Эми теманы жайлоонун жерлерине бурдум. Кайра эле ошол маселе сыяктуу. Бүгүнкү күндө Айыл четиндеги же шаар четиндеги бош жерлерге ээлик кылып керек болсо мыйзам чегинде менчиктештиргендер көп. мындай жол менен бир эле адам канчалаган гектар жерлерди менчиктештирген учурлар да кездешет. БУл жерлерди кийин мамлекет кайра өз балансына ала алабы??? албетте заман тынч болуп жашоо уланса, убагы келип ошол жерлер да чек катары берилиши мүмкүнбү???
Баракча 1 - 1
Жайлоодогу менчиктештирүү Кайра эле жер маселеси
#2 03 Сентябрь 2015 - 15:16
Жаныдан тема ачып отурбай ушул жактан суроо берууну туура кордум. Жоопкерчиликтуу кызматкер бул теманын автору берген суроого жооп берип жатып менин да суроомду жоопсуз калтырбаса экен деген умут менен... Мындан 3 же 4 жыл мурун шаардык мэрияга турка-уй салуу учун жер тилкесин берууну суранып, арыз менен кайрылганмын.
Арызга керек документтердин баары тиркелген. Кыскасы бош жаткан участка да даяр. Бирок, мэрия токтом чыгарып бербей жатат. Анткени, менин кезегим келе элек экен. Буга деле макул дейин десем кечээ арыз бергендер бугун жер тилке алып жатса, анда эмнеге коп жыл мурда арыз берген менин кезегим келе элек деген суроо туулат. Анан да Рахматуллаев Жалалидин аттуу мэрия кызматкери жер тууралу жобого таянып жатканын белгилейт. Дагы бир суроо: жер боюнча иш алып баргандар учун жобо негизги мыйзамбы же жер кодексиби? Баса мен Баткен областынын Кызыл-Кыя шаардык мэриясына кайрылганымды созумдун башында жазбай кетиптирмин.
..
Жалдырап жолун тосуп келем сенин,
Жанымдын жарымы бол жан эрмегим.
Жаштыгым озунду энсеп отуп барат,
Жалгызым кайдасын сен, издетпегин.
Жанымдын жарымы бол жан эрмегим.
Жаштыгым озунду энсеп отуп барат,
Жалгызым кайдасын сен, издетпегин.
Баракча 1 - 1