Ой бөлүшүү Мен да бир бош болгондо ичимдегинин баарын төгүп чачып жеңилдеп алсам
#1 15 Апрель 2020 - 21:08
#2 16 Апрель 2020 - 14:41
Ошентип,ыйлап- сыктап жүрүп 11-классты дагы аяктадым.Үйдөгү "прогноз погодага" карабай окууну жакшы окудум.4төн бир-экөө бар болчу...бирок мугалимдерим мага ишенишчү жана жакшы көрүшчү...класс жетекчим өзгөчө мээримин төкчү,мага түшүнүү менен мамиле кылат эле аябай ыраазымын...
25-майга да жеттик ошентип.Торжестводо мага стипендия беришти аябай сүйүнүп төбөм көккө жетип өзүмдү"акылдуу" сезип турдум.Мугалимдердин баары сөз сүйлөп куттукташып андан соң майрам дагы аяктап баратты.Баары өз апасы менен сүрөткө түшүп,жакындары алып келген белектерин кабыл алышып бактылуу болуп жатышты.А мен апам ооруп келалбаганына байланыштуу жалгыз калдым.Томсоруп эмне кылаарымды билбейм ыйлап жаттым эч кимге билгизбей... бир кезде жакын досум келип калды сүрөткө түшөлү деп ошентип классташтар да келип чогулушуп аралашып кеттик...25-май жөн эле 25-май эмес экенин ошондо түшүндүм кимдин ата-энесинин авторитети канчалык экенин ошол жерден көрүшөт экен элдин баары...колумда өзүм дүкөндөн алып койгон мягкая игрушка менен гүл,туугандарыбыз деле көп эле бирок негедир ал күнү бирөөнү гана,бүтүрүүчү кызы бар эжемди гана көрө алдым...Үйгө келип аябай ыйладым ата-энемдин эл менен аралашып эл боло албагвнына бир ыйласам мусордон тапкансыган гүлдү алып келген "жеңеме" бир жиним келип ызаланып ыйладым...ошентип шаарга кетмей болдум окууга.Атам каршы болуп кетирбей койду анткени шапрда жакын ишенимдүү деле кишибиз жок эле,бир гана бир адам бар болчу жалгыз жашаган ошол тууганымдыкына бармакмын көп убакыт жүрсө жаман көрөт дедиби билбейм урушуп кетирбей койду.Окуу жайга кабыл алуунун экинчи туру болгондо араң кеттим...окуу жайга бюджеттик орунда окуп жатам...биоок шаарга келип эле таптакыр бөлөк адам болуп кете албадым атамдан уккан көргөнүмдү эстеп ыйлап артка кетип астыга кетип атып стипендияга илинбей калдым.Баарынан нааразы болгонум кийинки жылдары 10-11ден окуп жаткан кезде апамды урбай калды эле бирок,мен окууга келген соң апам менен сүйлөшүп абал кандай экенин билдим...акмак акыры апамды жинди (психологиялык жактан жабыр тарткан аябай) кылып тынды.Апамды больницага алып барып эле атышат,бирок алып келип алып кайра сабашкан экен ,жылдын декабры болуш кнрек эле апам келди шаарга больницага кийинтип чечинтип атып денесинен бир ак жерин көрбөдүм көгала,ошол жеоден атамды каргап атам,ыйлаган абалымда апам болсо байкуш ыйлаба мунун эмнесине ыйлайсың деп коёт байкуш жаным менин...Азыр апам больницада үйдө мен атамдар менен...окуумду окуюн деп отурсам эле сөгүнүп сагынып ар кимге кыйкырып баштайт,ошол жерден "ооорум кармайт". Даже ага тамак жасап бермек түгүл нан салып беогим келбейт иним үчүн эле жасайм ал да келип жеп ичет.Басса турса апамды жамандайт ошол жерден апамды актайм бирок ал сөзгө түшүнбөйт деле сөгүнүп сагынып кутулат баарынан." Билген таап сүйлөйт,билбеген каап сүйлөйт"деген чын экен...Менин жашоодон көңүлүм калды,кыздын жолдошу атасына,баланын аялы апасына окшош болот дешет экен.Ошого ишенем мен көргөндүн баары жле бул сөздү далилдеп келатышат... андай адамдай болуп адамга жакшы сөзүн арнай албаган,сезимдин эмне экенин билбеген акмак менин жашаганча өлүп калган жакшы го...эээ силер кандай ойлойсуңар ...Көрсө анын нерв болуп бизден өзүнүн үй-бүлөсүнөн жинин яыгарганынын себеби мында экен көрсө ал 18жашында мас болуп алып бир аялды зордуктап түрмөгө 18жыл отуруп чыккан экен....түрмөдөн чыккан киши киши болбоыт го обычно.А апам болсо ошол кезде 21-22 жаштардагы жаш кыз экен,зөөкүргө эч ким тийбей койгондо апамды дагы кечке ар ким бизге бер деп сурап келе бергенинен бирине тие берейин деген экен...ошентип зөөкүргө тийип акыры ооорулуу болуп тынды байкуш гана бактысыз апам ай жаным апам....
#3 16 Апрель 2020 - 17:40
Билдирүүнү түзөткөн: Baktyluu_bolgum_kelet: 16 Апрель 2020 - 17:53
#4 16 Апрель 2020 - 22:25
#5 16 Апрель 2020 - 22:42
#6 16 Апрель 2020 - 22:52
#7 16 Апрель 2020 - 22:59
#8 17 Апрель 2020 - 07:21
Кечээ, 17:40
Мындай акмактарга убал жок, өлүп да калбайт.Апанызды алып кетиңиз,неге ушунча чыдап жүрдүңүздор! ?Таята,тага деген жок беле?
Билдирүүнү түзөткөн: Baktyluu_bolgum_kelet: Кечээ, 17:53
Бир туугандары бар толтурале бирок үй-бүлө курган соң юир тууганды карабай деле калышат экен.Атам бир тууганына мал берип эле оозун жаап коёт...Мен азырынча өзүм каражат тапканга жарай элекмин студентмин, ошого үйдөгүлөрдүн көзүн карашка туура келет...
#9 17 Апрель 2020 - 09:25
Мен кичинемде ичкен, чеккен адамды көрсөм жек көрчүмүн. Алладан көп тилечү элем ичпеген, чекпеген адамга турмушка чыксам экен деп. Аллага шүгүр тилегим кабыл болду, чындап эле ичпейт, чекпейт. Тойдон кийин достору келип бир эки жолу көтөргөн, таң калып "ичпейм" дедиңиз эле түзүк эле ичет экенсиз-деп бир тийгем. Аллага шүгүр, азыр ичпейт, ичпей эле койсун. Айтып калат, ошондой дегенсиң а деп. Каттуу тийген окшоймун? Арак ичкендин кыпындай пайдасы жок. Ичпей эле коюш керек.
Билдирүүнү түзөткөн: janym_balam: 17 Апрель 2020 - 09:27
#10 17 Апрель 2020 - 10:23
Umnaya_devushka (17 Апрель 2020 - 07:21) жазган:
Кечээ, 17:40
Мындай акмактарга убал жок, өлүп да калбайт.Апанызды алып кетиңиз,неге ушунча чыдап жүрдүңүздор! ?Таята,тага деген жок беле?
Билдирүүнү түзөткөн: Baktyluu_bolgum_kelet: Кечээ, 17:53
Бир туугандары бар толтурале бирок үй-бүлө курган соң юир тууганды карабай деле калышат экен.Атам бир тууганына мал берип эле оозун жаап коёт...Мен азырынча өзүм каражат тапканга жарай элекмин студентмин, ошого үйдөгүлөрдүн көзүн карашка туура келет...
Малга алданып калган кандай тууган тооба!Бир туугандан да бир кой артык экен да (((Кыз киши күйөөсүнө, күйөөсү карабаса атасына,эркек бир туугандарына аманат го!? Ушундай тагдырларды окусам нерв болом,боорум оорубай эле жиним келет? Бирөөгө кор болуп,токмогун жеп,эл эмне дейт? Кокуй!балдарым, деген менен балага да бактылуу,ден соолугу чың апа керек.Жаркын, тынч жашоо керек!А эл дей берет,сенин жашооңдо бир күн болбогондон кийин.
#11 17 Апрель 2020 - 19:58
Менин уже жашагым деле келбей калды сабак окугум да келбей алкаш зөөкүр оозунан жакшы сөз чыкпаган кишинин кызын ким алат эле???атанын баркы кыз өтөт деди го бирөө анда мен өмүрү өтпөйм...өлгүм келет өлө албайм чоң күнөөгө батам дааа деп...бирок алдыга кете албасыма көзүм жетет окуумду окуй албайм китеп кмраганга көңүл жок алкаштан кантип арылсам деген эле ой мээмди ээлеп алган...
#12 17 Апрель 2020 - 21:53
#13 18 Апрель 2020 - 12:56
Кечээ, 21:53
Ушундай чечкинсиз, ушундай адамдар жанын кейитет. Мындай жашоо кобунун эле башынан отот. Ага кайгырып коп башынды оорутпа сага нерв, ден соолук керек. Жакшы адамдар коп. Бир кун келип кааласан каалабасан бироо менен таанышасын, суйосун суйулосун анан эле бироо алдаса ошондо бул кайгындан качам деп адашып калба. Сен кандай тиленсен ошого жараша болот. Жакшы ичпеген, жашоодо ордун билген, мени сыйлаган мен сыйлаган, уй булоосу жакшы адамга турмушка чыгайын деп тилек кыл. Озунду кемсинтпей жакшы адамга турмушка чыкканга аракет кыл. Байкелерин бар экен апанды коргоп караса болмок экен. Азыр жакшы жашоодо жашайбыз аракет кылса болот кор болбой
Алданып калгам эбак эле ошого да өзүмдү өлтүргүм келип жүрөт...Өмүрүңдө бир жолу сулуу кыз,жакшынакайсың деген сөздү угуп көрбөсөң...мен ушул кичинемден бери эле же агамдын оозунан же атамдын оозунан мындай акылдуу эстүү кызым,супсулуу кызым жакшынакайым деген сыяктуу кыздар угуш керек болгон сөздү укпай чоңойгом албетте мен да адаммын мен да көңүл менде да жүрөк бар,мен дагы элге окшоп жакшы сөздөрдү уккум келет...бирок уга албадым атам мени эмнеге жек көрөт билбейм...бирок баардык эле эркек өзү сүйбөгөн аялдан туулган балага ошондой мамиле кылмак деп ойлойм.Апамды жакшы көрбөгөндөн кийин мага эмне жок.И ещё түрү суук болсом мага жакшы сөздү кннтип ыраа көрсүн...зар болдум жакшы сөзгө жөн гана жакшы сөзгө зар болдум бир жолу болсо да уккум келди...Бирок ал сөздөрдү айта турчу кишиден укпай калганга байланыштуу кайдагы бир атын да билбеген киоиден угуп....сулуу экенсиң деген сөздү биринчи жолу уктум,аа мен деле сулуу турбаймбы мени деле киши карайт экен да дедим.Мага бир дагы бала номеримди сурап жазып же чалып көргөн эмес мага ал учур жомоктойле сезилди.Бирок ошол сулуу экенсиң бир сөзүнүн акысын 10000эсе кылып кайтарвп алды...алдандым оооба алдандым менин ордумда кайсыл кыз болбосун ошондой кылмак кыздарга жылуу маиле менен жакшы сөз суу менен абадай эле керек...атамды жек көрөм жек көрөм атамды...ал жана агаларым мага жылуу мамиле кылып,алтыным сулуу карындашым менин деп кучагына кысып менин дагы бул дүйнөдө кыпындай болсо да ордум бар экенин билдирип коюшканда мен ал,күндө эле угуп жүргөн бир сөз үчүн тряпка болбойт элем...атамды жек көрөм...
#14 18 Апрель 2020 - 15:18
#15 18 Апрель 2020 - 22:57
#16 20 Апрель 2020 - 17:47
#17 20 Апрель 2020 - 17:50
18 Апрель 2020 - 22:57
Сулуусун деп койсо эле алданып калган кандай немесин?Эми апанын башына тушкон кун сага да тушпосо болду.Ойлон жаш экенсин.Жети олчоп бир кесип турмушка чык.
А мени турмушка чыгат деп ким айтты?турмушка чыкпай эле койдум...мени өзүлөрү тапкан ата энемдин жасаган мамилеси ошол болсо,капкайдагы тааныбаган адамдардын маилеси кандай болот эле?
#18 20 Апрель 2020 - 18:17
#19 20 Апрель 2020 - 21:25