Neizvestno1 Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Кыймылы жок
- Билдирүүлөр:
- 199 (0,05 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Эркин тема (115 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 10 Июль 13
- Кароолор:
- 8 895
- Соңку аракети
- 13 Янв 2017 19:27
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Карапайым
- Жашы:
- 101 жашта
- Туулган күнү:
- Май 30, 1922
- Жынысы:
- Аялзаты
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- Жашыруун
Мен ачкан темалар
-
Жүрөгүм ооруп жатат, кантип алаксысам болот
Жазылган күн: 28 Май 2016
достор кыйналып кеттим. журогум сыгылып жатат. айткылачы кантип алаксысам болот? эгер маселе уй-булого байланыштуу болсо? -
Жакшы сөзгө муктажмын!
Жазылган күн: 1 Мар 2015
Саламатсыздарбы форумчулар! Бугун мен оз жан дуйномду сиздерге ачкым келди. Себеби бул жерге жазбасам, башка эч кимге айта албай кыйналып журо берет экенмин.
Анда соз башынан болсун:
Мени кичинемде чон энем баккан. Ал убакта аябай кичине болчумун б.а адамды тункусун уктатпай турган, ыйлаак, кежирленген учурум эле. А ата-энем болсо Россияда иштеп журушкон. Арадан 2-3 жыл отуп ата-энем келип, мени оздору менен кошо башка айылга алып кетишти. Ал убакта бир аз эс тартып калган элем. Эмнегедир ата-энеме чон энеме жакын болгончолук жакын боло албадым. Ал тургай "чон энеме кетем" деп да ыйлачумун.
Ошентип, арадан жылдар отту ата-энем дагы 1 уул, 1 кыздуу болушту.
Эмнегедир тунт, ачылып суйлобогон кыз болуп чонойдум.
Апам мени жуунтуп тарантканы менен, бир да жолу бооруна кысып "кызым" дегени жок. Эмнегедир апамдан ушул созду кутчумун, башкалардын апаларына окшоп мени да эркелетуусун кутчумумун. Эне мээримине муктаж болчумун.
Синдим менен инимди аябай жакшы корот, алар менен сырдашат, "кызым" , "балам" деп суйлойт. Алардын эмне кемчилиги бар, баарын толуктап турат. А мен ошолордун жашындагыдай убакта мени ошентип караган эмес. Туура кемчилигимди толуктагандыр, бирок эне мээримин берген эмес.
Азыр да ооруп калсам "жакшы болуптур, чоноюп эле калдын озунду-озун жакшы карабайсынбы" деп кайрадан оорума оору кошуп жемелеп берет. Конул да бурбайт. Жон гана "дары таап ич" деп коет. Мына ошондуктан да оорусам да апама айтчу болбой калдым. Ич-ичимден "апа мага деле конул буруп, "жакшы болуп каласын кызым" деп койсонуз эмне болмок?" Деп ичимден сызып алам. Ошол кичине созу деле мага чон кубат бермек да.
"Эне" дегенде эле копчулук, баласын колдоп, таяп турган периште сымаал адамды элестетет экен. А менин апам мени ар дайым копчулук арасында басынтып келет. Бир жаны нерсени баштайын же уйронойун деп жатсам да "ал сенин колундан келбейт, сенин колундан балээ келеби" деп духумду тушуруп коет.
"Карга да баласын аппагым дейт" деген соз бар эмеспи, а бизде тескерисинче. Суротко тушуп "мобул жерим жаман болуп калыптыр" деп калсам "сен озунду сулуу деп ойлойсунбу, сен куниксин озунду сулуу элестетип жибересин да" деп маанайымды тушурот.
Озунун маанайы жок болсо болду, менин да маанайымды тушурот. Ар бир созундо "жетим" , "олугунду коройун", "моюнун узулгур" деп суйлойт. Биринчи укканда жаман болчумун, кийинчерээк бул создорго да уйронуп кеттим.
Баарын ичиме жутуп журот болчум. Бирок апамдын кечээ койгон айыптоосу кайра жарамды тырмады.
6-класста окуп жургон мезгилимде бир досумдун соткасын байкабастан сындырып алган болчумун. Аны толоо керек болуп, апамдан акча сурасам бербей койгон. Ал кыз болсо мектепте жанымды койбой "телефонумдун экранынын акчасын толо" деп кыйнай берчу. А апам такыр эле акча бербей койгон. Айлам кетип апамдын сумкасынан 200 сом алып ал кызга алып барып бергем. Апам билип калган сон мени аябай жемелеп урушкан.
Мына эми ошол окуядан кийин арадан 5 жыл отту.
Апам откон куну отурушка баратып сумкасына 500сом салып, сумкасын уйго таштап кеткен экен. Мен уйдо жок болчум. Окуудан келсем уйдо эч ким жок. Озумчо ишимди кылып журо бердим. Апам кечинде бир аз градус менен келди. Ичип алыптыр.
Эртеси окууга жоноп кеттим, келсем апамдын кабак-кашы туйулуп калыптыр. "Кечээ сумкама 500 таштап кеттим эле, сен алгансын ууру" деп кетти. Ызаландым, "мен ал акчанызды эмне кылайын" десем "сен бир жолу дагы уурдагансын ууру жетим, башкалар албайт сен аласын" деп 6-класстагы окуяны эстетип жатпайбы.
Эмне десем да ишенген жок, "ак ийилет, бирок сынбайт" деп гана тим болдум. Азыр да мени жаман козу менен карап, суйлобой журот. Мен да суйлобойм. Жок жерден "ууру" кылып койгонуна апама аябай капа болдум.
Мага ишенбейт, жек корот, "тезирээк сенден кутулсам экен" деп бетиме эле айтат.
Буларды жазуу менен апамды жаман корсоткум жок, болгону ичимдеги жазып женилдеп алгым келди. Кээде туруп "огой апамбы" деп ойлоп кетчумун, бирок жок андай эмес экен, мени жарык дуйного алып келген оз апам экен.
Баарынан окундургону оз жакындарымдын мага карата кылган терс мамилеси. Башка жат бироо ушундай мамиле кылса мынчалык кайгы тартпасам керек эле.
Буйурса келечекте мен да эне болоормун, мына ошондо ата-энем мага бербеген мээримди мен аларга берем деп озумчо ниет кыла берем. Куйдайым ал кундорго да жеткизээр. -
Бит
Жазылган күн: 13 Июл 2014
Салам достор битти кантип жок кылса болот? Менин эжемдин кызынын башын бит басып кетиптир. Уй-булобуз боюнча эч кимде андай болгон эмес болчу. Ал синдим битти нянкадан жуктуруптур. Кыркып салайын десе чачы узуун анан коюу сонун чач. Кундо ыйлайт байкуш. Эмне кылсак болот?
Комментарийлер
Neizvestno1 ге комментарий жазыла элек. "Кандайсың" деп жазып койбойлубу?