Мындан 2 кун мурун КТРКнын жанылыгынан журокту кейиткен кабар коргозду...
Иффат Эсенкожоева башка балдардай эле мектепте билим алып келген. Окууну мыкты өздөштүргөн Иффат бийлегенди жана ырдаганды да өздөштүргөн. Мына ушундай бактылуу күндөрдүн биринде ал 7 жашында сол колун башкара албай калса, бир жылдан кийин сол буту баспай калган. Окууну таштагысы келбеген жеткинчек сабакка балдак менен баарууга туура келген.
Көзүнүн жашын көлдөтүп, кызынын жанынан чыкпаган апасы Замира Шаршеева, жакында эле жоон ичегисинен операция болгон. Оор буюм көтөрүү мүмкүн эмес болгондуктан, жубайы Жаныбек Эсенкожоев да жумушунан суранып кызын имерчиктейт. Эки айдан бери Иффат ордунан тура албай калды. Бирок учурда анын акыл-эси жайында.
Замира Шаршеева,Иффат Эсенкожоеванын апасы:
“Биринчи эле дарыгерлерге кайрылганыбызда, алар туура диагноз койгон болсо, менин кызым мынчалык кыйналбайт эле. Ар башка дарыгер ар кандай диагноз кое берип, жыйынтыгында түрдүү дарынын айынан кызымдын оорусу дагы күчөп кетти. ”
Бейтапканага жакын болушу үчүн, Ысык-Көл облусунан борборго көчүп келген. Бирок өз үйүндө эмес, батирде баш калкалайт. Эми дарыга эмес, жашоочу жайга да акча жок.
Жаныбек Эсенкожоев, Иффат Эсенкожоеванын атасы:
“Ысык-Көл облусундагы Түп районундагы үйүмө дагы сатылат деп жазып койгонмун. Эми ошол үйүм сатылып кетсе дагы жакшы болмок. Кичине болсо дагы балама жардам.”.
Эдиана Эсенкожоева, Иффат Эсенкожоеванын эжеси:
“Бул ооруну бир гана Москвада дарылоого болоорун, мен интернет аркылуу издеп таптым. Ошондой эле, ОРТ каналынын балдар ден-соолугуна арналган телеберүүсүнөн көрүп аракет кылып баштадык. Бирок дарылоочу жайды тапканыбыз менен акча жок болуп жатат”. ))
"Карбамазепин, адаптол, клоназепам, диозепам өндүү ушул эле дарылардын баасы 2 миң сомдун тегерегин чапчыйт. Бир мезгилде, мектептин алдыңкы окуучуларынын бири болгон Иффаттын оорусун убактылуу басуу үчүн, бул дарылар 1 жумага араң жетет."
Булчуң эттеринин бузулушу, муундундарды башкаруучу мээнин иштебей калышы миллион адамдан бирөө кездешет. Мындай оорунун алдын алуу өлкөдө жок болгондуктан, Орусияда гана операция жасалат. Ал үчүн 1 миллион 300 миң рубль керек. Кайрымдуулук кылып кол сунган жарандар экрандагы дарекке кайрылсаңыздар болот.
Кыргызстан коммерциялык банкы аркылуу эсептик картасы: №1030120202018902 БИК 103001 ИНН 02712199110068 жана (0777) 38-26-23, (0778) 38-10-26, (0772) 94-36-66 номуруна коңгуроо кылып жардам берсеңиздер болот.
Оор операциядан кийин Иффат балдак менен басууга гана туура келет. Аны 9 жылда бир ирет жеткиликтүү дарылап туруу керек. Кызынын өмүрүн сактап калуу үчүн президент, саламаттык сактоо министрлигине жана жеке-ишкерлерге кайрылган. Бирок, азырынча эч кандай жылыш жок болуп жатат.
Мээрим Бакир кызы, Алтынхан Бабаев КБК.
Билдирүүнү түзөткөн: AGAT: 13 Апрель 2012 - 14:02