Ким күнөөлүү? Атамбаев күнөөлүү?
#61 26 Октябрь 2013 - 13:48
Важно - кто ты на самом деле
#62 26 Октябрь 2013 - 23:52
#63 27 Октябрь 2013 - 01:32
Важно - кто ты на самом деле
#64 27 Октябрь 2013 - 14:43
#65 27 Октябрь 2013 - 14:44
muxammet (27 Октябрь 2013 - 01:32) жазган:
Кхм, бир анекдот эске тушуп кетти :
жерди топон суу каптайт имиш. Элдер болгон аракетин жасап, озун-озу куткаруунун далалатында экен. Бир гана молдо эч камырабаптыр. Суу тизеден келгенде элдер биздин кемеге туш деп келишет экен, жанагы кишиге. Ал болсо, 'мен дин жолунда жургон таза адаммын. Кудай мени кур койбойт, куткарат' деп кемеге тушпой коюптур. Суу там бою которулуптур. Тамдын башында отурган молдого куткаруучулар вертолет менен келишиптир. Ал кайра эле конбой коюптур. Суу которулгондон которулуп отуруп молдонун белине жеткенде атайын учак менен адамдар кайра аны куткарганы келишет. Ал кайра эле конбойт да, чогуп кетет. Жанагы киши озуно келсе кудайдын бет мандайында турат имиш. Анан сурайт экен:'Оо, Жаратканым, мендей такыба уммотунду эмнеге топон суудан сактабадын? !' Анда кудай:'Жонотулгон кеме, вертолет, учакка эмнеге отурбадын?' деген экен
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#66 27 Октябрь 2013 - 14:45
#67 27 Октябрь 2013 - 14:56
#68 27 Октябрь 2013 - 23:15
aijan (27 Октябрь 2013 - 14:44) жазган:
жерди топон суу каптайт имиш. Элдер болгон аракетин жасап, озун-озу куткаруунун далалатында экен. Бир гана молдо эч камырабаптыр. Суу тизеден келгенде элдер биздин кемеге туш деп келишет экен, жанагы кишиге. Ал болсо, 'мен дин жолунда жургон таза адаммын. Кудай мени кур койбойт, куткарат' деп кемеге тушпой коюптур. Суу там бою которулуптур. Тамдын башында отурган молдого куткаруучулар вертолет менен келишиптир. Ал кайра эле конбой коюптур. Суу которулгондон которулуп отуруп молдонун белине жеткенде атайын учак менен адамдар кайра аны куткарганы келишет. Ал кайра эле конбойт да, чогуп кетет. Жанагы киши озуно келсе кудайдын бет мандайында турат имиш. Анан сурайт экен:'Оо, Жаратканым, мендей такыба уммотунду эмнеге топон суудан сактабадын? !' Анда кудай:'Жонотулгон кеме, вертолет, учакка эмнеге отурбадын?' деген экен
Жонокой адам президент боло бербейт. Аллах назарын салган адам гана президент болот. Аллах каалабаса президент эмес, айыл окмот да боло албайсын. АШАны да озубуз шайлаганбыз (мен добушумду берген эмесмин ашага). Баардык нерсе Аллахтын амиринде!
Важно - кто ты на самом деле
#69 28 Октябрь 2013 - 12:27
Jeka (27 Сентябрь 2013 - 09:18) жазган:
1) "Кыргызы - сборный народ"
2) "Манаса убили кыргызы"
3) "Жители Таласа - не народ"
4) "Коровы Иссык-Куля более полезны, чем мужчины"
5) "Жители Нарына - вы скоты"
6) "Ак-шакалдар"
7) Депутату Улукбеку Кочкорову: "...Вы поймите, Каримов не будет жить вечно. Наверное, умрет через 3-4 года. Тогда посмотрим"
Ушулар чынбы, уккандар барбы? Мен - укпапмын мисалы.
Булардын баары чын 1,2,3,5,6, уккам, окугам, коргом видео роликтери бар интернетте 4 окуган ,коргон эмесмин. Дагы айткан созу бар .. Каримов( Озбекстан) жини келсе,согуш ачса бизди 2 саатта басып алат деп ...
Билдирүүнү түзөткөн: bey: 28 Октябрь 2013 - 12:28
#70 28 Октябрь 2013 - 12:30
muxammet (26 Октябрь 2013 - 10:48) жазган:
Аллах онуктурот деп тилеп жата берген туура эмес .. Аллах деле айткан тилегенинди тиле,бирок озун да аракет кыл деп ..
#71 28 Октябрь 2013 - 16:13
Ошол эл шайлаган күнү Атамбаев алты жыл алганын унутпашы керек, бул алты жылды калк артты карай эсептеп өтсүн деп берген эмес. Убада кылгандай, иштесин, паракорлорду камасын, өлкөнү алсыз эмес, күчтүү кылсын! Дөөдүр сөздөргө азыр эч кимдин сабыры жетпейт!
Жеңиш - менин тагдырым.
#72 30 Октябрь 2013 - 18:43
«Атамбаев бийликти узурпациялап алды деп жатышат. Эч кандай узурпация жок. Менин бийликте бир дагы туугандарым жок. Мага карата узурпация деп кыйкыргандардын арасында өздөрүнүн бир туугандары бүгүнкү күндө бийликте отурат» деп айтты Алмаз Атамбаев" , - деди депутат Равшан Жээнбеков.
"Узурпация деген түшунүктүн илимий аныктамасы мындайча: "Узурпация или узурпация власти (от лат. usurpatio — овладение) — захват власти насильственным путём, совершённый с нарушением закона, либо незаконное присвоение властных полномочий. Совершается одним лицом или группой лиц" экен. Википедияны эле ачып окуп көргүлөчү. Кыргызчасы: Узурпация же бийлик узурпациясы (латынча usurpatio -ээлеп алуу деген сөздөн) - бийликти зордук менен, мыйзамдарды бузуу жолу менен басып алуу, же бийликтин ыйгарым укуктарын өзүнө мыйзамсыз ыйгарып алуу. Адатта бир же бир нече кишилердин тобу аркалуу жасалат", деп жазылыптыр, "- дейт Равшан Жээнбеков.
"Бүгүнкү Кыргызстанда аткаруу бийлигинин башчысы Ж. Сатыбалдиев кимдин креатурасы? Кимдин айтканынан чыкпайт? Мыйзам чыгаруу бийлигинин башчысы Асылбек Жээнбеков кимдин кретурасы? Кимдин айтканынан чыкпайт? Сот бийлигинин башчысы кимдин креатурасы? Кимдин айтканынан чыкпайт? Башка майдараактарын айтпай эле коёоюн.. Эгерде илимий аныктамага таянсак анда бизде, Кыргызстанда толугу менен узурпация десек болот. Президент, тилеке каршы, өзү узурпация деген эмне экенин дагы билбейт экен...", - деп жыйынтыктады Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбеков.
#74 07 Ноябрь 2013 - 12:34
#75 13 Ноябрь 2013 - 17:29
aigul85 (07 Ноябрь 2013 - 12:34) жазган:
Адашпасам, сиз деле бул билдирүүнү компьютердин ары жагында отуруп жаздыңыз. "Мамлекетке бир тыйынчалык пайда келтирбей туруп" деп өтө эле аша чаап кеттиңиз көрүнөт. Анткени, бул жерде колунан эчтеке келбей, "алма быш - оозума түш" деп сигаретин чычайтып алып, асманды тиктеп, бекер отургандар жок. Ар кимиси колунан келишинче Кыргызстан үчүн жан үрөп иштеп же келечекте "мамлекетке бир тыйын пайда алып келүү" үчүн окуп, билим алып жүрүшөт.
"Ошол адамдын жасаган ишинин канча пайызын сен жасап жатасың?" деген сурооңуз орунсуз. Анткени, "ошол адам" Кыргызстанда бирөө эле. Анын ишин "ошол адам" өзү гана аткара алат. Башкаларда - "ошол кишинин" ыйгарым укуктары, мүмкүнчүлүктөрү жок, милдеттери да башка.
Билдирүүнү түзөткөн: Jeka: 13 Ноябрь 2013 - 17:34
#76 14 Ноябрь 2013 - 00:53
Жалынынан кулго айланды умуттор.
Азабыма чыдабасан бош койдум,
Акыл калчап башка жанды суйуп кор.
#77 21 Ноябрь 2013 - 11:46
#78 21 Ноябрь 2013 - 12:55
aigul85 (21 Ноябрь 2013 - 11:46) жазган:
1.Атамбаев келгени өлкөдө мыйзам иштеп мамлекеттик казынаны тоноп жүргөн жегичтер түрмөгө тыгыла баштады.
2. Светти арзандатты. тезек тербей калдык.
3.Жолдор салына баштады.
4. Бизнесмендердин ишин рекеттер жана бийликтегилер тартып алган заман бүттү.
5. Оозунан богу куюлган журналисттерге тыюу салынбай эркин жүрүп калышты.
1. Кол тийбестик укугу бар депутат А.Келдибековдун сурак берип жатканы эмнеден кабар бергенин билбейм, бирок бул мыйзамдын иштеп жатканынын натыйжасы эмес
2. Кыргызстанда элесизби? Абал ошо бойдон. Слабый свет очурулуп эле жатат. Тезек теруу да токтой элек.
3. Бул мэрдин иши. Атамбаевге тиешеси жок.
4. Эээ? Чын элебии? Комуско экономикабыз 40% тузуп калыптыр. Пачиму а? Бору заман буто элек ай
5. Журналисттердин абийирине шек келтирип жатасыз гой. Атамбаевдин боктун куюлуусуна да тиешеси бар дегиниз келиватабы?
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#79 21 Ноябрь 2013 - 13:21
aijan (21 Ноябрь 2013 - 12:55) жазган:
2. Кыргызстанда элесизби? Абал ошо бойдон. Слабый свет очурулуп эле жатат. Тезек теруу да токтой элек.
3. Бул мэрдин иши. Атамбаевге тиешеси жок.
4. Эээ? Чын элебии? Комуско экономикабыз 40% тузуп калыптыр. Пачиму а? Бору заман буто элек ай
5. Журналисттердин абийирине шек келтирип жатасыз гой. Атамбаевдин боктун куюлуусуна да тиешеси бар дегиниз келиватабы?
1) Мыйзам боюнча эгер оор кылмышка шектүү адам болсо, анын депутаттык кол тийбестиги каралбайт. Келдибековго карата 30 миллион сомдон ашык каражатты туура эмес пайдалангандыгы тууралуу иш козголду. Бул карапайым калктын эсебинен мамлекеттик казынага чогулган бул көлөмдөгү каражатты туура эмес пайдалануу оор кылмыштардын катарына кирет. Мына ушундай эле кылмыш иши менен Нарындык мурдагы мэр Нариман 11 жылга соттолду.
----------------
2) Ооба Кыргызстандамын. Мен жашаган жана менин тааныштарым, жакындарым жашаган аймактарда электр жарыгы кээде эле ремонт иштерине байлануштуу 1-2 саатка үзгүлтүккө учураганы болбосо, 3 жылдан бери өчүрүлгөнүн көрө элекмин жана жакындарымдын тааныштарымдын өкмөткө даттанганын уга элекмин.
--------------
3) Мен Бишкек шаарындагы жана Ош шаарындагы жолдорду айткан жокмун. Жолдор деп Бишкектен Кытайга чейинки Бишкек-Нарын- Торугарт жолунун салынып бүтүп калганын айттым. Мурда эки полоса болсо учурда төрт полосалык жол курулуп бүтүп калды. Ысык-Көлдү айланта жолдорду куруу башталды. Жалал-Абад-Кочкор- Балыкчы чоң жолунун алгачкы иштери башталды.
---------------
4) Көмүскө экономика менен рейдерлик эки башка термин жана эки башка маанини берет. акаев менен бакиевдин учурунда алардын балдары тың чыккан бизнесмендерди тоноп, бизнестерин тартып алып турган. Ал эми Атамбаевдин баласы же жакындары кайсы бир бизнесмендин бизнесин тартып алганын көрө элекмиин жана уга да элекмин.
----------------
5) Күн карама журналисттер бар. Мен ошолор тууралуу айтып жатам. Ким көбүрөөк акча төлөсө, ошону мактап анын каршылашын оозунан богу куюлганча каралап жазышат. бакиевдин учурунда ошондой журналисттердин шыйрагын чагып, айырмдарын өлтүрткөн. азыр болсо баары эркин. Жалганбы чынбы айырмасы жок жазышат. Каралайт. Бирок эч ким аларды тыйган жок.
--------------------- -------------
Андыктан кичине болсо да ой жүгүртүү керек.
#80 22 Ноябрь 2013 - 14:44
Менин оюмча Атамбаев бийликти которо албай койду. Бийликтин "соблазны" козун басып кетти. Ары-бери жактан "Алмаз сен жакшы, сенден отор эч ким жок" десе, алданып калды окшойт. Ар ким келип сыйласа, сыйланып атып.