-Сага эмне болду?.
-Эмне эле,баргым келбей атат.Азыр мен ушул жерделе болсом дейм.Эч нерсе кылгым деле жок.
-Анда апама барып айт да билет албай эле.Кызымды таштап кеталбайм,барбайм деп эле айтсан болбойбу же мен айтайынбы айталбасан? .
-Ооба,айтмакмын, сиз айтпай жле коюунуз,бирок апамды билесиз гоо айтканы айткандай болушу керек.Антпесек болбойт гоо.Жаштыгыбыздан ушинтип чонойбодук беле?.
-Анын да туура бир чети.Апамды аяш керек.Ансызда баарыбыздын туйшугубуз жалгыз апамдын колунда.Барсан бар да,жакса иштейсин,болбосо коруп келгенин калат.Айланып эс алып келесин.Созсуз иштеп акча табышын шарт эмес.Биз турабыз гоо?- деп конулумду которгонсуду.
-Чын эле барбайм деп айтканда не?.Андан коро барсам барыпмында деп калдым озумчо.Аз эле убакытка кетип жатпаймынбы? -деп озумду жубаттым.Бардык. Билет алып каттык.30-июльга. Ал кун да тез эле келип калды.Кызыма кетээримди айтып,тушундуруп аттым.Ал да бир нерсе тушунгондой созумду макулдап коет.Танга жуук акем,апам учообуз болуп аэропортту коздой жонодук.Келбей калчудан бетер,апамды акемди бекем кучактап,ыйлап алдым.Корунбой калганча кол булгап,кете бердим.Текшеруудон отуп,самолетко чыгып кеттик.Орундуктардан орун алдык.Самолет жогоруну коздой которулуп,булуттарга аралаш кирип кетти.Ичиндеги толгон мигрант ар кандай тагдырлар мн кетип жатат.Мен да чыныгы мигранттын жашоо даамын татканы желкеме ары жооптуу,ары коопту жукту алып жоноп кеттим.
Билдирүүнү түзөткөн: Royal55: 09 Май 2020 - 16:46