[Аллахтын аты менен баштаймын...
Асман менен жер ааламын жараткан,
Мээрим менен туура жолун коргозуп,
Карангыда жарык нурун тараткан....
Журокторго жалгыздыгын далилдеп,
Лаа иллааха илаалохту кадаган
Уммотуно Алла созун жеткирип
Акыйкатты жер жузуно тараткан.
Ал акыркы ал пайгамбар Муххаммад,
Ага дайым салам болсун Алладан,
Жалгыздыгын улуу заттын далил кылып,
"Лаа иллаха илаллахты" данктаган.
Умар казы болуп турган алтын доор,
Суктанаарлык тарых болуп сакталган.
Оо отмушум ыйманына береке
Эки жылда бир да кылмыш катталбаган.
Жумуш жоктон казы келип халифке
Бул милдеттен бошотуусун суранган.
Пейилдерде кылмышка орун жок эле,
Сугарылган "Лаа иллаха илаллахтан"
Ал эми биздин заманда?!
Уурусуда башкасы да жык толгон
Ыйманды эмес ууруну мактап көтөргөн..
Уурдаган адам уялып башын жерге салып койбой..
Уяткарып,уурдатканды тилдеп сөккөн...
Умар ибн Абдуль Азиз бир жолу,
Бара жатып жолдо мечит тарапка..
Байкабастан тийип отту жердеги,
Каамырабай уктап жаткан адамга.
Тура калып эшексинби?- деп сокту,
Чоочуган ал эки козун алайта.
Жок мен-"Умар" деп жооп берди салмактуу,
Жообу менен башканы тан калтыра.
Неге аны сабабадын. дегенге,
Эшек эмес Умармын-деп жайгара.
Коодонундо куттай уюп кечирим,
Сабыр берип "Лаа иллаха иллаалла"
Биз бирөөнү жөөлөп кетсек байкоостан. .
Кечиримди кабыл албай,сабаткан. ..
Ал аз болсо,сотко ашырып ишиңди
Күбөнү да таап келген жалгандан...
Төрт Халиф(бизге белгилуу)Жүз жылдыктын ичинде төрт гана уурулук боюнча кармалышкан, бул да мусулмандар үчүн чоң жетишкендик эмеспи,ал эми Абу Бакр Халиф болуп,Умар казы болуп турган, бир, эки жылдыктын ичинде уурулук катталган эмес экен,ошол окуяны алып чыгууга аракет кылдым. Умардын жашоосунан анын кечиримдүү болушту сабак кылайын деп аны да сүрөттөгөнгө аракет кылдым......
Билдирүүнү түзөткөн: rumaika5544: 09 Декабрь 2014 - 06:23