#IsmanLife
Исманга жашоо тартуула!
!
25 жаш. Жаштык жигер, кайрат.
Келишкен келбет. Тунук акыл.
Мекенчил, ыймандуу жүрөк. Жаркын
кабак, жайдары мүнөз. Курч калем.
Баары бар. Баары бүтүн. Ошол баары
жашап кетиши үчүн бир гана боору
бүтүн эмес. Көрөгөч элибиз "Бооруң
бүтүн болсун" деп айтат экен. Ошол
жашоого үмүт болгон боорду сактап
калалы. Боорубуз ооруп жардам колун
суналы замандаштарым.
Жашоону
сүйгөн, күч кубатка, акылга толуп
келаткан жаңы үй-бүлөнүн жетекчиси,
ата-эне, бир туугандардын медери,
кыргыздын чолпондой уулу, таланттуу
жаш журналист Исманали Муратов
бүгүн жашоо үчүн, жаш үй-бүлө үчүн
оору менен алпурушуп жатат. Боордогу
(альвеококкоз) дартынын айынан
кырчындай жигит жапа тартууда.
Тагдырдын сыноосу белем. Жакында
Исманалиге дартынан кабардар болсо
да кайыл болуп кол кармашкан өмүрлүк
жубайы Мехригүл курсактагы эгиз
перзентинен айрылып, кошумча дартка
кабылып олтурат. Бирок, Исманали
досубуздун жүзүнөн ооруга, ага кошул-
ташыл болгон жубайынын дартына
моюн сунуп жеңилүү көрүнбөйт.
Тескерисинче жашоого куштарланып,
жашоону сүйүп, тагдырдын сыноосу
менен күрөшүп жатат. Өзү менен кошо
бүткүл ааламды жашаткысы келип
турган үмүтүнө, эркине суктандык.
Кайрат-күчүнө баракелде дедик. КВНде
жаркылдап роль жараткан, узун бойлуу,
пейили кенен, ак жүрөк досубузду оор
дарт алып келчү кайгыга бергибиз
келбей турат.
Жакшы тилек, жакшы сөз менен,
дилибизден чыккан каражат менен
колубуздан келген салымыбызды
кошолу замандаштар.
Исманали Муратовдун боорун чет
өлкөдө алмаштырууга 80 000 АКШ
доллары сарпталат. Тамчыдан көл
куралат дейт экен. Жардамаңызды
аябаңыз бир тууганым. Убактыңыз
болсо банктагы эсепке, же конверт
аркылуу, убактыңыз тар болсо телефон
аркылуу жардам кыла аласыз.
KICB BANK
Муратов Исманали
KGS 1280116013081812
USD1280116013258331
RUB1280116016359196
Байланыш телефону 0777801026;
0550801026
Кайдигер карабаганыңыз үчүн сизге
терең ыраазычылык билдиребиз.
Исманали Муратовдун достору.
Баракча 1 - 1
Исманга жашоо тартуула!
#5 08 Сентябрь 2015 - 11:57
Каза болгонун угуп,жаман эле болдум . Аялы эмне болуп жатты экен.
«Будьте с людьми как дерево, когда в тебя
кидают камень, отвечайте плодами»
кидают камень, отвечайте плодами»
Баракча 1 - 1