Башкаларды билбейм, жеке мен үчүн бул сөздөрдө чындык бар. Мисалы, 2008-2010 жылдары форумга бир-эки күн кирбей калсам, кадимкидей сагынып калчумун. Ал кездеги темалар кызыктуу, билдирүүлөр олуттуу, форумчулар салабаттуу беле же форумга жаңы киргендиктен ушундай сезилчү беле - билбейм. Мисалы, “Акындар айтышы” темасында ыр саптары саат сайын эмес, мүнөт сайын жаңырып турчу. Азыр бул теманы чаң басып жатат. Ал эми “Саясат жана коом” бөлүмүнөн чыккың келчү эмес.
Азырчы? Азыр кез-кезде карап койом – форумда не жаңылык болуп атыптыр деп. Көзгө илинээрлик, көңүл бурдурчу темалар, кызыгып окуй турган, талашып-тартыштыра турган, пикир калтыра турган билдирүүлөр чанда кездешет.
Келгиле, баарыбыз чогуу ойлонуп, сүйүктүү форумубузду мындан да жакшы кызытуунун, "кирсе - чыккыс" кылуунун жолдорун жазайлы.
ПС: Бул темага жөнөкөй форумчулар эле эмес, модераторлор, администраторлор деле катышса болот. Анткени, алардын деле бизге айта турган, сунуштай турган ойлору болсо керек.
Билдирүүнү түзөткөн: Jeka: 02 Апрель 2014 - 11:06