Ошол күнү сага жолукканым эч качан эсимден кетпейт. Кошунаңдын огородуна кирип алганбыз. Кучагыма кысып, ааламдагы эң бактылуу адам болуп, жашоо ошол түн менен токтоп турса экен деп кыялга батып турдум. Назик эриниңден өпкөнүмдө сага ыраазычылыгымды кантип билдирээримди билбей жаттым. Ошол учурда сенде кандай сезимдер болду экен деп күнү бүгүнкүгө чейин ойлоном. Аны убагы келгенде бетме-бет отуруп айтаарсың.
Эсиңдеби, классташың менин каттарымды сага жеткирип турчу. Бирок ошол каттарга бир дагы ирет жооп берген эмессиң? Балким жактырчу эмессиң? Балким улуу деп мени теңиңе алчу эмессиң. Андан бери канча жыл өттү. Айылдагылар айткандай "жапжаш жүргөн Дөпө картайды" . Азырчы? Үй-бүлөсү бар деп качасыңбы? Ал менин теңим эмес деп качасыңбы? Эмне себептен жолуккуң келбей жатканын билгим келет.
Сага эч кандай жаман оюм жок. Сен дагы кайын журтуңа абийириң менен барышың керек. Менин үй-бүлөлүү болгонумдун бир жакшы жери ушул теманы бойдок балдарга караганда жакшы түшүнөм.
Болгону сени менен жолугуп, сүйлөшүп, сулуу жүзүңдү тойбой кайра-кайра карап, жибектей назик колдоруңду кармап, жумшак бетиңден жыттап, эрдиңден өөп отургум келет. Сулуушкам менден качпачы.
Билдирүүнү түзөткөн: Ali_Bolotbek: 07 Август 2017 - 14:42