aruuzatym.2015 Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Кыймылы жок
- Билдирүүлөр:
- 30 (0,01 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Жүрөк сыры (13 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 23 Май 17
- Кароолор:
- 3 380
- Соңку аракети
- 16 Авг 2017 19:36
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Момун
- Жашы:
- 28 жашта
- Туулган күнү:
- Февраль 23, 1996
- Жынысы:
- Белгисиз
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- Жашыруун
Менин билдирүүлөрүм
-
Темасы: Менин байкем...
Жазылган күн: 30 Июл 2017
Ал эми эң кичүү байкем, быйыл буюрса 29 жашка чыгат... абдан эмгекчил.
Ушул жылы эле февраль айында үйлөндү. Үйбүлөгө, ата-эне, биртууганга күйүмдүү. Эжем экөөбүзгө ушул адам үйрөткөн үй жыйнап, идиш жууп, кир жууганды. Акчаны үнөмдөгөндү ж.б.
Ишине так, оюн бетке айткан, аракетчил адам.
Аллахым узуун өмүр берген болсун, татыктуу өмүр сүрүңүз, жакшы көрөм сизди... -
Темасы: Ким бар мени түшүнө турган?
Жазылган күн: 26 Июл 2017
Обаа мен албетте макул болдум. Кудайым күч кубат берсе жазга чейин иштеп Кыргызстаныма барам. Операцияга даярданам... апам операция болорунда мен аркаңдан барам деп жатат буюрса.
Ошол урматтуу бир туугандар, менде ушундай жашоо азыр. Дагы көөп майда чүйдөлөп жазган жокмун.
Мен үчүн да дуба кылып коюшунардыы өтүнөм.
Аллахым күч кубат берсе экен. Баары жакшы болсо, жолдошума дагы алтындай уул кыздарды төрөп бергим келет.
Апакем (кайненем) туура чечим кабыл алат деп дайыма ишенет элем. Маңдайыма ушул адам жазылганына ыраазымын... -
Темасы: Ким бар мени түшүнө турган?
Жазылган күн: 26 Июл 2017
Эки күндөн бери эмнегедир жүрөгүм ооруп жүргөн болчу. Жумушумда да акырыын кыймылдап озүмдү кармап иштеп жүрдүм. Же иче калайын десем, колумда даарым жок. Врачтар жазып бербей коюшкан. Медикоментозный лечение болбойт деп.
Ошол күнү жумуштан келип жатып алдым. Куйөөмө выходной күн болчу. Үйдө экен.
-тамак жасайсыңбы, апам келгиче? Дейт
-жата турайынчы кыйналып атам, десем анан деле жатасың да, деп даагы көп сөздөрдү сүйлөдү. Айтыша кеттик. Анан мен ыйлап баштадым. Негизи эле аябай ыйлаакмын.
Апам келгенде сүйлөшөбүз деп эшке чыгып кетти. Апам келгенде айттым, операцияга акча керек. Канчалык эрте болсо ошончо жакшыраак. Врожденный болгондон кийин ата энеси деле жасатса болмок деп ойлойсуз, бирок алар убагында коркуп операцияга беришкен эмес, анан мен турмушка чыгып кеттим. Баары жакшы, бирок жүрөгүм күндөн күнгө оорусу күчөп жатат. Өзүмдүн семьям бар болгон үчүн ата энемен акча сурай албайм. Силер да мага акча короткуңар келбейт. Ошондуктан өзүмчө кетейин, силерге жүк болбой. Иштеп акчамды чогултуп кыргызстанга барып ден соолугумду чыңдайм деп. Апам болсо эмнеге кетем дейсиң, кыйналып жатсаң кр кете бер, иштегенде оор болсо. С.... иштеп акчасын чогултуп салат анан операцияга бар дейт. Жоок мен да силердин эмгегиңерди жегим келбей жатат. Силер да эл катары үйлүү болушуңар керек го десем. Анда өзүң иштеп акчаңды чогулт дагы ошол акчаңа операцияга бар дейт. Бирок биротоло кетем, ажырашам деп жаман ойлобо дейт. -
Темасы: Ким бар мени түшүнө турган?
Жазылган күн: 26 Июл 2017
Жакында эле бир кыз менен тааныштым...
Абдан жөнөкөй жакшы адамдай сезилди. Чын эле ошондой болсунчу. Бизге квартирант болуп келген болчу. Экөөбүз эски тааныштардай эөе сүйлөшүп кеттик. Мен ага аябай шайыр, биир да проблемасы жок адамдай көрүнүптүрмүн. . караап отуруп айтат, сен ушунчалык бактылуу экенсиң. Кайненең элдикиндей "жезкемпир" эмес, күйөөң сүйүп турат, мээңди жебейт, баары жакшы го сенде. Алтындай болгон үйбүлөгө туш болуптурсуң. Жакгынакай семьяңды жеңил ойлуулук кылып бузуп алба дейт. Чын эле, ал кыздын атасы жок экен, таенесинин кодунда өсүптүр, мамамы башка турмушу бар экен. Бирок тескерисинче ал мага бактылуудай сезилди го? Жогорку окуу жайын да аяктаптыр. Кызык, эмнеге анан бул жерде жүрөсүз? Кыргызстанда эле иштеп жашап жүрө бербейсизби дедим. Кыйратып деле жооп берген жок. Түшүнгөн жокмун иши кылып.
Ал кыз менен сүйлөшөөрдөн мурун апам (кайненем), жолдошум менен сүйлөшкөн элем. -
Темасы: Ким бар мени түшүнө турган?
Жазылган күн: 15 Июл 2017
Эмнеден баштап жазаарымды билбей турам. Ойлорум мээмди жеп, эки тарапка бөлүп салгандай. Арманымды айтаар, сүйлөшөөр кишим жок күчүмдү көз жашымдан чыгарып жатам. Анан эмне кылам? Эң жакыным деп жүргөн күйөөм мени түшүнбөсө.
Виртуалдуу дүйнө болсо да ушул жерге жазып женилдеп алайын..
Достору
aruuzatym.2015 Досторду кошо элек
Комментарийлер
aruuzatym.2015 ге комментарий жазыла элек. "Кандайсың" деп жазып койбойлубу?