Адам психологиясы Түрдүү макалалар, кеңештер
#22 01 Август 2015 - 03:08
БИЛУУГО БОЛОТ? Жалгыз экениңди билүү канчалык
оор. Жаныңда эч кимдин жоктугун
акырына чейин мойнуңа албайсың.
Бирок, кечинде бош батирде
кайрадан жалгыз интернет менен
каласың. Баары бир мойнуна албайсың. Эмесе жалгыз экениңди
кантип билесиң? Ал үчүн төмөндөгү
себептерди карап көрүңүз:
1.Сен интернетте отурганыңда 90%
телевизорду жандырып, жандуу
абалды түзөсүң. Болгону 10% гана
оюн-зоок программаларын көрөсүң.
2. Сен башкалардын тамашаларына
күлөсүң, катышпасаң деле сөздөрүн
угуп, жарым-жартылай түшүнөсүң. 3. Сенин интернетте зарыл деле ишиң
жок, бирок баары бир онлайн
байланышында болосуң.
4. Сен өзүңө жакпаган кишиге дагы
смс билдирүү жөнөткөнгө даярсың. 5. Өзүң менен өзүң ичиңден
сүйлөшөсүң.
6. Клуб же кафелерге барып,
тааныбыган адамдар менен
бийлейсиң. Бирок алардын
макулдугун сурабайсың.
7. Ишенби күнү телевизорго
кадалып,Иван Урганттын көрсөтүүсүн
көрөсүң.
8. Көпчүлүк эс алуу жайлары жана
клубдар сени сыртыңдан таанышат.
9. Сен жаныңа баруудан тартынган
кызың менен мамилең кандай
болоорун улам-улам ойлоно бересиң.
10. Сен үйүңдөн жумушка же
азыктарды алууга гана көчөгө
чыгасың.
11. Сага эң маанилүү нерсе – футбол
командаңдын жеңиши болуп
саналат.
12. Сенде досторуңа караганда үй
жаныбарлары көп болот. Жок
дегенде бир мышыгың бар.
13. Сен мамилең жакшы экендигине
жасалма түр көргөзөсүң.
14. Сен качан эң акыркы жолу кафе
же кинотеатрга ким менен барганың
эсиңден чыгып калган.
15. Качан сен бир жакка бараарда
бардыгын чакырасаң, бирок бирөө да
макул болбойт.
16. Фейсбуктагы бардык
билдирүүлөргө жооп жаза бересиң.
17. Акыркы алты саат бою бир да сөз
чыгара элексиң, ал эми таң атып
калган болот.
18. Көп учурларда сен качандыр бир
учурдагы тааныган адамдар менен
жасаган иштеринди кеп кыла
бересиң.
19. Сен жаңы жыл, туулган күн жана
май майрамдарын жаман көрөсүң.
Анткени кайда бараарыңды
билбейсиң.
20. Жуп адамдарды көргөндө
жакшы
мамиле кылбайсың. Балким жек
көрөсүң же алардын ордунда болгуң
келет.
#23 01 Август 2015 - 03:31
МАКТОО ЗАРЫЛ??
Алгач, балакайды эмне үчүн жана
кадай шартта мактоо туура болоорун
аныктап алуу маанилүү. Биринчиден,
балакайды мактоо менен анын анын
кыймыл- аракетин, жасаган
жумушун, аткарган милдеттерин өсүп- өнүктүрүүгө багытталат.
Анткени мактоо уккан балакай
кийинки жолу дагы бардыгын
жакшы жасайт. Анткени чоңдордун
баасына жана мактоосун уккусу
келет. Экинчиден, балакайдын өзүн- өзү баалоосун өнүктүрөт, үчүнчүдөн,
педагогикалык натыйжага ээ болот. Иш жүзүндө мактоонун
чыгармачылыгы жылуучу күч болуп
эсептелет. Баланын аракетин жогору
баалаңыз. Эгер балакайдын колунан
бир нерсе жасаган келбей жатса,
анда аны чегинбей, жеңилбей, аракет жасап жатканын айтып
мактаңыз. Кайрадан жасап көрүүнү
сунуштаңыз жана кетирип жаткан
катачылыгын жеңил кыйытма түрдө билдирип коюңуз. Бирок, тынымсыз
эле мактай берүү да болбойт. Эгер улам эле кичинекей ийгилиги үчүн
далыга таптап, мурдунан өөп мактай берсеңиз, анда, бир аш кашык майды
ачкарын жеп алгандай эле болот.
Башкача айтканда көп мактоонун
айынан"көңүлү айлана" баштайт. Мактоо таасирин, күчүн жоготот.
Андыктан эби- ыгы менен мактаңыз. Жөнү жок кырдаалдагы мактоо Эгерди сиздин балакай өзгөчө акыл- эске болсо,жөндөмдүүлүгү өзүнүн курагынан өйдөрөөк болсо ,анда мактоонун кажети жок. Ошондой эле балакайды башкаларга, башкаларды өзүңүздүн балакайга салыштырбаңыз. Эмгек, мээнет
кылып жасаган нерсеси үчүн мактоо туура болот. Бир эле ийгилиги үчүн кайра- кайра
мактай берүү да болбойт. Муну менен сиз али ойгоно элек талантын өнүктүрбөй камап коёсуз. Кээде бала мындай мактоодон улам депрессияга
да түшүп кетиши ыктымал. Балакайдын өзүн эмес, жасаган ишин мактаңыз. Балакайды натыйжалуу мактаңыз
• Ишаарат берип мактаганга
көндүрүңүз. Жагымдуу жылмаюу,
мээримдүү көз караш, жеңил
күлкүңүздү уккан бала өзүн мактап
жатат деп түшүнгөндөй болсун.
• "Азаматсың! ", "Акылдуусуң! "- деген мактоону айтсаңыз, балакай эмне үчүн мактап жаткандыгыңызды түшүнбөй калышы ыктымал.
Андыктан жалкоолонбой, эмне үчүн мактап жатасыз, кандай жасаган жумушу үчүн так айтыңыз . Майда- барат нерселерди көз жаздымда калтырбаңыз.
• Мактоону тамалашап же
мыскылдуу айтпаңыз. Балага бул
баары бир түшүнүксүз.
• Башка балдарды салыштырып, аларды балаңыздын көзүнчө мактабаңыз. Мындай шартта ал, өзүн- өзү баалоо сапатынан айрылат.
• Мактоону материалдык жол менен
билдирбеңиз. Бул эң эле туура эмес
ыкма.
• 1,5 жаштан баштап мактоону
баштасаңыз болот. Ага чейин жакшы түшүнбөйт.
Муну одноктон эле кочурдум. Жаан корбогоуло анан
#24 01 Август 2015 - 03:52
БОЛОМ??
Күчтүү айымдарын катарын толуктап, эч нерседен тайманбай жакшы өмүр өткөрүш үчүн кандай жашаш керектиги тууралуу көптөгө эрежелер жазылган китептер жана интернет айдыңында толгон-токой маалыматтар бар эмеспи....
Албетте,алардын көпчүлүгү пайдалуу маалыматтар жана жардамы тийе тургандыгына шек жок деңизчи, бирок, көпчүлүк учурда берилген кеңештерде, сунуштарда ар бир адамдын бир мүнөттүк алсыздыгы боло тургандыгын жана ал көп нерсеге тоскоол болуп, көп нерсени
өзгөртө тургандыгын көз жаздымда калтырып коюшат. Ал эми психолог адистерин арасынан орусиялык Полина Гавердовская күчтүү айым болуш үчүн кармана турган эрежелерди жөнөкөй, жатык тилде жана натыйжалуу жардам бере тургандай сунуштайт.
1. Ата- эне жана жакын
туугандарыңыздан башкасын
алмаштырууга жана өзгөртүүгө
болот. Жараткандан башка эч ким
жана эч нерсе бир гана "даанадан"
болбойт. Андыктан жашооңузга жаңы адамдарды, пикирлеш
досторду киргизиңиз. Баарлашыңыз,
дос- жар күтүңүз...
2. Ар дайым жаңы нерседен артта
калбаңыз. Тамак- аш, кийим- кече,
гаджеттер, фильмдер, булардын
бардыгынан калыпка салынган
"капастан" чыгып даамдап, кийип,
колдонуп көрүңүз. Өмүрүңүздө бир жолу жебеген тамакты жеңиз,
кийбеген фасондогу кийим алыңыз,
жаңы үлгүдөгү гаджеттерден
алыңыз, мурда көрбөгөн жанрдагы
киного барыңыз, кыскасы коомдогу
жаңылыктан артта калбаңыз. Каалоо күчтүү болсо, каражатты эптей
аласыз. Мындай ыкма менен
алсыздыкка, жалкоолукка жеңилип
бербеген күчтүү айым болосуз.
3. Таарынычта жүргөн адамдардын
кечире ала турганын дароо
кечириңиз, ал эми эркиңиз
жетпегенин унутууга аракет жасаңыз.
Ал үчүн ашыкча ойлонуп, кабатыр
болуунун кажети жок. Зыянын гана тийгизет. Унутуу эң жакшы өч алуу жана дарылоочу каражат болуп эсептелет. Жеке пикириңизди бирөөгө таңуулап, талашып- тартышпай эле коюңуз, андан көрө убакытты текке кетирбей башка, ойго келбеген нерсе жасай коюңуз, маселен колуңуздун тырмагын алып,пайдалуу иш жасаңыз....
4. Шашуунун кереги жок. Тез болгоннерсенин убактысы да кыска болот. Андыктан чындап эле бир нерсени жасап, кайсы бир ишти бүтүргүңүз келсе, каалооңуз бар болсо, демек аны шашпай эле өз убагында бүтүрө аласыз. Шашкалактап, ашыкча нерв болуунун кажети жок. Эгер жасагыңыз келбейби, демек жасабай эле коюңуз... Көңүлүңүз тартпаган, ички туюмуңуз макул болбогон иштерди жасоого тобокелчиликке барбай эле коюңуз. Кокус ийгиликсиз чыгып, кайрадан кабатыр болуп калышыңыз ыктымал.
5. Каалоо бар учурда эч качан
жеңилип бербеңиз. Аягына чейин
күрөшүңүз, ийгиликке сөзсүз жетесиз. Ийгилик- бул тажрыйба, башкача айтканда улам кайталанып келе берет. Андыктан ар бир ийгиликсиз нерсе тажрыйбанын аздыгынан болот. Чечкиндүүлүк менен тобокелчилик бул тажрыйба болуп эсептелет. Ийкемдүүлүк, чыдамкайлык, көз карандысыздык бул дагы жашоодо алан тажрыйба. Эң башкысы жеңилип бербеңиз.
6. Эч нерсенин аягы жок, болгону
агымы бар, андыктан жөн гана бир
жерден өтүп көздөн кайым болот.
Муну айрыкча жакыныңызды
жоготуп, же сүйүктүүңүз таштап
кеткенде эстеңиз. Жакындарды жоготууда аларга ыйлап эмес, дуба
кылып жардам бере алабыз. Ал эми таштап кеткен адам тууралуу окуяны эстеп, жөн гана жылмайып аласыз. Бардыгы жакшылык үчүн деп сөзсүз айтасыз. Андыктан стресс, депрессияга азгырылып кирип кетпеңиз. Эсиңизде болсун, бардык болбой калган иштин артында сиз үчүн жакшы бир жаңылык күтүп турат. Бир эшиктин каалгасы жабылса, экинчисиники сөзсүз ачылат
7. Каалаган нерсеңизди жасаңыз.
Бирок, ал чөйрөңүздөгүлөргө жана
өзүңүзгө. Ден- соолугуңузга зыянын
тийгибегендей болсун.Каалагаңызды жасаңыз деген- бул тоого чыгуу, сейилдөө, кайсы бир спорттун түрү менен машыгуулар болуп эсептелет. Каалайсызбы сүкүт жасаңыз, каалайсызбы сууда сүзүңүз... Бул сапат сизди күчтүү айымдардын катарына кошот.
8. Сиз тууралуу башкалар кандай
ойдо экендиги такыр ойлонтпосун.
Буга башыңызды оорутпай эле
коюңуз. Беш кол тең эмес жана
бардыгына бирдей жагуу мүмкүн
эмес. Андыктан өзүңүз кандай болсоңуз ошондой алып жүрө
бериңиз.
#26 01 Август 2015 - 04:07
БОЛУНУЗ!
Альфонстор деп- өздөрүнүн каржы
жаатындагы маселесин айымдардын эсебинен чечүүнү көздөгөн мырзалар аталат.
Мындай мырзаларды дароо байкай коюу да кыйынчылык
жаратат, бирок, кылдат сарасеп салып карап көрсөңүз болот.
Көпчүлүк мырзалар өздөрүнүн
даректерине айтылган альфонс деген сөз өтө оор кемсинтүүнү пайда кылат.Бирок, чыныгы альфонстор буга кебелип да коюшпайт. Альфонстордун пикиринде, айымдардын эсебинен күн кечирүү,жашоо кадимки эле көрүнүш катары кабыл алынышы керек. Анткени алар уят- сыйыт жана моралдык ыңгайсыздыкка кабылышпайт. Ал эми айымдар учүн альфонс менен мамиле түзүү жагымсыз маанайды жаратат.
Себеби таштап кеткени аз келгенсип, олуттуу каржылык
чыгымга учуратышат. Аларда сүйүү
же жактыруу сезими болбойт,аларды бир гана акча кызыктырат.
Демек, альфонс мырзалардан алыс
эле болгонуңуз жакшы. Андыктан
анын курмандыгына кабылбай,
альфонс мырзаларды таанип-
билүүнү үйрөнүп алыңыз.
Альфонстордун түрү:
Профессионалдуу альфонстор Булар өтө "чынчыл" альфонстор
кирет. Себеби, айымдардан өздөрүнүн каржылык жетишпеген маселесин ачык эле айтышат. Мындай мырзалар көпчүлүк учурда өздөрүнөн улуу, колунда бар бай жана жалгыз айымдарды тандашат. Кырдаалдын жабырлануучу альфонсу Бул өтө кеңири тараган түрү. Анткени кырдаалга байланыштуу өзүн
жабырлануучу катары көрсөткөн
альфонстун чыныгы жүзүн таанып-
билүү өтө кыйынчылыкка турат. Ал өтө амалкөйчүлүк, куулук менен иш алып барат. Алгач айымды өзүн сүйдүрүп алуу үчүн көптөгөн аракеттерди жасайт. Дароо эле бирге жашоону сунуштайт. Дайыма карызга акча алат, бирок ,аны кайра кайтарбайт. Толтура шылтоо айтат. Ал эми кичинчерээк айымдын жүрөгүн багынтып алган соң, анын сүйүүсүн кайра өзүнө каршы колдоно баштайт. Кээ бир куулугу ашкере өнүккөн альфонстордун мамиле курган бир
нече айымы болушу ыктымал жана алардын бардыгы аны каржы жаатында каржылап турушат. Ошол эле учурда альфонс ар бирине барган сайын сүйөөрүн айтып касам ичип кетет.
Жумуш таап берүүгө аракет жасасаңыз, эгер ал чыныгы альфонс болсо, анда, абдан таарынычын билдирип, ар кандай шантаж иштерге барышы да ыктымал. Анткорлонуп ооруп да калат.
Альфонс "нике адамчысы" Бул альфонстордун эң эле коркунучтуу түрү. Себеби, айымдын майда- барат каражаты аны кызыктырбайт. Анын каалоосу,мээлегин таптакыр башка нерсе
болот. Маселен, айымдын турак- жайы, унаасы же бизнеси...
Андыктан кымбат баалуу белектерди берип, ашкере кам көрүп баштайт. Анан үйлөнүү сунушун киргизет. Ал эми үйлөнгөн маалда нике келишимин түзүүдөн баш тартат. Мындай сунуш ал үчүн басынткандык болуп эсептелет.
Мырзаңыздын альфонс экенин
байкап калсаңыз, эмне кылуу керек?
Эгерде мырзаңыздын альфонс экендигине шектенип жаткан
болсоңуз ,анда ал үчүн кафе же
ресторандан тамактын акысын
төлөгөн сон, эркектер өздөрүнүн
каржы маселесин ар дайым өздөрү чечиш керек деп кыйытып айтып
коюңуз. Эгерде ал альфонс болсо,
анда сизге болгон кызыгуусу дароо
жоголот. Турмушка чыксам нике келишимин сөзсүз түрдө түзө тургандыгыңызды айтыңыз.
Мындай учурда дагы альфонстор артын карабай качышат. Андыктан мырзалар менен мамиле курууда өтө этият болуңуз.
Чөйрөсүнө, иштеген ишине, өзү алып жүргөн жашоо образына караңыз.
#27 01 Август 2015 - 04:28
ООРУЛАРГА ЖАКЫН ЭКЕНИН
АНЫКТАСА БОЛОТ!!
Адам баласынын сырткы келбетинен, бет терисинин абалынан кандай оорулар бар экендигин билсе болот. Булар дарыгерлер тарабынан тастыкталган.
1. Маңдайында көп бырышы бар
жана кашын улам бийик көтөрө
берген адам спирт ичимдиктерине
өтө жакын экендигинен кабар берет.
2. Каштарынын кошулган жерин
катуу бырыштыра бириктирип, ошол эле учурда эрдин бекем кымтыласа, анда, кайсы бир өнөкт илдеттен жабыркайт.
3. Ашыкча эле күйүп- жанып турган көздөр май бездеринин ооруганынан кабар берет.
4. Көздүн агы саргыч тартып турса
боору ооруйт.
5. Узун, бирок көрксүз кирпиктер
астма оорусуна кабылган адамдарда болот.
6. Көздүн астындагы көк- кара тактар заара бөлүп чыгаруу жана бөйрөк оорулары менен жабыркагандар.
7. Чач көп түшсө иммунитет кескин
төмөн түшүп кетет.
8. Окуяга жузүндөгу эмоция дал
келбесе психикалык илдеттен
жабыркаган адам болуп эсептелет.
9. Жаш курактагы адамдын
бырышыны көптүгү эндокринндик
ооруга кабылуусунан кабар берет.
10. Көздүн агынын ар дайым кызарып жүрүүсү өнөкөт чарчап- чаалуугу менен жабыркоо жана нервдик кабылдап кетүү оорусун коштойт.
11. Бет теринин шалпайып калганы эрте картаюуна кадам койгону.
12. Беттин ар дайым шишип жүрүшү жүрөк оорусуна байланыштуу болот.
13. Бозоргон өң келбет шишик
ооруларга кабылганда пайда болот.
14. Беттин ууртундагы кызыл
төрчөлөр кан басымдын жогору
экенидигинен жана инсультка
кабылуу коркунучу бар экенин
билгизет.
15. Ачык түстүү сепкилдер
айымдардын кош бойлуулугунан
кабар берет.
16. Сары- күрөк сепкил болсо боор
патологиясына байланыштуу болот.
17. Кызгылтым уурт жана көгүш
эриндер жүрөк кемтик оорусунан
пайда болот.
18. Көгүш, купкуу бет териси аз
кандуулуктан, ал эми саргыч болсо
кургак учукка кабылуудан болот.
19. Бир аз оозуңуз ачык бойдон
жүрсө, анда гайморит менен
жабыркайт.
20. Астыңкы эрин көрүнбөй,үстүңкүсү калыңдап кетсе анда онкологиялык илдетке кабылган деп түшүнсө болот.
21. Кургак, кесилген эриндер гастрит жана ашказан жарасынан улам пайда болот.
22. Чач көп сынса, зат алмашуу туура эмес жана авитаминоз.
23. Майлуу чачтар эндокринндик
көйгөй жана ашказан ооруларына
байланыштуу.
24. Ооз менен көздүн тегереги ылдый тушүп турса депрессияга кабылган болот.
Андыктан "дей берет да" дебей тезинен доктурдун кабылдамасында болунуз.
#28 01 Август 2015 - 05:05
АТАСЫНЫН БАЛАСЫНА
КАРАТА КЕТИРГЕН КАТАЛАРЫ !
Ажырашуунун себептери абдан көп.Бирок, азыр маселе анда эмес.
Албетте, жубайлар эки жээкти
көздөй кеткен соң аларды эч нерсе
байланыштырбай калат, эгер ортодо бала жок болсо...
А эгерде ортодо бала болсо, анда, бала үчүн ажырашкан жубайлар жолугууга туура келет..
Жубайлар ажырашуунун ызасын,
нараазычылыгын балдарынан
чыгарбашы керек. Башкача айтканда, баланы унутуп коюуга
болбойт... Бирок, тилекке каршы
азыркы тапта көпчүлүк аталар
ажырашуудан кийин балдарынын
кызыкчылыгын, каалоосун таптакыр эле унутуп коюшат.
Төмөндө дал ошондой аталардын кеңири таралган
7 катачылыгы тууралуу кеп
болмокчу. (Ал эми энелердин
катачылыгы тууралуу келээрки
макалада кеңири токтолобуз).
1- Баланы унутуу
Ооба, бул ачуу чындык. Себеби,
көпчүлүк аталар мурунку
жубайларына өчөшүп сокур намыс
менен балдарын таптакыр унутуп алар менен жолугушуу издебейт. Айрыкча ажырашуунун демилгечиси аялы болсо.Андыктан аялына болгон ачуусу, ызасы, жек көрүүсү анын акыл- эсин иштетпей таптакыр жаап салат да аялы менен кошо баласын да кошо унуткусу келет. Бирок, жандүйнөсү аруу наристеде эмне күнөө?!... Анын жан дүйнөсүнүн оруга чалдыкканын, кусалыгын,психикалык жактан жабыркоосун
кантип унутуп коюуга болот?!..
.
2- Бардыгына уруксат берилген
Көпчүлүк аталар тескерисинче,
жолугуп турууга мүмкүнчүлүк табат, бирок, баланын таалим- тарбиясына залакасын тийгизет. Маселен, апасы тыюу салган нерселердин баарын жасаганга жолуккан мезгилде уруксат берет. Баланын ар бир чыр салган каалоосун орундатып тарбиясына доо кетирет. Муну менен ал апасын жаман көрсөтүп, өзүнщ сонун ата көргөзгүсү келет. Ошентип,бул аракети менен балакайдын психикасына олуттуу доо кетирип
жатканын көпчүлүк аталар биле
беришпейт.
3- Апаң жаман
Апасынан сурап кетип өзүнчө
сейилдеп же паркка барып жүргөндө айрым аталар апаларын болушунча жамандашат. Анын кыял- жоругун, мүнөзүн сындап терс пикирлерди айтат. Эми элестетип көрүңүз, ар бир бала үчүн өзүнүн энесинен өткөн
периште адам жок эмеспи, мындай
учурда ал кандай абалда болушу
мүмкүн... Апасын жамандап баланын мүнөзүн жана психикасын тескери жакка бузаарыңызды унутпаңыз...
4- Баланы апасынан тартып алуу
Ажырашуудан кийинки эң эле
жагымсыз көрүнүш- бул атасы
баланы апасынан тартып алуу болуп эсептелет. Ошондой эле апасы менен жолуктурууга мүмкүнчүлүк бербегини андан өткөн кайгылуу маселе. Ар бир бала үчүн эне мээрими
маанилүү жана ага ар бир бала
муктаж. Андыктан кандай болгон
күндө да баланы энесинен
ажыратпаш керек. Албетте, апасы
ден- соолугу чың, психикалык абалы туруктуу болсо.
5- Апасын өзүнүн жаңы аялыменен
салыштыруу
Атасын чоочун айым менен көрүп
жана жашап жатканын билгендин
өзү эле балага оор нерсе. Өлгөндүн
үстүнө көмгөн кылып, кээ бир
акылсыз аталар жаңы үйлөнгөн
аялын мактап, мурункусун баласына жамандай берет. Бул такыр туура эмес. Дагы баса белгилеп бир жолу айтып коёлу, ар бир бала үчүн өзүнүн апасы периште. Ал кандай гана болбосун баары бир сүйүүсүн арнай берет.
6- Материалдык жактан жардам
бербейт
Айрым аталар мурунку аялына
өчөшүп баласына материалдык
жактан жардам берүүдөн баш
тартышат. Бул өтө эле акылсыз
чечим. Өзүңүздүн каныңыздан
жаралган балага кам көрүңүз, муктаждыгын сатып бериңиз, колдоо көрсөтүңүз. Энелер эч качан баладан талашып өзү үчүн буюм же кийим албайт. Андыктан тамак- аш, кийим- кече жана билим алуусуна көмөк көрсөтүңүз. Албетте, кээ бир учурда жеке жашоосуна, өзү иштеп тапкан
акчасына өзү ээ боло албаган,апасы же эжеси башкарган мырзалар да жок эмес. Баланын акысын түшүнбөгөн адам сөрөйлөр да жок эмес. Булар албетте, балдарына жардам бере алышпайт. Мындай ата
сөрөйлөргө боор ооруп гана коюш
керек.
7- Көңүлкоштук
Көпчүлүк аталар негизинен эле
жашоосуна көңүлкош өмүр
кечиришет. Тилекке каршы ал
сапаты ажыражуудан кийин
баласына да зыян катары тийип
калат. Жардам бербеш үчүн, колдоо көрсөтпөш үчүн толгон- токой шылтоолоду ойлоп табышат. Аны баланын келечеги ойлондурбайт. Мындай аталардан чындыгында жардам күтүү оорчулукка турат.
Демек, урматтуу аталар,жыйынтыктап айтканда жогорудагы катачылыктарды кетирбегенге аракет жасаңыздар.
Балдар- бул Жараткандын эң эле баалуу белеги
эмеспи.... Баланын ыйы, баланын сурагы, баланын акысынан
коркуңуз... Сиз да бир кезде бала
болгонсуз, ойлонуп көрүңүз өзүңүзгө деле мындай мамилени каалабайсыз да...
Албетте, бала үчүн тоону
томкоруу деле ашыктык кылбайт, бирок, кайдыгер болбой колуңуздан келген нерсени жасап койгонуңуз өтө маанилүү.... Аз да болсо сүйүү
бериңиз, камкордукка алыңыз...
Генине же ден- соолугуна
байланыштуу ата болуу бактысынан ажыраган канчалаган мырзалар бар... А сизге болсо Жараткан кандай гана бакыт тартуулады, ушуну унутпаңыз...
#29 19 Август 2015 - 23:23
Америкалык адистер аялдардын нерв бузулушунун себептерин эчендеген жылдар изилдеп келатышат. Ушунча убакыттан кийин гана аялдардын депрессияга кабылышынын башкы себеби табылды. Мындай ооруга кабылган аялдардын себебин окмуштуулар нейромедиатордук системаларды жөндөгөн гендердин экспрессия деңгээлинин жогорулашынан боло тургандыгын жазып чыгышты. Ушуга чейин бул системанын бузулушун шизофрения, эпилепсия, аутизм жана башка ооруларга байланыштырып келишкен.
Мындай жыйынтык депрессия оорусу менен азап чеккен аялдардын же эркектердин мээ ткандарын негизинде изилдөөлөрдөн кийин чыгарылган. Буга кошумча ушундай ооруларга кабылган кишилер дагы изилдөө алкагына кирген. Окмуштуулардын пикиринде, бул жыйынтык аркылуу аялдар эмнеге эркектерге караганда эки-үч эсеге көбүрөөк өзү-өзүнө кол салаары белгилүү болду. Болгону аялдар көбүрөөк өзүн өлтүрүүгө аракет кылышат, бирок жыйынтыксыз калат. Ал эми эркектерде муну аткаруу эки эсеге көптүк кылат.
Бул жаңы изилдөөнүн авторлору депрессия менен азап чеккендерге аз өлчөмдө кетамин колдонууну сунуштап жатышат. Себеби ал кандайдыр бир бөлүктө глутамат системанын калыбына келтирүүгө жардам берет.
Мындан мурун дагы бир дарыгерлердин изилдөө тобу аялдардын депрессия себептерин аныктап чыгышкан. Алар организмдеги D витаминин жетишсиздигинен улам дегендей бүтүм чыгарышкан. Бирок, буга өздөрү дагы толук ишенбегиндигинен бул оорунун бир себеби гана болушу мүмкүн экендигин мойнуна алышкан.
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#30 21 Август 2015 - 01:07
1. Кайгырбаган, эркин жана кенебессиз
Сиз чөйрөңүздө болуп жаткан ар бир көз ирмемдерге кубанып, ошондон ырахат алып жашайсыз. Шамдагай эмес, уялчаак жана өз оюн эркин айта албаган адамдарды көргөндө сабырыңыз түгөнүп, чыдабай кетесиз. Ал эми сюрпризди өзгөчө жакшы көрөсүз.
2. Көз карандысыз, түз жүргөн адамсыз
Сиз курчап турган адамдар түгүл, эч жакты карабай өзүңүз багыт салган из, түшүнгөн жол менен жүрөсүз. Себеби алдыга койгон максатыңызды жана ага жетүүнүн жолдорун жакшы билесиз. Эч убакта өзүңүздүн каалоолоруңузга каршы чыкпайсыз. Артисттик жөндөмүңүз бар.
3. Сезимтал жана оор басырыктуусуз
Бирөөлөр менен ушак айтышып, бирин экинчисине жамандап, болбогон маанисиз сөздөрдү сүйлөшүп олтургандын ордуна өзүңүз менен өзүңүз болгонду каалайсыз. Ар бир кадамыңыз менен сүйлөгөн сөздөрүңүздү жана башкалардын дагы жүрүш-турушун анализдегенди жакшы көрөсүз.
4. Жумшак, берешен жана ак көңүл жансыз
Сиз аябай жөнөкөй жана адамгерчиликтүү адамсыз, ошол үчүн чөйрөңүз сизге тартылып турат. Айткан сөзүңүздү эки кылбай убагында аткарганыңыз үчүн элдер сизге ишенишет. Ачык-айрым, жөнөкөй адамдарды жакшы көрөсүз. Эч убакта моданын артынан түшүп куубайсыз. Эң башкысы сиз үчүн кийген кийимиңиз сизге жарашыктуу жана ыңгайлуу болсо болду.
5. Өзүнүн күчүнө ишенген прагматиксиз
“Өзүмө гана ишенишим керек” деп күчүңүзгө таянасыз. Күнүмдүк жашоодо кезигүүчү оор кырдаалда, жумуш чачтан көп болгон учурда да дүрбөлөңгө түшпөй акыл-эс калчап иш кыласыз. Колуңузга тийген ишти аягына чыгарып эс алууну жактырасыз. Болор-болбос ишти жана ийгиликти ойлонбойсуз. Көздөгөн максатка жетүү үчүн каалооң күчтүү болсо, иштеш керек экенин билесиз.
6. Ойлонуп иштеген, сак жана тынчтыкты сүйгөн адамсыз
Сиз менен тил табышуу жеңил, бирок сиз адамдарды жаныңызга өтө жакын жолотпойсуз. Ошол эле учурда шаңдуу компанияны жакшы көргөнүңүз менен элден обочороок жерде убакытты өткөргөндү каалайсыз. Сиз жалгыз эмессиз, бирок жеке жашооңузда эч ким тие алгыс өзүңүздүн бош мейкиндигиңиз бар. Ал аралыкта сизге бирөө жарым жолтоо болбошу керек.
7. Өзүнө ишенген, аналитик жана шамдагайсыз
Кабыл алуу жөндөмдүүлүгүңүз тез болгондуктан, кандай гана маалымат болбосун, аны бат түшүнөсүз, кармап кала аласыз. Чөйрөңүзгө жалаң гана кызыктуу адамдарды топтогонго аракет кыласыз. Өзгөчө басымды маданиятка буруп, ага убактыңызды арнайсыз. Эл кууган моданы сиз куубай, тескерисинче, өз стилиңизди ойлоп жаңы мода ойлоп табасыз.
8. Эмоционалдуу, романтикалуу жана шектүү инсансыз
Сиз сезим менен жашаган кыялкеч адамсыз. Элдердин жашоо-турмушу, алардын тиричилигиндеги ачуу-таттуулар, кыскасын айтканда, реалдуулук сизди таптакыр кызыктырбайт. Алдыга койгон максатыңызга реалдуу жашоодо жетүүнү ойлобостон, кыялыңызда асмандап учуп жүрө бересиз.
9. Активдүү, башкалар менен тез тил табышкан адамсыз
Кандай гана чөйрө болбосун, жоктон барды жаратып, сунуш кылуу менен аларды башкара билесиз. Сизде башкаруучулук, лидерлик сапат бар. Кандай гана иш болбосун, ал иштин терс таасири тийип калабы деп ойлонбостон, коркпостон туруп тобокелге бара аласыз. Бирок ошол тобокелдигиңиздин арты менен ийгиликтерди багындырып келесиз.
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#31 21 Август 2015 - 01:25
Билдирүүнү түзөткөн: Holerik10: 21 Август 2015 - 01:26
#32 21 Август 2015 - 16:24
Сиз чөйрөңүздө болуп жаткан ар бир көз ирмемдерге кубанып, ошондон ырахат алып жашайсыз. Шамдагай эмес, уялчаак жана өз оюн эркин айта албаган адамдарды көргөндө сабырыңыз түгөнүп, чыдабай кетесиз. Ал эми сюрпризди өзгөчө жакшы көрөсүз.
6. Ойлонуп иштеген, сак жана тынчтыкты сүйгөн адамсыз
Сиз менен тил табышуу жеңил, бирок сиз адамдарды жаныңызга өтө жакын жолотпойсуз. Ошол эле учурда шаңдуу компанияны жакшы көргөнүңүз менен элден обочороок жерде убакытты өткөргөндү каалайсыз. Сиз жалгыз эмессиз, бирок жеке жашооңузда эч ким тие алгыс өзүңүздүн бош мейкиндигиңиз бар. Ал аралыкта сизге бирөө жарым жолтоо болбошу керек.
Жакшы.Туура адамдарды ото жакын да алыс да кармабайм.
#33 24 Август 2015 - 00:55
Балалуу болуунун өзү эле ченемсиз жана чексиз бакыт эмеспи. Ал эми анын төрөлүшүнө жана татыктуу тарбия алуусуна бир эле энесинин эмес, атасынын да ролу чоң.
Демек, аталар дагы бала тууралуу бардык амалкөйчүлүктөрдү жана колдонула турган ыкмаларды билүүсү талапка ылайык. Демек, жолдошуңузду акырындык менен ата болууга даярдаңыз.
"Апасына барам-, деп жатат", "Жалаягын алмаштырчы, бул эркектин аткара турган жумушу эмес", "Кокусунан бир жерин катуу кармап аламбы-, деп коркуп жатам, кел, өзүң эле кармачы…" Тааныш фразаларбы? Ооба, кээ бир мырзалар дал ушундай... Бирок, айымдар ар дайым жолдошунун кам көрүүсүнө муктаж болгондуктан бала кароодо кандайдыр бир жардамдарды күтөт. Кээси өзү билип эле аталык милдетин аткарып кол кабыш кылат, ал эми айрымдарын тарбиялоого туура келет. Эң жакшысы балалуу болгонго чейин эле аракет көрүү туура болот.
Быша эле жемиштин тамырын жулуп албаңыз...
Тилекке каршы биздин өлкөдө үй бүлөнү пландатыруу тармагы жакшы жолго салына элек. Бирок, ошол эле учурдакээ бир мырзалар балалуу болгондон кийин камкор ата болуп чыга келишет. Мындан сырткары, айрым учурда ата болууга даяр эмесмин- деген дагы билдирүүлөдү угууга туура келет. Мында учурда кандай аракет көрүү керек?!... Эң эле жакшысы анын пикири менен макул болгондой болуп, өзүңүз акырындап ден- соолугуңузду чындап даярдана бериңиз. Анын маанайына карап мамиле жасаңыз. Жакшы маанайда болуп турган учурда бала тууралуу акырын кеп козгоңуз. Эгер сүйлөшүүнү жактырбаса, дароо ал тема тууралуу токтотуңуз. Сабырдуу болуңуз. Сөзсүз калооңузга жетишесиз. Үй бүлөлүк катышта болгон досторуңуздун балалуу болгондоруна кобүрөөк конокко алып барыңыз. Бирок, өтө абайлаңыз. Көп балалуу, үй ызы- чууга толгон эмес, жалгыз балалууларга, айрыкча жаңы тили чыккан учурда алып барган жакшы. Эгер ызы- чууну көрсө чочутуп, быша элекжемиштин тамырын жулуп алган болосуз. Маселе, балдардын ызы- чуулуу болгонунда эмес, жолдошуңуздун кабыл алуу психологиясында. Убакыт өтүп, балалуу болгондо андай ызы- чуулар ырахат гана тартуулай турганын сөзсүз сезет.
Милдеттерин ашыкча эскертпеңиз. ..
Көптөн күткөн кош бойлуулукка жеттиңизби? ! Куттуктайбыз! Эми мындан ары дагы амалкөйчүлүгүңүздөн жазбаңыз. Дароо эле толгон- токой балага байланыштуу кем- карч жана муктаждыктарды айтып башын оорутуп албаңыз. Андан көрө өзүнөн кеңеш сураңыз. Маселен, сен кандай керебет алууну каалайсың, колун бош болгон мезгилде карай келчи, аны кайсы жерге койсок ыңгайлуу болот-, деп акырын кепке тартыңыз. Ал эми бала тууралуу болсо, жалаң гана жакшы маанай жаратуучу учурларды эстетиңиз. Анын келечектеги тарбиясы тууралуу, жагымдуу окуяларга кабылууларды чогуу кыялдаңыздар. Кош бойлуулук кезде ай сайын гинекологдон текшерилүүгө жетелеп албаңыз.
Акыркы эки айда эле чогуу барсаңыздар болот. Ага чейин улам эле жумушунан алагды кылбаңыз. Мындан сырткары, төрөтүңүзгө катышууга өзү чечим кабыл алсын. Кааласа катышсын, каалабаса мажбурлабаңыз. Анткени көпчүлүк мырзалардын психикасы туруштук бербейт. Катуу стресске кабылып калуусу ыктымал.
Биологиялык атадан психологиялык атага карай....
Мына, ымыркай да жарык дүйнөгө келди... Эгер жолдошуңуз алгач ага көп көңүл бурбай жаткан болсо, кабатырланбай туруңуз. Энелерге караганда аталардын кабыл алуусу бир аз кечирээк келет. Дароо эле толгон- токой жүк артпай, акырындык менен жардам сураңыз. Маселен, жуунталы, суу даярдап койдум, сен суу куюп берип коё аласыңбы, кийимдерин үтүктөп, даярдап койгом ,алып берип койчу-, деген сыяктуу жардамдарды сураңыз.
Мындан сырткары ымыркайдын курсагы ток, алды кургак болгон учурда атасына каратып коюп, өзүңүздүн жумуштарыңыз менен алек болуңуз. Демек, баланы ыйлап жатканда эмес, уктап жатканда каратыңыз. Мемиреп дүйнөдөн эч кабатыры жок уктап жаткан ымыркайды карап отуруп ,анын катылып жаткан аталык сезимдери акырындык менен ойгоно баштайт.
Билдирүүнү түзөткөн: Mediziner: 24 Август 2015 - 00:57
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#34 24 Август 2015 - 00:58
Тилекке каршы өмүрүбүз дайыма эле сыдыргыга салгандай шыр кетпейт. Жагымдуу жашоонун катарында ар дайым жагымсыз жагдайларга кабылууга да туура келет. Мындай учурда маанайыбыз чөгүп, алды- артыбыз туманданып, колубуздан эч нерсе келбей калгандай абалга кабылабыз. Көйгөйдөн чыгуу жолу жоктой сезилет. Ооба, мындай абал сизге да тааныш сезилиши мүмкүн.. Бирок, баарына кол шилтеп, жакшы жашоого, жагымдуу маанайга кабылууга аракет жасабай отурганыңыз андан да жаман. Андыктан мындай учурда маанилүү 7 нерсе тууралуу эстеңиз.
Баары өтөт да кетет....
Жашообузда бизди курчап турган нерселердин арасынан кыйынчылыктар туруктуу болуп эсептелет. Анткени, алар эч качан аягына чыкпайт жана түгөнбөйт. Бири бүтсө, экинчиси пайда болот. Себеби бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Андыктан көп кабатыр болбоңуз, баары өтөт да кетет... Жашоо кайрадан уланат... Кыйынчылыктын артынан ийгилик келет, кайгы- муңдун артынан күлкү келет...
Оору- бул жашонун бир бөлүгү
Жан дүйнө оорусу физикалык оорудан көп деле айырмаланбайт. Албетте, метафорикалык түшүнүк боюнча. Себеби, физикалык ооруда денеңиздин кайсы бир жеринде көйгөй жаралып, аны дарылоого белгилүү каражат колдонулат. Ал эми жан дүйнө оорусуна кабылууда аны сезип жана ал учурду жашап өткөрүү гана керек. Бирок, ал убакыт өтүп, баары бир айыгат. Сиз болсо өзүңүз, жан дүйнөңүздү эмнелер оорутуп жатканын аныктап, андан арылууга аракет көрүңүз.
Сиз жалгыз эмессиз...
Ата- эне, бир тууган, жоро- жолдоштор ,курбулар, кесиптештер болсун айырмасы жок. Анткени алар сиздин санаалаштарыңыз, чөйрөңүздү курчап турган жандуу жандар... Андыктан эч качан озүңүздү жалгызмын- деп эсептебеңиз. Пикирлеш адамдар менен сүйлөшө билиңиз. Жалгыздык бир гана Жаратканга тиешелүү.
Баары өтөт, бирок тажрыйба калат
Жогоруда айтып өткөндөй кыйынчылыктар туруктуу болот. Жыл сайын жаңы көйгөйлөргө кабылып, ар башка жагымсыз сезимдерге кабыла бересиз. Албетте, алар кармалып турбай өтүп кетет. Ал эми сиздин милдетиңиз ошол кыйынчылыктардан өзүңүзгө тажрыйба топтоо болуп эсептелет. Ар бир кыйынчылыкка, маанайды чөктүргөн учурларды талдай жүрүңүз. Себбеби, экинчи ирет ага кабылбоого же болбосо кабылган учурда жеңил басып өтүүгө үйрөнөсүз.
Көйгөйлөрдүн тең жарымы - иллюзияда
Албетте, бардык эле адамдар оор кырдаалга кабылган учурда сергек акыл жүгүртүүгө күчү жетпейт. Бирок, эсиңизде болсун, кыйынчылыкка кабылган учурда чыга турган жолу деп эле баш катырып отура берсеңиз, кыйынчылытар ошончолук катмарланып сизди тооруп, кучагынан чыгарбай кармайт. Андыктан, балким мындан жаман болсо кандай болмок, ал эми бул маселени чечүүгө болот- деген сергек акыл менен аракет жасаңыз. Негативдүү эле ойлорду ойлой берсеңиз ,акылыңызды иштетүүчү тарап кулпуланып калат.
Көйгөйлөрдөн буйтап, качып кетсе деле болот..
Көйгөйлөрдөн качып кетүүгө болот, бирок, ал дагы абалга жараша жана анын канчалык деңгээлде курч экендигине байланыштуу болот. Убакыт дарылайт- деген туура кеп, чындыгында убакыт өтүү менен жүрөктүн көптөгөн жарасы айыгат. Демек, бардык нерсе өзүңүздүн колуңузда. Кайсы бир маселе тууралуу ар дайым жети өлчөп бир кесиңиз. Көйгөй пайда болгондон кийин баш катыруунун ордуна, балким бул мындай же тигиндей көйгөй жаратышы мүмкүн деп, алдын алууга үйрөнүңүз...
Баары жакшы болот...
Ооба, бул чындык... Түндүн артынан жарыгын берген Күн сөзсүз чыгат. Сабырдуу болуңуз, жеңил ойлорго азгырылып, алданбаңыз. Баары жакшы болот.... ишенип коюңуз!...
Билдирүүнү түзөткөн: Mediziner: 24 Август 2015 - 00:59
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#35 24 Август 2015 - 01:00
Ар бир адамдын башынан оор убакыттар өтөт. Кыйынчылыктарды баарыбыз эле көрүп келатабыз. Аны кээ бир адамдар жеңил, кээ бирлери оор көтөрөт. Мунун сыры эмнеде? Белгилүү профессор Кэрол Морган баардыгын окуяга болгон адамдардын мамилесине жараша болгондугун айтууда.
Турмушуңуз оордоп турганда эстеп койчу нерселер төмөнкүлөр:
1. Башкача айтканда ...
Чыгыштын атактуу накыл сөзү бар: "Сиздин кайгыңыз окуяга болгон каршылыгыңыздан гана жаралат". Бул тууралуу бир мүнөт болсо да ойлонуп көрсөңүз. Кайгы-муң биздин айланадагы болгон нерселерди кабыл албай койгонубуздан пайда болот. Эгерде өзгөртө турган нерсе болсо кылыңыз. Антүүгө болбосо анда сизде эки варианттыңыз калат: абалды кабыл алуу же терс нерселер аркылуу кайгырууну улантуу.
2. Маселе сиз аны эсептегенде гана жаралат
Биз дайымы өзүбүзгө өзүбүз ашынган душман болобуз. Чындыгында бакыт көз караштарыбызга байланыштуу. Эгерде сиз аны бир маселе катары көрсөңүз, анда сезимиңиз жана ой-жүгүртүүңүз терс нерселерге толуп калат. Бул абалдан кандай сабак алууну ойлосоңуз - маселе өзүнөн-өзү жоголот.
3. Эгерде кээ бир нерселерди өзгөртүүнү кааласак өзүңдөн баштаңыз
Сиздин сырткы келбетиңиз ички дүйнөңүздү чагылдырып турат. Сиз кимдин өмүрү боштук жана стресске толуп тургандыгын билесиз. Мунун баардыгы кокустан эле болуп жатат. Биз эмнегедир абалды алмаштырсак баардыгы өзгөрөт деп ойлогонду жакшы көрөбүз. Чындыгында баардыгы тескеринче болгондо гана ишке ашат: абалды алмыштыруу үчүн биринчи өзүбүздү өзгөртүүбүз керек.
4. "Жол болбойт"деген түшүнүк жок – үйрөнүүгө гана мүмкүнчүлүктөр бар.
Сиз өзүңүздүн лексиконуңуздан "жол болбойт" деген сөздү алып салыңыз. Бардык улуу адамдар ийгиликсиздикке көптөгөн ирет жолугушкан. Улуу ойлоп табуучу Томас Эдисон "мен лампочкаларды ойлоп таап жатып, ийгиликсиздикке учурадым. Анын бузулушунун 99 жолун таптым"деп айтканы бар. Ошондуктан өзүңүздүн ишиңиздин ордунан чыкпай калганынан сабак алыңыз. Экинчи жолу андан да мыкты жасоого аракет кылыңыз.
5. Эгерде сиздин каалаганыңыз болбой калса анда жолдо мыктысы келатат
Кээде буга ишенүүгө мүмкүн эмес. Бирок, бул чындык. Адатта жашообузга бир кылчайып артка карап көрсөк анда жакшы нерселердин баары ишке ашпай калгандан кийин болгондугун түшүнөбүз. Балким, сиз албай калган жумушуңуз же жыйынтыгыңызды баарынын башкача болушу анчалык кайгыра турган нерсе эмес. Болгон нерселерди ошондой бойдон, жөнөкөй кабыл алыңыз.
6. Азыркы учурду баалаңыз
Бул учур кайра кайрылып келбейт. Жашоонун ар бир ирмеминде баалуулуктар бар. Алардын жанынан өтүп кетүүсүнө жол бербеңиз. Жакында мунун баардыгы эскерүүгө айланат. Балким,бир учурда азыркы бактысыз болгон учурларды дагы сагынасыз.
7. Каалоолорду таштаңыз
Көпчүлүк адамдар "байланган акыл" менен жашашат. Бул өзүнүн каалоолоруна өзгөчө маани берген адамдар. Эгерде алар ойлогон тилегине жетпей калса, терс сезимдерге чөгүп кетишет. Анын ордуна жеңил ой-жүгүртүүгө көнүңүз. Эгерде сиз бир нерсени кааласаңыз эч нерсеге карабай бактылуу болосуз. Бул учурда сиздин сезимиңиз орточо же оң жагында болушу ыктымал.
8. Коркууну билиңиз жана ага ыраазы болуңуз
Коркуу эң мыкты мугалим болушу мүмкүн. Ошондуктан коркунучтарды кичинеден жеңүү улам жеңишке жакындата баштайт. Мисалы, мен лицейде окуганда эл алдында чыгып сүйлөөрдөн коркот элем. Азыр болсо ар күнү эл алдында ар кандай топторго чыгып сүйлөөгө туура келет. Анын үстүндө сөзмөрлүк санаты боюнча сабак берем. Коркуу – бул болгону бир иллюзия.
9. Өзүңүзгө кубаныч тартуулаңыз
Ишенесизби же жокпу, мен көңүл ачпаган көптөгөн адамдарды билем. Алар жада калса кантип бактылуу болушту да билишпейт. Кээ бирлери өздөрүнүн маселерине жана ички боштуктарына ушунчалык байланып калышкан ансыз ким экендерин унутушкан. Ошондуктан бактылуу болууга бир аз убакыт бериңиз. Аз ирмем болсо дагы кыйынчылыктарга эмес кубанычтарга көңүл буруңуз.
10. Өзүңүздү башкалар менен салыштыра бербеңиз
Эгерде салыштырсаңыз өзүңүздөн төмөн болгондорго гана караңыз. Анын кылган жумушу да жок болушу мүмкүн.
Жок дегенде ишиңиз жок болгондугу үчүн көмөк пул алганыңызга кубаныңыз. Дүйнөдөгү адамдардын көпчүлүгү кедейликте жашашат. Баардыгы эле Анжелина Жолиге окшош эмес. Аларга окшоштор өтө аз. Ошондуктан сиз көпчүлүккө караганда жогору турасыз. Көңүлүңүздү ушул нерселерге буруңуз.
11. Сиз курмандык болбоңуз
Сиз өзүңүздүн гана ой жүгүртүү, иш аракеттериңиз курманы болосуз. Эч ким сизге карата атайын бир нерсе жасаган жери жок. Өз тажрыйбаңызды өзүңүз гана жасайсыз. Жоопкерчиликти өз мойнуңузга алсаңыз,бардык кыйынчылыктарды жеңе аласыз. Болгону ой-жүгүртүүнү жана аракеттерди алмаштыруу керек. Курманчылыкта болуудан баш тартып, жеңүүчү болуңуз.
12. Баардыгы өчөт, өзгөрөт
"Мунун баары өтүп кетет" - бул менин сүйүктүү сөздөрүмдүн бири.
Качан гана оор абалга кабылганда андан чыгуунун жолдору жок деп ойлойбуз. Эмнегедир эч нерсени өзгөртүүгө мүмкүн эместей көрүнөт. Бирок, билесизби? Өзгөрүүлөр сөзсүз болот! Өлүмдөн башканын баары түбөлүктүү эмес.Ошондуктан баардыгы бүттү дегендей адаттарды таштоо керек. Эгер таштай албасаңыз анда абалдан чыгуу үчүн кандайдыр бир аракеттерди баштоо керек. Бирок, ал жомоктогудай өзүнөн-өзү эле өзгөрүп кетпейт.
13. Баардыгы болот, ага ишенүү керек
Кереметтер күнөгү болуп турат. Бул чындык.
Билдирүүнү түзөткөн: Mediziner: 24 Август 2015 - 01:02
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#36 24 Август 2015 - 01:03
Кээ бир айымдардын аялы бар эркектер менен ашыктык романын башынан өткөрүп жүргөндүгү эч кимге деле жашыруун эмес. Көзгө чөп салуунун мындай түрү жан дүйнөгө катуу сокку болуп, оор тийет. Көп учурларда сезими таза аялзаттары өздөрүнө суроо беришет: эмне үчүн кимдир бирөө менин никемди бузгусу келип жатат? Менин үй-бүлөмө ачыктан-ачык эле кол салган бул кандай аял?
Сөзсүз түрдө аялы бар эркек дагы туруксуздукта күнөөлүү, бирок белгилей кетчү жагдай көңүлдөштөрдүн окшош жактары да болушу мүмкүн. Аларга абай салып көрөлү:
Өзүн-өзү баалоо
Кээ бир айымдар аялы бар эркектердин көңүл бурганын ийгилик катары эсептеп аны менен сыймыктанышат. Бул кадамы менен өзүнүн төмөн сезимдерин жогорулатып, ичинде ишеними пайда болот. Мындай болбогон күндө да өзүнө-өзү ыраазы болуп,кээде өзүн бактылуу сезет. Бул эң башкы өзүн алдоо болуп эсептелет. Бир караганда мындай айымдар ишеничтүү жана көз карандысыз көрүнгөнү менен чындыгында аны коркуу сезими жана коргоосуздугу башкарып турат.
Бийлик
Аялы бар эркектер менен көңүл ачкан айымдар анын үстүндө өзгөчө бийликке ээ. Ал аялы,баласы эркекти башкарып алышы мүмкүн. Бул бийлик чыңалып отуруп,көңүлдөшүнүн таасирин гана
жогорулатат. Ал ашыгынын мындай чындыкты ачыкка чыгарбашын эң жакшы түшүнүп,абалды толугу менен көзөмөлгө алат. Бирок, бир нерсени унутпоо керек. Бардык бийлик – эртели кеч аяктай турган жомоктогудай күчкө ээ болот.Дүйнөдө түбөлүктүү эч нерсе жок.
Далу ушундай түрдөгү мамилени каалоо
Кээ бир айымдардын аялы бар эркектер менен ашыктык роман жашашынын дагы бир себеби мындай мамилеге аларды толугу менен ыраазы болушу... Бул аялдар нике жана үй-бүлөгө шашылбайт. Аялы бар эркектин дагы мындай талабы жок. Алар үй-бүлөсү болгондугу үчүн мамилелеринде кандайдыр бир милдеттери болбойт.
Адреналин
Бул акылсыздык болгону менен окуянын мындай өнүгүшү кандайдыр бир адреналин булагына окшоп кетет. Кол жеткис нерсе жана арзуу дагы кызыктуу фактор болуп саналат. Жашыруун нерселер адамды тартып турат. Мындай ичине сыр катып жүрүү кээ бир аялдарга бангизат саяктуу багымдуулук жаратат.
Финансылык камсыздоо
Олуттуу үйлөнгөн эркек адатта финансылык жактан камсызданган болот. Анын үй-бүлөсүн багып алчу дагы иши бар. Ошондуктан ашыктык жүргүзгөн аялга финансылык жактан жакшы камсыздап турат. Ал кээ бир бойдок эркектерден айырмаланып ушундай мүмкүнчүлүктөрү бар. Мындай байгерчилик жашоодо келечектеги милдеттери да болбойт.
Кесепеттеринен абайлаңыз!
Аялы бар эркектер менен ашыктык романы жашоо бузуучулук мүнөзгө ээ. Мындай мамилени каалаган жана артынан чуркаган айымдарга айтаар бир канча кеңешим бар. Айтаарым: Кеч боло электе токтоткула! Өзүңүздү барктап жана сүйүңүз!
Өзүңүз кандай мамиле татыктуу экениңизди ойлонуңуз. Сиз түбөлүк сүйгөн бирөөнө жолугуңуз, дем алыш күндөрү гана колдонгон эмес. Өзүңүзгө баа баа берип, келечекти түбөлүк жар, жолдош табыңыз.
Мындай убактылуу мамиле сизге,ашыгыңызга анан үй-бүлөсүнө көптөгөн кыйынчылыктарды жана жалгыздыкты алып келет. Андан көрө чыныгы бакытты табыңыз. Ал эми кезектеги ирмемдик романдар өтүп кетет. Мунун баардыгы көптөгөн өкүнүчтөрдү жана маселелерди жаратат.
Билдирүүнү түзөткөн: Mediziner: 24 Август 2015 - 01:06
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#37 24 Август 2015 - 01:07
Сүрөтчү жана блогер Жессика Хэги ар бир адам чөйрөсүндөгүлөр үчүн кызыктуу инсан боло алышат деп белгилейт. Ал эми, бул пикирге кошулбагандарды жөн эле жалкоолор деп эсептейт. Буга байланыштуу чөйрөңүздөгү адамдар үчүн маанилүү жана кызыктуу инсан болгуңуз келсе, анда жеңил эле 12 кадамды таштаңыз. Бул сунуштар, жеке тажрыйбадан алынгандыгына байланыштуу жакшы жыйынтык берээрине кепилдик бар. Ошондой эле өзүңүзгө болгон ишенимдин деңгээли жогорулап, пайдалуу мүмкүнчүлүктөр үчүн тобокелчиликке барганды үйрөнө аласыз.
1. Изилдеңиз
Өзүңүздүн эле кыялдарыңыз жана ой-толгоолоруңуз менен алек болуп, жашоңузду зеригиштүү өткөргөндөндүн ордуна, талыкпай изилдөөлөрдү жүргүзүңүз. Жаңы идеяларды ойлоп табыңыз, жаңы кызыгуу табыңыз, жаңы адамдар менен таанышып, пикир алышыңыз.
2. Өчүрүлүңүз
Ооба, жаңылыш окуган жоксуз, өчүрүлүңүз. Пикирлеш адамдар менен баарлашууда алаксыбай уюлдук телефонду, интернетти өчүрүп коюңуз. Социалдык тармактагы өзүңүздүн баракчаңызды улам карап текшергендей эле, өзүңүздү- өзүңүз текшериңиз. Сизде кандай жаңылыктар, эмне өзгөрүүлөр жана кандай жетишкендиктер болду.
3. Күн сайын өзүңүзгө эс алуу жарыялаңыз
Мейли, ал эс алууңуз жарым саат болсун, бирок күн сайын эс алуу жарыялап туруңуз. Эртең менен таңды тосуп, сейилдеп басыңыз, же китеп окуңуз. Жамгыр жааган маалда сейилдеңиз. Андан кийин үйгө келип, жылуу ваннага түшүп, бал менен ысык чай ичиңиз. Ар бир ыңгайы келип бош болгон убакытты текке кетирбей, эс ала билиңиз.
4. Эмне үчүн?- деген суроону көп бериңиз
Негизинен бала кезде эмне үчүн деген суроону көп берип тажатып келээрибиз бышык. Андыктан өзүңүздүн жашооңуздагы чечилбей жаткан көйгөйлөрдү озүңүздөн эмне үчүн?- деп сурай бериңиз. Жообу мындайда бат табылат, себеби, эмне үчүн деген суроодон кийин анткени деп жооп табылат.
5. Жеке тажрыйбаларыңыз менен бөлүшүңүз
Кызыктуу кабылган окуялар болобу же кандайдыр бир көйгөйгө кабылып ,аны кандай жол менен чечкендигиңиз тууралуу жакындарыңыз менен бөлүшүп туруңуз. Балким, келечекте алар да ушундай окуяга кабылып калышы ыктымал. Ал эми сиздин айтып бергениңиз жакшы сабак болуп берет.
6. Демилге көтөрүңүз
Бүгүн бүтө турган жумушту эртеңкиге калтырбаңыз. Айттыңызбы, дароо жасаңыз. Жакындарыңыз чакырган жокпу, телефон чалган жокпу, өзүңүз чалып, өзүңүз кабар алып барыңыз. Күтүүдөн көп деле ийгиликтерге жетише албайсыз.
7. Жиптин учу эмес байланган жери болуңуз
Жөн эле угуп, же жөн эле пайдасыз сөз сүйлөп отуруунун пайдасы жок. Колуңуздан келген жардамды берүүдөн аянбаңыз. Чоочун адамга деле көчөдөн кол кабыш кылып жардамдашыңыз. Коомдогу окуялардан артта калбаңыз. Жок дегенде жан дүйнөнүңүздү аруулантып концертке же театрга барыңыз.
8. Бекер отурбаңыз, кыймалда болуңуз
Ийгиликке жеткирбей сизди арта тарткан сапаттардын бири дал ушул бекер отуруу. Андыктан буга жол бербей, китеп окуңуз, бицлеңиз, ырдаңыз, жагымдуу музыка коюңуз, жазыңыз... Кыскасы, жамбаштап жатып алып, же шыпты тиктеп бош жатпаңыз.
9. Акчаңызды пайдалуу буюмдарга коротуудан коркпоңуз
Тамак- аш же кийим кечеге караганда өзүңүздү өнүктүрө турган пайдалуу буюмдарды сатып алуудан акчаңызды аябаңыз.
10. Кыялдарыңызды орундатыңыз
Чечилбей турган көйгөй жок, эбин тапса чечүү жолу да табылат. Ошондой эле адамдын колунан келбеген нерсе жок деп айтылып келет. Андыктан кыялыңыздагы ой- максаттарды ишке ашыруу үчүн тобокелчиликке барыңыз. Балким чын эле кыялыңыз орундалат, же болбоду дегенде жашооңуз үчүн маанилүү сабак аласыз.
11. Иштин оорун тандаңыз
Кандай гана нерсе менен алек болууну баштабаңыз, анын эң оор тарабынан баштаңыз. Чечкиндүү болуңуз. Жасаган ишиңиз менен ар дайым үлгү болууга аракет жасаңыз.
12. Баарынан үйрөнүңүз
Акылдуу- акылсыз, кембегал- бай, берешен- зыкым, улуу- кичүү айырмасы жок. Баарынан бардык нерсени үйрөно билиңиз. Жашоодо көптү билүү маанилүү.
Билдирүүнү түзөткөн: Mediziner: 24 Август 2015 - 01:08
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#38 24 Август 2015 - 01:10
Сизден айырмаланып турган инсан менен баарлашуу зарылчылыгынын 5 себеби
Адистердин айтымдарында, өзүбүздүн мүнөзүбүзгө окшош адамдар менен баарлашууда талаптагыдай өсүп- өнүгүү болбойт. Албетте, мындай адамдар менен кенен-кесир, тартынбай отуруп сүйлөшүү сизге жагымдуу маанай тартуулайт, бирок, айтып өткөндөй экинчи тарабы да бар. Ал эми мүнөзүбүзгө карама- каршы келген адамдар менен баарлашууда келечек үчүн пайдалуу болоору белгиленет. Буга далил катары башка адамдар менен сүйлөшүүнүн пайдасы тууралуу төмөндөгү 5 себеп:
1. Дүйнө таанымыңыз кеңейет. Муну менен сиз көптөгөн жана ар түрдүү адамдар менен пикир алышууга үйрөнөсүз. Сиздин пикириңизге каршы келген ойду аткан адамдын мамилесинен өзүңүздүн кемчиликтерди көрө аласыз жана өзүңүздү жакшы таанып, түшүнүүгө мүмкүнчүлүк аласыз. Ошондой эле ар бир адамдын жеке көз карашы бар экендигин жана өзүнүн эле оюн таңуулай берүү туура эместигин мыкты өздөштүрөсүз.
2. Ой жүгүртүүңүз менен сындай билүү сапаты калыптанат. Анткени сиздин көз карашыңызга карама- каршы келген адам сизге чакырык таштайт. Ал эми буга чейин кайсы бир нерсени норма катары эсептеп келсеңиз, мындан кийин ал көйгөйдү чектелген ой жүгүртүү менен гана эсептеп келгениңизди байкайсыз. Ал эми башка көз караштагы адамдар менен баарлашууда көптөгөн мүмкүнчүлүктөр бар экенине ынанасыз.
3. Башка адамдын жетишкендигинен ырахат аласыз. Ар бирибиздин эле күчтүу жана алсыз жагыбыз бар эмеспи. Кээ бирөөлөр турмуштун айланган дөңгөлөгүнөн чыга албай жүрө берет. Ал эми айрымдары караңгыдан жол издеп, тынымсыз аракет жасоонун негизинде ийгиликти багындырат. Анын басып өткөн жолун уккан соң, сиз сөзсүз ага таасирленесиз. Аракет жасоого үйрөнөсүз.
4. Кабыл алган чечимдериңиз туура чыга баштайт. Башка адамдар менен баарлашууда алар кабылган көйгөйлөрдө кандай кадамга барышаарын жана чечим кабыл алаарда эмнелерге басым жасай турганын билүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Ал эми келечекте сиз дагы бул ыкманы сөзсүз колдонуп туура чечим чыгарууга жетишесиз.
5. Жашооңуз жемиштүү күндөрүңүз кызыктуу өтө баштайт. Жогоруда айтып өткөндөй өзүбүздүн мүнөзүбүзгө окшош адамдар менен баарлашууда күнүмдүк жашоо кызыгын жоготуп, эриктирип жиберет. Анткени бир көрүнүш улам эле кайтала берет. Ал эми башка адамдар менен баарлашууда ар кандай, бири- бирине окшобогон кырдаалдарга кез келип, жаңы идеяларды угуп, дүйнөнү башкача көз караш менен карай баштайсыз.
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#39 24 Август 2015 - 01:11
Сүкүт жасоонун эч кандай сыйкырчылыгы жок. Болгону белгилүү көнүгүүлөр, машыгуулар гана жасалат. Сүкүт жасоонун негизги максаты- денени толугу менен бош коюп, ички дүйнөнүн тең салмактуулугун кармоо болуп эсептелет. Бул болсо, ден- соолуктун чын болушун, сергек акыл- эстүулүктү, сабырдуулукту жана бактылуу жашоону камсыз кылууга себепчи боло алат.
Мындан сырткары, адамзат кабылган ар кандай терс энергиялардан арылуу үчүн, чарчап- чаалыгуудан арылуу, уйкусуздуктан арылуу, депрессия, стресстен арылуу үчүн да жасалат жана 100дөн ашык түрү колдонулуп келет. Андыктан сүкүт жасоо менен кандай ийгиликтерге жетише ала тургандыгыңызды билип алыңыз.
1. Картаюу процессин төмөндөтөт
Бул процесс кычкылтекти талап кылууну төмөндөтөт, дем алуунун көрсөткүчү жай тарта баштайт. Жыйынтыгында кан жеткирүүнү күчөтөт да жүрөктүн абалын жакшыртат. Мындай шартта физикалык күч жумшоого туруштук берүүнүн деңгээли жогорулайт. Айрыкча кан басымы жогору адамдар үчүн өтө пайдалуу келет. Булчуңдардын чыңалуусун дагы басандатат.
2. Организмди айыктыруучу жол ачат
Сүкүт жасоо өнөкөт ооруларга кабылган адамдарга жакшы таасирин тийгизиет. Иммунитетти көтөрөт, салмакты бир калыпта кармоого көмөк көрсөтөт. Холестериндин деңгээлин түшүрөт, жүрөк- кан- тамыр ооруларынын алдын алат.
3. Ооруларды басат
Ашыкча терчилдиктен куткарат, баш ооруларга кирген шакыйды айыктырып, мээнин иштешин жакшыртат. Жан дүйнөнүн тынсыздануусун жоготот. Жакшы энергияга тартуулайт.
4. Спорт менен алектенүүгө түрткү берет
Астма илдетине кабылгандарга дем алуусун жакшыртат. Физикалык күч колдонууну туруктуу кармайт. Спорт менен алектенүүгө кызыгуу пайда боло баштайт.
5. Өзүңүзгө болгон ишенимдүүлүктү жогорулатат
Сүкүт жасоо учурунда сиз толугу менен коркуу сезиминен арыла аласыз. Өзүңүздү колго ала билүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болосуз. Кырдаалды жөнгө салууга аракет жасайсыз. Кабыл алуу жакшырат. Психикалык оруларга кабылуу коркунучу толугу менен жоголот. Өзүңүзгө болгон ишенимдүүлүк пайда болуп, көптөгөн ийгиликтерди багынтууга мүмкүнчүлүк аласыз.
6. Чыгармачыл жана башка мүмкүнчүлүтөр пайда болот
Окууга же ишке болгон кызыгуу, жөндөмдүүлүк жогорулай баштайт. Эс тутум жакшырат. Чыгармачыл талантыңыз да пайда болушу ыктымал..
7. Өзүңүздү өзүңүз түшүнө баштайсыз
Адам баласы өзүн өзү түшүнө билүүнү үйрөнгөндө гана, алдына келген эң ор көйгөйлөрдү деле оңой жеңет. Жашоодон кайсы бир орундан өзүн көрө баштайт. Максат коёт. Кыялданат. Булардын ишке ашышы үчүн аракет жасай баштайт.
8. Жашоого болгон көз карашы жакшы жакка өзгөрүлөт
Жан дүйнөсү тынч, ден соолугу чың, алдыга койгон максаты жана кыялдары бар болгон адамдын жашоого болгон көз карашы дагы жакшы жакка өзгөрөт. Демек, көптөгөн ийгиликтерди багынта алат.
Билдирүүнү түзөткөн: Mediziner: 24 Август 2015 - 01:12
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#40 12 Сентябрь 2015 - 23:55
Жумушка баргыңыз келбей жатабы? Мамилеңизди оңдоңуз...
Эгерде сиз ар дайым эле "Качан жума күнү келет?" жана жекшемби күнү "Иий эртең жумуш күнү башталат" - деп көп ойлонсоңуз, демек, сиздин жашоодогу ишмердүүлүгүңүздүн "даамы" жоголгон болуп эсептелет. Балким сизге азыркы жумушуңуз жакпашы мүмкүн. Анда алмаштырыңыз. Эгер алмаштыруу мүмкүнчүлүгү жок болсо, анда, ага карата мамилеңизди оңдоңуз.
Жакшы жактарын издеңиз
Жумушуңуздагы аткарып жаткан ишиңиз жакпай жатса, анда сиз байкабай өзүңүздүн жашооңузду терс энергияларга толтуруп жатасыз. Жыйынтыгында бул сиздин нерв системаңызга таасирин тийгизип, ден- соолугуңузга залакасы тийип жана чөйрөңүздөгү адамдар менен тил табыша албай олуттуу маселе жаралат. Анткени ашыкча ачуулуу болуп, сөз көтөрө албай каласыз.
Андыктан мүмкүн болбогондугуна карабай иштеген ишиңиздин жакшы жактарын издеп таап, ага ыраазычылык билдирүүнү үйрөнүңүз. Маселен, ар бир айдын башында айлык акы аласыз. Аны менен батириңиздин акысын төлөйсүз, тамак- аш аласыз, кийим- кече жана башка муктаждыктарды сатып алууга мүмкүнчүлүгүңүз бар. Эч кимге көз каранды болбойсуз. Мындан сырткары, жылуу, ынгайлуу кеңеседе иштеп жаткандыгыңызга кубаныңыз. Отура турган үстөлүңүз бар. Каалаган маалда чай демдеп иче аласыз. Ал эми бул учурда сыртта башка иш менен алек болгондорду элестетип көрүңүзчү. Мисалга кыштын ызгаар суугунда базардагы сатуучуларды. .. Ошондой эле жылына бир жолу бир айга эс алууга чыгуу мүмкүнчүлүгүңүз бар. Ал эми айрымдар эс алуу эмне экенин билбей жыл боюу иштешет.
Дос- достук, кызмат- кызмат менен...
Балким, сиздин жумушка баргыңыз келбегендиктин себептеринин бири ал жакта иштеген айрым кесиптештериңиздин жакпай тургандыгына болуп жүрбөсүн?! ... Мындай шартта өзүңүз менен өзүңүз сүйлөшүп көрүңүз. Анткени эч жерде төгөрөгү төп келип, бир пикирде болгон, бири- бирин колдоп турган жамаат болбойт. Атаандаштык, көрө албастык бардык жерде бар, көпчүлүк учурда ал сырттан байкалбайт. Андыктан жумуш учурунда бир гана өзүңүзгө жүктөлгөн милдеттерди аткаруу менен алек болуп ушак- айың же жеке мамилелерди чечишүү үчүн убакыт коротпоңуз. Ага кеткен күчтү жумушуңузга жумшаңыз.
Бардык нерсе өз убактысы менен
Кээде жумуш сиздин бош убактыңызды ээлеп алышы мүмкүн. Маселен, алгач сиз жумушта бир саат көбүрөөк кармаласыз, жумушта бүтпөгөн иштерди үйүңүзгө ала келип жасайсыз, же болбосо дем алыш күндөру да иштегенге туура келет. Жыйынтыгында эс алууга убакыт жок, жашооңуз жагымсыз боло баштайт. Андыктан бардык нерсени оз убагы менен жасаңыз. Жумушту үйгө алып келбеңиз, жумушуңузга үйдөгү көйгөйлөрүңүздү алып барбаңыз. Ар бир жасай турган жумушуңузду болжолдуу түрдө саат- саатка бөлүп, ошол эрежени так сактоого аракет жасаңыз.
Сүйүктүү жумуш
Акча үчүн эмес, жан дүйнөнү байытуу үчүн алектене турган иштер да бар экенин унутпаңыз. Анткени жан дүйнөңүздү байыткан, тынчтык, эс алуу алып келген иш менен алек болсоңуз жашоого болгон кызыгууңуз артып, жумушка болгон жигердүүлүк пайда болот.