Чындык издебе.
-Ушундайлар куйдурот!
Жашоонун бир бурчун көрө элек, өмүрү сабизден ширин нерсе жеп көрбөгөн бүгүн акча кармаган болушуп, тапканын өзүнө чаптап эркектин баарын азгырып. Көрөт элем бизчилеп тууп түшүп, жашоонун ысык суугуна калганда алдагы сулуулуктан тамчы калганын!
Жүрөт да жаштыгы бүтпөй тургансып биринен экинчисине секирип ойноп, кырк жыл намаз окусан жолдон азгырам деп эркекти түз жургузбой.
-Ой мен кайдан билдим аны, ундобой жумушуна каттап келип жүрсө тарбиялуу кыз го дегем.
Четте телефон чукуган болуп эки кулакты кеп чыккан жакка таштап коюп отурган кыз да куру калбай сөз кыстара кетти арага.
-Ана ундобосунор.
Көчөгө чыгасын деп бизди жаман коросуз. Үйдө олтуруп сиздердин күйөөлорунуздорду андыйлыбы анан.
Ашканада тамактанып отурган Азатка бөлмөдө болуп жаткан бул ачуу сөздөр даана эле угулуп жатты. Бирок ал сөз ким тууралуу болуп жатканына маани берген жок. Ага эмне өзү кечээ эле келсе, анын максаттары чоң, адал менен акча таап жашоосун жакшыртуусу керек. Айылда апасы калды атасы өлүп. Агалары болсо атасын жерге бергенден кийин кетишип кече жылдыгына келишкен. "Даяр жумушту таштап баса бересин, элдер ал орунга жетпей жатса. Окууну бүткөндөн кийин иштеп апамды бакпайсынбы,
сен үйдүн кенжесисин апамды багуу сенин милдетин, атам сени бизди баксын деп кыйналып жүрүп окуткан,"
дешип акыл үйрөтүп кетишкен, кудум аларды атасы кайны журтун баксын деп окутуп койгонсуп. Кайын энеси бары жакшы ал да бирөөлөрдүн апасы, бирок өздөрүнүн да апасы бар экенин, ал да уулдарынан жакшылык көрсөм деп күтө турганын эстеринен чыгарышкан болсо керек. Агаларынын айткан акылдарын угуп ундобой жолго узаткандан кийин апасы менен маңдай тескей отуруп узаак сүйлөшүп чай ичишкен.
-Уулум сен агаларына капа болбо, алар сенин бир боорлорун. Бүгүн болбосо да эртең баарын түшүнүшөт. Айылда кайсы жумуш, мени таштап шаарына жумушуна да кайта албай жатасың, аны алар кайдан билсин. Кудайым берээрин унутпасын. Андан көрө атандан калган мал жан барында үйлөн балам сен дагы. Сенин жайланганынды көрүп жүрөгүм ток кетейин мен дагы. Корбодунбу жанга ишенич жок бир жакшына жүрүп эле жүрөгүн уучтап кете берген атаңды, деп маңдайында отурган уулуна мээрим толгон көздөрү менен карап колу жетпесе да жүрөгү менен сылап отурду эне.
-Апа, агаларым акылдуу жандар, алар чын айтышат. Мен өз милдетимди аткаруум парз. Сиз болсо өлүм тууралуу суйлобон апа, азыр эрте, сиз бар мен бар. Эгер мени үйлөп кийин кетейин деген болсонуз анда эч качан уйлонбойм, болгону сиз жашаныз. Мени жалгыз таштап кетиштен коркунуз, деп энесинин жанына өтүп келип жузунон сүйүп койду Азат, "Ай энем менин шаарга бара албаган себебимди кайдан билмек элең" , деген ойлор кучагында.
-Ок! эмне дейт. Андай дечү эмес, үйлөнө бер балам, мен сен уйлонсон эле дароо кете койбойм, неберелеримди жетелеп айылчылап силер жадаганда анан аттанам атаңдын жанына. Агаларындын балдары болсо шаардык болуп бир жолу оруска окшоп калышты, сенин балдарын болсо мени "бабушка"
дебей эне деп осушот, деп кыялдана баласынын чекесин сылап жыттап алды.
-Ооба апа, менин балдарым кымыз жыттанган кыргыздын балдары болушат. Эне деп этегинизден тартып жыла бастырбай ээрчип жүрүшөт.
Эне бала ушинтип кыялданып отурушкан.
Баласынын "апа сиз тапкан кызды алам" деген сөзүн алаары менен байкуш эне буту бутуна тийбей куйполоктоп кыз издегенге өттү. Жакынкы коңшу келиндин жардамы менен өздөрүнөн кийинки айылдан купулуна толгон кыз таап, уулу менен тааныштырып көрдү эле ал макул болуп той баштамакчы болуп отурганда агалары жетип келишти.
-Тойго каражат керек, өзүн иштебей жатсан, эмнеге үйлөнөсүн? Аялды алгандан кийин багыш да керек, дешип.
-Балам эсинден чыкпаса мен али тирүүмүн, силерди кандай уйлосом кенжемди деле ошондой уйлойм. Силер эч кыжаалат болбогула, жардам сурабайбыз,
деп энеси куйполоктойт уулуна сөз жегизбей.
-Апа муну бир жолу эрке кылып алдыңыз. Сиз уйлогудой эмне байлык ашып ташып жатты беле сизде. Бар жумушун таштап келе берди, жалкоо. Биринчи иштеп акча таап көрсүн, үйлөнгөндөн кийин эмне дагы сиз багасызбы. Атамдан калган малга тийишпесин,
ал эртең сизге керек болот.
Эне байкуш күйүп кетти уулунан ушул сөздү уккандан кийин.
-Атаны балам ай, мен өлбөстон кантип комушту ойлонуп жатасыңбы. Жанды берип ырыскы жазган Кудай алаарын да бир нерсе кылаар эле. Ушул сөздү сенден укпасам эмне!
-Апа кейибе, деди Азат. Агам жөн эле сиздин кийинки жашоого керек болот деп жатпайбы. Туура айтат, акыркы малды тойго сарптап койсок экөөбүздүн кийинкибиз эмне болот. Чындап эле азырынча той тура турсун, мен иштейин, турмушка бышканча тойго акча да тапканга жетишем. Тууган күйгүзүп айтат, дейт агамдар мени жакшы болсун деп жатышпайбы,
деп апасын жоошутуп калды.
Эки агасы кыйратып чоң жумуш бүтүргөндөй тойду токтотуп жолдоруна түшүп кетишкен.
-Алар айта беришет балам, үйлөнөсүн, деди эне Азатка чоң уулдары кеткенден кийин.
-Албетте апа, албетте үйлөнөм. Бир жыл убакыт бериниз, мен тойго акча жыям, кийин ким эмне дейт дебей буту колду кеңири сунуп той беребиз. Малдарды көбөйтүп байып кетебиз апа, деп кыткылыктап жыргап койду Азат.
Эне да, уулунун ичиндегисин кантип байкабай койсун, үнү менен күлүп жатканы менен жүрөгү канап, агаларына нааразы болуп калганын туюп эле турду. Бирок ооз ачпайт, билет уулу өжөр айтканынан кайтпайт, демек азыр ал бир ойду ойлоп турат.
-эмне дегени турасың? деди аста үн катып.
Узактарды тиктеп демин ичине тартып берилген суроого жооп бербей апасын мурудон кучактап калды Азат.
-Жүрү апа үйгө кирели.
Алар эми эле босогону аттаганда коңшу келин кирип келди.
-Жене уулдар келген экен, эмне кетип калыштыбы?
Анын сөз аңдып келгени билинип эле турбайбы. Анан кантсин деди кайра Азат өзүнчө, ортого түшүп жаткан жеңем эмеспи, деп апасын караса ал эмне деп айтаарын билбей буйдалып калган экен.
-Жеңе алар мага жаңы жумуш таап койгон экен шаардан, ошону айтканы келишиптир.
Бир жыл коё тур, бир жакты жайгар биринчи. Жумушту баштап алып кийин үйлөн, антпесе кыйналып каласын, келген келин да кеңири жүрүп кенири жегидей болуш үчүн шарт түзүп ал дешет. Мен дагы ошону эп көрүп турам. Кудай буйруп жумушту баштап алсам кийин тойду жасайлы, сиздин синдиниз да мени чанып кетпесин дагы жумушсуз жүрө бересиңби деп, деди апасынан оозана.
Кирип келген келин оозунан сөзү түшүп бир Азатка бир апасына алмак салмак карап туруп калды.
-Кир, кел өтчү жогору, деп апасы абалды оңдогонго аракет кылып куйполоктоп кетти, күнөөлүү адамдай жүзүнө тик карай албай.
-Мен… тиги, барайын. Жөн эле учурашып чыгайын дегем уулдар менен.
Ал Азаттын агаларын өзү менен тең болуп турса да ошентип койчу тергеп.
Келин артына бурулуп чыгып кетээри менен апасы Азатка карап калды, азыр эле эмне болуп кеткенин тушунгусу келгендей.
-Эмне? деди Азат да кудум түшүнөн ойгонгонсуп.
-Жалган айттын!
-жок апа, толук жалган эмес, жарымы эле. Мен чындап эле шаарга кетип иштейм, бирок Бишкекке эмес Москвага. Ушул жери эле жалган. Мен адал эмгек кылам. Анан чындап эле бир жылда келип той кылып үйлөнөм. Сиз али күүлүү күчтүүсүз өзүңүздү жакшы карап отурасыз, малдарды досума калтырам ал менден жакшы багып берет, үйгө келип каралашып да турат. Сиз зериксениз шаарга агамдарга барып келесиз.
-койчай кайдагыны айтпай. Москван каякта жатат, мен өлсөм жетип келе албай каласын. Андай экен Бишкекке эле барып милиса жумушунду уланта бер, деди эне нааразыланып уулунун айтканын жактырбай.
-Каралдым апам, мынча эле өлүмдү көп айтасыз. Сиз болгону алтымыштасыз,
али алдыда канчалаган кырлар турат сиз ашпаган. Кандай болсо да тирүүлук жакшы да апа, өлгөндөн кийин эмне болуп кетээри белгисиз, жалгыз кабырда жата бергенден көрө эл менен бирге кыбырап жүргөнгө эмне жетсин. Жашайын ден, көп жашайын кабырда аз жатайын ден апа. Сиз мага керексиз, сиз мага тирүү дени сак боюнча керексиз. Бир жыл, ашык кеми жок бир жыл сөз берем сизге. Эми сиз мага сөз бериңиз, мен келгенде ушундай абалда өзүңүздү таштап салбай, көз жашты токпой алдымдан жадырап жайнап тосуп чыгам деп сөз бериниз. Кийин, мен кайтпайм, милицияга кайра кайтпайм апа, ал жумуш мен үчүн эмес, бул барак жабык.
Уулунун тамашасы жок сүйлөп жатканын түшүнгөн эне шилекейин жутуп эле эмне дээрин билбей жалдырап отуруп калды. Канча карманайын десе да болбой каректерине жаш тегерене берди, оюнда уулу так мына азыр кетип калчуудай.
-Апа! Мен али жолго камына элекмин сиздин коздорунуздо жаш даяр. Агамдар деле журбойбу жылдап келбей жакын турса да, а мен бир гана жолу барып келем апа, башка жаныныздан кадам жылбайм. Билесизби мен сизди кандай жакшы көрөм. Жок, аны эч ким билбейт, мен жашоо деп сизди билем, өзүмдү сизден бөлүп карай албайм. Ошон үчүн ыйлаардан мурун ойлонунуз менин ыйлашымды каалайсызбы,
мен сиздин жан дүйнөнүздүн көлөкөсүмүн , эмне кылсаныз да менин жан дуйномдо ал кайталанат.
-Жок уулум ыйлабайм. Сөздөрүнө караганда сен баарын чечип болгонго окшойсун. Жолун шыдыр болуп Жараткан өзү жарчы болсун, деп батасын берип тез күндөрдө уулун жолго узатып кала берген.
Жогорудагы ойлору менен алек болуп апасынын жүзүнөн сылаган жумшак колдорун элестетип отуруп маңдайына келип калган кызды байкабай калыптыр.
Ал да Азатты байкабагандай үнсүз эле орундукту өзүнө тартып отура кетти.
Уландысы бар.
- (8 бет)
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »
Чындык издебе. Детектив, триллер, мелодрама.
#3 06 Октябрь 2019 - 15:11
Маңдайында колунун салааларын учкаштырып сомойун кыймылдатып отурган кыз Азатка бир эле укмуштай сезилип жатты, жада калса анын ушул кыжаалат болуп дүйнөдөн жийиркенип турган абалы да ажарлуу жүзүнө жарашып тургандай. Азыр эле эмнелер тууралуу ойлонуп жатканын эсинен чыгара эми анын оюндагысын чечмелоо менен алек боло баштады. "Эмне болду экен бул сулууну мынчалык кыжаалатка койгудай, жигити таштап кеттиби, үйүндөгүлор бир нерсе дегенби? Кантсе да бир жакын адамы күтүлбөгөн жаман жорук жасаган, жүзүндөгу жийиркеничке караганда, алыс адамдан жамандык көрсө мынчалык абалга жетпейт эле", деп өзүнүн бир туугандарынын кылгандарын эстеп койду дагы бир ирет.
Дагы бир аз карап отургандан кийин чыдабай кетип сөзгө тартмакчы болуп,
-Эч нерсе эмес, бул күндөр да өтөт, деди.
-билем. Ушундай кыска жооп берген кыз Азатка карап да койбой ашканадан чыга жөнөдү.
-А баса, деди ал астанага жете токтоп. Сен менин жигитим болууну каалабайт белең? Бир эле саатка?
Шилекейди куюлткан сулуунун бул күтүүсүз сунушу Азатты какатып жиберди.
-Жарайт.
Жигиттин оозуна келген биринчи сөз ушул болду, эмне себептен анткенин өзү деле билбейт.
-Кийинип даяр бол анда. Мен бөлмөгө чакырганда өзүңдүн сүйгөн кызынды элестетип кирип бар, жана ага жасагандай мамиле жаса мага.
Ушинтти да жигитти баштан аяк муздак көздөрү менен бир карап коюп чыгып кетти.
Жигитчилик, оозунан чыккан сөздүн ээси болуш керек, кыздын акыркы көз карашы жакпай турса да айтканын аткарбаска арга жок эле, ордунан туруп өзү жатчуу бөлмөгө кирип ак майкасы менен боз жынсы шымын кийип, чачын оң тарапка тарап, атырын себинип чыгып келсе жанагы кыз дагы деле жок. Атын айтып чакырайын десе же таанышкан эмес, ысымын билбейт. Балким чакырса укпай калган болуп журбойун деп каалганы такылдатып жооп кутпостон эле баш багып кирип барса кыз кийимдерин жыйнап чемоданга салып жаткан экен. Оюнда дос кыздары менен эс алууга барабыз го же очошкон бирөөсү бардыр ошонун алдынан өткөнү баратат деп ойлогон көрсө көчүп жаткан тура. Бул учур үчүн тигинтип жасанып алганына уяла түштү Азат. Кантсе да сыр бербештин айласын кылып кызга карап,
-Даярсынбы жаным, келе бер деп чемодандын оозун жаап судуроп алып аны белден кучактай жүзүнөн аяр сүйүп бөлмөдөн алып чыгып кетти.
Бах! бул кандай керемет жыт эле. Канча жылдардан бери ушул жытты энсеп, издеп келбедиби кыз. Азаттын жытына магдырап акылын жогото азыркы эле болуп өткөн жаман окуянын баарын, ал эле эмес азыр кайда экенин да унута жаздагандай абалда үйдөн чыгып кетишти.
Бөлмөнүн ичинде калган үчөө бири бирин карап ооздорунан сөзү түшүп отуруп калышып, бир убакта айттырбай түшүнүшкондой жарыша туруп терезеге барып жабышып калышты. Көп куттурбой ээрчишкен эки жаш подьездин оор темир каалгасын ачып чыга келишип, Азат чемоданды бир колуна кармап, бир колу менен кыздын колунан аяр кармай тепкичтерден түшүрүп колунан өөп, жетелеп жөнөдү.
Бул жерде эч кандай сөздүн кереги жок эле, ким эмне деп ойлосо да сүйлөсө да эми пайдасыз. Эч кандай сөз менен ал сулууга зяын жеткизе албаштарын түшүнүп жетишти.
-Шуркуя! деди эки келиндин ортосунда турган кыз кудум жан жолдошун тарттырып жибергендей ичи ачышып.
Ага таң кала карап, батирдин кожейкеси аталган келин ушкуруп койду.
-Кеткени жакшы болду. Ал жигит да бойдок эмеспи, уйлонгондорго көз артпай өзүнүн тени менен болгону жакшы. Кеп териштирип ызы чуу салат бекен деп чочуладым эле, тынч кеткени чын болсун, деп ордуна келип отуруп калды.
-эмне үйдөн кетсе эле тынчып калат дейсизби? Көчөдөн деле жолуга берет, кайра баарына оң болду, аларды көзөмөлдөп турган эч ким жок ээн эркин чойрондошот. Жаш кыздын тынчып калайын деген түрү жоктой.
-Эми аны көчөдөн да кубалап сал дейсинби, кечирип кой ага дарманым жетпейт, деди кожейке кыздын сөзүн жактырбагандай.
Эми эле күйөөсүн кызганып ыйлактап отурган келин жаш кыздын "ээн эркин жолугуп чойрондошот" деген сөзүнөн чочулай түштү.
-А, чын эле көчөдөн деле жолуга берет да. Куйомдун тапканын соруп бутмой болду, көрүп жатпайсынбы мага бир сомун карматпай калды.
-Эхе, бул дагы эмне, жакында айлыгын эмес өзүн карматпай калат куйонуз. Тобо кылдым эркектин баары эле ушундай шуркуяларга жабышып калышат. Эми тиги Азатты ээрчитип алган тура. Жаңы келди Москвага кой деп жатат да, эптеп башын айлантып тийип алайын деп жатса керек, деп жаш кыз келинди соороткондун ордуна отко май куйгандай тутатып жатты.
Берки келинди го түшүнсө болот, күйөөсүн кызганып ызаасына муунуп эмне сүйлөп жатканын андабай калсын, а бул жаш кыздын мынча куйугуп жатканын түшүнө албай карап отурду кожейке.
-Ай сен сүйүп калгандан соосунбу деги? Акыры чыдабай оюндагысын сыртка чыгарып сурап жиберди.
-Кимди? деди кыз келинге тик карабай уурулугун карматып койгон мышыктай.
-Кимди болмок эле тиги жаңы келген жигитти да. Экөөнү бирге көрүп эле түсүн өзгөрө тушту. Ал келгенден бери үйдөн да чыкпай калбадынбы, үйдө турбаган жанын, деп ойлогонунун баарын айтып сала берди.
-Ооба силерге, эптеп эле ушак болсо болду, деп мурчундамыш болуп четте турган тошогуно жатып алды. Анткен менен ичин өрт аралап жаткан. Азат досу менен ушул батирге кирип келген күндөн тарта эле жүрөгү башкача согуп, оюнун баары шынга бойлуу сүрдүү жигитте болуп калган. Анын үйлөнө элек бойдок экенин укканда андан бетер элеп желеп ойлору алып учат. Чындап эле ошондон бери үйдө отуруп калбадыбы, болбосо бул кызды качан уктап жатканда гана корушчуу эмес беле батирдегилер. Ары карап жатып телефонун чукулаган менен көздөрү эч нерсени көрбөй эле турат, деми ичине батпай кысылып бараткандай. "Эгер мендик болбогон эле жанды ушунча кызганып жатсам, бул эже кандай болду экен" деп жанындагы ыйлап жаткан келинди ойлоп койду. Ооба качандыр бул ой акылына келиш керек болчу, себеби ал келин ойлогон кыз дал өзү эмеспи. Жана бул анын биринчи кылыгы да эмес. Өзүн Жанара атап алган жаш кыз бат баттан батир которуп турат, ал кайда барбасын кокусунан келип калган болбойт. Кимден, кай жерден болсо да кулагы чалып калган табышы жакшы эркектерди аңдып отуруп алар жашаган батирге келип калат. Андан аркысын аткарыш кыйынчылык деле туудурбайт, уй булоолу эркектерге эмне керек экенин жакшы өздөштүрүп алган, жоопкерчиликсиз мамиле. Үй булоолу эркектер өздөрүн тушалган аттай сезип, кен жайлоону самап жашаарын, өздөрүн эркин сезиш үчүн көп нерсеге даяр экенин түшүнүп жеткен. Аларга кудум өздөрү каалаган мамилени тартуулоочу, жөн гана ойнойт, эч нерсе талап кылбайт, сурак жургузбойт. Бара бара эркектин табити күчөп бул эркин учкан кушту учуруп жибербештин, сезип жаткан эркиндигин жоготуп албастын аргасын кылып өзү эле суратпай баарын бере баштайт. Ушундай жол менен ал эркектин тапканынын көбү бул кызга өтө баштайт. Качан эркектер материалдык каржылап, кыз аны кабыл алып баштаганда аны өзүнүн менчигиндей көрө башташат, билинбей отуруп өздөрү каалабаган эрксиз жашоону кыздын мойнуна салып. Мындай учур башталып баратканын сезген Жанара кетүүгө убактысы келгенин сезип башкасын издей баштайт, анткени ал да эркектер сымал эле эркиндигин баарынан бийик коёт тушалып жашашты каалабайт. Азырчы, азыр ошол өзү каалабаган жашоону самап жатат, Азаттын аны тушап коюсун эңсеп.
-Эх, деди өз ойлорунан өзү кысылып. Жата бербей сыртка чыгуусу керек, антпесе жаны денесине батпай баратат кысылып. Ордунан туруп жеңил кийинип алып сыртка жөнөдү. Кулакка таккычты кийип, телефондон музыканы коюп алып жолдун чети менен басып баратып ар кимди карап башка нерсени ойлоого аракет кылса деле болбой Азаттын элеси көз алдынан кетпей койду. Кантет? Бардык билген ыкмаларын колдонсобу? Жок жарабай калат го, дейт кайра, аны башкалардай эле колдонуп кете бере турган эмес түбөлүк өзүнүкү кылгысы келип жатпайбы. Бир гана жакшы жагын көрсөтүүсү керек, антпесе эч бир эркек жаман кызды жубай кылгысы келбейт. Ооба ойношот, керек болсо сүйүүсүн арнап менчигиндей тушап коюштары да мүмкүн, бирок жар кылып үйүнө киргизип барбайт. Ушунун баарын билгени үчүн эч бир эркектен үмүт кылбай алардын өзүмчүл ойлорунан жийиркенип жанынан кеткенге шашчуу да. Ким билет бул кыздын ичинде да толо арман бардыр, балким ушундай жол менен бүтүндөй эркек аттуудан өч алып жаткандыр. Бирок Азатты андай эркектердин катарына кошо албай жатпайбы. Аңгыча ал бараткан жолдун боюндагы отургучта олтурган Азат менен кызды көрүп ордуна тык токтоп күзөтө карап калды. Негедир алар Жанаранын көзүнө кыз жигиттей эмес чоочун адамдардай туюлду, капысынан жолугуп калган биринчи ирет көрүшүп турган адамдардай. Отурган аралыктары жакын эмес, бир бирине карабай түз гана алдыларына карап отурушат, анан да жана эле Азат жетелеп кеткен чемодан кыздын колунда. Жанара өзү аял болсо да азыр Азаттын жанында отурган кызга карап суктанып кетти бир алдын, ал көңүлү суз, кабагы бурко отурса да сулуулугу ашып ташып турат. Карап туруп ичи таарый түштү, "эмнеге бир адамга баары берилген, мынча сулуулукту эмне кылат ал. Өзүң сулуу болгонуң жетишет, жаныңдагы адам да сулуу болуусу шарт эмес. Башканы кара, Азат меники" деп жатты ичинен, ыраакта турган отургучка отуруп алып экөөнө көз жүгүртүп. Ал кайдан билмек эле, жакшы сапаттын баары берилген адамга эле бак конуп калбашын.
Бул учурда Азат өзү утурумдук жигит болуп турган кыз менен жаңы гана таанышып отурган.
-Кайда барабыз?
-Билбейм. Сен бара бер рахмат чоң, мен ушунда бир азга олтуруп кийин барам, деди кыз.
-Аа, мен да бир аз олтуруп кийин барам анда, деп Азат да кыздын жанынан орун алып отуруп калды.
"Кызык, бул эмнеге мындай? Же чындап эле кылаарга жумушу жок, ким менен эмне менен алек болгону мааниге ээ эмес эптеп убакыт өтсө болду деп жүрөбү. Чынында мен бул балага ким элем жашоомо кызыгып сурагандай" деп ойлоно алдын карап отуруп калган кыз. Ал Азаттан башкалар сымал эле көп суроолорду күткөн, жада калса "ишин болбосун, бир суранып койсом жашоомдун кожоюну болуп алба" деп урушканга да даяр болуп турган. А жигит болсо анын оюн окуп койгонсуп, "сенин жашооң мага кызык эмес" дегендей кайдыгер гана мамиле жасап койду.
-Атын ким? деди Азат бир убакта ортодогу жымдырттыкты бузуп.
Кыз кудум анын сөзүн укпагандай ундобой отура берди.
-Макул анда мен сага өзүм ат коюп алам, Айжана. Ооба ушул ат сага жарашат. Анда мындай Айжана, сенин максатын кандай мага белгисиз бирок сен айткан бир саат бүтө элек, ошондуктан мен али да сенин жигитинмин, деп жанына жакындай берип колун далысына өткөрүп чалкалай отура кетти.
Кыз жигитке тан кала бир карады да ордунан тура жөнөдү. "Кантип?" анын оюн ушул суроо ээлеп алган. Айжана бул шаарда эч кимге өзүнүн ысымын атабаган, өзү ойлоп таап алган ысымы Даяна болчу. Аны тааныгандын баары Даяна деп чакырышчуу. Бул жигит анын ысымын кайдан билет? ожорлугучу? "Демек бул мени тааныйт" деди ичинен," бирок кайдан? Көзүмө да жылуу учурап жатат". Ушуларды ойлонуп үч төрт кадам таштаганда Азат алдын торой басып келип далысынан кармап өзүнө тарта кучактап алды. Кыз жулкунуп бошонууга аракет кыла баштаганда аста кулагына шыбырап,
-батирдеги курбун сени күзөтүп жүргөнгө окшойт, менин артымдагы орундукта отурат. Балким бул сага маанилүү болуп жүрбөсүн дедим, деди...

#6 07 Октябрь 2019 - 08:59
Айжана дароо токтоп жигиттин кучагында магдырай берди. Жанакы эле бүт ааламдан ирээнжип баарынан өч алууга даяр турган кыз заматта жашоого башкача көз карашка өттү. "Демек мени да коргогусу келген адам табылат экен да" деп өзүн эркин коё берди, кудум Азаттын кучагы ал үчүн чеп коргондой сезилип.
Кыздын аракетине карай жанагы батирде болуп жаткан кептин ээси ушул экенин баамдап билип, анын мындай жол менен кимдиндир алдында актангысы келип жатканын байкады Азат. Кантсе да кесиби ушундай эмес беле, милицияда иштеген үч жыл аралыкта ал өзү каалабаса да алардын бири болуп, ошондой ойлонууга үйрөнүп калган да. Адамдардан күмөн санап, алардын оюн окуганга далаалат кыла берүүнү адат кылып алган. Акыркы жолку адашууну эске албаганда ар дайым эле ою ийгиликтүү аяктачуу.
-Жүрү орундукка отуралы, же башка жакка кетелиби?
Айжана жигиттин далысынан анын артын карап бир аз обочоороктогу орундуктан отурган Жанаранын көрүп кыткылыктап күлүп жиберди.
-Жүрү бир аз отуралы, баары бир экөөбүз тең шашылбай элебиз да, деди ал күлкүсүн тыя албай.
Орундукка да жөн отурбай жигиттин далысына башын жоолой отуруп кыткылыктап жатты. Ал азыр жоготконун тапкан жаш баладай сүйүнүп жатканга окшоду Азатка. Өзүн пайдаланып жаткан буюмга окшотуп, бирок ага ачуусу келмек турсун бул абал ага жагып жатты, жада калса тиги орундуктагы кызды ордунан туруп кетпесе экен бул көрүнүш бүтпөсо экен деп тиленип жиберди.
Жанара да алардын өзүн байкап калышканын туйдубу айтоор ордунан туруп басып алардын алдынан өтүп кетти.
Бул учурда Айжана Азаттын кадимкидей тынчсызданып жатканын байкап башкага жооруп койду.
-Кыжаалат болбо ал сенден баш тарта албайт, деди, Жанара бир аз узактаганда Айжана Азаттын далысынан башын тартып.
-Эмне?
Азат кыздын сөзүнө түшүнбөй калды.
-Тиги мени эмес эле сени күзөтүп жүрөт, көздөрүндөгү кызганычты байкабадынбы, тим эле ичке жипке муунуп алгыдай болуп ызааланып баратпайбы, байкамаксан болбочу ай, деп жанагындай эле кыткылыктаган күлкүсү менен ордунан туруп коштошпостон эле басып кетти. Жигит анын артынан обдулуп барып кайра ордуна отуруп калды, эми кайсы шылтоону айтып алдын торойт, деги ал кыз ким эле Азат үчүн алдын торогондой. Ушундай ойлор менен жигиттик куру намыска алдырды да ордунда отуруп кала берди. Ал азыр өмүр бою ушул куру намыстын курмандыгы болоорун билгендеби.
Дагы бир аз ордунда отурган соң Азат оор ушкуруп алып туруп батирин көздөй жөнөп калды. "Кызык бул кыз кайда барат? Эмне себептен анын бир айтканына эле дароо көнүп, айтканы менен болуп бердим. Ооба, ал жеңил корунгусу келгени менен жашоого өтө эле терең карайт өңдүү. Күткөн нерсеси орундалбай тагдырына таарынган түрү бар. Адамдарга ишеничи калбагандай. А балким чындап эле бараар жери жок болуп жүрбөсүн" , деген ой акылына келгенде басып бара жаткан ордунда дароо токтоду. Артка бурулуп Айжана кеткен тарапка карай жүгүрүп жөнөдү. Аз эле убакыт өткөндөй болгону менен кыз изин суутуп кетиптир, жерге сингендей жок. Төрт тарабын карап анын көлөкөсүн издеп кала берди, башын мыкчып. Ал азыр оюнда жөн гана кыз көчөдө калды деп кыжаалат болуп жатам деп ойлогон ага күйгөн болуп, а жүрөгүнүн теренинде өзүнөн коркуп жаткан баалуу нерсесин жоготуп алгандай.
Ал сыртка караңгы түн кирип калганда гана батирдин каалгасын кагып кирип келди. Каалаганын артында карап тургандай дароо ачып күтүп алган Жанара Азаттын түрүн көрүп ичи туз куйгандай ачышып өзүн коерго жер таппай кетти. Себеби анын көздөрүндө сүйүү жанып турган экен, ал сүйүүнүн ээси өзү эмес экенин билет. Канткенде бул жалынды өчүрө алат, ушуларды ойлоп кыжаалат болуп жатты ал. Анан өзүнө да күтүүсүз жерден,
-Азат ал кайда калды? деп сурап жиберди.
Азат Жанарга жалт карап бир азга үнсүз турду да өзү жайгашкан эркектер жатчуу бөлмөнү карай жөнөп калды. Үндөгөндо эмне дейт, "көчөдө калды" дейби же "билбейм" деп баш чайкайбы. Жана эле бул кыздын көзүнө көрүнүп Айжанды кучагына кыскан өзү эмеспи. Эми болсо "ал жөн эле жомок болчу, мен ал кызды тааныбайм деле" демек беле.
Өзүнүн бөлмөсүнө кирип башын жуурканга катып жатканы менен оюнун баары кыткылыктап күлүп басып кеткен Айжан менен болуп жатты. "Эмне деген жан элең, кайдан келдин да кайда кеттиң? Кантип сени көчөгө таштап коюп карап отура бердим экен, эми кайда барасын?" деп сансыз ойлорго чомулуп, жүрөгүнүн теренинде бир сезим пайда боло калганын байкаса да байкамаксан болуп, сүйүү тууралуу ойлоого өзүнө тыю салып жатты. " Мага эмне, аны мен ээрчитип келип көчөгө таштап салдым беле. Керек болсо бул шаарды менден жүз эсе жакшы билет, чоң эле кыз өзү билет кайда барышты. Же мен анын жолун тосуп кадам коюсуна каршылык көрсөткүдой жакыны белем" деп башын жаздыктын астына катат. Ошондо эле уктап калса кана.
Акылына ар кандай ойлор келип жатып бир көз ирмебей таң аттырып жиберди. Бүгүн болсо досунун айтуусу боюнча бир жумушту көргөнү бара турган. Таң атаары менен сансыз ойлордон алыстап алаксыш үчүн ордунан туруп даярдык көрө баштады. Жуунуп сүлгүну мойнуна асып алып жуунчу бөлмөдөн чыга келсе Жанара ашканада кофе демдеп жүргөн экен, Азатты көрө сала жылмайып,
-мен эрте турдум десе менден да эрте турган адам бар тура, деп жооп күтпөй эле үстөлгө чакырып калды. Келиңиз уйкуну толук ачып кофеден жутуп алыңыз.
Азат кофе ичкиси келбесе да көрсөтүлгөн жайга барып отурду. Эмне ал наздана бергидей кыз беле, кийин азыр бөлмөдө дагы үч жигит уктап жатат, алардын уйкусун бузуп кирип чыга бербей ушунда отуруп турууну туура көрдү.
Кофе куюлган чыныны колуна кармап отурганы менен уурттап да койбой өз ааламында каалгып отура берди. Анын бул көрүнүшүнө капа дагы болбогон кыз аста сөз баштап ал ойлордон алаксытмакчы болуп,
-жумушка барасызбы? деди.
-Ооба, деген гана кыска жооп узатып коюп жым болду Азат.
Жанара экинчи иреттеги аракетин көрүүнү чечти, биринчи аракети ийгиликтүү болбой калганына окунбостон.
-Жумушунуз оор эмеспи?
-Билбейм, биринчи ирет барам бүгүн.
Бул ирет ал бир аз узагыраак сүйлөдү.
-Аа ийгилик анда, деп сөзүн аяктады Жанара, көп эле жабышып кыжырына тийип албайын деп, кантсе да бул жаатта тажрыйбасы бар эмеспи. Бат кыймылдап идиштерди жууп ордуна тизип, кылдаттык менен ашкананы жыйнап коюп чыгып баратып,
-Көп өзүңүздү азапка сала бербениз. Москва көз жаштарга ишенбейт, бул шаар аракетти, кыймылды гана сүйөт. Мында адамдар да өзгөчө, өзүмчүлуроок. Сиз Кыргызстанда көрүп билип жүргөн эле инсандар бул жерде башкача тартипте жашашат, деди да көзүн ирмеп мойнун бир аз өйдө көтөрүп улутунуп алып чыгып кетти.
Кызык, кимден- кимден бул өзүнөн кичүү кыздан ушул акылды угам деп күтпөгөн экен. Ким билет эгер бул сөздөрдү Айжана айтканда балким таң калбастыр эле, мээси аны бир улуу инсан катары кабылдап албадыбы, а бул кызды андай кабылдай албайт. "Москва көз жаштарга ишенбейт! " деп кайталап койду. "Айжана дагы бул сөздү жакшы билсе керек, ошон үчүн көздөрүндө кечээгидей жек көрүү бар эле да. Эгер Кыргызстанда апасынын жанында жүргөндө ыйлап көз жаштан күчүн чыгарып гана олтурмак." Ою барып эле Айжанга такалат. Анын эмнеси бар эле, балким көздөрүндөгү жек көрүү, кайдыгерлик Азатты ойго салып жаткандыр...

#8 08 Октябрь 2019 - 23:11
Ооба Айжана дүйнөгө таарынганчалык бар эле. Ал туулгандан мындай адамдарга кайдыгер, дүйнөнү жек көргөн болуп төрөлбөгөн.
Тескерисинче ишенчээк, бойоо, жашоону сүйгөн, ар бир майда чуйдого кубана билген кыз эле. Негизи ушундай жумшак мүнөздүү инсандар жашоодо көп азап чегишет, бар болгонду жүрөгүнө жакын ала бергенден болуш керек. Айжана да ошентип жолунан чыккан инсанга ишенип жүрөгүн ачып койсо, алардын ар бири жүрөгүн тилкелеп кесип отуруп азыр андан тамтык калбаган, сүйүүнү батырууга болбой турган жүрөк болуп калган. Кечээ күнү да жумушунда жаман иш болуп, өзү тейлөөчу болуп иштеген ресторанда эсепчи аялдын капчыгы жоголуп, күмөн биринчи эле жаны келген деп Айжанага түшкөн. Баары аны ортого алып сурак жүргүзүп, ачык эле коркутуп айыптап жатышканда,
эсепчи аял капчыгын унаадан таап алганын айтып кирип келди. Бир аз кечирим сурап деле койсо ашыкча кылмак эмес, бирок ал жаңы келген өздөрүнүн тили менен айтканда "кара" кызды андайга татыксыз дедиби, же алар үчүн болуп турчуу эле көрүнүшпү, айтоор ага карап да койбой чыгып кетти. Ал чыгып кетээри менен суракка алып жаткан менеджери менен башчысы бири бирин карап ыңгайсыздана ундобой калышты да,
-Эч нерсе эмес, мындай болуп турат. Бактын бар экен, иш оңунан чечилип калды. Барып жумушунду кыла бер, деп кызга уруксат берген болушту.
Ушул учур аны толук өлтүрүп, өзү да араң турган жүрөктү биротоло айрып салышты. Кечирим сурап коюнун ордуна кайра аны кекетишкени кандай?
-Жок! деди Айжана бөлмөдөн чыгып кийинчуу жайга баратып. Мындай жарабайт, болуп турушу мүмкүн бирок мени менен эмес!
Ушундай ачуу менен үстүндө атайын форманы чечип ыргытып, кол сумкасын көтөрүп, айлык акысын да сурабай чыгып баса берген эле. Батирине кирип бут кийимин чечип жатып жанагы бөлмөдө кубуронуп жатышкандардын үстүнөн чыгып калып жатпайбы. Өлгөндүн үстүнө көмгөн болуп, батирден да кууганы жатышкан экен, курулайды доомат менен. Бышактап ыйлап жаткан келиндин үнү менен удаа эле аны ашыра жамандап жаткан Жанаранын жана батирдин кожейкесинин сөздөрүн угуп, кире бериште дубалга сүйөнүп отура кетти. Эмне кылат? Эмне деген күн эле? Деги эле анын жашоосу өзү кандай? утуру жакшы болууга умтулган сайын жаман аттууга чыга берет. Канчалык ушак кептен алыс болуп, аны өзүнөн кууган сайын жармашып эле чыкпай койду. Ошону менен эле кеп болуп бүтсө кана, ошол кептер ар дайым жашоосун астын үстүн кылып өзгөртөт. Азыр да бир кыздын болбогон эле эки ооз сөзү анын жашоосун өзгөрткөну турат. Бөлмөгө кирип барып ушакчы аялдар менен урушуп чыр салсабы, андан эмне майнап чыгат, анын кебине ким ишенет? Мындай жол менен эч нерсени өзгөртө албасын болгону өзүнүн гана абалын начарлатып аларын түшүнгөн Айжана, бөлмөгө кирбестен ашканага өтүп келген, кандай жол тутуп кайда барууну жакшылап ойлонуп алуу үчүн. Азатты көрөрү менен акылына жанагы ой келе калып жатпайбы. Бир алдын койчу деди ичинен, өз кайгысына башканы аралаштыргысы келбей. Ошол эле учурда анын жаңы пайда болуп жаткан кекээрдуу кыялы жеңип кетти. "Баары өзүн ойлойт, мындан ары менин да башка менен ишим болбойт, өзүмө ыңгайлуу шартты түзүп каалаган жолума басам" деп өзүнө ишенич берип Азатка сунуш киргизген. Анын макулдугун алгандан кийин бөлмөгө кирип эч кимге көңүл болбостон, кийимдерин жыйнап баштаган эле. Иш өзү ойлогондон да жогорку даражага өтүп кетээрин кайдан билсин. Азат кирип келгенде аны түшүнбөй тиктеген үч аялдын көз караштары укмуш эле, ошондо ичинен бир жыргап алды. Аялдар деле сымбатту эркекти көрсө аргасыз бир улутунуп алышат эмеспи, андай эркектин жанында турган аял үчүн бул өзгөчө сыймык. "Көрсүн" деди ал, "Менин теним ким экенин, өздөрүнүн жаман күйөөсүно тенебей". Ушундай ойлор менен жанагы кептерден, кумондордон арылам деп ойлогон. Анан эле жанагы жолдун боюндагы аллеядан Жанаранын көрүп калып жатпайбы. Баары бир аял да, бир карашта байкады анын көздөрүнөгү кызганычты. Андан бетер жыргап алды, кудум көптөн берки касын алып жаткандай.
Ал Азаттын жанынан узап баратып көкүрөгүндө бир жылуу сезимди сезип баратты.
Айжананын азыр сүйүү тууралуу ойлогонго чамасы жок эле, ошондуктан муну ал кас алгандан болгон ырахат деп түшүнүп жаткан. Жанакы Жанаранын өзү тууралуу жаман сөз айтып жатканынын себебин эми түшүнүп жеткенге окшойт. "Көрсө жөн гана мени бул жигиттен алыстатмакчы болуп, батирден көчүп кетишиме кызыкдар болуп жаткан экенсиң да. Сен кайдан билдин, оюндун баары тескерисинен чыгаарын, кайрадан ал экөөбүздү жакындатып албадынбы. Ооба сен аны сүйүп калган экенсиң да байкуш, кызганычтан жарылайын деп карап отурбадынбы" , деп өзүнчө мыйыгынан жылмайып кете берди.
Өз ойлору менен алек болуп баратып, жол чырактын кызыл жанып турганын байкабай жолду кесип өтүп баратыптыр, качан гана кулак түбүнөн унаалардын ызылдаган сигналдарын укканда өзүнө келе түштү, айдоочулар биринен сала бири кыйкырып, кээси соомойун чекесине такап бурап жиндисинби дегендей кылып жатышыптыр. Өзүн төрт көчөнун ортосунда тапкан Айжана эч бир кыймылга карабай, басып бараткан басыгынан жазбай жолдун аркы четине өтүп кетти. Кызык, бул көрүнүш аны кыжаалатка да уятка да койбоду. Балким азыр ал үчүн уят эмес жашоо бир тыйынга тете болуп калгандыр. Кайда баратканы, эмне ойлогону деле айырмасы жок бара берди. Жашаш керекпи? Эмне максатта? Кийинки алдануу, көңүл калууну күтүппу?
Кокусунан анын көздөрү алдында жетелешип бараткан эки жашка уруна түштү. Тим эле бактылуу, айланада алардан башка эч ким жоктой өөп жытташып кетип баратышат.
"Жийиркеничтуу" деди өзүнчө, "Эмне башка жай таппай калыштыбы, адамдарды көзгө илбей же атайын бөтөн көздөр үчүн жасап жатышабы" .
Ошентти да атайын алардын жанынан отумуш болуп чемоданын кыздын бутуна тийгизип өттү. Бир деме десе "жолдун чети менен журбойсунбу, сенден башка адам жокпу" деп кайда баратканын эскертип коёюн деген.
-Кечиресиз! деди кыз. Байкабай калыпмын.
Айжана мындай болот деп ойлоп, бул учурга даярданбаган экен, баары жакшы дегендей гана башын ийкеп басып кетти.
" Кызык бул эмне чындап эле мени эмес өзүн күнөөлөп жатабы, же жөн гана жанындагы жигиттин көзүнө сылык көрүнгүсү келдиби", деген ойлорго жетеленип баратып бир демени эстегендей болду. Бир убакта өзү да кудум ушул кыздай бактылуу эле. Ал учурда эч ким аны капа кыла алчуу эмес, кандай жагдай болбосун жеңил кабыл ала турган. Эч нерсе эмес, бул болгону утурумдук ынгайсыздык, деп айланасындагыларды да жоошутуп турчу. Ийкемдуу, уянкыраак мүнөзү бар эле. Кийин… Кийин эмне болду. Ушул жерге келгенде эле эстегиси келбей башы ооруп кетет. Ар дайым ушул. Муну унутууга мүмкүн эмес экенин билсе да качат, ойлоодон, эстоодон качат. Азыр да дарманы кетип, баш оорусу башталып кадимкидей энтиге дем алып чарчап калды. Ар тарабын карап, олтурууга жай издеп жатып, көзү жолдун эки тарабын ээлеген "Золотой колос" деп жазылган мейманканага уруна түштү. Ушунда кирет, өзү да кеч болуп калбадыбы, баары бир бир жерге тунош керек эмеспи.
Чемоданын сүйрөп ичкери кирип, түз эле кабылдамада олтурган орус аялдын жанына келди.
-Саламатсызбы. Мага бир адамдык бөлмө керек, бир түнгө.
-сизге кандай бөлмө? Бизде эң жөнөкөйдөн жогорку деңгээлге чейин жасалгаланган бөлмөлөр бар.
-эң жөнөкөй, деди Айжана шашыла, аялдын сөзүн аягына чыгарбай туруп.
-эң жонокой бөлмө бир түнгө бир миң сегиз жүз рубль болот, деди аял кызды баштан аяк карап.
Айжананын кийген кийими эң жогорку деңгээлде эле, үстүндөгү жеңил "шанельдин" кофтасы эле он-он беш миңдин башын чапчыйт. Бутундагы шымы да ошондой, кулагындагы сыргасынын баасын чамалап да айта албайт. Жада калса сүйрөп жүргөн чемоданы да жөнөкөй эмес.
Бул кабылдамада көптөн бери турган аялдын жасаган жумушу ушул, мында келген кардаарлардын социалдык абалын кийимине карап баалап отурат. Алар оозун ачаардан алдын биле турган, ким кандай бөлмө айттыраарын. Азыр болсо түшүнбөй турду, аялдын түшүнүгү боюнча кыздын жүрүшү да анын жогорку катмардан экенин айгинелеп турат, өзүнө ишенимдүү үнү да.
-Жарайт, деп кол Сумкасын чукулап кридиттик картасын алып чыгып сунуп калды Айжана.
Аялдын болсо шашыла турган түрү жок, компьютерге бир демелерди жазып өз иши менен алек.
Ансыз да чарчап турган Айжананын шаштысы кете баштады. "Ой тообо, мындай жерге батыраак кыймылдаган жаш кыздардан койсо болбойбу" , дейт ачуусу келе.
-Кечиресиз, мага бөлмөнүн ачкычын берип койсоңуз, кагаздарыныз даяр болгондо бөлмөгө алып келсеңиз ошол жерден кол коюп бермекмин. Аяктарымда тик туруу кыйындап баратат, аябай чарчаганмын, деди.
Аял "Сен чарчасан менин көйгөйүм эмес" дегенсип жактырбаган көздөрү менен карап коюп жумушун уланта берди.
Башка учур болгондо балким ундобой койсо керек эле, бирок бир күн үчүн адамдардан мындай эсептеги муздактыкты, кемсинтууну көтөрүү мүмкүн эместей сезилип кетти Айжанага.
-мен тезинен бөлмөнүн ачкычын талап кылам. Эгер бул мүмкүн болбосо мага түшүндүрмө жазып жана даттануу китепчесин бериниз.
Анын мындай интелегентуу буйрук иретинде сүйлөшү аялга кайда экенин эстетип жибергендей болду, ал жай кыймылын тездетип,
-113-болмо деди үнүн да жумшарта ачкыч сунуп.
-рахмат, деген Айжана ачкычты алып артка бурулуп басып кетти.
Аял анын артынан,
-биринчи кабат сол тарапка карай журосуз, деп кала берди.
Айжана болсо анын сөзүн укпагандай же кудум бул жайга дайым келип турчуу адамдай туура жолду таап басып баратты.
Ооба ал ансыз да биле турган, жүздөн башталган кааналар биринчи кабатта жайгашаарын, рас жузунчу кабат болбогондон кийин.
Өзү да дал ушундай, мындан да чоң жана эки жылдызга бийик мейманкананын жетекчиси, анын ээсинин жубайы болбодубу. Кайсы оорундагы адам кандай жумуш кылаарын жана өзүн кандай алып жүрүүсу керектигин жакшы билет. Кардар жөнөкөй бөлмө айттырабы, жогорку деңгээлде жасалган бөлмөбу айырмасы жок, мамиле бирдей болуусу керек. Аялдын жанагы өзүн сыдыра караган көз карашын да байкаган. Бирөөнүн жашоосун кийимине карап баалаган, дегеле башкага кызыккан адамды жактырбай турган ал, акыркы кездерде айрыкча. Ар кимдин өзүнүн жашоосу бар, ошондо гана жашоосу керек, башка адам калган өмүрүн сага белек кылып таштап кетсе да баары бир аны колдоно албайсың, ошондуктан башканын жашоосу өзүнө гана таандык экенин билүү керек, ал кандай кааласа ошондой жашоого укугу бар дейт...

#11 09 Октябрь 2019 - 18:30
Аял айткандай сол тарапка бурулуп узун коридор менен басып келип, 113 деген номурлуу каалганы ачып кирди. Бөлмө анчалык кооз жасалбаган менен тыкан жыйналган, бир аз бөтөн жыт бар экенин эске албаганда көңүлдү иренжите турган жагдай жок. Бир азга баарын байкаштырган соң бут кийимин чечип, ортодо жайгашкан бир адамдык кенен керебетке жетип боюн таштай берди. Керебеттин үстүндөгү тошончу ал күткөндөй жумшак эмес экен, бар күчү менен түшкөнгө денеси ооруксуна түштү. Бирок ал үнүн чыгарып оорусун женилдетмек тургай, нааразыланганга дарманы калбаптыр. "Беш жылдыздуу жайда эмес экенимди унута жаздапмын"
деп ойлонуп койду.
Ооба, мындан үч төрт ай алдын Айжана Рим шаарынын эң кымбат мейманкаларында эс алып жүрө турган, ал учурда жакынкы күндөрдө ушундай жашоого туш болот деп өзүнөн башка эч ким ойлобогон. Париж, Лондон,Милан, Дубай, Ганконг, Кошмо Штаттар, аз убакыттын ичинде ал көп жайларды кыдырып улгурду. Барган жеринде баары даяр, жанындагы адамдар анын көзүнүн кареги менен тең айланып турушчу. Эң башкысы ал жалгыз эмес болчу, дайым жанында коштоп журчуу жолдошу бар эле. Тагыраагы Айжана дайым жолдошун коштоп жүрчүү. Анан эмне болду? Жети жылдык бирге жашоодон кийин жолдошу аны башкага алмаштырды. "Эмнеге" деген суроо аны көп деле ойлондурган жок. Бул ирет ал көнүмүш корунуштой эле кабыл алып басып кетти. Балким жан дүйнөсүндө ачышаар жай калбагандыр, а балким өзүн ушул күнгө даярдап келгендир эле. Бир гана жан дуйномду сакайтам деген үмүтү тескерисинен чыгып, кайра ал дартты күчөтүп алгандай.
Мына көптөн бери өзү коркуп келген күн да келди. Ал жалгыз калуудан корко турган. Жалгыз болсо эле жан дүйнөсү жанчылып, акылына түрлүү ойлор келе берет.
Азыр болсо ошол кулаган абалында козголбой шыпка тиктеп жата берди. Кокус эле көзүн жумса жан чыдаткыс жанагы ойлор курчап жинди кылып жиберүүсу мүмкүн.
"Качпа! " деди ага ичиндеги үн. Айжана биринчи ирет бул үндү угуп турган жок. Алдын да көп ирет уккан, бирок ал кезде дароо ордунан туруп көпчүлүккө аралашып же көчөгө чыгып кете турган. Азыр болсо эки жол тең жабык, алаксып баарлашып кетүүгө жанында эч ким жок, эшикке чыгууга эмес барып бети колун жууп келүүгө да дарманы жок жатат. Эрксизден көздөрүн жума берди. Ойлор да ушуну эле күтүп тургандай тизмектей тизилип акылына келип жатты.
Жана эле жолдо эстеп өткөндөй Айжана да бир убактарда бактылуу эле. Тагыраагы эч нерсеге карабай бактылуу болууга аракет кылган, бирок ал аракети оңунан чыкпай калбадыбы.
Анда ал жаңыдан шаарга келип чоң окуу жайда окуп баштаган. Айдай жүздүү сулуу кызды байкабай коюшкан жок айланадагылар. Кээлери алыстан карап шилекей агызышса кээлери өз эркин сынагандай жанына жакын келишип айланчыктайт. Ар кимден ар кандай сөз укса да Айжана бир калыптан жазбай жүрө берчү. Анын ичинде катылган сырын, көйгөйүн ким билсин. Эркек аттуу жанына жолосо кадимкидей башына кан тээп кыжаалаттана коркуп кетет. Сүйүү менен өлүм айттырбай келет дегендей, ошол күндөрү Айжана да чоң сүйүүгө туш болду. Арман! Бул ат анын бутпос дастатнына айланды да калды. Армандын карылуу колдору, кен далылары артында ал өзүн чеп коргондо тургандай сезээр эле. Жада калса өткөн өмүрүндогу эң коркунучтуу учурду да унуттура алгандай болгон. Кайрадан адамдарга күлө карап, жан жаныбарды жаратылышты сүйүүнү уйронду аны менен. Көрсө байкуш, өзүн ал адамга бүтүндөй арнап койгон экен, өзүн андан болуп карай албай турган даражага жетип суйуптур. Арман өзү да көп үмүт берди Айжанага. Жигиттин суйоорун кайталап айттырып кереги жок эле, анын көздөрү сүйлөөчү, карашы суйоорун далилдеп турчуу. Аруу ойлуу кыз, адамдарды сүйүүдөн башка да нерсе башкараарын, сезимдер озгорулмо экенин ойлобоптур. Кээ бирлерин акча, коркунуч, азгырылуу дегендер жеңип кетет тура. Ким билет балким так ошол адамдар күчтүү эсептелеттир, сезимдеринин кулу болбой башка кызыкчылыктарды көздөп кете алган, а балким эч нерсеге карабай сезимдерин баалап кастарлай алган адам күчтүүдур. Айтоор ар кимдин өз чындыгы бар. Айжана сезимдерин кастарлап баккандардын сап башында турса, Арман муздак акылдын артынан ээрчигендерден болуп чыга келди. Эң бактылуу күндөрдүн биринде эле күтүүсүз кабар угузуп, алар кыз жигит болуп сүйлөшүп баштаган күндөн бир жыл өтүп өтпөй ал башкага үйлөнүп алды. Айжананын заманасы заң болуп, аяк астында турган жер көчүп, жашоодон үмүтүн үзүп койгон.
"Кийин" деди ал. Чындап эле андан кийинки жашоосу туман каптап кеткендей. Арманга жолукканга чейинки күндөрүн унутууга далаалат кылып унута албай кыйналса андан кийинки өмүрүн эстей албай убара. Жашоого кайдыгер карап, күнүмдүк жашоосун гана ойлоп жашап калганда өткөргөн өмүрү эч нерсеге арзыбай калат тура. Болбосо күйөөсү башка улут болгону эле болбосо эмнелерди гана кылбады ал үчүн. Эл көрбөгөн жерлерди коргозду, белек бечкек дегенди айтпай эле кой. Бирок мунун баары бакыт тартуулай албады Айжанага. "Ким билет, балким анын көздөрүнөн сүйүү учкундарын көрө алганымда бактылуу болгон болоор элем. Бирок андай болгон жок да. Ал болгону мени кооз буюмдай көрүп, эл көзүнө жанында суйкайтып ээрчитип жургусу келди. Аялдар мойнуна тагынган кооз чынжырчага сыймыктанганча эле көрдү мени", деп койду. Ошон үчүн да ал баарына даяр болуп жургондур, маалым кандай гана кооз буюм болбосун ал да эскирет, ал баасын жоготпосо да ээси жаңы буюмга кызыкпай койбойт. Ушуларды ойлоп, жан дүйнөсүн дагы жанылап жаралабаш үчүн, күйөөсү качандыр бир күн өзүнөн жаш, жаңысын таап кетээрин билип даяр жүргөн болсо керек. Андай болсо эмнеге бул адамга турмушка чыкты эле. Арман! Дагы деле ошол. Анын ордунда болуп, ал сезген сезимдерди сезиш үчүн ушул жолго барган. Үй булоолу болуп, толук кандуу жашагысы келген. Баарын унутууга далаалат жасаган, антпесе жинди болуп кете турган. Бирок оюн ашыруудан коркот, калкка сиңген каада салттан чочуп, эл алдында кантип актанышын билбей убара тартып жүргөн. Ошондой күндөрү өз ойлорун аткаруу үчүн ыңгайлуу инсан да табылды көп куттурбой. Ал иштеп журчу Бишкектин так ортосунда жайгашкан "Hyatt" мейманканасына түрктөр келип жайгашкан. Дегеле бул мейманканага кирген адамдардын көбү кабылдамада турган Айжанага көз артпай коюшпайт. Ананчы сулуу жүзүнө жарашкан, канча жылмайса да көздөрү мунайып, кудум "мени сактап кал, кир дүйнөдөн коргоп ал" деп шыбырап жатышкандай. Ошол турктордун арасында жүргөндөрдүн бири ар күн башкача көз караш менен карап өтөт, кирип баратып да чыгып баратып да. Ал адам келгендердин эң башкы сабында тураары белгилүү, анткени жанында жүргөндөр аны тегеректеп, алды артына жүгүрө калышып сүйлөп, ал сүйлөгөндө бүт көңүлү менен угуп басышат. Айжана биринчи ал адамга маани бербеген, мындай көз караштарды көп эле корбодубу. Бирок ал инсан келип түз эле сөз баштаарын күтпөгөн экен. Күндөгүдөй эрте менен чыгып баратып эле ал тарапка бурулуп келип,
-сулуу кыз, билесизби сиз эмнеге жаралганынызды. Алдагы көздөрүнүз мунайбай, жыргап кулууго татыктуу, өзүңүз болсо бакыттан балкып жашооңуз керек. Сулуулук дүйнөнү сактайт дегенди уктунуз беле, ошол дүйнө сактоочу адам алдагынтип мунайып жүрсө дүйнө кайдан күлсүн, дебеспи.
Айжана эмне болуп жатканын тунушбой бакыракай кара көздөрүн ирмегилеп туруп берди.
-Ооба сен дүйнөнү сакташын керек. Мен да ошол сакталуучу дүйнөнүн бир бөлүгүмүн. Биз сендей сулууларга муктажбыз, деген. Ушул сөздөрү менен ал кызды багынта алды. Айжана ал сөздөргө эле учмак эмес, болгону анын өткөн өмүрүн териштирип, жан дүйнөсүн жаралоочу суроолорду бербей турган инсан экенине ынанып гана колун кармап кете берген. Жанылбаптыр, чын эле күйөөсү эч качан өткөн өмүрү тууралуу сурабады, бирок өзү ойлогондой үй булоо кутсо да толук кандуу жашоо кура албады. Анткени күйөөсү экөөнүн ойлору, максаттары ар башка эле. Жолдошу жалганчы эмес экен Айжанага окшоп, ал көңүлүндө, жүрөгүндө эмне болсо ошону гана сүйлөйт тура. Чынында ал сулуулук жөнүндө гана сүйлөгөн да, сүйүү тууралуу кеп да козгобогон, айтканындай эле анын жашоосу сулуулукка толгон экен, бирок сүйүү жок. А Айжана тескерисинче, сүйүү бар жерде баары кооз көрүнөт деген түшүнүк менен жашоочу, бирок ал канча жүрөгү канап турса да жолдошу сыңары баарын ачык айта албай жалгандан бактылуу жүз көрсөтүп жашай берди. Жалгандын өмүрү кыска дегендей, ал күндөр да бүттү акыры. Жолдошу жаш сулууну таап толук аны менен болуп кетти. Ушундай жол менен Арманынан өч алам деген ою ишке ашпай, тескерисинче өзүн андан да бактысыз кылып алды.
"Андан кийинчи" дейт өзүнө өзү. Андан кийин мында баса берген, ата энесине да айтпастан. Элден жашынат, корунат, кудум баары эле аны карап сөз кылып жаткандай, эч ким аны түшүнбөгөндөй туюлат. Ананчы, өзүн өзү түшүнбөй турса башкалар кантип тушунмок эле. Элдер жашаган жашоодо жашап, тирүүлук менен алп урушуп, башка көйгөйлөр менен алаксып негизги жашоосунан алыстайм деп ойлогон да. Өзүн тааныган адамдардын арасына барса кайдан алыстамак эле көйгөйлөрдөн, алар кайрадан мүнөт сайын эски жашоосун эстетип, ар күнүн өкүнүчко болошпойбу. Бирок байкуш кыздын бул жолу да жолу болбой калды. Мында да аны кемсинтип, дагы деле аны тебелеп кетүүгө баары даяр. Баарын эстеп келип бүгүнкү күнгө такалды. Жумушунда болгон окуя, андан кийин батирде, анан-анан жанагы атын атаган жигит, көчөдө кыз жигит менен болгон кагылышуу, кабылдамадагы аялдын мамилеси. Алардын ичинен Жанаранын акыркы көз карашы жакканга окшойт, жалынын чачып аргасыздан эмне кыларын билбей тыбырчылаганы. Айжана жылмайып алды, бир адамга болсо да жооп кайтара алганына кубанып. "Кандай ырахат, сени азапка салгысы келгендер өздөрү ошол азапка кабылып жатканын коруу", деп койду. Ушул окуя ага дем бергендей, эгер ушундай учурдан ырахат ала турган болсо, демек көп адамдар менен эсептешип жан дүйнөсүн жай алдырганга мүмкүнчүлүгү бар. Аны капа кылгандар аз эмес.
"Жетишет! " деди ал, көздөрүн умачтай ачып. "Жашырынып, корунуп жашаган жашоо бүттү! Эми менден жашынгыла! "
Ушундай чечкиндүү ойлордон кийин кайдан жайдан күч келип, жана эле чарчап араң турган жаны чыйралып ордунан туруп бөлмөнүн ичинде аркы терки баса баштады. Канча кадам шилтеген сайын дагы ошончо шилтегиси келет. Биринчи эмнеден баштайт? Эң башынан, ал үчүн бул күндөрдү жашап өтүүгө аргасыз кылган күндөргө кайрылып баруу керек. Буларды ойлогондо кадимкидей эле калчылдап муздап кетүүнү күткөн, бирок денесинде да акылында да эч кандай өзгөрүү болгон жок. "Демек так мына азыр убакыт келип жетти" деди да кайрадан керебетке тынчтанып отуруп, ушул күнгө чейин ойлоодон качып келген күндөрүн көз алдына келтирип жатты. Армандын акыркы сөздөрү, "Ишен сени сүйөм, бирок үйлөнө албайм, себебин өзүн жакшы билесиң". Ооба себебин өзү жакшы билет, себеби… себеби Айжананын жүрөгүнүн түпкүрүндө жаткан, эч кимге ооз ачып айта албаган, бирок жан дүйнөсүн сапырып четинен жеген окуя тууралуу кеп Арманга жетиптир, болгондо да ошол окуяны жасаган адамдын өз оозунан чыгыптыр ал кеп. Айжана Армандан эч бир нерсе жашырам деп ойлобогон, аны чексиз сүйүп, башында эле бар сырын ачык айтпаса да ал элестеткендей аруу эмес экенин айтып, тандоону ага койбоду бэле. "Мен сенин өтмүшүн менен бирге суйуом" деп туруп тигиндей дегени эмнеси.
"Ошондо бактысыздыктын башаты кайда. Армандын сөзгө бекем эместигиндеби? Же жашоомо так калтырган адамдабы? " деп көпкө отурду. Экөө тең бирдей көңүлүн калтырган экен ойлоп көрсө. Арман ал сөздөн гана эмес башка себептерден, өзүнүн кызыкчылыгын көздөп гана Айжанадан баш тартканын жакшы билет, ошондо эле түшүнгөн.
" Шашпа сага да кезек келет, бир убакта сени сүйгөн жүрөгүмдүн урматына биринчи сенден баштабайм. Биринчи болууга ашыккан башкалары бар!" деп тиштенип алды.
Аны ушул көрүнүштө көргөн адам тообосуна келмек. Жанагы алсыз апакай узун манжалары муштум болуп туйуло, тишин кычырата тиштегенге жаактарында тарамыштары чыгып, көздөрү от менен жалын болуп жана түштү. Антууго себеп бар, алдуу күчтүү болуусу керек, бир убакта кудум ошол алсыздыгынын айынан тебелендиде калган.

#12 10 Октябрь 2019 - 08:50
Анда мектепти аяктап жаткан акыркы айлар. Кайсы бир уюштуруу кече болуп, бирге окуган классташтары менен Айжана да барган ал кечеге. Таң атканча отурабыз деп сүйлөшкөн классташтары,
ар ким эки экиден болуп ар жайга сулап жыгыла жатып калышкан. Анын да жанын коюшпай ар кимиси ар тарапка тарткылап жудоткондо,
-Мындай уйку менен мен үйдөн да таң атырмакмын, деп, кечеге кызыгуусу калбаган Айжана үйүнө кеткиси келип жөнөп калат. Анын оюн колдоп дагы бир классташ баласы да бирге жөнөп жатканда арыраакта жаткан Эркин,
-Мен жеткирип коём үйүнө. Ал бала менен кетпе, билесиң ал бул айылдан эмес, а бул айылдын балдары кандай экенин жакшы билесиң, деп кайтарып калды.
Чындап эле алар турган айылдын балдары өзгөчө шок балдар эле. Айжана ал айылдык болгону үчүн аны менен бирге баскан бөтөн айылдын баласын соо коюшмак эмес. Ушуларды ойлогондо классташ баласын аяп, боодо кырсыктабасын деп Эркиндин айтканындай кала берген. Анын жаман оюн билгендеби, ал менен бирге кечеден кетүүнү эмес кечеге барууну да ойлонмок эмес. Эркиндин сунушун туура көрүп, анын үйүнө узатып кошуна макул болуп бирге кечеден чыгып Айжананын үйүн көздөй айылдын экинчи башын карай басып баратышкан. Жанында күзөтүп бараткан классташы Эркин жобурап көп нерсени сүйлөп бараткан чоң адам болуп, өткөн кеткенди, эми чыныгы жашоо башталаарын, урушуп талашып бири бирин көрүүгө көзү жок болгондор эми сагынышаарын. Анан эле ээн талаа жакка баштап кетти, ал талаанын бир бетиндеги катар тизилген үйлөрдүн биринде Эркиндин сүйлөшүп жүргөн кызы жашачуу, аны баары биле турган, жигит да ал кыз да мектептин атактуулары эле. Ошону шылтоолоп, күн сайын ушул убакта ал кыз аны кутоорун айтып, басып баратты. Айжана өзү да ишээнчек эмеспи, кийин аны менен бирге баспашка аргасы да жок эле, өзүмчүл болуп алардын дайымкы адатын бузгусу келбеди, өзү кете берейин десе коркот, айлана караңгы, үйүнө чейин дагы кыйла бар. Макул болуп ал да классташынын артынан жөнөдү. Эркин көчө бойлоп эмес талаа аралай басып кетти,
-ал ушунда келет деп.
Айжана ал айткандын баарына ишенген, кантип эле он бир жыл бирге окуган классташынан жамандык күтсүн. Ошентсе да анын артынан ээрчибей ордунда туруп калды.
-мен ушунда күтө турам, сен жолугуп кел, дегенче болбой, Эркин артына чуркап келип Айжананы так көтөрө талаа аралай кирип кетти. Назик кыздын канча алы бар дейсин, каршылык коргозгону менен алы жетпей, үнүнүн барынча кыйкырган болду, бирок өзү эле эмес үнү да назик экен, караңгы түнгө синип алыс узабай жок болуп кетип жатты кыйкырыгы.
Май айы этектеп калганга, талаалар көк шиберге боелуп калган.
-Эмне кыйкырасын жинди кыз, мен жөн эле тамашалап койдум. Жаштык менен коштошуп жатпайбызбы, шибер аралап ойноп койсок эмне болуптур, кийин эстеп күлгөнго күн болуш керек да, деген классташынын сөзүнөн кийин кичине жоошуй түшкөн. Бир кезде эле Эркин ага сүйүүсүн арнап баштады.
-Мунун да тамашабы?
Айжана тамашалаган болуп жооп кайтаргандай болгон, бирок үнү калтырап коркуп жатканын билдирип турду.
-Сен эмне менден коркуп жатасыңбы? Же ишенбей жатасыңбы? Эмне калтырайсын, а балким сен да мага ашык болуп жүрбө, толкунданып жатканга окшойсун. Мен чынында сага ашыкмын, болгону муну айтууга убакыт эми келип жетти, деп эле алсыз кызды көк шиберге жыга чаап, анын жалбарганына карабай арам оюн ишке ашырып отуруп калды Эркин.
Кыздын андагы абалын сөз менен айтып жеткирүүгө болбойт эле, бирок андан да оор нерсе жигиттин оозунан чыккан сөз болду.
Булардын баарын керебеттин үстүндө олтуруп эсинен өткөрүп жаткан Айжана ордунан тура калды. Ошондогу денесинин ооруганы бир тан жан дүйнөсүнүн сыздаганы бир тан болуп күнү бүгүнкүдөй эсинде, азыр да денеси кудум ошондогудай жанчылып тыбырчылап жиберди.
-Өзүң күнөөлүүсүн, жөн эле ойноп коёюн дегем, делебемди козгоп жибердин. Кыжаалат болбо мен сени алам, деп корондогонучу Эркиндин.
Айжана ага жооп айтмак түгүл ыйлаганга дарманы жок жаткан жерде. "Бүттү" ушул гана сөз акылын ээлеп алган, бул дегени баары бүттү дегени эле, алдыдагы кыял максаттар, жарына татыктуу бактылуу аял, балдарына кадырлуу эне, ата энесинин сыймыгы болуу деген нерселерден беш эле мунотто куру калды. Мени ким алат деген ой эсине келмек турсун, жашоого татыксызмын деп өзүн тирүүлуктон сызып жаткан. Мунусун Эркин башкача түшүндүбу, же үнсүз жаткан кыздын ойлорунан корктубу, айтоор өзүн коргогонго өттү.
-Өз каалоон менен бирге баспадынбы, муну кечедегилердин баары көрдү, бул иш да сенин өз каалоон менен болду. Мен го эркекмин сен кыз баласын эл укса ата энең уятка калат, эл аралап баса албай калышын каалабайсын да. Кичине чыдап турсаң экзамендер бүтөрү менен үйлөнөбуз баары бүтөт.
Ал сүйлөп жатканда эле Айжана ордунан туруп кийимин күүнүп тазаланып алып басып кетти, ооз ачып жооп да кайтарган жок. Жанагы караңгыдан коркуу сезими да жоголду, аянаар эмнеси калды эми, азыр өзү элестетип корккон жин шайтандар азгырып жарга алып барып түртүп жиберишсе да баары бир, өмүрдүн мааниси калбады.
Эркин болсо анын артынан калбай бир демелерди кобурап келе жатты эле, токтоп артка бурулуп,
-менин артымдан жүрбө! Кет! деп аста бирок каардуу үн катты да басып кетти.
Эркин кайра аны жандап басууга даабай кала берген.
Ал учур үчүн өмүрүндө бир да жолу көз жаш токподу, жан адамга айтып арыздана да албады. Балким ошенткенде жүрөгүндө мынчалык оор жүк кылып көтөрүп жүрмөк эмес беле.
"Кантем? Эркиндин азыркы абалы кандай, эң күчтүү жана эң алсыз жайын билүүм керек эмеспи. Мен албетте ага жооп кайтаруум керек, ар ким өз жазасын алуусу шарт" деп кыжырынып алды. "Ал үчүн мен Кыргызстанга баруум керек да. Антпесе кимден сурамак элем" дейт.
Кыргызстан! Ал жакка баруудан зарканат. Өткөргөн таттуу күндөр да жок эмес, бирок ачуусу көбүрөөктой, барса эле ар бир адам аны соомойу менен коргозуп күлө тургандай сезиле берет. Анткенинин себеби да бар, жан дүйнөсү жанчылса да бар сырын ичине катып жургон учурда, Арманы келип Эркин менен болгон окуяны айтып бербедиби. Арманга жетип келген сөз башкага жетпей коймок беле. Түркияга кетип калган себеби да ошондон эмеспи. Баарынан да ата энесин ойлонот, "алар укса эмне болушаар экен" деп кыжаалат. Бул жашоодо эң оору ушул болсо керек, абийир азабы. Болгондо да ал азапты башына башка бирөө салганы.
"Шашпа Эркин, сен да албетте бул азаптын даамын татасын. Мен таттырам сага" Ушинтип кекенип алды. Эми бүгүн уктоосу керек, эртеңден жашоосу толук башка нукка бурулат, өзүнөн качып өткөн өмүрүн унутууга тырышпайт, башкадан бакыт издебей жан дүйнөсүндө курат бакытты. Айжана ушундай ойлонуп жатты, өзүнө азап бергендерди жазалоо менен жан дуйномду агартам деп. Өзүн коргой албаганы үчүн денесинин алдында өзүн күнөлүү сезип жатса керек. Буларды ойлогондон кийин кайдагы уйку, акылын сансыз ойлор ээлеп, көзү бир ирмелбей койду.
-Жок мындай жарабайт! Азыр эле эмне деп жаттым эле, өзүмдү кыйнабайм, мажбурлабайм дебедимби, келбеген уйкуну кыйнап чакырбай конулум эмне каалап жатканын тыншайынчы, деп өзү менен өзү сүйлөшүп жатып, так мына азыр аттана турган болду Кыргызстанга. Эртенкиге калтырса жана ою өзгөрүп кетүүсү мүмкүн, анда дагы жүрөгүн коркунуч ээлеп алат да, ички үндөрдү укпай, жүдөгөн пари балыштай иретсиз жашоосун уланта берет.
Жүзүн иретке келтирип алуусу керекпи? Ордунан туруп күзгүгө каранып ушул суроону берип жатты өзүнө. Жок, аны ким көрмөк эле, же бирөө жарым күтүп турган болбогондон кийин. Андан көрө убакытты өткөрбөй кете берүүсү керек. Интернет аркылуу Москва-Бишкек каттамына эң жакынкы аралыкка чыптама буюртма берип, бөлмөгө кандай кирген болсо ошондой боюнча чыгып кетти.

#14 11 Октябрь 2019 - 17:36
Учактын ичинде көптөгөн жүргүнчүлөрдүн катарын толуктап Айжана да бараткан. Анын көздөрү жумулуу болгону менен көөдөнү жашоого жаңы гана ачылып жаткандай. Алдыга койгон ар бир кадамы ага ырахат тартуулап жатты. Эч кимге муктаж эмес, эч кимдин алдында актанбайт, түшүндүрүп да убараланбайт,
тескерисинче эч ким түшүнбөгөн кадамдарга барууга даяр, болгону ал аракеттер өзүнө жакса болду. Ушундай ойлордун кучагында чумкуп бараткан кыз тапкан акылына ыраазы. Эми ал эч кимге жагынбайт, айланасына туура же туура эмес деген сызыктарды сызбайт, болгону буту кайда баштаса ошондо басып колу эмнеге жетсе ошону кармап, көөдөнү каалаган жолду тутат. Азыр болсо көөдөнү Эркиндин жашоосу быт чыты чыгып бузулуусун эңсөөдо.
"Сөзсүз" деди ал. "Мындай кылуу үчүн менде азыр убакыт да, күч да, каражат да жетиштүү" .
Айжана бул учурга бүгүн эле даярданып баштаган жок, ушул күнгө чейин ар бир көз ирмемде тымызын даярданып жүргөн. Армандан ажыраган күндөн тарта капчыгынан бир да тыйын ашыкча короткон жок, түрк жолдошу менен жашаган жети жыл аралыгында ал капчыгын бир кыйла калындатып алган. Эми аны четинен корото берсе болот.
Учак Манас аэропортуна келип конгон кезде чайыттай тийген күн так тобого көтөрүлүп калган экен. "Жакшы болду" деди Айжана, кара чоң көз айнегин тагынып алса уйкудан калып шишиген көздөрү көрүнбөй калат. Ал азыр шаарда кармалып отурууну туура көрбөдү, жакшысы такси жалдап туура эле өзү туулуп өскөн Түп районуна аттанат. Эркиндин дайынын да ошол жактан таппаса, Бишкекте кайдан тапмак.
-Бул унаа кетет биринчи, сиз олтурсаныз эле жонойбуз Карындаш.
Ыссык Көлгө кетчүү унаалардын жанына келгенде эле биринен бири өтүп ызылдаган айдоочулар утурлап чыгышты алдынан.
-кайсы унаа акыркы кетет? деп сурады алардан Айжана.
Сулуучумак келген жаш бала колун сунуп анын чемоданын алууга даяр болуп,
-сиз шашылбай кете тургандардансыз го. Мени менен кетсениз, канча керек десеңиз ошончо күтөм, деди жылмайып.
-сизде адам жокпу азыр?
-жок, сиз биринчи болосуз.
-эң жакшы, деп колундагысын ал жигитке карматып катарлаш басып унаага отурду.
-сиз жумуштарнызды бүтүрө бериңиз, мен адам алып турам, деген айдоочу Айжанага суроолуу карап жооп күтүп калды.
-жок, адам албай эле айдай берсеңиз жакшы болмок.
-бирок…
-мен шашылып жаткам, акынызды мен толук берем.
-Макул, айтканыздай болсун.
-Дагы бир маселе, мени Түпкө чейин таштап койсоңуз.
-сөз болушу мүмкүн эмес. А сиз кайсы айылдан болосуз?
Ушинтип кептин учугу башталып, алар ар кайсыны сүйлөшүп баратышты. Айдоочу жигит Айжана издеген Эркиндин да таанып, ал тургай дайынын биле турган адам болуп чыга келди.
"Кудай коонумо сала берген го, жакшы болду, дагы кимден сурап отурмак элем" деп ойлонгон Айжана айдоочуга кайрадан шаарга Бишкекке жеткирип коюсун өтүндү.
-Сиз чын эле ошону каалап турасызбы? Биз айылга жетейин деп калбадыкпы.
-Чын эле ошону каалап турам, шаардан бир буюмду ала келүүм керек эле унутупмун.
Айдоочу башка ооз ачпастан артка буруп айдап жөнөдү.
Жолду ката кобурашып көптү сүйлөшүп келишти экөө. Айжана көптөн бери мындай ачылып чер жазышып эч ким менен сүйлөшө элек эле, азыр болсо негедир көңүлдүү. Балким маектеши көңүлүнө жаккандыр, жаш болсо да ал жигит сөзүн таап сүйлөгөн, башкаларчылап каршылашынын жашоосун териштип сурамжылай бербеген жакшы адамга окшойт.
-Мен ушунда түшүп калам, деди Айжана шаарга жаңы эле киришкенде.
-Эгер кааласаныз күтүп туруп кайра Түпкө ала кетейин.
-жок рахмат, мен көбүрөөк кармалам, ийгилик сага! деп капчыгынан 100 доллар сууруп чыгып сунду. - жетеби?
-Бул көптүк кылат го, деди айдоочу жигит уянкы.
-Аа жок, көп эмес, аз болбосо болду, деп тамашалай күлө коштошуп түшүп кетти унаадан. Арыраакта эле турган шаардык таксилердин бирине отуруп, өзүнө тааныш "Hyatt" мейманканасына карай сапар тартты. Айдоочу жигиттин айтуусу боюнча Эркин классташы үй булоосу менен ушул шаарда турушат экен, өзү Жогорку Кеңеште бир депутаттын жардамчысы дейт.
"Жакшы болду, кайдан табам дебей. Балдарын коруктатып албады бекен. Жок бизде анчалык эле коопсуздукка көңүл бура беришпейт, өзү деле корукчусу жок эле жургондур. Ал депутат эмес да, жардамчы" деп өзүнүн суроосуна өзү жооп издеп баратты, алдыда боло турган окуянын жүрүшүн божомолдой.
Мейманканага жетип өзү сүйгөн каанасына жайгашып алып, бөлмөнүн ортосунда турган чоң керебетке дене боюн сулк таштап жатып калды.
- Керемет! !
Бул сөзү керебеттин үстүндөгү денесине жумшак тийген тошончуго арналдыбы же өз мекенинин абасын сангынганыбы же дагы башка өз жумушун мыкты аткарып бат тейлген кызматкерлерге арналдыбы, айтоор ал ички дүйнөсүнүн ырахтын бир сөз менен сүйлөп койду.
Ары барып бери келип жүрүп бүгүнкү күндү өткөруптур. "Бул түн өзүмө арналат, эч нерсе ойлонбойм өзүмдөн башка" деп чечим чыгарып жуунчу бөлмөгө жөнөдү. Мээлуун суунун астында туруп чыкканда гана чарчаганы сезилди, кечеден бери уктай элегин да унута жаздаптыр. Жумшак тошончону жаздана жатаары менен коошулуп уйкуга кетти. Көрсө жан дүйнөсү андан өзүнө көңүл буруусун талап кылып жаткан экен.
*****
Азат барган жаңы жумушу өзүнө жакты, бир дүкөндо товар кабыл алуучу болуп иштеш керек экен. Өңү сулуу, чымыр денелуу, анын үстүнө тилди жакшы билип, компьютерди жакшы түшүнгөну үчүн аны дароо эле кабыл алышты жумушка. Бир апта баарын үйрөнүп кийин жумушка кирише турган болуп кайтты уйуно. Жанында жүргөн досу Заман ал үчүн чын дилден кубанып жүрөт.
-Досум өзү сен жолун ачык баласын, карачы дароо алды жумушка, сулуулугун ушул жерден да иш берди, башчы аялдын тили саландап эле калайын деди го чиркин. Айлыгы да жакшы, жумуш да оор эмес, отурасын компьютерди тиктеп.
-рахмат досум сага, менин жолум силердей досторум бар үчүн ачык да. Дос тандоодон адашпагам, деп күлө жооп берди Азат.
-ошону айтсаң, кана эле аял тандоону да өздөштүрүп алсаң.
-сен эле калдын эле, экинчи апам болуп албайсыңбы.
-кааласан болуп деле алам. Отузга чыкканча уйлонбой жүрө берсең апа болобуз да анан.
-ээ досум бары өз убактысы менен. Мен да апамды көп кыйнабай үйлөнөйүн деп чечтим, кийинки жылы үйлөнөм Кудай кааласа, тойго акча жыйсам болду.
-Ай таң ай, сен акча жок үчүн эмес апан тапкан кыз жакпай калып эле качып келгенсин го. Сенде кантип акча жок болсун, бир агаң депутат, экинчиси кытай кыргызды бириктирип соодасын жүргүзүп турса, акча жок дейсиң. А баса мен бир кызды туурлап жүрөм, карап көрсөң жагат сага, төрт тарабы төп келишкен чурок.
-Жок ай, апам мага таап койгон кызды.
-аны айтпадынбы. Бирок ал сага жакпаган го чамасы, болбосо колдон чыгарбай дароо үйлөнүп алмаксын. Батирдеги кызды көрдүңбу, суйкайган сулуу, жаркылдаган кыз, байкаштырып көр, эгер жакса экөөң бири бирине төп келишкен жубай болмоксунар.
-кечиктик досум, ал кече көчүп кетти батирден, деп сумсая түштү Азат.
-чынбы? Сен аны кайдан билесиң, жөн жүрбөгөн экенсиң да. Ал эч көйгөй эмес досум капаланба, азыр табабыз аны деген досу дароо кол телефонун сууруп чыгып бирөөгө чалып,
-Мына досум чечилди көйгөй, ал да ушул жайда экен. Сенин алдынды тосуп чыкканга окшойт деп жымындап Азатка карады.
Азаттын көздөрү жайнай түштү,
-Койсоң. Эмне сенде анын телефон номуру бар беле?
-Ээ досум, сен деле соо эмеске окшойсун. Билем ал да сага жагаарын, жумуш тапканда да мынчалык кубанбадын эле.
Карачы көздөрүн жайнай эле түштү, деп баштап жөнөп калды Заман.
Азат досунун артынан ээрчип баратып эле токтоп калды. Себеби алдыда отургучта Жанара олтурган эле, Заман ал тарапты карап бараткан.

#16 13 Октябрь 2019 - 00:44
Вау!Сонун жазасыз,кино коргондой эле болом.Улантыныз сураныч.
#17 14 Октябрь 2019 - 03:15
Буйруса эртен окуйбуз. Суббота, воскресенье жазбайт озу дайыма Димедра айым.
#18 14 Октябрь 2019 - 14:01
Азат эч мындай болоорун ойлобогон экен, ал Жанараны эмес Айжананы элестетип бараткан. Ажарлуу сулуу анын түшүнүгү боюнча бир гана ал эмес беле, кантип эле Заман досунун табитин таба албай калды. Бирок аргасыз досунун артынан ээрчий басып Жанара олтурган отургучка жетип барды, артын карап басып кетмек беле.
-Жанарка карачы Жараткан өзү колдоп турат, биз сени издеп жатканыбыз да алдыбыздан чыгып калбадынбы. Сен эмне көчүп кеттиң бизден? деп сурап жиберди Заман шакылдап.
-Ошондойбу, мени издеппи? А мен эч кайда кеткен жокмун, силердин эле батирдемин, деди Жанара кылыктана.
-Менин досум ката көрүп алган го анда, көчүп кетти деп сары санаага батып олтурат.
Заман эч нерсе оюнда жок эле сүйлөп жатты. Азат менен Жанаранын көздөрү бири бирине кадала түшкөн бул учурда. Алар экөө гана билет сөз ким тууралуу болуп жатканын, бирок бири да ал жөнүндө ооз ачышпады. Жанаранын ичи туз куйгандай ачышып, аба жара "Сен сүйүүндү башкадан издебе, мен сени сүйөм! Сен мендиксин! " деп кыйкыргысы келип өзүн араң басып, сыртына чыгарбай зынкыят.
Анын күлүп жайнап эч нерсе болбогондой жайдары сүйлөп турганын көрүп Азаттын көңүлү жазыла түштү, ал Замандын сөзүнөн кийин өзүн ыңгайсыз сезип бир ооз сөз айта албай турган. Ортодогу жымжырттыкты оңдоп шакылдап сүйлөп жаткан жалгыз эле Заман болду. Ал да бир убакта кутулбостон эле,
-мен үйгө кирип чыгайын, силер туруп тургула дебеспи.
Азаттын өңү өзгөрүлө, не дээрин билбей калдастай түштү.
-Жок, биз да сиз менен эле кире берели, эртен жумуш эмеспи, деди Жанара.
Азат Жанаранын бул кылганынан өзүн ыңгайсыз сезип кетти, "менин абалымды байкап калды го, кыздын шагын сындырбай бир азга жөн эле тура турсам эмне болмок" деп өзүн жемелей.
-А баса бүгүнкү күн кандай өттү, жаңы жумуш жактыбы? деди Жанара бул ирет да Азаттын абалын тушунгондой, кырдаалды оңдоп.
-рахмат, жакты жумуш. Кудай кааласа эртеңден мен да жумушка барам. Азат кызга ыраазы боло чын дилинен жооп берип жатты.
Бирок баары ал ойлогондой эмес болчу. Жанара жан-жан деп калмак аны менен жалгыз, болгону арыда келе жаткан өзүнүн учурдагы "капчыгын" , батирдеги келиндин күйөөсүн көрүп калып, бир шумдукту баштабасын деп качып калган эле. Ал адам чын эле Жанараны катуу кызганып, жубайындай тергеп калган акыркы күндөрү. Эми мына жоголом деп, жаңы "капчык" издей баштаганда Азатты көрүп калып жатпайбы, батирден кетсе аны жоготуп аларын ойлоп, бир гана ал үчүн баарына чыдап жүргөн.
-Жанара! деди аңгыча болбой арт жактан.
Кыздын жүрөгү "дирт" этип алып калыбына түштү. Токтобой коюуга мүмкүн эмес болчу, ал жетип келип Азаттын алдында абийирин ачаарынан коркту, андан көрө бул учурду да өзүнүн пайдасына өзгөртүүсу керек. "Кантип?" кыздын акылы өтө тездик менен иштей баштады.
-Ой. Сиз да келип калдыңызбы? Жакшы болбодубу, батирден кантип сиз менен баарлашам деп жаткам. Кече дайындаган жумушунузду бүтүрө албадым.. Катуураак таарынып калган чыгаар, балким бир аз күтө турсак өзү келээр, кайда кетмек эле, деп бири бирине байланышпаган, ал кишиге эч түшүнүксүз сөздөрдү сүйлөп көзүн кысып койду. "Капчыктын" түшүнүүсу Жанара үчүн маанилүү эмес, негизгиси Азат түшүнсө болду, анын ою бир гана ага түшүнүктүү болот, бул жерде кечеки болгон окуяга күбө болгон өзүнөн башка жалгыз адам ал эмеспи.
Каалаганын айтып алган соң, байкабай сүйлөп алган адамдай жалгандан уялган болуп жылмая,
-Ой, кечиресиз. Мен дароо эле узун жомокко өтүп кеттим го, журунуз тигиндейрээктен, деп ал кишиге катарлаш басып Азаттардын жанынан узактай берди.
Алар бир эки кадам таштаганда Азат оор дем алып досуна сүйөнө жеңилдей түштү.
-үйгө кирели досум.
-Омей, мына кызык адам го. Жанарканы күтпөй элеби? Заман Азаттын кылыгына чындап таң кала сурады.
-Досум мен чарчаганмын. Ал бизди күтө тургула деген жок да.
-Сен эмне ага жинденип жатасыңбы, тиги кишиден кызганып? Ал деген батирдеги эженин күйөөсү да.
-жок досум, сен адашып калдын. Жанараны кызганбайм, мен сага башка кызды айтып жаткам, ал кыз кече көчүп кетти батирден.
-Ким? Жанара эмеспи? Андан башка да кыз бар беле батирде?
-Бар эле, сенин көзүң Жанарадан башканы көрбөй калган го. Сенин Жанарандан да ажарлуу кыз бар эле, мен ошону айтып жаткам.
-Ай сен жинди болуп калгансын го. Сен деген тиги муздай каткан "кардын ханышасын" айтып жаткансын го. Кой досум, ал болбойт.
-Эмнеге? Азат чындап эле кызыга сурады.
-Ал экөөбүздүн теңибиз эмес. Албетте сен мен эмессин, биринчиден бойдоксун, кийин депутаттын иниси деген наамын бар. Бирок ал кызга "иниси" деген эмес "депутаттын өзү" деген наам керек. Жок эле дегенде ушул шаарда өзүңдүн батирин болуусу кажет.
-сен кайдан билесиң? Балким ал эң жөнөкөй адамдыр.
-болушу мүмкүн эмес. Ошондой сулуукту бекерге кармата бергендей эмне сага? Сен ойлогондой болсо, жок дегенде бирибизди көзүнүн кырынан болсо да карап коймок. Маңдайынан чыга калсаң дубал көргөндөй үнсүз өтүп кетет, адамсынбы да дебей.
-Ошондойбу? Менимче ал кызды кыйнаган бир маселе барга окшойт, жан дүйнөсү эзилип жүргөндөй.
-Сен аны менен суйлоштунбу? Ал сага бир деме дедиби?
-Ошондой десе да болот, болгону ал сөзү менен эмес көзү менен сүйлөдү.
Заман досунун чын көңүлдөн сүйлөп жатканын көрүп ундобой калды. "Экөөнүн окшош жактары бар экен чын эле, кыйынчылыкты жакшы көрүшкөн. Ушундай адамдар издешпей табышат өзү. Кантип мен ал жагдайды байкабай калдым", деп ойлонгончо басып баратты.
Азат да башка үндөгөн жок, досунун ооз ачпаганына караганда бул жолдо ага жардам бере албайт. Батирге киргенде да экөө ундобой тамактанып жатып калышты. Жууркандын ичине киргенде гана Азат өз ойлоруна эркиндик берип, Айжана тууралуу ойлоно баштады. "Ал азыр кайда болду экен?" Тиги Жанара менен учурашкан кишини дегеле Айжанага жакындата албай жатты. Ал бир жээкте болсо Айжана экинчи жээкте тургандай, ким болсо болсун бирок тиги киши эч эле Айжананы коштогон адамга окшошпойт. Бирок батирдеги аялдардын сөзүнө ишенбейин десе бүгүн Жанара ал кишинин өзү менен ал тууралуу суйлошподубу.
Москвага келген күндөн ар сар ойдо жүргөн үйүнө кеткиси келип. Аны бул шаарда бир гана агаларынын алдындагы намысы кармап турган болсо эми дагы бир себеп бар, Айжананы табуу. Ал кызды таппаганча кетпейт. Өзүнө өзү ушундай убада кылды. Тапканда эмне кылат ал экинчи маселе, башкысы аны табуу керек.
Анын акыркы максаты ушул болуп, көчөдө көздөрү Айжананы издөө менен алек болсо, акылы ал жөнүндө ойлоп, жүрөгү анын элеси менен жашап жатты.
Азаттын бул көрүнүшү Жанаранын үмүтүн өчүрүп, максатынан тайдыра алган жок. Ал өзү ойлогондон да күчтүү экен, каалаганына жетүү үчүн керек болсо аялдык намысын жыйыштырып эч ким болууга да даяр тура. Азаттын ар бир сөзүн кунт коюп угуп, күндө эрте менен кофесин узатып бир столдо олтурат. Азат болсо анын кылгандарын байкабагандай Айжана тууралуу сүйлөгөндөн, ойлогондон чарчабайт. Жумушка барып келип гана жүргөнү болбосо кантип иштеп жатканын өзү дагы түшүнбөй эле жашап жүрөт.
*****
Айжана Эркиндин бардык бараар жерлерин, уул, кызынын окуган жайларын, жубайынын ким экенин изилдеп тактап, кыймылды эмнеден башташ керек экенин ийне жибине чейин пландап бүткөнгө чейин бир кыйла убакыт өтүп кетти. Ал Эркиндин качандыр өзү сезген сезимдерди сезип, ааламы антарылып, өмүрүнүн акырына чейин өчүрө алгыс өкүнүчкө бөлөнушун каалап жаткан. Алгач анын жубайын кордоп, алсыздык кандай болоорун, кордолгонун бир азап, ал үчүн элден жашырынып корунганын андан өткөн азап болуп жашоо кандай экенин коргозгусу келген, бирок ал Эркиндин жүрүм турумун байкаштырган соң ал оюнан баш тартып кетти. "Жоок, сен үчүн ал аздык кылат. Менин атама тартуулагын келген жашоону өзүнө тартуу кылам" деп кекенип алды.

#19 17 Октябрь 2019 - 19:56
Эркин жубайы кордолсо күйүп жангандардан эмеске окшойт, куру намыс деп тилин тишине басып жашоосун уланта берет же эң оңой жолу жөн гана аялы менен эки ажырым жолго түшүп кетет. Бирок өз канынан жаралган кызын анте албайт.
Айжана мыйыгынан жылмайып алды, "эл укса уят, бир кызын коргой албаптыр дебейби, эл аралап баскыдай бол сен ата эмессинби" деген сөздөрдү батыраак эле айткысы келип. Бирок эч кимди катыштыргысы келбей жатты бул ишине, дагы да болсо жүрөгү такыр олбогонго окшойт, күнөөсүз адамдардын жапа чегуусун каалабай турат. Кийин башка адамдар аралашса иш кынтыксыз бүтпөй калышы да мүмкүн. Ойлонуп жатып ойлору чаташып баштаганда ордунан туруп күзгүгө келди. Көпкө өзүнүн келбетине карап туруп "мен сулуу гана эмес күчтүү да аялмын, бул аялды кордогонго эч кимдин акысы жок. Убагында жаңылып мени суйлогус кылгандар өздөрү өз күнөөлөрүн сайрап беришет" деп оозун кыбыратып өзүнө өзү убада берип турду. Чынында ал ушул күнгө чейин өзү жөнүндө ойлонбоптур, жаш кезинде ата энеси каалагандай кыз болууга тырышты, ал үчүн өзүн курмандыкка чалып алардын эл арасындагы аброюн ойлоп өз намысын коргой албады. Кийин Арманды сүйдү, ал үчүн жашады, анын кубанычын гана ойлоп кам көрдү. Турмушка чыкканда жолдошунун ыраазычылыгы үчүн гана жашап, ал каалагандай аял болууга тырышты, өзү каалабай турса да ыңгайсыз көйнөктөрдү кийип сулуу болуп жасанып эң бактылуу айымдын ролун аткарып оозун кере жылмайып, жанында коштоп жүрдү. Алдын ал ушул кылгандарын туура деп эсептеп жүргөн экен. "Ар ким өз жашоосунда гана жашоосу керек, башка адам жашоосун сага тартуулап кетсе да анда жашай албайсың" дечү эмес беле, көрсө өзү ушунун баарын так тескерисинен аткарып жүргөн турбайбы, өз жашоосун башкаларга арнап. "Эми баары башкача болот" деп чемоданын антарып эң астында жаткан, башка кийимдерине кошуп чыгарып илгичке да илбеген кара койногун сууруп чыкты. Бети башын туздоп боенуп, кара койногун кийип кузгунун алдына келди эле андан көрүнүп турган кыздын элесине суктанып көздөрү жайнай түштү. Көптөн бери мындай кийине элек, анан калса бул ирет бирөөлөрдүн каалоосу менен эмес өзү ушундай келбетти тандап жатат. Колуна жука кара кол кабын тагынып кичине кара сумкасын көтөрүп алып сыртка жөнөдү тамактанууга. Ал узакка деле аттанган эмес, мейманканын жанында эле өзү жакшы көргөн ресторанга кирип келген. Бул жерде кечинде дайыма адам көп боло турган, азыр да ошондой экен. Айжана босогону аттаганда эле өзүнө кадалган көз караштарды байкады. Аларды туура түшүнсө болот, мындай кийимди, эшикте саратан экенине карабай кол капты Европалык гана айымдар кийет эмеспи. Бирок бул көрүнүш Айжананы чочутмак турсун жагып жатты, сагынган экен жолдошу менен жүргөн кездегидей көңүл чордонунда болуп жүрүүнү. "Кызык" деди ал оюнда, "эмнеге мурун мындай учурду баалабадым экен.
Аңгыча алдынан тейлөөчу жаш жигит утурлап чыга келди.
-Кош келдиңиз. Сизди күтүп жатышабы?
-жок, деди Айжана жигитке карабай туруп.
-стол айтылганбы?
-жок.
-Бизде столго алдын ала буюртма алынат.
-билем.
Айжананын кыска жоопторунан кийин жигит эмне дээрин билбей туруп калды.
-мен азыр гана ушул жайга келгим келди, деди Айжана.
-бирок… деп сөзүн улай албай туруп калган жигитке жардамдаша,
-бирок, каалоо болуп жакшылап аракет кылса баары мүмкүн да ээ? деди, жанда жок жароокер жылмаюсун тартуулай. Мындай суранычты эч бир жан аткарбай коё албаса керек.
-Азыр эки мүнөт күтө турсаныз.
Тейлөөчу жигит кыздан жооп күтпөй эле артка бурулуп бат баттан басып кетти.
Өзү айткандай эки мүнөт болбосо да көп куттурбой кайра келип,
-журунуз айым, деп колун жаңсай ичкери ээрчитип кетти.
Бул жайда көбүн эсе байлар, чоң столду ээлеген картан кишилер менен жаш кыздар эс ала турган. Орто жашоодогу адамдар өздөрүн мындай эркелете алышпайт. Тамактардын даамынын өзгөчөлүгүнөн тарта тейлөөгө чейин эң жогорку деңгээлде, наркы да ошончо.
Айжана столго келип отуруп жатып көзүнүн кыры менен айланадагы көз караштарды байкай алды. Аны күзөтүп отургандар көп, дээрлик бардык столдогу эркек аялдар. Бул дегени ал жыйырма сегизге кирип калса да сыны он сегиздеги секелектикиндей сакталган. Буюртма берип күтүп олтуруп адамдардын арасынан ага маани болбой өздөрүнчө бир столдо отурган жуптарга көзү түштү. Алар бул кеченин аягын күтпөй, учурдагы абалдан ырахат алып жатышкандай, "демек чыныгы суйушкондор" деп ойлоп койду. Жан дүйнөсүн бир азга болсо да кубаныч ээлеп, чыныгы сүйүү бар экенине ишенгиси келип жүрөгү тыбырчылап алды. "Жок" деди кайра, азыр бул жайда эмне себептен жалгыз отурганын эстегенде, "байкуш кыздын өңү сулуу тура, ошол сулуулугунун азабын гана тартып олтурат. Маңдайындагы жигиттин оюнда эмнелер жатканын ал байкуш кайдан билсин, ал анын өзүн эмес денесин каптап турган жылмакай терисин сүйүп отурганын билбейт да. Эртең алдагы күлмүндөгөн көздөрдон дайын калбай куну очот, сулуулугун миң ирет жээрип, башкалар анын терисин эмес жан дүйнөсүн суйушун каалап канча көз жаштарды тогот" деп кыжынып алды.
Кайдан да аларга көзү түштү эле, эң жакшы маанайын бузуп. Эми эле айтылган буюртмаларын күтпөй ордунан турду, табити эч нерсеге тартпай турса тамагынан эмне өтмөк эле. Капчыгынан жүз доллар сууруп чыгып столдун үстүнө койду да басып кетти. Жанына жаңы жетип келген тейлөөчу түшүнбөгөн бойдон кала берди, көтөрүп келгендерин столдун үстүнө жаюну же жайбоону билбей.
Мейманканага жетип өз бөлмөсүнө кирээри менен бут кийимин бир жакка, сумка, кол кабын экинчи жакка ыргытып, чачындагы туймогун чечип эле керебетке сулк кулады. Колдору титиреп кадимкидей кыжырынып жатты. Кимге? Балким ал өзүнө көңүл болбой койгону үчүн ошол эркеккедир. Алдын мындай абалга келчүү эмес. "Эмне болуп турам?" деди ал өзүнө кыйла убактан соң. "Батыраак кыймылдашым керек. Ооба ошентпесем мында кыйналган кыздарды көрүп жашай албайм".
Башка улуттагы кыздарды көргөндө мынчалык болчу эмес. Себеби аларды өзүнө салыштырбайт эле, алар өз максаттарын билген, керек болсо жанындагы эркекти да алдап коё ала турган кыздар болчу. А жанагы көргөн кызды өзүнүн качанкы баё кезине окшоштуруп жиберди. Көздөрү толо сүйүү, кубаныч. Анын эртең мунун баарын жоготкондогу абалын элестетип жиберди көрүнөт.
Түндү араң өткөрүп, таң эрте туруп оозуна наар да албай мейманканадан чыгып, өзү ижарага алып айдап жүргөн унаага отурбай, телефондон да айттырбай жолдон такси токтотуп кайдадыр шашылыш жөнөп кетти.
Кабылдамада олтурган жаш жигит, үч аптадан бери мында жайгашып жашап жаткан, кээде гана мейманканадан сыртка чыкпаса дээрлик өз бөлмөсүндө олтурган Айжананы дайым күзөтүп карап турчу. Анын эмне менен алектенгенине да кызыкдар эле. Кыргыз кызы, бирок Кыргызстанга бөтөндөй болуп бөлүнүп турганы, анча мынча гана адам көтөрө ала турган кымбат мейманканада узак убакытка жашап жатканы, сулуу жүзү, баскан турганы, өзүн алып жүргөнү, баары ага кызык. Азыр да анын эч нерсеге көңүл бурбай шашылыш чыгып кеткенин көрүп, карап калды. "Чын эле эмне менен алектенет болду экен. Эч ким бул жайга аны издеп келбейт. Сыртта да бирөө менен жолугуп бир жумуш бүтүргөнго окшобойт, кандай чыкса ошондой бат кайра мейманканага кирип келет" деп өзүнчө ойлонуп кала берди. Бирок бул ирет ал күткөндөй бат эле кайтпай, Айжана кечке карай гана мейманканага кирип келди. Өңү чарчанкы, келбети кубарып турса да маанайы ачык.
Өзүнө карап турган жигитке карап ууртунан жылмая салам берип кирип кетти. Качан гана өз бөлмөсүнө киргенде шалдая керебеттин үстүнө отуруп калды, чынында аябай чарчаптыр. "Чайканып чыгып эс алайын" деп ойлоп койду, эртең көп иш бүтүрүүсү керек.
Түндорду ойдун кучагында өткөрүү Айжана үчүн адаттагы эле көрүнүш. Ошентсе да эрте менен көзүн ачуу кыйынга турчуу эмес, бүгүн болсо денеси оорлошуп көзү ачылбай көпкө жатты керебетте. Башка күн болгондо балким турбай түшкө чейин жатмак, бүгүн андай кыла албайт. Көзүн ачпай туруп баш жакта турган телефонго колун созуп кабылдамага телефон чалды.
-мага кара кою кофе айттырып коюнузчу.
Көп өтпөй ал ордунан туруп улгурбой эшик такылдап, айтылган кофеси жетип келиптир. Жакшы болбодубу, уйкусун ачып ысык кофени уурттап алып кийин кыймылга киришет. Чыныны колуна алып, сыналгыны басканча келип столго отура кетти. Бул жерге келгени бир гана кыргызча каналдарды көрүп жаткан, өлкөдө болуп жаткан жанылыктардан кабардар болуп туруу үчүн. Азыр да сыналгыны басаары менен даяр турган "КТР" каналы жанып, бет кабы эч бир озгорбогон, жаман кабар менен жакшыны сүйлөгөндө да көз ирмебей бир калыпта отуруп алып сүйлөгөн орто жаштагы адам акыркы кабарлар менен тааныштырып жаткан экен. Сөзүн акырлап баратып Жогорку Кеңеште эмгектенген Эркин Макеевичтин алты жашар кызы кече күндөн бери жок болуп издөө жүрүп жатканын айтып, жалпы жарандарды издөөгө жардамдашууга чакырып өттү.