Баракча 1 - 1
Бетиңиздин териси кандай экенин билесизби? bettin terisi jonundo.
#2 12 Сентябрь 2015 - 03:59
Колдо бар нерсе менен маска жасап, колго тийген косметикалык каражаттарды бетке коё берүү пайдасын тийгизбей эле, тескери жыйынтык бериши мүмкүн. Адистер эрте картайбас үчүн алгач беттин териси майлуу же кургак экенин аныктап, андан соң ошого жараша кам көрүү керектигин эскертишет.
Төмөндөгү тест сиздин бет териңиздин абалын аныктап берет.
А) Бетиңизди самындап жуугандан кийин териңиздин абалы кандай болуп калат?
1) Тырышып, жагымсыз болуп кычыша баштайт.
2) Жылмакай болуп калат.
3) Кургап, кызыл бүртүктөр чыга баштайт.
4) Жумшарып сонун болуп калат.
5) Бир жери кургап, териси сыйрылса, башка жери жылмакай болуп калат.
Б) Бетти тазалоочу көбүк сиздин териңизге жагабы?
1) Нормалдуу эле.
2) Жылмакай болуп өзүмө жагат.
3) Түшүнбөйм, кээде жакшы кабыл алат да, айрым учурда кычыштырат.
4) Терим майланышып калгандай сезем.
5) Бир жери кургаганын сезсем, башка жери жылмакай болгонун байкайм.
В) Түшкө жакын жүзүңүздүн абалы кандай болуп калат?
1) Бетимдин кээ бир жерлери шуудурай баштайт.
2) Таза жана чарчаңкы эмес абалда.
3) Кээ бир жерлери шуудурап, кичине кызарып калат.
4) Жалтырап калат.
5) Мурдумдун үстү, чекем жана эринимдин үстү майланышып жалтырап калат.
Г) Канча убакытта бир бетиңизге безетки чыгып турат?
1) Таптакыр чыккан эмес, чыкпайт десем болот.
2) Ай сайын айыз келердин алдында же айыз учурунда чыгып турат.
3) Убакыт өткөрүп эки айда бир чыгып турат, ар кандай десем дагы болот.
4) Бетимден безетки үзүлбөйт. Бири кетсе, экинчиси чыгат.
5) Мурдумдун үстүнө, чекеме үзгүлтүксүз чыга берет.
Д) Бет териңиз бет тазалагыч (тоник) суюктуктарды кандай кабыл алат?
1) Чымчып жаткандай чымырайт.
2) Жакшы кабыл алат.
3) Кызыл бүртүкчөлөр чыгып бетим кызарып кетет.
4) Жеңил сезип, эс ала түшкөндөй болом.
5) Кээ бир жерлери эс алгандай болсо, калган жери кургап, тырыша баштайт.
Е) Түндө бетке сүйкөөчү азыктандыргыч бет май териңизге кандай таасир берет?
1) Жумшарып калат.
2) Жылмакай болуп жылтылдайт.
3) Кээде жагымдуу болуп териме жакса, айрым учурда кычыштырып жиберет.
4) Терим аябай майлуу болуп кетет.
5) Мурдумдун үстү, чекем майлуу болуп, калган бөлүктөрү нормалдуу кабыл алат.
Тесттин жыйынтыгы:
Жогорудагы суроолорго жооп берүүдө кайсы сан көп экенине карап бет териңиз кайсы түргө кирерин аныктап алсаңыз болот.
1 саны көп болсо, тери кургак болот.
2 саны көп болсо, тери нормалдуу болот.
3 саны көп болсо, тери сезимтал болот.
4 саны көп болсо, тери майлуу болот.
5 саны көп болсо, теринин бир жери майлуу, экинчи жери кургак аралаш болот.
Кургак териге кандай кам көрүү керек?
Кургак бет жумшак, тунук болуп, теринин үстүндөгү тер чыгуучу эң майда тешикчелери билинбейт. Кургак беттүүлөр самындап жуунганда, суукка урунганда, шамалга чыкканда жана катуу күнгө күйгөндө маселеге кабылышат. Кургак терилерге май жетишсиз болсо, темир азайып кетсе, жыйынтыгында ал өз убактысынан мурун картаят. Косметикалык каражатты туура тандап, тамактануу рационуңуздан алкоголдук ичимдиктерди чыгарып, курамында А, Е, С витамини бар балык, жумуртка, буурчактын түрлөрүн, жаңгак, койдун боору, сүт азыктарын жана өсүмдүк майы сыяктуу азыктарды кабыл алуу керек. Мындан тышкары суткасына бир стакан ит мурундун, карагаттын, бүлдүркөндүн кайнатмасын ичүү сунушталат. Теринин нымдуулугун сактап туруу үчүн суткасына 1,5 же 2 литр суу ичүү керек. Бул суу теридеги нымдуулукту гана сактабастан, организмди ашыкча таштандылардан да тазалайт.
Маска: 1 аш кашык каймакка 1 аш кашык петрушканы майдалап кошуп аралаштырып, бирдей масса болгондо бетке сүйкөп 15-20 мүнөттөн кийин жылуу суу менен жууп саласыз.
Сезимтал териге кандай кам көрүү керек?
Сезимтал бет деп аллергияга жөндөмдүү аябай назик терини айтабыз. Ал ашыкча кыйноолорду көтөрө албагандыктан тез эле белги берип өзүнүн абалын тери аркылуу айтат. Сезимтал терилердин басымдуу бөлүгүнүн үстүңкү катмарында майда кан тамырлар жарылып кеткендей болуп кичине кызарып турат. Теринин алдындагы майда кан тамырлар ачуу тамактарды жегенде, коюу кофе ичкенде, алкоголдук ичимдиктерди кабыл алганда жана аба алмашканда жарылып кетет. Териңизди мындай абалга жеткирбөө үчүн грек жаңгагын, ашкабактын данегин, балык этин жеп, күнжүт менен өсүмдүк майынан күнүгө 1-2 аш кашык ичип туруңуз. Жашылчалардан шпинат, капуста жана ашкөктөрдү көбүрөөк жеңиз.
Маска: 3 аш кашык быштакка 1 чай кашык балды кошуп бирдей массага келгиче аралаштырып, даяр болгон соң бетке жаап 15-20 мүнөт кармайсыз. Убактысы келгенде пахтаны муздак сүткө нымдап алып бетти тегиз сүртөсүз.
Нормалдуу териге кандай кам көрүү керек?
Нормалдуу тери деп таза, жылмакай, чарчаңкы көрүнүштү билдирбеген, теринин үстүндөгү тер чыгуучу эң майда тешикчелери билинбеген, ашыкча сезимтал эмес, шуудурабаган, өтө майлуу эмес бетти айтабыз. Нормалдуу терилер жетиштүү өлчөмдө майды, нымдуулукту кармап тургандыктан алар өзгөчө кароону талап кылбайт. Бирок анын абалы тамактан жана организмдин иштешинен көз каранды.
Маска: 1 аш кашык дрожжду 2 аш кашык сүткө кошуп аралаштырып, ага 1 чай кашык зайтун майын кошуп чаласыз. Даяр болгон масканы бетке тегиз сүйкөп 10 мүнөт кармаган соң жылуу суу менен жууп саласыз.
Майлуу териге кандай кам көрүү керек?
Майлуу тери жалтырап, анын айынан мурун, чеке, моюн, төш, бел туш жабыр тартат. Майлуу териге өз убагында туура кам көрсө, ал ашыкча маселе жаратпайт. Кургак териге караганда майлуу тери нымдуулукту көпкө сактап бырыштын тез түшүп кетишинин алдын алып турат. Майлуу терини эртең менен, кечинде тазалап туруу керек. Майлуу, ачуу тамактар, туздуу консерванттар, ун азыктарынан жасалган таттуулар, кофе териде май клеткаларын пайда кылат. Ошондуктан жогоруда аталган азыктарга чектөө киргизип, майсыз сулп эттин өзүн, жашылча-жемиштерди, ашкөктөрдү, сүт азыктарын кабылдаңыз.
Маска: 2 чай кашык балга 1 чай кашык лимондун ширесин жана 1 аш кашык йогуртту аралаштырып бетке жабасыз. Масканы бетке 15 мүнөт кармаган соң жылуу суу менен жууп саласыз.
Аралаш териге кандай кам көрүү керек?
Жарымы майлуу, жарымы кургак тери аралаш тери деп аталат. Аралаш терилердин мурду, чекеси, ээгинин алды майлуу, ал эми калган бөлүгү нормалдуу болот. Мында көйгөй бет терисинин майлуу бөлүгүндө болот. Ошондуктан жыл мезгилине жараша карап туруу керек. Мисалы, жайкысын тери нымдуулугун жоготуп майлуураак болуп калат. Бул учурда курамында спирт жок бетти тазалоочу косметикалык каражаттарды колдонуу зарыл. Мындай терилерге курамында салицил кычкылы бар каражаттар туура келет. Ал эми кышкысын тери кургап сезимтал боло түшөт. Бул учурда ага кургак бетке кам көргөндөй мамиле кылып, майлуу бет майларды колдонуу керек. Эсиңизде болсун, аралаш терилүүлөр самындап жана жылуу сууга жуунганга болбойт.
Маска: Сууга бышырылган эки даана картошкага жарым стакан сүттү кошуп пюре кылып аласыз. Маска даяр болгон соң бетке жаап 15-20 мүнөт кармайсыз да, артынан жылуу суу менен жууп саласыз.

Кудай буйруса баары жакшы болот!
Баракча 1 - 1