Zaatulilm Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Жаран
- Билдирүүлөр:
- 191 (0,08 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Жүрөк сыры (55 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 19 Июнь 18
- Кароолор:
- 63 953
- Соңку аракети
- 23 Июн 2024 22:11
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Карапайым
- Жашы:
- Белгисиз
- Туулган күнү:
- Май 31
- Жынысы:
- Белгисиз
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- Жашыруун
Мага баш баккандар
-
Salaf
18 Сен 2023 - 02:56 -
BISHKEK-312
15 Дек 2021 - 23:19 -
KG-312
19 Ноя 2021 - 18:14 -
Bishkek-Kg
30 Окт 2021 - 15:27 -
Pankration_MMA
01 Сен 2021 - 21:41 -
kaysarym
27 Авг 2021 - 16:38 -
sezimtal
27 Авг 2021 - 09:56 -
Бектурган
18 Авг 2021 - 01:51 -
ShaKe11
14 Май 2021 - 08:38 -
tomaris
30 Авг 2020 - 14:16
Мен ачкан темалар
-
Бир жүрөктүн өлүмү
Жазылган күн: 27 Авг 2021
Жүрөктү өлтүрүү үчүн, тагдыр ар дайым эле каттуу айоосуз сокку бере бербейт. Балким, болбогон майда себептерден өлүм алып келгиси келет. Дартты пайда болуп өнүккөнүнөн кийин байкаганыбыздай, инсандын тагдыры дагы анык болуп калганга чейин алда качан башталган болот ...
Кадыралы Болушев түн бир оокумда үй бүлөөсү менен эс алып жүргөн Мальта аралындагы гостиницада көзүн ачты - быкынын кескендей каттуу оорудан ойгонуп кеткен болчу : ичин таш баскандай кысылып, деми жетпей бараткан. Абышка чочуп кетти : боору ооруганына көп болгон, мындай абал дагы биринчи жолу эмес. Бирок, врачтардын Германияга барып дарылануусун сунуштаганына каршы, үй бүлөөсүн коштоп аралга эс алганы келген. Калтыраган колдору менен, чоң кардын кармалады, бирок жанын сыздаткан оору токтогудай эмес. Кыймыл менен абалды жеңилдетүү үмүттө, абышка дивандан оор көтөрүлдү. Чын эле, бутуна тургандан соң айрыкча бир эки кадам баскандан кийин дароо жеңилдей түшкөнсүдү. Жанындагы таттуу уйкуда жаткан жубайын ойготуп алуудан коркуп, караңгы бөлмөдө үстүнө халатын жамынып үй тапичкесин бутуна илештирип, бир аз жүрүп жазылып келүү үчүн акырын каридорго карай басты. -
Наристелердин тагдыры
Жазылган күн: 21 Авг 2020
Күндөн күнгө кордолгон наристелер көбөйүүдө ! Ар бирибизде кыз бар го!!!!
Наристелердин кордогон атың өчкүр педофилдер, балдарыбызга жакын жерде жүргөнү жүрөктүн үшүн алат !!! качан токтойт деги, күнүгө кабарлардан чыкканы чыккан (((( -
Жалгызсыроо сезиминен кутула албай жүрөм...
Жазылган күн: 17 Фев 2019
Ассаляму ъалейкум.
Кудайга коптогон коптогон шугурлор болсун ата энем, бир туугандарым бар !
Бирок, акыркы убактарда негедир аябай жалгызсыроо сезиминен куту албай жатам. Баары кунарсыз, кызыксыз, жан дуйном ушуй берчу болду.
Менин суроом, сиздерде дагы ушундай болобу деги ? Бул эмнеси ? -
Желегибизди желбиретели !
Жазылган күн: 19 Янв 2019
Ассаляму ъалейкум !
Негизи, Кыргызстан дегенде коп олколордо азыркыга чейин тааныбайт экен. Ошого, кандай кылып олкобуздун атын которсок болот ? Негизи, "окмот кылат" деп отура бергенибиз туура эмес го, ошол себептен ар ким оз тармагы боюнча эл аралык денгелдеги конкрустарга катышып, женип келсе, аз да болсо желегибиз желбирейт беле. Анан, жеке ишкерлер ошондой жаштарыбызды колдоп берсе го ? -
Таенемдин насааты
Жазылган күн: 18 Ноя 2018
ТАЙЭНЕМДИН НАСААТЫ... Тайэнем мага айтаар эле:
Кыз абийириң сакта деп,
Түн жамынып баспа деп,
Тышка чыксаң жоолук салын,
Караңгыда суу алба деп.
Сырайтып саның ачпа дейт,
Катуу сүйлөп, какпа дейт.
Кашты терип, чачты кеспе,
Күл төбөдөн баспа дейт.
Дагы тайэнем айтаар эле:
Каадасыз эле каткырба деп,
Күлүп эркек азгырба деп.
Кыз адеби илбериңки,
Энеңе наалат айттырба деп.
Бөйрөк таяп, кол жаңсаба,
Бой-аягың тыкан карма.
Жасалмалуу, чайпалбастан,
Майда-майда кадам ташта.
Ашык салмак сактаба дейт
Арыктан кең аттаба дейт.
Төштү ачып, желпий басып,
Кечте көчө таптаба дейт.
Тайэнем дагы айтаар эле:
Даамдуу аш белендегин,
Үй тирлигин тыңдап билгин.
Эркек киймин тебелебей,
Баш кийимди өйдө илгин.
Чачты жазба, экилеп өргүн,
Эрди сыйла,улуудай көргүн.
Ата-эне улук, түшурбө баркын,
Кайын журтка өзүңдөй көнгүн.
Таракка кылды калтырба деген,
Жалган сүйлөп, жашырба деген.
Кыз кадыры баарынан кымбат,
Этегиң жаап,ачтырба деген.
Тайэнем тектүү, болуштун кызы:
Керилип бас маралдай деген,
Кыздуу үйдө, кыл жатпайт экен.
Улуулардын жолун кеспей,
Ийилип кой, арданбай деген.
Адебиң сакта жашыңдан эле,
Уяттуу, барктуу болосуң эне.
Жер тиктебей, намысың карма,
Төркүнгө тез-тез түйүнүп келбе.
Сөз үлгүдө калет жок экен,
Насааты кызга адеп жол экен.
Кулагымда күмүш сырга,
Кызыма такчу белегим экен.
Индира Мырзадөөлөтова.
Комментарийлер
Baatyr84
23 Янв 2020 - 01:06Baatyr84
23 Янв 2020 - 01:00