Чырагым...
#61 31 Май 2017 - 10:56
Эх соонун кундор отуптур.менин да окуучулук кездеги соонун кундорумду эске салдыныз.бактылуу болунуздар.
менин да ушундай тушундургус характерим бар туруп туруп эле суйлобой адамдан алыстап кетем.тушундуро албайм неге экенин
#62 31 Май 2017 - 14:23
gukush00 (31 Май 2017 - 10:56) жазган:
Эх соонун кундор отуптур.менин да окуучулук кездеги соонун кундорумду эске салдыныз.бактылуу болунуздар.
менин да ушундай тушундургус характерим бар туруп туруп эле суйлобой адамдан алыстап кетем.тушундуро албайм неге экенин
Окуганыңың үчүн чоң рахмат. Бар болуңуз..
#64 03 Июнь 2017 - 23:38
Бактылуу болгула! Буюрса ойлогон ой-максаттарынарга жетиниздер.
Суйуудо эн негизгиси-ишеним,
сый-урмат анан бири-бирине болгон тунук махабат керек. Главный бакыттын баркын билсенер эле бактылуу болосунар
#65 09 Июнь 2017 - 20:37
Чексиз бакыт каалайм! Омур бою эл суктанган тугойлордун катарын толуктап журо бергиле.
#67 23 Декабрь 2017 - 21:11
#68 23 Декабрь 2017 - 21:12
#69 23 Декабрь 2017 - 21:42
#70 24 Декабрь 2017 - 22:42
Окуп баштаганда эле так,туура жазганың кубандырды.
Азаматсың!
!
Сүйүүңөр эч өчпөсүн. Бактылуу үй бүлөөлөрдүн катарын толуктагыла. Келечекке эмне максат,тилек койсоңор баары орундалсын козулар. Азыр аябай жашсыңар. Ушул сүйүүңдү,сезимдерди түбөлүккө сактаганга аракет кылгыла. Бири-бириңерди барктагыла, сыйлагыла. Эч бирөөнүн сөзүнө,жалган ушактарга ишенбегиле. Көрө албастар чыга берет. Эч жеңилбегиле. Бир канча жылдан кийин биз баш коштук,наристе күтүп жатабыз деген билдирүүңдү окуйлу. Бактылуу болгула.!

#71 18 Февраль 2022 - 00:10
Темамды улантып жазгым келет....канча күч кетер экен. Андан бери 5 жыл өттү,көп нерсе өзгөрдү,аябай көп..
#74 24 Февраль 2022 - 11:36
Баарыныздарга салам,темамды улантып жазууну туура көрдүм.
Жашоомдогу өйдө төмөн окуялардан кийин,башымда эмне болсо өчүп кеткен,жадагалса сүйлөөр сөзүмдү таппай кекечтенип калган убагым болгон.
Оюмду толук ачып бере албай,сөзгө чабалдыгым болсо алдын ала кечирим сурайм жана мен сезген нерсени сезип,туюп окушунуздарды суранат элем.
Албетте жашоо бирде бактылуу күндөрү менен кубантса,бирде жашоодон үмүттү үзүп,ичибизде болуп жаткан жалынды жалп эттирип өчүрүп коёт экен.
Бирок кам сүт эмген пенде канчалык турмуштун запкысын көрсөк да,канчалык көп сабак алсак да,ката артынан ката жасай берет экенбиз.
Арадан 5 жыл өтүптүр,жашоомдо эмнелер болуп кеткенин түшүнбөй да калган 5 жыл.
Азыркы жашоом,абалым үч уктасам түшүмө кирген эмес.
Мен бул темага бир гана Белекти жазгым келген,кайдан билдим жашоомдун такыр башка нукка бурулуп кетерин. Тирүүлүктүн өмүрү уланып жаткан соң,канчалаган адамдар жашооңо кирип,кээ бири гүлдөтсө,кээ бири талкалап чыгып кетерин эми түшүнүп жатам.
Алдыда өткөн ар бир күнүм жазылат,анткени бул мен үчүн өтө маанилүү.

Билдирүүнү түзөткөн: Janym.: 24 Февраль 2022 - 11:44
#75 24 Февраль 2022 - 17:01
Ошентип мектепти бүтүп,эгзамендерди тапшырдык.
Мектепти бүттүк деп бирде кубансак,бирде чын эле бүттүкпү деп ишене албай кайгырып калабыз.
ЖРТдан 140 балл алыптырмын, кубанычым койнума батпай,ата-энемдин, өзүмдүн ишеничимди актадым деп сүйүнүп алгам.
Бирок кесип тандоо мен үчүн оор иш болду.
Ата-энемдин каалоосу менен филологияга(орус- тили,адабиятына) сырттан тапшырып,акемдин чакыруусу боюнча Россиянын бир шаарына кетмей болдум. Окуундун баарын төлөйм,бир жыл кызымды карап бер деп чакырып жатты.
Белек окууга тапшырбады, айылда эле калмай болду. Ананчы,ал кетип калса апасына,үй жайга караган киши жок.
Менин кетишимди айтсам капаланып,таарынып жатып, тезирээк кел,барганда чалып,жазып тургун деп эскертип атып жөнөттү.
Бул эл жыш толгон шаарда күнүм бир гана Белегимди сагынып,көргүм келип,ар бир адамдан аны издеп өттү. Күн сайын телефондон сүйлөшсөк да,сагынычым басылбайт. Мени сүйүү толо караган көздөрүн жанынан көргүм келет,эч нерсеге карабай кетип калгым келет,бирок айла жок..
Мага эч нерсенин кызыгы жок эле,эмнеге келдим,келбей эле окуумду окуй берсем болмок.
Айылым,ата-энем, боз көчөлөрүм,досторум булар эч нерсеге алмашкыс байлыгым экен.
Алардан биринчи жолу алыстап түшүндүм,кыйналдым.
Толлук 10 ай жүрдүм,оуу айтканга оңой болгон менен кылым жашагандай болдум бул суук жерде.
Кетеримди күн санап күттүм.
Бул жактагы адамдарды көрүп жашоого болгон көз карашым такыр өзгөрдү,бирөөгө ишенбеш керек экен, өзүңө ар дайым сак жүрүш керек экенин билдим. Өтө ыплас,караңгы дүйнөгө түшүп калгандай болдум. Кээде,кээде ишке барам,көп убактым үйдө бала кароо менен өтөт. Ар кадам сайын,ойноштук, ичимдик,жалган, көрө албастык бүт жаман нерселер эле көзүмө көрүнүп туруп алды. Чынында мындай жашоону көрбөгөнгө мага өөн учурады.
Ал жактагы адамдар,мага кылган подставалары жөнүндө жазгым келбеди.
Бул жакка келбегенимде жашоом,адамдарга болгон оюм,балким башкача болмок.
Ошентип Кыргызстанга кетмей болдум. Менин түнт болуп бара жатканымды, эч нерсе жакпай атканын акелерим байкады окшойт,кете бер,билет алып берели деп калышты. Сүйүнгөнүм ошончолук. Белекке айткан жокмун баратам деп.
Оштон ата энем,курбуларым тосуп алышып айылга келдик. Ушунчалык сагынганмын, ар бир майда нерсе көзүмө сонун көрүнөт. Бул нерсени башка жакта жүрүп келген киши түшүнсө керек.

#76 24 Февраль 2022 - 17:16
Видеовызов..
....Белекке чалдым. Түнкү 10 болуп калган саат.
Байкабай эле сүйлөшүп жатат, үйдү деле тааныган жок.
-ээй бала мен келдим...
-вый,кана?
-отурам үйдө
-көрсөтчү...
жаным десе ишене албайт,кайра кайра сурап чын эле келдиңби деп,үйдү баарын көрсөтсөм анан ишенди окшойт.
-00:00 дө,бакта, макулбу?
-хоп))
Сагынычым койнума батпай,мен сүйгөн,ашык болгон адамыма жолугууга бараттым.
Баары ошол эле,ошол бак,ошол аба,ошол эле сайраган чымчыктар.
Белек менин келишимди бул жерде канча күттү экен,канчалык сагынды экен.
Адатта ал эрте келчү,бул жолу мен эрте бардым,анын келишин көргүм келди.
Чөптөр адам бою менен тең,шуулдаган үндөн анын келе жатканын билдим.
Жашоом,жарыгым ушунчалык шашып басып келе жатты. Балким ишенбеди,балким кайра жоготкусу келбеди.
Анын келе жатканын карап тура бердим, күзөткүм келди. Ушунчалык тездик менен келип,эч үн сөзү жок кучагына катуу тартты..
Тамагым буулуп ыйлагым келип чыкты,убакыт бир саамга токтоп калгандай,же эч нерсе ойлонгун келбейт,жөн гана кучагында мемиреп тура бердим.
-Сагындым,дедим бир топ убакыттан кийин
-Мен дагы,өтө сагындым. Качан келдин? Эмнеге айткан жоксуң? Өзүң кандайсың? Чын эле келдиңби?толтура суроолор.

#78 25 Февраль 2022 - 10:59
Ал күнү көпкө сүйлөшө албадык,убактым тар болуп кетүүм керек болчу. Мен айылга келгенден бери үйдөн жуучу үзүлбөй калды,ар бир кыздын башында бар нерсе го. Аяш атам балдары, кошунанын туугандары,
эжемдин кайнилери ушинтип эле күнүгө бирден адам чыкмай,жолугалы деп. Албетте баарын Белекке айтып жүрдүм,үйгө келип атышат деп. Мен окуумду улантам,азыр турмушка чыкпайм деп айтып шаарга кеттим. 1-курсту окуган эмесмин,2-курста группалаштарыма жетип алуу үчүн көбүрөөк окууга көңүл бурушум керек болду. Белек менен кандайдыр мамилебиз солгундап калган. Кээде кээде гана сүйлөшүп,сурашып коёбуз. Жаңы чөйрө,жаңы адамдар менен аралашып кетүү да мага онойго турган жок.Ошентсе да сонун досторду,тааныштарды таптым. Күндүзү окуу,түштөн кийин кыздар менен шаар айлануу,кечкисин квартирадагы ызы-чуу сыяктуу.Студенттик жашоо ушинтип өтүп жатты,балким жашоом башка нукка бурулуп кетти. Ал нерсе Белекке жаккан жок,сүйлөшсөк эле оюбуз эки жактан чыгат,же мен жөнүндө туура эмес ойлоп алгандыр,айтор ортодо сезим өчүп бараткандай.
..Апам мени турмушка бергиси келип атканын түшүндүм,анын баласы жакшы бала эле,мунун баласы да жакшы болчу деген сөздөрдү айтып калды. -Апа,Белекчи деген сөзүмө-Белек азыр үйлөнбөйт,сен каарып кетесин аны күтсөн,чындап үйлөнөм деген адам аңгыча аракет кылмак да дейт..Чын эле Белек тараптан эч кандай аракет,мамилени сактап калуу деген нерселерди көрө албадым,балким чын эле болбоду. Келгениме жарым жылдан ашты,бойдок кызга ар кандай сөздөр айтылат,эмнеге ушулардын баарын көрүп туруп эч кандай аракет кылбайт.
#79 25 Февраль 2022 - 11:26
Чынында Белекке капа болгом,аны өзүнө айта албадым. Түшүнсө болмок да,айттырбай эле деп ичимден таарынып алгам. Сүйлөшүүдөн качып аттым,эч кандай себеби жок эле. Белек да түшүнбөй калды,эмне болду сага деген суроосуна бир аз убакыт берчи мага деп гана кутулам. Кандай убакыт,эмне?
өзүм да билбейм. Мен үчүн жаңы мамиле,жаңы сезимдер кызык болсо керек..Артымдан жүргөн жигиттерди көрүп оюм өзгөрсө керек,балким ошол убакта моюнга алгым келбеген,жөн гана Белекти күнөөлөгөм.
Бирок ачуу чындык..Айланамдагы адамдардын сөзүнө ишенип,эң кымбат адамымды жоготуп аларымды,аны кийин түшүнөрүмдү билген эмесмин.
Ойлогом го баардык жигиттер бирдей, сүйүп, сүйүлүп кете алам деп. Же жашоону,адамдарды ошончолук оңой көрдүмбү?
Айтор,ошондой күндөрдүн биринде инстаграмдан биздин мектепти бүткөн,4 жашка улуу,бир кездери сөз айтып жүргөн Максат жазды..
Экөөбүз өткөн кеткенди сүйлөшүп,ошондо сезимдерди кабыл албай койгонсун деп тамашалап калды.
Жашоом Бишкекте,окуумду бүткөм, программист болуп иштеп жатам,эми үйлөнүүгө убакыт келди,чынында кыз издеп жүргөм ,макул болосуңбу алып кетейин дейт..аз убакыт ичинде жакын болуп,мамилебиз ата энелердин таанышуусуна чейин жетти.
Негизи Максат жакшы бала,мектепти жакшы бүткөн,тарбиялуу, ашыкча кеп сөзү жок болчу.
Бишкектен атайын келди,жолугалы деп.
Оштогу тамактануучу жайлардын биринде жолуктук, курбум жанымда.
Колунда гүл,шоколад, саат...
Сылыктыгы,тарбиясы, тазалыгы менен көңүлүмө туура келди.
Ал күнү такси менен бизди жеткирип өзү кайрадан Бишкекке кетти.
Эми чын эле ойлонуш керек болду,турмушка чыгып кетсем эле баары ойдогудай болуп кетчүдөй,бактылуу жашап кетчүдөй сезилет.
Максат жакшы бала го,намаз окуйт,ичпесе, чекпесе,иштесе жашап кетсе болот да..турмушка чыгууга макул болдум..бирок той 5-6 айдан кийин боло турган болду. Азыр сөйкө салып туралы дешип,сөйкө салынды.

#80 25 Февраль 2022 - 11:41
Максат коңшу айылдан,албетте бул нерсени баары укту. Кээ бири кубанса,кээ бири таң калып,куттуктап да жатышты.
Белек менен мамилебизди баары билчү да,экөөбүздөн той күтүшсө керек адамдар..
Максат менен кудалашканым баарына күтүүсүз жаңылык болду.
Сессия башталган учур,студенттерди билесиздер да ал убактагы абалын. Убактымдын көп бөлүгү эгзамендерге даярдануу менен өтүп кетет,сабактын көптүгүнөн башын ооруп чыгат.
Максат кызганчаак, мен сабакта элем,чарчагам, китепканага барам,базарга барам,мындай нерсенин бирин да түшүнгүсү келбеди. Чалбайсын,чалсам албайсын деп эле наалып жатты. Эми анчалык деле албай койбоймун, сүйлөшөбүз, талкуулайбыз. Той жөнүндө да тема болот. Бирок убакыт өткөн сайын анын ушунчалык майда(мелочь) адам экенин билдим. Ооба,адамды билбестен туруп өзүм шашып коюптурмун.
Ал арада Белек шаарга келди,жолуктук, көп убакыттан бери мынчалык ачылып сүйлөшө элек болчубуз. Өткөн кеткенди,ичибиздеги таарынычтарды айтып жеңилдеп алдык. Бирок эми башка адамга байландым да.
"Сенин тандоон ошол адам болгон болсо,мен эч нерсе дей албайм,бактылуу болсоң болду"анын жообу ушундай гана болду.