Негизи мен "муну" баштан элек жек көрчүмүн, бирок акыркы кездери нервим кашайып, өзүмдөн өзүм туталанып, урушуп кетүүгө аз калып жатат. Проблема мындай: бирөө-жарымдын, айрыкча эркек кишинин териси албетте, атайын эмес, кокусунан менин териме тийип кетсе, мен уже ажыдаармын! !! Дорамаларда "скиншип" деп коюшат эмеспи, тери аркылуу контакт, вот мендеги теринин сигналы эбак эскертүү кызыл деңгээлинен ашып кеткен окшойт)))
Силерде ушундай "оору" жокпу? Болсо, кантип жашап атасыңар?
![:)](http://www.super.kg/superstan/public/style_emoticons/default/smile.gif)
Азырынча мен машруткада жылып-качып кутулам. Тааныш болсо деле, кол менен учурашуудан калып бара жатам. Туугандар өпкөнү келе жатса, алыстан эле "ээ, кандайсыңар, мен да жакшы" деп айтып сызам))) Бу не балээ?
![:)](http://www.super.kg/superstan/public/style_emoticons/default/smile.gif)