lazygirl Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Кыймылы жок
- Билдирүүлөр:
- 2 602 (0,65 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Эркин тема (512 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 13 Октябрь 13
- Кароолор:
- 68 238
- Соңку аракети
- 07 Фев 2022 14:38
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Супер-активист
- Жашы:
- 28 жашта
- Туулган күнү:
- Июнь 2, 1996
- Жынысы:
- Аялзаты
- Калаасы:
- Көңүлдүн көчөлөрү...
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- E-mail дарегине кат жазуу
Мага баш баккандар
-
assanov97
08 Окт 2021 - 04:14 -
musulmanin
28 Июл 2021 - 01:45 -
Kari
02 Май 2021 - 16:11 -
nurlan.80
22 Мар 2021 - 16:58 -
Aidai05
28 Янв 2021 - 01:09 -
altynka95
24 Янв 2021 - 06:20 -
Gulmairam91
21 Дек 2020 - 18:50 -
ere
16 Сен 2020 - 10:59 -
Shorobashat
27 Июл 2020 - 01:47 -
Isaeva810923
16 Июн 2020 - 08:03
Мен ачкан темалар
-
Jadyrashka турмуш жолуңуз байсалдуу болсун! :)
Жазылган күн: 9 Июл 2018
Кандайсыздар, форумчулар. .
Менде сооннун жаңылык. Форумдан тапкан жакын адамым , жакшы адамым ,эже десем эженин курбу десем курбунун ордун баскан Jadyrashka 15 - июль күнү турмуш жолуна аттанууда.
Үмүтайжеео, бакытыңыз бөксөрбөсүн ылайым! Барган жериңизде таштай катып, суудай сиңип , көшөгөңүз көгөрсүн. Жашооңузду жалаң жакшы күндөр коштосун! Жезде экөөңүздөр турмуштун өйдө-ылдый жолунда бири бириңиздерге жөлөк болуп, түбөлүгүңөр түз болсун.
Өзүңөргө окшогон супсулуу жөжөлөр көбөйсүн.)) Негизгиси , аялзатына тиешелүү бакытты каалайм!
Барган жерден так тапкан,
Бала таап, бак тапкан.
Келин болгун ыймандуу,
Айылыңа бүт жаккан.
Кайрылыштан суу алгын,
Кайненеңден дуба алгын.
Кабагыңды бүркөбө,
Кайын журттуң кубансын.
Барган үйгө кут болгун.
Босогоңдо бут болсун.
Көшөгөңдү көгөртүп,
Алган жарга жуп болгун... -
Ооруп турат жүрөгүм..
Жазылган күн: 8 Фев 2018
Амансыздарбы, урматтуу форумчулар.
Жүрөк сыры демекчи, жөн гана жүрөктөгү сырымды эмес, жашоомдогу болуп жаткан кырдаалды, турмуштун өйдө ылдыйына калчаганына алым жетпей сиздерден кеңеш сурайын деп , а балким дем күч алайын деп жазып аткандагы кербезим.
Сөз башынан болсун. Жашым 20 да. Мектепти бүтүп өзүм каалаган окууга тапшырдым. Жаңы чөйрө, жаңы достор. Окуу да башталып, үйдөгүлөргө оорчулук жаратпайын деп
жан далбастап күчүмдүн болушунча жакшы окуганы аракет кылдым. Окууну бүтөөрүмө бир жыл калганда үйгө өзүбүздүн эле айылдан
жуучу келди. Ата энем өзүң ойлонуп чечим чыгар деп тандоону мага коюшту. Ал убакта ал бала мени сүйөөрүн , мени күтүп жүргөнүн, дагы толгон токой жакшы сөздөрдү айтып аракет кылып жүрдү. Ушул убака чейин жигит жандап көрбөгөн жаным анын сөздөрүнө ишенип, " Сен сүйгөндү эмес, сени сүйгөндү сүй." деген сөздү туу тутуп макулдугумду бердим. Ошентип той болду , тойдун эртеси да болду. Күйөөмдүн ата энеси кичүү кезинде эле каза болуп калган. Кайын сиңдим окууда , үйдө экөөбүз эле калабыз. Болушунча кызматымды кылганы аракет кылдым. Жакшы эле жашап аттык. Бирок, кыркыбыз чыкпай жатып болор болбос нерсе үчүн биринчи ирээт колу тийди. Турмуш, мындай нерселер болуп турат деп унуттум. Баягы мени сүйөм деген, көзүмдү караган адам заматта башка адамдын кейпин кийип калды. Кээде туруп тойго чейинки адам менен тойдон кийинки адам таптакыр эле башка адамдай болуп өзгөрүп, ишене албай кетчүмүн. Убакыт өтө берди. Ошентип өзүмдү жооткотуп жүрүп себепсиз эле уруп, тээп, сабап салчуу болду. Ал ортодо боюмда да болуп кайра түшүп калды. А күйөөмдүн мамилеси ошол ошол. Башка нерсеге жини келип турса да мага келип , күчүн менден чыгарчуу адат тапты. Колуна илешкен нерсе менен уруп , менин катачылыгымды гана издеп калды. Ага жагынайын деп үйгө кирип аялдын , сыртка чыгып талааны ,мал жанды өзүм жайгарып эркектин ишин кылып калдым. Ушундан көрө бизге баш болгон кайын ата кайын энем болсо го, атаганат.. Лечение алып жүрүп боюмда бүтпөй, төрөбөс атка да кондум. Аба алмаштыралы , биз да чет жака чыгып иштеп келели деген сөзүмө , балалуу болбой эч жака кетпейм , иштебейм деп туруп алды. Макул дедим. Менин боштугум, анын көзү менен тең айланганым аны көптүрүп жибердиби , айтоор кет дей баштады. " Сени менен жашабайм, үйүңө кет. Жүк тагыңды да алып кет. Үйдү кулпулап, иштеп келип башкага үйлөнөм." деп кулагыма куя баштады. Кете алган жокмун. Кеткен чакта да ата энеме эмне деп айтам? Аларды ойго салгым келбеди. Төркүнүмө баратканда "Ылайым эле кайра келбей калсаң экен. " деп узатып калчу. Бир күнү дайымкыдай эле ошол сөздөрүн сүйлөп аткан. Унчукпай өз ишимди кылып атсам
- Эмне кетпейсиң ? деп сабап салды. Эптеп кеч кирип уктап калгам. Эртеси капыстан иним келип калды. Көрсө кечинде телефонума чалышса албай калыпмын. Кыжалат болуп келген экен. Бети башымдын көгөргөнүн көрүп , ой боюма койбой алып кетти. Ата энеме болгонун айттым. Бир жумадай үйдө жүрдүм. Чыккан кыз чийден сырткары демекчи , турмушка чыккан соң өз үйүңдө да жат болуп калат экенсиң. Атам күйөөмдү кел сүйлөшөлү десе араң келди. Болгон күнөөнү мага оодарып , өзү суудан курук чыга келди. Апам жаша деди. Дагы бир аракет кыл, жазга чейин көр деп жолго салды. Жаз өттү , жай өттү, күз да өттү.. Баягы , баягы жашоо. Ичип келип урмай, сөкмөй.. Дале болсо ошол сөздөрдү айтып жүргөн чагы. Ажырашайын дегеним менен кийинки жашоом кандай болот деп ойлоном. Турмуштан, күйөө аттуудан көңүлүм көк таштай калды.
Баса, докторлор менин төрөшүмдү, проблема күйөөмдүн ден соолугунда экенин айтышкан. Лечение алып да көрдү. Бирок өзүндө аракет жок.
А мен болсо, жакшы жашоодон , деги эле күйөөм менен өмүр бою жашап кетээриме көзүм жетпей калды. Жашоом туман болуп калды. Кайсы жазыгым үчүн бул азаптарды тартып атканымды да түшүнбөйм.. Күйөөмдүн мени менен иши деле жок. Турмушка чыгып жаткандагы аруу тилектеримди таш каптады. Түнт болуп үйдөн чыккым келбей кыйналып кеттим аябай . Мындан ары кандай жол тутаарымды билбей нес болуп жүргөн убагым.
Кеңешип кескен бармак оорубайт дегендей, Рая апага окшогон турмуштун ачуу таттуусун , оор кыйышын көргөн адамдардын кеңеши мага аябай керек болуп жаткан учуру. Сиздердин ар бир кеңешиңиздер мен үчүн маанилүү.
Достору
-
Nurbek555 -
elita0688 -
laki -
yoma.kg -
Imagine -
boolushkubat -
suhrab.kg -
KUMU89 -
chogool -
kanat4ik -
Januska -
fayzi -
angelo4ka_96 -
Wanted. -
mister.kan... -
BORN.kg -
Clara_Zh -
kulgutai -
Shorobashat -
rus9203 -
WwWwWwW -
Filantrop -
Ali.12 -
musulmanin -
Sweet-Lika -
AIDAR84 -
Aza791218 -
kg_clan -
Bek-jan -
m_u_s_u -
myrzayym -
bul1men -
PaNdI -
demo009 -
detektiv -
hihikayu -
Taranchy -
Bellary_Ev... -
potriot.kg -
Bermet_Kas... -
paren -
windom -
Sheke-brat -
Orozbek.kg -
malika14 -
janytalap91 -
guljigit96 -
DIANE -
Beki94 -
Boobek_5
Показать 50 случайных друзей 63 (Просмотреть всех)
Комментарийлер
rnurzida
24 Май 2015 - 04:35Sweet-Lika
23 Авг 2014 - 14:41Өзүңчү?
Sweet-Lika
14 Апр 2014 - 22:13Андай болгондо деле 'ая' болмок да, 'ий' эмес)).
Sweet-Lika
14 Апр 2014 - 20:28bul1men
27 Мар 2014 - 02:02bul1men
27 Мар 2014 - 01:27KUMU89
08 Мар 2014 - 23:08WwWwWwW
30 Дек 2013 - 21:31lazygirl
28 Дек 2013 - 17:31WwWwWwW
28 Дек 2013 - 17:25muxammet
18 Ноя 2013 - 02:27