Салам! Мен бутум тайгалана бергенинин азабын тартып жатам. Кундо эрте менен школго барам, ал школго уйдон чыгып 5 кочону басып аран жетем. Жол талгаяк болгондуктан качан жыгылат экенмин деп коркосун киши. Ошого кенеш берип коюнуздарчы,
сапошканын ылдыйына бир нерсе суйкоп алыш керекпи эмне кылыш керек? Кенешиниздерди кутом.
Баракча 1 - 1
Музга тайгаланып жыгылуу
#2 11 Февраль 2014 - 12:43
Картошканы кесип таманына суйкоп алсан тайгаланбайсын деп укканым бар. Практика жузундо коро элекмин!
Жашоодо бакыт бар деп жашоонун, озу бакыт!
#3 11 Февраль 2014 - 12:58
сапошкага атайын кадап койчу резина барго сапоктун устунон кийип алчуу ошодон сатып алда тайгаланбайсын коркпой бассасын
#4 11 Февраль 2014 - 12:59
Klubnika
, отукчуго барсан, алдына бир резина чаптап берет ар биринин таманына, 150 сомдой турат болгону.
#5 11 Февраль 2014 - 15:23
МУЗДАН ТАЙГАЛАНБООНУН ЖОЛДОРУ
№479 6-12-январь, 2012-жыл
“Муздан тайгаланып жыгылганымды билем, анан көзүмдү ачсам эле гипсте жатам...” Мындай фразалар жашоодон алынып, киного кошулганы айкын. Андыктан андай абалга жолукпоо үчүн тайгалакта жыгылуудан кантип сактануу керектигин билүүбүз абзел. Анда сиздер үчүн кеңештер.
НЕГИЗГИ ЭРЕЖЕЛЕР
Тайгаланып кетүүнүн алдын алуу адегенде кийинүүдөн башталат. Көчөдө жөө жүрүп иш бүтүрүүгө туура келсе, анда жеңилирээк, бирок жылуу кийиниңиз. Мисалы, тондун ордуна мамык күрмө (пуховик), бийик таканын ордуна таманы жапыз өтүк жана узун, ичке юбканын ордуна шым. Аталган кийимдер кыймылдоого ыңгайлуу жана муз тоңгон жолдо жүрүүдө адам өзүнүн тең салмактуулугун сактаганга тоскоолдук жаратпайт.
Муздун үстүнөн бутубузга лыжа кийип кар үстүндө баскан сымал шашпай, таманыбызды жерге толук коюп, кыска-кыска кадам таштоо менен жылуу керек. Бутубуз жерге толугу менен тийгенден кийин салмагыбызды ошол бутка таштоо зарыл.
Колдорубуз тең салмакты сактоодо негизги ролду аткаргандыктан, муз тоңгон жолдо баратканда эч качан колду чөнтөккө салбаңыз.
Колуңузда оор сумка болсо, кучактап албай, тең салмактуулукту сактоо үчүн колдорду эки капталга жазып, өзүңүздөн бир аз алысыраак кармаганыңыз туура.
Айымдардын бут кийиминин такасынын бийиктиги 4 сантиметрден ашпаганы жакшы. Мындан бийик болсо, басканда тең салмактуулукту кармоо кыйынга турат.
БАШКЫ РОЛДО БУТ КИЙИМДИН ТАМАНЫ
Эң башкысы, кышкы бут кийимдин таманы жылмакай болбоосу керек.
Кышкы автоунаанын дөңгөлөгүнүн протектору сыяктуу формада жасалган тамандар тайгалануу коркунучун азайтат.
Тамандын материалы (резинкасы) жумшак болсо жакшы. Себеби басканда жакшы ийилгендиктен, суукта тоңуп, катып калбай, жерге жакшы жабышып, тайгалануудан сактайт. Ошондой эле жумшак тамандагы бут кийим бутту үшүтпөйт. Эгер таман катуу болсо, ийилбей, бат тоңуп калат да, сыйгалана берет жана буттагы жылуулукту сактай албайт.
ТАМАН СЫЙГАЛАНБАСЫ ҮЧҮН...
Бут кийимдин таманына кийизден жука кесип алып, желим (клей) менен тыкан жабыштырып койсоңуз болот.
Лейкопластырь чаптап алсаңыз да сыйгалануудан сактайт.
Жылмакай тамандуу бут кийимден башка кие турган бут кийим жок болсо, таманын бир аз кум кагаздын (наждак) кесегирээк түрү менен сүртүп, бир аз быдыр кылып коюңуз.
Кум кагаздын материалдан жасалганынан кесип алып, таманга желим менен жабыштырсаңыз да жардам берет.
ЖАРАКАТ АЛБОО ҮЧҮН ТУУРА ЖЫГЫЛУУ КЕРЕК
Эгер алды жакка жыгылып баратсаңыз, тизелей калууга, андан соң эки алаканыңыз менен жерди таянып калууга үлгүрүңүз. Ошондой эле бетиңиз жаракатка кабылбаш үчүн башыңызды болушунча өйдө көтөргөнгө аракет кылуу зарыл.
Артка жыгылып баратсаңыз, башыңызды алдыны көздөй ийип, оң же сол капталыңызга оогонго аракеттениңиз.
Эскертүү: жыгылып баратканда түз эле эки кол менен жерди таянып калууга аракет кылбоо кажет. Анткени колдоруңузду сындырып алышыңыз мүмкүн.
ЖЫГЫЛГАНДАН КИЙИН...
Эгер денеңиздин жерге тийген бөлүгү оорутуп жатса:
Эреже боюнча, алгач муздак нерсе басып, андан кийин гана жылытуу керек. Бул үчүн муз же муздак суусу бар бөтөлкө жакшы. Үйгө келгенден кийин музду же муздаткычтагы муздак нерсени желим (целлофан) баштыкка ороп, анын сыртынан жука материалга дагы ороп, ооруп жаткан жериңизге басыңыз. 20 мүнөт баскан соң 5 мүнөт алып коюңуз. Ошентип, муну 2-3 жолу кайталаңыз. Муздак нерсе жараат алган дене бөлүгүндөгү ички кан агууну токтотууга жардам берет жана кандын көп уюп калышынын (гематома) алдын алат.
Экинчи күнү ооруган жериңизди отко кактап, жылытуучу майларды (мазь) сүйкөп жылытууга аракет кылыңыз. Бул денедеги көгөргөн жердин кайра эрте калыбына келүүсүнө жардам берет.
Эскертүү: эгер жыгылган соң жараат алган жериңиз өтө катуу ооруп жатса, анда өз алдынча сакаюуга кам көрбөй, тезинен врачка кайрылыңыз.
Шилтеме: http://www.super.kg/ .../?article=13787

Үмүт
- менин жолум,
Жеңиш - менин тагдырым.
Жеңиш - менин тагдырым.
#6 11 Февраль 2014 - 15:47
Кудай сактасын, бул кышта музга тайгаланып жыгылбадым деле, бирок жыгылып кетейин деген учурлар көп болду.
Барга көппө - Жок го чөкпө
#7 11 Февраль 2014 - 16:39
Кышта негизи коп деле жоо баспайм, бирок. кичинекей кезимде карга оонап, жыгылып журуп эле чонойгом.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#8 11 Февраль 2014 - 23:48
(Эми жыгылганыбыздан ойдо тема ачышыбыз калдыле..)
т.б. Аны сапошка алып атканда ойлонуш керек.. Алып алгандан кийин резина байлап , устаканага алып барып убара болбой.

Аракеттен -адат
адаттан-муноз
муноздон-тагдыр жаралат
адаттан-муноз
муноздон-тагдыр жаралат
#9 12 Февраль 2014 - 11:15
Балдаргоо анча эмес, кыздар кочонун оортосунда чаалкасынан жатып калса бир кызыктай болсо керек.
Сеп ороп алгыла
Сеп ороп алгыла
Кай жерде болбо, ар дайым, ар качан, туболукко журогумдо жашайсын.
Баракча 1 - 1