"Өнөрүң болсо өргө чап" (сынак үчүн)
#1 04 Июнь 2013 - 02:35
Ал эми 3-турдун шарттары.
Ар бир катышуучу өзүнө ыңгайлуу шартты тандап, кааласа ыр,кааласа жомок, кааласа аңгеме, тамсил, новелла жаза алат. Убактысы 10 күн, 3 гана билдирүү!
Ийгилик сиздерге жар болсун!
#2 04 Июнь 2013 - 09:07
Сериалым
Көздөй жөнөйм күн сайын жетине албай,
Көңүл дегдеп, көрсөм деп сезим арбай.
Күлүп жайнап чыгасың тээ бир кезде,
Көп күттүрүп башталган сериалдай.
Калтыратып сүрдөтүп затың дагы,
Камдап алган сөздөр жок акылдагы...
Жарымына келгенде сериалдын,
Жарнамадай апаңдын чакырганы! ...
Тоодон чыккан ай болуп затың дагы,
Толкундоолор сезимде басылбады.
Аягына келгенде сериалдын,
Ай, ушу ай, апаңдын чакырганы! ...
Алоолонуп отуңа жандым жаным,
Азыр дагы үйүңдүн алдындамын.
Сен чыкканча сырдашчу күчүгүңө,
Ташып бүттүм үйдөгү нандын баарын.
Жан сырымды айтайын эми баарын,
Жашайт өчпөй сүйүүмдүн деми дайым.
Керек болсо саат эмес кылым бою,
Күттүрсөң да тажабайм сериалым!
#3 04 Июнь 2013 - 15:21
Бир үйгө, жер жүзүнө нурун чачкан,
Аялзат, кандай жансың, бир сыр каткан,
"Окулуп бүтпөй калган китеп" дешип,
Акылмандар баш катырып, таңдар аткан.
Аялзат, сен улуусуң асыл таштан,
Жазылган бир сен үчүн нечен дастан,
Тукумун адамдардын курут кылбай,
Келесиң сен көбөйтүп бир керт баштан.
Чырай жүздүү, эң назик аялзатын
Кезиктирип, окуйбуз биз тарыхтан,
Каныкей, Жаңыл Мырза, Кызсайкалдан,
Сестенип, качкан дешет далай душман.
Эч баа жеткис аялзаттын арасынан,
Боорукери, мээримдүүсү менин Апам,
Ал жылмайып, жүзүмдөн сүйкүм өпсө,
Жарк дей түшөт , бүркөлгөн кара асман.
Үйүбүздүн төрүндө шамдай жанган,
Отурат, ал кең пейил сулуу адам,
Беш балага жашоодон орун берип,
Келе жатат талыкпай таштап кадам.
"Чүрпөлөрүм ооз тийип калсынчы" деп,
Сактап коёт, даамынан ар бир таткан,
"Эненин турган жери - бейиш" дешет,
Өпкүлөөрмүн, изиңди ар бир баскан.
Ак сүттү актаганга мезгил жетти,
Тийсе экен менин деги сизге пайдам,
Сиз бар үчүн бул жашоодо мен да бармын,
Эч оорубай жүрүңүзчү Алтын Апам!
Аруу тилектер...
Оо Кудай! Кудуреттүү пенде башчы,
Бүт ааламга бакыт жана тынчтык чаччы
Бербегин оору-сыркоо жоготууну,
Көтөрсүн ар бир пендең жерден башты.
Ата-эне болсун дайым төрүбүздө,
Чумкуп турсун сый деген көлүбүздө,
Оорубасын өздөрү да, көңүлү да,
Жарык чачсын биздин куттуу үйүбүзгө.
Бир туугандар бири-бирин сыйлап турсун,
Ар бири ынтымактуу бүлөө курсун,
Ар үйгө ырыс жана бейкут орноп,
Наристенин күлкүсү чыгып турсун.
Кыз-жигит түшүнүшкөн жардан болсун,
Жашоолору таттуу, ширин балдай болсун,
Эл суктанып, сыймыктанган жаштар болуп,
"Ынтымактуу үй-бүлөө" атка консун.
"Ала жипти" аттаган эч болбосун,
Андай болсо, бул жашоодо ал оңбосун,
Канча чуркап, тытынса да бул жалганда,
Мелт-калт болуп "кут чөйчөгү" эч толбосун.
#4 04 Июнь 2013 - 17:17
Менин олком Кыргызстан,
Ата Бабам жашаган,
Канчалаган баатыр чыккан,
Мекенибиз Кыргызстандан.
Кыргызымдын желбиресин желеги,
Ынтымактуу жашай берсин кыргыз эли.
Мындан мурун Ата Бабам жашап келген.
Урпактарга ушул бойдон биз берели.
Эр намыстуу кыргызымдын жигиттери.
Абийирдуу кыргызымдын кыз келини.
Канчалаган кучтуу кучтуу жоо келседа.
Бир жолуда женилбеген кыргыз эли.
Каныкей сымал акылман,
Аялдар чыккан кыргыздан.
Токтогулдай комузчу,
Акындар чыккан кыргыздан.
Кыргызымдын Ысык-колу бермети,
Кумторундой берекелуу алтын кени,
Ошто жатат суналып Сулайман тоо.
Бул али Кыргызстандын бир чекеси.
Бишкек болот Кыргызстандын борбору.
Биз биригип Кыргызстанды коргойлу.
Алыс жакын, Тундук Туштук болунбой.
Биримдекте, ынтымакта бололу.
Ошто шаншыйт дабышы Акбууранын.
Жалбырагы жерге тиет Мажурум талдын.
Мекендин туштугундо жайгашкан,
Бишкектен кийинки борбору Кыргызстандын.
Оштон нары отсон турат Жалал абад.
Аны кооздоп турат дайым Арслан-бап.
Ары отсон орук зарлуу Баткени бар,
Аларды бийик тоолор курчап турат.
Кыргызстандын кооз жерлери Таласта,
Чыккан дешет тайманбаган Манас да.
Тоолу аймак эсептелет Нарын жери.
Нарын менен сыймыктанат Кыргыз эли.
Улуттук тамак бешбармак,
жеген сайын адам ага тамшанат.
Дуйнодо жок Кымыз деген суусундук.
Ичсен аны куч кубатты ашырат.
Мукам ундуу кыргызымдын комузу.
Мээ сергитет комузумдун добушу.
Уккан сайын уккунду эле келтирет,
Комуздан чыккан мукам ундуу добушту.
Биздин мекен бейиштин накта озу.
Жерде калбайт карылардын айткан созу.
Ар нерсеге дал келген макалдар бар,
Карангыда жол табат кыргыз козу...
адаттан-муноз
муноздон-тагдыр жаралат
#5 04 Июнь 2013 - 19:30
Оруссия борбор шаары Москва,
Эң жогорку окуу жайы коп тура.
Дунуйонун төрт бурчунан келишип,
Билим алып жаткан жаштар толтура.
Бул окуя мындан коп жыл илгери,
Болуп откон, анда Союз мезгили.
Москвадан билим алуу максатта,
Келди Кемел, аттуу кыргыз жигити.
- Ниет кылып келген окуу жайыма,
Жеттим мына калды сынак тапшыруу.
Жолум болуп отуп калсам окууга,
Менден откон адам болбос бактылуу.
Деген куру кыялдарга алданып,
Чардайт байкуш озунчо эле мактанып.
Кубанычтан жанын коёр жер таппай,
Журду жигит оз бакытын тапкансып.
Кирген болчу бир чоң китепканага,
Козу тушту бир жигитке арт жакта.
Окуп жаткан китеп бетин барактап,
Окшош экен ошол жигит кыргызга.
- Жакын барып сурайынчы улутун,
Кыргыз болуп калса болмок эң сонун.
Эгер ал да окуу жайга тапшырса,
Чогуу журор кыргыз достуу болормун.
Кыргыз тили менен берип саламды,
Алгач болуп Кемел созун баштады,
- Салам тууган, кыргызсынбы деги сен?
- Албетте дос. Мен да кыргыз баласы.
Оо мекендеш, кандай сонун керемет,
Куткон жокмун кыргыз жолуктурам деп.
Таанышалы Кемел болот ысымым,
- Сеникичи?
- А меники Адилет.
Алыс жерде жолуктурсан кыргызды,
Бир туугандай корунору чын тура.
Уясына кунду дагын батырды,
Сейил бакта кечке чейин кеп кура.
Кемел Оштон а Адилет Токмоктон,
Бирок булар кулундары кыргыздын.
Болуп калды ажырашкыс достордон,
Колдоп таяп аянбастан жардамын.
Коптон куткон сынак дагы башталып,
Кемел келди кундогунон шаттанып.
Кутуп турган экен досу Адилет,
Анын дагын жуздорунон нур чачып.
Тапшырган соң сынактардын бардыгын,
3 кун кутот жыйытыктын чыгарын.
Алдын ала билген киши болбоду,
Тагдырлары озгорорун булардын.
3 кундон соң жыйынтыгы билинет,
Откондордун тизмелери илинет.
Чуркап келип карап корсо тизмени,
Кемел отуп, отпой калган Адилет.
Адилеттин жан дуйносу эзилип,
Арман, кайгы эт-сөөгүн кемирип.
Бул азаптан кутуларга жол таппай,
Бара жатты ичкиликке берилип.
Досун коргон Кемелде да маанай жок,
Сыздап журду нурсуз чыккан айга окшоп.
Акыр бир кун бир ой келди башына,
Жардам беруу учун жалгыз досуна.
- Уккун досум сага айтар созум бар,
Коп ичпечи бир айласы табылар.
Келерки жыл кайра корчу тапшырып,
Балким сенин бактын дагы ачылар.
- Койчу досум айтпа мага акылды,
Сен бактылуу кармап калдын ооматты.
Мындай оомат бул жашоодо бир келет,
Менин болсо ооматымды таш капты.
Кетем досум Кыргызстанга кайрылып,
Жан багармын элдин малын кайтарып.
Конул калды окуу деген нерседен,
Билими жок эле омур кечирем.
- Токто досум алдын ала шашпагын,
Шашкандык бул иши болот шайтандын.
- Шайтан эмес шайтандардын атасы,
Келсе деле айтканымдан кайтпаймын.
- Анда досум уккун айтам оюмду,
Бир сен учун таштадым мен окууну.
Кайдагы бир 5 жылдык бир окууга,
Алмаштыра албайт экем достукту.
- Жок Кемел дос токтот андай созунду,
Сен студент, колго карма озунду.
Мен учун сен таштап салсан окууну,
Омур бою кечирбеймин озумду.
Бирок Кемел айтканынан кайтпады,
Достук учун окуусун да таштады.
Талкаланып умут максат тилектер,
Бекерчилик кундору да башталды.
Журду алар бир кун ачка бир кун ток,
Же жегенге чонтогундо акча жок.
Кандай жумуш болсо жасап журушту,
Курсак тойсо болду башка максат жок.
Бир кун жатып ойго батты Адилет,
Мындан ары кантип жашап кетсек деп.
Кун ойлонуп тун ойлонуп акыры,
Киши тоноп кун корууну самады.
Каршы чыкты Кемел мунун оюна,
Бирок башка табылбады бир айла.
Кара жанды багуу керек эмеспи,
Мажбур болду ушул жолго барууга.
Тун ичинде бара жаткан аялдын,
Башка чаап ала качты баштыгын.
Арак ичип мас бараткан эркекти,
Тепкилешип тазалашты капчыгын.
Жеңил келген акча жакшы корунот,
Бул акчага канча кандар тогулот.
Дардандашып кундо майрам кундо той,
Арам акча экоон тен коптурот.
Кечикпестен кундогудой убактан,
Караңгыда кочо бойлоп бараткан.
Бир дукондон акча кармап колуна,
Козу тушту келе жаткан аялга.
Жакын барып ал аялга Адилет,
Байкатпастан арт жагынан башка тээп.
Эми гана алып жатса акчаны,
Чуркап келди коруп калган 2 мент.
Алды-артын карабастан качышты,
Тигилер да кууп бара жатышты.
Качып кетип жалгыз гана Адилет,
А Кемелди жетип кармап калышты.
Канча азап жеди, канча кордолду,
Адилеттен такыр дайын болбоду.
18 ге жаны толгон кезинде,
Кемел минтип 15 жылга соттолду.
Кундор жылга, айлар жылга алмашып,
15 жыл да отуп кетти арадан.
Азаттыкты, эркиндикти сагынып,
Кемел чыгат бугун камак торунан.
- Мекениңе сени жетип алсын деп,
Бергим келди сага чакан бир белек.
Деди дагын ал турмонун башчысы,
Чонтогуно салып койду конверт.
Сыртка чыгып чонтогуну караса,
4000 рубль акча турат санаса.
Мекенине кантип жетсин катыгун,
Ошко чейин жетпейт болчу бул акча.
- 4000 миң жеткен жерге билет аламын,
Ошол жерди мекен кылып каламын.
Мен турмодон чыгып келе жатам деп,
Кайсыл бетим менен уйго барамын.
Билет алуу учун келди бекетке,
Эл коп экен ал да турду кезекке.
Орус эмес жашы откон бир киши,
- Кыргызсынбы балам- деди бир кезде.
Карай салса кыргыз экен аксакал,
Саламдашып сунуп калды алакан.
Табышмактуу бул кишинин колунда,
Кара тустуу келишкен бир чемодан.
- Чемоданды карай турчу кулунум,
Бошонуучу жерге жетпей турумун.
Калыптырмын карылыкка баш ийип,
Араң чыдап айлам кетип курудум.
Чемоданды калтырды да Кемелге,
Аралашып кирип кетти топ элге.
3 саатан ашык убак отсо да,
Кайра кайтып келбей койду эмнеге?
Кемелдин да келди кетер мезгили,
Жаны тынбай аксакалды издеди.
Такыр таппай чемоданды которуп,
Жоноп жаткан поездине жетишти.
Бир жарым кун журуп келип поездде,
Жетип келди мекен болчу жерине.
5 кун кутту аксакалды жол карап,
Кокус келип калар деген ниетте.
Ошол жерде кундо көчө шыпырган,
Жашы отуп калган алтымыштардан.
Эже басып келип Кемел жанына,
Берип калды кыргыз тилинде салам.
- Карап корсом өңүң окшош кыргызга,
Коздорундо кайгы капа ттолтура.
Эмне болду айтып отчу каралдым,
Балким сага жардам бере алармын.
Баштан откон тагдырыны башынан,
Токпой чачпай айтып берди шашпастан.
Мунун баарын угуп жаткан бул эже,
Арылбады коздон аккан жашынан.
- Уулум- деди бир аз озун токтотуп,
- Коюптурсун бир топ омур жоготуп.
Мага уул болуп бергин сураныч,
Жалгыз жашап жургон кезим томсоруп.
Бул сунушту Кемел кошо жактырды,
Тагдыр кошуп апа дагын арттырды.
Бирок кундо келет поезд бекетке,
Чалды кутуп чемоданды ачпады.
Бир кун келсе апакеси мындай дейт;
- Уулум олтур айтарым бар сага кеп.
Ачкын эми чемоданды кулунум,
Мунун ээси издеп келбесе керек.
- Балким келер ачпай эле турсакпы,
Чалды кутуп бир аз сабыр кылсакпы.
- Уулум түшүн ал чал сени тааныбайт,
Тааныса да издеп сени табалбайт.
Кемел шашпай чемоданды ачканда,
Ичи толуп турган экен долларга.
Эмне кылар айласыны табалбай,
Шашып калды кайра оозун жапканга.
- Уулум коркпо булар эми сеники,
Акчаларды алгын дагы мени эрчи.
Акча таппай журот абдан зарыгып,
Бул шаарда чоң ресторан ээси.
Кемел сатып алган ошол ресторан,
Чындыгында укмуш болуп жасалган.
Анан дагын ортосунда шаардын,
Эки кабат сонун болуп жайгашкан.
Ресторандан тушуп турган киреше,
Берип жатты кундон кунго береке.
Бара-бара айланасы Кемелдин,
Толуп жатты абройлуу элдерге.
Туулган кун келди мына жакындап,
Быйыл Кемел 37 ге чыкмак.
- Салтанаттуу белгилейли бул кунду,
Деп апасын карап калды жалдырап.
- Маул балам болсун сенин айтканың,
Бирок сага айта турган бар шартым.
Кубанычка болоп мени кулунум,
Озуно бир ылайыктуу жар тапкын.
- Ушунча жыл бойдок отту омурум,
Мындан ары уйлонгондон жок пайда.
Ушул бойдон эле жашап отомун,
Жар болуучу ылайыктуу кыз кайда.
- Андай кыз бар болгондо да кыргыз кыз,
18 ге жаны толгон бир жылдыз.
- Охо апа ошондой жаш периште,
Тиймек беле мендей болгон зектерге.
- Коп суйлобой ал кызды сен коргунчу,
Эгер жакса жакшылап бир суйлошчу.
Калды жашың мына 40 ка жакындап,
Чал болгончо бойдок журбой уйлончу.
Корду кызды, чындыгында аябай,
Сулуу экен болгондо да ханзада.
- Кемел- деди таанышканда такалбай,
Кыз жылмайып атын айтты:
-Айзада
Коп узабай той кунун да белгилеп,
Туулган кун куну болсун тоюм деп.
Жакшы ниет, жарым ырыс аркалап,
Тилек кылды бакыт кушу консун деп.
Той башталды баары келди кечинде,
Каалап жатты элдер жакшы ой тилек.
Бийлеп жаткан калың элдин ичинде,
Жайбаракат журот досу Адилет.
Корор замат озун кармай албады,
Ала койду столдогу бычакты.
- Өлтүрөм деп атырылып секирип,
Качып кеткен досун карай чуркады.
Арачалап элдер кармап калышты,
Бирок досу соз айтууга шашпады.
Качан гана Кемел озун баскан соң,
- Кечир досум- деген создон баштады.
- Дос дебегин! Менде сендей досум жок!
Мени таштап качып кеттиң итке окшоп.
Жалгыз озум азап жедим 15 жыл,
Сенден болсо такыр дайын болгон жок!
Эгер мени олтурууну кааласан,
Анда мага кулак салгын суранам.
Бар чындыкты керек сага айтуум,
Андан кийин олтурсон да макулмун.
- Шашпа балам, айтып корсун чындыкты,
Ушул жолу уруксат бер угалы.
Деп токтотуп калды уулун апасы,
Адилетке кулак салды бут баары.
- Ооба Кемел таптым сендей бир досту,
Мен учун деп таштап салдың окууну.
Жакшы жаман кунду чогуу откоруп,
Адат кылдык тундо киши тоноону.
Акча болуп жыргап жашай баштадык,
Же бир коркуп, же токтолуп калбадык.
Качып кеттим коркконумдан кайрылбай,
А сен чыктың 15 жылга камалып.
19 жыл мурда мени коргонсун,
Бул жылдарда мен да жыргап журбодум.
Иштеп аттым куну туну уктабай,
Ишен досум мунун баары сен учун.
4 жыл мурун сен камактан чыкканда,
Жол кире деп сага акча беришкен.
Сени келсин деген ойдо бул шаарга,
Озум барып ал акчаны бердиргем.
Андан ары мен тилеген иш болуп,
Бул шаарга озун алдын билетти.
Кетпесин деп сени балдар тоношуп,
Жан сакчылар сенден калбай кузотту.
Эгер мени коргонундо бекеттен,
Болуп кетмек созсуз турдо бир кырсык.
Ошондуктан мен барам деп АТАКЕМ,
Кетип калган чемоданды калтырып.
Ал кишини менин атам экенин,
Корбой билбей туруп кантип билмексин,
Эгер АТАМ мындай кылып бербестен,
Чынын айтса такыр алмак эмессин.
Бул шаарда 5 кун жашап бекетте,
Жолуктурдун жаныңдагы АПАҢДЫ.
Уул болдуң оюңда жок эч нерсе,
АПА дедиң мен тууган АПАМДЫ.
Бул аялзат болот менин Апаккм,
Бекеттеги киши болчу атакем.
Бирок атам жетпей калды бул кунго,
Ичер суусу корор куну аз экен.
Сен камалып 1 жыл отуп же отпой,
Уйго келсем кыз тороптур апакем.
Менден кийин 19 жыл торобой,
Ошол кызды сурап алган Теңирден.
Азыр ошол карынашым жаңыдан,
18 ге толуп гулдой ачылган.
Аппак болгон кийип келин койногун,
Жарың болуп орун алды жаныңдан.
Мына эми айтар созум аяктап,
Бүт айтылды журоктогу акыйкат.
Бирок досум мен акмакты кечирчи,
Кечирдим деп андан кийин өлтүрчү.
Карап турган элдин баары,
Бир дагын соз айталбады.
Акыйкатты уккан эл журт,
Коз жаштарын тыя албады.
Келди Кемел Адилеттин жанына,
Таштабастан колундагы бычакты.
Толкунданып козжаштарын агыза,
- Билесинби досум- деген соз айтты.
- Камалганда сени ойлоп куну тун,
Келер дедим узулбоду умутум.
Журогуно бычак сайсам экен деп,
Жылдар откон сайын сен жок кордум.
Бул бычактыгын курчтугуну кордунбу?
Эгер сайса адам олот кансырап.
Сени айткан созун мени олтурду,
Бычактан да курч экен го акыйкат.
Кайтарамын досуммунун бардыгын,
Кереги жок ушунча коп байлыктын.
Бирок сенден тизе бүгүп суранам,
Бересинби колун карындашындын.
Анткени мен чын журоктон жактырдым,
Омурумду келет буга тапшыргым.
Сен да мен кечир досум Адилет,
Откон кундун унуталы бут баарын.
Мындан кийин1 жыл отуп арадан,
Унутулду кайгы азап муң арман,
20 жыл мурда кеткен кемелди.
Кучак жайып тосуп алды КЫРГЫЗСТАН.
Карап корсом достук деген керемет.
Ыйык болгон кудуреттүү касиет...
Билдирүүнү түзөткөн: admin_superstan: 05 Июнь 2013 - 09:09
Чынгыздын журту,
Манастын урук-тукуму. дегендей бололу калайык!
#6 04 Июнь 2013 - 22:35
Мен улутмун тилим менен улутмун,
Жүрөгүмдөгү бир ой-санаага толгодум.
Өз тилинен башка тилди артык көргөн,
Кыргызымдын жаш муунуга булуктум.
Бал тамган балдай таттуу кыргыз тилим,
Бал тилди барктабаган жаштар деги.
Бөтөөн элде, бөтөөн жерде жүрсөң дагы,
Бал тилиңди барктап дайым, даңтай билгин.
Кыргыз тилим кылымдарды каарыткан,
Ата-бабам мурас кылып калтырган.
Ак эленчек, ак калпактуу кыргыз элимден,
Жаш муундарга мурас болуп келе жаткан.
Жаш муунга мурас болуп кыргыз тилим,
Тебеленип кордолгонсуйт тилим менин.
Алмаштырып өз тилини бөтөөн тилге,
Сыймык менен сүйлөп келет чет тилинде.
Көрдүм тилим канча элди, канча тилди.
Өз тилини барктап сүйлөйт өз элдери.
Өз элине, өз жерне батпагансып,
Кыргыз тилим калганбы арта башка тилден.
Кыргыз болуп жаралганыма кубанамын,
"Кыргыз тилим" деп ыр жазууну самаганмын.
Кыргыз болуп кыргыз тилде сүйлөбөгөн,
Кыргызымдын жаш муунуга таарынамын.
Жок тилим арта эмесиң ишен мага,
Жаш муундар эркин сүйлөт сени гана.
Бөтөөн жерде, бөтөөн тилин сүйлөсө да,
Барктап эртең сүйлөп келет унутпастан.
Өскүн тилим өсө бергин таалыкпастан,
Кылымдардан кылым каарыткын чарчабастан.
Ырым сенсиң, сүйүүм сенсиң кыргыз тилим,
Арнап сага ыр жазамын барктап сени.
Биз кыргызбыз, тилибиз менен кыргызбыз,
Кыргыз тилим биздин чоң сыймыгыбыз.
Бөтөөн элде, бөтөөн жерде жүрсөк дагы,
Өз тилибизди дайым барктап сүйлөйбүз.
Кыргыз тилим нечен кылым каарыткан,
Кыргыз элимди бүт ааламга тааныткан.
Бал тамган балдай таттуу тилибизди,
Башка тилге алмаштырбай сактайлык.
"Өнөр алды кызыл тил " кыргыз тилде сүйлөй бил,
Өз тилиңди чанбастан, даңтап сүйлөп баркын бил.
"АПАМДЫ САГЫНДЫМ"
Сагындым мен апамды көргүм келди,
Арга жок пешенеге жазганы ушул,
Жаш кыз болсом дагы ойлорумда,
Күнү-түнү түк эсимден чыкпай келет.
Мен билбедим кичине кезимде,
Мен чоңоюп баштан өткөн кезимде,
Мен тарткан азапты эч ким тартпасын,
Бул дүйнөдө баарык апалар жашасын.
Бирок апа жетпей калдыңыз тилеңизге,
Тойбос жер жутуп кетти жаш кезиңизде,
Мен болсо эне жытын жыттай албай,
Өксүк толо жүрөгумдүн тереңинде.
Эркелетип чекемден сүйгөнүңүздү,
Унутпаймын жаным сүйгөн апакем,
Элестетем сизди дайым көз алдыма,
Айдай сулуу менин сүйгөн апакем.
Жаным апам кетиңиз неге эрте эле,
Ар дайым жанымда болбодуңуз неге?
Күтсөм эгер келе тургандай сезилес апа,
Сезимимде сиз жашайсыз жаным апам.
Сагындым сизди сагындым апа,
Сагынып күтүп саргайдым апа,
Сагынып сагынычымды жаза албай,
Сагынычка багынып кыйналдым апа.
Сагдым мен абдан сизди сагындым апа,
Сагынсам да караныңызды көрө албайм апа
Эстеп журөм сиздин назик жүзүңүздү,
Сагынамын сиздин тунук күлкүнүздү.
Атанкулова Батма.
Билдирүүнү түзөткөн: AtankulovaB: 04 Июнь 2013 - 22:46
#7 05 Июнь 2013 - 04:30
Кычыраган кыштын таны,айлана ак карга болонгон.Терезеде турган Бермет менен эч кимдин иши жоктой.Озунун ойлоруна чомулот.Козунон аккан жаш токточудай эмес,эми ал учун жашоо тугонгонсуйт. Анын журогундогу кайгыны ооруну соз менен айтып жеткизгис эле.
Откон омуру ошол бактылуу кундору коз алдына тартыла тушту.Анда бермет 19жашта эле,биринчи кызы Зулайка торолгондо кубанычында чек жок болчу.Бакытка балкып кирсе чыкса кызын эркелетип,ооп жыттап энелик бакытты,энелик сезимди журогу менен туюп сезип турду.Зулайка эки жашка чыкканда мойтондоп басып,чулдур чулдур суйлоп баарынын суймончугу. Берметтин жашоосу ушул наристе торолгондо башталгандай сезулчуу.Зулайкадан кийин эки уулду болду.Куйоосу Сыдык менен абдан ынтымактуу, Сыдык базарда соода кылат,толмоч кара тору чоптон башкага зыян бербеген жоош момун киши.Зулайка мектепке алгачкы барган куну,башына ак бантик тагып.Апасы алып берген ак койногу кара уюбкасы озуно абдан жарашкан.
-Апоо мен эми кундо мектепке барам аа апоо?
-Ооба алтыным,кундо келесин жакшы окуйсун э садагам!
-Менин эжейим болот э апа.
-Албетте!
Жолдо токтой калып кызын кучактап жузунон суйду,негедир кызын ушунчалык жакшы корот,балдарына болгон мээри да мынчалык кучтуу эмес. Кундор отушу менен Зулайка бойго жетип,кара тору жылдыздуу кызга айланды.Орулгон узун чачы коркун андан бетер ачып.
Мектепти бутуп,ЖОЖ го окууга тапшырды,жаштыгын шанга кубанычка бологон студенттик кундору башталды.Апасынан алыс чыкпаган эрке кыз башында кыйналып журду.Кээде туруп апасынын алдына учуп жеткиси келчуу.Айла канча окушум керек деп тырышат.Убакыт учкан куштай зымырап отуп жатты.Бирге жашаган кыздарга конушуп баары менен мамилеси жакшы.Негизи табиятынан ишенчек ак конул кыз.Наргиза Айзирек да айылдан келген озуно окшогон жонокой кыздар.Басса турса бирге эгиз коозудай эрчишип.Наргиза менен Айзиректин жигиттер жонундо суйлогону Зулайка учун кызыксыз,суйуу жонундо соз болгондо мектепте окуп жургондо суйуусун арнап кат жазып жургон Асан эсине тушот.Кызык мен аны суйбосом керек,негизи суйуу кандай болот болот болду экен деп ойлоп койот.
Кеч куз.Кундор айга айлар жылга алмашып Зулайка учунчу курста окуп калган кези.
Себелеген жамгыр кузгу сары жалбырактар, бут жан дуйнону аралап ушутконсуйт. Бут тынчтыкты бир гана Айзиректин шанкылдаган уну бузат.
-Ой девчата тургула бугун кафеге бараабыз.Ушундай сонун кундо да уктайбы ,ай болгула,тургула! Базарга тушуп белек алышыбыз керек жасанып дегендей.
-Кафеге баргым келбей жатат,андан коро айылга барсам болмок,деп Зулайка дагы наалый калды.
Жаштыкктын жаштыгына мас болуп,тим эле кыздардын кулкусуу таш жарат.Кафеде конулдуу олтурган жаштар,биринен бири суйкайган кыздар,кучко толуп оюн кулкууго тойбогон жигиттер.Баары курсташтар, бир гана четте олтурган узун бойлуу кен далылуу ак жумгал Алмаз Зулайканын конулун озуно буруп турдуАл Зулайканын курсташынын досу эле.Каректер чагылыша тушот,канчалык козун алып качпасын кайра кайра тигилгиси келет.Оюн кулкуу бутуп жаштар уй уйлоруно жоноп жатышты.Бир гана Зулайканын эч кайда кеткиси жок,аттин мен жакпаганмынго болбосо келип суйломок деп ойлоп койду.Эртеси эрте менен келген смс Зулайканын конулун которду.
Керемет каректерин термелип.
Жан дуйномо булук тушту сен келип.
Сырдуу кыз таанышайлы каршы этпесен
Кетпечи жамгырдай сен бир келип!
Ооба ал,дал озу башка бироо болушу мумкун эмес.Смс ке жооп жазбай турайын деп ойлоду.Окуудан кайтканда жол боюнда Алмаз кутуп туруптур.
-Салам кандайсын Зулайка?
-Жакшы.
Анын жузуно тигиле албады,беттери кызарып уялып толкунданып да турду.
-Мен Алмазмын тааныгандырсын?
-Ооба
Кыска гана жооп берди,эмне деп суйлоорун да билбей турган.Алмаз Зулайканы уйуно жеткизип койду,ал куну Зулайкадан бактылуу адам жок.Журогу бир башкача согот.Кундор отуп Алмаз менен Зулайка кыз жигит болуп жетелешип,бактылуу коз ирмемдери откоруп жатышты,кузундо уйлонобуз деп чечим да чыгарып коюшту.Зулайка ишемби куну айылга жоноду.Ойунда эч кандай жаман ой жок уйуно шашылып бара жатып,алдына токтогон ак машинадан чочуп артка кетенчиктей жылды.Эки бала тушуп кыйкырып бакырып ургулаганына карабай машинага салып чуу коюшту.
(Уландысы кийинки санда)
Билдирүүнү түзөткөн: sonka89.: 05 Июнь 2013 - 05:04
#8 05 Июнь 2013 - 17:34
Жаны гана окуу жылы башталды эле.
Канчалаган студенттер келишиптир,
Оштогу ОшМУ деген университетке.
Бактылуу студенттер арасында,
Бар эле Айнур деген бир сулуу да.
Ал дагы башкалардай болуп эле,
Жетуу эле врач болуу максатына.
Мына ошентип окуу дагы башталды.
Айнурдагы кадамын алга таштады.
Шаарда анын дос, тууганы жоктугунан,
ижарага уй издоону баштады.
Окуу жайга жакын жерден бир уй тапты.
Ошол жерде озу жалгыз жашап батты.
Бир куну уйундо суу тугонуп,
Чакырды сантехник бир баланы.
Ал бала суу тутугун ондоду да,
кайра эле сыртка карай сапар алды.
А бирок Айнурдун жалтылдаган,
карагаттай кара козун унутбады.
Бир куну Айнур уйдо отурса.
Эшиги улам-улам такылдады.
Чуркап барып эшигин ача калса,
Турган экен сыртта Медердин апасы.
Бир коруудон Айнур аны тааныган жок.
Сантехниктин апасы деп ойлогон жок.
Акырын "сиз кимсиз" деп жай сураса.
Ал аял Айнурга айтты мындай жооп:
"эки ай мурун уйундо суу тугонуп,
чакырыпсын сантехник бир баланы.
Балам болсо бир коруудон суйуптур,
Сендей болгон сулуу, чурок, жамалды.
Айнур болсо эмне дээрин биле албады.
Айтаарлык жооп айтууга батынбады.
"Эки кундон кийин дагы келем" деп,
Ал аял сыртка чыгып, кетип калды.
Айнур эми не кылаарын билбей турат.
Ары басып, бери басып ойго батат.
Акырында ойлоп, ойлоп отуруп.
"Макул ага тиемин" деп чечим кылат.
Медер болсо болгон эле 25те.
Айнур болсо жаны толгон 18ге.
А бирок конбостукко айла барбы?
Жешине нан табалбай жургон кезде.
Ошентип ал экоонун тою болду.
Шаардагы бир кичирээк кафеде.
Медер менен Айнурдун кубанычы.
Койнуна эч батпай турду эле.
Мына ошентип турмушка ал аттанды.
Турмушунда бактылуу кундор башталды.
Арадан толук 1 жыл 1 ай откондо.
Тороду ал Жылдыз деген бир кызды.
Медер буга аябай эле кубанды.
Кыздуу болгонун болду эле жуумакчы.
Достору менен уйго бара жатканда,
Кабылды ал жолдо автокырсыкка.
Кубанычы толуп турган Медерди.
Бул кырсыкта ажал аны алып кетти.
Анын артынан жапжаш бойдон аргасыздан,
Кала берди жетим менен жесири.
Айнур кызын которуп уйго барса,
Ыйламсырап турган экен кайненеси.
"Уулум сен деп каза болду, тезинен
Кызынды алып бул уйдон жогол" деди.
Ун дебестен Айнур уйго кирдида,
Чогултту тиешелуу кийимдерди.
Кайда бараарын билбестен ызаланып.
Кызын алып колуна кете берди.
Кочого чыкты, кайда бараарын билбеди.
Иштегенге жакшы жумуш издеди
акырында бир жумушту тапканда.
Кызын кимге каратаарын билбеди.
Ойлонуп, эч бир айла табалбай.
Жылдыз кызын балдар уйуно таштап кетти....
адаттан-муноз
муноздон-тагдыр жаралат
#9 07 Июнь 2013 - 16:10
Мезгил оой,тизгини жок aргымaк
Тaртa aлбaйсын жaдa кaлсa кaмчылaп
Жaштык кез жaлынын дa очуп бaрaт
Коштошуп кол булгaлaп отуп бaрaт
Кaнтем оой,конулум дa тумaндaды
Кaйгыргaндa суйунучту кубaлaды
Эрксизден козумдон жaш aгып келет
Бир aлдын моюн сунуп кaлгым келет
Жaштык оой,жaлбырттaгaн кызыл жaлын
Жaлтaнбaй жaлындaсын кызык aнын
Кaлдыбы кун бaтып сaгa кечкирип
Кaрыдынбы мезгил жетип эскирип
Мезгил оой,aгып жaткaн суудaй aржaй
Бирде толкун,бирде шaр,бирде жaпжaй
Жaштыгым токтотобу ой-толкунун
Булгaлaп кетип бaрaт aк жоолугун
Мезгил оой,токтой турчу чaй кaмнaмгa
Жaштыгымды кошо токтот бир aз сaaмгa
Жок дегенде коштошуп aлaйынчы
Ону келсе кошо кетип кaлaйынчы
Мезгил оой,этектесем токтойсунбу?
Кошулуп жaштыгымды жоктойсунбу?
Aйтчы деги ким суу себет жaштыгымa
Aйтчы деги ким куноолуу aздыгынa
Жaштык оой,мелтирейсин мынчa неге
Кaaлaбaйсын,кaрaбaйсын, aйтчы неге
Эмнеден жaздым?!Сен ушунчa кaчкaнындaй
Жузун буруп журсон боло бaштaгыдaй
Кош мезгил!Кош жaштыгым! Коштошомун
Билем сен,ыйлaсaм дa токтобойсун
Мен жaкындa,сен узaктa тургaндaй
Aлыстaп кете берем кол булгaлaй
#10 07 Июнь 2013 - 16:13
Кусалык күүсү.
Карыя комузун колго кармап, коктуну көздөй капталдады. Кары кишинин кыраакы көздөрү кырдан кылкылдап, кызара кирген күнгө кадалды. Кереметтүү күндүн күчүн кара! Кээде катуу каарданып куйкаласа, кээде күлмүңдөп күжүрмөн калайык-калктын, кыбыраган курт-кумурсканын көңүлүн көтөрөт. Карыя карагайга кыйшая, колундагы комузун кыңылдай күүлөп, көөдөнүндөгү кусалыкты кубалагысы келди көрүнөт.Кыңылдап күүгө келген комуз күүсү көктөмдү кыймылга келтирчүдөй күчтүү, кишини кайдыгер калтырбачудай. Күүлөнгөн күчтүү күү караандабай касиеттуу керемет көлгө карай кетти көрүнөт. Көктө каалгыган кушту, коктуда кубалашкан кайберендерди көңүл кош, кайдыгер карап койду. Каарманыбыздын көөдөнүнөн: кекчил, карасанатай, кежир, каардуу касиеттерди кезиктирбейсиз. Кадырман карыя кичинесинен кедейликти көргөн, көтөрүмдүү, кичипейил,көздөрү күлмүңдөгөн, келбеттүү киши көрүнчү. Кичи калаасы Кара-Камыш кыштагында кадыры кыйла күчтүү... Көңүлүндө кичинекей Касымды кучагына кыскысы, кырчындай 40тагы кезине кайрылып, кездешкиси келип, кусаланды, кейип кетти. Көкүрөк күчүгү Касымдын кебетеси, каткырып күлгөнү карыяга куюп койгондой "копия" . Кыргызстандагы кызматынан көтөрүлүп, көп кирешелүү Кипрга кеткен. Касымынын келечегинен көптү күтүп, кадамына, кыймылына кабатырланып калат.
Карыя Касымдын конушуна кайтып келээрин көпкө күттү. Күндө көчөдөгү караандардарды карап, күтүүсүз кирип келчүдөй көрүнөт.
Күндүзү кеч киргенде көңүлүн көтөрүүгө коктуга келет. Күндөгүдөй куштардын кереметтүү кубулжуганына комуз күүсүн коштогусу келип, комузун күүлөп кирди. Коктунун кырын кайдыгер кадала карап келатып, карегине кандайдыр караан көрүнүп кетти. Касымыбы... Көкүрөк күчүгүбү.. Келип калдыбы.. Качан..? Кантип эле?! Көзүн кармалап, карбаластап калды. "Караанындан кагылайыным! "-, көмөкөйүнөн күчтүү. Күлмүңдөй, колуна кымыз көтөргөн Касымынын карааны келип калды кашына! Капырай, Кудай ай?! Карыя кубанганынан катуу кыйкырып, Касымын кучагына кысып калды.
Билдирүүнү түзөткөн: Lui: 07 Июнь 2013 - 16:16
#11 08 Июнь 2013 - 06:38
Ак шейшеп жамынып, палатада жатам. Менден башка дагы уч киши ак астында, бир калыпта, туптуз катып, жымжырттыкта.
Олуп калыптырмын. .. Отуп кетиптирбиз. ..
Козум ачык, кыймылдап жылып, ирмелбегени менен, тегиз эмес шыпты тиктегенге дале кудурети жетет. Кулагым тунук. Майда- барат жашоо кыймылдарынын добушун укканга жетишип турат. Сырттагы ундор кулагыма эрмек.
Дем албай, керебетке ныгырылып, селейген калыбымда жер менен жер болуп жатам. Олгонумду туйдум. Кандайдыр бир женилденуу сезими келди. "Мына,- дедим ичимен,- баары бутту." Ушу селейгениме маашырлана, тынч гана, кыйналбай отуп кеткениме куштарлана, озумо озум ыраазы жаттым. Мумкун болгондо, ууртуман жылмайып да койсом керек. Андан сон, билинбестен кандайдыр бир конулкоштук, кайдыгерлик жан дуйномду каптады. Тируулорду кызыксыз деп таптым. Ушуну билбегенимди кара! Козумдун алдында ымыр-чымыр тактар, тегерекчелер, туркун туско боелгон бири темир, бири жалтырак пластмасса, бири жыгач, бири жумшак массадан турган майда, миллиондогон геометриялык фигуралар топтоло башташты. Аппак шыпты корсотпой, тосуп алышты. Козумду ирмегим келди, мен ойдону дале изилдеп буто элек болчумун, мобул элементтер тоскоол гана жаратып жатышат. Ангыча болбой, фигуралар мага бейтааныш, улам жаны солокотторду тузо коюп, айланкочок салышты. Кучогон сайын бул корунуш мага жакпай баратты. Озумду жогото жаздадым. Кимдир бироо атайын мажбурлап ушунун баарын мага корсотуп жаткандай. Тааныш нерсе жок, сюрреализм. Бир да боштук, бир да жылчык жок, чымын- куюн тушуп, чектен аша ызылдашкандай. Башым ман. Моюнумду бура албаганымды карасан! Жагымсыздардан кача албайм. Тиктегенге мажбурмун. Эми гана коно баштаган сурот майдаланып, бырча-бырча болукчолорго ыдырап, башкасын тузо салат. Негедир ушу мени кыйнады. Алардан башка эч ким, эч нерсе корунбойт да угулбайт.
Бироо келип, козумду жаап кетти. Же козум корбой калдыбы?!
Олдо жаным ай! Карангылык! Камалып калдым карангылыкка! Жансыз, башкарууга чамам жетпеген денем калдайып, ото эле олдоксон, эбегейсиз чон сезилди. Андан коро салмагы граммга жетпеген, ар бир кыймылыма ийилген назик дене берсе болбойт беле?! Бул эмне деген шумдук? Аябагандай коломдуу колдор, жагымсыз узун буттар... Алып салгылачы! Ачып салгылачы! Ушунча эт астында мен бекилип калдым! Капастамын! Карангылыктамын! !!
Бироо- жарым менин ушу жерде бар экенимди билет бекен? Козум жумулуу, кулагым буткон, мурдум жыт сезбейт! Денем олуу... Эч нерсе жок. Туптуюк карангылык. Озумдун денем озумо саркофаг. Мындай болсом, денемдин ичинде билимсиз мен да очом. Жаны маалымат, конгон корунушторго муктажмын. Аларсыз жинди болгону калдым. Озум менен озум... Каерде экеним белгисиз... Ким экенимди унутуптурмун. .. Озумду дос- тууган, аброю бар инсан сезип журсом, корсо... Мен эч нерсе деле эмес турбаймынбы. .. Азыр бармын, азыр жок... Дуйно гармонияда болгону менен, чексиз заттардын саны, коп турдуулугу аны хаоско айландырыптыр.
Кандайдыр бир жарык келди. Сырттан келдиби, же озумдон чыктыбы, белгисиз. Жарык... Суйундум десем, кубанганымды жеткире албайм го. Так секирип, учуп бийлеп кирдим. Жарык! Кандай керемет соз! Эйфорияга баттым. Дайыма ушундай болуп турса кана!
"Турс!" Бул эмне? "Турс!" Жарыгым менден алыстай баштады. Бул эмнеси, ыя?! Кайра карангылыкпы? ! "Турс! Турс! Турс!" Эмне эле мынча турсулдоп, тынчымды алат? Бул эмне, ыя? Коргум келип жатат. Козумду ача албадым, бирок кулагым уга баштады.
- Журогунун согуусу калыбына келди. Сактап калдык.
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#12 08 Июнь 2013 - 17:11
”Кызың Аида ааламдан өттү” деген телеграмма алган Эдил байке Оруссиянын Иркутск шаарынан жолго чыкты. Жалгыз кызынан айрылып калганын билип турса да ишенгиси келбеди. ”Балким кызым өзү мени сагынганынан улам ушинтип тамашалап чакырып жаткандыр... жооок. Менин кызым али көп жашашы керек. Ал тирүү...”деп ар кайсыны бир ойлоп келатты. Бирок кызынын өлгөнү тууралуу эмес.
* * * *
Бишкекке жетери менен аэропорттон такси кармап үйүнө келди. Баары кара кийинип алышыптыр. Эдил байкени көрөр замат баары кошок кошуп үн чыгарып ыйлап жиберишти. Ошондо гана Эдил байке жалгыз перзентинен айрылганын билип эси ооп калды.
Өзүнө келип кызынын денеси жабылган шейшепти ачты. Өңү купкуу болуп көгөрүп кетиптир. Кызынын башын кучактап үнүнүн барынча кыйкырып ыйлап жатты. Бир кезде туугандары жетелеп сыртка чыкса 2 милиция туруптур.
- Сабыр кылыңыз байке. Пенделик экен.
- Силер кимсиңер? Эмнеге келдиңер?
- Биз сиздин кызыңыздын өлүмү боюнча текшерүү жүргүзүп жатабыз.
- Эмне!? Эмне болуптур?
- Сиздин кабарыңыз жок беле?
- Эдил байке эч нерсени уга элек. Жанаракта эле келди- деп бир тууганы аралашты.
- Аа. Андай болсо түшүнүктүү. Анда өзүбүзчө сүйлөшсөк болобу?
Макул деп Эдил байке менен тигилер машинеге олтурушту.
- Кызыма эмне болуптур?
- Кызыңыздын муздап калган сөөгүн кар астынан селсаяктар (БОМЖдар) таап алышкан. Ал жерде 2 кун жатыптыр. Эксперттердин тыянагы мына окусаныз болот.
- Мен бул кагазынарды окуп олтурганга алым жетпейт азыр. Анын устуно тушунбоймун деле. Озунор жакшылап тушундуруп бергиле.
- Кызынызды 1-ден зордуктап андан соң муунтуп өлтүргөн. Арам оюн ишке ашырып сөөктү кардын астына көмүп салышкан.
- Ким!? Айт дейм! Ким ал!?
- Сабыр кылыныз байке. Азырынча экспертизалар толугу менен даяр боло элек. Андан сон гана бир чечимге келе алабыз.
Эннеңди урайындар! Анда эмнеге келдинер! Жоголгула козумо корунбой! Озум таап бычам ошолорду!
Эшикти катуу жаап сыртка чыгып кетти. Артынан бир милиция тушө калып:
- Алысыраак жерде кызыңыздын кийими табылган. Чонтогундо кат бар экен.
Кайра келип катты алып чонтогуно салды да кетип калды.
* * * *
Эдил байке бир гана перзенттуу болгон. Аида деген кызы. Аялы боорунан рак болуп Аида 12 жашка чыкканда коз жумган. Эркек жигит болсо бир жөн, кызы Аиданы жалгыз кантип туура тарбия берем? Кантип сырдаша алам деп коркуп куйоодон ажырашкан Жанара аттуу озунон 10 жаш кичуу келинге уйлонот. Арадан жылдар отуп жашоо шарты буйруп элдин агымы менен кошо Россияга келип иштей баштайт. Келгенине 9 ай эми болгондо ушундай болуп кызынан айрылып олтурат.
* * * *
Кызынын сөөгүн жерге берип 3 кун откондон кийин, Аиданын мүрзөсүнүн башында олтуруп алып катты окуй баштайт.
” саламатсызбы АТАКЕ. сизди сагындым. качан келесиз, качан мени боорунузга басасыз? Апамдан айрылганда сиздин ЖҮРӨГҮҢҮЗ кандай ооруса, бугун сизди жоктоп менин журогум ошентип ооруп турат. бирок канчалык куса болгонум МЕНЕН сиз жазга чейин кайра келбешинизди билем. сиздей асыл адамды СҮЙГӨН апам бизди эрте таштап кетерин билсек кана...мен минтип ӨГӨЙ АПАМДЫН ордуна өз апамдын кучагында журбойт белем. бирок мени өгөй апам деле өз апамдын жоктугун билдирбейт. бирок сиздин мээриминиз башка СИЗДЕН ДА жылуу мээрим кутом атаке. батыраак эле келинизчи суранам. сизден БАШКА менде жакын адамым жок экенин билесиз го. атаке, бир классташ кызымдын ЖИГИТИ аябай сиздин жаш кезинизге окшош экен. же башка аялыныздан туулган уулунузбу?тамаша атаке. бирок мен алгач коргондо ушунчалык окшош адамдар БАР ТУРА деп аябай тан калдым. БАШКАЛАР кочодо ата апасын эрчип жургонун коруп козум куйот. ыйлайм сагынам. Жанара апам ыйлай бербе деп АЙТСА кадимкидей жаман коруп кетем.бирок апа ордуна апа болуп жургонун ойлоп кайра уялып кечирим сурайм. Жанара апа апамдын ордун басарына алгач ИШЕНБЕЙ ичимден жек коруп ЖУРДУМ бирок жанылышыптырмын. жаман апа эмес. БИР КУН сиздерге да перзент берип мага КОКУСТАН инилуу же синдилуу болосун деп суйунчулоп жиберсе кантем деп азырттан баштап эле ойлонуп журом. бирок ошондо да ӨЗ КӨЗҮМ МЕНЕН корбосом ишенбесем керек. ылайым тилегимди берсе кана... апамды ТӨШӨКТӨ ЖАТКАН ЖЕРИНЕН кепинге ороп бир топ адамдар которуп чыгып баратканы тушумо коп кирет. эмне учун атаке? ии баса...жакында эле апамдын бир дос кызын КОРУП КАЛДЫМ, аяш апам ДА апам жонундо коп нерселерди айтып берди. кетер мезгилде АЛАРДЫ СУРОТКО ТАРТЫП АЛДЫМ, андан кийин АРАДАН 2 КУН ОТКОН СОҢ кайрадан жолугушуп СУРОТТОРДУ АЛЫП барып бердим. ЭКӨӨБҮЗ ЭРТЕ менен жолугуп кечке олтурдук сырдашып. атаке сиз эгер ЖАЗДА келсениз айылга барып келебиз ээ?ал жакта мен ЧЫМЧЫКТАРГА таруу чачып, сиз болсо мен өз колум менен ЖАСАГАН кымыз ичесиз, чабалекейлердин УЯГА азык ташыгандарын коргум келди. алар оз балапандарын душмандан ЖАШЫРЫП ылайдвн жасаган уясында бакканына ан калчумун, корсо адам эле эмес башка жандыктар да оз балдарын коргоп сактайт тура.”
”бая куну сабактан чыгып апамдын бейитине барып кечке олтуруп КАРАҢГЫДА ҮЙГӨ КЕЛДИМ, ал жерде СИЗДИН ден соолугуңуз чын болуусун сурандым. келеерим менен БӨЛМӨҢҮЗДҮН ЭШИГИН АЧА САЛСАМ козумо апамдын элеси корунуп кетти. дайыма кечинде жатчу койногун кийип алыптыр. ыйлап жибердим. ал апамдын койногун кийген өз эмес ӨГӨЙ АПАМ экен. ТИГИ дуйнодон тирилип келдиби деп ойлоп жибериптирмин. кайра оз болмомо кирип кеттим. сиз кетип уйдо ЭРКЕК жасачу жумуштар кобойуп кеткендиктен, бузулуп калган телевизорум калың чаңы МЕНЕН ЖАТЫПТЫР, сиз болгондо ондоп коймоксуз. эртеси сабакка барбай койдум. мени издеп кыздар уйго келишиптир. АЛАР мени корбосун деп чыкпай койдум ДА, айнекти жаап жатсам МЕНИ КӨРҮП КАЛЫШТЫ, КҮН СУУКТУГУНА КАРАБАЙ жеңил кийинип алып алар менен жоноп кеттим. жолдо баратып ТҮНДӨ болгон апам корунгон окуяны айтсам тигилер мыскылдагансып кулуп жатышты. мектепти жанындагы АЛМА БАКТЫ кыйып жаткан адамдарды коруп ачуум келди эмне учун жаратылышты кордоп жатышат деп, аларды КӨЗДӨЙ бардым да тилдей баштадым. кичинекей кыздын созуно коркуп тигилер КАЧЫП кетмек беле. айла жок суйлонуп алып кайра мектепке карай ЖӨНӨДҮМ, ТИГИЛЕР эч нерсеге тушунбой карап калышты. мектепке келсем мугалим айтат: сенин артындан созсуз бироо КУУП келуу керекпи деп урушуп калды. ызама чыдабай чуркап чыгып кеттим. кыздар токто деп артымдан КЕЛАТАТ, БИР кезде жанагы кыйылган БАКТЫН ТУБУНО ЖАШЫНДЫМ, АЛАР издеп издеп ТАППАЙ КАЛЫШТЫ, эч кимге корунбой уйго кайтып келдим. МЫНДАН АРЫ эми эмне болот? КАНТИП эми мектепке барам?ЖАНА кантип элдин козун карайм?КАНЧА жыл ушундай болуп сыздап ЖАШАЙМЫН? эмне кыларымды БИЛБЕЙМ. кыздар да жаман коруп калышты. АЛАР МЕНИ ТААП АЛАРЫ МЕНЕН мугалимдин алдына алып бармак. адам бир нерседен КУТУЛУУ УЧУН АР НЕРСЕГЕ БАРАТ дегени чын экен. тиги мугалимди коргусу келбей качып жашынуу негизинен кыз балага жарашпайт эмеспи. бирок мен ошол ишке бардым. ЭГЕР КОКУС сиз ушул жерде болгонунузда ӨЛҮП КЕТСЕМ да УШУЛ ишти кылмак эмесмин. анткени сизди жер караткым келбейт, мугалимдерден кундо мени жамандаган КАТ келуусун каалабайм. ушул ишим АРКЫЛУУ сиз да МЕНИ урушууңуз мумкун. мындай жагдайда эч КИМ оз перзенти болсо да урушпай койбойт. анткени эркекти намыс коёнду камыш ӨЛТҮРГӨНҮН БИЛЕСИЗ да. сизге арнаган катым да аягына чыгып калды окшойт. алыста журосуз, ӨЗҮҢҮЗДҮ АБАЙЛАҢЫЗ, БУЛ КАТ сизге созсуз жетерине толук ДАЛИЛ бар деп ойлойм. БУЛ КАТКА алаксып бир кырсыкка туш болбонуз дагы. менин акыбалымды ТҮШҮНГӨН СОҢ сиз да мени кечирерсиз. ал жактын милициялары начар дешет. МИЛИЦИЯГА тушпой жакшы иштениз. катты алган соң мага бир жолун таап катты алдым деп КАБАР БЕРИҢИЗ. атаке СИЗДЕН СУРАНАРЫМ жаман жолго барбаныз ичпениз БУЛАРДЫН арты кайгылуу эмеспи. ичкилик адамдын КАНЫНА бир кырсык болушу мумкун. КОЛУҢУЗДУ жаман нерселерге БУЛГАБАҢЫЗ. ДЕП КЫЗЫҢЫЗ АИДА...
* * * *
- Эмне учун кызым мындай тушунуксуз ар кандай ойлорун аралаштырып кат жазып кетти? Создордун арасындагы кээ бир создорду эмне учун чоң тамга менен жазган? Балким бул чон тамгалар менен бир нерсени тушундургонго аракет кылып жаткандыр. Кана эмесе чон тамгаларды өзүнчө кылып окуп коройунчу.
Урматтуу окурмандар силер да чон тамга менен жазылган создорду катары менен баракка жазып коруп окуп коргулочу. Балким бул кыз бир нерсени эч ким билбесин деп ушинтип атасына табышмак катары айтып кеткендир...
Чоң тамгалар менен жазылган сөздөрдүн сыры мындай экен:
”АТАКЕ ЖҮРӨГҮҢҮЗ МЕНЕН СҮЙГӨН ӨГӨЙ АПАМДЫН, СИЗДЕН ДА БАШКА ЖИГИТИ БАР ТУРА. БАШКАЛАР АЙТСА ИШЕНБЕЙ ЖҮРДҮМ, БИР КҮН ӨЗ КӨЗҮМ МЕНЕН ТӨШӨКТӨ ЖАТКАН ЖЕРИНЕН КӨРҮП КАЛДЫМ ДА АЛАРДЫ СҮРӨТКӨ ТАРТЫП АЛДЫМ, АРАДАН 2 КҮН ӨТКӨН СОҢ СҮРӨТТӨРДҮ АЛЫП, ЭКӨӨБҮЗ ЭРТЕ ЖАЗДА ЧЫМЧЫКТАРГА ЖАСАГАН УЯГА ЖАШЫРЫП КАРАҢГЫДА ҮЙГӨ КЕЛДИМ, СИЗДИН БӨЛМӨҢҮЗДҮН ЭШИГИН АЧА САЛСАМ ӨГӨЙ АПАМ ТИГИ ЭРКЕК МЕНЕН ЖАТЫПТЫР, АЛАР ДА МЕНИ КӨРҮП КАЛЫШТЫ, КҮН СУУКТУГУНА КАРАБАЙ ТҮНДӨ АЛМА БАКТЫ КӨЗДӨЙ КАЧЫП ЖӨНӨДҮМ, ТИГИЛЕР КУУП КЕЛАТАТ, БИР БАКТЫН ТҮБҮНӨ ЖАШЫНДЫМ, АЛАР ТАППАЙ КАЛЫШТЫ, МЫНДАН АРЫ КАНТИП ЖАНА КАНЧА ЖАШАЙМЫН БИЛБЕЙМ, АЛАР МЕНИ ТААП АЛАРЫ МЕНЕН КУТУЛУУ ҮЧҮН АР НЕРСЕГЕ БАРАТ, ЭГЕР КОКУС ӨЛҮП КЕТСЕМ УШУЛ КАТ АРКЫЛУУ МЕНИ КИМ ӨЛТҮРГӨНҮН БИЛЕСИЗ, ӨЗҮҢҮЗДҮ АБАЙЛАҢЫЗ, БУЛ КАТ ДАЛИЛ, БУЛ КАТКА ТҮШҮНГӨН СОҢ МИЛИЦИЯГА КАБАР БЕРИҢИЗ, СИЗДЕН СУРАНАРЫМ БУЛАРДЫН КАНЫНА КОЛУҢУЗДУ БУЛГАБАҢЫЗ ДЕП КЫЗЫҢЫЗ АИДА”
Көрсө Аида таңга маал үшүп олтуруп катты жазып бүткөн соң тигилер кармап алышып зордуктап анан муунтуп өлтүргөн тура. Кат, сүрөт жөнүндө билбептир. Баары ачыкка чыккан соң кылмышкерлер камакка алынды.
2001-жылы Бишкектин Жаңы-Жеринде болуп өткөн бир кайгылуу окуяны уккан жайым бар. Ошол окуя ушул чыгармама окшоп кетет. Кемчилик жерлерин толуктап ашыкча жерлерин алып салып кичине көркөмдөп сиздердин алдыңыздарга алып чыктым. Рахмат окугандарга!
Билдирүүнү түзөткөн: admin_superstan: 09 Июнь 2013 - 23:57
Чынгыздын журту,
Манастын урук-тукуму. дегендей бололу калайык!
#13 08 Июнь 2013 - 21:16
Зулайканы ала качкан коңшу айылдык Асан болчу, олтурбайм деп ыйлаганына койбой жеңелери калтырышты. Бир айдан соң элге чоң той беришти.
Кызынын тоюну эстегенде Берметтин журогу эзилип кетти. Атиң ай алтыным баарына мен куноолумун. Ошол уйгө келип болуп кыйынчылыктан башың чыкпады.Куйөөңдун сага кол көтөрушун кайын энеңдин кежирленип сени кыйнашын билсем да,бир күн тынып тынчып кетерсиң деп сени алардан корг
ой албадым.
Бут өмүрү кызы менен өткөргон ар бир көз ирмемдери көз алдына тартылып, Кызыны көргөн акыркы мүнөттөру эт жүрөгүн өртөп жатты.
Көптөн күткөн күн келип Зулайка экинчи перзентин жарык дүйнөгө алып келди.Берметтин андагы кубанычы базардан кызына жер жемишти алып күрүч кайнатып жетип барды.Кызы экөө көпкө сүйлөшүп олтурушту,кайтарда негедир Зулайка апасын жалт жалт карап
-Апа мен роддомдон чыккычектим Айданекти өзүңүз карап туруңузчу деген.
Адамзат эки мүнөттөн кийинэмне болушун билбейт го чиркин.Бермет үйүнө келип кечки тамакка даярданып жатканда төрөт үйүнөн чалышып тез келип калышын суранышты.Ойуна жаңы төрөлгон небереси келди оруп калдыбы не болуп кетти кеч киргенде деп чочулап жеттип барды.
Врач Берметти сырта күтүп туруптур.
-келиңиз эже сизди кутуп жатам.
-Айнанайын эмне болуп кетти деги?
-Эже кызыңыздын абалы оор,каныда вирусь бар,азыр астма укөл бердик,температурасы да жогору.
Бермет ичинен кудайым өзүң сактай көр деп гана кайталап жатты.
Таңдагы күндүн жылтыр нурун корбой,эненин боздогон унун укпай жаңы төрөлгөн наристесинин жыттына тойбой,таңга жук Зулайка көз жумду.
Көкурөктөн сүтүн агызып жайына коюшту.
Зулайканын өлүмүнөн кийин Берметтин абалы күндөн күнгө оорлой баштады,сиңдилери жанынан чыкпай карап аны муну суйлөп чалгытымыш болушат,бирок Берметтин түндөлөру ыйлап уктабай чыгышын бир гана өзү билчү.
Мына больницага жатканына үч күн болду,үйдө калган балдарын кызынан калган эки наристени ойлосо деле ойлору келип кызына такалат.
Түнкү саат экиге карап жылып баратат,байкуш эненин жүрөгу кызынын күйүтүнө чыдабай акырындык менен токтоп, денеси муздап баратты.
Билдирүүнү түзөткөн: sonka89.: 08 Июнь 2013 - 21:31
#14 09 Июнь 2013 - 19:39
Илгери-илгери элди жоодон коргогон эки бaaтыр болуптур.Бироосунун aты Буюргaн,кийинкисинин aты Жугургон экен.Согушкa бaрaaрдa экоо чогуу болуп,кучторун бириктирип, дaйымa женишет экен.Бирок кунумдук жaшоодо эки бaaтырдын мунозу бири бирине топ келбей,эки aжaaн aбысындaй эле урушуп,мaмилелери жaкшы эмес экен.Бир куну Жугургон бaaтыр митaaмдык кылып,aтaгы чыккaн сыйкырчыгa бaрып,Буюргaн бaaтырды сыйкырлaп тондуртуп сaлыптыр жaнa aны aйылдaн aлыс жердеги колдун тубуно чоктуртуп ийиптир.Сыйкыр ушунчaлык кучтуу болуп колду кошо муздaтып сaлыптыр,ошону менен колго эч ким келбей Буюргaн бaaтыр тaбылбaй кaлa бериптир,элге 'душмaндaр Буюргaн бaaтырды кaчырып кетишти' деген ушaк соз шaмaлдaй жaйылыптыр.
Aйылдaн aлыс жерде тоонун койнундa бир кемпир чaл жaшaптыр.Aлaрдын жaлгыз кызы болуптур.Бирок aны элдин бaaры эркек бaлa деп ойлошот экен.Aнткени aл кичинесинен эле кун нурунa тендеш сулуу экен,кунго чыгaрсa,кыз эмес,кун уялып,дуйного чaчкaн нурун aзaйтaт экен.Ошол учун aтa-энеси душмaндaр кaчырып кетбесин деп эч кимге aйтбaй жaшырып эркек бaлaдaй тaaнытыптыр эл журткa.Эркектей кийиндирип, чaчын туйуп туруп,тебетейди бaсa кийдирип коюптур aпaсы.Эл болсо aны 'отунчу' деп aтaшыптыр,болбосо озунун чын aты Нaз экен.
Нaз кунуго aтaсы менен токойдон отун aлып келип aйылдaгы aдaмдaргa сaтышып тиргиликке жaрдaм берет.Бир куну aтaсы ооруп кaлып озу жaлгыз токойго отун aлгaны бaрыптыр.Отун aлып aябaй чaрчaп чопко жaтa кетиптир.Дaрaктaрдын бaшын тиктеп жaтып 'кызык,ушул дaрaктaрдын эн бaшынa чыксa,биздин aйыл корунот болду бекен' деп ойлонуп,токойдогу эн бийик дaрaктын бaшынa чыгыптыр.
-Укмуш...Бул жерден aйлaнaнын бaaры корунот турбaйбы?Aaй- иий биздин aйыл дa корунот экен.Ооо бизге жaкын когултур кол дa бaр турбaйбы?Кызык эмнеге уккaн эмесмин же эч ким билбейби?Эмне учун эч ким суугa тушкону бaрбaйт? деп ойлонуп aтып,aл колго бaрып суугa тушууну чечиптир.Дaрaктын бaшынaн жaкын корунгону менен aбдaн эле aлыс экен.Тaбылгылaрдaн, четиндерден, ыргaйлaрдaн,шилбилерден жaнa aрчaлaрдaн aйлaнып журуп, колго жеткенге чейин куугум болуптур.Чокоюн, мaтaдaн тигилген кaлын шымын,жемпирин, кемселин aкырындa тебетейин чечкенде чaчы белине чейин тогулуп,кыздaн тогулгон шоолa куугум тушуп кaлгaн aйлaнaгa кaдимкидей жaрык чaчa бaштaптыр.Дaл ушул учурдa aйылдa той болуп элдин бaaры бир жерге топтолгон учур экен.Токойдун aркaсынaн которулгон жaрыкты коруп 'орт чыкты,орт чыкты' деп кыйкырып чон-кичине дебей бaaры токойду коздой aты бaры aтынa минип,aты жогу жоо жугуруп жоношуптур.
Нaз болсо колго тушуп жуунa бaштaптыр,озунун денесинен ысык болунгону учун,колдун муздaк суусуну сезбептир.Кынылдaп ырдaп aябaй конулу которунку экен.Жaрaткaн бaaрдык нерсени жон жеринен жaрaтбaйт белем, Нaз колдун суусун кaдимкидей бaштaпкы aбaлынa келтирип жылытa бaштaптыр.Дaл ушул учурдa кол жылып,колдун тубуно бекитилген Буюргaн бaaтырды кaптaгaн муз дa aстaн aстaн эрий бaштaптыр.Кыз жуунуп бутуп кийимдерин кийип кaлгaндa aйылдaн чыккaн aтчaн aдaмдaр жетип келишиптир. Кызыгы кыз aябaй чaрчaп,денесиндеги нуру тугонуп,туртсо жыгылчудaй aбaлдa экен.Aтчaн aдaмдaр менен кошо келген Жугургон бaaтыр кыздын сулуулугунa кaйдигер кaлa aлбaптыр.Aдaтынчa aр жaктыргaн нерсеси озунун болсун учун,убaкытты текке кетирбей кыздын жaнынa жетип келиптир.
-Ээй,кун нурунa тендеш сулуу,мен бул aйылдын эн бaaтыр уулу,мaгa турмушкa чык,сени aлaкaнымa сaлып бaгуугa мынa ушул элдин aлдындa убaдa берейин дептир.
Буну кутбогон кыз Жугургон бaaтырдын созун угaaр зaмaт ээси ооп колго тушуп кетиптир.Колдун суусун муздaй муздaк деп билген эл коркуп кетенчиктеп 'ким куткaрaт' деп бирин бири кaрaп кaлышыптыр.Кутулбогон жерден колдон эбегейсиз чон кaрaaн корунуп кaлыптыр.Кaрaшсa aдaм жон келбей кучaгындa Нaз сулууну которуп келе aтыптыр.Бaрa бaрa корунгон aдaмды Буюргaн бaaтыр болгонун тaaныгaн эл шaтырa шaтмaн aлкыштaшыптыр.
Бaaтырдын кучaгындa эсине келген кыз биринчи жолу эркекке ичи жылып,суйуу менен сузуло кaрaптыр Буюргaн бaaтырдын козуно.Aны кaрaп,коруп тургaн элдин aрaсынaн aкылмaн кaрыя откур бийик уну менен томондогудой дептир:
-Мынa ушундaй...жугургон эмес,буюргaн aлaт!
Ошондон бери элде жугургон эмес,буюргaн aлaт деген соз кaлыптыр.
Копчулуктун aлдындa биринчи жолу шaгы сынгaн Жугургон бaaтыр озун колду коздой тaштaптыр,aнын aркaсынaн эч ким деле куткaрaйын деп ойлонбоптур. Aл эми Буюргaн бaaтыр суйгону Нaз сулуу менен элин aдилеттуу бaшкaрып жaшaп кaлыптыр.
Билдирүүнү түзөткөн: elif: 10 Июнь 2013 - 01:12
#15 10 Июнь 2013 - 18:08
Негедир коптон бери батынбаган бугун карыяны жандай басып, учурашып, каяка бет алганын сурадым.
-Ээ балам, менин башыман отконду эч кимге бербесин. Эртенкиден бейкапар тынч жашоо отуп жатканда кырсык алай-дулой болуп бир заматта ныгыра басат экен. Кутуусуздуктон адам оор кабыл алат белем...
30 жыл байбичем менен омур сурдук. 3 баланы остурдук, келин алып, небере жыттадык.Телегейибиз тегиз эле. Балдарыбыздан бир кундо айрылып калдык... Энебиз сыркоолоду деп учуп-куйуп келе жатышкан экен бурулуштан чон машине чыга калып астына кирип кетишиптир. Уч уул, эки келин, эки неберебиздин соогу бир кундо чыкты. Байбичем балдардын олумуно озун себепкер сезип, эсин жоготуп койду. Канча убакыт отсо да калыбына келе албайт. Эч кимди тааныбайт, кундо барып жургон мени дагы... Балам, мен кечигем, байбичемдин мандайына кечикбей барып, тамак беруум керек.
-Ал сизди тааныбайт да?
-Мейли. Мен ал учун бейтаанышмын, ал мен учун ээн жакын адамым. Мен аны билемин, ошол жетиштуу - деп автобуска шашып тушуп кетти.
Мына чыныгы суйуу. Дененин кумары учун эмес, байлык эмес, убактылуу да эмес туболук каны-жаны менен берилип суйуу.
Билдирүүнү түзөткөн: ROUSE: 10 Июнь 2013 - 18:19
#16 11 Июнь 2013 - 13:06
- “Эй Само, Саламат дейм! Эмнени эле күбүрөнүп атасың. Кулагы катуулар үчүн атайы төртүнчү жолу сурап атам. Футболго барган атабыз, барасыңбы”? – жанындагы достору суроо салат. Бири тамашалап “Самого тийишпегиле. Бош эмес. Сүйгөн ишин кылып жатат. Ха-ха-ха.” Балдары күлүп калды.
- “Мен бир аздан кийин барам. Силер бара бергиле”.
- “Анда анан кайда экенибизди чалып айтып коём.”
- “Өзүм таап алам. Телефонум өчүп калды.”
Саламат кыйкырып айтып, шашып жолго карай басты. Мына, канчадан бери кыла албай жүргөн алгачкы кадамы. Жүрөгүнүн согушу даана угулуп, басышы кадимкидей эмес. Ичинен бир нерсе кытыгылап жаткандай, сезимдери уйгу-туйгу, ичи өрт. Кыздын артынан түшүп, дароо эле жетип барып таанышуудан жалтанып, акырын басып жөнөдү. Кыз болсо мунусунда күндөгү тарапка бурулбай түз басып баратат. “Эмне деп сүйлөйм, кантип баштайм,эмне кылам”, Саламаттын ою адашып, башындагысын топтой албайт. “Ушунчамда бурулуп, кайра артка тартсамбы” деп да ойлонуп жиберди. Бирок, буту акылына баш ийген жок. Багытын өзгөртпөстөн уланта берүүдө. Бир маалда кыздын курбусу менен сүйлөшкөнүн угуп, туруп калды. Баамдаса жатаканага жетип калыптыр. Азыр кирип кетет анан бүттү! Ойлоп алып жүрөгү оор тартты.
-“Ии. Жанка анан чалып коем э. Шашып бараттым эле экзаменге.”
- “Ии макул. Мына бул экинчи кабаттагы терезе. Чоң гүл турат ко. Келип тур тез-тезден. Көптөн бери көрүшпөй да калдык”. Кыз терезени көрсөтүп, коштошкон соң кирип кетти.
Саламат ал терезени бир топко карап турду. Негедир ал терезе жагымдуу, жакын туюлат.Терезени сырттан гана көрүүгө ыраазы болбогон сезимдери ичин кароого далбастайт. Терезенин ичи андан да жагымдуу туюлуп турган. Экинчи кабат болгондуктан гүлдөн башка эч нерсени көрө албаган Саламат терезеден обочороок турган талды көздөй жөнөдү. Талга чыгып, чоң бутагына туруп алып терезе жакты карай салса терезе ачылып жаткан экен. Ушул жерден эгер Саламатты акылы башкарса, анда “Эмне кылуу керек”деген суроого жооп издеп, эмне кылышты билбей жалдырап калмак беле, ким билсин. Бирок, терезенин ачылганын көрүп-көрбөй туруп шак эле бурулуп көчө жакты карап туруп калды. Баардыгын жүрөгүнүн рефлекси кылганын ал бир аздан кийин билди. Анда да колун төшүнө байлап, талга ийини менен жөлөнүп, бир бутунун учун тийгизип экинчи бутуна салмагын таштап алыптыр.
- “Саламатсызбы. .. Саламатсызбы чоң жигит. Сизге бир нерсе болдубу”?
- “И? Аа мага айтасызбы? Саламатсызбы. Эч нерсе деле болгон жок. Мындай эле...”
- “Аа. Карга конбогон талга конуп алганыңыздан сурап жатам да.”
- “Ии. Жөн эле. Бирөөнү күтүп атам. Дос бала келет эле. Жок...”
- “Дос балаңыз кайдан келет? Космостонбу? ”
- “Жоок”. Күлүп. “Айылдан эле. Шаарды жакшы билбейт. Анан... ушу жерден жолугалы дегенбиз. Көрүнбөгөнүнөн ушу жерден карап аткам.”
- “Аа. Тээтиги бала эмеспи.? Кызыл чокой кийип, кичинекей сумка көтөрүп келаткан?”
- “Аа жоок. Эмии кандай десем. Ал досум алыстан эле көрүнөт.”.
- “Анда бат эле табышасыз. Сиз деле алыстан эле көрүнөсүз”.
Экөө күлүшүп, тамашалашып сүйлөшүп калышты. Салам айтып, таанышкандан коркуп жүргөн Саламат, баардыгы кандайча болгонун байкабай да калды. Таанышуусу жеңил, жагымдуу башталганына таасирленген Саламаттын сөздөрү да, көз караштары да ишенимдүү чыгып жатты.
- “Досуңуз жок болуп кетти го. Адашып кеткен жокпу?”
- “Азыр чалып көрөйүнчү. - Ало, ало доске. Кандай? Кайда жүрөсүң? Мен турбаймы сени күтүп. Кайда, кайда? Бактын башында .Аа. Чалып айтып койсоң болмок анда. Давай, кезигебиз анда. - Келбей калыптыр. Жумуш чыгып калды дейт.”
- “Аа. Саатыңыз канча болду?”
- “Ошо тиги...саатым туура эмес болуп калыптыр. Эки болуп калды болуш керек... Мен түшөйүн анда э. Баса, менин атым Саламат.”
- “Меники Жанат”.
- “Кубанычтамын”.
- “Мен дагы”.
- “Мен эртең кайра келем, сабактан кийин. Тиги дос бала бөлөк жерди билбейт. Ушул жерге эле кайра келет. Эртең көрүшөөрбүз балким?”
- “Эгер дос балаңыз келбесе”.
- “Кечирээк кел деп айтып коём. Макул анда, жакшы калыңыз”.
Жүзүнөн жылмаюуусу кетпей, ар бир сүйлөшкөн сөздөрүн эстеп, таанышканына ишенип ишенбеген бактылуу адам келе жатты. Тереке чыгып алып таанышып, сүйлөшүп жатканын эстесе быкшып күлүп жиберет.
* * *Жанат окуудан чыккан соң жатаканасына дайыма бир жол менен барчу. Башкаларга караганда ал жол узунураак болсо дагы Жанатка жага турган. Ар дайым окуусунан чыгат да бир нерсени күткөндөй болуп жай басып университеттин алдынан өтөт. Алыстаган соң, бурулуп жатакананы бет алат. Качан өтпөсүн университеттин алды жыйылган студенттерден арылбайт. Мына ошол көпчүлүктүн ичинен көз ирмебей тигиле карап турган жигитти дайыма байкай турган. Анын көз карашы, тигилиши катардагы балдардыкындай болбой, кызды аздан уялтып турат. Бурулушка жетип, көрүнбөй калгычакты жигиттин көз карашын сезип, өзүнө жагаарлык бейтааныш сезимдерге дуушар болоор эле. Бул дагы Жанаттын сүйгөн адаты. Көптөн бери баскан изин алмаштырбай багытына туруктуу болушунун себеби да ушул.
Бул жолу да күндөгүдөй багытында, бир топтон бери тааныш болуп калган сезимдери менен келе жатты. Баягы бейтааныш жигиттин тигилиши бир чети азырак ыңгайсыздандырса, бир чети жүрөгүн жылытат. Башында баягы эле ойлор: “Эмне үчүн күндө мынча тигилип карайт? Эгер сезими болсо келип таанышат беле? Же чечкиндүү боло албай жүрөбү? Балким сезими деле жоктур? Жок, анда мынчалык тигилбей эле да. Балким уялчаактыр. ..” Аңгыча артынан үн чыгып калды:
- “Мен бир аздан кийин барам. Силер бара бергиле”.
-“Анда анан кайда экенибизди чалып айтып коём.”
-“Өзүм таап алам. Телефонум өчүп калды.”
Жанагы, карап, арбап бүтө албаган жигиттин үнү экенин дароо билип, эмне кылаарын билбей, өзүн жоготуп жибере жаздады. Анткени, ал жигит өзүн көздөй келе жатканын байкаган. Канчалык бул көрүнүштү күтсө дагы, маңдайына келе келгенде ушунчалык эстен тандыраарлык нерсе экенин ойлобогон экен. Ушул абалда келе жатып, күндөгү бурулушунан өтүп кеткенин да байкабай калыптыр. Тигил жигит артынан калбай келе жатканын сезгендиктен Жанат өзүн ыңгайсыз, анча ишентичтүү эмес сезип келатты.
Ушул абалда башын көтөрө калса маңдайында курбу кызы келе жаткан экен.
- “Ии привет,кандайсың? Жакшыбы?”
-“Привет, ии жакшы. Окуудан келаткамын. Өзүң жакшыбы?”
- “Ой жакшы эле. Сессия деп жүгүрүп... Силердики башталдыбы? .”
- “Ооба. 2 сабактан бүтүрдүк уже.”
- “Ии. Жанка анан чалып коем э. Шашып бараттым эле экзаменге.”
- “Ии макул. Мына бул экинчи кабаттагы терезе. Чоң гүл турат ко. Келип тур тез-тезден. Көптөн бери көрүшпөй да калдык”.
Курбусу менен коштошкон соң жатаканага кирип кетти. Жүрөгү алеп-желеп болуп, токтоно албай катуу согуп, адреналин сезимине дуушар эле. Антсе да жигит менен тааныша албай калганына ооруп турду. Сууланган алаканын бетине басып, өзүн токтотуп, терезеден баланы карап көрүүнү чечет. Далдоорок туруп жерди караса баланын карааны көрүнбөйт. “Кетип калдыбы?”деп ойлонуп алып көңүлү чөгүңкү. Баладан канчалык тартынып качса дагы, тез эле жок болуп кеткенине капалана түштү. Баланы бир карап алсам деген каалоосу да ээн калды.Үмүтү үзүлбөгөн Жанат кайрадан карап көрүүнү чечип, терезени ача салса баягы жигит маңдайында талга жөлөнүп турат. Же терезени жаба албай, же бир нерсе деп сүйлөй албай бир саамга турган Жанаттын оозунан сөз чыгып кетти:
- “Саламатсызбы. ..Саламатсызбы чоң жигит. Сизге бир нерсе болдубу”?
- “И? Аа мага айтасызбы? Саламатсызбы. Эч нерсе деле болгон жок. Мындай эле...”
- “Аа. Карга конбогон талга конуп алганыңыздан сурап жатам да.”
- “Ии. Жөн эле. Бирөөнү күтүп атам. Дос бала келет эле. Жок...”
- “Дос балаңыз кайдан келет? Космостонбу? ”
- “Жоок”. Күлүп.“Айылдан эле. Шаарды жакшы билбейт. Анан... ушу жерден жолугалы дегенбиз. Көрүнбөгөнүнөн ушу жерден карап аткам.”
Жеңил пикир алышуу башталган соң Жанат бат эле өзүнө келе койду. Баланын тереке чыгып алып, эч нерсе болбогондой сүйлөп жатканына күлкүсү келип турган экен. Жанатан берки мүмкүнчүлүктөрдөн пайдаланып жерден эле таанышып алышпай, бир терезеде, бири теректе туруп таанышканына таң. Жанараак жолуккандан уялып турган, ал эми азыр тамаша аралаштырып, күлүп сүйлөп жаткан өзүнө да таң.
- “Досуңуз жок болуп кетти го. Адашып кеткен жокпу?” (досун шылтоо кылып жатты эле, унутуп калды көрүнөт.)
- “Азыр чалып көрөйүнчү. - Ало, ало доске. Кандай? ... ”
(“Телефону өчүп калган баатыр досу менен сүйлөшүп жатат” Жанаттын дагы деле күлкүсү тарай элек. “Укмуш бала окшойт.? Мен чечкинсиз деп ойлоп жүрсөм. Өчүк телефонунун сааты канча болду экен? ”)
- “... давай, кезигебизанда. - Келбей калыптыр. Жумуш чыгып калды дейт.”
- “Аа. Саатыңыз канчаболду? ”
- “Ошо тиги...саатым туура эмес болуп калыптыр. Эки болуп калды болуш керек... Мен түшөйүн анда э. Баса, менин атым Саламат.”
- “Меники Жанат”.
- “Кубанычтамын”.
- “Мен дагы”.
- “Мен эртең кайра келем, сабактан кийин. Тиги дос бала бөлөк жерди билбейт. Ушул жерге эле кайра келет. Эртең көрүшөөрбүз балким?” (“Эгер дос балаңыз келбесе” деп ойлоп коет Жанат жылмайып.)
- “Эгер дос балаңызкелбесе”.
- “Кечирээк кел деп айтып коём. Макул анда, жакшы калыңыз”.
“Бул таанышканымды айтып берсем кыздар жыгылат ко. Жылма жүрүп алып тим эле укмушсуң деп да чыгышат да. Баягы балаң эми чыгындыбы деп Жибек сөссүз сурайт” Жанат жылмаюуусун баса албай далайга жатты.
* **“Ало жаным. Даярсыңбы? Чачыңды ушунча жасашат бекен? Мен күйө жолдошту тосуп алып барам азыр. Апапакай болуп салондун алдында туруптур. Уже келмек, жок. Кайда, кайда?! Бактын башында”.
#17 11 Июнь 2013 - 18:28
Бул аралда уруш, жанжал, коро албастык дегенди билишпей, тургундары ынтымактуу тынч жашоону откорушчу экен. Илим жана техникасы абдан онугуп маймылдар бир гана космос мейкиндине, галлактикаларга чыгуу менен чектелбестен откон жана боло турган доорлорго саякат жасайт. падышасы ким эмне менен алек болуп жатканын колундагы сыйкырлуу шакеги аркылуу козомолдоп отурчу экен...
-Токто! каяктагы шакек эжеке?! Ал деген спутник аркылуу айфондон карап атат, интернетке кирип алып, - деп созумду болду бобок.
- Маакул эми, ошондой болсун...
Бир куну падышанын сыйкырлуу шакеги токойдо кара тутун пайда болуп, тегерегиндеги осумдук жандыктардын баарын ууландырып жатканын корот да...
-Ики андай эмес! Сиз туура эмес айтып жатасыз. Мына мындай: Бир куну падыша айфонун чукулап отуруп, googlga адашып кирип кетет да, американецтер ядролук жардыргычын мыйзамсыз болок аймакта, болгондо да коргоого алынган токойдо жардырганын коруп калат. Ии эми уланта бериниз.- деп бобок мени кутуп калды. Оозумду ачып бир аз карап турдум да, жомогумду уланттым.
-Каарданган падыша тартип сакчыларын (жезкемпирлерди) жонотот. Шыпыргыларына минип бир заматта жетип барышат. Ары учуп, бери учуп себебин таппай кайтып келишет...
-Уфф... Каяктагы жезкемпир? Ал деген вертолет минген МЕНТтер! Таппай койдук десе ишенмек беле? 290 статья менен коррупционерлерди эс алууга жонотот. Ии анан?
-Опей сен тынч отуруп угасынбы деги?
-Анан эмне туура эмес айтып атасыз? Каяктагы маймылдар, шакектер, жезкемпирлер? Аай укпайм, анда коро гаджеттерим менен убакыт откором. Жомок жомок дегенинен пайдалуу информация экен деп келе калса... деп колун шилтеп кетип калды. Илим жетишип кетсе да, кубалап жетишбеген мен калдым, ачылган оозумду жапканга алым келбей. Илгери мен учун жомоктон откон керемет жок эле,- деп кемшендеп козумо жаш тегеренип кетти.
#18 12 Июнь 2013 - 16:22
Тоолору бийик,асман тирейт зангырайт,
Тунук булак,сууларын да зангырайт.
Торт мезгилде турдуу болуп кулпуруп,
Кун да сонун шоола чачып жаркырайт.
Бут мезгилде ачыласын суктантып,
Кызыл тазыл жашылданып каласын.
Таза аба,жыпар жыттар анкыган,
Жаратылыш койнун сонун Кыргызстан.
Сыймыктанам, данктанамын сен менен,
Элин бар,пейли сонун кыргыз деген.
Бут ааламды бир айланып келсем да,
Таппаймын го,сендей жерди издесем.
Алмаштырбайм мекенимдин бут жерин,
Кандай сонун бейиш сымал жерлерин.
Тендеши жок,бизге гана аталган,
Тениримдин бизге берген белегисин.
#19 12 Июнь 2013 - 17:10
Уч кыз толгон айдын жарыгында эрбен- сербен этишип, ээн талаанын тизеден ойдо чобун жиреп бара жатышты. Баарынын колунда жарыгы жандырылган кол телефондор. Мемиреген карангылыкта буйтаган, шашма нурлар кыздардын корккондугунан кабар берип тургансыйт. Ананчы! Алар мазар тарапка бет алышкан эле.
Алина майда калтырак баскан колу менен улам жука кофтасынын алдын кымтыланып, элен- элен эки жагын карай, алдыдагы Нуриза жана Сайкалдан калбаганга аракеттенип баратты. Мазарга баруу уйдо гана кызыктуу угулбаса, сыртка чыгаар замат коркунуч менен алмашкан. Артка кайтышса кана! Тилегени ушул. Бирок, Сайкал урушуп жибереби деп кооптонот. Андан да, тигил экоо муну шылдындашаары айдан ачык.
Сайкал алдыда ишенимдуу жол корсотуп баратканы менен, тымызын паниканын эпкини кокурогунон орун алган эле. Аны болушунча этибарга албаганга аракеттенип, ан-чункурду айланып отуп, тегиз жолду терип, мазарга карай умтулат. Мазардын ээси жонундо эжесинен гана уккан. Озу бир да жолу келген эмес. Мына, бугун чыгынып, дос кыздарын эш тутуп, карангыда кыялынын орундалуусун каалап бара жатат. Кап, эжеси дуйно салып кетпегенде, ээрчите келет беле...
Эжесинин айтуусу боюнча, эки дуйно элчиси аябай март жана берешен имиш. Болгону, каалоону гана туура айтуу керек. Болгону туура каалай билиш керек.
Нуриза ардемени бир ойлоп, Сайкалдын жомогуна бирде ишенсе, бирде ишенбей, арасат. Негизи эле бул кызга ушундай окуялар майдай жагаар эле. Артта Алинанын калтыраганын байкап калып "БА!" деп кыйкыра тамашалап чочуткусу келип, шат. Айдын сут нурлары айланага башкача шаани бергендей, козуно талаа кинодогудай корунуп баратты.
Мазардын дарбазасы ачык экен. Шамал болбосо деле, дат баскан темир эшик "кыййч-куййч" этип жалгыз коздуу бузук кулпусу менен бирдемени ымдагандай. Талаа менен мазардын чегинен откон сон, аба озгорулгондой болду. Жылдыздар да корунбой, асман сурдана он эки эли томон тушуп, басып калчудай оор назарын салгансыйт.
- Мына, тиги карт мажурум талдын астындагы жер,- Сайкалдын октом уну олуктор олкосунун сурдуу жымжырттыгын орой бузуп, кулакка орунсуз угулду.
- Ии, мажурум тал откондорду эстеп ыйлайт дешет го, ээ?- Алинанын аран чыккан уну дирилдеп кетти,- Эми кандай? Эмне кылабыз?
Кыздар Сайкалды тиктеп калышты. Баарынын оюн коркунучтуу арбак бийлеп алган эле.
- Шам жагып, кан чыгарабызбы?
Сайкал шыбырай кеткен Нуризаны жактырбагандай карап койду. Оозун туйруп, озун басып,
- Жок ай, чушш!- дегенге аран жарады.
Козун жумуп, эжеси уйроткондой, арбакты атынан айтып чакыра баштады. Кыздар да аны туурап коздорун бек жумуп алышкан. Сайкал чакырган сайын, Нуризанын тамашакой маанайы кайдадыр житип жоголду. Алина титирегенден титиреп, жонунан муздак тер агып, келме айтып жибербейин деп оозун эки колу менен бек кысып, муздак мурзонун топурагында аран отурду.
Мажурум талдын мунайым шактары женил гана желге учкансып турду эле, Сайкалдын уну чыккан сайын, кудум шамал кошо агылгандай, уламдан-улам жерге карай ийилип, шамал кучогон сайын, майда чачтай болгон бутактары ар тарапты коздой ирээтсиз учуп, карт дарак оорчулук менен бир калыпта термеле баштады.
-СУРАГЫЛА!
"АПААА! !!" деген бойдон Алина буту бутуна тийбей качып жоноду да, карангыда жаза басып, жыгылып кетти. Ошо бойдон турган жок.
-Кыймылдаба! Кыймылдаба дейм! Кыймылдаба, суранам,- Сайкал Нуризага жалынып жиберди, - Кыймылдаба.
Нуриза "былк" этпей жатып калган курбусуна кабатырлана Сайкалды суроолуу тиктеди. Бирок ал баарын унутуп, арбактын келгенине маашырлана кубанып, козунон от жанып, каалоосун ичинен кайталап, озу менен алек болуп жатты.
- СурраГылла!
Колоко сымал иймейген ичке манжалуу кол учтуу тырмактуу соомойу менен Сайкалды корсотту.
- Бактылуу болгум келет! Бактылуу кыл!
-СУРАА!
Шиш тырмак Нуризаны кезеди.
-Курбум, курбум Алина аман болсун?
"ШАРААК! !!" этип дарак силкинди да, капыстан баары тымтырс болду да калды.
Уч кун отпой, Нуриза коз жумду. Алина мурдагыдан да сулуу, мурдагыдан да ажарлуу сулууга айланды. Ага ашык болгон жигиттердин саны кобойду. Бирок, кыздын мупмуздак колдору, жансыздыкындай аурасы баарынын изин суутту. Омуру откончо жапжаш бойдон жапжалгыз
жашады. Сайкал психиатриялык клиникага тушуп калды. Бирок ага баарыбир эле. Фантазия чолкомундо озу энсеген нечен турдуу кереметтер аны бакыттын кучагына балкыткан эле...
- Мына, мени чектен чыгарбай байлап койдун эле, пенделер чийин ичине оздору келип жатышат, Кожоюнум...
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#20 12 Июнь 2013 - 17:19
Достошконбуз жайдын жылуу кезинде,
Сыр чечиштик,айлуу тундо кечинде.
Достон да жакын болгон инсаныма айланып,
Келе жаттын,журогумо кулпуланган эшикке.
Эч бир жанга ачылбаган бул эшик,
Согуп гана кутуп келген оз ээсин.
Кутконум да келген сымал ондонуп,
Сыр созуну терип кирдин ээринбей.
Сени суйдум чын дилимден жактыра,
Кыялдарга берилипмин, сени коздой талпына.
Сен да мага сезиминди арнадын,
Сезимдердин кучагына камадын.
Убакыттар отту далай арадан,
Сен озгордун,сезимимди жаралап.
Суйгон элем бир озунду кордотпой,
Кеттин бирок суйуубузду ойлобой.
Мейли менин тунук суйуум жалгызым,
Жолун ачык,каалайм сага зор бакыт.
Мен да бир оз тенимди табамын,
Кантсе сени суйгон тагдырыма ырахмат.