- Эне койчу, сени менен эле жашаймын!
-Мектепти бүткөндө чоң окууга өтсөң апаңа барасың кызым.
-Ыкы, апам жер тамга көчөт жакында тиги үйүн мага берсе экөөбүз көчүп барабыз.
-Алда балам ай! Мени ал төрт дубалыңа камап алып не кыласың, мага мына кеңири короомдон өткөн бейиш жер жок, - деген Калипа эне короосун айлантып карап алды.
-Абышкам жашайт бул короонун ар бир бурчунда.
-Энекем менин! - Ширин энесинин жанына өтүп бетинен чопулдатып өөп алды.
-Макул эне кеттим мен.
Бир эки чайдан ууртамыш эткен Ширин шашылып сумкасын көтөрүп жөнөдү.
Аппак көйнөк менен кара юбка боюна жарашып, анын үстүнө келишимдүү келбети көргөн адамды сөзсүз кайра бир каратып алчу. Экиге өрүлгөн көмүрдөй капкара чачтары, кырдач мурду, жазы маңдайы, анан да аппак болуп жүзү туптунук наристеникиндей. Кабагына күн туугансып ар дайым жадырап турат. Ууртуна толгон күлкүсү менен чырайы толгон кареги бир башкача сулуу. ..
Ширин айылда чоң энесинин колунда өскөн. Атасы оор оорудан улам төшөк тартып жатып каза болгон. Шаардагы үйүндө атасынан кийин ээнсиреп жапжалгыз калып кетти. Апасы болсо базарга чыкканы үчүн жумуштап товарга деп кетип, үйгө конуп келип жашачу. Али кичине болсо да акылы ушунчалык зирек эле кыздын, үйүн тазалап, тамагын жасап өзү менен өзү жашай берген. Аз убакыт өткөндө эле апасы башка эркекти жетелеп кирген булардын үйүнө. Апасы эми биз менен жашайт, ата деп кайрыл деп эскертти. Мына ошол адам келгенден Шириндин жашоосу тозоко айлана баштады. Алгач үңкүйүп эле бөлмөсүнөн чыкпаган киши, бир аз убакыт өтүп көнүшүп кеттиби эркин боло баштады. Уялбай эле Шириндин атасынын кийимдерин кийип алчу. Апасы менен кошо жатып, атасынын ордун ээлегенине ансыз да ызааланып жүргөн кыз, атасынын кийимдерин анын үстүндө көргөндө ого бетер ачуусу келди. Урматтуу апалар, чоңдор! Биз балдарды али кичине, эч нерсени түшүнбөйт деп чоң жаңылыштык кетиребиз. А чынында бала кичинекейинен баарын түшүнөт, баарын сезет, баарын жүрөгүнө кабыл алат. Жашооңордогу өзгөрүүнү балаңызга же кызыңызга убагы келгенде айтам деп жүрсөңүз анте көрбөңүз. Бала менен ачык сүйлөшүүгө өтүү керек. Анткени анын бул турмуштун баарын жаңыдан кабылдап, үйрөнүп жаткан аялуу дүйнөсүн уратып алышыңыздар мүмкүн. Сиз убагы келгенде баарын айтам дегиче, бала өз түшүнүгүндө, акылы жетишинче баарын өз алдынча кабылдап алуусу мүмкүн...
Мурун ансыз да жумуштан бошобой кызына анча көңүл бөлө албаган Жийде, тиги күйөөсү келгенден такыр кызын унутту. Кичинесинен эле атасына жакын өскөн кыз, мындай катуу соккуну көтөрө албады. Ичине салып жүрө бергендиктенби балким кусадан, суук тийип сыркоолоп калдыбы белгисиз төшөктөн тура албай жатып калган.
-Ай кыз тур, сабагыңа кечигебиз, сени күтүп турууга алым жок, орунду ачуу керек. - деген Жийде келип кызынын жүзүнө да карабай Шириндин бөлмөсүнүн эшигин ачып босогодон кыйкырды.
-Апаа... - деди ооздорун араң кыбыратып.
-Ширин дейм! Ээк кечиктик, уктай берчи, барбай эле кой! Эшикти илип ал!
Шарактап үйдөн чыгып кетти. Кызы болсо денеси жалындап күйүп, жээкке чыгып калган балыктай араң дем алып жатты.
Билдирүүнү түзөткөн: _Jalgyzym_: 08 Февраль 2021 - 21:09