Shanson Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Кыймылы жок
- Билдирүүлөр:
- 1 050 (0,25 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Спорт (307 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 08 Апрель 13
- Кароолор:
- 64 193
- Соңку аракети
- 06 Июн 2023 07:55
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Активист
- Жашы:
- 39 жашта
- Туулган күнү:
- Август 5, 1985
- Кызыгуусу:
- t.me/el_crypto_trade
- Жынысы:
- Эркек
- Калаасы:
- Бишкек
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- Жашыруун
- ICQ:
- @el_crypto_trade
- Yahoo:
- Jogordogu_instagram
- Skype:
- t.me/el_crypto_trade
Мага баш баккандар
Мен ачкан темалар
-
Андроиддеги рекламасы жок программал (Pro версиялары)
Жазылган күн: 16 Фев 2021
Салам, эл-журт.
Бул жерде андроид ОС де иштеген телефондордо орнотулчу программалардын Pro версиялары тууралуу маалымат бере кетейин.
Көпчүлүк учурда, тагыраак айтканда, программалардын басымдуук бөлгүгүндө, дээрлик бардыгында реклама деген балакет бар. Мисалы, Ю_ту_Б_ду ачып бир кино, же ролик, же клип, же жаңылык көрөюн десең сары бөлүкчөлөрү пайда болуп улам реклама чыга берип тажатат.
Инстаграмда деле улам 5-6 посттон кийин рекламный посстор чыгып алаксытат.
Фейсбукта дагы ошол көйгөй.
Бул приложениелердин Pro версиясында ошондой жадаткан рекламалар алынып салынган.
Бул бир.
Экинчи нерсеси.Вотсап жана Инстаграмда бирөөнүн сторизин көрүүнү чектей турган мүмкүнчүлүктөр ошол приложениелердин Pro версиясында бар.Мисалы, инстаграмдан бирөөнүн сторизин көрдүң. Бирок, ал адам именно сенин ал адамдын сторизин көргөнүн билбешин каалайсын . Ушундай маалда Instagram дын про версиясы жардамга келет.
WhatsApp тууралуу да ошондой.
Вотсаптын Pro версиясын колдонуп туруп элдердин сторизин тымпыйыыып көрө берсең болот.
Ошондой эле Вотсапта бирөө бир сообщение жазып туруп өчүрүп койгонун же статус киргизип туруп өчурүп койгонун шашпай көрө берсең болот.
Бирок, ал нерсени айтпаш керек.
Ушундай программаларды бир телеграм каналга киргизип, улам жаңысы чыккан сайын жаңыртып турам.
Каалайсыңарбы?
Шилтемесин калтырайын.
P.S. ойлоп жүрбөгүлө сатылат экен деп. Ооба, негизи сатылат андай про версиялар. Бирок, только сооп үчүн иштеген программисттер бепбекер эле модифицировать этип коюшуптур. Бекер эле скачать этип телефонуңарга орнотуп колдоно берсеңер батаңарды мага бересиңерби деген эле ой. -
Тренингдер тууралуу
Жазылган күн: 6 Июл 2018
Бул жерде тренингдер тууралуу сөз козгосок.
Тренингдер максатына жетеби? Тренинг өтуп аткан адам (коуч деп койот экен го) эмне максат менен тренинг өтөт? Кандай тренингдер бар Бишкекте? Кайсысына бардыңар эле жана эмне сабак ала алдыңар? Алган болсоңор жашооңордо колдондуңарбы?
Мен өзүмдүн пикиримди кечираак жазайын.
Эме, атайы издедим. Мындай тема жок эке -
Бөбөктүн ылдамдыгы
Жазылган күн: 9 Апр 2018
Бөбөктүн ылдамдыгы менен жашоо
Бала бакчага чейинки жол жарым саатка созулат. Ал эми кайра кайткан жол дээрлик бир жарым саатты алат. Багыт ошол эле, ал эми ылдамдык такыр башка… Баратканда жумушка шашкан, бир нерсени пландаган, оюу ар кайсы жакка чачыраган ата-эне.. Бирде чуркап, бирде желип, айтор, тез эле кирип бармай. Ата-энесинин шашып атканын сезген зирек бала да ошол ылдамдыкка көнүп калган. Бир нерсеге алаксыганга, эркелеткенге, сүйлөшконгө деле убакыт жок. Анткени, тегерек чекеси шум болуп жаткан шаардын ичинде бөбөктүн үнү менен айтылган сөздү угуу үчүн токтоо керек, эңкейип, бөбөктүн не дегенине кулак салу керек. Ал эми ылдамдыкты азайтуу жумушка кечигүүнү билдирет. Бөбөк да ушул нерсени сезгендей унчукпай ошол ылдамдыкта бакчага барат. Ал эми келе жатканда шашпай бөбөктүн ылдамдыгы менен илкип кайтмай.
Бөбөктүн ылдамдыгы демек – бул чөптөрдүн арасындагы көпөлөктөрдү аңдуу, кумурскалардын уюгун, парковкадагы кызыктай бир маркадагы унааларды кызыгып кароо. Буларды жана башкаларды бөбөк гана кызыгып байкайт. Ал эми чоңдор үчүн мындай нерселер кызык деле эмес да.
Бир күнү бөбөктүн апасы бала бакчага келип баласын кум дөбөнүн четинде бир чоң ташты эки колдоп кармап турганын көрдү.
- Апоу, карачы?! Кумду казып, казып могундай бир алтын таш таап алдым. (таш сары өңдө экен эле) Сонун, э?
Апасы баласынын колундагы ташты көзү менен ченеп атты. Салмагы бир килограммдай чыгат го...
- Ооо! Кандай чоң алтын таш! Кечке казсаң керек?
- Ооба, аябай узакка каздым!
Бөбөк эбегейсиз баасыз олжосун колуна кармап тарбиячысынан кеткенге уруксат сураганы жөнөп калды.
- Эмне, ушул оор нерсени үйүңө алып кетесиңби?, - деп кызыгып калды ал.
- Албетте! Күнүгө эле ушундай казына таап алып жатыпмынбы? Атама көрсөтөм. Сүйүнөт го!
Апасы тарбиячыга байкатпай көз кысты.
- Ооба, көрсөт. Кубант атаңды.
Анан жолдо баратып бөбөк таяк таап алды. Мындай таякты кайсы гана бөбөк болбосун таштап кете албайт. Узун, калың, колго да жакшы отурат. Бирок, талаш маселе – казына менен таякты кантип бирдей алып кетүү керек?.. Алтын таш чоң, ансыз да эки колдоп көтөрүп баратат. Ал эми таякты да таштап кетишке болбойт. Бөбөк ташты жерге таштап таякты алып аны менен жакын жердеги көлчүктүн тереңдигин ченеп кирди. Анан тосмону ургулады. Оо, бекем, сынбай турган таяк. Таякка жөлөнүп бир канча жолу секирип да көрдү. Керектүү таяк! Таштаганга болбойт!
Таякты жерге таштап ташты эки колго алды. Таяк жерде калды. Ойго батты.. Ичинде ойлоп атты окшойт “таштасамбы же алып кетсемби” деп. Акыры кыя алган жок. Керектүү таякты таштап кете бермек беле? Эртең алып кетсечи?. Ага чейин башка бирөө илип кетет го... Ташты айлантып колтугуна алып эптап колу менен кармап, сол колуна таякты алды анан кызарып-татарып. Чынында олдоксондук пайда болду. Апасынан жардам сураганга болбойт. Атасына “өзүм алып келдим!” деп айтышы керек да?.. Апасы да аны сезгендей баласы бул ал үчүн татаал кырдаалда өзү чечим чыгарсын деп мыйыгынан күлүп унчукпайт. Бул анын чечими, анын тандоосу! Тарбия ушундайдан башталат эмеспи... Тек, баратып, жолдон өтүп атканда таяктын бир четинен кармап жардам берди.
Жолдон өткөндө узундугу 40-50 метр келген бир дөңгөч бар. Ал дөңгөчтүн үстүнөн басып өтпөсө болбойт. Өзүңөрдү эстесеңер, жолдон ошондой нерсе жолуктурганда (3-5 жаш убаңыңарда) жөн өтүп кетчүңөр беле? Бала ал жерге чыкты, апасы таяктын бир учунан кармап, сак-сактап баратты.
Андан өткөндө бала жолдон көгүчкөндөрдү байкап калды. Алар ресторандын жанындагы фонтанда киринип атышкан. Бөбөк таш менен таякты жерге коюп, өзүнчө мыскылдап алды: “Ха, куруучулар фонтан кылдык деп ойлошкон, а, чынында көгүчкөндөр үчүн ванна болуп калыптыр! ”. Өзү үйдө ваннада кирингенди адат кылып алган.
Акыры үйгө олжолорду көтөрүнүшүп жетип келишет. Ылдам басык менен жарым саат убакыт алчу жол кайра келатып бир жарым саатты алат. Бирок, бул баалуу убакыт. Апасынын баласы менен өткөргөн убакыты. Бөбөктүн ылдамдыгы менен жашоо демек, асмандын өңүн байкоо, көчөнүн жытын, көгүчкөндөрдүн кирингенин, кумурскалардын кандайдыр бир курттарды уясына көтөрүп баратканына баам салуу. Ошондой болбогон нерселерге таң калуу, жөнөкөй нерселерге сүйүнүү жана Жашоонун өзү керемет экенин сезе билүү...
Бизге кээде ушундай жөнөкөй нерселерди сезе билүү жетишпегендей. -
Жаңылыктар
Жазылган күн: 20 Мар 2018
Мурда смартфон колдоно электе жаңылыкты жумушка келгенде окучу элем - жарым сааттай.
Азыр жолдо баратып окумай.
Адат болуп калган.
Саясий, экономикалык, спорт жаңылыктары, анан да азыр дүң болуп жаткан кабарларды тыкыр иликтеп турбасам да бир көз жүгүртүп окуп кетмей.
Силерде кандай?
Кандай жаңылыктарды көп окуйсуңар? Жана эмнеге?
Жаңылыктар силерге кандай таасир тийгизиши мүмкүн же жардам бериши мүмкүн? -
Форумдаштар, сүйүнчү! Бүгүн биздин үйдө..
Жазылган күн: 16 Май 2016
"Ата-энелүү чоңойсун! Сен эле сыймыктанган эмес жалпы журт сыймыктанган уулдардан болсун!" деген куттуктоо жакты баарынан дагы.
Силерден кандай куттуктоолорду күтсөм болот?
Эме, эмне жөнүндө куттуктоо себебин да жазып кетейин, унутуп калбай - Алланын амири менен биз дагы уулдуу болдук!
Азыр жаман уулубуздун жытына, ыйына, күлкүсүнө тойбой турган чагыбыз.
Ылайым эле баарыңарды перзент жытына мас болуп, үй-бүлөлүк бакытка жетишиңерге тилектешмин.
Алдын-ала ыраазычылык куттуктагандарга.
Комментарийлер
Shanson
09 Ноя 2021 - 21:19cholpon119966
26 Янв 2019 - 22:40Shanson
08 Дек 2018 - 22:05